Электронный Учебно-Методический Комплекс



Тема 1

“Манас” эпосу – кыргыз элинин улуу мурасы.

«Манас»- кыргыз элинии руханий, акылдык кенч казынасы. 2 саат.

 

1.1."Манастаануу" курсунун адабият, искусство таануу, тарых, философия, этнография, маданият таануу ж.б. илимдер менен байланышы. "Манас" эпосун окуп үйрөнүүнүн мааниси жана максаты. «Манас» эпосу- дүйнөлүк көчмөн цивилизациянын эң жогорку үлгүсү, албан сырдуу кең дүйнө. Эпостун элдик оозеки чыгармачылыктын ичинде жана кыргыз элинин турмушунда алган орду,  тарыхый мааниси.

1.2. «Манас» эпосунун жаралышында  жана калыптануу баскычтарында изин түшүргөн тарыхый доорлор  тууралуу илимий божомолдор жана пикирлер.

 

1-суроо. “Манастаануу” курсунда дүйнөдө теңдеши жок улуу “Манас” эпосубузда чагылдырылган кыргыз маданиятын, тарыхын, этнографиясын, этнопедагогикасын үйрөнүү аркылуу андагы акыл-ой, рухий, сөз байлыктарын кесиптик, күндөлүк жана социалдык маанилүү кырдаалдарда колдоно билүүгө көнүгөбүз. Эпостун эл оозунан жыйналуу, китеп болуп басылуу тарыхына кененирээк саякат жасайбыз. “Манас” эпосу  жөнүндөгү кыргыз жана дүйнө окумуштууларынын ар түркүн кызыктуу, терең омоктуу ойлору, пикирлери менен таанышып, эпостун искусствонун башка түрлөрү менен байланышына көңүл бурабыз. Жана биринчи иретте, "Манасты" окуу менен боюбузга  эпостун тил байлыгын сиңирип, өз оюбузду, пикирибизди таамай, кыска жана нуска айта билүүгө, сөз берметтерин, накыл кептерди, макал-ылакаптарды өз сөзүбүздө колдоно билүүгө, көркөмдөп, кооздоп, чечен сүйлөй билүүгө жана жаза билүүгө машыгабыз. Ошону менен бирге элибизди, жерибизди, Ата-Мекенибизди, улуттук дөөлөттөрүбүздү Манас атадай сүйүүгө, намыскөй, мекенчил,  илим-билимге  умтулган эмгекчил болууга,  элдин биримдигин, ынтымагын чыңдоо жана бекемдөөгө,  улуттук аң-сезимди көтөрүүгө тарбияланабыз.

       Кыргыз элинин оозеки адабияты, оозеки көркөм казынасы формасы жагынан да, мазмуну жагынан да, көлөмү жагынан да таң каларлык бай, түгөнгүс кенч,  Ч. Айтматов белгилегендей «...ар бири өзүнчө зор дүйнө, түгөнгүс байлык».

     «Сөзмөр кыргыздар жөнөкөй сүйлөгөндө да жамактатып, ырга айландырып кетет, ырды дүйнөдөгү искусствонун эң жогорку баскычы катарында карайт»,- деп өткөн кылымдын ортосунда академик В. В. Радлов жазып кеткен.

       Адам баласынын мамилелерине, анын табигатка көз карашына карата таамай айтылган макал-ылакаптар, афоризмдер; жаратылышты, жан-жаныбарларды билүүгө байланыштуу тамсилдер, табышмактар,  коомдук турмушка байланыштуу акыл-насаат берүүнү көздөгөн санаттар, эмгекке, махабатка арналган лирикалык ырлар; кадимки турмуш менен фантазия аралашкан укмуштуу жөө жомоктор - эмгекчил элдин чыгармачылык шыгынын натыйжасы болуп саналат.

  Майда фольклордук формалар менен катар кыргыз эли оозеки адабияттын ири түрлөрүн да түзгөн. Булар – узак окуялуу чоң жомоктор, баатырлык эпостор. Эл ичинен чыккан сөзгө чебер, ырга шыктуу таланттар аларды бүт дээрлик ырга айланткан.

      Композициялык түзүлүшүнө жана окуяларынын кеңири берилишине карай кыргыз эпосторун эки топко – чоң (улуу) эпос жана кичи (кенже) эпос деп – бөлүүгө болот. Чон (улуу) эпоско үч бөлүмдүү (трилогия) "Манас" жомогу кирет. Кичи эпосторубуз "Кедей кан", "Эр Төштүк", "Эр Табылды", "Сарынжы-Бөкөй", "Курманбек", "Жаңыл-Мырза", "Кожожаш" жана "Олжобай менен Кишимжан" сыяктуу эпостор.  Ал    чыгармалардын ар бири башка калктардын "Манас" менен  катар айтылуучу  белгилүү дастандарынан эч  жагынан  кем  калышпайт.  Аларды "кичи эпос" деп өзүнчө топко бөлүү "Манастын"  өзгөчө ордун айкын көрсөтүү зарылдыгынан  улам келип чыккан.  

        "Манас"  тууралуу сөз козголгондо,  адатта дүйнөлүк  эпикалык  адабияттын  "Илиада"    менен   "Одиссея",   "Махабхарата"   менен   "Рамаяна" сыяктуу     орошон  туундулары менен салыштырыла каралып, эпостун эбегейсиз  көлөмү  баса  көрсөтүлөт. Алсак, анын манасчы Саякбай Каралаевден жазылып алынган вариантынын көлөмү эле 500553 сап ыр. Ал байыркы гректердин ааламга атагы чыккан чыгармалары “Иллиада” ( 15693 сап ыр) менен  “Одиссеядан” (12110 сап ыр,экөө биригип 27803 сап ыр) 20 эсе көптүк кылат, дүйнөлүк илимде эң көлөмдүү чыгарма катары эсептелген индустардын эпосу “Махабхараттан” ( 200 миң сап ыр) 2,5 эсе, фарсы тилиндеги “Шахнамэден” 5 эсе чоң.  Жарым миллиондон  ашуун  ыр  саптарын   ичине   сыйдырган   залкар   "Манас"   дастаны   дүйнөлүк  эпиканын асманында чолпон       жылдыздай жаркыраган   ажайып  феномен   экени   талашсыз. Антсе да, "Манас"     жалпы    адамзат     жараткан     башка эпостордон   көлөмү менен гана эмес, эбегейсиз терең мазмуну, теңдешсиз көркөмдүгү, кыял жеткис  чабыты менен  да даана айырмаланат.  Ал дүйнөлүк улуу эпостордун катарында өзүнө гана таандык уникалдуу орун ээлейт жана өз улуулугунун нурларын дүйнөлүк маданий мурастын бардык мейкиндерине чачыратып турат. Бул тууралуу көрүнүктүү чыгыштаануучу С. Абрамзон эң жакшы айткан: "Манас" үчилтиги сыяктуу эстелик башка бир дагы элде жок. Эпос дүйнөлүк маданияттын казынасына кыргыз эли кошкон татыктуу салым болуп саналат".
        «Манас» эпосу баатырдык эпос болсо да, анда караманча согуштук жүрүштөр гана баяндалып, даңазаланып чектелбейт. Эпос камтыган окуя, турмуш өтө кеңири жана ар түрдүү. Ал кадимки тиричилик ырым-жырымдан баштап, адамдын эл, жер менен болгон татаал байланышына чейин сүрөттөйт. Аш, той, каада-салт, айтор, адам турмушуна, тилегине, умтулуу-максатына тиешелүү окуялардан сүрөттөлбөй калган эч нерсе жоктой. Башкасын айтпаганда деле, Көкөтөйдүн ашында сүрөттөлгөн каада-салт эмне деген эстетикалык мааниге ээ.

         «Манас» эпосу өзүнүн кайталангыс көркөмдүк кубаты боюнча, нечен кылымдардын кайгылуу, оор окуяларын тулку боюна сиңирген имандык, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча, элдин тагдырын ар тараптан: жашоо-тиричилик, жоокерчилик, үй-бүлө шарттары, ар түрдүү салт-санаа, социалдык-коомдук турмуш тарабынан кеңири жана толук камтышы боюнча дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин эң сейрек кездешкен үлгүлөрүнө жатат.

      Улуу эпосто ата – бабаларыбыздын кылымдар бою туу тутуп келген коомдук адеп – ахлак идеялары, бийик гуманисттик, рухий асыл – нарктары, тарыхы, үрп – адаты, каада – салты, географиясы, диний жана медициналык түшүнүгү, эл аралык мамилеси, ошондой келечекке карата умтулуулары чагылдырылган.  Эпос кыргыздардын өткөн доордогу коомдук экономикалык мамилеси, идеологиясы, кайсы элдер менен мамиле жасагандыгы, кайсы географиялык пункттарда жашагандыгы жөнүндө да толгон маалыматтарды бере алат.

        Анда сүрөттөлгөн көчмөн уруулар, алардын турмушу, аталышы жана өз ара мамилелери, үй-бүлөнүн бир-бири менен болгон мамилеси, тамак-аштарынын, кийим-кечектеринин, үй-жайынын, урунган курал-жабдыктарынын аталышы, аш-тойлордогу салт-жөрөлгөлөрү, адамдардан бир-бири менен болгон мамилесиндеги каадалар, каармандардын мүнөздөрү, алардын диний ишенимдери жана да башка толуп жаткан фактылар элдин мурунку замандардагы психологиясын жана турмушун изилдөөдө табылгыс материал болуп саналат.

          Мына ошондуктан, "Манас" эпосун кыргыз элинин өткөн кылымдардагы турмушу жөнүндөгү монументалдуу эстелиги, анын өмүр баяны жөнүндөгү өзүнчө бир энциклопедиясы деп кароого болот.

             Манасты" изилдөөчүлөрдүн бизге белгилүүлөрүнүн бири — казак окумуштуусу Чокан Валиханов өткөн кылымдын ортосунда эпоско төмөнкүдөй баа берген: "Манас" эпосу "бир убакытка келтирилген жана бир адамдын — Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыз мифтеринин, жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы. Бул — талаа "Илиадасы" сыяктуу чыгарма. Бул чексиз чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу, салты, географиясы, диний жана медициналык түшүнүгү жана эл-аралык мамилеси орун алган".

        «Манаска» тек гана бир теңдешсиз фольклордук чыгарма катары мамиле жасоо анын чен жеткис тереңдигин,  зор маанисин ойдогудай аңдап  билүүгө мүмкүндүк бербейт."Манас" өзүнүн  мазмун-маңызы жана эзелтен элибиздин турмушунда аткарып келген озуйпа-милдеттери жагынан фольклордук-көркөм жанрдын  алкагынан кеңири мааниде.

       Эпос кыргыз үчүн кылымдар бою кыргызды кыргыздын өзүнө таанытып, тарыхтын кыйын кезеңдеринде элди өз айланасына баш коштуруп, дем берген улуттук ураан, асаба, туу, касиеттүү  кудурет-күч, кыргыз  журтунун  бүткүл коомдук аң-сезимин өз ичине камтыган улуттук энциклопедия катары   кызмат   өтөп   келди.         Бүгүнкү күндө  улуу мурас "Манас" дастанын даңазалап, айкөл Манас атабыздын,  эркиндик, келечек үчүн кан төгүп, жан кыйган баатыр бабаларыбыздын атын, элибиздин өткөн тарыхын аздектөө менен биз эртеңки болочогубуз үчүн кам көрүп жатабыз десек туура болот.

       Анткени,   жогоруда айтылгандай. эпостон ала турган сабактарыбыз арбын.

 

2-суроо. «Манас» эпосунун жаралышы жана калыптануу баскычтарында изин түшүргөн тарыхый доорлор.

    «Манас» эпосуна тек гана бир теңдешсиз фольклордук чыгарма катары мамиле жасоо анын чен жеткис тереңдигин,  зор маанисин ойдогудай аңдап  билүүгө мүмкүндүк бербейт.  "Манас" кыргыз үчүн кылымдар бою кыргызды кыргыздын өзүнө таанытып, тарыхтын кыйын кезеңдеринде элди өз айланасына баш коштуруп, дем берген улуттук ураан, асаба, туу, касиеттүү  кудурет-күч сыяктуу роль ойноп келди, таалим алуучу,  өткөндү эске салуучу тарых китебинин, таасирдүү сахнанын жана экрандын милдетин аткарып келди.

        Эпос – тарых эмес, бирок "Манас" эпосунун кыргыз элинин тарыхына тыгыз байланыштуу экенин танууга болбойт. Кыргыздардын башынан өткөргөн окуялуу доорлор, эл үчүн талыкпай кызмат кылган алдыңкы адамдардын образдары көркөмдүк формада жомоктон орун албай койгон жок.

"Манасты" бөлөк элдердин эпосторунан бөтөнчө айырмалаган өзгөчөлүктү көпчүлүк изилдөөчүлөр анын дал ушул көчмөн дүйнөнүн миң жылдап созулган узун тарыхы менен өтө тыгыз улашып турганынан көрүшөт. Ушундай тарыхый өңүттөн карап келип, айрым окумуштуулар "Манастын мазмун-манызын  түзгөн   эпикалык   окуяларды   жети   катмар,   жети   доорго бөлүп  жүрүшөт:

·                 Адам   аң -   сезиминин   дүйнө   таанып   билүүдөгү мифологиялык
баскычы.

·                Байыркы чыгыш түрк жана кыргыз каганаттарынын доору (VI- IX)

·                Карлуктар, кидандар, караханиддер мамлекеттеринин доору (Х- XII)

·                Монгол, же Моголстан доору (XIII кылым)

·                Алтын ордо убагы (XIV- XVI кылымдар)

·                Ойрот- калмак, Жунгарлар заманы (XV- XVIII кылымдар)

·                Кийинки алмашылган доорлор (XIX- XX кылымдар)

«Манас» эпосу дүйнөнүн атактуу жети керемети менен теңдеше ала турган сейрек көрүнүш, улуу эстелик. Ошол улуу эстелик качан жаралды, кайсы доордун окуясы негиз салды деген суроо “Манас” изилдөөчүлөрдүн баарын түйшөлтүп келет.

«Манас» эпосунун жаралышы жөнүндөгү элдик ойлор эпосто мындайча берилет:

 

Ээй, байыркынын жомогу,

Баштаса келер оролу.

Эзелкинин жомогу,

Эстесе келер оролу.

Жармы төгүн, жармы чын,

Жарандардын көөнү үчүн.

Жабыратып айтабыз,

Жолборс Манас жөнү үчүн.

Көбү төгүн, көбү чын,

Көпчүлүктүн көөнү үчүн,

Күпүлдөтүп айтабыз.

Көк жал эрдин жөнү үчүн.

Жанында болгон киши жок,

Деги жалганы менен иши жок.

Төрүндө жаткан киши жок,

Мунун төгүнү менен иши жок.

Бабаңардын жомогу.

Баштабасак болобу?

Атаңардын жомогу,

Айтпай кетсек болобу?

Уламадан уккан сөз,

Угуту өнүп чыккан сөз.

Карылардан алган сөз,

Калк ичинде калган сөз.

Арбын жомок - толгон сөз,

Ат көтөргүс болгон сөз.

Арсыздарга токтолбой,

Азамат-эрге конгон сөз.

Э... э... й, байыркылар кеп айткан,

Баатыр ушул деп айткан.

Андагылар кеп айткан,

Арыстан ушул деп айткан.

Абалтан калган бул кепти,

Айта келсек бул кезде,

Айланып сансыз жыл өттү.

Көпкөк темир кийинген,

Жоо дегенде жүгүргөн,

Жолборстой сүрдүү эр өттү,

Эчен кылым эл өттү!

Тоо бузулуп сай болду,

Сай козголуп тоо болду.

Аты калып, өзү жок,

Ар канча деңиз жоголду.

Эрендерден калган сөз,

Энчи кылып алган сөз,

Чечендерди черткен сөз,

Бечелдерди чеккен сөз.

Белес-белден бороондоп,

Беш удургуп өткөн сөз.

Кызыл бороон кыр менен,

Кыйкырык-чуу, сүр менен.

Сүрдүкпөгөн тил менен,

Кардыкпаган үн менен.

Аркар баскан бел менен,

Булут шашкан жел менен.

Катар арыш керген сөз,

Кошо жашап келген сөз.

Баласына атасы

Энчи кылып берген сөз.

Жалпы журтум терген сөз.

 

Алгачкы изилдөөлөр боюнча эпостун чыгышы жөнүндө айтылган үч божомол айтылып келген:
1) Енисейлик Орхон доорунда (VII-IX к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. М. О. Ауэзов, проф. А. Н. Бернштам),
2) Алтай доорунда (IX-XI к.к.) чыккандыгы жөнүндө (Б. М. Юнусалиев),
3) Жунгар доорунда (XVI— XVIII к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. А. К. Боровков, проф. И. Л. Климович).

Бул божомолдордун биринчиси эпосто орун алган окуяларды Орхон – Енисей эстеликтеринде аталган түрктөр менен болгон уруштарга, ошол кездерде жана андан кийинчерээк байыркы уйгурлар менен болгон уруштарга, IX кылымда өздөрү кол салган уйгурларды жеңип, кыргыздардын өзүнчө күчтүү жана бир кыйла чоң көчмөн мамлекет түзгөндүгү сыяктуу фактыларга таянат. М.Ауэзов мындай дейт: "Манас"эпосунун алгачкы уютку окуясы болгон "Чон казатта" Манас баатыр баштаган кыргыздар күчтүү чыгыш мамлекетине каршы жүрүш жасагандыгы айтылат. Ал мамлекеттин чегинде кыргыз мамлекетинин борборунан бир вариантта кырк күн, экинчи вариантта 90 күн алыстыкта аябай чыңдалып корголгон Бээжин шаары  жайгашкан делет. Ал эми тарыхый маалыматты алып карасак,  кыргыздар  840-жылы күчтүү уйгур мамлекетин багынтып,  башкы шаары болгон Бей-Тин (кыргызча Бээжин) шаарын ээлеп алгандыгы тарыхый чындык”.

Окумуштуу А.Н.Бернштам болсо Манасты тарыхта жашаган Яглакар кан деп эсептейт. “Яглакар кан 847-жылы август айында каза тапкан. “Манас” эпосунун жаралышын ошондо болжол менен 847-жылга таандык деп эсептесек, “Манас” эпосуна 1947-жылы 1 100 жыл толот.

        Эпостун Алтай доорунда (IX-XI к.к.) чыккандыгы жөнүндө экинчи божомол (Б. М. Юнусалиев) "Манас" жомогунда учураган кээ бир тарыхый фактылар менен катар этнографиялык, лингвистикалык жана географиялык маалыматтарга, алардын жарандык тарыхка байланышып турушуна сүйөнөт. Мисалга алсак, эпос бардык варианттарда кыргыз урууларынын бытырап тарап, Ороздунун (кээ варианттарда Ногойдун) уулдарынын ар жерлерге сүрүлгөндүгүн баяндоодон башталат. Жомоктун кээ бир варианттары боюнча Кытайдын Алооке канынын баскынчылыгы натыйжасында кыргыздардын бирдиги бузулуп, бытырандылыкка учурайт. Эпостун башкы каарманы – Манас Алтайда туулуп өсөт, ал эр жеткенде кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого алып келет. Идеялык мазмуну жагынан эпостун негизги мотиви кыргыз урууларынын башын кошуп, кол салган тышкы душмандарга каршы туруу. Эпостун биринчи бөлүмүндөгү "Манастагы" окуялар алгачкы кездерде Орхон, Каңгай, Күкүнор, Алтай сыяктуу географиялык пункттарда болот, орто кылымдарга чейин Алтай тарабында жашаган тыргоот, оронкой, ойрот сыяктуу уруулардын жана элдердин аттары аталат. Кыргыздардын да XII кылымга чейин азыркы территорияда болбой, Алтай тарабында жашагандыгы, XI кылымда Ысык-Көл, Чүй, Фергана өрөөндөрүн аралап жүрүп, түрк урууларынын сөздүгүн жазып кеткен Махмуд Кашгаринин маалыматы менен аныкталат.

           Эпосто айтылган кыргыздардын бытырандылыкка учурап, баскынчылар тарабынан күч менен ар кайсы жакка таратылып көчүрүлүшү тарыхта чыныгы болгон факт. Бул окуя X кылымда моңгол тилине жакын тилде сүйлөгөн кара кытайлардын (алардын дагы бир аты кидан) баскынчылык менен кол салып, кыргыздардын мамлекеттигин бузган чабуулуна туура келет. Мына ушундан кийин кыргыз урууларынын Ала-Тоо тарабына бириндеп өтүшү күчөй баштайт. Кыргыз урууларынын тарыхта эң күчтүү мамлекет болуп турган учурунда кол салып, бирдигин бузган кидандар (кара кытайлар) болгондуктан, элдин өмүрүндөгү мындай эң оор кезең эпосто из калтырбай койгон эмес. Ошондуктан эпос боюнча кыргыздардын душманынын "кара кытай", "кытай" деп аталышы, тилде да "кара кытайдай каптап" деген ылакаптын пайда болушу кокустан эмес. Ошол эле кара кытайлар кыргыздардан кийин Борбордук Азиядагы элдерди (мунун ичинде ошол кезде "чин" деп аталган азыркы кытай элинин түндүк тарабын) каратып алуунун натыйжасында өзүнүн “кытай" деген атын ошол элдерге да тараткандыгы тарыхта маалим.

        Кара кытайлар тарабынан мамлекеттиги талкалангандан кийин кыргыз урууларынын саясий жагынан баш кошкон бирдиктүү күч болгондугу азырынча тарыхта белгисиз. Мындан кийин моңголдорго, калмактарга, манжууларга ж. б. каршы күрөшкөндө кыргыздар бирин-серин уруулардын гана башын кошуп, каршылык кыла алган. X кылымдан кийин азиялык тарыхта кыргыздардын аты чыкпай калышы, чыкса да, күңүрт угулушу мына ушуга байланыштуу.

        Ошентип, байыркы кыргыздардын бирдиктүү мамлекет болуп, күчү толуп турган кезде (IX-X к.к.) баскынчылык кылган кара кытайлардан жапаа тартышы, бытырандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы "Манас" жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн. Албетте, X кылымдан бери кыргыз уруулары башынан өткөзгөн унутулгус тарыхый окуялар, мисалы моңголдордун үстөмдүгүнө каршы төрт ирет көтөрүлүш чыгарышы, андан кийин ойроттордун, калмактардын, манжуулардын эзүүсүнө каршылык көрсөткөн кыймылдар да  эпостон орун албай койгон эмес.

Жазылып турган тарых китеби болбогон элде бир нече кылым мурун өткөн окуялар барган сайын унуткарылып, кийинчерээктеги окуялар көбүрөөк эскериле тургандыгын унутпоо керек. Мына ушул көз менен караганда, кыргыз урууларынын жанына өтө батаарлык кордук көрсөткөн соңку жоо – жуңгарлар (калмактар) болгондуктан, алар жөнүндөгү аңгеме эпостон көбүрөөк орун алып, андан мурунку окуялардан билинээр билинмексен гана из калгандыгы толук мыйзамдуу иш. Кыргыз элинин тарыхында эң эле чечүүчү кырдаал болгон кара кытайлардын чабуулу "Манас" жомогунун чыгышына себеп болуп, андан орун алганын туура деп тапсак, эпостун жашы бир миң жылга таяп барат.(Б.М.Юнусалиев)

"Манас" эпосунун Жунгар доорунда (XVI— XVIII к.к.)чыгышы жөнүндөгү үчүнчү божомолдун авторлору проф. А. К. Боровков, проф. И. Л. Климович эпоско кошулган ошол кийинки тарыхый маалыматтардын көбүрөөк орун алышына гана таянышат да, жомокто учураган андан мурунку тарыхый фактыларга баа беришпейт. Ошону менен катар, "Манас" эпосун жунгар чабуулдары кезинде (XVI–XVIII к.) Тянь-Шанда жашаган кыргыздар чыгарган болсо, андан бир нече кылым мурунку кыргыз урууларынын баштан өткөргөн окуялары (Алтайдан Ала-Тоого көчүшү, кара кытайлар менен согушу ж. б.) жана XIV–XV кылымдарга чейин кыргыздар жашаган географиялык пункттар (Алтай, Кангай ж.б.) кайдан келип эпостон орун алып калды – деген сыяктуу суроолорго алар жооп беришпейт.

Жазуучу, «Манасты» изилдөөчү О.Айтымбетов болсо «Тарыхый Манас б.з.ч. 236-жылы төрөлгөн. 24жашында такка отурган. Бытыраган кырк уруу кыргызды бириктирип, Дуньху деген күчтүү өлкөнү багындырган соң, түштүгүндөгү Чин(Цинь) өлкөсүнө эки жолу кол салып (Чоң Казат, Кичи Казат) б.з.ч. 200-жылы аларды Пинчень (Бээжин) калаасынын ирегесинде талкалаган. Азыркы «Манас» эпосунун негизги бөлүгү  ошол улуу жеңиштен улам пайда болгон. Демек, эпоско 2000-жылы жайында 2 200 жыл толот»,-дейт.

Ошентип, окумуштуулар, изилдөөчүлөр тарабынан Манас баатырдын жана «Манас» эпосунун тарыхтагы изин издөө улантылып келет. Бул ишке студенттер, силер да киришсеңер болот. Анткени, изилдөө аркылуу кыргыз тарыхынын жаңы барактары ачылат.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

 

  1. “Манас” эпосунун башка дүйнөлүк эпостордон айырмасы кайсы?
  2. “Манас” эпосундагы тарыхый доорлор кайсылар?
  3. Эпосту изилдеген чет өлкөлүк окумуштуулар?

 

 

 

 

 

 

 

Тема 2

«Манас» эпосунун бизге жеткен негизги варианттары.

2.1. «Манас» үчилтигинин бизге жеткен варианттары. Манасчылык өнөрдүн кесиптик сырлары, манасчылардын бөлүнүшү. Өз вариантын жаратып айтчу манасчылар (аэддер тибинде), жаралып калган ыр түзүмдөрүн жаттап алып айтуучу аткаруучулар (рабсоддор сыяктуу).

2.2. Жарым миллион сап «Манас» баянын  жадысында сактап, азыркы ХХI кылым заманына жеткирген жана андан ары улап жаткан манасчылар жөнүндө маалымат.

2.3. Манасчылык өнөр ээлерине мамлекеттик жана коомдук колдоо көрсөтүү.

2003-жылы 7-ноябрда ЮНЕСКОнун чечими менен дүйнөлүк шедевр катары катталган төкмө акындык жана дастанчылык өнөрүн пропагандалоо.Манасчылар мектеби.

1-суроо.  “Манас” эпосу узак мезгилди өз кучагына камтыган жана көптөгөн кылымдарды карыткан монументалдуу чыгарма. Ошондуктан, өзгөрүүсүз сакталган, дайыма кайталана берүүчү текст жок. "Манас" эпосунун автору-эл, ошол эл арасынан жанар тоодой атылып чыккан улуу, залкар манасчылар бу керемет чыгарманы жаны менен айтып, көкүрөгү менен сактап келген, өз нускасын түзүп, өз вариантын жараткан. 

            “Вариант” ( латын тилинен varians өзгөрүүчү дегенди түшүндүрөт). Вариант көбүн эсе оозеки чыгармаларга мүнөздүү.

              Эл арасында “Манас” эпосунун өзөктүү окуяларын, көрүнүктүү айтуучулар түзүп жана аткарып жүргөн үлгүлөрү салт боюнча эпостун варианттары деп аталат. Бул эпостун биринчи бөлүмүн Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Шапак Рысменди уулу, Тоголок Молдо, Багыш Сазан уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Ыбырай Абдракман уулу, Мамбет Чокмор уулу тарабынан түзүлгөн.

            Бардык негизги варианттарга мүнөздүү өзөк окуялар: күчтүү душман тарабынан кыргыздардын чабылышы, негизги каарман баатыр Манастын төрөлүшү, бала чагы, алгачкы эрдиктери; Ата журтту баскынчылардан бошотуу, Алтайдагы кыргыздардын Ала – Тоого кайра көчүп келиши; Шоорук, Алооке окуялары, Манастын Каныкейге үйлөнүшү; Көз камандар окуясы; Алманбеттин тарыхы; Көкөтөйдүн ашы; Чоң казат; Манастын өлүмү жана ага күмбөз салдыруу жатат.

            Эпостун көркөмдүк деңгээли, сюжеттик кеңири планда чагылдырылышы жагынан эки чоң манасчыны айтсак болот. Алар, Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу.

          “Семетей”, “Сейтектин” Саякбай Карала уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Багыш Сазан уулу, Жакшылык Сарык уулу, Мамбет Чокмор, Акмат Рысменди уулу, Актан Тыныбек уулу ж.б жараткан варианттары бар.

        Азыркы күндө «Манас» үчилтигинин 80ге жакын варианты окумуштуулар тарабынан жазылып алынып, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусунда сакталып турат.Эпостун улам жаңы үлгүлөрүн жыйноо дагы деле улантылууда.

         "Манастай" байыркы улуу баяндын    учу-кыйырсыз    кенендиги    менен    тереңдигин  жүрөккө   сыйдырып,   урпактан   урпакка   көөнөртпөй   жеткириш  үчүн  ашкан  зор  та­ланты,    ташкындаган    кыял-сезими,    эргиген   ой-санаасы бар,  бир эшиткенин эзели эсинен чыгарбаган сөз   шаалары   ар   заманда   талап   кылынган.   Эзелки тарых   уңгусун  бой  тумар  сындуу  боюна  көтөрүп,  дээрине   катып,   эчен   бир   замандардын   закымына   алдырбай,     укумдан     тукумга     жеткирип     келген     андай керемет манасчылар эл ичинен эч качан үзүлгөн эмес.  Ички дүйнөсү бай, элинин дилин, санжыра, уламыштарын, үрп – адат, салт – санаасын, нарк-насилин билген, кандайдыр бир деңгээлде сыйкырдуу күч даарыган киши гана чыныгы манасчы боло алган.          

 Манасчылык эл арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ өнөр, купуя сыры бар табышмактуу шык. Кыргыз элинин арасында бардык башка кесип ээлеринин ичинде да манасчылар сыяктуу баркталып, жогору бааланганы чанда-чанда. Бул тээ илгертен бери келе жаткан кесиптин өзүнчө салты, атайын сырлары, өзүнө таандык өзгөчө ыкмалары бар.

Манасчылык кесиптеги элге кеңири белгилүү болгон, бирок ошого карабастан бүгүнкү күнгө чейин илимде аягына чейин так жооп алына элек сырлардын бири — өнөр ээсинин кесипти үйрөнүүдөгү биринчи кадамын түш көрүүдөн баштоосу. Адатта чоң манасчыдан тартып чала манасчыга чейин эпостун ар бир айтуучусу өз өнөрүн түш көрүү менен байланыштырат, бирөөдөн үйрөнгөн үчүн эмес, түш көргөн үчүн гана «Манасты» айтып калдык дешет. «Манасты»  "Манас" кылып тузун татытып турган кудуреттүү купуя сыр - дал ушул манасчылык  өнөрдүн маңызында жатканына дагы бир жолу көзүң жетет. Абалтан эле миллион сап "Манасты" адатта түшүндө аян берип, кайып даарыган өзгөчө касиеттүү кишилер гана ажарына чыгарып, арбыта айтып келген делет.

Экинчиден, манасчынын чыгармачылык өсүш жолунда, өнөр ээси катары такшалышында өзүнөн мурдакылардын табылгаларын, эпостун салттык көрүнүштөрүн өздөштүрүү, белгилүү манасчылардан таалим алуу, үйрөнүү өзгөчө орунду ээлейт. Бир да манасчы мурда «Манасты» укпай, билбей жүрүп эле, түш көргөндөн тартып гана эпосту аткарып калган эмес. Алардын ар бири түш көрүүгө, эпосту эл алдында биринчи жолу аткарууга чейин эле бир топ узак убакыттар бою ушул кесипти эңсеп, манасчы болууга көп далалаттар жасап, кесиптин негизги сырларын кимдердендир үйрөнүп жүргөн.

"Манасты" айтууда манасчы кайсы бир даражада бул зор драманын автору да, койгон режиссактеру катары да роль ойнойт. Окуя-кырдаалдардын  кыябына, кейипкерлердин психологиялык ал-абалына жараша бүткүл турпаты, өң келбетие, кол ишараты, аваз-үнү миң  өзгөрүп, миң кубулуп, бирде кубанса, бирде муңайып, бирде зар какшап ыйласа, бирде кайра чыйралып, бирде армандуу күңгүрөнсө, бирде кайра туруп буркан-шаркан түшүп, уккандарды сыйкырчыдай арбап алат. Аны менен бирге эшитип отурган элдин баары бирде күлсө, бирде ыйлап, бирде күйсө, бирде кайра терең  ойго термелип, качанкы бир болмуштун каармандары менен кадимкидей аралашып, чогуу жүргөндөй болушат.

       Нидерланды өлкөсүнүн окумуштуусу, манастаануучу Ниенке ван дер Хейденин сөзү менен айтканда: «Манас» эпосун эс тутумуна сактап, оозеки жайылтып айтып келе жаткан манасчылардын бар болгондугу эбегейсиз чоң бакыт. Манасчы тарабынан эл алдына чыгып «Манас» эпосунун ар бир аткарылышы, байкалбаганы менен эл үчүн руханий кубат бере турган касиетке ээ кубулуш. Орус элинин «Илья Муромец», татар элинин «Эдигей», фин элинин «Калевала» жана башка дүйнө элдеринин элдик эпосторунун оозеки айтылбай, жандуу өмүр сүрбөй калышына канча болду? А түгүл, кыргыз элинин «Манастан» башка эпосторунун жаңы варианттарынын жаралбай, оозеки айтылбай, китептерде, аудио тасмаларда гана жашап калышына канча болду? Бул жагынан алганда, манасчылары суюлбай айтылып келе жаткан «Манастын» бактысы зор».

Казак элинин чыгаан окумуштуусу, көрүнүктүү манас таануучу Мухтар Ауэзов манас айтуучуларды эки чоң топко бөлгөн:

1.                  Чоң манасчы

2.                  Чала манасчы.

Мындан сырткары Ауэзов территориялык жактан да 2 топко бөлгөн:

1.    Ысык – Көлдүк айтуучулар

2.    Тянь – Шандык айтуучулар.

Ал эми белгилүү фольклорист, манас таануучу  Р.З. Кыдырбаева манасчыларды     Чүйлүк,  Ысык – Көлдүк, Тянь – Шандык жана Түштүктүн манасчылары деп  административдик бөлүштүрүүгө салган.

Көрүнүктүү манас изилдөөчү Самар Мусаев болсо эл арасында манасчыларды төрт топко бөлөрүн белгилейт. Устаты айткан айрым эпизоддорду жаттап алып аткара баштаган манасчыны эл үйрөнчүк манасчы деп атайт. Эпостун элге кеңири белгилүү болгон эпизоддорун жаттап алып, анча-мынча кошумча киргизип аткарган манасчылар чала манасчы болот.Эпостун негизги окуяларын жакшы өздөштүргөн, аларды баштан-аяк өз түшүндүрүүсү, алымча-кошумчалары менен аткарган, өзүнчө вариант түзгөн манасчылар-чыныгы манасчылар. Ал эми зор таланттуу, эпостун өсүп-өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон, жогорку көлөмдүү вариант жараткан, эпостун бардык окуяларын баштан аяк ирети менен толук, кеңири мүнөздө аткарган, эл арасында таасын таанылып, өзгөчө кадыр-баркка ээ болгон манасчыларды чоң манасчылар деп урмат менен аташат.

Окумуштуу Азиз Салиев манасчыларды гректердин “Илиада” менен “Одиссея” баянынын көп жерлерин эсине тутуп, башка жерлерин өз сөздөрү менен айтып, өз нускаларын, өз вариантын түзүшкөн  аэддер  тибиндеги жана  жаралып калган ыр түзүмдөрүн жаттап алып айткан  аткаруучулар- рапсоддор тибиндеги деп бөлүштүрөт. «Андай аткаруучу рапсоддор кээде сахналарга чыгып, радио жана телекөрсөтүү аркылуу өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аткарып жүрүшөт. Бирок аларды «Манас» дастанын улап, өнүктүрүп келген акин-дастанчылар менен чаташтырбоо керек: чоң манасчылар, бир чети мурдагы тексттерди толуктап, өрчүтүп, өз варианттарын түзгөн күчтүү төкмө акындар болгон да, экинчи жакан аткаруучулук өнөрү ашкере таасирдүү залкар ырчы артисттер эле»,-дейт ал.

Бүгүн  биз, кыргыздар, кылымдар бою элибизди эл, журтубузду журт катары баш   коштуруп,   эртеңден   үмүт  үздүрбөй   шытандырып келген улуу руханий кенчибизди табериктей бапестеп колубузга тапшырган манасчылардын эбегейсиз зор эмгегине жана эрдигине тизе бүгүп, таазим этүүгө милдеттүүбүз.

2-суроо. Жарым миллион сап «Манас» баянын  жадысында сактап, азыркы ХХI кылым заманына жеткирген жана андан ары улап жаткан манасчылар жөнүндө маалымат.

           Элдик уламыш, аңыздар  боюнча биринчи манасчы – ЫРАМАНДЫН  ЫРЧЫ  УУЛУ болгон.
 

 

“Ырамандын Ырчы уулу,
Ырдап айткан кебимди.
Канчалар кордук кылганда,
Кайраным тапкан эбимди”

 

– деп, Манас баа берген дешет. Манастын көзү өткөн соң Абыке, Көбөштөрдүн ыгына көнбөй, жер кезип, Манасты даңазалап жүрүп өткөн экен. 

Caгымбaй Opoзбaкoвдун айтуусунда ЖАЙСАҢ  деген ырчы Манастын учурунда жашап, анын жортуулдарын даңктап ырдаган экен. Алтайда турган кыргыздарды бүтүн жыйдырып кеңеш кылганда, Үмөт уулу Жайсаңды да чакыртканы айтылат: 
 

 

Атасы Жакып кары бар,

Акылмандын баары бар…

Айдаркан уулу эр Көкчө

Баары келген чагы бар

Үмөт уулу Жайсаң бар

Өлүмдөн коркпос көп жандар.

 

Жaйcaң ырчы боз үйдүн жабдылышын эле жарым күн айтчу экен:

 

Алиги көргөн Кайыпдаң

Кыз берүүгө камданган

Уугун күмүш суулантып,

Керегенин порумун

Кандай уста кылган деп,

Көргөн жанга суратып

Ак манат менен жаптырып,

Керегенин кобулун

Алтындан нагыш чаптырып,

Ичин кызыл сырдаган,

Чийин жибек чырмаган

Салтанатын көргөндө

Жайсаң ырчы дегени,

Жалаң үйдүн порумун

Жарым күнгө ырдаган….

 

 

ТОКТОГУЛ
        Токтогул ырчынын жашаган доорун уламыштарга негиздесек, кадимки Аксак Темирдин дооруна, тактап айтканда, 14-15-кылымдарга туура келет.
Ал тууралуу Тоголок Молдо:
 

 

“Ырамандын соңунан,
Иши келип оңунан.
Элден таап нускасын,
Арбытып айтып кыскасын.
Токтогул ырчы ырдаган,
Толубай сынчы сындаган.
Токтогул ырдап турганда,
Калктын баары тыңдаган.
Көрүп туруп көз менен,
Жомок кылып сөз менен.
Ырамандын Ырчы уул –
Жомокчунун башчысы.
Баарын тизген Токтогул –
Бул жомоктун ачкычы”

 

– деп эскерет.
ТҮЛӨБЕРДИ                      (1735-1810)
        Таластагы жетиген уруусунан чыккан, уламалуу манасчылардын бири Түлөберди өз элин “Манас” айтуу аркылуу жоодон сактап калгандыгы жөнүндө аңыз айтылат. Ал мындайча: “Илгери ошол Түлөберди жашаган чөлкөмгө жоо келет. Алар жоокерчиликтин эски ырымы менен туу кандамак болушуп туткун кармоого киришет. Ошентип туткунга Түлөберди түшүп калат. Түлөберди акыркы күнүм ушул экен деп ойлойт да, “Манасын” айтып кирет. Жоо анын ырына кызыгып, угуп-көрүп, ыры бүткөн соң өлтүрмөк болушат. Бирок ырчынын ыры түгөнбөйт. Бир күн айтат, түгөнбөйт, эки күн айтат, түгөнбөйт, үч күн айтат, түгөнбөйт... Ошондо аскербашы: “Биз жоонун касиеттүү кишисин кармап келген экенбиз. Мындай киши менен туу кандалбайт. Жолубуз болбой калган экен, кайттык артка!” – деп, ат башын кайра артка бурган экен дейт.
КЕЛДИБЕК КАРБОЗ УУЛУ                     
Келдибек Чүй өрөөнүндөгү Жел-Аргы деген жерде туулуп, 80 жаштан өткөн кезде 1880-жылдарда Ат-Башыдагы Баткак деген жерде каза болот.
Уламалуу, тулпар манасчылардын бири Келдибек манасчынын чыгармачылыгы тууралуу эл оозунда: “Манас Баатырлар Келдибекке түнөп өткөн, Тыныбекке жолугуп кеткен, Сагымбайга түштөнүп өткөн” – дегеп ылакап сөз айтылат. Мунун өзү анын өнөрүнүн канчалык деңгээлде экендигинен маалымат берет.
Анын манасчылыгына олуя акын Арстанбек өзү таң бере төмөнкүдөй ырга кошот:
 

 

“Келдибек Манас айтканда,
Шамал уруп, бук болуп,
Боз үйлөргө жүк толуп.
Чагылган учуп чартылдап,
Кереге-уук карчылдап.
Үзүктөрү желпилдеп,
Түндүк жабуу салпылдап,
Эшиктери шалкылдап.
Ат дүбуртү угулуп,
Айыл калбай чогулуп.
Журт атасы Манастын,
Алмамбет, Чубак, Сыргактын,
Арбагы көзгө урунуп.
Кырк чоро кырдан суурулуп,
Желеде кулун чыңырбай,
Кымызга көңүл бурулбай.
Азынабай айгыры,
Аздектеп турчу бардыгы.
Төөлөр чөгүп жоодурап,
Карылары кобурап.
Койлор жуушап, кепшебей,
Коңулда иттер эт жебей.
Кара тору түспөлү,
Кыпкызыл болуп чыңалып,
Арча отундай чок болчу.
Ашырып айтаар Манасты,
Ак уул, Куу уул кыргызда,
Андай адам жок болчу..
Он эки мүчө шалкылдап,
Бүт денеси балкылдап,
Он манжасы калтылдап.
Тар дүйнөнү унутуп,
Кең бейиште жүргөндөй.
Сыйкырдуу дүйнө аралап,
Керемет болуп кеткенин,
Көргөн жайым бар эле,
Көрбөгөн адам зар эле”.

 

        Келдибектин өнөрү жөнүндө мындан таасын, мындан так сөз табуу кыйын. Чынында да, ал Манас айтканда, улуу жомокко өзү эле аралашып кетпей, тегерегиндеги жандуу-жансызды бүтүндөй өзү менен ошол дүйнөгө ээрчитип кетчү дешет. Бир сөз менен айтканда, Келдибек сейрек кездешүүчү, чыныгы алп манасчылардын бири болгон.
НАЗАР БОЛОТ УУЛУ                     
(1828-1893)
Назар Болот уулу Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Сары-Камыш айылынан чыккан. Анын Манасы жазылып калбаганы менен, Чокон Валиханов жазып алган “Көкөтөйдүн ашы” дал ушул Назар Болот уулунан, Токсабанын ордосунда Жыргалаң суусунун боюнда жаздырып алган деген маалыматтар бар. Назарды көрүп билгендер анын чоң жомокчу болгондугун, эпостун үчилтигин толук билгендигин эскеришет.
ТЫНЫБЕК ЖАПЫЙ УУЛУ                      (1846-1902)
Манасчылардын ири өкүлдөрүнүн бири, өзүнүн артынан далай шакирттерди өстүрүп чыгарып, манасчылыктын өзүнчө бир мектебинин түптөгөн айтылуу Тыныбек жомокчу 1846-жылы Ысык-Көлдүн Кайнар деген айылында жарык дүйнөгө келген. Андан таалим алган Тоголок Молдо, Сагымбай, Калыгул, Байбагыш, Деңизбайлар өз мезгилинде белгилүү манасчылардан болгон.           

          Тыныбектен “Манас” жазып алуу үчүн келгенде, алардын эмне максатты көздөгөнүн ачык билбеген жомокчу Семетейден айрым бир үзүндүлөрдү гана айтып берген. Ал үзүндү “Семетейден бир бөлүм” деген ат менен кийинчерээк, китеп болуп араб арибинде 1925-жылы Москвадан жарык көргөн. Ал эми Кыргызстанда болсо, китеп болуп 1994-жылы биринчи ирет жарыяланат. Өмүрү “Манасты” оозунан түшүрбөгөн атактуу жомокчу Тыныбек өлүм алдында да:

 

Таштабай айттым сөзүңдү,
өзүмө өзүң тапшырган.
Тагдырга жакын болгон бейм,
Танып барам акылдан.
Кыргызга нускам калбады,
Кыраан Манас Баатырдан.
Арманым ушул, калайык,
Арбактуу эрди таштабай,
Айтса экен элим артымдан!” –

деп кете берген.
 

 

       Айткандай, анын артынан далай шакирттери чыгып, сөзүн жерге таштабай улап кетти.    Тыныбек “Манас” айтып атканда жерден бир карыш көтөрүлүп калчу, көл үстүнөн басып кетчү деген имиштер көп. Ал көз жумганда Ай тутулганын жергиликтүү эл алиге чейин оозунан түшүрбөй, улуу жомокчуга табият да аза күткөн деп айтып келишет.
КЕНЖЕКАРА  КАЛЧА  УУЛУ  (1859-1929)

http://www.manasel.kg/img/KenjekaraK.jpg         Манасчылыктын салттуу түрүнөн айырмаланып, эпосту аспаптын (кыл кыяктын) коштоосу менен аткарган семетейчи Кенжекара Калча уулу 1859-жылы Пишпекте төрөлгөн.
            1903-жылы анын аткаруусундагы “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү” жана “Ак бала баатыр жөнүндө ыр” деген чыгарма сүрөтчү Б.Смирнов тарабынан үнжазгычка жазылып алынган. Ал орус тилине кара сөз түрүндө которулуп, 1914-жылы Москвадан “В степях Туркестана” (“Түркстан талааларында”) деген ат менен жарыяланган.

ТОГОЛОК МОЛДО (БАЙЫМБЕТ АБДЫРАКМАНОВ)                      
                                            (1860-1942)
Кыргыздын белгилүү жазма акыны жана манасчысы Байымбет Абдыракманов 1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган. Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген да дал ошол Тыныбек болгон.

         Тоголок Молдо санжыра-тарыхты да мыкты өздөштүрүп, Манастын тарыхый доорун тапканга да бир топ далалат кылган. “Манастын” өз вариантын да ал өзү кагазга түшүрүп, азыркы Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясына тапшырган. Тоголок Молдо 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз Илимдер академиясына “Манас” үчилтигинен 98 703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен “Семетей” 44 873 сап ырдан туруп, башка бөлүктөргө караганда толук жазылган десек болот. Ал эми “Манас” бөлүмүндөгү “Манастын ашы” сыяктуу эпизод башка манасчыларда кезикпегендиги менен айырмаланып турат. 
ЧОЮКЕ ӨМҮР УУЛУ                      (1863-1925)
       Белгилүү манасчы Чоюке Өмүр уулу 1863-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кара-Бөлтөк айылында дүйнөгө келген.
Чоюкенин түшүнө баатырлар көп жолу аян берген экен. Калың эл «Манасты» Чоюкедей эч ким айта албайт деп баа беришкен. Шакирти Саякбай Карала уулунун: “Чоюке – чынар, мен – чырпык. Чоюке – бүркүт, мен – чымчык” деп баалаганынан эле Чоюкенин ашкере талантын байкоого болот.Айрыкча Каныкейдин Тайторуну чапкан жерин айтканда, ыйлабаган киши калчу эмес экен. Айтылуу Саякбай Карала уулу да ушул бөлүктү аябай ийине жеткире мыкты аткарганына караганда, өз устаты Чоюкеден ушул бөлүктү жазбай өздөштүрсө керек деп болжолдосо болот.
 

ШАПАК ЫРЫСМЕНДЕ УУЛУ                      (1863-1956)

http://www.manasel.kg/img/ShapakR.jpg       Атагы калың журтка белгилүү манасчылардын бири Шапак Ырысменде уулу 1863-жылы Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы деген айылда жарыкка келген. Анын “Манаска” болгон кызыгуусунун арбышына атактуу Балык манасчынын тийгизген таасири зор.Андан “Манасты” көп угуп, анын сыйкырына арбала берет. Анан айылдагы койчуларга элдир-селдир “Манас” айтып берип коюп жүрөт. Аян берген түштөн кийин ал биротоло “Манас” айтууга белсенет. 26 жашында Сагымбайга кезигип, бирге ээрчишип жүрүп, бири-биринен таалим алышат. Кийинчерээк, айтылуу Акылбек манасчыга да жолугуп, андан да таалим алат.
             Шапак манасчыдан 1935-1948-жылдар аралыгында “Манастын” үч бөлүмү тең жазылып алынган: “Манастан” – 24 588 сап ыр, “Семетейден” – 42 338 сап ыр, “Сейтектен” – 14 718 сап ыр. Андан “Манас” эпосунан сырткары “Мендирман”, “Жаныбек” сындуу кенже эпостор жана элдик макал-ылакаптар жазылып алынган.
САГЫМБАЙ ОРОЗБАК УУЛУ                      (1867-1930)

http://www.manasel.kg/img/Sagymbai.jpg     Залкар манасчы Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кабырга деген айылда туулган. Сагымбайдын “Манасын” жазып, аны жандап жүргөн Ыбырайым Абдыракман уулунун айтуусунда, Сагымбай таң калычтуу учурларга өтө эле көп кезиккен. Ал кайып дүйнө менен кадимкидей аралашып, а түгүл анын чет-бучкагын Ыбырайымдын өзүнө да көргөзүп калган учурларын эскерет. Мындайлар аны бүтүндөй өмүр бою коштоп жүргөн. Эч нерседен эч нерсе жок жерден айыл иттери ызы-чуу түшүп, бир нерсени ээрчий чуркашып, абалап үрүп калганын көрүп түшүнбөй турган элге: “Баатырдын колу келди. Курмандыкка союш сойгула” –деген Сагымбайдын сөзү ары сырдуу, ары сүрдүү угулаар эле дешет. Анын жанындагы аксакал кишини көрүп чочуп кеткен аялын сооротуп, ал бала кезинен бери жанында келе жатканын, өзү кер мурут болгондо, ал да кер мурут болгонун, кара сакал болгондо, карасакал, аксакал болгондо, аксакал болгонун айтып жооткоткон. өзү өмүрүндө калп айтпаган, куулук-шумдук менен жумушу жок адам болгон. Ден соолугуна байланыштуу андан үчилтиктин “Манас” бөлүмү гана жазылып калган. “Манастын” да акыркы бөлүмдөрү өтө эле кыска айтылганын Ыбырайым эскерет. Бизге жеткен варианттардын арасынан бир да манасчынын варианты Сагымбайдыкындай бийик көркөмдүккө ээ эмес. Анын варианты ырынын кооздугу, түзгөн элестеринин тереңдиги жана байлыгы, эл турмушун кенен алып, таамай сүрөттөй алгандыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Сагымбайдын талантына башка эмес, манасчылар өздөрү да таазим этип, баш ийишкен. Мисалы, жыйырманчы кылымдын Гомери аталган Саякбай Карала уулу, бүркүтү Сагымбайдын күмбөзүнө конуп калгандыгына эле чексиз кубанып, өзүнчө ырым кылган.
        Сагымбай өзүн семетейчи катары эсептеп, үчилтиктин ушул бөлүгүн эң бир чеберчиликте аткарчу дешет. Тилекке каршы, ал бөлүгү бизге жеткен жок. Андан “Манасты” жаздыруу ортолоп калганда, Ыбырайым: “Саке, дагы канча калды?” – деп сураса, алдындагы чоң чарада турган эттен уучуна толо алдыртып: “Жазганыбыз уучуңдагыдай болсо, жаза элегибиз чарадагыдай калды” деген экен. Анысына караганда, залкар манасчынын “Манасы” ичинде кеткенине «аттиң» деп өкүнөсүң. Сагымбайдын оозунан жазылып алынган үчилтиктин “Манас” бөлүгү 180 378 сап ырдан турат. Анын “Манасы” аркылуу кыргыз эли бүтүндөй дүйнөгө сыймык кыла алат.

 Жаңыбай Кожек уулу (1869-1942)

      Жумгал районунда туулган. Жаңыбайдын жети атасы тең: Айдарбек, Сүйүнбай, Сакөчүк, Теңирбай, Сары, Жаманкары, Кожек «Манас» айтып келишкен.

     Жаңыбайдын «Семетейин» жазып алууда «Манас» жыйноочу Каюм Мифтаков  чоң эрдик жасаган. Ал Жаңыбайды үйүнө чакырып, тамагын, кийимин жана күнүнө 200 сомдон төлөй турган болуп макулдашып, 1936-жылдын сентябрь айынан баштап 1937-жылдын март айына чейин жүз басма табак көлөмүндөгү эпосту -«Семетей» эпосун толук жана «Манастын санжырасы» жана «Манастын балалык чагы» бөлүмдөрүнөн үзүндүлөрдү жазып алган.
СЕЙДЕ ДЕЙДИ КЫЗЫ                      (1881-1946)
        Сейде Дейди кызы 1881-жылы Наманган уездине караштуу Багыш болуштугундагы Жампа-Салды айылында дүйнөгө келген. Атасы Аксы менен Арпага аты угулган чечен, өнөрпоз адам болгон. Дейдинин үйүнө маал-маалы менен Кыдыраалы манасчы келип, “Манас” айтып турчу экен. Дейди өнөрпоз болгондуктан: Тогуз-Торо, Жумгал, Кочкор, Ысык-Көл, Ташкен, Түркстан, Самарканга чейин барып, эл-жер кыдырат. Барган жеринин баарына кызы Сейдени ала жүрөт. Атасын ээрчип жүргөн кызы, ыгы келген жеринен “Манас” айта салчу болот. Ошентип, эл ичинде Сейденин өнөрү кеңири тарап, көпчүлүккө белгилүү боло баштайт. Жашы он бешке келгенде Сейдени күйөөгө узатышат. Кайната-кайненеси динчил адамдар болгондуктан,  “Манас” айтышына каршы чыгышат. Сейде мындай кордукка чыдай албастан качып кетет да, атасынын колуна барат. Кийин Устажолдош деген төкмө акынга турмушка чыгат. Күйөөсү Сейденин өнөрүн туура кабыл алып, а түгүл чыгармачылык тыгыз байланыш түзүшөт. “Эл оозунда элек жок” дегендей, эл ичинде өйдө-төмөн сөз жүрүп, молдо-эшендер: “... аял “Манас” айтса, аны арбак уруп кетет, а түгүл жакындарын да арбак урат” – деп, коркутушат. Сабыр деген эшен Сейдеге эл алдында “Манас” айтпоого касам ичирет. Бирок Сейде үйдө эч ким жокто коргондун дарбазасын бекитип, небереси Калмуратты кароолго коюп күнү кечке, түнү бою “Манас” айтып чыгат. Небереси Рыскул уулу Калмураттын айтканына караганда, чоң энеси “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кенен”, “Алымсарык” эпосторун айткан экен. Сейдеден 3 басма табак көлөмүндө жазылган “Манастын Ферганага калаа курдурганы” деген үзүндү Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.
МОЛДОБАСАН МУСУЛМАНКУЛ УУЛУ      (1883-16.06.1961)
       Кыргыз ССРинин Эл артисти (1935), СССР жазуучулар Союзунун мүчөсү, обончу, акын, комузчу, кыякчы, дастанчы жана манасчы Молдобасан Мусулманкул уулу 1883-жылы Нарын областына караштуу Ак-Талаа районунун Терек айылында туулуп, 1961-жылдын 16-июнунда Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайткан.
Молдобасан Мусулманкул уулу 1933-1952-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген.
Ар тараптуу өнөрпоз, кубулжуган мукам добуштун ээси Молдобасан Мусулмакул уулу “Манас” үчилтигин толук билүү менен эле чектелбестен, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Жаңыл Мырза”, “Кедейкан” баш болгон бир катар кенже эпосторду да ийине жеткире аткарган, ыр куржунунда алар да белен жүргөн. Булардын ичинен “Курманбек” эпосу 1928-жылы кыргыз элинин кенже эпосторунун тарыхында биринчи жолу китеп болуп чыккан. Андан 1935-1945-жылдары жазылып алынган “Манас” үчилтиги 203 000ге жакын ыр сабын түзөт. Көркөмдүгү жагынан да өзгөчө кооздукка ээ. Алсак, Манастын келбети Сагымбайда:
 

 

“Айың менен Күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй.
Алтын менен күмүштүн,
Ширөөсүнөн бүткөндөй.
Асман менен жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй

 

– делинип сүрөттөлсө, Молдобасанда бул андан ары өөрчүтүлүп:
 

 

“Жети кабат кара жер,
Салмагынан бүткөндөй.
Жети дайра деңиздин,
Жаркынынан бүткөндөй.
Аңырайган капчыгай,
Алкымынан бүткөндөй.
Абадагы булуттун,
Салкынынан бүткөндөй.
Дайрадагы жаяндын,
Каарынан бүткөндөй,
Ажыдаар, жыландын,
Заарынан бүткөндөй.
Бейиштеги мөмөнүн,
Наарынан бүткөндөй”

 

 – делинип толукталат.
Молдобасан Мусулманкул уулунун айтуучулук өнөрү боюнча кыргыз элдик музыкасын изилдөөчү В.Виноградов төмөнкүлөрдү эскерет: “ Молдобасан «Манас» айтып жатканда көркөмдүк сезимин жоготпойт, салтты пайдаланат. Интонациясы так, ладдык негизи айкын, речитациясы дайыма музыкалуу, текстти кашкайтып, даана бере билет”.
ЫБЫРАЙЫМ АБДЫРАКМАН УУЛУ  (1888-1967)
       СССР жазуучулар Союзунун мүчөсү (1948), Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамоталарынын бир нече жолку ээси, “Эмгектеги каармандыгы үчүн”, “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалдарынын ээси, белгилүү кыргыз фольклор жыйноочусу, санжырачы, педагог, манасчы Ыбырайым Абдыракман уулу 1888-жылы Ысык-Көлдүн Чырак деген айылында туулган.
     Ыбырайымдын сабаты эрте жоюлуп, элдик оозеки чыгармачылыкка болгон ышкысы эрте ойгонот. 7-8 жашында айылдагы кары-жаштар чогулуп, “Манас” билген кишилерден эпосту айттырган кезде, кай бир эпизоддорун өздөштүрүп алып, эртеси айтып берер эле.  13 жашында айтылуу Акылбек манасчыга жолугуп, аны 28 жашка дейре үзгүлтүксүз угат. Андан башка дагы ошол кездеги белгилүү манасчылар Дыйканбай, Жандаке, Байжан, Жакшылык (Кара ырчы), Отунчу, Калча өңдүү манасчыларга да жолугуп, алардан да таасирленген. Бул тууралуу өзү:
 

 

“Мен да билем башынан,
“Семетей”, “Манас” жомогун,
Акылбектен көп уктум,
өздөштүрүп төп уктум.
Жандаке, Байжан, Калчаны,
Алардан уктум канчаны.
Отунчу менен Жакшылык,
Белектен чыккан Дыйканбай,
Алардан уктум бир далай.
Сагымбайдан көп жаздым,
Айткандарын төп жаздым” – деп эскерет.
 

 

       Айткандай, Сагымбай Орозбак уулунан 1922-жылы “Манас” эпосун кагазга түшүрүүнү баштоо менен Ыбырайымдын элдик мурасты жыйноого киришүүсү башталган. “Манасты” кагаз бетине түшүрүү аябай кыйынга турган. Ага Ыбырайымга окшогон аябай берилген адам гана чыдамак.

Сагымбай, Саякбай өңдүү манасчылардын “Манасын” жазып алуу менен гана чектелбестен, Ыбырайым көптөгөн манасчылардын варианттарын кара сөзгө айландырган. Бир нече үзүндүлөрдү басмага даярдаган. Элдик адабияттын бир топ үлгүлөрүн жыйнаган. Ошону менен эле чектелип калбастан, өзүнүн вариантын да жазып калтырган. 1946-1952-жылдары ал жазып калтырган “Манас” бөлүгү – 26 456 сап, “Семетей” 23 364 сап, ал эми “Сейтеги” 7 839 сап, баары биригип 57 659 сап ырдан турат.

http://www.manasel.kg/img/SaykbaiK3.jpg        Белгилүү фольклор жыйноочу, манасчы Ыбырайым Абдыракман уулу 1967-жылы Ат-Башынын Казыбек (Пограничник) айылында дүйнөдөн кайткан.
САЯКБАЙ   КАРАЛА   УУЛУ  (1894-1971)
      «Чет мамлекеттен келген меймандар С.Каралаевди угуп, көргөн соң, ар качан ооздорунан түшүрбөй даңазалап кетишчү. Андайлардын канчасын өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен уккам. Алжир Республикасынан келип кеткен жазуучу, Алжирдин маданият министри Мурад Борбуну С.Каралаевдин «Манасты» аткаруусун көрүп, көзүнө жаш алып, аны мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөп, «. . . силер жазуу, адабиятыбыз, китептерибиз болгон эмес дейсиңер, мынакей силердин улуттук китепкананар ушул абышка» деген»,- деп эскерет Ч. Айтматов.

       Кыргыз журтунун эң зор сыймыгы болгон “Манасты” даңазалап, анын улуулугун өзүнүн улуу таланты менен далилдеген, өз заманынын эң залкар манасчысы Саякбай Карала уулу 1894-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Өлөң деген айылында туулган.
         Колдо бар варианттардын ичинен эң көлөмдүүсү жана эң так, толук жазылып алынганы да дал ушул Саякбайдыкы. Анын варианты гана салттык окуялардын баарын толугу менен камтыган.
      Бардык манасчылар сыяктуу эле Саякбайдын манасчы болуп калышына да аян-түш себепкер. Каныкей, Бакай жолугуп,  6-7 жылдан кийин жомокчу болуп чыгаарын айтат. Андан соң Бакай жанындагы Манас баш болгон баатырларды тааныштырып, батасын берип, калың кол жөнөп кетет.
        Ырасында, чоң энеси Дакиш ыр-жомокко шыктуу киши болуп, “Манастан” да айтып берип, бала күндөн улуу жомокту кулагына сиңирип жүргөн Саякбай ага чейин эле элдир-селдир “Манас” айта коюп жүрчү экен. Бирок мына ошол түштөн кийин гана ага бир беткей киришкен. Андан кийин баатырлар дагы бир жолу түшүнө кирип, тегирменге келген үч кап тарууну жонуна жүктөп беришет. Ошондон кийин бул Улуу жолду биротоло кесип кылып калат.

      Саякбайга анын устаты Чоюке Өмүр уулунун тийгизген таасири зор. Чоюкенин манасчылыгы тууралуу кеп болгондо Саякбай: “Чоюке – чынар, мен – чырпык!” – деп, ага аябай урмат көрсөткөн. Чоюкеден кийин дагы бир катар Акылбек, Кайдуу сыяктуу чоң манасчыларды ээрчип, андан да жомокчулуктун сырларын өздөштүргөн.
       1919-жылы февраль айынын аягында Саякбай манасчы менен жазуучу, окумуштуу Зияш Бектенов карело-фин элинин атактуу жомогу "Калеваланын" ошо кездеги басмадан чыккандыгынын 100 жылдык майрамына катышуу үчүн барып калышат. Саякбай Каралаев менен Зияш Бектеновду Кыргызстандан келген өкүл дешип, президиумга шайлашып орун беришет. Залда отургандардын бирөөсү: "Манасчы жолдош Каралаев "Манас" эпосунан кичине үзүндү аткарып берсин!" деп үн чыгарганда, отургандар дүркүрөтө кол чаап жиберишет

          Бир күнү баргандарга тамак берилип, тамак үстүндө манас изилдөөчү Виктор Максимович Жирмунскийдин сунушу менен Саякбай ортого чыгып беш-алты мүнөтчө «Манас» айтып бергенде залдын ичиндеги кыймыл токтоп, аяктаганда алакандар дуулдап чабылып, залдагы отурган окумуштуулардын бир тобу ордуларынан туруп, В.М.Жирмунский, академиктер Гардлевский, Козин баш болуп Саякбайга басып барышып, бетинен өөп, кучактап куттукташат.
         Эртеси Карелиянын радиосунда Саякбай Каныкейдин Тайторусун чапкан жерин айтып берет. Радиодон кийин кечинде жолугушууга барганда, Саякбай Каныкейдин Тайторусун чаптырып, айкырыгы баш жарчудай, кыйкырыгы таш жарчудай, муруттары бириндеп, эки этеги дирилдеп, кадим Тайторуну өзү чапкандай, өзүн-өзү cүpөп ат үстүндө келе жаткандай болуп:
 

 

Арыстан Манас, өлбөй кал,
Азапты бейбак көрбөй кал!
Карындан чыккан баламдан,
Капыстан өлүп каламбы,-

 

деп айтып жатып ыйлап киргенде, зал тыптынч болуп, отургандар Саякбайга айрандай гана уюп отуруп берет. Талкуу башталганда академик Козин: "Мен көп элдин жомокчу ырчыларынын, артисттеринин эпос айткандарын, ырдагандарын көргөм, бирок Каралаевдей укмуштуудай таланттуу аткаруучуну көргөн эмесмин. Каралаевдин аткаруусу ушунчалык таланттуу, азыркы аткарган "Манасына" тил билбесек да түшүнүп, катуу таасирлендик,"- деп баа берген экен.
       Академик Б. Юнусалиев өзүнүн жазган эмгегинде залкар манасчы жөнүндө мындай деген экен: «Сакемдин башка эч бир манасчыдан эпостун үч бөлүгү толук жазылып алынган эмес. Ошондуктан, ал вариант – уникалдык, жападан жалгыз вариант. Муну Саякбай карыянын өз элине, бүткүл адамзатка калтырган баа жеткис чоң тартуусу деп билиш керек».

 “Манас” эпосунун көлөмүн дүйнөдө теңдеши

 

Тема 3

«Манас» эпосун эл оозунан жыйноо, жарыялоо жана изилдөө иштеринин жүрүшү.

3.1. Манас" эпосу туурасындагы алгачкы тарыхый маалымат. Кыргыздын залкар тарыхчысы Сайфаддин Аксыкенти жана «Мажму атут-таворих» (Тарыхтар жыйнагы).

3.2. Ч.Валиханов,  В. В. Радлов, Д.Алмаши, А.Г.Белинский жана Б.Смирнов жана “Манас” эпосу .

3.3. Эпостун С.Орозбаковдон жана С.Каралаевден жазылып алынышы, жазып алууда эмгеги зор адамдар.  Манас» эпосуна коюлган саясий айыптар жана жапа чеккен адам тагдырлары.

1-суроо. «Мажму атут-таворих» ферганалык Сайфаддин Аксыкентинин жана анын уулу Нооруз Мухаммеддин эмгеги экендиги кол жазмада айтылат. Ал XVI-кылымдардын баш чендеринде жазылганын атактуу академик В. Б. Бартольд да белгилеп кеткен. Бул эмгекте IX-XV кылымда болуп өткөн каармандар, тарыхый окуялар, уламыштар жазылган. Чыгармада Фергана менен Тянь-Шанда жашаган кыргыз, кыпчак уруулары жөнүндө маалыматтар берилет. Анда кыргыздардын «оң» жана «сол» деген этностук топторунун кайдан чыкканы, элдик санжырада айтылып жүргөн Ак уул, Куу уулга чейинки 20-23 муундун тизмеси көрсөтүлөт.  Бул чыгарма XVI-кылымдын биринчи жарымында жазылганы аныкталган.

Бул эмгек Молдо Мамасабыр Досболов жана Омор Сороновго чейин фарси тилинен башка тилге которулган эмес. Ал доордун илим-билим, маданият тили болгондуктан, фарси тилинде жазылуусу таңгалууну туудурбайт. Бул чыгарманын сакталышында жана Кыргыз Илимдер Академиясынын алдындагы Кол жазмалар фондусуна өткөрүлүшүндө Жайлобаев Назармат аксакалдын эмгеги зор.

Сайфаддин Аксынын аймагында туулуп, Аксыкент шаарында окуп, ошол жерде өз эли болгон кыргыздар жөнүндө жана Манас тууралуу изилдөө жүргүзүп, китептерди жазган. Анын кыргыз экендигин “Мажму атут-таворих” эмгегинде кыргыз турмушун, үрп-адатын, географиялык шартын, согуштук тактикаларын жакшы билгендиги далилдеп турат.
          Бул кол китептин азырынча үч нускасы белгилүү. Биринчиси Ленинград Мамлекеттик университетинин китепканасынын Чыгыш бөлүмүндө №963 номер менен сакталып турган кол жазма. Экинчи нускасы Россия академиясында Азия элдери институтунун Ленинград бөлүмүндө №667 номер менен катталган. Үчүнчү нускасы Жайлобаев Назармат аксакалдын өткөргөн нускасы №167/277  номери менен катталган.

Мына ушул үчүнчү нускасынын киришүү бөлүмүндө автор маалыматтарды “Тарихи жахан кушай” (Аалам сырын ачкан), “Кысас-ул Анбия” (Пайгамбарлар тарыхы), “Тарихи Мугулия” (Могол тарыхы), “Тарихи Зубдатул башар” (Адамдардын түпкү тарыхы) деген китептерден алгандыгын айтып кеткен. Көптөгөн тарыхтарды окуп, имамдардын насабин (санжырасын) жазган жана кээ бир элдердин тарыхы тууралуу кыскача баяндаган. Ошол доордун билимдүү адамдарынын кызматында болуп, тарых китептерин көп окугандыгы, бул эмгегинин жаралышынын бирден-бир себеби болгон. Кыргыз элинин тарыхы, алардын кытайлар жана калмактар менен болгон салгылашуулары сыяктуу тарыхый окуялар менен бирге Чынгыз хандын, Амир Темирдин туулгандан өлүмүнө чейинки тарыхтары чагылдырылган. Колжазмада кыргыз эли Мухаммед пайгамбардын дооруна чейин кытай чегинде, Енисей аймагында жашап, акырында душмандар тарабынан талкаланып, Өзгөндөгү Султан Санжардын карамагына баргандыгы, андан да сокку жеп, Хожент тоолоруна барып өмүр өткөргөндүгү жана андан кийин Алатоону тарыхый мекен катары байырлап калгандыгы айтылган.

          Ал доордогу тарыхый булактардын ичинен Манас баатыр жөнүндө маалымат биринчи жолу ушул эмгекте жазылган. Анда Манас жана анын тарапташтарынын калмак баскынчыларына каршы согуштары сүрөттөлгөн. Кол жазмада “Манас” эпосу жөнүндө сөз болгон эмес. Болгону Манас баатырдын калмактарга каршы күрөшү, бул күрөшкө кимдер жардам бергендиги айтылат. Автордун берген маалыматтарына караганда, Манас тарыхта чыныгы болгон адам. Ал Манаска тиешелүү нерселерди көбүнчө кара сөз түрүндө берген, бирок кээ бир жерлерде ыр түрүндө да учурайт.

Алсак, Манас менен Жолойдун найза менен салышканы мындайча берилеген:

 

Манас чыгып майданга,
Душмандарды боздотту.
Жолой Манаска найза сайды,
Манас да найзасын сокту.
Ошондо уруш катуу болду,
Бир-бирине дамба-дам найза сайышты.

 

       Автор колжазмада Манастын согуштук окуяларын реалдуу түрдө сүрөттөгөн. Жолой менен бир жолку согушунда Манас да көп жеринен жараланып алсырап баратканда, Кудай Таалага мунажат кылганы айтылат. Ошондо Манасты миң калмак курчоого алганда, Каракожо 12 миң жигити менен жардамга келип, миң жигитин ага таштап өзү Жолойго жөнөгөнү айтылган.

        Сайфаддин Аксыкентинин “Мажму атут-таворих” (Тарыхтар жыйнагы) эмгеги кыргыз элинин сыймыгы, илим, маданият жаатындагы байлыгы. Тарыхы жок элдин келечеги да жокко барабар дегендей, өз элинин тарыхын, тарыхта аты калган инсандарын билүү жана башкаларга таанытуу-ар бир атуулдун  милдети.

2-суроо. «Тарыхтар жыйнагынан» кийин XIX  кылымдын экинчи жарымына дейре “Манас” эпосу жөнүндө жазма тарыхый булактар азырынча кездешпейт.  1856-жылдын  26- май айында  казак элинин кулуну, окумуштуу, тарыхчы, этнограф, фольклортаануучу, саякатчы, эл агартуучу Чокан Чингисович Валиханов (1835-1865) (төрөлгөндөгү аты Мухамме́д-Хана́фия), Ысык-Көлгө Каркырага келет.  Манас баатыр жөнүндө уламыш угуп, эпостон көлөмдүү үзүндү жазып алат.  Чокан кыргыз элинин мындан башка да  көптөгөн уламыш-аңгемелерин, ырларын, санжыра-тарыхтарын бир нече дептерге  жазып алган. Андан ары соода мамилелерин жөнгө салуу үчүн Кулжага жөнөгөн. Саякатынан келгенден кийин Чокан Каркыра менен Кулжага барганда алып келген жазууларынын үстүндө иштеп, кыргыздардын тарыхы, уруу болуп бөлүнүшү, каада-салты, маданияты жөнүндө очерк жазат. Бул эмгеги «Кыргыздар жөнүндө жазгандарым» деген ат менен жарык көрөт.

Ч.Валихановдун манастаануу илимине сиңирген эмгеги жарым миллион саптан турган кыргыз оозеки чыгармачылыгынын улуу эстелиги - «Манас» эпосуна  биринчи жолу илимий байкоо жүргүзүп, дүйнөлүк окумуштууларга жана кеңири коомчулукка ачып бергендигинде. Ал «Манас» эпосун биринчи жазып алган, үзүндүнүн мазмунун кара сөз түрүндө жана кээ бир саптарын ыр менен орус тилине которгон.  «Манасты» талаа Илиадасы, ал эми «Семетей» эпосун Чыгыш Одиссеясы катары мүнөздөгөн.

Кыргыз жергесине келген саякаттарынын негизинде «Ысык-Көл күндөлүгү», «Кыргыздар жөнүндө жазгандарым», «Жунгария очерктери», «Кыргыздардын байыркы мезгилдеги куралданышы жана согуштук жоо-жарактары», «Кыргыз теги», «Чоң Кыргыз-кайсак ордосу тууралуу уламыштар», «Шуна-баатыр», «Эдиге» өңдүү эмгектерин жазган.

Ч.Валихановдун “Манастан” жазып алган үзүндүсү “Көкөтөй хандын ашы” болуп эсептелет. Бардыгы 3 600 ыр саптарынан туруп, араб тамгасы менен калың кагаздуу 47 беттен турган өзүнчө дептерге жазылган. Күлгүндөй 30 жаш чагында Чокандын көзү өтүп кеткенден кийин ал жазып алган “Көкөтөй хандын ашы” жоголуп кетип, 100 жылдан ашуун убакыт бою эч жерден табылган эмес. Акыры 1964-жылы казак илимпозу А.Маргулан бул үзүндүнү СССРдин борбордук архивдеринин биринен таап чыккан.    

   Биринчи жолу кагазга түшкөн “Көкөтөй хандын ашы” 1979-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланып, 1995-жылы “Манастын” 1000 жылдыгына карата Бишкекте жарык көрдү. Ошентип Чокондун “Манасы” 150 жылга жакын убакыттан кийин өз элине кайрылып келди.

       Ал ыр саптары төмөнкүлөр:

 

Алтын ээрдин кашы экен,

Ата журттун башы экен.

Күмүш ээрдин кашы экен,

Түн түшкөн калың көп ногой,

Журттун башы экен.

 

Көкөтөйдүн хандарың,

Эми, алдынан өтмөй болуптур:

-Сары ногой  баласы

Жайма көкүл Жаш Айдар, чором,

Мааникерди бир мине көр, чором,

Калың бир кара көп ногой, чором,

Башынан элди кире көр, чоро

Үйсүндөрдүн Үмөткө,

Үмөткулу Жайсаңга айт.

Карыны салык бийине айт.

Катта курсак байына айт.

Сары сакал, тик мурут,

Айыр сакал, киш мурут-

Барына бардай айта көр, чором.

 

 

    Ч.Валихановдон кийин “Манасты” эл оозунан жыйноого биринчи салым кошкон окумуштуу - академик Василий Васильевич Радлов болуп саналат. Ал 1860-1871-жылдар аралыгында Сибирь-Алтай жана Борбордук Азия аймактарына илимий экспедиция менен саякат жасап, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп. фольклордук-этнографиялык материалдарды жыйнаган. Ошол экспедициялардын мезгилинде  Кыргызстанга үч жолу: 1862,1868 жана 1869-жылдары саякаттап келет да, ысымдары белгисиз манасчылардан “Манас”эпосунан 9 449, “Семетей” менен  “Сейтектен” 3 005 ыр сап, бардыгы болуп 12 454 ыр сабын жазып алат.

      Илимпоз-түрколог орус транскрипциясы менен жазып алган «Манас» үчилтигин 1885-жылы Санкт-Петербургда кыргыз тилинде «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» деген ат менен өзүнчө том түрүндө жарыкка чыгарган, ошол эле жылы Германияда Лейпцигде немис тилинде жарыялаган.

        Китептеринин баш сөзүндө окумуштуу «Манас» эпосун, кыргыздардын    сөз   маданиятын,   кеп чеберчилигин бийик баалап, “сөзмөр кыргыздар жөнөкөй сүйлөгөндө да жамактатып, ырга айландырып кетет, ырды дүйнөдөгү искусствонун эң жогорку баскычы катарында карайт”,- деп жазган.

В. В. Радловдун кыргыз калкынын, манастаануунун алдында сиңирген эмгеги өтө зор. Ал  «Манасты» Ала-Тоонун чегинен ары карай эл аралык аренага алып чыккан.

 

       1901-жылы венгер окумуштуусу Дёрдь Алмаши Орто Азияга зоологиялык экспедицияга келип, чүйлүк жана ысык-көлдүк кыргыздардын  арасында  8 ай жашап жана иштеген.   Ал “Манастан” 72 сап жазып алып, аны кийин  1911-жылы Будапешт шаарында чыгуучу «Восточное обозрение» аттуу журналга «Манастын уулу Семетей менен коштошкону» деген ат менен жарыялаган. Алмашинин Венгрияда жарыялаган үзүндүсү «Манастын» башка варианттарынан кездешпейт.

 

1903-жылы Россия география коому Ала-Тоо кыргыздарына уюштурган экспедициянын курамында түрк тилин билген офицер А.Г.Белинский жана сүрөтчү Б.Смирнов тарабынан Кенжекара манасчынын аткаруусундагы “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү” жана “Ак бала баатыр жөнүндө ыр” деген чыгармалар  үнжазгычка жазылып алынган. Ал орус тилине кара сөз түрүндө которулуп, 1914-жылы Москвадан “Түркстан талааларында” деген ат менен жарыяланган. Бул тууралуу сүрөтчү өзү мындайча эскерет: “Жөнөкөй тери тон кийген, башында шуңшуйган калпагы бар, колуна куржун кармаган кичинекей жалпак кыргыз жакындап келип, шашпай аттан түштү. Бөлмөгө киргенде Кенжекара калпагын алып, топучан калды. Ал орто жашап калган киши эле. Жерге малдаш токунуп отуруп, куржундан аспабын (кыл кыягын) алып чыкты. Бул аспап биздин скрипкага окшогон кылы бар... музыкалык аспап эле. Ырчы кыяктын кылын кармап көрүп, бир-эки жолу чалды... Ал көкүрөктүн тереңинен коңур үн чыгарды. Бул музыкадан жана ырдоодон болгон таасирди айтуу кыйын... Кекиртек менен ырдалган үн музыканын өзүнө ылайык келип, жарашып турду. Бул ырчы талаа элине жагат. Балким, ал үн чыгарып жатып, кыргыздын элдик оозеки чыгармасында тигил же, бул чыгармасын айкалыштырып, ырдын мазмунун түзүп жатса керек. Чынында бул анык ырчы-баянчы болсо керек. Ал ырдап жатканда угуучуларга такыр караган жок, өзүн курчап турган кишилерди унутуп койгондой болду”.
        Сүрөтчүнүн мына ушул маалыматынан улам, балким, Кенжекара тектеш элдер ырдап жүргөн азыркы көмөкөйдөн ырдоону (гортанное пение) билгенби деген ой келет.      

  Манасчы Кенжекаранын үнү жазылган пластинка А.С.Пушкин атындагы орус адабияты институнун фонотека бөлүмүнөн табылган. Кичинекей, чакан үзүндү жазылып алынганына карабастан, Кенжекаранын варианты өзүнчө өзгөчөлүккө жана айырмачылыктарга ээ. Эгерде андан да эпос толук жазылып алынганда, улуу жомоктун чексиз кыйыры дагы бир өзгөчөлүк менен толукталмак.
       1903-жылкы экспедициянын мааниси: манасчынын үнү биринчи жолу тасмага түшүрүлгөнүндө.

3-суроо. Эпосту эл оозунан чогултуу, кагазга түшүрүү жана изилдеп үйрөнүү иши Октябрь революциясынан кийин Совет доорунда гана  чындап колго алынган.1922-жылы залкар манасчы С.Орозбаковдон эпосту жазып алуу жумушу башталат. Бул иште демилгечи болгон жана жалпы эле кыргыз фольклорун жыйноодо эбегейсиз зор эмгек сиңирген адам Каюм Мифтаков. Ал эпосту жазып алууга башында катышып, Ыбырай Абдырахмановго кантип жазып алуу боюнча баалуу кеңештерин берет. Бул жылдын жай, күз айларында манасчыны  Нарын жайлоолорун кыдыртып, эл аралатып «Манас» айттырышат, кыска мөөнөттө Манастын төрөлүшүнөн баштап, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого келишине чейин жаздырып алууга үлгүрүшөт. «Манасты» жазып алуу иши төрт жылга созулат, бирок Ы.Абдырахмановдун билдиргени боюнча ал ушул төрт жылдын эки жылын гана чындап иштеген.  «Азыркыбызга кейибейли, кийинки укум-тукумубуз үчүн  кейийли. Жүр-нарыга салбай, жакшылап айтып, жакшылап жазалы. Азыркылар билбесе, кийинки муундар билер. Бизге рахмат айтышар», -деген.

 

“Миң жыл болгон бабабыз,

Бир кыйла сөзүн табабыз.

Жаныбыздан ичип-жеп,

Жаман кетти чамабыз.

Караганым өкүмөт,

Кагаз берген киши жок.

Калем, сыя дегенден

Кабар алган киши жок.

Эң болжоосуз көп сөзүм,

Саамай он бир кой сойдум,

Эки жылда мен өзүм.

Эмгек калган көп сөзүм.

Чай-чамекке, кагазга

Элүү сом төлөп дагы өзүм», -

 

деп бар-жок оокатка кайыл болуп, бардык күчүн, акыл-сезимин «Манаска», анын жазылып калышына кетирген.

 

       Кийин өкмөт тарабынан анча көңүл бөлүнбөй,  жазып алуу иши манасчы үчүн материалдык жана моралдык кыйынчылыктардын шартында өтөт.Ал жөнүндө манасчы кыйналганын, бала-бакырасы ачка калганын, Ыбрайдын жазып отуруп көзүнөн жаш акканын, Манасты айтып жатып, өзгөчө кылдык эмгекти, көпчүлүктүн ишинен- деп эскерген.  Манасчы жаздыруу жумушун аргасыз токтотуп, үй-бүлөсүнө каражат табуу үчүн жумалап, айлап эл аралап «Манас» айтып кеткен учурлар көп болот. Айрыкча эпостун аяккы эпизоддорун жазуу кыйынга турат. Буга жомокчунун иштин орто чендеринен эле катуу ооруга чалдыгышы да себепчи болот. Эл арасында эпосту эркин айтып, өзүн коштоп, шыгына шык кошуп сүрөп турган угуучулардан бөлүнүп, «жасалма» шартка дуушар болуусу (шыр кетпей жай айтып жаздыруу) жомокчунун шыгына өз таасирин тийгизгендиги шексиз. 

Оорунун залдарынан Сагымбайдын вариантынын аяк жагы өзүнүн көркөмдүк деңгээли жактан башка эпизоддорунан кескин түрдө айырмаланат. Буга карабастан, Сагымбай Орозбак уулунун варианты ырынын кооздугу, түзгөн элестеринин тереңдиги жана байлыгы, эл турмушун кенен алып, таамай сүрөттөй алгандыгы менен өзгөчөлөнгөн, бизге белгилүү варианттардын эң мыктыларынын биринен.

Сагымбайдын оозунан жазылып алынган үчилтиктин “Манас” бөлүгү 180 378 сап ырдан турат. Эпосту капортолоп жазып алган  кезде  Ыбырайым: “Саке, дагы канча калды?” – деп сураса, алдындагы чоң чарада турган эттен уучуна толо алдыртып: “Жазганыбыз уучуңдагыдай болсо, жаза элегибиз чарадагыдай калды”,- деген экен. Демек, кеминде дагы 15-20 китеп айтылбай, залкар манасчынын ичинде кеткен экен.       

Манасчы «Манаска» караганда «Семетейди» ченемсиз эргүү менен айтып, уккан жанды эсинен тандырар эле дешет. Ошон үчүнбү, өзүн «семетейчимин» деп айтчу экен. «Жомоктун чети жаңы гана оюлду. Эски көкүрөк оорум кармабаганда, Манастын тогуз тегине чейин айтып берип үлгүрөт белем.Манас атанын арбагы колдоп, Семетейге чейин айтып жете алар бекемин? Кагылайын кыргызым, өзүң жараткан «Манасты берип кетсем арман жок»[1], -деп Сагымбай аракет кылса да, Семетей, Сейтек…  дагы-дагы канчалары өзү менен кошо кетти.

Жазып алуу ишине зор эмгек сиңирген Ыбырайым Абдырахманов сыяктуу адамдардын эмгегине баа жетпейт. Ыбырайымга Сагынбай минтип баа берген экен: «…бул дагы ченебеген залкар уулдун бири экен. Мени менен бире жүрүп, эч бир талыкпастан куржун-куржун кагаздарды жазып алды, күчү күч экен. Качан мен эс алалы, молдоке дегенде, «эми ушул баракты аягына чыгып токтотолу, Саке», деп чөйчөктөй көзү менен мени күлө багып суранар эле»[2].

        Эгерде "Манас" эпосун аңдап ачкан, кагазга түшүрүп жазган, иликтеп изилдеген, жар салып насыйкаттаган, керек кезде суук сөздөн, суук көздөн коргогон эчен бир эр  азаматтардын албан эмгеги болбосо, ал эч качан азыркыдай жалпы адамзат маданиятынын таберик  энчисине айланмак эмес.

       1930-жылы С.Орозбаков каза болгондон кийин Ленинграддан Чыгыш институтун бүтүрүп келген жаш окумуштуу Кусейин Карасаев атайын тапшырма менен «Манас» айткан адамдарды издеп табуу үчүн Ысык-көлгө командировкага келет да, Саякбай Каралаевдин кабарын угуп, аны издеп таап, үгүттөп, Бишкекке ээрчитип келет. Бул жөнүндө С. Каралаев минтип эскерет: «Сельсовет болуп адегенде төрт жыл дуңгандарда, андан кийин Маманда иштедим. Айлык алчу эмеспиз. Кээде сельсоветтикти коё коюп, эл аралап күпүлдөтүп «Манас» айтып жүрдүм. Ошентип, 1930-жыл болду. Сельсовет болуп жүрөм. Аңгыча болбой Кусейин Карасаев барды. Наркомпрос дечү эмес беле. Ошонун тапшыруусу менен барыптыр. Сиз манасчы экенсиз, сизди чакырып жатат деди. Сельсоветти да, баарын таштап келдим».[3]

         Ошол 30-жылдардын баш чендеринен тартып, С. Каралаев манасчы катары коомчулукка билинип, 1935-жылдан тартып андан эпостун тексттери жазыла баштайт. 

Манасчынын айтуусу боюнча «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана «Сейтектин» уландысы болгон анын уулу Кенен баатыр, Кенендин балдары Алымсарык, Кулансарык жөнүндө жазылып алынган. Саякбай манасчынын айткан вариантынын көлөмү 500553 сап ырды түзөт. Ошентип, «Манас» дүйнөдө өзү сыяктуу чыгармалардын ичиндеги көлөм жагынан теңдеши жок эпос болсо, Саякбай Каралаев биз билген манасчылардын арасындагы эң чоң варианттын жаратуучусу. Вариантты жазып алуу ишине Ж. Ирисов, К. Жумабаев, К. Кыдырбаевалар катышкан, бирок тексттин көпчүлүк бөлүгүн  кагаз бетине түшүрүүдө  Ы. Абдыракмановдун чаалыкпаган күжүрмөн эмгеги зор.

         1940 – жылдарда эпосту изилдөөгө К.Рахматуллин, А.Н. Бернштам, Б.Юнусалиев, С.М. Абрамзон, В.М. Жирмунский, М.И.Богданова, Ө. Жакишев, Ы. Абдрахманов ж.б. бир кыйла салым кошушкан. Ата-Мекендик согушка чейин кыргыз эпосу жана аны айтуучулар менен тааныштырган макалалардан адабиятчы Е. Мозольковдун (1937-ж.), котормочу Л. Пеньковскийдин (1938-ж.), этнограф С. Абрамзондун (1940-ж.) ж.б. эмгектерин атоого болот. Эпосту изилдөөгө арналган эмгектер согуш жылдары жана андан кийинки жылдар ичинде К. Рахматулин, В. М. Жирмунский, Ө. Жакишев, А. Н. Бернштам, М. И. Богдановалар тарабынан жарыяланган.

       1950 – жылдарда Р.З. Кыдырбаева, С. Мусаев, Э. Абдылдаев, Р. Сарыпбеков, К.Кырбашев, М.Мамыров, А.Жайнакова, С.Бегалиев, А.Акматалиев, К.Жумалиев өңдүү окумуштуулар эпосту изилдөөнү андан ары улантышат.

   «Манас» эпосуна мамиле өлкөдөгү саясий шартка жараша өзгөрүп турган, бирде саясий жактан колдоого алынса, бирде, улутчул, реакциячыл, бай-манаптардын таламын көздөгөн чыгарма ж.б. кинелер коюлуп,  сынга алынган. Мамлекеттик кызыкчылыкты көздөмүш болушкан жергиликтүү бийликтеги кээ бир адамдар өздөрүнүн көрө албастыгынан, ичи тардыгынан нечен азаматтарды эле эмес элдик улуу чыгарманы да каралап, жалган жалаа жабышкан. Эпосту изилдеген окумуштуулар же таламын талашкан адамдар да  куугунтукка алынып, көбүнүн тагдыры кейиштүү нукка түшкөн. Ал эми илимден  жана маданияттан деле кээде кабары жок жетекчилер болсо көрүлгөн чаралар жөнүндө жогору жакка билдирүү жиберип коюп, адам тагдырына, элдик маданияттын тагдырына балта чаап жаткандыктары капарына да келген эмес.

1925-жылы окумуштуу К.Тыныстановдун сунушу менен партиянын облустук комитетинин коллегиясы «Манас» поэмасын тезирээк басып чыгаруу  жөнүндө чечим кабыл алат. Отурумдун төрагасы болгон коллегия Т.Айтматов 1937-жылы камакка алынат. К.Тыныстанов улутчул катары 1938-жылы атылып кетет.

1935-жылдын  10-январында  Эл агартуу комиссары Т. Джолдошев «Манастын» үзүндүлөрүн кыргыз жана орус тилдеринде бастырып чыгаруу сунушун көтөрөт. Эки жылдан кийин камакка алынып, андан ары эмне болгону ушу кезге дейре белгисиз.

1935-жылдын мартында  Кыргыз АССРинин КПБК  «Манас» эпосун бастырып чыгаруу боюнча редколлегиянын курамын бекитет. Редколлегиянын жетекчиси Кыргыз АССРинин КПБКнин Биринчи секретары М.Белоцкий, орун басары  Х.Джээнбаев, мүчөлөрү Эл комиссары Б.Исакеев, академик А.Н.Самойлович, казак жазуучусу С.Сейфуллин болгон. М.Белоцкий Москвага чакыртылып Лефортов түрмөсүнө камалат. А.Н.Самойлович Ленинградда (С-Петербургда), С.Сейфуллин – Алма-Атада атылып кетет.  Х.Джээнбаев менен Б.Исакеевдин ысымдары К.Тыныстанов жана Т.Айтматовдор менен Ата-Бейитте көмүлгөндөрдүн тизмесинен табылат. Белгилүү тилчи Е.Д.Поливанов, мамлекеттик ишмерлер  О.Алиев, М.Аммосов, К.Кенебаев, окумуштуулар   Б.Солтоноев, И.Арабаевдин тагдырлары да кейиштүү аяктайт.

1944-жылы Кыргызстан СССРдин кинематография боюнча комитети менен түзгөн

келишимдин негизинде "Манастын уулу Семетей" кинокартинасын тартуу башталат. Бул кинокартинаны тартуу 20-жылдардын аягында Вена университетин бүтүргөн, Берлиндин жана Париждин киностудияларында, 1932-жылы Голливудда иштеп келген белгилүү кинорежиссер Герберт Раппапортко сунушталат. Ал эми кинонун сценарийин жазууну Жоомарт Бөкөнбаевге тапшырышат.
       Сценарийдин техникалык жазылышынын өзгөчө орду болгондуктан, Жоомарт Бөкөнбаевге жардамчылыкка Ленинграддан кинодраматург Исаевди чакырышат. Күн сайын таң эрте Ж.Бөкөнбаев Исаев жашаган "Кыргызстан" мейманканасына келип, кеч күүгүмдө гана үйүнө кайтат. Сценарий эки айда жазылып бүтүп, Жоомарт үйүнө өтө кубанычта келет: "Сценарий боюнча иш бүттү, текстти машинкага бастыруубуз гана калды. Мен жазуу техникасын жакшы билип алдым, кудай буюрса, аман болсом мындайлардын көбүн өзүм жазам"-дейт.

Арадан бир аз күндөр өткөндөн кийин кинорежиссер Раппапорт жетектеген топ келип, кино тартууга камылга башталат. Алар Ысык-Көл тарапка барып, кинотасмага ылайык жер тандоолору керек эле. Негедир ошол күнү аларга автомашинаны көпкө чейин беришпеди. 1944-жылы 14-июнда гана Т.Чабанова деген аял-айдоочу айдаган эски, үстү ачык автомашина жиберишет.  Тамчыда, Жети-Өгүздө, жайлоодо болушуп, "кыз куумай", "улак тартыш", "аламан байге" сыяктуу улуттук оюндарды тартышат. Улуттук оюнга катышкандардын шамдагайлыгы, эр жүрөктүүлүгү борбордон келген кинорежиссерду өтө таң калтырат. 1-июль күнү таң ата жолго чыгышат. Машина кайрадан бузулуп, аны токтотуп оңдоого киришкен аял-айдоочу, кандайдыр бир тетигин алмаштырат.Арадан бир саат өткөндөн катуу ылдамдыкта бараткан автомашина аңтарылып кетет.
      Экспедициянын жыйынтыгы ушундай орду толгус кырсык менен аяктайт. Анын катышуучулары жана айдоочу-аял катуу жаракат алышса, улуттун улуу акыны өмүр менен мезгилсиз кош айтышат.
          1946-жылы  Кыргызстан Компартиясынын БК «Манас»  эпосунун  1100 жылдык маарекесин белгилөө жөнүндө тарыхый чечим кабыл алат. Москвада 1946-жылы басылып чыккан «Чоң казат» бөлүмү жана «Манас»  операсы Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлөт. 

Кыргызстан Компартиясынын БК нин Биринчи секретары Н.Боголюбов ВКП(б) БКнин  Секретары А.Ждановго бул юбилейге карата «Манастын уулу Семетей» фильмин тартууну улантууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылат. 

        Бирок «Звезда» жана «Ленинград» журналдары боюнча ВКП(б) БК нын Токтому чыккандан кийин эпоско мамиле кескин өзгөрөт. Партиялык башкы идеолог  А.Ждановдун докладында бул журналдарда жана интеллигенция чөйрөсүндө улутчулдар иш жүргүзүп жаткандыгы баяндалган. Партиянын жаңы кабыл алган көрсөтмөлөрүнөн кийин «Манас» эпосу боюнча сунуштар «мамлекетти, партиянын жана элдин биримдигин бөлүп-жарган» сыяктуу каралат. «Манастын уулу Семетей» фильминин тартылып алынган бөлүктөрү өрттөлөт. «Тил, адабият жана тарых институнун» кызматкерлери улутчул деп айыпталат.  Т.Саманчин менен Т.Байжиев 10 жылга соттолуп кетет.  Х.Карасаев менен К.Юдахин ишенимден чыгышат. 1950-жылы  З.Бектенов камалып, 5 жыл түрмөдө, 7 жыл үй камакта отурат. 

  «Манас жана Алмамбет» пьесасынын автору К.Рахматуллин (1903-1946) кан түкүрүп каза табат. «Манас» эпосун жана аны жыйноочуларды куугунтуктоо башталганда элдик оозеки чыгармачылыкты кеңири жыйнаган К.Мифтаковду 1948-жылы  5-октябрда Байтик айлындагы үйлөрдүн биринде асылып калган жеринен табышат. Атасынын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнөн орун алганы  уулу Нисей Каюмовичке «Манастын 1000 жылдыгынан» бир айдан кийин гана белгилүү болот.

Академик Б.Юнусалиев К.Тыныстановдун чыгармачылыгынын толук акталышын жана  Сагымбай Орозбаковдун академиялык вариантынын бастырып чыгарууну өмүр бою күтүп жүрүп, зарыгып күткөн документин көрбөй инфаркт оорусунан 1970-жылы дүйнөдөн кайтат. 

         1995-жылы ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк деңгээлде белгиленген «Манастын» 1000 жылдыгы жер жүзүнүн окумуштууларынын эпоско илимий кызыгуусун бир кыйла жандандырган.

 

Текшерүү үчүн суроолор?

 

  1. Эпосту эң биринчилерден болуп ким кагаз бетине түшүргөн?
  2. Чет өлкөлүк окумуштуулардын “Манас” эпосу боюнча жазган илимий иштери?
  3. Азыркы мезгилде “Манас” эпосу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

           4.   "Манас"   эпосун изилдөөчүлөр жана манасчылар боюнча кластерди толуктап жаз.

 

 

 



[1] Улуу манасчы Сагынбай. Б., «Ала-Тоо» журналынын тиркемеси, 1992. 119-бет.

[2] Исаков Б. Манас сабагы, Б., 1994.

[3]  Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусу. Инв. № 151,16-дептер, 185-бет.

 

Тема 4(1)

«Манас» эпосундагы образдар системасы  жана аялдардын ролу -2 саат.
 
4.1. "Манас" эпосундагы образдар системасы, эпостун идеясынын ачылышында каармандардын образынын чечүүчү мааниси. Манас баатыр - эл ээси, калк башында туруп, таламын талашып, намысын коргоочу, башын кошуп, ынтымагын арттырып, атак-даңкын чыгаруучу адам. 
4.2.Кырк чоро — Ма¬настын таянычы, бели, күч-кубаты, душманга сүрү. Алмамбет - элинен ажыраган  трагедиялуу баатыр.  Акбалта, Бакай,  Каныкей - акыл таасирин, турмуштук тажрыйбасын өзүнөн кийинкилерге өткөзүүнүн үлгүсү. Жакып, Кошой, Чубак, Абыке, Көбөш, Сыргак, Чыйырды, Семетей, Айчүрөк,  Сейтек, ж.б. каармандардын образдарынын сүрөттөлүшү. 
 
1-суроо. "Манас" татаал сюжеттүү, мазмуну көп сандаган окуяларды камтыган, зор көлөмдүү чыгарма. Ушуга ылайык анда сөз болгон каармандардын саны да арбын. Орчундуу жана майда каармандардын ар биринин өзүнчө орду, аткарган милдети бар. Алар өң-түсү, кейпи, мүнөзү, ички сапаттары жактан да бирин -бири кайталабайт, реалдуу чөйрөдө, шартта, жайда аракеттенген реалдуу адамдар катары сыпатталат. Чыгарманын темасынын ачылышындагы аткарган ролуна карай каармандар он, жана терс образдар делип эки чоң топко бөлүнөт. 
Элдин эркиндиги, көз каранды болбостугу үчүн күрөшкөн баатырлар, терең акылы, адис өнөрү менен элге кызмат кылган чеберлер, ашкан өнөрпоз, көсөм, көптү билген даанышман адамдар эпостогу оң каармандар болуп эсептелет. Алар элге кызмат кылууну негизги милдетим деп эсептейт жана өз өмүрүн ушул максат үчүн жумшайт.
Манас — эпостун башкы каарманы. Эпостун өз аныктамасы боюнча Манас баатыр, жалтанбас эр, чечкиндүү, ошону менен бирге эле өзгөчө күч-кубатты алып жүргөн адам. 
Энеден туулганда эле эки колуна толтура кан чеңгелдеп түшөт, салмагы моло таштан оор, жерден алып оромок болгон аялдарга бой бербей "отуздагы кишидей" колу-бутун тартып кетет. Бар-бар ыйлаган үнүнүн айбатынан өз үйүндө олтурган Акбалта чалдын "опколжуп келип жүрөгү оозуна тыгылат". 
Сегиз жашында козуларга тийген карышкырга кол салып, куйруктап кармоого аракет кылат, кармаймын деп кол салган калмак Таргынды атынан жулуп алып, берки калмакты уруп өлтүрөт. 
      Он үчүндө эки жүз балбан жин колдоочусу бар Нескара дөөнү качырып, он бир дуу-дуу жиберген он бир балбанды жеке байлап, Нуукер дөөнү аттан жулуп алат. Нескара дөө  беттеше албай качып бара жатып минтип арман кылат:
 
"Кабылан жолго жатарбы ай, 
Катыларга катылбай 
Кадемим мындай катарбы ай! 
Жолборс жолго жатарбы ай, 
Жолугарга жолукпай 
Жолум мындай катарбы ай!"
 
Ал эми алы-күчү толуп, жетилген баатырдык кезинде каарданып ачуусу келсе "оң көзүнөн от чыгып, сол көзүнөн чок чыгып, илебинен ок чыгып, көзүнөн жалын шыркырап, оозунан түтүн буркурап, баткалашта мараган, кабыландай караган, чагарак куйрук, чаар тон сур жолборстой" шаңы чыгат. Беттешкен душманына ал өзгөчө сүрдүү, үстү жагынан алпкаракуш арбайтып бутун салып, алды жагында ажыдаар сойлоп, сол жагында чолок куйрук арстан, оң жагында кара чаар кабылан жандап, эки жагында кырктан сексен баатыр кошо найза сунуп качырып келе жаткандай болуп көрүнөт. Ошон үчүн кытайлардын башкы каны Эсенкан да башка душмандары да Манасты:
 
"Балтыр эти толо элек, 
Балбан чагы боло элек, 
Умтулуп уруш сала элек, 
Уруштун ыгын ала элек, 
Чаң көзүнө толо элек, 
Чабышка камбыл боло элек, 
Уюган чаңга кире элек, 
Уруштун ыгын биле элек",
 
борбую ката элек жаш кезинде кармап жоготууга аракет кылышат.  
 
Бирок Манас жалаң эле кара күчтүн ээси эмес, элдин ээси, калк башында туруп, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, куурал менен жыргалына тең орток, азап-тозогуна көкүрөгүн тосуп арачалаган, татаал шартта жол таап, кыйынчылыктан куткарган, таламын талашып, намысын коргогон, башын кошуп, ынтымагын арттырып, тескерисин оңдоп, атак-даңкын чыгарган баатыр. Баатыр — кан деген наамга кандай адам  татыктуу болору Манас кан шайланган учурда так көрсөтүлгөн:
 
"Кана, чыгыңарчы каныңар, 
Чыгым тосор жаныңар, 
Калп айтпаган чыныңар, 
Казатка чыгар тыңыңар 
Кандыкка бириң чыгыңар! 
Беттешкен жоого белдүүңөр 
Белдешкен жоого демдүүңөр, 
Өткүр чечен тилдүүңөр, 
Өкүмөт жөнүн билчүүңөр!..".
 
Демек, баатыр кан болуу үчүн беттешкен жоого каршы турар белдүү-куч-кубаттуу, эр жүрөктүк сапат жетишсиз, андан башка да бир катар маанилүү сапат-касиеттер зарыл. Алар: чыгым тосуу — элдин милдетин алуу, эл үчүн жооп берүү; калп айтпаган чынчылдык — калыстык; кеп таба билген чечендик — курч акыл, көрөгөчтүк; өкмөт жөнүн билүү—элди башкара алуу жөндөмү — көпчүлүктүн тилин таап жүйө менен ыкка көндүрүп артынан ээрчите алуу. Улуу-кичүүнүн баарысы койгон талапка бардык жактан төп келгендиктен жаш баатыр Манас кан шайланат. Эл өз чечимине ыраазы болот:
 
"Кары-жашы күңгүрлөп, 
Калктын баары дүңгүрлөп, 
Каныбыз Манас болду! — деп, 
Көпчүлүк топук алганы".
 
        Манасты башкалардан бөлүп, бөтөнчө орунга койгон өзгөчө артык canaт- анын эл башчысы экендиги. Ал талоонго түшүп, чабылып чачылган кыргыз элинин башын коштурат. Тууган жеринен сүрүлүп арып-азган кыргыз эли Манас төрөлгөндө баатыр, балбан төрөлгөндүгү үчүн эле эмес, эң алды менен эл тилегине ылайык калкка тирек боло турган азамат төрөлгөндүгү үчүн кубанышат. Бул кыйноодогу элдин тилеги эле. Эл тилегин орундатууну өз колуна алып, эр — азаматтарды тегерегине топтой алат, элдин башын кошуп, душманга каршы көтөрөт.
Манастын элди артынан ээрчите алган сонун сапаты жаш кезинен тартып эле көзгө көрүнөт. Ошпур койчуда козу кайтарып жүргөндө эле Манас тегерегине өзү теңдүү балдарды топтоп, кийинки кырк жигиттин уюткусун түзөт. Калмактар менен болгон биринчи чоң кармашта кыргыздар саны жактан алда канча көп душмандан айбыгып токтоп калганда, ал "Манас" деген ураан чакырып, жоого жалгыз качырып кирип, колду артынан ээрчитет. Кыргыз жерине көчүүнү да биринчи козгоп, элди ата-бабасы  өскөн жерге алып келет. Өз кызыкчылыгынан көпчүлүктүкүн жогору коюп, элге кызмат кылуу- Манастагы негизги сапат. Бул сапат анын артынан элди ээрчитүүгө мүмкүндүк берип, ишеним туудурат.
        Ал алдындагы максатына жетүү үчүн күч жумшап, башкаларды мажбурлабайт, өз керт башынын мисалы аркылуу таасир этет. Мисалы, "Чоң казатка" аттануу учурунда Манас чогулган колго кайрылып «алыс жолго, коркунучтуу жоого каршы аттанабыз. Барууну каалабагандар үй-үйлөрүнө тарап кете беришсин»,— деп жар чакыртат. Кол тарап кетмек болот. Ошондо Манас жоо-жарагын кийип, кырк жигитин ээрчитип, эл аралайт. Анын баатырдык сүрүн, шаңын көргөн адамдар кетүүдөн айнып, чогулгандар бүт артынан ээрчип барууга макул болушат. 
Манас баарыдан мурда адамдагы иш билгиликти, компетенттүүлүктү баалайт.Ошон үчүн Чоң Казатка жөнөгөндө колун чоочун элдин сырын, жердин уусун жакшы билген Алмамбетке башкартып, өзү салгылашка катардагы жоокер катары катышат. Чалгынга да кытай=калмак жерин коен-жатагына чейин билген Алмамбетти жиберет.
        Тирүү адам катары Манас да адамга тиешелүү ички сезимдерге ээ- башына оорчулук түшсө кайгырат (Алмамбет окко учканда оор кайгыга батат, Аккулага ок тийгенде жаны кейийт), жакшылыкта баладай барбалаңдап кубанат (дайынсыз жоголуп кеткен  Чубак аман-эсен келгенде сүйүнгөнүнөн окуп аткан намазын бузуп, алдын утурлай тура чуркап кубанат), жактырып калган сулуу кыз алдында октон жалтанбас,өлүмдөн бет бурбас баатыр не кыларын билбей, айтарга сөз таба албай алдастап, кысынып, сүрдөп калат (Карабөрктү жактырып калып алмак болгондогу абалы, же кыз Сайкал менен сайышка чыкканда анын сулуулугуна, сымбатына кызыгып "өзүм алчу кыз экен, бөөдө өлүп кетпесин",— деп аяп найза саюусу) ж.б. 
         Манас адам катары кемчиликтерден да куру эмес. Элдик түшүнүк боюнча баатыр ала көөдөн болот делет. Ма¬настын ала көөдөн мүчүлүштүгүн Кошой алп калк алдында жарыя айтып, аны жемеге алып:  
Манас, Манас дегенде 
Барбая калат экенсиң, 
Чала үйлөнгөн чаначтай
Дардая калат экенсиң",-
 
деп тилдейт. 
       Баатырдын энөөлүгү, ишенчээктиги көбүрөөк зыянын тийгизет. Манас ишенчээк, анча-мынча иштерre көңүл бурбаган- алабармандыктан Каныкей эскерткенине болбой, кайра ага туугандарымды жамандайсың?—деп ачууланып, колу тийип, акыры туугандары — Көкчөкөз, көзкамандардын балдарынан кордук көрүп, өлүп кала жаздайт. 
        Акылсыз, адепсиз, адамгерчиликти билбеген аялдары Акылай менен Карабөрктүн кылык-жоруктарын көрүп-билип турса да этибарга албай, көңүл бурбай тим койгон энөөлүгүн Алмамбет:  
"Энөөлүк менен элебей, 
Калыңдык менен кайгырбай,
Акылай менен Карабөрк,
Катыным деп ойлопсуң,
Карап керсем баатырым,
Сен бүгүн кадимкидей бойдоксуң!"  
— деп бетине ачык айтканда жүйөөлүү, чын сөзгө жыгылган Ма¬нас "ал айтканың ырас!"—деп мойнуна алып, атын моюнга чаап, тетири бастырып кетет.
Манас баатырдын кемчиликтери — анын керт башына топтолгон көптөгөн мыкты сапаттарга салыштырганда көңүл бурууга арзыбас майда көрүнүштөр. Чынында Манас—төрт түлүгү шай, бардык жактан куп келишкен, эл арасындагы артык сапаттардын көбүнө ээ баатыр. Ошон үчүн эл анын атак-даңкка, күч-кубатка толуп тургандагы келбетин: 
Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй,
Асман менен жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Айың менен күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй,
Алды калың кара жер
Жерлигинен түткөндөй.
Ай алдында дайранын
Толкунунан бүткөндөй,
Асмандагы ай, күндүн
Жаркынынан бүткөндөй",-деп  
сүрөттөйт. 
       2-суроо. Манас бала кезинен эле тегерегине өзүнө ишенимдүү жолдошторун (Кыргыл, Кутубий, Мажик ж.б.) топтоого аракеттенет, бул болочок баатырдын эл милдетин, жүгүн моюнга алууга даярдануусунан алдын ала кабар берген белги. Манасты бүт элге кан шайлоодо да так ошол кырк чоронун уюткусу болгон жаштар (Чеге, Кутубий, Кыргыл ж.б.) чечүүчү мааниге ээ болушат. 
        Кырк чоро - Ма¬настын таянычы, бели, күч-кубаты, душманга сүрү.  Манасты Манас кылып, атак-даңкын көтөрөт, кыйын-кысталышта жөлөк-таяныч болот. "Жоону сайса биз сайдык, аты калды Манаска",— деген сөздөр көп жактан чындыгы бар ой. Кырк чоросуна таянбай Манас өзү жалгыз мынчалык чексиз эрдиктерди көргөзүп, душмандарын жеңе албас эле. Бул  аркылуу эпос күч бирдикте, ынтымакта экендигин атайын терең маани берип белгилейт. Кырк чоронун элеси менен түрдүү уруу, эл өкүлдөрүнүн биригүүсүнүн мүмкүн экендигинин үлгүсү, элдик түшүнүк берилген.
Түрдүү элдердин өкүлдөрүнүн биригип бир максат үчүн күрөшүүсү, ынтымакта жашашы - өтө сейрек учурай турган көрүнүш. Ар кимиси ар жактан келген кырк чоронун башын коштуруп, айбаттуу күчкө айлантып, өз максаты — эл кызматы үчүн пайдаланышы Манастын акылынын тереңдигинен, калыстыгынан, пейилинин кеңдигинен кабар берет.
Кырк чоро - Манаска өз эрки, каалоосу менен келип кошулган, анын жетекчилик ролун, баатырдык сапатын туура түшүнүп, баш ийишкен адамдар. Аларды бир максат — элге кызмат кылуу далалаты бириктирип турат.
Кырк чоронун жаш өзгөчөлүгү, адамдык түрдүү сапаттары, аткарган милдети, алган орду, мааниси жагынан ар кыл. Эң улуусу-Кыргыл чал. Арасында Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу баатырдык сапаттары өзгөчө көзгө көрүнүп тургандары, Ажыбай сыяктуу чечендери, Төлөк, Агыдай сыяктуу төлгөчүсү, Шууту сыяктуу из чалгычы ж.б. түрдүү "адистери" — өнөрпоздору бар. 
"Манастын" варианттарында кырк чоронун Алмамбет, Чубак, Сыргак ж.б. сыяктуу кенири белгилүүлөрүнүн ысымдары дайым бирдей айтылат, калган көпчүлүгүнүн аттары түрдүү варианттарда ар түрдүү болуп атала берет. Aл турсун кырк чоро¬нун санын да манасчылар ар түрдүү көргөзүшөт. Кырк — салтка ылайык гана аталган сан, айрым манасчылар кырктан ашуун, кээде сексенден көп адам аттарын аташат. Анын үстүнө Манастын кырк чоросу баатырга жигит болгону менен ар биринин өзүнө тиешелүү эли, колу, жигиттери бар. Алардын айрымдары (Чубак) өз уруусун башкарып, жоого киргенде өз колу менен кирет. 
     Алмамбет — кыргыздардын белгилүү баатыры, Манастын эң жакын жардамчысынын бири. Эпосто Алмамбеттин улуту кытай делет. Эл-жеринен качууга аргасыз болуп, Манаска келип кошулат, Манастын эмчектеш бир тууганы болот. Анын чынчылдыгы, ак пейили ага башка элдин адамы катарында мамиле жасоого жол бербейт,  ал-кыргыздарга жан-дили менен берилген, элге кызмат кылууну баарынан жогору койгон адам. Акылмандык, билгичтик, кыраакылык жактан Алмамбет Каныкей менен бир катарга коюлат, ал эми өнөр, билим жактан кыргыз баатырларынын ичинде ага теңдеш адам жок. Kаpa күч менен билим, өнөрдү тең алып жүргөн адам — эпосто жалгыз Алмамбет. Анын образы аркылуу кара күчкө караганда өнөр, билим алда канча жогору турат деген элдик түшүнүк берилет. 
 
      Алмамбет—терең трагедиялуу адам. Анын жакындары кас  болуп, эли-жеринен бөлүнүүгө туура келген. Ошон үчүн дайым анын айтканы — арман, ою — өкүнүч. Кыргыз элин канчалык жогору баалап сүйсө да, Манас баатырга канчалык берилип кызмат кылса да дайым  өзүн азгын, жалгыз деп эсептейт. Калың кол Бээжинге казатка аттанып жатканда Каныкей Манастын жалгыздыгын айтып, башына коркунуч түшсө каралашып жардам бер,— деп Алмамбетке тапшырат. Аны укканда Алмамбеттин "эскиси түшүп эсине, жаш имерип көзүнө" минтип арманын айтат:
 
Аттигине жеңеке,
Аскердин камын жедиңиз,
Арстанды жалгыз дедиңиз,
Аягы тийди өзүмө
Ар түрдүү айткан кебиңиз.
Жалгыз дейсиң баатырды,
Жайнап жаткан көп кыргыз
Кимге тууган акыры?!
Артында арстан баатырдын
Абыке, Көбөш ини бар,
Астыңда турган бир кулдун
Өзүнөн бөлөк кими бар?!
Жергесин сураар жээним жок,
Эңсеп бараар элим жок,
Таянарга тага жок,
Тагдыр жетсе даба жок.
Бөлөктү койдум бөлөм жок,
Энкейип кетсем жөлөк жок,
Кадырым билер калкым жок,
Кадимкидей наркым жок,
Өлүп калсам окустан
Арбагымды ким сыйлайт,
Аманат жанын ким кыйнайт,
Азып жүргөн бир кулга
Абыдан кейип ким ыйлайт?!
Артымдан караар ини жок,
Айланар тууган бири жок.
Айтпай журтта акым жок,
Ары-бери карасам,
Алганымдан жакын жок.
Алганым анык күйбөсө, 
Атылган ташка биздин ок! 
Баркырап ыйлаар балам жок, 
Баркымды билер адам жок!" 
 
Алмамбет баатырдын бул арманын укканда: 
 
"Ар канча улук болсо да, 
Акылы тунук болсо да, 
Жалгыздыгы курусун, 
Жайын айтып кайран эр 
Жашып ыйлап турушун!" —
 
дешип жанында катар турган кырк баатыр "бөйрөктөрү болкулдап, найзанын учу солкулдап, жашып ыйлап", Алмамбетке боор оорушат. Анын өз элин, жерин сүйүүсүн кыргыз баатырлары туура түшүнүшүп, анын ыйык сезимине урмат менен мамиле кылышат.  
Алмамбетти ала көөдөн Чубак жалпы эл алдында элсиз, жерсиз каңгып жүргөн азгын кул, калмак, — деген сөздөр менен тилдеп кемсинткенде баатырдын көкүрөгүндөгү армандуу жарасы сызылып кан чыга жарылып, ал:
 
"Элдүүнүн баары эр экен,
Не деген кеби эм экен,
Элинен азган мен кургур
Эгем таала кудурет
Не түрдүү пендем деди экен?!
Калктуунун баары эр экен,
Канча айтса кеби эм экен,
Калкынан азган мен шордуу
Кадыр Алда кудурет
Кай түрдүү пендем деди экен?!"-деп өксөйт.
 
        Алмамбетти баатыр, чыныгы жолдош катары Манас өзгөчө жогору баалайт. Анын айтканын эки кылбай аткарып, дайым кеп кеңешин, акылын угат. Алмамбет таарынып Көкчөдөн кетип Манаска келердин алдында Манас түш көрөт, түшүндө өзгөчө курч кылыч таап алыптыр. Жакындарын чогултуп түшүмдү жоруп бергиле деп өтүнгөндө Жакып эркек балалуу болот экенсиң! — деп айтмак болуп "Кайып кан кызы Карабөрк...",— деп келатканда Манас ачуусу келип, атасын акырайып жаман көзү менен карайт. Уулунун түрүнөн корккон Жакып сөзүн бүтүрбөй, кеби оозунан түшүп олтуруп калат. Аны байкаган Ажыбай түштү Алмамбет баатыр келип, өзүңө жолдош болот экен! — деп жоруйт. Оюндагысын туура тапкан Ажыбайга ыраазы болгон баатыр сүйүнүп, ага чоң сый берет. Бул чакан эпизод Манас баатыр үчүн өзүнө тете жолдош болуучу баатыр
баладан да жогору бааланарын айгинелейт.
Алмамбеттин курч акылы, билерман көсөмдүгү,  согуш өнөрүн мыкты билиши айрыкча "Чоң казат" учурунда көрүнөт. Жол бийлигин да, кол бийлигин да өзү жеке колуна алган Алмамбет орчун колду ирээтке келтирип, катуу тартип орнотуп, узак жолдо баруучу жерине аман-эсен жеткирет. Жалаң Ал¬мамбеттин акылы, билгичтиги, өнөрү менен баатырлар кытайлардын чебинин ичине кирип жылкы тийип, уй түгүндөй көп кытайдын эсепсиз көп колуна туруштук берип беттешип, акыры кыргыздар жеңишке жетишет. Бул жеңиште Алмамбеттин ролу өзгөчө зор. Ошондой болсо да эпосто Алмамбет баатырдын образынын трагедиялуулук жагына басым жасалып сүрөттөлгөн, адам элсиз жашоого мүмкүн эмес деп эсептелген түшүнүк берилген. 
       Чубак баатыр эпосто мындай сүрөттөлөт:"Алышса адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн, көк ырапыс тон кийген, көгала сындуу ат минген, кан Балтанын Чубагы — арстандын бири бу дагы". Нойгуттардын каны Акбалтанын жалгыз уулу (Саякбайдын варианты боюнча Акбалта талаадан таап алган бала) Манаска 13 жашында келип кошулуп, ошондон тартып жоону бирге жоолашып, доону бирге доолашып, баатыр менен дайым бирге жүрүп, ак кызмат кылат. Манас менен тең тууган, ошон үчүн кээде ачуусу келгенде Ногойдон нойгут кем бекен, Чубактан Манас эр бекен? — деп оолугуп кетмеси да бар. Чубак — карандай күчтүн ээси, аны-мунуну көп байкабаган энөө, ишенчээк, ачуусу чукул, кыялы чорт, чогоол баатыр. Бирок ак көңүл, ичине кир сактабаган адам. Чалгынга Сыргакты алып, мени албайсың деп Алмамбет менен чабыша кетет, Алмамбет: «Элге кызмат кылдың деп, Эрегишиң кай күчүң?»— деп жемелегенде Чубак күнөөсүн мойнуна алып, жыгылыштуу болот. Чубактын негизги сапаты—жалтанбас эрдик, түгөнгүс күч. Жанда жок чоң дөө Mакелди көрүп, шашып калган Алмамбет Чубакка келип: "Манаска кабap салалы, мейли Манас алабы, же балакеттүү Макел дөө аны байлап кетип калабы" өзүлөрү беттешсин дегенде: 
 
"— Катыгүн Алмам не дейсиң? 
Качуунун камын не жейсиң?
Атасынын көрү капырды, 
Токтолуп уруш салалы, 
Тобокел кылып алалы! 
Качпай өлгөн эрлер деп, 
Жакшы аттысы саа болсун, 
Жолдошу Чубак экен деп, 
Сооп чети маа болсун",—кайрат айтат.
 
       "Чоң казат" учурундагы баатырлар курман болгон катуу кармашта Чубактын бооруна ок тийип, жарадар болуп, дайынсыз жоголот. Кийин Семетейдин учурунда Чубак Кашкарда жүргөнүн көргөн киши бар экен деген имиш менен Семетей «Чубактын дайынын таап бергиле, же кун төлөгүлө», деп Кашкарды камайт. Чубак Букарда жүргөн имиш деген кеп менен Букарды, анан Коконду чаап алат. Ошондон улам кыргыздарда "Чубактын кунундай чубалжып бүтпөгөн иш",— де¬ген ылакап кеп калат.
Эпостогу белдүү баатырлардын бири — Сыргак. Ал белгилүү баатырлардын эң кичүүсү, баарынын сүймөнчүгү. Карандай күч өзгөчө мааниге ээ болгон ошол доордо көпкөк темир кийген, жоо дегенде сүйүнгөн баатырлардын арасында өзүнүн адамгер-чилиги, ички дүйнөсүнүн тазалыгы, сезиминин тереңдиги, сыпайы жүрүш-турушу менен бөтөнчөлөнүп, башкалардан бөлүнүп турат. Сагымбай боюнча Сыргак — Манастын аталаш тууганы, Жакыптын агасы Ороздунун он уулунун биринин баласы (Саякбайда Сыргак Улак кандын уулу делет), азан чакырып койгон аты — Бердибек, сымбатына жана баатырдык-кыраандык сапаттарына карата Сыргак (сыргак—кыраан бүркүттүн бир түрү) атыгып кеткен.
      Чалгынга жөнөмөк болгон Алмамбет жаныңа өлчөп жолдош ал деген Манастын кеңеши боюнча миң-сан элден Сыргакты тандайт:
Сырттан тууган Сыргактын
Жеке башын өзүнүн
Миңге тете көрөмүн, — деген Алмамбеттин баасы Сыргактын адамдык сапаттары ме¬нен катар эле эрдигинин да күбөсү. "Жети түмөн кол келсе, желбегей кирип кол салган" баатыр Сыргактын жалтанбас эрдигин аны билген досу да, касы да жогору баалап, ага урмат менен мамиле кылат. "Чоң казат" учурунда белгилүү баатырлардын ичинен биринчи болуп окко учуп шейит кеткен ушул Сыргак. Анын көрсөткөн эрдик иштери жүрөгүнө тийип, жанына баткан Коңурбай Кожожаш мергенге:
 
Ушу Сыргак баладан
Ээримен арт кетти,
Жүрөгүмө дарт кетти,
Боконо сөөгүм болк этти,
Таш сайынган кытайдын
Тазасы ыйлап солк этти". 
 
Башкасын коюп ушунусун жайлап бер! — деп жалынат. 
Атайын артынан ээрчип аңдыган Кожожаш Сыргакты атып, баатыр окко учат. Анын сырткы кебетеси эпосто:
 
"Атка жеңил, тайга чак, 
Уйкусу жок жолго сак,
Чыканактап калбаган, 
Чырм этип уйку салбаган, 
Кара болот кыргагы 
Кан Манастын Сыргагы. 
Акыр заман журтуна 
Аты калган Сыргак деп, 
Сыны сыргак, өзү эр, 
Сынын билген айткан эл —
Сырттандардын бири дээр", —делип сүрөттөлөт.
 
Эпостогу өзгөчө маани берилип, дыкаттык менен иштелип чыккан оң каармандардын бири — Бакай. Ал Манастын аталаш тууганы, Жакыптын бир тууган  агасы Байдын уулу.
 Бакай Манаска жолуккан күндөн тартып үзүлгөнүн улап, чачылганын жыйнап, жамандыгын жашырып, жакшылыгын ашырып, капилетте сөз таап, караңгыда көз табат. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болот. Эң жакын, эң ишеничтүү адамы катары кызматын кылат, акыл айтып, кеңешин берет. Манастын ачуусун басып, оолукса токтотуп, терс иштен сактап кала турган адам — Каныкейден кийин эле Бакай. Бакайды Манас акыл¬ман, жөн билги, калыс адам катары эң жогору баалайт, өзүн сыйлайт, сөзүн угат.
Бакайга элди биримдикке, ынтымакка, калыстыкка үндөп, мындай дейт:
 
"Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,
Бөлүнүп калды кыргыз деп, 
Бөлөк элге кеп кетет. 
Жарылсаң ууру алуучу, 
Жай уксаң акыл нак ушу". 
Алакөөдөн Чубак көкүткөн бузуку сөз менен чыр чыгарып, нойгуттардын колун аттантып, чалгынга кеткен Алмамбеттин артынан жөнөгөндө Бакай алдынан тосуп:
 
"Ай, ай, балам, токто, 
Акылым угуп, жокто, 
Канаты менен учуучу, 
Куйругу менен конуучу, 
Манастын Манас болмогу 
Экөөбүздөн болуучу. 
Бузулуш бизден чыккан соң, 
Бутунан тартып жыккан соң, 
Миң да болсок кырылдык!
Алмамбет 
кыйырыңдан карыш жылган жок, 
кытайга кызмат кылган жок, 
ал кылган кызмат өзүңкү, 
кылган кызмат сиз үчүн, 
кыргызга кызмат кылганга, 
кыйкырып чабыш, кай күчүң!?— 
деп калыстык сөзүн айтып, чекилик кылган Чубакты жемеге алат.
        Калыс, чынчыл адам катары Бакайды досу-касы дебей, бүт эл сыйлашат. "Чоң казатка" аттанып жатканда отуз жүз миң орчун колго Бакай кан болсун деген сунушту  
Колдун баары кубанып 
Маакул айтты төрөбүз,
Касиеттүү Бакайды 
Канга ылайык көрөбүз!"-  
деп бир ооздон колдойт.
    Бакай бардыгын сыртынан багып, көзөмөл болуп, байкап жүрөт, чечүүчү мааниге ээ ишти биринчи көрөт жана ага ылайык чечим кабыл алат. Мисалы, "Чоң казат" учурунда Чубак нойгуттарды аттантып чалгынга кеткен Алмамбеттин артынан жөнөгөнүн биринчи байкаган жана колуң бузулду деп Манаска кабар берген — Бакай. 
      Бакайдын акылмандыгы, көрөгөчтүгү, арты-кийнин ойлогон сак адам экени Сыргакка айткан акылынан даана көрүнөт: Улам каптап, ээ-жаа бербей шаштыны кетирген кытайлардын колун көргөндө Алмамбет Сыргакты колго кабар бер деп жөнөтөт. Башы-көзү кан болуп, катуу кыргындын арасынан чыккан жана жоонун көптүгүн көрүп аптыгып калган Сыргак катуу жүрүп, кол жаткан жерге жакындайт. Атайылап кароол карап, жол тосуп жүргөн Бакай көрүнөө жерге чыгып турса, Сыргак көрбөй өтүп кетет. Кыйкырса укпайт. Артынан чаап чакырса да кылчайбайт. Ачуусу келген Бакай найзасын тегеретип түпөгүнөн кармап, качырып келип найзанын түбү менен Сыр¬гакты капталга катуу коюп калат. Байкоосуз келе жаткан неме аттан учуп кете жаздап, кайдан чыга калган жоо болду деп кылчайып артын караса, өзүн сайган - абасы Бакай. Шашкан Сыргак оозуна айтар сөз келбей, аба, аба! — деп үч-төрт жолу айтып жиберет. «Үч баатыр кызылдай өрттүн ичинде калды!» — дейт. Анда Бакай: «Аны укса алты кан, кайра тарап кетпейби, андан көрө кытайлардын жылкысын алдык, куугун келген жок, баатыр силерди келип, олжосун бөлүп алсын деди деп баргын»,- деп үйрөтүп, башы-көзүндөгү канын жуудуруп, үстү-башын тазалатып, экөө шашпаган киши болуп жай бастырып, оорукта жаткан көп колго барышат. Сыргак элге Бакай үйрөткөн сөздөрдү айтат. Аны укканда көп кошуун бирине бири карабай шашыла аттанып жөнөп калышат. 
Негизги сапаттары боюнча Манас кыргыз элинин намысы болсо, Бакай — акыл-эси, абийири катарындагы адам. Бакай Семетей, Сейтектердин учурунда да негизги акылман, кеңешчини милдетин аткарат, эл каалоосу боюнча түбөлүк өлбөй калган адамдардын бири.
 Кошой-эпостогу негизги оң каармандардын бири. Алган орду жактан Бакайдан кем 
турбаган, айрым сапаттары боюнча андан жогору да коюлуп, Манастын өзүнө теңдеш 
бааланат. Кошой катагандардын каны делет. Калмактар кыргыздарды басып алып, элди туш-тушка чачып бөлгөндө душмандарга бой бербей кармашып, багынбай койгон жана Ала-Тоонун аймагында өз уруусу менен калк уюткусу болуп калып калган — жалгыз ушул Ко¬шой aлп. Кошойдун ай кулагы калкандай, алагар көзү чолпондой, 90 койдун териси ага араң томугунан тон чыгат. Ошого жараша Кошой — терең акыл-эстин да ээси. Так ушул акылмандыгы, жөн билгилиги аркылуу ал бүт кыргызга "калк атасы" аталып, сый-урматка ээ болуп турат. Төгөрөктүн төрт бурчунан — жер жүзүнүн баарынан капыр менен мусулман бүт чогулган чоң жыйында — Көкөтөй кандын ашында аш ээси Бокмурун ашты берүүнүн жөнүн кандай кылам? — деп Манаска кайрылса, ал анын жөнүн Кошой билсин деп бийликти Кошойго ыйгарышы — мунун далили. Манас Кошойдун акылмандыгын, эл  билгилигин, калк арасындагы кадыр-баркын өзүнүкүнөн жогору коёт, мындай орчун топту Кошой башкарса аш жөндүү, каалагандай деңгээлде өтөт деп түшүнөт. Ашты Кошой бийлеп, Манас башкарат. Ошондой чоң жыйындын бийлиги Кошойго тийгенине чогулгандардын арасынан нааразы болгон адам чыкпайт (ашты Манас башкаруусуна кыргыз кандарынын көбү нааразы болушуп, "Чоң казаттын" чыгышынын себеби ушундан башталат). Эпосто Манаска эл алдында ачык каршы сөз айта алуу, туура эмес ишин сындоо, ал эле эмес жемелеп, тилдеп коюу да жалгыз ушул каарманга — Кошой абага гана ыйгарылган.  Кошойго улуу-кичүү дебей бүт эл «аба» — деп урмат көрсөтүп, сыйлап кайрылышат. Кошойду Манас башкалардан бөлүп өзгөчө урматтаганынын далили: жамбы атуу учурунда эч ким түшүрө албаган жамбыны атып алган Манас жүз адамдын кунуна барабар алтын жамбы олжосун ошончо чоң топтун көзүнчө алп агасы Кошойго кайрылып:" абаке муну алгын, ак сакалдуу карымсың, калк көтөргөн канымсың, касиеттүү жанымсың, батанды берип салгын!" — деп тартуу тартат.
Кошойдун дагы бир өзгөчө сапаты- "батасы журтту байыткан", "байланып калган базардын жолун ачкан, бекип калган бейиштин эшигин ачкан" касиеттүү адам экендиги. Абам батасын берсе балалуу болор бекемин! — деп үмүттөнгөн Каныкей Кошойго арнап атайын кандагай шым камдайт. Каныкейдин ал далалатын Ма¬нас өзү да кубаттап, аялынын атынан Кошойдон бата сурайт.
 
Кошой Каныкейге:
 
«Тилекти берсе бир алда,
Туулса мындан бир бала,
Ургаачы болбой эр болсун, 
Аюу болбой, шер болсун! 
Катылышкан душманын 
Өгөөлөсүн темирдей,
Акыры тууса эркеги
Аты болсун Семетей.
Арууке келин баласы
Акылдашы ар качан,
Ага болсун чын жоро,
Аты болсун Күлчоро,
Кыдыра кырчын тал болсун,
Кырга чыга бергенде
Семетейге кылуучу кудай жар болсун.
Ак болотун майласын
ачуусуна тийгенде 
Абыке, Көбөш, кан Жакып
Ошолорду жайласын!
Көк болоту майласын,
Кыйыгына тийгенде,
Кырк чорону жайласын! 
Кара болот кайрасын,
Каарына келгенде
Кан Коңурду жайласын!",— деп бата берет, бул айтканы кийин туура келет. 
Кошой — эл кызматына башын тигип, намыс үчүн жаралган адам. Манас акыл сураганы атайын Алтайдан издеп келгенде Кошой: «Калың журтуң издебей, калмакта жүрөр жөн барбы, эми каран күн, көк жал, эл кайда?!" —деп каңырыгы түтөп кабыл алат, бат көчүп кел, — деп кеңеш берет. 
        Кошойдун намыскөйлүгүн Көкөтөйдүн ашында 85 жашта экендигине карабай Жолой дөөгө каршы күрөшкө чыкканынан жана Жолойду жыгып мөрөй алып, элдин намысын коргоп калганынан даана көрүүгө болот.
     Каада-салтты мыкты билгени, так сактаганы, адамгерчилик, акылмандык жактан Кошой — Бакайга теңдеш адам. Ал Манастын  кыргыз эли үчүн ким экендигин туура түшүнүп, анын биринчилик ордун моюнга алат, түрдүү шарттарда, жакшылык-жамандыкта дайым аны колдойт жана иш-аракетине жардам берип, көп учурларда пайдасын тийгизет. Манасты Ала-Тоого көчүп кел деп кеңеш берген, Манас минген атынан, кырк чоро жолдошторунан бүт ажырап, душман колуна түшүү коркунучунда калганда жардам берип, куткарып алган, кыргыздарга Манасты кан көтөрүү сунушун биринчи болуп айткан да Кошой. Көкөтөйдүн ашында Манаска нааразы болгон кандар жыйылып чыр чыгармак болушканда "душманга колтук ачпайлы, чатакты койгула",— деп жүйө айтып токтоткон да Кошой. 
     Оолуккан кандарды аш тараган соң бир жылдан кийин келип Манасты  өзүңөргө  басып  берем,— деп тыйып коёт да, айткан  убагы бүткөндө Манасты чаап берем дебедиңиз беле дешип чогулуп келген кандарды шылдың кылып келекелеп:
 
"Бекер жер Талас эмес, 
Мен кылган Манас эмес, 
Койгула балдар, Кошой 
Силерге тамаша эмес!" 
—деп тоготпой жатып алат. 
       Кыскасы, Кошой — нускалуу, акылман кары, ашкан баатыр, жанда жок балбан, калк атасы, алп баатырлардын кадырлаган, сыйлаган агасы, улуу-кичүү, аял-эркек жалпы эл үчүн аба болгон адам.
       Илгертеден эле кыргыз аялдарынын коомдон алган орду, аткарган милдети, Эл турмушунда ойногон ролу зор болгон. Жоокерчилик шартта, көчмөн турмушта жашаган кыргыздарда аялдар жеке эле үй чарбасына тиешелүү иштерди иштөө менен чектелбестен, жайчылыкта чарбада, капсалаң согуштарда жоо мизин майтарууда эркектердин жакын жардамчысы, таянычы болуу менен эркектин түйшүгүн тең аткарышкан. Ошон үчүн эл да аялдарга туура баа берип, алардын ролун жогору койгон. Эл түшүнүгүндө аял – үйдүн куту, эринин эң жакын жардамчысы. Алган жары жарашпай эр жигиттин багы ачылбайт, өзү катарлуугулар менен тең жүрө албайт. Эрди эр кылган аялы – акылдуу аял – эрдин багы. Ушул түшүнүктөр эпосто аялдардын образдары аркылуу баяндалат. Мисалы, Манасты Манас кылган Каныкей деген сөздү баатырдын достору да, кастары да айтышат. Мурдагы алган аялдары Карабөрк менен Акылай акылсыз, жайсыз баатырга ылайык жар болбогондуктан Алмамбет Манасты сен бойдок экенсиң дейт. 
Кыргыз элинин жакшы аял жөнүндөгү түшүнүк идеалы эпосто Каныкейдин образы аркылуу берилген.
Каныкейдин өз аты Санирабига. Кан никайи — канга нике кыйылганы үчүн Каныкей атыгып кетти делет. Кыйбанын каны Атемирдин кызы (Саякбайда Букардын каны Каракан). Каныкей — Манастын өзүнө тете, баатырга ылайыктуу жар. Манастын Каныкейге чейин эки аялы бар, бирок алар баатырга ылайык келүүчү, татыктуу жар эмес. Ошон үчүн Манас өзүнө тете аял алышы зарыл деп эсептелинет жана эки манасчыда тең бул зарылдыкты Манастын өзүнө баатырдын эң жакын адамдары ачык айтышат: Саякбайдын варианты боюнча Кум-Булактын белинен Манас кумайык таап алат. Бакай кол башындай боз күчүк кумайыкты табын таап же кайып, же ургаачынын тазасы зайып багат дечү эле,
 
Каныкей алсаң оңосуң
Калкка бааша болосуң.
Каныкей келсе Таласка
Кадыр түн келет жолуңа,
Качканың келет колуңа.
Санааңды сансыз болтурат,
Сан казына мүлкүңдү
Келе замат толтурат.
Сайып жүрүп бак кылар,
Салып жүрүп там кылар,
Сандыргалуу башыңды
Жер жүзүнө кан кылар...
...Ургаачынын төрөсү,
Алып калсаң Каныкей —
Кырк чоронун энеси,
Ургаачынын ыктуусу
Ак жоолуктун мыктысы.
Айтканыңа көнүүчү,
Ал кумайык күчүктү
Жакшылап багып берүүчү",— дейт.
 
      Бакайдын сөзүнө караганда Кумайыкты багуу шылтоо, Манасты Каныкейге үйлөн деп кеңеш берүүнүн негизги себеби баатырдын мурдагы аялы «Акылай үтүрөң тентек, орой, акылы кыска, адепсиз, наркты билбейт, адамдын көңүлү калат деп ойлобойт. Ошон үчүн баатырдын иши оңолбой аксайт»,- деп ойлоп, санаа тартып жүргөн. Кумайык табылганда анын шылтоосу менен мурдатан оюнда жүргөн убайымын Манас баатырга ачык айтат. Бакайдын ою боюнча Манас баатырга ылайык, анын кадыр-баркына туура келүүчү жар — Каныкей. Бакайдын оюн Чубак да кубаттап, Каныкейдин жеке эле акылман гана эмес, баатыр да экендигин, аны өз көзү менен көргөнүн — өзү беттешип, тең келе албай качып келгенин айтат жана Манасты Каныкейге үйлөн деп кеңеш берет.
Сагымбайдын варианты боюнча Манастын мурдагы алган аялдары Карабөрк менен Акылайдын акылсыз, орой, адепсиз, кишичилиги жок экендиктерин өз көзү менен көрүп, алардын баатырга ылайыктуу жар эместигине акылы жеткенде Алмамбет:
 
"Калыңдык менен кайгырбай, 
Баатырдык менен байкабай, 
Эрдигиң менен элебей 
Карабөрк менен Акылай 
Катыным деп ойлопсуз, 
Карап турсам өзүңүз 
Кадимкидей бойдоксуз!" —деп
 
башка, өзүңө тете, жакын жардамчы болор аял ал деген ойду айтат. Бул вариантта Каныкейди алуу жөнүндө алдын ала айтылган ой жок. Бирок Манас өзүнө ылайык кыз издөөгө атасы Жакыпты аттантып жатып, ага кандай кыз жагарын өзү эскертет:  

 

Тема 4(2)

'Тарткан тасма белденген,
Тал чыбыктай теңселген,
Саамай чачы сеңселген,
Акылын терең ойлогон,
Ар бир түрдүү жумуштун
Аркасын аңдап болжогон,
Ашкере кылган сабырын,
Адамга салбай жабырын,
Айтар сөзү акырын,
Эл алмакка жиберген
Эчен түрлүү акылын,
Боло турган жумушту
Болжоп билип алыстан,
Акылына жеңдирип
Ар кылган билбей калыштан,
Акылга дыйкан айлалуу,
Ааламга толук пайдалуу,
Акыл менен эр баккан,
Айла менен эл баккан,
Баркын билип мал баккан,
Жалбарып Акка жан баккан,
Ойротто жок уз болсун!"...
 
Манас баатырдын алган жарым ушундай болсо деген кыялында аялзатынын төрт негизги сапатына көңүл бурулат: акыл-эстүүлүк, уздук, сарамжалдуулук, назиктик-сулуулук. Ушул төрт сапаттын ичиндеги өзгөчө көңүл бурулуп, чоң маани берилгени акылмандык — акылын терең ойлогон, ар бир түрдүү жумуштун аркасын аңдап болжогон, акыл менен эр баккан, айла менен эл баккан адам экендиги. Акылга байланышкан уздук менен сарамжалдуулук ошол сапаттын туунду белгилери. Демек, Манас баатыр- өзү да өзүнө ылайыктуу жар — акылман ургаачы деп эсептейт.
Манас каалагандай төрт тарабы төп келген, ичи-сырты бирдей — ары сулуу, ары акылдуу кыз оңой менен эле табылбасы белгилүү. Ошон үчүн Жакьш көп жерлерди кыдырып, ар башка элдерди аралап жүрүп баласы айткандай кызды акыры Кыйбадан табат.
Жакып биринчи көргөндө Каныкейдин сырткы көрүнүшү мындай сүрөттөлөт:
 
"Санирабига кыз экен, 
Сап сулуунун өзү экен, 
Жыла сүйлөп, шыңк этип, 
Акыл толгон кези экен. 
Он алты жарым жашы бар, 
Олоңдой кара чачы бар, 
Сары алтындан түймөдөй 
Келишкен кара кашы бар, 
Боростой кийим кийинип,
Ботодой бели ийилип,
Жазык мандай, кара көз,
Жатык тилдүү, ширин сөз,
Аркасы кайкы, аркар төш,
Ай чырайлуу бото көз,
Кызыл жүзү нурданган,
Кымча бели буралган"...
 
Бул саптардан Каныкейдин сулуулугу менен катар, акылдуулугy, жөнөкөлүгү байкалат. Жанындагы жүргөн нөкөр кыздары "чылк жибекке чырмалып, жыгылчуудай ыргалып, алтындаган жыгасы оң чекеде кырданып" кооз кийим кийинип жүрүшсө, жалгыз Санирабига гана "боростой кийим кийинип" жүрөт. Жакып Санирабиганы андан ары сынап: 
Болжолу жок боорукер,
Эзилтип адам көңүлүн
Эт боорунан жаралган,
Үзүлгөнүн улаган,
Көзү чалган пенденин
Үзүрү болсо сураган,
Жетишпедим дегенге
Жеңин кесип бергендей
Берендик жайы бар экен,
Жеткире акыл ойлогон
Тереңдик жайы бар экен...
 Кылган иши баары амал,
Кызылдай бою сарамжал,
Жок дегендер табылган
Кастарлуу жайы бар экен,
Кыз мүнөзү кылтайбай
Тастарлуу жайы бар экен.
Арбын болсо дүнүйөсү
Адамдан төмөн мүнөзү
Көп болсо көтөрүлбөгөн,
 
деп, бардык жагынан жактырат. Бирок, "айтсам балам алар, арылбаган шорум көп, арты болбой калар, тууса бирди тубар, тумшугу жок жаныма тукумдан кудай урар!" — деп арман кылат. Кийин Жакыптын сынаганы бүт туура чыгат: Каныкей акылман, жөн билги, адамгерчиликтүү адам, жанда жок уз, сарамжалдуу аял болот, көпкө төрөбөй жүрүп, жалгыз бала көрөт.
 
"Көзкамандар окуясында", "Чоң казатта", "Манаска күмбөз салдырууда"  Каныкейдин акылман көрөгөчтүгү, сактыгы, ар бир ишти алдын ала байкагычтыгы кеңири сүрөттөлгөн.
Манастын аталаш туугандары Үсөн — Көзкаман балдары менен көчүп келгенде жаңыдан эл-журтка кошулган туугандарына Каныкей чын пейли менен кубанып, алдын тосо утурлап ба¬рат, урмат көрсөтүп учурашат, өрүлүктөп, жүгүн түшүрүп, өз колу менен үйүн тигип жүгүрүп, кызматын кылып сыйлап кабыл алат. Бирок, бара-бара көзкамандардын ою бузук экенин байкап, Манаска «жаңыдан келген туугандарыңдын түрү бузук, акыры түбүндө өзүңө жамандык кылышы мүмкүн» деп эскертет. Туугандарымды жамандайсың! — деп ачууланган Манастын тили, колу тийгенде да кабагым-кашым дебей, каяша айтпай, тескерисинче акылсыз катын ар кайсыны сүйлөй берет, көөнүңө алба, төрөм! — деп күлүп тим болот. Чынында Каныкейдин айтканы туура келип, көзкамандардан Манас өлүм таап кала жаздайт, Каныкей да көп кордук тартат.
"Көкөтөйдүн ашында" Каныкейдин акылмандыгына, жанда жок чебер уздутуна алп Кошой акылман кары таң калат. Териден асыл чыгарган келини Каныкейге «эркек балалуу бол, уулуң баатыр болсун! — деп батасын берет.  
Каныкейдин болор ишти алдын ала билген көрөгөчтүгү, уздугу, сарамжалдуулугу айрыкча Манас баатырдын өзүн баш кылып кырк чоросунун ар бирине ылайыктуу ички-сырткы кийим-кечек, соот, курал-жарак, минер атына чейин күн мурунтан камданып даярдап койгонунан даана байкалат. Коркунучтуу жоого каршы аттанып бара жатканда өзүн, жолдошторун бүт бардык зарыл кийим-ке¬чек, курал-жарак, минер ат, киер тон-зоот-чопкут менен жабдыган Каныкейдин кыраакылыгына, эмгегине ыраазы болгон Манас баатыр:
 
Бу Каныкей катындын,
Ушу сөзү чын болсо,
Ургаачыдан тың, болсо
"Атаң-анаң" — дебеске,
Артылта камчы салбаска,
Артынан күнү албаска
Ак келтенин огу урсун,
Көк милтенин чогу урсун!" — деп 
 
касам ичип, ант берет. 
        Каныкейдин образында патриоттуулук кенен берилген. Ал кыргыз элин, анын баатырларын дайым жогору баалайт, элинен, жеринен азып-тозуп жүргөн кезинде:
«Кең-Колум өңдүү жер кайда, султаным Манастан калган журт эле, аргынды гана көрөр күн кайда», —деп муңканат.
 
Каралды кылар белим жок, 
Төлгөгө чапсам Тайтору 
Капа кылбай сүрөөчү, 
Каралды кыргыз элим жок,—  
деп бөтөн жердеги, бөлөк элдеги жалгыздыгына өкүнөт.
Каныкей эпосто өлбөй калган каармандардын биринен. Бул   анын элге  сиңирген эмгегинин далили.
        Эпостогу катышкан оң типтеги аял каармандардын ичинен Каныкейден кийинки орун Аруукеге таандык. Арууке — Алмамбеттин аялы, тагдыры жактан да Алмамбетке жакын. Алмамбет сыяктуу ал да — өз уруусунан кеткен адам. Уруусу кайып, өзү кайберендердин канынын кызы. Алмамбет өз эрки, каалоосу менен келип кыргыздарга кошулган сыяктуу эле, ал да өз каалоосу менен келип, адам баласынын арасына кошулуп алган. Алмамбет жайчылык касиети бар, баатырдыгы менен өнөр-билими шайкеш келген адам болсо, Арууке — да кубулуп түсүн өзгөртүп, башка кебетеге өтүүчү касиети бар, көп окуган, билимге ээ адам. Алмамбет баатыр катары Манастын эң жакын жардамчысы болсо, Арууке чебер уз, акылман, жөн билги аял катары Каныкейдин эң жакын жардамчысы, Алмамбетти туура түшүнгөн, анын тагдырына ортоктош, ага берилген жар. "Чоң казатка" баатырлаp аттанып жатканда өзүнүн жалгыздыгын, кокус көзү жумулса артында баласы да калбасын айтып арман кылып жашыганда Арууке Алмамбетке «боюмда күмөн бала бар» деп эскертип, баатырды жубатат. Арууке -сырткы сулуулугуна  ички касиети  жарашып турган, назик, жөн билги, чебер уз, терең акылдуу каармандардын биринен.
Эпосто да, эл арасында оозеки өзүнчө айтылчу уламыштарда да көп көңүл бурулган 
баатыр –кыз Сайкал. Эки варианта тең Сайкалдын белгилүү баатырлыгына негизги көңүл бурулат. Сагымбайда Тейиш кандын тоюнда  сайышка чыгат.  Манас анын келишкен көркүн көргөндө өзүм алчу кыз экен! — деп ичинен ойлоп, аяп салгылашып, аз жерден жеңилип кала жаздайт. Манасты аттан эңип кете турган болгондо Чубак ортого түшүп куткарып кетет. Саякбайдын вариантында Манас Сайкалга өзү барып тийишет, бирок кармашып алы келбей коёт, ал турмак Сайкал аны аттын үстүнөн ала коюп, бирок катындан Манас жеңилиптир деген сөз тарап кетер деп аны аяп кайра ээрге мингизип коёт. Ыза болгон Манасты Каныкей бир жыл бою таптап багып, Сайкалга кайра жиберет. Манас бул жолу "чындап ачуум келгенде жембаштыктай бөктөрүп, эңип алдым Сайкалды" деп жеңип алат, "азабы өттү долунун" нике кыйдырып, аялдыкка алам деп оолугат. Бирок Сайкал: «Каныкей ургаачынын сырттаны, касиеттүү киши экен, анын үстүнө күнү болуп барбаймын, сага тиги дүйнөдө тиейин»,- деп болбой коёт, «өлөрүңдө зыйнатыңа турам»,- деп убада берет, ошол убадасы боюнча баатыр Бээжинден оор жарадар болуп кайтып, катуу ооруп жатканда келип, өлөрүндө зыйнатында турат. Баатырдын көзү өткөн соң үйүнө кайткан Сайкал кайып болот.
         Эпосто иштеринин мүнөзү, негизги сапаттары боюнча терс каармандарга жата турган татаал образдардын бири — Жакып. 
     Жакып — Манастын атасы. Саякбайдын варианты боюнча чапкын көрүп, талоонго учураган кыргыздар Каракандын балдарынын ичиндеги тыңы катары Жакыптын тегерегине чогулуп баш кошуп, Алооке менен Молтого каршы турууга аракет кылышат. Сагымбай боюнча да алгачкы окуяларда Жакып каада билген, колунда байлыгы бар, элге кадырлуу адам. Бул сапаттарынан улам аны кан көтөрүүгө сунуш кылышат. Бирок жалаң жылкысы эле 40 миңден ашып, башка төрт түлүк мал, өлүү дүйнөсү эсепсиз көп болгондугуна карабастан Жакыптагы негизги сапат — сараңдык жана ач көздүк. Өзү айткандай элүү жашка келгенче "күндөп-түндөп тепеңдеп" жүрүп дүнүйө жыят. Баласы жок экенине кайгырып, Кудайдан зарлап бала сураганда эң алды менен жыйган дүйнөм кимге калат?—деп сарсанаа болуп, ошол мал-мүлкүнө ээ болор баланы тилейт. Бала Жакып үчүн жыйган мүлкүнө ээ болуу үчүн гана керек. Ал балага караганда малын жогору бааларын өзү, аялдары аян берген жакшы түш көрүшкөндө байбичеси эл ча-кырып, түлөө өткөрүп, түштү жоруталы десе безге сайгандай чочуп:
 
"Эркек түгүл кыз туубай, 
Эмгектен чыгып бел буубай 
Мынча малды не кырам, 
Мал түгөнүп калган соң, 
Сенин барсантыңды не кылам?! 
Бала болсун мал менен...", —
 
деген сөздөрүнөн ачык көрүүгө болот. Эркек балалуу болгонун сүйүнчүлөп барган Акбалта: «балаң баатыр боло турган»,- десе, Жакып «малымды ысырап кыла турган балекет бала го» деп убайым жеп:
 
"Нар өлтүрүп коёр да,
Пулкор кылып салар да.
Эр өлтүрүп соёр да,
Күнкор кылып салар да.
Кызыл-тазыл көрүнсө
Кыздардан ала качар да,
Малымды суудай чачар да!" — деп кейийт. 
 
Анын бул сөзүнө ачуусу келген Акбалта Жакып¬тын ач көз, сараңдыгын бетине айтат:
 
"Балам жок дейсиң майышып, 
Ботом жок дейсиң кайышып, 
Балага жаңы жетесиң, 
Бай Жакып байым нетесиң?! 
Баладан малды жуук көргөн 
Бакыл киши экенсиң!".
 
Жакып ач көз, сараң экендигин, бул сапат анын мүнөзүндөгү негизги белги экендигин баласы Манас да көзүнө айтат: "Малга кароо сырың бар, Мал жагына калганда, Басылбаган чырың бар".
Жакып мал союуга, же бирөөгө берүүгө туура келип калган учурда малынын картаңдарын гана сарп кылат. Аялдары туш-тушунан чыгып жанын койбогондо түлөө өткөрүп, түш жорутуу үчүн жакшы тилек менен той берип жатып: 'Тогуз кары бээ болсун, Токсон кары кой болсун...", — деп буйрук берет.
Жаш Манастын колунан эки эр өлүп, алтайлык калмактар бүт жылкысын тийип кетеринде манжулуктар ага болушуп, тоодой балекеттен кутулганда да жылкычысын чакырып:
 
"Кары-куру бээден, 
Как баш болгон аттардан 
Төрт жүзүн айдап кел — деди, 
Атасы өлгөн балага, 
Арада өлгөн калмакка 
Аларга бөлүп бер — деди". 
 
        Жакыптын образы аркылуу жеке керт башынын гана камын көрүп, дүнүйө менен малдын артынан түшкөн адамдын элеси берилген. Элдин түшүнүгүндө мындай адам терс каармандын катарына жатат.
 
 
 
 
Тапшырма:
1. Эпостогу образдар системасын диаграмманын жардамы менен салыштыр.
2. Азыркы күндө кайсы каармандын образы биздин коомго зарыл?
3. Кайсы каармандан өзүңө сабак алдың?
 

Тема 5

“Манас” эпосу -руханий жана материалдык маданияттын энциклопедиясы.(2 саат)
 
1.      Кыргыз элинин жашоосундагы материалдык баалуулуктар.
2.      “Манас” эпосунун элдүүлүгү тууралуу 1952-жылы өткөн бүткүл союздук конференциянын мааниси.

1-суроо.         «Манас» эпосу кыргыз элинин эл аралык мамилелерин окуп үйрөнүү булагы катары. Кыргыздардын чарбачылык  жана соода жүргүзүүсү жөнүндө маалыматтар, Улуу Жибек Жолунун  бардык маршруттарынын берилиши, ар түрдүү жибек кездемелердин,  асыл таштардын, алтын жана күмүш буюмдардын аталыштары кеңири учураганы. Эпосто каада-салт, ырым-жырымдар, ишенимдердин чагылдырылышы. Руханий жана материалдык маданияттын, элдин тарыхы, жашоо образы, дүйнө таануу түшүнүгү, каада-салты менен тыгыз байланышы. “Манас” эпосу кыргыз элинин руханий жана материалдык маданиятын изилдөөнүн булагы катары:турак жай (боз үй), тамак-аш, кийим-кече, кол өнөрчүлүк искусствосу, элдик искусство (бий, күү, оюн), элдик медицина, элдик философиянын орун алышы. Байыркы кыргыздардын ааламды таанып билүү түшүнүгү, мифологиялык ойлор.     Аалам- адам, жакшы-жаман, ак-кара, дос-кас, өлүм-өмүр категорияларынын чагылдырылышы.  Урмат-сый, адеп-ахлак, нарк-нуска, элдик каада-салт,  ырым-жырым, улуттук  оюн үрп-адат, ата-бала, эркек-аял, улуу-кичүү түшүнүктөрүнүн берилиши, идеялык мааниси. Эпостогу баатырлардын  тулпарларынын, жоо-жарактарынын образды терең ачуудагы мааниси.

          Эпосто каармандардын кийген жоо кийимин, курал-жарагын, минген согуштук аттарын сүрөттөөгө да кеңири орун берилген. Ар бир баатырдын өзүнө ылайык минген аты, кийген кийими, курал-жарагы бар. Аккула, Аколпок, Сырнайза, Аккелтесиз Манастын, Кектекесиз Чубактын, Сараласыз Алмамбеттин, Алгарасыз Коңурбайдын элесин көз алдыга келтирүү кыйын. Ар бир баатырдын сапаты алардын минген аты, алган жарагында белгилүү даражада кайталанат. Мисалы, ашкан айлакер, акылман Алмамбеттин мингени — адамдай эстүү Айсарала. Ал "кырт эттирип чөп үзбөй, кылт эттирип суу ичпей", эч адамга карматпай, Алмамбеттин сөөгүн жалгыз өзү кыргыз жерине жеткирет. Чогоол, москоол баатыр Чубактын мингени "алты­мыш чапса былк этпес" кашаң, Кектеке, айлакер, амалкөй Ко­ңурбайдын мингени аны дайым коркунучтан аман алып калып, өлүмдөн куткарган канаттуу күлүк — Алгара ж. б.

         Манас баатырдын Аккуласы өмүр бою Манаска кызмат кылат. "Чоң казатта" Аккула окко учары менен Манастын шаштысы кетип, шайы оойт. Алмамбет окко учканда сөөгүн Сарала тулпарына жүктөп койсо, ал бир нече күнү суу ичпей, чөп чалбай жүрүп отуруп, Алмамбеттин сөөгүн аман-эсен Таласка жеткизет. "Чоң казатта" Чубакка ок жаңылат. Астындагы Көк тулпары Чубактын сөөгүн душманга бербей, ала качкан бойдон кетет. Ажыбайдын Карткүрөңүн миң сан жылкынын ичине агытып кое берсе, ал жылкыларды баштап алып, түз эле Таласты көздөй жөнөчү экен.
         "Манас" эпосунда ат чабыш жөнүндө да айтылган маалыматтар көп. Манас боз улан кезинде, сексен бала талаада жүрүп, Манасты кан көтөрүшөт да анын урматына минип жүргөн аттарын чабышат. Манаска Алмамбет келип, ага-ини болгон учурда да Манас ат чаптырып, той берет. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда да кырк чоросунун атын чапканы белгилүү.
        Көкөтөй өлгөндө, уулу Бокмурун Каркырада чоң аш берип, дүйнөдөгү элдердин көпчүлүгүн ашка чакырат да анда чоң ат чабыш болот, ат чабышка көп сандаган күлүктөр катышып, байге аттары Түркстан деген жерден кайра кайтат. Кайра келе жатканда, ат чапкан балдар адашып, башка жолго түшүп кетпес үчүн, жол бою ар бир жолдордун тоомдоруна жандоочулар коюлган. Бул ат чабышта Манастын Аккуласы чыгып келген, бирок байгени Коңурбай, Жолойлор талап кетишкен да, кийин Манастын "Чоң казатты" уюштурушуна ошол окуя да негизги себептердин бири болгон.
          Манас өлгөндөн кийин, Каныкей Семетей менен кайненеси Чыйырдыны Бухарага алып качып кетип, Семетейди бир тууган агасы Ысмайылга бала кылып берет. Семетей эр жетип, он төрт жашка келгенде, Каныкей ат чаптырат да, байгеге, төлгө кылып, алтымыш асый болгон Тайторусун кошот.Аттарды сүрөп чапмакчы болот. Тайторусун сүрөш үчүн, эркекче кийинип, Каныкей түпкү сүрөөнгө барат. Эжесинин бул жоругу Семетейге жакпайт.
"Алтымыш асый болуп, оозунда тиши калбаган атын байгеге кошуп, анысы аз келгенсип, эркекче кийинип алып, ат сүрөймүн деген эмнеси? Тайторусу байгеден келсе, анда бир кеп, эгерде байгеге илинбей калса, анда эжемдин башын аламын"-деп, Семетейдин ачууланганын Каныкейдин кулагы чалат.Байге аттары кайра тартып, алдыңкылары Каныкейдин жанынан зуулдап өтө баштайт, бирок Тайторусунан дайын жок. Биринин артынан бири закымдап, кырк-элүү ат өтөт. Ошондо Каныкейдин заманасы куурулуп:
 

 

Арстан Манас, өлбөй кал!
Азапты бейбак, көрбөй кал!
Арбагы бийик Арстаным!
Колдочу болсоң, колдогун!
Колдобос болсоң дал бүгүн
Кокус болчу жолдомун! -
 

 

деп, буркурап ыйлап турса, алтымыш бир аттын аркасынан келе жаткан Тайторуну Манас, Бакай, Алмамбет, Чубак баш болуп, кырк чоросу менен ортого алып, сүрөп келе жаткан экен.
Алар тез эле астындагы алтымыш аттан Тайторуну сүрөп, чыгарып кетишет.

Күлүк аттардын сыны, мүчөсү "Манас" эпосундагы Тайбуурулдун сынында берилген:
 

 

"Бөрү тиши араадай,
Курч туягы чарадай,
Кашка тиши кадоодой,
Кызыл тили бүлөөдөй.
Азуулары болоттой,
Чаткаягы колотой.
Секиргени бүргөдөй,
Семиргени сүмбөдөй.
Кең сорусу кетмендей,
Кебездей болгон көңүлү
Көзүнө ченеп керткендей.
Балтыры бала белиндей,
Басканы сырттын желиндей".

 

 Эпостун "Семетей" бөлүгүндө:”Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени -Семетейдин ажалынын жеткени, -деген сыяктуу учкул саптар бар. Семетей караңгыда жол тосуп жүрүп, билбей, кокустук менен, өз бөлөсү Үмөтөйдү өлтүрүп коет да, таежесинен уялгандыктан, бөлөсүнүн куну үчүн, Тайбуурулун тартууга берип жиберет. Ошондон кийин, көп узабай, Кыяс менен болгон согушта, минген аты жүрбөй калып, Семетей өзү каза табат.

 

   2-суроо. 1952-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин демилгеси менен өткөзүлгөн илимий сессияга кыргыз окумуштуулары жана жазуучулары жана Москва, Ленинград шаарларынын, союздук республикалардын окумуштуулары катышат. Сессияда талкуу иретинде негизги маселе – "Манас" эпосу элдик чыгармабы же патриархалдык-феодалдык чөйрөлөрдүн   таламын көздөгөн реакциячыл эпоспу деген маселе коюлат. Талкуу 5 күнгө созулат. Акыры сессияга катышкандардын басымдуу көпчүлүгү эпостун негизи элдик деген корутундуга келишет жана  армян эпосу “Давид Сасунский", карелфин эпосу “Калевала" сыяктуу элдик чыгармаларды бириктирүүнүн тажрыйбасына таянып, “Манастын" кыскартылып бириктирилген вариантын жакын арада басмага даярдоо мүмкүн жана зарыл экендигин кубатташат.

      Эпостун фондудагы варианттарынан бириктирилген кыскача вариант түзүп жарыялоонун мүмкүн экендигине шек келтирген ораторлор да (проф. А.К.Боровков, проф. Л.И.Климович) болот. Ошентип, 1958-жылы эпостун кыскартылып бириктирилген тексттери жарыяланат. Баш сөзүн Б.М.Юнусалиев жазган. Кыскартылган вариантты түзүүчүлөр – К.Маликов, А.Токомбаев жана Т.Сыдыкбековдор оор милдетти ийгиликтүү аткаруу үчүн көп жыл эмгек сиңиришкен. Бул иште биринчи кезекте эпостун толук жазылган варианттарына: Саякбай менен Сагымбайдын варианттарына көңүл көбүрөөк бурулуп, Багыштын, Ыбырай Абдырахмановдун, Молдобасандын, Шапактын, Тоголок Молдонун варианттарындагы жакшы деп табылган үзүндүлөр пайдаланылган. Казак элинин атактуу жазуучусу жана окумуштуусу профессор Мухтар Ауэзов бириктирилген вариантты түзүүдө өтө баалуу кеңештерин берген.

          «Манас» эпосун жыйноо, иликтөө иштери азыркы мезгилге чейин улантылып келүүдө. Бүгүнкү күндө «Манас» үчилтигинин 80ге жакын варианты окумуштуулар тарабынан жазылып алынып, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Эпос тууралуу кыргыздын жана дүйнө окумуштууларынын жарык көргөн эмгектери 3 000 ден ашат.

 

Тапшырма:

  1. Кыргыз элинин турмушундагы материалдык баалуулуктар эмнелер?
  2. Азыркы күндө ата-бабадан калган кандай материалдык баалуулуктар сакталып калган?
  3. Веннадиаграмманын жардамы менен материалдык баалуулуктарды салыштыр.

Тема 6(1)

“Манас” эпосунун кыргыз элинин рухий турмушунда алган тарыхый орду жана анын бүгүнкү күндөгү мааниси.

“Манас” эпосунун 1000 жылдыгы жана анда кабыл алынган жети осуят.

     “Манас” эпосунун мазмунунда камтылган элге зарыл керек акыл-насаатттардын чеги жети осуяттын алкагы менен эле чектелбейт. Манастын 1000 жылдык мааракеси белгиленип жаткан күндөрдө өлкөбүздүн тунгуч президенти тарабынан “жети” деген сандын ыйыктыгы эске алынып, ошол жети багыт гана сунуш кылынган.

            Жети осуят эпостун башкы темасы-идеясы менен түздөн-түз байланышып, ошондогу камтылган ойду тереңдетип турат. Жети осуяттагы камтылган ой-түшүнүктөрдү мурдатан эле элибиз жогору баалап, туу тутуп, ыйык катары эсептеп, өз турмушунда дайым кеңири пайдаланып келген жана эл арасында ата-бабанын осуяты, калтырган кымбат мурасы болуп, ал осуяттарды аткаруу салтка айланган.

1-осуят. Эл–журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги.

Бакай   карыя элди биримдикке чакырып:

 

Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,

“Бөлүнүп калды кыргыз” деп,

Бөтөн элге кеп кетет.

Жарылсаң, ууру алуучу,

Жарылып калды кыргыз деп,

Жаманатты калуучу,

 

Ынтымактуу болгула, балдар!-дейт.

 

     Элдин биримдигин колдоо, элди ынтымакка, биримдикке чакыруу эпостун башкы темасы менен тутумдаш, чыгарманын негизги идеясында чагылдырылган түшүнүк. Кыргыздардын биримдиги жоктугунан “эндекей жатып” күчтүү жоодон жеңилип, чабылып чачылат. Манас баатыр баатыр катары калка таанылып, “ат жалын тартып минип” атагы билине баштагандан тартып өмүрүнүн акырына чейин негизинен жалаң ушул идея – эл биримдиги үчүн кызмат кылат. Адегенде чабылып-чачылган элдин тегерегине көптөгөн уруулардын башын коштуруп, өзүнчө биримдешкен эл түрүнө келтирип, мурдатан турукташкан мекенине алып келет, андан кийинки аракети  ошол баш кошкон уруулардын биримдигин чыңдап, эл катары калыптанып, дос-душманга бирдиктүү, ынтымактуу, күчтүү эл катары таанылуусун камсыз кылууга жумшалат.

      Манас Алмамбетти жолуктуруп, сындан өткөрүп, келгенине той кылып турган кезинде кырк чоро: “Кетсең, кетип түңүлдүк, Турсаң, тутуп сүйүндүк!”, -деп сунуш кылышат. Анда Алмамбет мындай шарт коет:

 

Тууган болсоң кырк баатыр,

Тутууга келдим мен акыр,

Жибектен алган өөнүм бар,

Жигиттен калган көөнүм бар,

Ырас мени тур десең

Ынтымак сурайм көбүңдөн,

Кудай берсе ынтымак,

Куусаң кетпейт, ырыс бак.

Мени коё салыңар,

Ынтымактуу жүрмөккө

Бата кылгын баарыңар!

Алмамбет айтып салганы,

 

Анда:

 

Азыр турган кырк баатыр

Акылыңа бали деп,

Кошомат кылып калганы,

Кол көтөрүп дубага

Бата кылып алганы.

Алмамбет кетпес болгону,

Арстан Манас баатыры

Көңүлү көлдөй толгону.

 

        Эпостун түшүнүгү боюнча элдин күчү, бүтүндүгү ынтымакта. Ынтымак, биримдик болбосо, өз ичинен бузулуш чыкса, бирин-бири бутунан тартып жыкса, “пил да болсо жыгылат, миң да болсо кырылат”.  Анын сыңары “Манас” эпосундагы элдин биримдиги жөнүндөгү улуу идея кайсы доор, кайсы коом болбосун актуалдуу жана түбөлүктүү. Ошондой эле улуттун биримдиги жалгыз кыргыз эли үчүн гана эмес, дүйнөдө канча эл, улут болсо, ошонуну бардыгына тиешелүү. “Манас” эпосунун философиялык ойлорунун уюткусунун күчтүүлүк мааниси мына ушунда. Бирок улут биримдиги-улутчулдукка такалбашы керек. Улутта биримдик болсо экономикасы, маданияты гүлдөйт, өсөт, элдин маанайы жарык болуп, илим-билимге умтулат, цивилизациянын эң бийик чокусуна бет алат, рухий дүйнөсү көкөлөйт. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак” кыйналып турган кыйынчылыктан, ар кандай тоскоолдуктардан, жердештик-трайбализм оорудан, бөлүнүүдөн, кыйынсынуудан, көзкаманчылар менен манкуртчулардан алыс болобуз.

2-осуят. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык.

            Манас баатыр тынчтыкты, туруктуулукту, бейпилдикти чыңдоо ниетинде өз элин жана коңшулаш калктарды баш коштурууга көп аракеттерди жасаган. Ошондуктан Айкөл Манас деп аталышы бекеринен эмес. Эпосто кыргыз баатырлары, казактардын Көкчөсү, кыпчактардын Үрбүсү, тажиктердин Музбурчак, өзбектердин Санжыбек, оогандык Акун хан, башкырдын Жамгырчы, каракалпактардын Бердике сыяктуу ар түрдүү эл өкүлдөрү, уруулар бир атанын балдарындай ийгилик, жеңиш үчүн, ынтымак жана коопсуздук үчүн тикеден – тик турушкан. Алмамбет болсо:

            Ала-Тоо артык жер үчүн,

Ак калпак кыргыз эл үчүн,

Жанымды курман чалайын, - деп кыргыз элине ыраазылыгын билдирген.

Эл катары бириккен кыргыздардын тутумундагы түрк же такыр эле башка топтогу калмак, манжу, мантул ж.б элдердин өкүлдөрү, урууларынын жакшылык жамандыкта бирге болушу өз ара кызматташтыктын, достук мамиленин натыйжасында жүзөгө ашырылат. Мисалы, алтайлык калмактар айылын талап, олжолоп кетмек болгондо манжу калмактарынын өкүлү Шакум Жакыпка келип кыргыздан жардам сурайт жана

“Корооңо барып коноюн,

Коңшулаш тууган болоюн!” – деп ынтымак, кызматташ, жамаатташ тууган-дос болууну сунуш кылат. Ошол манжулуктар кыргыздарга аралашып, бири-бирине жардамдаш, ынтымакка жашап жүрүп акыры ал топ кара токо деген ат менен кыргыздын арасындагы өзүнчө бир урууга айланат. Ал эми Шакум Мажик (манжудан келгендиги үчүн) аталып, өз уруусунун бири, Манастын жакын чоролорунун бири болуп калат. Нескара дөө көп колу менен келип маңгулдуктарды чаап, талап-тоноп, катын-кызын, малы-мүлкүн олжолоп кайра жөнөгөндө маңгулдарга Манас баш болгон кыргыздар жардамга келип, Нескараны жеңип, олжого кеткен кыз-катын, мал-мүлкүн ээси-эсине кайырып бергенде Үйшүн, Үмөт, Жайсаңбай баш болгон маңгулдардын билерман аксакалдары Жакып баш болгон кыргыздарга кайрылып:

“Ачсаң алаканыңа, абийир берсин барыңа

Жутсаң жумуруңдабыз,

Журт болуш мындан артыкпы

Эл кылыңыз бизди- деп”- өтүнүшөт. Ошондон тартып алар да кыргыздардын тең ата, тең укуктуу бир уруусу тобу ата улуу катары бардык учурда бири-бирине канат-бутак болуп жашашат. Мангул Күлдүр Жайсаң уулу Чаганды жолдош кылып Манаска кошот, ал Күлдүрдүн уулу Чалыбай деп аталып, кырк чоронун белгилөөлөрүнүн бирине айланат.

Эпосто:

“Өлүп калсак кырылып,

Бир чуңкурга тололук,

Тирүү болсок жыйылып

Бир дөбөдө бололук!”-дешип анты – шертин кылышып, ынтымакташкан элдердин ичинде

Алтайлыктан азы бар,

Капкайлыктан канча бар,

Маңгул журту көбү бар,

Ногойлордон бай Жакып,

Нойгуттардан Акбалта”ж. б. көптөгөн эл өкүлдөрү, уруулар бар болуп сүрөттөлөт.

Манас кыргыздардын ата-бабасы өткөн жер Ала-Тоону баскынчы-душмандардан бошотууга аттанганда чогулган алты жүз миң колдун ичинде кыргыздарга жардам бериш үчүн бир айылдаш болгон аргын Каракожо, манжулук Дөгөн, наймандардын Көгөн, кыргыздардан Саламат, кыпчактардын Ошпуру, Кыдырбайдын уулу Таз чечен, өзүбектен Акунбек, Жайсаң баш болгон маңгулдар, Мажикти ээрчиген манжурлар, үйшүн, найман, аргындардан Каракожо, казактардын Айдаркан, кыпчак Таз, нойгуттардын Акбалтасы, тогуздан Токтобектерден башка да өз кошундары менен калмактардан Мунар кан, Каракыш шааарынан Бурчак, Дагалак шаарынан Кайып, уйгурлардан Бегиш, Көгүш, Төлөк ж.б.көптөгөн эл, уруулар катышып, ошончо көп колго казак Айдаркан кан шайланат.

Эпосто кыргыздар башка элдер менен соода ж.б мамилер жасап (“Аксы менен Күчөрдөн ичерине чай алып”), катнашта болуп турганы көптөгөн жерлерде эскерилет.  Мисалы, башка турмак Манастын өзүнүн айтылуу Аккелте мылтыгы “Түтүнү туман, түбү Ыспан” – делип Исфана шаарында жасалган курал.

Эли чабылып-чачылып, кордук көрүп, өзү айдоодо жүргөнүн атасы Жакыптан укканда жаш Манас: “Арбытып айыл жыяйын, Акыры башка бир өлүм, Намыс үчүн кыямын!” – деп түрдүү элдер-уруулар жөнүндө сөз кылат. Демек, башка уруулар элдер менен ынтымакташуу, достукта жашап, кызматташ болуу, бири-бирине зарыл учурда, керек болгондо жардам берүү “Манас” эпосундагы мурдатан келе жаткан жана элибиз жалпы кабыл алган, урматтаган, өз турмушунда дайым пайдаланган салттык мыкты жөрөлгөлөрдүн биринен.

       Бүгүнкү күндө бул осуяттын мааниси зор. Акыркы жылдарда Искра, Маевка айылдарында, Ош жергебизде болуп өткөн кайгылуу окуялар кайталанбашы үчүн, өлкөбүздө тынчтык, ынтымак өкүм сүрүшү үчүн улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтыкты чыңдоого ар бир улуттун өкүлү салым кошушу зарыл. “Элге эл кошулган дөөлөт, элден эл бөлүнгөн – мээнет”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат”, “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз” дегендей республикабыздагы улуттар менен элдердин достугу, коңшулаш жана алыскы өлкөлөр менен байланышы, кызматташтыгын арттыруу жаш муундарды эл достугунун духунда тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзөт.

 

 

            3-осуят. Улуттук ар – намыс жана атуулдук ариет.

Коркоктук, намыссыздык эпосто сынга алынат. Мисалы, эли чабылып, чачылып кордук көрүп, Алтайга айдалган Жакып баш көтөргөндөн коркот, жаш Манастын эрдигине кубанбастан, элине кайрылып мындай дейт:

 

Алтымыш келген жашымды,
Акыры балам жутат бейм
Азапка калган башымды.
Бээжин бекем жер деген
Беш уруу кытай эл деген,
Беттешкен аман келбеген,
Каканчындын* калкы бар,
Канча түрлүү алпы бар,
Катылгандын баарысын
Канын ичкен салты бар.
Кылым журтка катылып
Кыйынга калган экемин.
Хандуу журтка катылып
Калбага калган экемин.
Кара башым калкалап
Кайсы жакка кетемин?
Эсенкандын малы экен,
Не сонуну бар экен.
Башкага тийип болорбу,
Паашага тийген оңорбу?
Карага тийип болорбу,
Ханга тийген оңорбу?
Карап турган ага-ини
Кандай кылсак эп болот?
Калбайт деймин тукумум,
Бу кандай кыйын кеп болот?
Муну айтып Жакып бай
Муңайып турду бир далай.
 

 

 

Жакыптын бул сөзүнө Акбалта карыя мындай деп жооп берет:

 

Ай, Жакып бай,— деп айтат
Эркек  бала шок болсун,
Мал багар уул болгончо,

Шок болбосо жок болсун.
Ак жазганын көрбөйбү,
Ажалдуу жан өлбөйбү.

 

 

    Манастын  атасына берген жообунан кайраттуулукту, намыскөйлүктү көрөбүз:
 

 

Ачууланып эр Манас
Атасын көздөй октолду:
Айтыңызчы, атаке,
Акылыңыз канаке?
Кудай салган ажалдан
Кутулган жүргөн экенсиң.
Куу дүйнөнүн түбүнө
Куусаң кантип жетесиң?
Курулай корко берсең сен
Куураган бойдон кетесиң.
Коркуп жүрүп кор болуп
Корлукка көнгөн экенсиң.
Кансырап айтпай сөзүңдү,
Хандан кыстоо сөз келсе
Кармап бергин өзүмдү!
Кадыр алда кудурет
Канча дүнүйө мал берип
Ач кылыптыр көзүңдү.
Калмактан коркуп калтырап,
Кытайдан коркуп кылтылдап,
Жүрсөм кудай урбайбы.
Энеден не деп тубамын,

Эрлердин жолун кубамын.

Эзелки жерим албасам,

Асабасын жайбасам.

Атым өчүп, конушту,

Алдырсам кудай урбайбы.

 

          Акыры, Жакып бай да кайратына келет:

 

Карыя Жакып кеп айтат:

Карап турсаң калайык

Капырдын баары болду жоо,

Камданбасак болбойт го.

Тукум калбай кырылып

Тумшугубуз катпайлык,

Туйгун минтип жатпайлык.

Баарыласа, көптөсө

Балакетке салбасын,

Баш көтөрөр айылда

Бала калбай калбасын.

Ургаачыңды күң кылып,

Таң атпаган түн кылып,

Эркегиңдин баарысын

Таманга басып жүн кылып?

Сатыкка салып кул кылып,

Сандыкка салып пул кылып,

Зардалдын баарын өлтүрүп

Зайыбыңды тул кылып,

Санабай малың айдатып,

Сай кашкаңды* жайлатып,

Ата-уулудан түк койбой

Айдап жүрүп кырбасын

Ар тарапка сайлатып.

Баарыңарга эп болсо,

Бай Жакып айткан кеп болсо,

Камданган болуп калалык.

 

      Демек, ата уулдук ар намыс, патриоттук сезим эл тарабынан жогору бааланган, эпостун негизги тема, идеясы менен тыгыз байланышкан, жогору бааланган темалардан.

     Ар бир инсандын – эл мүчөсүнүн жеке өз керт башына таандык ар намысы бар. Анын чеги ошол адамдын жүрүш-туруш адат-сапаты, жорук-жосуну, тарбиялык деңгээли, мүнөзү, жалпы эле ички-сырткы адамдык касиети менен белгиленет, абийирин таза сактоо, булганыч, бузуку, пас, терс ишке барбоо, адамкерчиликтен чыкпоо, адамдын кадыр-баркын кетирбөө сыяктуу жүрүш-туруш эрежелеринен көрүнөт. Ал эми жеке адамдык ар намыс ата уулдук намыс түшүнүгүнө өтүп, ал түшүнүк жалпы элге пайда келтирүүгө, кызмат кылууга түрткү болуп жол ачса, анда улуттук ар-намыс жаралат.

       Ата-уулдук ар-намыс кандайдыр айрым топтун, элдин, улуттун  алкагы менен гана чектелип, тар максатты көздөсө ал келечексиз, демек патриоттукту эмес, жалпы эл кызыкчылыгына каршы келе турган мүдөөнү улутчулдукту жаратат, же акыры чектелген улутчулдукка алып келет. Куру намыс ийгиликке алып барбайт, кырсыкка гана себепчи болушу мүмкүн.

            Ошондуктан, элибиз: “Куру намыс - баш жарат” – деп, ата уулдук намыс  максаттуу, келечектүү, түпкү максаты кенен болуусуна көңүл бурат, ата уулдук чыныгы ар намыс өзгөчө ардакталат.

       Ар намыс, атуулдук ариет идеялар бүгүнкү күндө жалпы элдин активдүүлүгүн жогорулатуунун фактору болуп саналат.

      4-осуят. Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр – билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу.

 

Жетимиш түрлүү эл көргүн,

Жетимиш түрлүү тил билгин,

Керүүгө тиккен багың жок,

Керсейип жүрөр чагың жок,

Дардайып жатар убак жок,

Мээнеттен, элим, мээнеттен!

 

–деп эпосто эмгек, өнөр-билим өзгөчө кадыр-баркка ээ. Чыгармада катышкан оң каармандардын ичинде эмгектенбеген адам жок, деги эле эмгектенбей жан сактоого, жашоого мүмкүн деген түшүнүк да жок. Ар бир адам өз алына жараша эмгек кылат, арыбай эмгектенишет. Байлыкка, бакубат  турмушка кажыбас эмгек аркылуу гана жетишүү мүмкүн. Буга Алтайга айдалып барганда эгин айдап, алтындын кенин казып жан баккан, эмгеги менен байлыкка жетишкен кырк үйлүү кыргыз, алардын арасында эсепсиз бай Жакып далил. Баланы жашынан турмуштун өйдө - ылдыйы менен тааныштыруу, жакшы жаманды билип, ач-ток болуп, “сөз айтууга жатыксын, сөөгү бышып катыксын” үчүн эмгекке тарбиялоо зарыл делип түшүнүлөт. Ошон үчүн Манастын өзү да 8 жашынан козу кайтарат, 12-13 жашынан жылкы багат.

Атагы жер жарган баатыр, кан Манастын аялы Каныкей мал багып, үй тигип, Аккуланы таптап, баатырга жана кырк чорого курал-жарак камдап, жоо кийимин тигет, жалаң эле Кошой алп кийген дүйнөдө жок  сонун кандагайды бир жарым жыл иштеп мээнеттенет.

Эпостун түшүнүгү боюнча эмгек өнөр билим менен айкашканда үзүрлүү жана натыйжалуу болот. Жалпы эле колунан көөр төгүлгөн чебер уз, дөөтү менен достошкон устадан тартып өнөр ээлери жогору бааланат. Алардын ичинде учкан менен түрдүү түргө өтүп кубулганды билген өзгөчө билимдүүлөр да бар. Манастын кырк чоросунун арасында Ажыбай сыяктуу алтымыш уруу тил билген, сөзгө жүйрүк чечени, тили жатык Ырчы  уул, Агыш, Көгүш аярлары ж.б. өнөрлүүлөрү көп.

Билимдүү болуу артыкчылыгы айрыкча Алманбет менен Каныкейдин образдары аркылуу баяндалган. Алманбет эпосто ошол учурдун эң татаал окуусу болгон ажыдаардын окуусунан окуп, мыкты билим алган адам деп сүрөттөлөт. Ал учканды билет, күн жайлап жаан жаадырып, жай чилдесин кышка айландыруу колунан келет. Алманбет согуш өнөрүн мыкты билет, кыргыз кошунун эсепке алып, 10, 100, 1000, 10000 түрдөгү топторго бөлүп, ар бир топко жөндөмдүү боюнча ылайыктуу адамдарды башчы кылып бекитет, катуу тартип орнотуп, узак жана татаал жолду чыгашасыз басып өтөт. “Чоң казат” учурундагы иш аракеттери ийгиликти, жеңишти камсыз кылат.Каныкей да жашынан окуп били алган адам, аны менен кошо эки пери, бир кыз кошо окушат.

Ошентип жашоодогу бакубат турмушка мээнеттүү эмгек аркылуу жетүүгө мүмкүн деп түшүнүү жана эмгек билим, өнөр менен бекемделсе, бириксе алда канча ийгиликтүү натыйжа чыгат деп ишенүү да ата-бабабыздан келе жаткан мыкты салт. Бул салтты колдоо,  бүгүнкү күндүн талабына  ылайык кеңири пайдалануу-ар бир инсандын ар-намыстык парзы.

Азыр алдыңкы өнөр-билимге умтулган кыргыз улан-кыздары төгөрөктүн төрт бурчунда: Америка менен Англияда, Германия менен Японияда, Канада менен Кытайда дүйнөлүк билим алып, эмгектенип, өнөр-билимге каныгып жатышат. Алар-Кыргызстандын келечеги.

 

 

 

            5-осуят. Гумандуулук, кечиримдүүлүк жана айкөлдүк.

Манас согушка кирер алдында жоокерлерге:”Жамандык кылба, жан кыйба, жетим уул, тул катынга, - деп жаш бала, кары киши, аялдарга тийбөөсүн эскертет.

 “Манас” баатырдык эпос болгондуктан, аны мазмуну чагылдырылган шартта жортуулга баруу, олжо алуу  адаттагы  көнүмүш иш. Бирок, эпосто ар бир согуш эки жакка тең оор жоготууларды, бүлүнүүнү кайгы алып келери басым жасалып, кеңири сүрөттөлөт. Бул аркылуу ошол согуштарга элдин каршы экендиги айгинеленет. Манас баш болгон кыргыздар дайым коргонуп, өзүлөрү баскынчылык максаттагы согуш ачышпайт. Ал эми башка элдер жашаган жерге барып жүргүзүлгөн согуштарда бетме-бет кармашкан учуру бүтөрү менен анын жыйынтыгына жараша согуш да токтойт, салтка ылайык тартуу тартылып, эки эл жарашат. Он бир дуудуга каршы согуштар, же душмандардан Ала-Тоо аймагын бошотуудагы аракеттер мунун далили. Манас талап-тоноочулукту тыят, башчысыз калган элге өзүлөрү каалаган канын шайлап берет:

 

Кутуларга жери жок,

Курчап аскер калганы,

Өжөрлөнүп Текес кан

Өзүнө бычак салганы.

Өткүр Манас айкырып:

Кылыч чаппай, ок атпай,

Кыйынсынып жаа тартпай

Алдырып салган ким дейсиң,

Албаңар жырык ийнесин,

Не кыласың калмактын

Эзелден жыйган дүйнөсүн.

Кош-кошко* союш алыңар,

Корооңдо калды малыңар.

Байынан союш алсаң да

Коңшусун коюп салыңар.

Кары, жашың, чалыңар,

Дүнүйөдөн куруп калгандай

Кантесиңер баарыңар!

Аны айтып акырып,

Аскердин четин жапырып,

Арстан Манас токтотту.

Ата уулунун баарысын

Айдап кел деп жоктотту.

Канкор Манас түгөнгүр

Калмакты аяп не кылат?

Кызыталак куу канкор

Кытайды аяп не кылат?

Күңкүү сөзүн айтышып,

Акыястын оюна

Аскер келди кайтышып.

Каныңар Текес өлдү деп,

Кашындагы Куястын

Карынын өзү бөлдү деп,

Калайык көзүң көрдү деп,

Насыят айтам акыр деп,

Ата уулудан түк койбой

Азыр баарын чакыр деп

Төтөнүн Түрсө белине

Түгүн койбой чакыртты.

Тыргоот, калмак элинен

Эки жүз миң он алты

Эсен келди бар калкы.

Эми Манас кеп айтат,

Карап турган калмакка:

Ээ, калайык деп айтат,

Текес өлдү дуу-дууңар *,

Текши баарың турдуңар.

Баашабыз өлдү дедиңер,

Башы жок калса денеңер

Тирилигиң болобу,

Тим койсо Манас оңобу.

Тууганың бар, уругуң,

Өзү өлдү Текес улугуң,

Каныңарды каала деп

Калкыңа айтып турумун,

Жакыныңдан кан шайла,

Жалганы жок мунумдун.

Көтөрүп тууңду байла деп,

Көпчүлүк каның шайла деп

Көк жалың Манас айтты кеп.

Көпчүлүк баары дүрбөшүп,

Бирин бири жүр дешип,

Капилет өлдү каныбыз,

Калдык аман жаныбыз,

Акылмандар бирөөнү

Атап канга салыңыз.

Көпчүлүк муну айтышты,

Көөсөрлөр үйгө кайтышты,

Көсөмдөр токтоп калышты,

Канга ылайык ким дешип,

Кары-жашың бил дешип

Ортосуна салышты.

 

Согуш убагында колго түшкөндөргө кордук көрсөтүп залал кылбай, жаралууларга жардам бергени, “согуштан артык сойбоңор, бүгүн душман, эртең эл бүлүндүрүп койбоңор!” – деп талоонду, зордукчулукту тыйышы, катын-кызга катылба, жолго зыян болот” – деп карысы жашын жемелеп, терс ишке жолотпой кайтарып туруусу ж.б көптөгөн фактылар кыргыздар согуш жана ага байланышкан иш-аракеттерди адамгерчиликтин, гумандуулуктун чегинде жүргүзгөндүгүн айгинелейт.

Жай турмушта болсо колунда жогуна каралашуу, карыларга,  жетим-жесирге садага, кайыр берүү, мүдөөсүн орундатуу -жалпы кабыл алынган адаттагы көрүнүш, салттык белги. Мисалы, той учурунда устукан албай калып ыза болгон атасыз жетим балдарга Чыйырдынын боору ооруп бир-бирден чапан кийгизет, ар бирине жарым койлук эт берип кетирет. Кошой Жолойду жыкканда алган байгесин жалгыз мал койбой бечера карыптарга бөлүп берет. Каныкей жетим бала башына бирден муштумдай жамбы таратып кайыр берет. Ушул сыяктуу көптөгөң белгилүү каармандардын марттык, боорукерлик адамгерчиликтүү иштери,  сооптук, кайрымдуулук иш аракеттери баса белгиленип сүрөттөлөт. Мисалы, ат чабыштарда биринчи келген Аккуланын байгесин Манас дайыма бөлүп берет:

 

Аккуланын байгесин

Атпай журт көрдү пайдасын.

Төрт уруу журтка төрт бөлдү,

Казак, кыргыз, калмак, сарт,

Теңдеп бөлдү олжосун,

Кабылан Манас кандай март!

Олжону бөлүп алышып,

Оюн-күлкү салышып….

 

Алмамбет Көкчөгө таарынып аттанып чыгып, артыман келер деген үмүт менен ачка талаада үч күн күтүп жатып, акыры эч ким келбесине көзү жеткенде элсиздигине, жалгыздыгына арман кылып, кайда барарын билбей айласы куруп келе жатканда ызгыч куш улам келип тээп өтүп кыжырына тийет. Туталанып, санаага батып келе жаткан Алмамбет итатайы тутулуп, жадагалса ушул да мени мазактайт деп ачуусу келип:

Койсоңчу, ызгыч, кордобо,

Жолума чыгып торгобо,

Өзүңдү зордобо,

Айдаркандын Көкчөдөй

Жалгызсың деп кордобо!,-деп куштун канатын атып салат. Кайра ага боору ооруп:

 

Тийбегин десем болбодуң,

Титиреп жолум торгодуң,

Бүтүрөйүн канатың,

Бейкүнөө жанга катылбай

Сен да тап деп жолуңду

Кайнатма кара дары бар,

Канатын азыр бүтүрчү

Канча дары баары бар.

Сүйкөп алып жарага

Сынып калган канатын

Кыябына салганы,

Алып алтай кырмызы

Канатын аста таңганы.

Дарыга канат сырдады,

Тал жибек менен чырмады,

Учурмакка Алмамбет

Ызгычты кармап ыргады.

Үйүңдү тап деп жаныбар,

Уяңда балаң дагы бар,

Учуруп ийген чагы бар.

 

Алманбеттин бул боорукердиги гумандуулуктун белги касиетине жаткан философиялык мааниге ээ көрүнүш.

                             Эпосто жогору  баа берилген “айкөл” деген эпитет Манаска карата гана колдонулат. Манастын айкөлдүгү анын калыстыгы, баарына тең карап, бирдей мамиле кылгандыгы, адилеттүүлүгү, кечиримдүүлүгү, анча-мынча майда баратка көңүл бурбагандыгы, кек сактабагандыгы, ак пейилдүүлүгү менен сыпатталат. Ал кырк жерден келген чоролорун баш коштуруп, жеке эле кыргыздар эмес көптөгөн башка уруу, элдердин башын курап, бириктирип элге айлантат, нечен менменсиңген баатырларды ынтымакташтырып, өз айланасына топтойт, кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылып, жаманын жашырып, жакшылыгын арттырып айкөлдүк кылат. Алмамбет келгенде тосуп алганы эпосто мындай сүрөттөлөт:

 

Кан тартуусуз түшчү эмес!

Камдаңар ылдам тартуусун,

Кааласа турар элиме,

Каалабаса калкымды

Өзү билер кайтуусун,

Күлүктөн тартуу камдаңар,

Күрөөкө тондон жамдаңар,

Баш тулпардан байлаңар,

Баатырдын көөнүн жайлаңар!

Самаган сапар жолуна

Аялуу мүлкүм Аккелте

Асалык анын жонуна,

Албарстан учтуу Сырнайза,

Аны берип колуна,

Кийгизиңер, Аккүбө

Кийүүчү кийит тонуна!

Алтын саптуу Ачалбарс,

Аны байла белине,

Арзыбаса кыргызга

Ала кетсин баруучу

Каканчын-Бээжин жерине,

Кааласа кетсин каркыбар

Капыр да болсо улуу журт,

Калың кытай элине.

 

      Эпосто кечиримдүүлүк сапатына да өзгөчө маани берилет. Мисалы, Алмамбет чалгынга Сыргак менен барганына ич тарлык кылып Алмамбетке ачуу сөздөрдү айткан Чубак сөзгө жыгылып, өз күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурайт. Алмамбет да кек сактабай кечирет:

 

Акбалтанын Чубагы

Уят болуп турду эми.

Оенум, Алмам кечип кой,

Көгала түгүл, Алаке,

Кара башым тартуу деп

Көгаланы жетелеп,

Күнөөмдү кеч деп тиленип,

Алмамбетке келди эми.

Ичинде калбай эч бир кек,

Ыраазы болуп Алмамбет,

Аттан түшүп түйүлүп,

Сараланы жетелеп,

Чубакты көздөй жүгүрүп

Камчысын салып мойнуна,

Күнөөмдү кеч деп Чубакка,

Алмамбет турат жүгүнүп.

 

      Ушундай эле кечиримдүүлүк сапат Каныкейге да, айрыкча Бакайга мүнөздүү.

Демек, жалпы адамзат баалаган гумандуулук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк  сапаттары “Манас” эпосунда адам сапаттарынын ичиндеги мыктылары катары жогору коюлган, орчундуу маани берилген, аларды баалоо элдик салтка айланган түшүнүктөрдөн экени көрсөтүлгөн.   

       Өлкөбүздүн бүгүнкү шартында жалпы калкыбыздын келечеги, ынтымагы, ийгилиги, тынчтыгы үчүн бул түшүнүктөрдү туу тутуу, кармануу, өткөндү кечиришип, келечекке кадам коюу - көп улуттуу мамлекетибиздин ар бир тургунунун инсандык парзы.

6-осуят. Табият менен таттуу мамиледе болуу.

        Эпосто Ала-Тоонун көз тайгылткан жаратылышын сактоо жөнүндө көп ойлор бар. Эл табиятты ыйык санап: “Калп айтсам төшү түктүү жер урсун, төбөсү ачык көк урсун”, - деп сыйынышат. Айрыкча туулган жердин топурагы май, ташы алтын, тоосу-төрү кымбат, өзгөчө баалуу экени Каныкейдин Семетейге эли-жерин сүрөттөп берген бул эпизодунан даана көрүнөт:

 

Талас деген жериңдин,
Бетегеси бураган,
Тоосунан булак кулаган,
Тереги көктү тиреген,
Текеси чөбүн жиреген.
Алмаларын алып жейт,
Бычак менен жарып жейт,
Күрүчүн күздүк айдатат,
Күлүгүн жемге байлатат.
Күнчүлүк жерге шайлатат,
Арпасын күздүк айдатат,
Аттарын жемге байлатат,
Айчылык жерге шайлатат.
Жармасынан чайы көп,
Жардысынан байы көп,
Кара малдан төө көп,
Карды салык бээ көп.
Калайынан күмүш көп,
Кара эгинден күрүч көп.
Өрдөгүнөн казы көп,
Өлөңүнөн сазы көп.
Барганыңда көрөөрсүң,
Кулун, тайы кунандай,
Кыз-келини жубандай.
Учуп чыккан чымчыгы,
Тоодон учкан улардай.
Чымчыгынын үнүнө,
Чыдап пенде туралбай.
Барганыңда көрөрсүң.
Адыр-адыр жеринде,
Аркары жатат куюлуп.
Аркары адам тааныгыс.
Таласта азаптуу пенде наалыгыс.
Будур-будур жеринде,
Бугусу келет куюлуп.
Бугусу пенде тааныгыс,
Таласта  азаптуу пенде наалыгыс.
Ала-Тоо мекен жери бар.
Ак калпак кыргыз эли бар.
Өткөн арбак конгон жер,
Өрүшү малга толгон жер.
Жаткан арбак конгон жер,
Жайыты малга толгон жер
Кең Таластай жер кайда?..

 

       Ата-баба мекендеген жердин кооздугу, кымбаттыгы көзгө өзгөчө жылуу, өзгөчө сулуу көрүнүшү Семетей Таласка жаңы келгендиги анан көргөнү, сезими аркылуу эң элестүү сүрөттөлгөн:

 

Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас,

Жер соорусу турбайбы,

Муну жердеген адам тунбайбы!

Адыр-адыр бел экен,

Бөлүнгөн эчен төр экен,

Бөлөкчө бейиш жер экен!

 

Адырдан аркар куюлуп,

Адырдын чөбү суюлуп.

Будурдан бугу куюлуп,

Бугусу пенде тааныгыс,
Будурдун чөбү суюлуп,

Жаткан экен кеңТалас!

 

        Көчмөн эл кыргыздардын жашоо шартынын ийгилиги, келечеги көп жактан табийгат-жаратылыш кубулуштарына баш ийген, көз каранды болгон. Жашаган жери ыңгайлуу, шарты жакшы болсо турмушу оңолуп, малы көбөйүп, жашоосу жакшырат. Табигат менен таттуу мамиледе болуу, жашаган, пайдаланган, убайым көргөн жана аны курчап турган айлана чөйрөнү урматтоо, кооздугуна суктанып ыракат алуу, ал кооздукту баалоо, дайым бузулбай сакталышына кам көрүү, өзүлөрүн ошол табигаттын кулуну катары сезип, жашоо-тиричилиги кандай болору ага тыгыз байланышканын туура түшүнүү кыргыздар үчүн мурдатан келе жаткан өзгөчө барктуу салттык көрүнүш.  Кыргыздар ар бир өзгөрүштү терең сезип, андай өзгөрүш терс натыйжаларга алып келбеси үчүн кам көргөн, “Кожожаш” эпосунда, өз баласы  Карагулду эликтин чаарчыгы экен деп атып алып “Карагул ботом” деп боздогон мергендин образында элестүү сүрөттөгөн. Ч.Айтматов белгилегендей, экологиялык проблема деп жалпы адамзат азыр көтөрүп жаткан көйгөйдү элибиз байыртадан бери эсине алып, табиятты аздектеген, зыян келтирбей, таттуу мамиледе жашаганга аракет кылган.

Мисалы, жер айдап, үрөн сепкенде элибиз минтип ырдаган:

 

Мына, септим уучтап,                  

Жылуу жерден конуш тап.           

Бу - жетим-жесирге,                      

Мунусу - карып-мискинге.          

Бу - ач-арыкка,

Мунусу - алсыз-карыпка,             

Булары - курт-кумурскага.           

Мунусу - сурамчыга,                     

А бул - тилемчиге,                        

Булары саламчыга.

Калгандары: сизге, бизге, мага.

 

        Табиятты аздектеген  асыл салттын маани-маңызы бүгүнкү шартта айрыкча жогору. Жаштан карыга чейин республикабыздын ар бир тургуну Ысык-Көл, Арстанбап, Нарын, Сары-Челек сыяктуу ажайып кооз жайларыбыздын,  Арпа, Аксай, Суусамыр, Алай  өңдөнгөн адамга ырахат берген жайлоолорубуздун, Сары-Өзөн Чүй, Таластай көптөгөн элибизди баккан өрөөндөрүбүздүн,  жалпы Кыргыз Республикабыздын керектүүнүн баары бар өзгөчө кооз жана жашоого ыңгайлуу аймагынын,  тоосунун, токоюнун көргөн адамды суктанткан көркү бузулбай, бөксөрүп кетпей, кемибей, касиетин жоготпой, түшүмдүүлүгүн төмөндөтпөй сакталышынын камын көрүү, ага жакын досу катары таттуу жана этибар мамиле кылууну өз парзы деп эсептеп, ата-бабабыздан калган салтты бузбай аткаруусу зарыл.

            Цивилизация өркүндөп өскөн сайын экология маселеси өтө актуалдуу бойдон калып жатат. Атомдук бомбалардын ар кандай түрлөрүн сыноо, химиялык-биологиялык заттарды колдонуу адам менен табигаттын ортосундагы мамиленин бузулушуна, Адамзат менен Ааламдын тең салмактуулугун жоюуга алып келет. Натыйжада адамдын жашоосунун эволюциялык процесси бузулат. Буга Чернобыль, Фокусима аварияларын, болуп жаткан ар кандай ташкындарды, цунамилерди, өрттөнгөн токой массивдерин мисал келтирсек болот. Андыктан, табигатты коргоо чараларын бир эле мамлекеттин иши деп түшүнбөстөн, жалпы адамзаттын жоопкерчилиги жана милдети деп түшүнүп, ар бирибиз колдон келишинче аракеттерди көрүүбүз керек.

7-осуят. Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана көздүн карегиндей сактоо.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                               

Кошой баатыр Манаска элди, жерди сакта деп айтканынан мисал келтирели:

 

Кенен ойло башынан,

Кебелбес болсун казынаң.

Күттүрбөстөн сен жатсаң,

Бир күнү чабар айлыңды.

Ошого моюн бербеске,

Ок өтпөгөн тон камда,

Куусаң жетпей калбаска,

Ок жетпеген ат камда.

 

Кошойдун  бул насааты бүгүнкү күндө да актуалдуу.

       Манас” эпосунда кандуу журт – деген термин түшүнүк бар. Эпикалык душман аталган кытай-калмак жөнүндө сөз болгондо алардын күчтүүлүгүн, өсүп-өнүккөндүгүн белгилөө үчүн адатта, “Кытай да болсо кылым журт, калмак да болсо кандуу журт, качантан бери камдуу журт” – деген туруктуу ыр саптары кайталанат.

“Кандуу журт” түшүнүгүнүн маани-маңызы уюмдашкан, бир бүтүн катары баш кошкон, белгилүү тартипке, канга баш ийген элге айлануу, башкача айтканда, мамлекет куруу. Эпосто бүгүнкү түшүнүктөгү мамлекет, мамлекеттүүлүк болбосо да, уруу-уруу болуп, ар бир уруу өз бетинче эндекей жашаганга караганда кан деп аталган бир адамга баш ийип, биримдешип, уюмдашкан, кандуу журт мүнөздө жашоо алда канча артык деп түшүнүлөт. Ошон үчүн кыргыз, казак, калмак, манжу, маңгул ж.б уруу, элдер чогулуп, кеңешишип, Манасты кандыкка ылайык көрүп, кан шайлашат. Кан шайлоо эпостун түшүнүгү боюнча зарылчылык, ансыз эл өнүкпөйт, ийгиликке жетише албайт, баш аламандыктан кутулбайт, жоого да каршы тура албайт:

 

Тема 6(2)

 

 

Өкүм болбой өнүкпөйт,

Өзүнчө бу журт жөнүкпөйт.

Башчысы болбой марыбайт,

Баш аламан жарыбайт,

Ханы болсо кар болбойт,

Жарактуу киши зар болбойт.

Жайыт болбой мал болбойт,

Жабылса кытай жан койбойт,

Бекери болбой бек болбойт,

Бекер жатыш эп болбойт.

Каары болбой хан болбойт,

Дене болбой жан болбойт.

Тегерегиң баары жоо,

Тепсесе душман жан койбойт.

Калкалайм десең жаныңды,

Көтөрүңөр ханыңды.

Хан көтөрбөй болбос деп,

Каптаса душман койбос деп,

Хандуу журт болуп калалык,

Калаба кылса капырлар

Кайрат кылган бололук,

Өлүп калсак кокустан

Бир чукурга тололук,

Бекер жатпай эндекей,

Тирүү болсок баарыбыз

Бир дөбөдө бололук,

Пейли катуу бирөөңдү

Бек көтөрүп коёлук.

Калкка кабар салалык,

Кайраты бар бирөөңдү

Хан көтөрүп алалык,

Капыр келип кол салса

Каруу-жарак асынып,

Каршысына баралык.

Ушуну айтып бай Жакып,

Жандын баары күңгүрлөп,

Жакшы кеп деп дүңгүрлөп,

Жакып байдын доорунда

Жалпы аламан баарысы

Кол куушурду бооруна.

 

    Демек, жалпы эл чогулуп шайлаган кан башында турган мамлекеттүүлүктү жашоодогу биримдикти, өсүп-өнүгүүнү, тартипти, уюмдашкандыкты камсыз кылуучу зарылчылык деп кабыл алуу жана сыйлап, урматтап мамиле кылып, аны чыңдоо, сактоо да мурдатан келе жаткан элдик маанилүү салттардын, милдеттердин бири. Бүгүнкү шартта ошол элдик мыкты салтты ыйык сактап, так аткарууну мойнундагы парзы катары кабылдоо, аны так аткаруу республикабыздын ар бир инсаны үчүн чоң милдет.

            Кыргызстандын толук суверендүү, эгемен мамлекет болгонуна быйыл 20 жыл толот. Кыргыз Республикабыздын көз каранды эместигин жүздөгөн мамлекеттердин таанып отурушу, ООНдун штабквартирасынын алдында Манастын айкели коюлуп, желегибиз желбиреп турушу, кубантпай койбойт. Бирок, ошону менен бирге эле ушул жылдар ичинде эки элдик революциянын болушу, Искра, Маевка айлындарындагы, Оштогу коогалаңдуу окуялар мамлекетттүүлүктүн бүтүндүгүнө, тынчтыгына зыянын тийгизип, ойго салат. Саясатчы, серепчимин деген кээ бирөөлөрдүн Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп жашай албаса, түндүк-түштүгүн бөлүп алуу керек деген да түшүнүктөрүн угуп калып жатабыз.

         Эгер жаштарыбыз намыскөй, мамлекетчил болуп, өз камынан эл камын жогору койбосо, мамлекетибиз өсүп-өнүгө албайт, кыйынчылыктарды жеңе албайт. Кытай жазма эстеликтеринде биздин эрага чейинки II кылымдарда эле эскерилген кыргыз калкыбыздын ошол чектен да алда канча мурда түптөлүп, ошондон бери атын өчүрбөй сактап, жалпы адамзат тарыхында изин калтырып келген, өз алдынча жолу бар, уюткулуу элдердин биринен болгондугун унутпай, ал жолду андан ары татыктуу улап кетүү, ааламдашуу доорунда башка калайык калкка сиңип кетпей, өз жүзүн, мамлекетин, тилин, каада-салтын сактап калуу-жаш муундардын милдети.

Текшерүү үчүн суроолор?                                 

1.”Манас” эпосунун 1000 жылдыгын качан өткөргөнбүз?

2. 7 осуяттын кабыл алынышынын мааниси эмнеде?  3. Азырыкы жаштардын эпостон таасирлениши канчалык деңгээлде?

Тема 7

«Манас» эпосу искусствонун башка түрлөрүндө.   

 

7.1.Эпостун бүгүнкү күндөгү руханий, көркөм, идеологиялык, күнүмдүк турмушубузга тийгизип жаткан  таасирлери. «Манас» эпосу кыргыз адабиятында,  кыргыз музыкалык искусство жана театр өнөрүндө.  Ж. Бөкөнбаев «Семетей» пьесасы, А.Малдыбаев, В. Радлов, В.Фере тарабынан “Айчүрөк”, “Манас” операларынын музыкасы, композитор К. Молдобасанов тарабынан Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей”, “Сейтек”, “Айкөл Манас” драмаларына музыкалык сиюталар,  “Манастын ордосунда” аттуу симфониялык сүрөттөмөсү, М.Бегалиев тарабынан  “Манас” симфониясы жазылышы.  Ж.Садыковдун "Айкөл Манас","Манастын уулу Семетей", “Сейтек”, Ж.Кулмамбетовдун “Хан Жакып” драмалары.

7.2.Кино жана "Манас": "Манасчы", "С.Каралаев", "Улуу манасчы", "Жаш манасчылар" аттуу кино, теле, видео, даректүү фильмдер.

 7.3. "Манас" эпосунун көркөм сүрөт өнөрү, архитектура, скульптурадагы ролу. С.А.Чуйков, Г.Айтиев, Б. Жумабаев, Т. Курманов, С. Чокморов, Т. Герцен ж.б. сүрөтчүлөрдүн “Манас” эпосунун негизинде тартылган сүрөттөрү. Сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин Манас тууралуу сүрөтүнүн чечмелениши. 70-80-жылдардагы жаңычыл архитектура стилинде «Манас» аэробекетинин   салынышы (архитекторлор  В. Иванов, А. Жумакалиев, К. Куделя, инж. С. Лопатин). Т.Садыков тарабынан  Кыргыз филармониясынын алдындагы “Манас” архитектуралык – скульптуралык портреттеринин жасалышы(1986), «Манас» эпосунун 1000жылдыгына  арналып Бишкекте «Манас айылы» этномаданият борборунун (архитекторлор Д. Омуралиева, А. Алсеитов, О. Байгожоев. А Кожалиев, К. Сатаев, К. Мокеев, Ж. Исаков), Таласта  «Манас ордосунун» курулушу.

1-суроо.  “Манас” эпосу мазмундук-композициялык түзүлүшү жагынан тыкан, жыйынтыктуу келип, оң-терс кейипкерлердин ортосундагы күрөш кыймыл-аракетке, драматизмге карк келгендиктен, каармандардын кеби так, таамай, кыска болгондуктан,  сюжеттери жана образдары кыргыз драматургиясында көркөм иштелип,  бир нече драма, либреттолорго негиз болуп, кыргыз театрларында, коңшу өлкөлөрдүн театрларында ийгиликтүү коюлуп келет.

       «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде эң биринчи  жолу 1937-жылы залкар талант Ж. Бөкөнбаев «Семетей» пьесасын жазган. 1938-1939-жылдарда кыргыздын туңгуч улуттук операсы  «Айчүрөк» жаралат. Либреттосун  эпостогу «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» аттуу эпизоддун негизинде Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов, Ж. Турусбеков, музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган.

       Жаш режиссер Аманкул Куттубаев Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театр институтунун режиссердук факультетин бүтүп келери менен кыргыздын тунгуч операсы “Айчүрөктү” коюуга киришет. Алгач опера 1939-ж. 12-апрелде Кыргыз мамлекеттик музыка театрында коюлган.

         Операнын авторлору В.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере, дирижеру В.Целиковский, сүрөтчү Я.Штофер, балетмейстер Н.Холфин, хормейстр П.Меркулов,  режиссер Аманкул Куттубаев жана башкы каармандарды аткаруучу артисттер бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара нака чыгармачылыкта эмгектенгендиктен, эпикалык-баатырдык опера 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын он күндүгүндө борбордун көрүүчүлөрү, атактуу өнөр ишмерлери тарабынан жогорку баасын алат.  

«Айчүрөк» операсынан көрүнүштөр:

                   

Семетей—А.Касымов, Айчүрөк—С. Кийизбаева, Калыйман-А. Куттубаева, Күлчоро — М. Баетов  (1939);

      Кыргыздын тунгуч операсы “Айчүрөктүн” башкы каармандарын андан бери ондогон таланттар сахнага алып чыгышты:

 «Айчүрөк» операсынан, Семетей-Э. Касымов.

 

  И.Деркембаева-Айчүрөк. «Айчүрөк» операсы, 1963

 Айчүрөк — К. Сартбаева, Чачыкей — Ч. Иманкулова (1976)

1941-1945-жылдарда Т.Сыдыкбеков, К. Рахматуллиндин  «Манас  менен Алмамбет» драмасы, А.Токомбаев, К.Маликовдун «Манас», К.Маликовдун «Сейтек» аттуу либреттолору жазылат.  «Манас» либреттосуна В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере музыка жазып, опера өнөрүнүн алтын казынасынан орун алган «Манас» операсы жаралат.

      «Манас» операсынын эки редакциясы бар. Биринчиси 1946-жылы, экинчиси 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган. Алгачкы вариантында шаан-шөкөттөр, ашыкча эпизоддор  көп болуп, Манас менен элдин биримдүүлүгү белгилүү деңгээлде чечилген эмес, 1966-жылкы коюлушунда кемчиликтер оңдолуп, көркөмдүк бийик деңгээлге көтөрүлгөн. Операнын авторлору 1970-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон. Опера Москва, Ленинград шаарларында да ийгиликтүү коюлган. Операда ойногон кээ бир таланттарды атап кесек: Боталиев Ашыралы (1906-1981) - улуттук театр өнөрүн      баштоочулардын бири, Кыргыз ССРинин  эл артисти, эки Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, бир нече медалдардын ээси. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз

искусствосунун он күндүгүнө даярдалган «Айчүрөк» операсынан актерго Чынкожонун партиясы ыйгарылган. Ички душман катары сүрөттөлгөн бул каармандын татаал образын чеберчилик менен сахнага алып чыккан ырчынын ийгилиги москвалыктардын купулуна толот. Согуштан кийин «Манас» операсынан Бокмурундун партиясын аткарат.

     Жалгасынова Дарыйка (1941, Киров р-ну, Чолпонбай айылы) —1966-жылы «Айчүрөк» операсында Калыймандын, 1968-жылы «Манас» операсында Канайымдын партияларын  актердук чеберчилик менен аткарат. 1983-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти деген наам ыйгарылган.

       1982 – жылы жазылган драматург Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасы Токтогул  атындагы мамлекеттик сыйлыкка арзыйт. “Сейтек”(1987), “Айкөл Манас” (1990) драмалары да  КМАДТда  ийгиликтүү  коюлуп, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапты.

     Бул үчилтикти сахнага алып чыгууда каармандардын образын көптөгөн таланттуу актерлор таасирдүү ачып берген. Алар:

 Жаманов Сыдыкбек — Ба­кай («Манастын уулу Семетей”, 1982).

 

Даркүл Күйүкова — Чыйырды, «Манастын уулу Семетей», 1982.

 

Далбаев Сатыбалды — Жакып («Манастын уулу Семетей» драмасы, 1982).

 

 Сайрагүл Балкыбекова — Бакдөөлөт («Манас­тын уулу Семетей»,1982).

 

 Мираида Далбаева — Чачыкей, «Сейтек» драмасы, 1989).

 

Советбек Жумадылов —Семетей  «Сейтек» драмасы, 1989).

 Эгемберди Бекболиев-Сейтек. «Сейтек» драмасы, 1987

 

«Айкөл   Манас» драмасы-ыр менен жазылган эки бөлүмдүү эпикалык драма-трагедия.

          

Кошойдун бата берүүсү («Айкөл Манас» драмасы, 1990).

 

«Айкөл   Манас».   Спектаклден бир көрүнүш (1990).

 

Күнболот Досумбаев — Манас. «Айкөл Манас», 1990.

 

Гүлшайыр Дулатова — Чыйырды «Айкөл Манас» драмасы.1990.

     “Манас” эпосу кыргыз сүрөт өнөрүнүн көркөм өнүгүүсүндө да зор таасир тийгизүүдө. С.А.Чуйков, Г.Айтиев, Б. Жумабаев, Т. Курманов, С. Чокморов, Т. Герцен ж.б. сүрөтчүлөрдүн “Манас” эпосунун негизинде тартылган сүрөттөрү көркөмдүк өзгөчөлүктөрү менен көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жогору баага арзып келет.

  Б.Жумабаев. Манасчы Саякбай Ка­рала уулу.

Сүрөтчү эпостук образдар аркылуу улуттук мүнөздү ачууга аракеттенген.  «Тулпарлар» аттуу китептин жасалгасы үчүн 1965-жылы Орто Азия жана Казакстан республикаларынын сынагында 1-даражадагы, Бүткүл Союздук конкурста 2-даражадагы диплом менен сыйланган.

    Сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин Манас тууралуу сүрөтүнүн өзөгүн эпостогу төмөнкү ыр саптары түзөт:
 

 

«Айың менен Күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй.
Алтын менен Күмүштүн,
Ширөөсүнөн бүткөндөй.
Алды калың кара жер,
Жердигинен түткөндөй
Асты жагын карасаң,
Ажыдаардын түрү бар.
Арт жагынан карасаң,
Алтымыш эрдин сүрү бар.
Кара чаар кабылан,
Капталынан чамынып,
Чолок Көк жал арстан,
Жандай салып камынып,
Алп кара куш үстүндө,
Канаттары калдайып...
 

 

          Бул сүрөттө кыргыздын бүтүндөй дүйнөсү жатат. Манас ай тамга менен күн тамганы жана кабыланды өзүнө тотем кылган. Бүркүт- Асман, кабылан -Жер, ажыдаар -суу, бул үч дүйнөнүн биримдиги. Кытайлар кыргыздарды Азиянын арстандары, шер мүнөздүү эл дешкен. Шер деген сырттан. Сырттан деген бийик тоодо жашаган илбирс. Илбирс эркиндикти сүйгөн жаныбар, бирөөгө баш ийүүнү каалабайт. Ушундан улам, кытайлар «бул кыргыздын жигити колго түшсө кул болбойт, кызы колго түшсө күң болбойт. Буларды жеңиш үчүн баатырдык касиеттерин жоготуш керек»- деген экен.

        Сүрөттөгү Манас баатырдын артында Алп каракуш жана 60 эрдин сүрү бар байыркы кырк чоронун кырк уруусунун эн тамгасы-кырк кандыктын белгиси турат. Чоролордун баары ар элдин ханы болушкан. Ошол кырк кандыктын башын бириктирип, аларга бийлик жүргүзүп келген Манас канкор, б.а. кандын каны, Кудайдан кийинки жерде бийлик жүргүзө турган султаны, падышасы болгон.

       80-жылдарда  кыргыз архитектурасында кыргыз улуттук этномаданиятынын негиздерин чагылдыруу иши башталат. 1981-жылы жаңычыл архитектура стилинде «Манас» аэробекети  (архитекторлор  В. Иванов, А. Жумакалиев, К. Куделя, инж. С. Лопатин) салынган. 1986-жылы  Т.Садыков тарабынан  Кыргыз филармониясынын алдындагы “Манас” архитектуралык – скульптуралык портреттери  жасалып, Бишкек тургундарын жана конокторун эпос дүйнөсүнө жакындатып турат.

      «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата 1993-жылы  «Манас айылы» аттуу Эл аралык архитектуралык сынак жарыяланып,  архитекторлор Д. Омуралиев, А. Алсеитов, О. Байгожоев. А Кожалиев, К. Сатаев, К. Мокеев, Ж. Исаковдун долбоору жеңүүчү деп табылат, комплекстин курулушу башталат.

    «Манас айылы» архитектуралык комплекси борборубуздун түштүк бөлүгүндө, «Ысык-Көл» мейманканасынын жанында курулган. Аянты 6 га, жалпы улуттук майрамдарды, маданий иш-чараларды өткөрүүгө арналган. «Манас айылына» келген меймандарды кире бериш жерден  40 скульптура- «Манастын кырк чоросу» тосуп алат. 

       Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплекси (КУМОК) – Талас облусунун Таш-Арык айылында жайгашкан. 1995-жылы БУУнун жардамынын негизинде «Манас» эпосунун 1000 жылдык маарекеси дүйнөлүк масштабда өтүлгөн. 1996-жылга чейин “Манас” коругу болуп  келген. 1996-жылы расмий түрдө КУМОК деген статус берилген. Азыркы учурда 70 ке жакын жумушчу топ эмгектенүүдө. UNESCO уюмунун жардамынын негизинде Манасчылар мектеби түзүлгөн. Учурда  манасчы Жумалиев Анарбектин кол алдында 7 жаш манасчы: Мырзаканов Ж, Ыдырыс уулу, Чокоев У, Нурлан уулу, Накыпов К, Мамыров М, Тилек уулу таалим алып,  көптөгөн мамлекеттик денгээлдеги сынактарга катышууда. КУМОКде көптөгөн объектилер курулган. Алар: администрациялык корпус, Манас таануу борбору, автоунаалар жайы, Манастын кырк чоросун чагылдырган көпүрө же арка, оң тарапта “Манас ата” гүлзар багы, гүлзарбактын ичинде Манас жана анын кырк чоросунун айкели чагылдырылган, сол тарапта Манас айылы, 2 кабаттан турган “Манас эпосунун” музейи, Манастын күмбөзү, Манас кароол чокусу, элдик дарыгерлер борбору, түлөөкана, улуттук ат оюндары ойнолуучу “Ат майданы” жана башка кичи объектилер жайгашкан.

        “Манас” эпосу жана манасчылар туурасында кино, теле, видео, анимациялык фильмдер тартылып, көрсөтүлүүдө.

1962-жылы Л. Турусбекова тарабынан «Манас» темасында тартылган тасмалардын сериясынын башатында турган «Улуу Эпос» аттуу фильм тартылган. 1965-жылы Б. Шамшиев «Манасчы» фильминде улуу манасчы Саякбай Каралаевдин образын көрармандарга таасын ачып берген. Фильм Оберхаузен кинофестивалында баш байгени жеңип алган.

      80-жылдардын аягынан тартып, «Манас» темасында тартылган М. Убукеевдин «Акыркы манасчы» (1989), Ш. Апыловдун «Кааба» (1992) аттуу тасмалары эпос өмүрүнүн уланып жаткандыгын көрсөтөт. Ал эми Э. Абдыжапаровдун «Менин пирим Алманбет» (1993) аттуу тасмасында айтуучулук чеберчилиги бар, бирок манасчы боло албаган адамдын элеси чагылдырылган.

      2010-жылдын 20-июлунда болуп өткөн «Манас» жана «Семетей» китептеринин бетачар аземинде президент Роза Отунбаева кыргыз маданиятын кайра жаралтуу үчүн «Манас» эпосунун мазмуну боюнча көрмө жана мультфильм тартуу зарылдыгын белгиледи.  “Фильм көп каражатты талап кылат,  бирок биз ал каражатты табуубуз керек. Анткени кичинекей балдарыбыз жана жаштарыбыз акырындап өз маданиятын унутуп баратканын сырттан байкап тура албайбыз. Мультфильм болсо балдардын эпосту түшүнүүсүнө жардамдашат. Баатырыбыз жөнүндө фильм тартып, өлкөбүзгө бүт көрсөтүүбүз зарыл”,-дейт Роза Отунбаева.

       «Айтыш Фильм» киностудиясы «Тайтору» анимациялык фильмин тарта баштады. Чыгармачыл топтун айтымында, фильм «Манас» эпосунан алынган «Каныкейдин Тайторуну чабышы» эпизодуна негизделген. Долбоордун максаты - жаш муундун Ата Мекенге, рухий дөөлөттөргө болгон сүйүүсүн арттырып, улуттук аң-сезимди көтөрүү. Ошондой эле бул улуттук кинематографтын тарыхындагы Манас темасындагы эң алгачкы толук метраждуу анимациялык фильм.  Долбоор аягына чыккан соң, «Манас» эпосун улай анимациялык фильмдердин сериясын жасоо пландаштырууда.

       Режиссер Жаныш Кулмамбетов мындай дейт: «Биз эмне жөнүндө жазбайлы, эмне жөнүндө тартпайлы,  кыргыз болгон соң объективдүү түрдө биринчи сен өз улутуң  жө­нүн­дө айтасың. “Өз көйнө­гүң өзү­ңүн денеңе  жакын” деп орустар айткандай, жаман болсун, жакшы болсун сен жазган, сен тарткан нерсени  өз элиң окуйт же көрөт. “Манас” эпосун алалычы. Ал кайсыл элге эсептелген? Ал кыргыздын жашоосу, кыргыздын турмушу. Ошон үчүн “Манас” – кыргыз рухунун туу чокусу” деп айтабыз. Ошондуктан кинону  биринчи кыргыз үчүн жараталы. Ошол эле учурда эпосто баяндалган тарых, маданият,  трагедиялык көрүнүштөр  башка улуттарды да кызыктырат. Анткени, бул жалпы адамзаттык проблема. Сүйгөн, ыйлаган, кайгырган бардык улуттарга тиешелүү, мүнөздүү көрүнүш».
         Кинорежиссер Нурбек Эген 2009-жылы Орусия, Франция, Германия өлкөлөрү менен биргеликте «Манастын төрөлүшүн утурлап» аттуу кинотасма тартып, элге сунуштады. Нурбек Эген 1975-жылы Ноокат районунда төрөлгөн. 1999-жылы Москвадагы кино институтун (ВГИК) аяктаган. Ал "Аталар керээзи" аттуу алгачкы көркөм тасмасы менен кыргыз журтуна жакшы таанылып калды. Ага чейинки кыска метраждуу фильмдери да бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Нурбек Эген тарткан телесериалдар Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынан да көрсөтүлүп келет. Кинорежиссер учурда АКШнын Лос- Анжелес шаарында атактуу Голливуд киноиндустриясында чеберчилигин өркүндөтүп, жаңы тасмасынын үстүнөн иштөөдө.

                     Тасманы “Манастын төрөлүшүн утурлап” деп атаган себебин Нурбек Эген  азыр кыргыз эли мукурап, кыйналып, кысталып турган учурда ошондой кыйынчылыктан чыгарып, элди жаркын келечекке жетелей турган Манастай инсандын чыгышы, же төрөлүү зарылдыгы, эл ошондой кишини күтүп жатышы менен байланыштырат.

 

EBOL0199

   “Ата-бабалар жаратып кеткен “Манас” эпосу, Манас баатыр тарых эле эмес, бул биздин келечегибиз. Ошондуктан менин айтайын дегеним, азыр бир журт атасы пайда болуп, ал таягы менен сыйкырчыдай болуп бир койсо элдин баары оңолуп калат деген сөз эмес. Манас келиш үчүн бүгүнкү күндө эл ошого даяр болуш керек, элдин аң сезими, рухий дүйнөсү башка деңгээлде болуш керек, ошого жараша эмгектениш керек. Манас төрөлүш үчүн эл башкача болуш керек, жок дегенде аң сезим жактан бир стандарттар болуш керек, биримдүүлүк болуш керек, эл бир нерсеге ишенип, жалпы максаты болуш керек, дүйнөдө болуп аткан иштер жөнүндө эл кабардар болуш керек. Ошондо анан Манас төрөлөт, ошондо эл Манасты жарата алат. Ошондой болгон учурда гана Манас чыгат деп айтса болот. Эгер ушул эле жол менен жыла берсек бүгүнкүдөй болуп, Манастын төрөлүшү бир аз кечигет.

       Бир жарым сааттык кинонун ичинде чет элдиктер көп нерселерди ачып атышат. Эл аралык чөйрө үчүн бул фильм кыргыздар байыркы эл экендиги, өзүнүн санжырасын, Нух пайгамбарга чейинки тарыхын билгендиги, манасчы деген бул бир теңирдин жөнөткөн кишиси экендиги, Манасты жатка айткандыгы менен кызык. Ошол эле кезде Беделдеги сөөктөр, кыргыздын Саймалуу-Ташы, эли башка мамлекетке жапырт жумуш издеп кеткендиги, бизге билинбеген, биз көнүп калган көрүнүштөр,  мисалы биздин туштуктардагы (туш кийиздердеги) оймолор, бүгүнкү күндө кыргыз баласы түшүнбөй калган ата-бабалардан келаткан көп сырдуу белгилер, жазуулар  алар үчүн аябай чоң жаңылык болуп атат. Азыр биздин арабызда өз эне тилин түшүнбөй калган, “Манасты” угуп атканда котормочу керек деген кишилер бар. Ошондой болуп атканда, дүйнө рухий жактан ирилешип, ааламдашып жаткан учурда, бизге окшогон саны аз элдерге маданияты, тарыхы улуу болсо дагы рухий жактан тозуп, жок болуу коркунучу түзүлүп атат. Ошондон алыс болсок деген эле ой”,- дейт Нурбек Эген тасмасы жөнүндө.
“Манастын төрөлүшүн утурлап” тасмасы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты:

Рыспай Исаков — манасчы: «Алгач мага бул тасмага ар кандай адамдар катышат дегенди жакшы кабыл алган эмесмин. Көрсө түшүнбөй калыптырмын. Эми тасманы көргөндөн кийин маңызын түшүндүм, себеби бүгүнкү доорубуз өзү “Бири кетти тереңге, бири кетти таңдайга, бири кетти Алтайга ” деп Манаста айтылгандай эле азыр эч кимге чабылбай, эч ким чачпай эле жан дүйнөбүздөн ушундай чачылып туш тарапта тентиген учурубуз экен. Мына ушундай учурда Манастай ээр азамат келеби? кыргыздын башын бириктиреби? же кыргыз дүнүйөкор болуп өтүп кетеби? деген суроолорго жооп издептир».
Эльнура Осмоналиева-көрөрман: «Кинонун дээрлик сексен пайызын көзүмө жаш толуп көрдүм, анткени кыргыздын бүт оорулуу жерлерин чукуптур да. Бирок азыркы түйшүктөрүбүз майда-чүйдө эле көрүнүш экендигин билдирди. Эртеңки күнгө үмүт берип, кайраттуулука үндөп, күч кубат берген тасма болуптур».

Текшерүү үчүн суроолор.

  1. Архитектурада “Манас” эпосу кандай чагылдырылган?
  2. Театрда Семетейдин ролун ким аткарган?
  3. Сүрөтчүлөрдүн  арасынан кимдер “Манас” эпосун толугу менен чагылдырган?

 

 

Название: Электронный учебно-методический комплекс по дисциплине "Манасоведение" для студентов 1 курса (1-семестр) для направлений "Экономика" и "Менеджмент"
Автор(ы): доцент, к.п.н. - Жапаралиева Назира Жакыповна

ГЛОССАРИЙ

 

Глоссарий – эпосто кездешкен тарыхый, эскирген, азыр колдонулбаган  сөздөрдүн, сөз айкаштарынын, жер-суу аттарынын, ошол мезгилде жашаган  элдердин аталыштарынын түшүндүрмөлөрүСөздөр, сөз айкаштары алфавиттик тартипте жайгаштырылган. Эгер көп маанилүү сөз босо, бардык маанилеринин түшүндүрмөлөрү катар берилген.

Ал сөздөрдүн, сөз айкаштарынын маанисин билүү  менен студенттер эпосту терең түшүнүп окуп үйрөнүүгө, окуялардын маанисин, каармандардын иш-аракеттерин кең-кесири чечмелөөгө мүмкүндүк алышат.

Ошентип, берилген глоссарий ар түрдүү окуу кырдаалдарында: эпостун мазмунун  окуп үйрөнүүдө,  семинардык сабактарга, модулдарга жана сынакка даярданууда  чоң жардам берет.

 

А

Аалы жанап – улуу даражалуу, кудреттүү (мансабы, даражасы жогору адамдарды урматтоо иретинде айтылат).

 А а л ы м — окумуштуу

Аасы (аасылык) – 1.пенделик, билимсиздик, алсыздык, күчсүздүк. 2. Өтмө мааниде наадандык.

Аблатун – сыйкырлуу күчкө ээ болгон окууларды билген өнөрлүү, билимдүү адамдарга карата наам, даража, мансап катары ошол адамдын атына кошо айтылуучу сөз.

Абырат – 1. жылыңач дене, адамдардын уяттуу мүчөлөрү. 2. өтмө мааниде абийир.

Адам ноо – 1. Жомоктордо кездешүүчү мифтик жандык. 2. Жапайы адам. 3. өтө чоң акылы кем адам түспөлүндөгү жандык, дөө.

Ажына тийүү – жин тийүү, жинди болуу, жин оорусуна кабылуу.

Азада (азаада) – жөнөкөй эмес, өзгөчө касетке ээ.

Айры – Эки өркөчтүү төө (бир өркөчтүү нардан айырмалоо үчүн айтылган түшүнүк).

Алаш – казак-кыргыз урууларынын жалпы биримдигинин аталышы (эл арасында мурдатан казак-кыргыз түбү бир эл катары эсептелип, алаш тукуму аталышкан).

Албан – казактын улуу жүз бөлүгүнүн курамына кирген уйсундун негизги уруусу.

Абайы - баалуу кездеменин бир түрү.

Абак - казак элинин бир уруусу.

А б у з — кол менен жасалган көлчө (бассейн).

А б с у н — сыйкыр, дуба, кубулта турган дуба.

Агача келин - ак жүздүү, сулуу келин.

А д а — жок кылуу, тыптыйпыл кылуу.

Адам ноо — жапайы адам.

Адаш жол - туура эмес жол, жаңылыш жол, адаштыра турган жол.

Ажаалаган - жаалдаган, ажылдаган.

Ажаан - бейжай,  уятсыз, жаактууга жай бербеген адам.

Ажайыпкана — ар кандай түрдүү кооздуктарды жана айбанат, канаттууларды сактоочу жай (зоопарк).

Ажына — жин.

А з а д а — таза жүрүүчү. Тазалыкты бекем сактаган мырза адам.

Азар - миң; азар түмөн - сан жеткис.

Азир - даяр, белен.

Азирлеген - даярдаган, азыр кылган, камдаган.

Азуу сайып - жаңы асый болуп (жылкы жөнүндө).

Азырейил — ажал периштеси.

Айдар - көкүл, төбөсүнө койгон чач.

Айкөл - 1) "Ай" жана "көл" деген эки сөздөн куралган татаал сөз. Манастын жарыктыгы айдай, тереңдиги көлдөй деген мааниде колдонулган; 2) Тянь-Шань жактагы жердин аты; 3) чон көл, чалкар көл; 4) кең пейил (баатырдын эпитети).

Ай мунары - айдын нуру, айдын шооласы.

Ай мүйүз - түлөөгө союла турган же союлган уй.

Ай туяк – түлөөгө,  жакшылыкка арналып союла турган же союлган жылкы.

А й ч ы к — жарым ай мисалдуу түр салуу (көбүнчө тууга).

А к а к — баалуу таш.

Ак каңкы - кыргыз ээри.

Ак көрпө жайыл - бардык жагынан жетик билерман, меймандос аял.

Ак күбө - чопкут, ок өтпөс тон.

Акси — кусур, касиет.

Ак  таяк - кандардын, бекгердин эшик сакчысы, буйругун аткаруучу жана өзүн кайтарып жүрүүчү адамы, жасоолу.

Ак учук - баалуу кездеменин  бир түрү.

Ак үйлүү - көрүнүктүү, белгилүү бай үй-бүлөдөн барымтага алынган адам - кармалып жаткан жерде өз элинин өкүлдүк милдетин да аткарган («ак үй» — деген сөз байлыктын жана бийликтин символу катары эсептелинет); 2) (Эпос боюнча) жеңилген элди башкарып турган башка элдин кишиси.

Акыл ийлеп - акылга салып, аркы-беркисин, келер-кетерин ойлонуп.

Ала канчык шыбыргак - кар аралаштыра майдалап жааган жаан.

Алаткак — жез тумшук, желмогуз, сасык албарсты, көрүмчү сыяктуу жаныбар, кээде жапайы адам маанисинде.

Албан-түркүн - түрдүү-түрдүү, ар түрдүү, ар кыл.

Албарс — мыкты, курч.

Албарс кылыч — курч кылыч, болот кылыч.

Алеңгир - алек кыла турган.

Алеңгир жаа — жаанын өзгөчө бир түрү.

Алмабаш – 1)Алмамбеттин мылтыгы. 2) эпикалык баатырлардын мылтыгынын аты.

Алман - салык, алым.

Алты сай - алты бөлөк, алты түрдүү.

Алчын - казак элинин бир уруусу.

А м б а л — Синьцзянь округунун башчысы.

А м ы р — буйрук.

Андаалап - чачылып, бөлөк-бөлөк болуп.

Анжуу-Манжуу - Чыгыш жактагы жердин аты.

Аңгеме дүкөн курай жүр - аңгеме сала жүр.

Аңги - өзүнчө бөлүнгөн, үйрү жок айгыр.

Аңгире жол — кара жол, чоң жол.

Аңырт - күмөндүү кабар.

А п с а н а — ушак, айың сөз.

Апсуң - сыйкыр, дуба.

Апторой — бүт, бардык, бүтүндөй.

А п ы — айла, дары, себеп-арга.

Араник - (эпос боюнча) азыркы Намангендин илгерки аты.

Аран ооз - чоң ооз, кеңири.

Аргын - элдин бир уруусу.

А р к ы т — суюк зат куюла турган чылгый териден жасалган идиш.

Аруу - 1) эн таза; 2) өтө сулуу.

Арып-айла, арып-дуба - миф. бир нерсени башка бир түргө айландырып жиберүүчү дуба, амал, сээр, көз боочулук.

Асаба - байрак, желек, туу.

Асел — бал.

А с п и - жылкы.

Атала баш - оюндун бир түрү.

Атброй - ай-аалам, бүткүл жер жүзү.

Ат кара тил болуу - жазында жылкынын көккө тоюшу.

Атпай - жалпы журт.

Ашарсуу - Араник канынын аты.

Аштар - туюк жараны теше турган аспап.

А ш у л а — ыр (өзбек тилинде).

Ашык — чүкө.

Аян - миф. кайыптан күн мурунтан берилген кабар; келечекте боло турган иштин түштө көрүнүшү.

Аяр - сыйкырчы.

 

Б

Баар — 1)эрте жаз.2) жакшылык, үмүт.

Баана (паана, маана) – 1. калка, коргонуч, калканчы. 2. кээде жөлөк-таяныч, ишеничтүү коргонуучу маанисинде айтылат.

Баани - өтүп кете турган, түбөлүк эмес, убактылуу.

Баашайы (башайы, паачайы) – колго токулган жибек кездеменин бир түрү.

Бадирек – 1. тексиз, теги жаман. 2. орой, бузуку, акмак. 3. оңбогур. 4. кээде эр жүрөк, кайраттуу, баатыр деген түшүнүктөрдүн ордуна да колдонулат.

Бадыл – орундуу, калыс, түс.

Базур – даярдыксыз, бейкут, камсыз.

Байна – калмак-монгол элдеринин саламдашуусу.

Байталман – 1. эч кимге керексиз, эч нерсеге жараксыз. 2. жексур, жек көрүнчү.

Балек (палек) – асман, асман катмары, асман бийиктиги.

Балигер (балгер) – бал китеп ачуу жөндөмү бар адам, төлгөчү, көзү ачык.

Баба дыйкан - миф. эски ишеним боюнча - эгин айдаган дыйкандардын колдоочусу Багалак салып - ордо атып, күрөшүп.

Багып — карап, байкап, көз салып.

Бадана - ок өтпөс тон, баатырлар кийүүчү соот.

Бадирек - эр жүрөк, кайраттуу, жалтанбаган баатыр.

Бажы - алык-салык, налог.

Байман күрүч — таза дандуу күрүчтүн түрү.

Б а й н е к — кылыч кынынын уч жагындагы күмүш менен кооздолгон бөлүгү.

Бак байсалуу коргон - бак-дубалдуу коргон.

Бакыл  - сараң.

Б а к а р — уй.

Бакыр - кедей, жарды.

Балкы — кымбат баалуу материал.

Балкы  тон — ошол кымбат кездемеден жасалган тыш кийим.

Б а ң-б а ң — эпос боюнча аскер кызматчысы.

Баң-Баң башчы - кытай, монгол жериндеги айыл башчы.

Бандулу - барабан.

Баңдуулу — коңгуроо.

Бапан: башы бапан, аягы сапан - чексиз алыс таркаган.

Бапик - тебетейдин төбөсүнө тагылган чачык.

Бараан - 1) караан; 2) ири, чон.

Бараң — оозунан октолуучу мылтыктын жалпы аты, милтелүү мылтыкты да, пистон менен атылуучу мылтыкты да бараң деп атай беришет.

Баранда — майда жан-жаныбарлар (канаттуулар).

Барбана  болду  башына — бул  жерде  жөлөк,  таянычы болду деген мааниде.

Баргек - 1) талдын бир түрү; 2) сөйкөнүн аягындагы желбирөөчтөрү.

Бардал ат — жүк жүктөөчү ат.

Бардаш - кайраттуу, келбеттүү.

Бардыгып - чарчап, бордугуп.

Барик – майда жалбырак.

Бар-Көл - Синь-Цзяңь жериндеги көл жана шаардын аты.

Барча – 1)баалуу кездеменин бир түрү. 2) бүткүл, бардык, баары.

Барчын - алты жашынан аркы бүркүттүн санат аты (бир барчын, эки барчын, үч барчын).

Б а т м а н — алты пуддан он эки пудга чейинки олчөмдөгү оордук чен.

Баш  майлоо — кыргыздардын  эски  түшүнүктөрүнө  байланыштуу салты

Баяндос — көрпөчө.

Баяс — кылыч куйруктуу эпикалык укмуштуудай жаныбар.

Бедөө — күлүк аттардын бир түрү.

Б е й г у д а — жаман атты кылуу.

Бекзаада — бектин тукуму.

Б е л д е м ч и —кийим.

Бербердигер — кудай таала.

Беренжилүү — кымбат баалуу кездемеден жасалган кийим.

Бишарат — аян, сыр, белги.

Б и я б а н — эрме чөл, ээн талаа.

Бото кур — жибектен жасалган кур.

Бөкө — балбан.

Бурак  ат — I эпостордо айтылуучу чаалыкпас, чарчабас күлүк, канаттуу ат.

II өлгөн адамдын арбагына арналып берилүүчү ат.

Бурут —Калмактар кыргыздарды ушинтип аташкан.

Бут — сыйынуучу кудайдын колдон жасалган кебетеси.

Буулум — кымбат баалуу материалдын бир түрү.

Д

Даанышман — ар нерсени билген, билимдүу, акылман адам.

Дабаа — айла.

Дабан — ашуу, бел.

Дажаал — миф. өтө каардуу зор дөөнүн аты.

Д а ң — калмактардагы адиминистративдик чин.

Даңкан — аттын туягынан ыргыган топурак.

Дап — барабандын бир түрү.

Д а р а — капчыгай, каптал.

Дарайы — жибек кезд.менин бир туру.

Д а т к а — Кокон жана Букар хандыктарында берилүүчү жогорку наам.

Дене кул — түбөлүк кул.

Д е й и л д е — кымбат баалуу кездеменин аты.

Дилде — беш сом наркындагы алтын тыйын.

Диңсе — илгерки кытай төрөлөрүнүн бөрктөрүнө (баш кийимине) сайынган төрөлұк белги ташы(кичинекей тобурчак сыяктуу мансаптык белги.

Добулбас — барабан.

Долон — Кашкардын чыгыш тарабында жашаган эл.

Домок — чыр, калаба, чатак.

Д о о л — анча чоң эмес согуштук барабан.

Доолон — кымбат баалуу кездеменин бир түрү.

Доотай — округдун начальниги, губернатор.

Дорго — чабарман, жасоол жигит.

Дөөдүр —монгол, калмак элинин баатыры.

Дугул — калмактын уруусу.

Дуу-дуу — эски Кытайда — Чоң аймактын башкаруучусу, же генерал-губернатор.

Дулдул — чарчап-чаалыкпаган күлүк аттын эн мыктысы.

Дүрүйо — жибек кездеменин түрү.

Д ү р д ү н — кымбат баалуу кездеменин аты.

Ж

Ж а а-ж а а л а — эпос боюнча калмакча ураан чакыруу.

Жаал - жайыл, өз билгенин бербеген, өжөр.

Ж а а н — аалам, дүйнө жүзү, жер жүзү.

Ж а б у у — калмактардын согуштук ураанынын бир түрү.

Жазайыл — чоң мылтык, замбирек.

Ж а й с а ң — калмак башчысы, зайсаң-князь.

Жабуулуу кара иңген - эн көтөрүмдүү, уяттуу, баарыга бирдей караган текеберсиз аялга карата айтылаг.

Жабыр баян - азуулуулардын эң кыйыны.

Жабыр - жыбыт жер.

Жагал — кементай сымал жасалган калмак тонунун — сырт кийиминин түрү. Жагалалап,  чагалалап — кокуйлап,  чага — калмактардын  чочуганы

Ж а г ы н а — күндүз берилүүчү тамак.

Жадаал - салгылашуу.

Жадачы - к. жайчы.

Жадоо - жүдөө, адсыздануу, этинен таюу.

Жадыгөй - сыйкырчы.

Жазайыл - чоң мылтыктын бир түрү, замбирек.

Жайсаң - калмактардагы бир айылдын же бир топ жигиттердин башчысы.

Жайчы - миф. сыйкырлык менен күн жаадыруучу адам.

Жакут -  кызыл түстүү, баалуу асыл таштардын бир түрү.

Ж а м а а — жалпы, түгөл, бүтүндөй.

Жамбы -  акча ордуна жүрүүчү, түрдүү формада жана ар түрдүү салмакта боло турган уютулган куйма күмүш, сом күмүш, куйма алтын, сом алтын.

Жам болуп - биригип, чогулуп.

Ж а н-ж у ң —кытай башкы командачысы, полководец.

Ж а ң г е л — чер токой, токой.

Жанут - териси баалуу азуулуу айбан (енот).

Ж а н ч — саюу, найза менен уруп өтүү.

Ж а п а р — кудай аттарынын бири.

Жаракы - эки адамдын арасың бузган бузуку, куйту адам.

Жарандар - достор, жакшылар, калайык, эл.

Жар-жоро - достор, ашыналар.

Жасат - өлгөн адамдын сөөгү.

Ж а с о о — кол (аскер, бирөөнүн кол алдындагы анын таламын талаша турган топ.)

Ж е б е — жаанын огу, жаа огунун учундагы курч темир.

Жебилге — ат жабдыгынын жасалгасы, ат жабуунун чачыгы.

Жез бидек - шыйрагы узун (аргымак, чалыш ат жөнүндө).

Жезит – 1)шүмшүк, митаам; 2) жез тумшук, албарсты сыяктуу турмушта жок жаныбар.

Жезнай -  жез сыбызгы, чоор.

Жекендос — кичинекей, ээр үстүнө салуучу көрпөчө.

Жекесан — I чоң коңгуроонун түрү. II баатырлар кийүүчү кооздолгон өтүк.

Желдет — I өлүмгө буйрук кылынган күнөөлүүлөрдүн жазасын иш жүзүнө ашыруучу адам. II кызматчы жигит.

Желпини - боюнда бар аялдын тамакка талгак болуп көксөөсү.

Жеркен - Кашкардын түштүк тарабындагы Яркент шаары.

Жетиген  кыям - Жетиген  жылдызынын Алтын-Казыктын түндүк батышында турган учуру.

Жобогондо - катуу кайгырганда.

Жолум үй - малчылар тигүүчү жеңил үй.

Ж о р о — жолдош, теңтуш.

Жороду: алымын артык жороду - алыксалыкты көп салды.

Ж о р у н — жон (далынын үстүнкү бөлүгү).

Жубар -  таза, тунук, аппак.

Жубар бермет — ак бермет.

Ж у д а — такыр, бардыгы.

Жудурук — муштум.

Жумуран каз - журт болбой эле кал.

Жуук - жакын.

Жуучу - кызга куда болуу жөнүндө сүйлөшкөнү келген адам.

Ж ы г а — 1) шөкүлө 2) хандык белги — таажы сайылуучу тебетей 3) баш кийимге кооздук үчүн тагылган куштун жүндөрү 4) Эң жогорку даражаны көргөзө турган кооз жана сымбаттуу жасалган атайын белги (Жез жыгадай эр Көкчө).

Жылдыз - Синь-Цзяндагы (Текестеги) бир жайлоонун аты.

Жылма чалгын - астыртан, тымызын чалгын.

Жылоо - тизгиндин түбү.

Ж ы н — болжол менен алты жүз граммга барабар келген салмак өлчөмү.

З

Заада: олуя заада - олуядан туулган.

Заң - закон.

Заңгар - каргыш тийген, бузук.

Заңги - мүнөзү айбан чалыш дөө.

Зар - алтын.

3абар — кооздук үчүн пайдаланылуучу буюм-тайымдар.

3 а б ы н — күнөөлү, күнөкөр, себепчи.

3 а ң г а р — түрү суук, эбегейсиз чоң, абдан зор.

3 а р — I алтын, II баалуу мүлк, буюм.

3 а р д а л — терең ойлуу, акылман.

Зардеп - мүшкүл, сүрү кыйын, коркунучтуу.

3ер — алтын.

3оолу — адамды жазалаганда моюнга салуучу кишен сыяктуу темир чынжыр.

3убун — уруу, топ, бөлүк, аскер бөлүгү.

Зулпукор - өткүр, болот кылыч.

Зумурут — асыл таштын бир түрү, бермет таш.

3уңдун — кытайлардын согуштук мансабынын бири.

Зыйнат - сый-сыпат, адеп. - алтын.

И

Ибет - шек, күмөн.

Илебин - калмактардын Иле өзөнүндө жашоочу бир уруусунун каны.

Илек - бир илек жүз мин.

Илий - заң, закон.

Инжуу, инжи- акак таш.

Ит тартыш - тамашанын  бир түрү эки кишинин аркан тартышканы.

Ичин жыйбады - тардык кылбады.

К

Кабылстан - Афганистан (эпос боюнча).

Кабырга тууган - ыраак тууган, кыйыр тууган.

Кадеми каткан - алдан тайган, иши оңунан чыкпаган, шору кайнаган.

К а з а т — согуш.

К а з ы — шарият жолу менен иш алып баруучу өкүм ээси.

Кайбар - күжүрмөн, мыкты эр.

Кайгуул -душмандын жолун чалуу, чалгын.

Кайраты каркап толуптур - кайраты күчөп, чыңалып толуптур.

Кайсаң - кытайдагы бир тоонун аты.

Кайып - миф. көзгө  көрүнбөгөн жомоктотогу жан (адам, айбан).

Кайып эрен — I тоо кийиктеринин пири. II кийиктердин жалпы аты.

К а к а й — каман, чочко.

Какан - эпосто Кытай падышасы; кээде - Кытай мамлекети маанисинде айтылат.

Каканчын - эпостогу Кытай мамлекети.

Какшыраган - картайып чөгүп калган, катып калган.

Калайман - бүлгүн, дүрбөлөц.

Калаб а — жаңжал, чатак, чыр, уруш.

Калдай — 1) моңгол сөзү, штаб офицери.2) административдик мансаптардын бири

Калка - коргоо, калканыч.

Калмак ээр - ээрдин бир түрү (эки кашы жапыс, актасы кенен).

Калпа - эшен дамбылдалардын жардамчысы.

Калча - түрү суук.

Камчыга ченеп бөлүү - олжону бүтүндөй өлчөп бөлүү.

Канзаада — хан тукуму, хандын баласы.

Канжар кол - 1) эпос боюнча - кытай, монгол элдери балдарын жашынан катуу нерсени муштатып үйрөткөн. Ошолордон түзүлгөн катуу колдуу аскер; 2) алптын аты.

Канга сабын болбоюн - элдин канын төгүп, убалга калбайын.

Кандагай — тоо текенин терисинен жасалган баатырлар кийүүчү шым, кээде жалпы эле калың тери, булгаары.

Капилет - билбей, туйбай калгандык.

Каптоо - к. Көйкап.

Капчал - тоонун боору, жан жагы.

Капыл жерден - кокустан, күтпөгөн жерден, капыс.

Капыя жерде - жашырын жерде.

Кара байыр казанат - күлүк аттын  бир түрү.

Караламан - көпчүлүк эл.

Кара элечек кылуу - урушта жеңилген тараптын аялдарын жесир калтыруу.

Карап кылып - ойрон кылып, талкалап,кыйратып.

Каркап - абдан толуу.

Карк алтын - таза, чылк алтын.

Каркыбар - кайран, мыкты.

Каркыралуу кыз - көчкөндө жасалгаланган төөнү жетелеген бойго жеткен кыз.

Карсак - жырткыч айбандардын жалпы аты (түлкү, карышкыр ж.б.).

Карынчы - темир жөн кап.

Кас буудан - анык, нагыз буудан

Капсан - Монголиядагы бир тоонун аты.

Капчал — аскалуу капчыгай.

К а р — тексиз адам, кул, кордук тарткан, муктаж болгон адам.

К а р а л а — жибек кездеменин түрү.

Карик — өтүмсүз, уяң, коркунчаак, жер карама.

Кароолу тажаал — кароолуна илинген соо калбайт, кароолу коркунучтуу, сүрдүү

К а р с а к — бөрү, түлкү сыяктуу жойлоп жүрүүчү жырткыч айбандардын жалпы аты.

Карыпчы — колго кийүүчү соот, жең кап.

Кас буудан — мыкты, таза буудан.

К а т т а м — жок болуу, өлүү.

К а у з — к. абуз.

Кашка — башчы, мыкты, жетекчи, сапаты, кубаты, баатырлыгы жагынан өзгөчөлөнгөн.

Сай кашка — эң мыкты.

Кебээ курсак - салык курсак, чоң курсак

К е ж и м — парча, аркагы алтындаган зымдан токулган баалуу кездеме К е л е — уй.

К е н и з е к —үй кызматын аткаруучу аял, күң.

К е р и к — тумшугунда жалгыз же эки мүйүзү бар жапайы чоң жаныбар (носорог).

К е р и м — I мээрим, жумшак көңүл. II укмуш, шумдук (жылкы жөнүндө).

Кесенде — курт-кумурска, жылан.

Келеме жака - алтын, күмүш зымдар келептеп оролгон жака.

Кент – шаар, кыштак.

Керден - моюн.

Керденкечтик - моюн таптык.

Керем - жердин аты.

Кери - көтөрүңкү жер,акырындап жогору көтөрүлгөн айдөөш жер.

Керик - айбандын аты (носорог).

Кете - баалуу кездеменин бир түрү.

Кешмир дуба — окула турган дубанын түрү

К и е — өнүп чыккан түрдүү чөптөрдүн жалпы аты.

Кирич - жаанын кергичи. Кээде жаа дегендин ордуна да колдонула берет.

К и с е — I ар түрдүү майда буюмдар тагылуучу кайыш кур. II оттук жана милте салынуучу кайыштан жасалган баштык.

К и ш т е — I сайманын түрү. II эпосто кээде оюндун түрү катарында да айтылат.

К о б у л — I керегеге салынган жылгача. II ичке, келишимдүү, шадылуу манжа.

Кобуш мурун — кырдач мурун.

К о л — аскер, кошун, черүү.

Коломсок — саадак, жаанын огун салып жүрүүчү атайын идиш.

Колосолуу — коломолуу — көп, айбаттуу, коркунучтуу.

Корбашы — бир топтун жетекчиси, башчысы.

Койчагыр - мылтыктын бир түрү.

Коломолуу - сансыз көп.

К о о м а — калмакча салам берүү.

Көмөкөйлүү - учунда темири бар (найза).

Комсунуу - жактырбоо, алымсынбоо.

К о л о к — жаанын огу.

Коога — уруш, жаңжал.

К о ш — жылкычылардын, же согуш убагында колдун убактылуу жашап турган жайы.

К о ш у н — кол, аскер, черүү.

Коросон оттук - курч оттук таш.

Кочку - айыл башчы.

Көй - жалаң, өңкөй, чылк, кээде абыдан деген да мааниде.

Көй баатыр — жалаң баатырлар.

Көй кашка - өнкөй баатыр, жеткен баатыр

Көйкап - миф. дүнүйөнү курчап турган, дөө-перилер жашаган чексиз бийик тоо.

Көк бараң — бараң мылтыгынын түрү.

К ө к ө теңир — кудай.

Көк жал - абдан баатыр (түпкү мааниси -бөрү).

Көк жеке - кандар, бектер кайүүчү өтүк.

Көк көйнөк- уйдун өлөтү.

К ө к ө н ө — калмак, монголдордун согуш мезгилинде чакырган урааны.

Көк теңир — асман кудайы.

Көкчыбык - Бакайдын мылтыгы.

Көлүк— мингич, ат.

Көмүркөй - темир-тезек салынуучу  куту,сандыкча.

Көңкү - жалпы, баары.

Көөнө Турпан - Синь-Цзян территориясындагы бир шаардын аты.

К о р е к — азык, тамак-аш.

Көөсөр - кем акыл, ала көөдөн.

Көөхар - кымбат баалуу асыл таш.

Көрчөгө - үй буюмдарына чөгөрүлүү үчүн металлдан иштелген буурчак  сыяктуу жасалга.

Көсөл - эптүү, ыкчыл.

Көспант — кой.

Куй - пейил, мүнөз.

Кулак кайчы — ууру.

Кумул - Хами (Синь-Цзян территориясындагы бир шаар).

Купа - жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүккө чөгөрүлгөн наар.

Купа — томпогой же тумарча кылып калкандын бетине металдан жасалган кооздук

Купуя - жашырын, ичинен.

Кутман - бакыт, бактылуу.

К у т п а — нике кыюуда окулуучу дуба

К ү б ө к — кундуз, суусар кармап турган таш капкан.

Күлдү - жалпы баары, бүткүл, түгөл, жалпы.

Күлдүр мамай  мылтык — чоң мылтык, замбирек.

К ү л ө — думаналардын теринин түгүн сыртына каратып өзүнчө жасалган баш кийими.

Күлпөң - сыймык, касиет.

Күндө - колго салынуучу кишен, кээде  кыйнап жазалоо үчүн башка шири каптап коюу

Күн жүрүш жак — түштүк жак

Күңкүү - ушак, айың сөз.

Күп - бодонун терисинен жасалган идиш.

Күрөөкө - I өтө таза жибектен жасалган тыш кийим. II жибекке алтын кошуп иштелген хандардын кие турган тону. III соот, чопкут.

Күчүгөн — көк жору.

Кыбалап — бул жерде артынан сая түшүп  деген  мааниде.  Жалпы эле кыбалоо — чебердик менен иш кылуу.

Кызыл -  Кашкар территориясындагы чон суу.

Кызыл кырма, ак жайсаң - ар ишке абдан кызыктуу.

Кызыл чоктуу: чок  - бөрккө тагыла турган кызыл чачы.

Кызыл чака пул - жез тыйын.

Кызыр - миф. адамды колдоочу олуя.

Кылап - ык, оңтой, бап.

Кыйык атуу — бута атуу.

К ы л к ы я л — оюу чийүүдө колдонулуучу түрдүн аты.

Кылыч куйрук - эң кыйын, азуулуу айбан.

Кыңгыр - Алтай тараптагы тоо.

Кырмызы - кызыл жибек.

Кыяк - согушта жоокерлер кийүүчү соот, чарайна, темир тондун бет тарткычы.

Кыям  жак — түштүк жак.

Кыяңгер - Кытай жериндеги тоонун аты.

Л

Л а а н а т — будда дининдегилердин сыйына турган кудайы.

Л а г и л — асыл таш.

Лайлама - буддизм дининдегилердин диний башкаруучусу, калмак кудайы.

Лоб дайра - Синь-Цзян территориясындагы дарыя.

Лөк –күчтүү, маанилүү деген мааниде. Адатта нардын буурасын лөк дейт.

М

М а а л а — айыл, кыштак.

Мажилис — жыйналыш, жыйын.

М а й к а н а — кагылган добушу аркылуу айланага кабар берүүчү чоң коңгуроонун асылып турган жайы.

Мал болуу — айыгып кетүү, оңолуу.

Маараке - той-тамаша кызыган  кези.

Мажуси дин - көп кудайга   сыйынуучу бутпарастык дин.

Макулук - жан-жаныбар.

Мамырлап - тынчып, жыргап.

М а м ы р ч ы л ы к — бейкутчулук, тынччылык.

Манат - кымбат баалуу, кол менен жасалган, көбүнчө кызыл түздө болгон түктүү кездеме. Мандили — I аялдардын баш кийиминин аты. II кездеменин аты.

Мандыкер — күндүккө жалданып иштеген адам.

Манжуу - 1) Маньчжурия өлкөсү; 2) манжур эли (эпос боюнча).

Маңгүү - эпосто кытайдын бир уруусу.

Маңкүштө - монгол, калмак элинин баатыры.

М а р — жылан.

М а р а — кымбат баалуу кездеменин түрү.

Марал-Башы - Кашкардын чыгыш тарабындагы бир шаар.

Мароо - качырууга даяр болуп туруу (арыстан, жолборско таандык).

Мартуу - төрөп жаткан аялды эси ооп калса кара басты (же албарсты басты) деп түшүнүү. Жасилет - кеңеш,  кеңешүү, акыл айтуу.

Мелжеп - болжоп, байкап.

Меңсиз аппак - кирсиз, бедерсиз, тунук, аппак.

М е ш — (чанач меш) — эркечтин терисинен жасалган чоң чанач.

М и л т е — бараң мылтыкты атыш үчүн от берүүдө пайдаланылган өрүлгөн кебез.

Милтелүү булбул - кооз, сайроочу чымчыктардын түрү, үнү муңдуу, сайроочу чымчык.

Мискин - начар, бечара.

Молтолуу дуба - адамдын башын айландырган амалдуу сыйкыр, дуба.

М о р у н — жылкы.

Мөндү – калмакча салам берүү. Эпосто көбүнчө калмактардын уруш урааны катары колдонулат.

Мубакүл - түпөк тагылган, түпөгү бар учу курч найза.

М у п т у — шариятты түшүндүрүүчү дин кызматчысы.

Мурдар - (мырдар) — өлүк, какмар, сасыз (тилдөө) маанисинде, билимсиз, маанисиз наадан.

М у р ш а п — Кокон хандыгынын тушундагы түнкү күзөтчүлөрдүн башчысы.

Мыйзам - 1) күз келгенде гүлү уча турган өсүмдүк; 2) күз маалы.

М ы л а л — күдүк, күмөн.

М ы р ш а п — к. муршап.

Н

Н а а л — өтүктүн такасына кагылуучу темирден же жезден жасалган така.

Н а а м а — I музыкалык аспап. II ыйык китеп (эпос боюнча).

Нааман - жердин аты.

На а п а — эки дөңгөлөктүү, чүмкөмөсү бар араба.

Н а г ы р а — барабан сыяктуу музыкалык аспаптын түрү.

Н а з ы р — 1) кудай жолуна курмандык атоо, кол кайыр берүү; 2) өлгөнгө атап тамак берүү

Найча бел - кыпча бел, ичке бел.

Н а к е р — баатырлардын башы учтуу, тумшугу өйдө кайкалаган ок өтпөс өтүгү.

Н а к ы л — осуят, акыл сөз.

Нанүштө — эртең мененки тамак.

Н а п ы — кайыр, пайда

Нар кескен - эң мыкты болот кылыч.

Н а ш т а р — кан алууда, жараны чегүүдө колдонулуучу ичке, учтуу бычак.

Н е с а а н а — чага турган чымын-чиркейдин түрү.

Н о н о к — чоркок, сөз билбес, маанисиз.

Нөкөр - жан жолдош.

Нурк - негиз, тек, жай.

О

Обо - аба, асман, көк,

Обурак - барк, даңк, бедел.

Ойрот - 1) элдин аты; 2) көп эл, көпчүлүк;

Окоро түйгөн - чылбыр, тизгиндин өрүлүшүнүн бир түрү.

Олорду - аларды, ошолорду.

О о л а т — урук-журат, тукум.

О о р у к — жортуулга чыкканда чалгынга катышпай калган аскерлердин негизги бөлүгү жаткан жай, аскердин тылы.

Опо - туруктуулук, убадага бектик; пайда.

Опол-Тоо - Кашкар тараптагы бир тоо.

Ордо -  I хан турган жай, хан сарайы. II жасалгалуу, асемдүү, жакшы боз үй.

III оюндун бир түрү.

Ордолуу журт - тукум-жураттуу журт туруктуу журт.

О р о й п а — жаанын огу.

Орошон - баарына белгилүү, маалым.

Осол - жаман, орой, одоно.

Отогот таш - монгол, калмактардын бөркүнө сайынган ташы.

Отоо - жаңыдан келген келинге тигилип берилүүчү үй, өргө.

О т о г о — баш кийимге тагылуучу куштун канаты, же таш.

Отоо оюнчук - ойлонбой иштелген нш.

Оторчу - айылдан бөлүнүп, мал багуу үчүн көчүп жүргөн малчы.

О ч о г о р — эпостогу баатырлардын мылтыгынын түрү.

Ө

Өгүз-Ашуу - Текес жактагы бир ашуу.

Өжөк-өжөк - үстү-үстүнө.

Ө к ү м ө т — бийлик.

Ө к ч ө —өтүктүн такасы.

Өлкө түзүн караса - айланасын караса,ою кырын караса.

Ө м — өтө көп.

Өмдөп - көптөп

П

Пайна - мөндү пайна (монголчо) - кайрат кылууга чакырган ураан сөз.

П а н ж а — беш аскердин башчысы.

Панжара — I темир тор тосмосу. II терезенин кашеги.

Пир - сыйына тургап, зсболосу бийик киши.

С

Саадак - жаа, жебе кап.

Сазаң-шаң - (эпос боюнча) - кытайдын бир уруусу.

С а й — ылгый, өңкөй, жалаң.

Сай кашка - өңкөй баатыр.

Сай тулпар - өңкөй тулпар.

Салбырын — көп адам атайын камданып алыс жерге аң уулоого чыгуу

Сан - жүз мин, сан жеткис.

С а н а м — кымбат баалуу кездеменин аты.

Сандыгач - булбул.

Санжап - иреттеп, ирети менен.

Санталак - шумпай, ант ургур.

Саноор жүн - куштардын канатынын, тамагынын алдындагы майда жүндөрү.

Сап  кылуу — такыр кыйратуу, түгөтүү.

Сапсалга - жылкыны бычканда касасын кыпчып, канын токтотуу үчүн жасалган кере карыш эки жыгач.

С а р а — мыкты, тандалган, таза.

С а р а л а — кымбат баалуу кездеменин түрү.

С а р д а л, сардар — башкаруучу, мыкты, билерман.

С а р к е р — аскер башчы.

Сары барпы - чымчыктын бир түрү.

С а р п а й — I кымбат баалуу кездеме. II кымбат баалуу кийим, сый тон.

Сая - көлөкө, көлөкөлөнүүчү терек.

Саяс - оюндун бир түрү.

Саят - 1) саякат; 2) мергенчилик.

Себил – 1)курал-жарак. 2)кыраан куш же жырткыч жаныбар.

Себилдүү - толук куралдуу, жасалгалуу.

Селбип - эс алдырып, алмаштырып.

Селебе— узун, түз кылыч, чоң шамшаар.

Селебенин кабы — шамшар бычактын кыны.

Соколоп - баамдап, тамырын тартып көрүү.

Соно - суудагы  илбээсиндин жалпы аты (өрдөк, каз ак куу).

С о о л о н — кымбат баалуу кездеменин түрү.

С о о т — жоокерлер согушта кийүүчү чарайна.

Сукпасам - сайбасам,бышып-мылгытып албасам.

Сундуң - кытай, монгол элдеринде бир айылды башкарган төрө; аскердик даража

Суп - ак төөнүн жүнүнөн же ак жибектен жасалган кымбат баалуу кездеме.

Супасадык -  таң ата баштаганда, таңдын  эресереси.

Суп чапан — кымбат баалуу ак кездемеден жасалган сырт кийим.

Сурун кеспей койбойбуз - мизин кайтарбай койбойбуз; жинин какпай койбойбуз.

Суу кудук - касиеттүү кудук.

Суу карек - чала көргөн карек.

Сүкүт - унчукпоо, жым-жырттык.

С ү ң г ү — (карагай найза сүңгүсүн) — найза.

Сээр - 1) ийин менен моюндун кошулган жери; 2) аттын өркөчүнүн алды жагы.

С э э р — сыйкыр, дуба.

С э э р ч и — сыйкырлоочу, дубалоочу адам (сыйкырчы, дубакөй).

Сыбызгы- — дабышы ичке чыккан музыкалык аспап.

С ы й ы р — уй.

С ы р г а к — кыраан бүркүттүн түрү.

Сыр жебе — атайын жылмаланып жасалган жаа огу.

Сы р н а й з а — баатырлардын найзасынын түрү.

Т

Табирчи — эптүү, жөндөмдүү.

Тага - таяке.

Тайбас - эң кыйын жырткычтын бир түрү.

Т а й п ы — уруу, эл.

Тай туяк — тайдын туягына окшоштурулун уютулган акча ордуна колдонулуучу күмүш.

Таканак жүн — алгыр куштардын санынын тегерегиндеги жүнү.

Талмазар - мазардын аты.

Т а н а п — боо, керилген жип.

Танык - күбө.

Таңшаң - жердин аты.

Тарак - казак элинин бир уруусу.

Тасма - эчки, текенин  

Курстун окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздалышы:

а) Негизги адабияттар:

1.        Абдылдаев Э. "Манас" эпосунун историзми. Ф., 1987.

2.       Абдылдаев Э. «Манас» эпосунун көркөм сөз каражаттарынын тарыхый өнүгүү маселесине карата. Б., 1997, 71- 110- беттер

3.       Абдылдаев Э. "Манастын" тарыхый- баатырдык эпос катарында калыптануу жана өнүгүү этаптары.- Б., 1999

4.       Абдылдаев Э. Кыргыз фольклорунун тарыхынан. Ф., «Илим», 1983.

5.       Абдразаков А. Орхон- Енисей жазуулары.- Б., 1995

6.    Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко- культурные связи. Л., 1971.

7.    Айтматов Ч. Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу. Китепте: Манас. 1-том.-Ф.,1978. 7-13-беттер.

8.        Акаев А. Кыргызская государственность и народный эпос "Манас".-Б., 2002.

9.    Акаев А. Манастан мамлекеттүүлүккө карай.- Б., 1995

10.    Акмолдоева Ш.Б. Манас ааламы.- Б., 2004.

11.Асаналиев К. Көркөм мурас жана азыркы учур. Китепте: Асаналиев К. Көркөм нарк.- Ф., 1988. 3-30-беттер.

12.    Ашым Жакыпбек. Теңири Манас., 1996.

13.    Ауэзов М.О. Киргизская героическая поэма «Манас» в книге: Мысли разных лет, А. — А., 1961.

14.Байгазиев С. Манастаануу.Б., 2000.

15.Бакчиев Т. Введение в манасоведение. Б., 2008.

16.Бакчиев Т. Манасчылар. Б., 2010.

17.    Бартольд В.В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Түзгөн Ө. Караев., Б.,1997.

18.   Бегалиев С. «Манас» эпосунун поэтикасы. Ф., 1995.

19.  Бернштам А.Н. Эпоха возникновения киргизского эпоса «Манас» (в сб. «Манас- героический эпос киргизского народа», Ф., 1968.

20.Биялиев А. Улуу манасчы, феномен Сагынбай Орозбаков. Б., 1996.

21.Богданова М.И. Об особенностях киргизского героического эпоса "Манас".-В кн.: Киргизский героический эпос "Манас".- М., 1961.

22.Борбугулов М. «Манас» эпосу: башаттары, эволюциясы. Б.,2004

23.    Валиханов Ч.Ч. Очерки Джунгарии. В книге «Манас»- героический эпос киргизского народа». Ф., 1968, 38- 42 - беттер.

24.  Жирмунский В. Введение в изучение эпоса «Манас» (в кн. «Киргизский героический эпос «Манас», М., 1961).

25.    Жумалиев К. Манасчылар жөнүндө түшүнүк. Б., 1994.

26.    Жусупов К. «Манас» (кара сөз баяндамасы), Б., 1995.

27.  Ибраимов К. Ыбрайым Абдырахманов, Фрунзе, 1987.

28.Исаков Б. " Манас" эпосун окутуу.-Б., 1989.

29.    Исаков Б. Манастын жети осуяты.Б., 1996.

30.    Исаков Б.Манас сабагы., Б., 1994.

31.Караев Ө. «Манас» эпосунун жаралышы жана анын доору («Кыргызстан маданияты». 1988, 8.IX).

32.Киргизский героический эпос «Манас» (сб. документов). М., 1961.

33.Кыдырбаева Р.З. К проблеме традиционного и индивидуального в эпосе «Манас». Ф., 1976.

34.Кыдырбаева Р.З. Генезис эпоса "Манас".-Ф., 1980.

35.   Кыдырбаева Р.З. Сказительское мастерство манасчи. Ф., «Илим», 1984.

36.   Кырбашев К. «Манас» эпосунун стили. Фрунзе, 1983.

37. Мамыров М. «Манас» эпосунун калыптаныш тарыхы. Б., 2005.

38.   Мамытбеков З.Ч. Кыргыздын байыркы тарыхы, жазуулары жана «Манас». «Ала- Тоо», 1967, № 6.

39.    "Манас". Энциклопедия. 1-2- томдор.- Б. 1995.

40.     «Манас». Кыргыз элинин баатырдык эпосу.С.Орозбаковдун варианты боюнча, Б., 1995.

41.     «Манас». Кыргызский героический эпос. Прозаический пересказ сюжета. Составители: Зияш Бектенов, К.Нанаев. Ф.,1948; Б., 1999.

42.    «Манас». Кыргызский героический эпос. Прозаический пересказ сюжета. Перевод: Валитовой. А. и др. Б., 1999.

43.    “Манастаануу” курсунун программасы. Жогорку окуу жайларынын студенттерин окутуу үчүн. Түзгөн Ж..Н.Жапаралиева., Бишкек, 2010.

44.  Манасчылар жана изилдөөчүлөр. Б., 1995.

45.  Манасчылар - кыргыз элинин руханий инсандары. Б., 1993.

46.  «Манас» - героический эпос киргизского народа. Ф., 1968.

47.    Маргулан А.Х. Шокан жана «Манас». А.- А., 1971.

48.    Молдобаев И. Эпос "Манас" как источник изучение духовной культуры киргизского народа.- Ф., 1989.

49.    Молдобаев И. Б. "Манас" историко- культурный памятник кыргызов.- Б., 1995.

50.    Мусаев С. Эпос "Манас", Ф., 1979.

51.    Мусаев С. Эпикалык жанр. Китепте: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 1-том.-Б., 2004.

52.    Мусаев С. иМанас" жана академик В.Радлов. Б., 1997.

53.    Өмүрбай Макелек. Жусуп Мамай. «Кыргызстан маданияты», 6.10.1988.

54.    Поливанов Е.Д. Киргизский героический эпос "Манас" Б., 999.

55.    Радлов В.В. Образцы народной литературы северных тюркских племен. Китепте: «Манас» энциклопедия. Б., 1995, 2 том, 127- 137- беттер.

56. Рахматулин К. Творчество манасчи. В книге: «Манас»- героический эпос киргизского народа. Ф., 1968, 75- 148 беттер.

 

 

Кошумча адабияттар:

57. Салиев А. Старый эпос входит в новый мир: «Выступает манасчи»,
«Искусство сказителя и современность» («Энциклопедический феномен эпоса «Манас»).

58.    Сооронов О. 1503-жылы жазылган «Манас» (Сайпидин Аксыкент «Маджму- атут- таварих»). Б., 2003.

59.    Сыдыкбеков Т. Тарых жана «Манас» («Ала-Тоо», 1968. № 11).

60.    Сыдыков А. Героические мотивы в эпосе «Манас». Ф., «Илим», 1982.

61.    Судьба эпоса «Манас» после Октября (сборник документов). Б., 1995.

62.  Токомбаева А. Каюм Мифтахов. Фрунзе, 1991.

63.Төлөмүшев М., Дүйшеев Ш. Улуу манасчы Сагынбай., б., 1992.

64.    Уметалиева Ж. Изобразительное искусство Киргизии.- Ф., 1978.

65.    "Эл адабияты" сериясы 1-30- томдор.- Б., 1996-2003-жылдар.

66.     Энциклопедический феномен эпоса «Манас». Бишкек, 1995.

67.    Юнусалиев Б.М. Кириш сөз. Китепте: Манас. 1-китеп- Ф., 1958.

 

68.    Электрондук булактар:     http://www. bizdin. kg

                                                      http://www.manas.kyrgyz. ru/

                                                      http://epos-manas.ru

                                                      http://www.manasel.kg

 

 

 

 

Вопросы теста ещё не готовы