Электронный Учебно-Методический Комплекс



Тема 1

  1. Лексикалык тема: Кыргыз элинин каада-салттары.
  2. Грамматикалык тема: Сөз айкашы, түрлөрү. Синтаксистик байланыштын түрлөрү.

 

Кыргыз элинин үрп-адаты, каада-салты.

Кыргыз элинде укумдан-тукумга улам-улам өтүп келаткан, кылымдап түптөлүп, түзүлүп, калыптанып, өркүндөп жүрүп отурган мурастык касиетке ээ бологн тарыхый туруктуу салттар көп. Алардын катарына төмөнкү салттар кирет:

Кошумча - жамандык-жакшылыкта элибиздин бири-бирине көрсөткөн жардамы, урмат-сыйы. Ар ким алына жараша (акча, мал, кийит) чыгарат.

Өрлүк - жакын көчүп келген үй-бүлөнүн жакын-алысына карабай, куржун кечеге тамак-аш, айрымдарына кездеме, мал, буюм алып барып, жаңы конуштун эшик-төрүн көрүү. Ал үй-бүлө болгон тамак-ашын аябай кабыл алат.

Ажырашаар аяк - башка жерге көчүп кетүү алдында айылга тамак-аш берип, эл журттан бата алуу.

Жентек той - наристе төрөлөөрү менен кошуналарга жетине албай, зор кубаныч менен даам сыздыруу.

Жентектөө - бул жаш наристени урматтоо. Ага кийим-кече, акча-тыйын, буюм, тамак-аш бышырып баруу.

Бешик той - наристени бешикке салуу каадасы. Колдо бар мал союлат. Таяке-тайлары бешикти төшөнчүсү менен жасалгалап алып барат.

Кыз узатуу үлпөтү - кыздын биринчи жолу төркүнүнөн аттанаар алдындагы берилүүчү үлпөт. Жеңелери кызды жасандырып шөкүлөсүн кийгизип, жасалгалуу жабдыктары бар атка мингизип, ырчылар ырдап, кошок кошулат.

Ашар - биргелешип бир жумуштун аягына чыгуу. Мисалы: үй салууда, эгин оруп жыюууда элибиз жапатырмак жардамга келишкен.

Түлөө берүү - ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп, мал союп, этин бышырып элге таратуу, бата алуу.

Булардан сырткары кыргыз элинде көптөгөн жакшылык-жамандыкта колдонула турган салттар көп.

 

Сөз менен сөздүн айкашуусун, сөз айкашы менен сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүштөрүн, курамдык бөлүктөрүн жана синтаксистик милдеттерин  синтаксис изилдеп, үйрөтөт. Синтаксис - грек сөзү (Syntaxis), «түзүү», «кошуу» дегенди билдирет.

Бири-бири менен маани жагынан жана грамматикалык жактан байланыштуу келген эки же андан көп толук маанилүү сөздөрдүн бирикмеси сөз айкашы деп аталат.

Мисалы, жашыл жайлоо, бийик үй, мыкты иштөө, планды аткаруу ж. б.

Сөз айкаштарынын тутумундагы сөздөрдүн бири экинчисине мааниси жана грамматикалык жактан багынып турат. Багындыруучу маанидеги сөзү сөз айкашынын багындыруучу түгөйү, ага багыныңкы абалда туруп,  ар кандай белгисин көрсөтүп, аныктап турган сөз багыныңкы түгөйү деп аталат. Мисалы, атлас көйнөк, жыгач аяк, кызыл желекче, бешинчи катар ж.б.

Сөз айкаштары эки топко бөлүнөт:  эркин сөз айкаштары жана туруктуу сөз айкаштары.

Компоненттери өз ара эркин байланышып, айтылуучу ар бир жаңы ойдун мазмунуна ылайык улам жаңыдан түзүлүп турган сөз айкаштары эркин сөз айкаштары деп аталат.

Анын тутумундагы сөздөр айтыла турган ар бир жаңы ойдун мазмунуна ылайык улам алмашылып, жаңы сөздөр менен эркин айкаша берет, бири-биринен оңой ажырап тургандыктан, алардын арасына айрым башка сөздөрдү кошуп айта берүүгө болот. Мисалы: жаңы үй, жаңы пальто, жаңы турмуш, жаңы китеп; алыс жол, таштуу жол, тайгак жол, жалгыз аяк жол; планды аткаруу - планды ашыра аткаруу, экскурсияга жөнөө - экскурсияга эрте жөнөө ж.б..

Компоненттери бири-бири менен өтө тыгыз байланышып, маани жактан өз ара ширелишип келип жалпыланган бир бүтүн жаңы маанини туюндурса, туруктуу сөз айкаштары деп аталат. Мисалы: жүрөгү жок (коркок), беш өрдөгүн учуруу (калп айтуу) ж.б.

Туруктуу сөз айкаштарын (фразеологизмдерди) тил илиминин бир бөлүгү болгон фразеология илими изилдейт. Ал эми эркин сөз айкаштарынын табиятын синтаксис илими изилдейт.

Кыргыз тилинде сүйлөм ичиндеги сөздөрдү өз ара тутумдаштыруучу синтаксистик байланыштын түрлөрүнө ээрчишүү, ыкташуу, башкаруу, таандык байланыш кирет.

Ээрчишүү байланышы баш мүчөлөрдүн (ээ, баяндооч) ортосундагы байланыш болуп саналат. Мында сүйлөмдүн баяндоочу грамматикалык жактан сүйлөм ээсине баш ийип, аны жак, сан, түр боюнча ээрчип айтылат. Мисалы: 1. Сен бул жерге ар качан башкача болуп келчүсүң (Ч.А.).  (сен, жекелик санда, экинчи жакта айтылган; баяндоочу - келчүсүң, бул да жекелик санда, экинчи жакта колдонулган.). 2. Биз өзүңөрдөй эле колхозчу элбиз. (Т.С.) 3. Сиз ак ниет, кичипейил адамсыз, ошол үчүн элдин баары сизди жакшы көрүшөт. (К.Ж.)

Сөздөрдүн синтаксистик байланышынын калган үч түрү (ыкташуу, башкаруу, таандык байланыш) дайыма сөз айкаштарынын түгөйлөрүн бири-бири менен байланыштырат.

Сөз айкашынын багыныңкы түгөйү багындыруучу түгөйү менен кандайдыр бир грамматикалык форма (мүчө) аркылуу байланышпастан, синтаксистик жол менен, башкача айтканда, сөздөрдүн орун тартиби аркылуу байланышса, ыкташуу байланышы деп аталат.

Мындай учурда багыныңкы түгөйү дайыма багындыруучу түгөйүнүн алды жагына жайгашып, маани жагынан анын ар кандай белгисин көрсөтөт. Мисалы: эски көйнөк (заттын сапаттык белгисин көрсөттү), жыйырма кой (сандык белги), жыгач үй (кандай заттан жасалгандыгы), төмөн түшүү (орундук белги), темир меш, илимий конференция, отуз студент, ушу л киши, кайсы бала, аткарылган план, күлө сүйлөө, тез келүү, тарс-тарс атылуу ж.б.

Сөз айкашынын багындыруучу түгөйү өзүнүн лексико-грамматикалык маанисине карай алдындагы багыныңкы компонентти башкарып, аны барыш, табыш, жатыш же чыгыш жөндөмөлөрүнүн бирине келтирип байланышса, башкаруу байланышы деп аталат.

Мисалы: бакка чыгуу, алтыга бөлүү, улууну урматтоо, эч кимге айтпоо, сураганга берүү, таштан оор, малга бай, бизден артта ж.б.

Таандык формадагы багындыруучу сөзгө багыныңкы түгөйү илик жөндөмөдө туруп байланышып, таандык маанини туюндурса, таандык байланыш деп аталат.

Мисалы: мектептин багы, үйдүн эшиги, биздин огородубуз,  айылдын клубу, сенин пикириң, үчтүн экиси, баланын күлгөнү, жакшынын шарапаты ж.б.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Кыргыз элинин кандай каада-салттарын билесиңер?
  2. Кыргыз элинин кайсы каада-салты силерге жагат, эмне үчүн?
  3. Сөз айкашы деген эмне? Анын кандай түрлөрү бар?
  4. Сөз айкашындагы түгөйлөрдүн ортосундагы синтаксисттик байланыштар кайсылар?

 

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар:

  1. Кыргыз элинин каада-салттарын чагылдырып слайд түзгүлɵ.
  2. Кыргыз элинин каада-салттары тууралуу видеоматериал таап келгиле.
  3. Атоочтук жана этиштик сөз айкаштарынын ар бир түрүнө 5 тен мисалдарды жазгыла, сүйлөмдөрдү түзгүлө.

 

Тема 2

1.Лексикалык тема: Элибиздин кɵркɵм кол ɵнɵрчүлүгү. Боз үй.

2.Грамматикалык тема: Сүйлөм-пикир алышуунун негизги куралы. Жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бөлүнүшү. Жай, суроолуу, буйрук, илептүү сүйлөмдөр.  Эки  тутумдуу жана бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр.

 

Боз үй көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан жаралган, жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу.

Боз үйдүн ичинен төбөңдү карасаң, түндүгүнөн көк асманды, күндүз күндү, түнү айды көрөсүң. Сыртка чыксаң, кең дүйнө шарт ачылат. Чагылгандын чартылдаганын, шамалдын улуганын, дарыянын шоокумун, куштардын сайраганын даана угуп турасың. Боз үйдөн өзүңдү сырткы космос жана ички дүйнө менен бирге жашап жаткандай сезесиң,

Кыргыздын боз үйүн жасоого кол өнөрчүлөрдүн бардык чеберлери — теричи, жыгач уста, темир уста, саймачы, оймочу, зергери, уздары катышкан. Кыргыздар боз үйдү күнүмдүк тиричиликке, сый-сөөлөткө жасашкан жана жоопкерчиликте урунушкан, анын түрлөрү көп.

Байыртан бери жасалыш үлгүсү боюнча кыргыздын боз үйү айырмаланып турган, керегеси кенен, ууктары узун, түндүгү бийик келген.

Боз үйлөр керегенин башына карата алтымыш баштан-жүз баш, эки жүз баш деп, чоң-кичинесине бөлүнөт. Үйдүн ичи төр, улага, эр жак, эпчи жак деп төрткө бөлүнөт. Төргө кадырлуу меймандар, карыя аксакалдар, эпчи жакка казан-аяк кармаган аялдар, эр жакка эркектер, улагага кичүүлөр отурушат.

Боз үйдүн жыгачтары негизинен талдан, түндүгү арчадан жасалат. Көлөмү боюнча төрт канат, алты канат, кээ бир ажолордун, байлардын ак өргөлөрү 30 канатка жеткен учурлары бар.

Боз үйдүн негизги жыгачтары — кереге, уук, босого таяк, түндүк, каалгадан турат. А дегенде кереге жайылып, аштарына уук учтугу менен чалып байланат. Босого таяк орнотот. Бакан менен түндүк көтөрүлөт, уук сайылат. Чий тартылган соң туурдук, үзүк, эшик тыш, түндүк жабуу жабылат.

Боз үй ичинде бүткүл кыргыздын байыртан берки тарыхы, тиричилиги, салты, маданияты, тили, дили, акылмандыгы, өнөрү, ой-акылы жатат.

Кыргыздын боз үйүндөгү ырым-жырымы күчтүү болгон: керегеге бутту артпаган, түндүктүн жибине артылбаган, босогону баспаган, босогого туруп бой кербеген, түндүктү, баканды аттабаган, эшикти тээп ачпаган, отко суу куюп өчүрбөгөн, чөмүч менен итке аш куйбаган, тулганы, сүттү теппеген, дасторконду тетири салбаган, күйгөн отко түкүрбөгөн, жылдыз санабаган, үйдө ышкырбаган, үй айланып чуркабаган жана башка.

Боз үйдүн жыгачын ар түрдүү усталар жасашат. Ал өтө чеберчиликти, көп убакытты талап кылат. Боз үйдүн уук-керегесин, босого таягын узанган чеберди «уукчу», «керегечи», түндүк жасаганды «түндүкчү» дешет.

Кыргыздар бата бергенде: «түндүгүңдөн түтүн үзүлбөсүн», «чамгарагың көтөрүлсүн, очогуң өчпөсүн», «отуң өчпөсүн», «түндүгүң бийик, керегең бек болсун», «коломтоң сапырылбасын», ал эми жаман кɵргɵндɵ: «келе бакан, куу союл», «чаначтай көөп», «карды чанач», «чылгый чаначтай ийле», каргыш айтканда: «түндүгүң түшсүн», «чыгдандын ары жагында кал» деген сөздөрдү айтышкан. Эл оозунда боз үйдүн жабдыктары символ катары колдонулган, мисалы адамга баа бергенде: «ууктай узун», «керегеси май болду», «бакандай азамат», «чийдин түбүн тешкен жигит» дешсе, кээде макал-лакап түрүндө: «уугум сага айтам, уулум сен ук, керегем сага айтам, келиним сен ук», «чыккан кыз чийден тышкары», «кызы бар үй — кымызы бар саба» деп айтышкан.

Боз үйдүн так ортосу – коломто, ага казан асылат. Төр – үйдүн эшикке карама-каршы тушу. Анда жүк жыйылып, ала кийиз, өрө кийиз, шырдак, көлдөлөң, төшөк салынат. Жүктүн эки жагына текче илинет.

 

Эпчи жак – үйдүн кире беришиндеги оң тарабы. Ага ала бакан орнотуп, ашкананы чий менен калап, тамак-аш, идиш-аяк сакталган. Аяк кап, чыны кап илинген.

Эр жагы – үйдүн сол тарабы. Анда эркектердин кийими, куралы, ат жабдык жана башка буюмдары коюлган.

Улага – үйдүн кире бериши. Ага, адатта, отун жыйып, ээр-токум коюлган. Боз үйгө туш кийиз, көшөгө тартуу – эзелтеден берки салт.

          Туштук, туш кийиз, туш туурдук – боз үйдүн керегесине, там үйдүн дубалына тартуу учун саймаланган кооздук буюм. Туш кийиздин узундугу 2,5 – 3 м, туурасы 1,5-2 м, четинин эни 40-50 см болот. Адегенде туш кийизди кийизге оюу-чийүү, көчөт түшүрүп жасаган, чети кундуз менен көбөлөнгөн. Баш жагына шуру, бермет, акак таштар бастырылган. Кийин тукаба, парча сыяктуу кездемеден жасала баштаган. Анын ич жагы астарланат (ичтелет), жээги саймаланбай кара, кызыл түстөгү калың материал менен 5-7 см жээктелип, ийрек же ромб формасындагы  кош тигиш менен шырылат. Чети чий баркыттан, макмалдан жасалып, бетине көчөт түшүрүлөт.

          Туш кийиздин ортосу четинин өңүнө карата тандалат.Чети кандай материалдан болсо, ошол эле материалдан анын дал ортосуна (кээде эки бурчуна да) тумарча орнотулган. Туш кийиздин четине жарым бадам, жарым кыял, бармак боочу өңдүү оюмдар сайылат. Туш кийиздин четки саймасы менен ортолук саймасын ала мончок оюму менен сайылган эндүү жээк бөлүп турат. Көркөм көчөттөрдү бири-биринен ак, сары жана башка жиптер менен сайылган суусу, ала мончогу айырмалайт. Алар бутактанып кетет. Туш кийизде кыял оюму кенен колдонулат. Туш кийиз боз үйдү кооздоп гана турбастан, суукту да тоскон.

          Ала кийиз – колдонмо кол өнөрчүлүктүн бир тармагы. Түр салынып жасалган кийизди ала кийиз деп аташкан. Ал кара койдун жүнүнөн жасалат. Сабалгандан кийинки майда тытылган жүн чийдин үстүнө текши төшөлүп, калың, жука жерлери текшиленип чабакталат. Түрүлүп түйдөктөлгөн жүндөн түр (сайма, кеште) салынат. Түр салынган жактары бузулбас үчүн четинен этияттык менен түрүп турат. Жүнгө ысык суу себилип чий менен кошо оролот; анын эки башына кап же башка нерсе кийгизишет. Оролгон чий сыртынан жип менен бекем чырмалып, аны аласалдырып тебе башташат.

          Жүнү кирген кийиз чийден этияттык менен чыгарылып, түрүлөт.  Оңду-солду басылат. Бышырылганда гана ала кийиз бүттү деп эсептелет. Ала кийизди аялдар жасайт, тебүү жана сүйрөө иштерине эркектер катышат.

           Шырдак – кийизден жасалып, жерге салынуучу үй буюму. Бети эки бөлүктөн – ортосу же негизи (узундугу 2-2,5 м) жана четинен (25-35 см) турат да, кыюусу (6-10 см), жээги (0,5-1,0 см) болот. Шырдак жасоо үчүн кийиз жасалат. Шырдактын бети болуучу ак кийиз ар кыл түскө боёлот. Андан шырдактын бөлүктөрү бычылат, ар бирине оймо түшүрүлүп, оюлат. Оюлган кийиздин бири оймо, экинчиси бет болот. Булар бири-бирине кынаштырылып жөрмөлгөндөн кийин, ортоңку бөлүгү менен четки бөлүгү кыюу аркылуу бириктирилет да, ичилиги ичтелип, шоона менен шырылат.

Оң-сол ийрилип, чыйратылган түстүү жиптен жөрмөп бириктирилген сызыгы боюнча оюулардын үстүнөн ызгыт (милте) бастырылып жөрмөлөт. Шырдактын айлана четине ак, кара кийизден каршы-терши иймек бастырылат. Шырдактын ортосуна чоң оймолор, четине, кыюусуна кичирээк оймолор түшүрүлөт.

Шырдактын жасалышында жергиликтүү өзгөчөлүктөргө карата айырмалангандыктан, анын аты ар кайсы жерде ар башкача аталат: шырымал, төрбөлжүн, оймо теке, ободо, түр кийиз жана башка.

Өлчөмүнө карай чоң шырдак (420×180 см), орто шырдак (330×150 см), кичине шырдак (250×100 см) болуп бөлүнөт.

Көөкөр – тиричиликте колдонуучу идиштин түрү. Аны төөнүн, же үйдүн терисинин калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып бычышат. Шар сууга казык аркылуу байланган чылгый терини улпак салып же жарма куюп ороп койсо, жүнү тез эле жыдыйт. Төөнүн териси күрөк менен челденет. Челденген тери шибеге, же темене менен тигилет. Көөкөргө кумдуу топуракты шыкайт. Идиштин ийини, мойну, булуң-бурчтары атайын ийри шиш аркылуу көркүнө келтирилет. Шыкалган топурак тоборсугандан кийин оюм-чийим түшүрүлөт. Кээде көөкөрдүн булуң-бурчтарына, ийнине, моюнуна күмүш, жез чегилет. Ага түшкөн шөкөттөрдүн формасы ар кандай. Көөкөрдүн кепкегине алтын-күмүш чөгөрүлүп, жезден чагарак салынган. Көөкөр ар кыл формада жасалган.

Чанач – эчкинин туюк сыйрылган терисинен жасалган идиш. Чаначка кымыз, айран, жарма жана башка суюк тамактар куюлат. Ал кол чанач, серке чанач, эркеч чанач, чоң чанач деп бөлүнөт. Чанач жасоонун ыкмасы: тери 1-2 күн чие чөбүнүн суусуна чылангандан кийин ичи-сырты малдын майы менен майланып ийленет, жарым айдан кем эмес мөөнөттө ышталат. Ышы кеткенден кийин өңүн кызартуу учун ага айран толтуруп, белгилүү убакыт күнгө кармашып, сууга чайкашат. Чаначтын бучкактары жана түбү чыйратылган жиптен же тарамыштан милте (жээк) коюлуп тигилет. Тамактын даамын сактоо үчүн чаначты майлап жана ыштап турушкан.

           Челек - үй тиричилигинде пайдаланылуучу идиш. Ага көбүнчө суюк нерселер куюлат. Арча, кайың, карагайдан жасалган. Керектуу жыгач кыйылып, кургатылып, өз-өзүнчө чабакталып, челекке мүнөздүү формада кынапталат да, калай, жез, жукартылган тал менен курчап бириктирилген. Жоон жыгачтын ичин оюп бал челек жасалган. Челектин капкагы болот. Куйган тамак-аштын даамы бузулбай сакталыш үчүн аны тез-тез ыштап, малдын майы менен майлап турушкан.

          Чөйчөк – жыгач идиштин бир түрү. Ал арча, кайың, карагай, тал, өрүк, жаңгак, алча, алма жыгачынан жасалат. Жасалыш ыкмасына карай чапма чөйчөк (чабылат), кырма чөйчөк (кырылат) болуп экиге бөлүнөт. Чөйчөк колдонууда жарылып кетпес үчүн ичин май, каймак менен шыбап, жалынга кайрып алышкан. Кээде ыштап коюшкан.

          Жаргылчак – дандан талкан, угут тартуу учун беттеме таштан жасалган кол тегирмен. Жаргылчактын астьңкы жалпак ташы тегеренбей, анын так ортосундагы көзөнөгүнө кагылган катуу жыгач же темир шимеги болот. Шимек жаргылчактын үстүнкү ташынын ортосуна кирип, аны бир окто айлантып турат. Тартылуучу дан шимектүү көзөнөккө ууч менен салынат. Жаргылчак үстуңкү бетинин бир жак четиндеги көзөнөгүнө кагылган жыгач туткасы аркылуу кол менен айландырылат. Жаргылчакты аялдар жана балдар тарткан.

          Кумган – металлдан (жез, коло, чоюн) куюлуп жасалган идиш. Түп жагы курсактуу, ичке моюндуу, туткалуу, чорголуу, капкактуу болгон. Чай кайнатуу, колго суу куюу, даарат алуу үчүн керектелген.

         Куржун – терме же жөнөкөй таардан, килемден ортосу бириктирилип, артынып жүрүүгө ыңгайланып жасалган эки көздүү баштык. Кыргыз буюмдарынын бири Куржундун ар бир көзү (баштыгы) 50×50 см, бүт чети же бурчтары чачыланып кооздолот, ооздору туюк үч бүчүлөр менен бекитүүгө ыңгайланат.

          Камчы – унааны, малды айдоо учун колдонулуучу буюм.Камчы зарыл учурларда куралдын да милдетин аткарган. Саптан, камчынын өрүмүнөн, бүлдүргөдөн турат. Сап табылгы, ыргай, четин, кайыңдан жана эликтин шыйрагынан (туягы менен кошо) жасалат.

Камчылар эркектики жана аялдыкы болуп шарттуу түрдө экиге бөлүнөт.

Камчынын кармай турган жерине булгаары каптап, кооздук үчүн төкмө чачы тагылат. Анын төмөн жагына камчы колдон түшпөс үчүн камыштан илгич – бүлдүргө бекитилет. Камчынын өрүмүнүн башына калай кадалат. Өрүмү жанбас үчүн өрүмдүн башынан, ортосунан, учунан түшкөн түйүмү түйүлөт. Өрүмдүн терме, суйсалма, жылан боор, котур, музоо тиш, бугу жана башка түрлɵрү бар. («Эл таануу» китебинен)

Грамматикалык тема: Сүйлөм-пикир алышуунун негизги куралы. Жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бөлүнүшү. Жай, суроолуу, буйрук, илептүү сүйлөмдөр.  Эки  тутумдуу жана бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр.

 

Бүткөн бир айрым ойду билдирген сөз же сөздөрдүн тизмеги сүйлөм деп аталат.  Сүйлөм - бул пикир алышуунун кичине бирдиги. Сүйлөмсүз биз башкалар менен өз ара пикир алыша албайбыз, кандайдыр бир ой-пикирди, ар кандай сезимдерди, чындыкка карата болгон мамилелерди, иш-аракеттерди билдирүүгө мүмкүн эмес. Демек, сүйлөм коомдо жашаган адамдарды өз ара байланыштыруу кызматын жүзөгө ашырат.

Грамматикалык түзүлүшү боюнча сүйлөмдөр экиге бөлүнөт. 1) Жөнөкөй сүйлөмдөр; 2) Татаал сүйлөмдөр.

Жөнөкөй сүйлөм деп - бир гана сүйлөмдөн туруп, же болбосо бир гана грамматикалык негизге ээ болгон сүйлөмдөрдү айтабыз.

Мисалы: Күн чайыттай ачылат. М.Рыскулбеков атындагы КЭУ – билим сапаты сапат боюнча ЖОЖдордун мыктысы.

Сүйлөмдүн айтылыш максатына карай 4кɵ бөлүнɵт:.

  1. Жай сүйлөм.
  2. Суроолуу сүйлөм.
  3. Буйрук сүйлөм.
  4. Илептүү сүйлөм.

Турмушта болгон ар түрдүү иштер, көрүнүштөр, окуялар, кубулуштар ж. б. жөнүндө кабарлоо иретинде айтылган сүйлөмдөр жай сүйлөм деп аталат. Жай сүйлөмдүн аягына дайыма чекит коюлат.

Мисалы: Ал Жамиланын келишимдүү келбетинен көзүн албады (Ч.А.). Тамак желди, дасторкон жыйналды, колдор жуулду (К.Б.). Уулумдун акыры бир күнү көп катары аскерге кетерин билип эле жүргөм, ошентсе да бул кабарды укканда муундарым бошой түштү (Ч.А.). Ажар көзүнүн жашын мөндүрдөй төгүп отурат (К.Б.).

Сүйлөөчүнү кызыктырган ар түрдүү нерселер жөнүндө угуучунун ой-пикирин билүү максатында айтылган суроо маанисиндеги сүйлөм суроолуу сүйлөм деп аталат.

Суроолуу сүйлөмдөрдүн аягына дайыма суроо белгиси коюлат.  Мисалы: - Анатайдын эмнеси кем экен? (Ч.А.).  Чамасы, небереси болосуң го? (Т.С). Агай, сиз самолёттон секирдиңиз беле? (Ч.А.). Сен киного барат белең? Карааныңды бир көрөр күн болор бекен? (Т.С). Атаң экөөңдүн мага көрсөткөн кордугуңар эсиңде чыгар?(К.Ж.). Ал жөнүндө массалык - саясий иштер жургүзүлүп жаткан чыгар? (Н.Б.). Эмне, башкалар жөтөлүп жатканда, ал жөтөлсө болбойт бекен? (Ч.А.). Эмне, Макишти бийлей албайт дейсиңерби? (Т.С). Эмне, мени коркот дейсиңби? (Ч.А.).

Буйрук сүйлөм айтуучунун ар түрдүү ички эркин (буйруу, талап кылуу, өтүнүч, чакырык ж.б.) билдирет. Мисалы: Жогол, түбөлүккө карааның өчсүн! Жогол! (Ч.А.). Андан көрө саман апкелип, от жакчы (Ч.А.). Силер саат экиге келгиле. Чарбанын жумушуна чык. Огородуңду таштаба. Балага сак бол. Жаңылыктарды үзбөй жаз (Т.С.). - Нургазы, таякең келген тура. Бар, эшик ач (Ч.А.). Ырым болсун, баланын киндигин сен
кескин, кагылайын (Т.С). Көк чөөгүгө суу алып келгин (Т.С.). - Ой, Зуура, сен да камынгын (Т.С). Эл баратат, силер да ошерде болгула (Ч.А.). - Келгиле, кыздар, чайга олтургула (Т.С). Четинен кармап ала бергиле (Ч.А.). Силер эми өз сапарыңарды билгиле. Найза сунуп жоо качырышты билгиле (Т.С). Токтоткула чууңарды! (Ч.А.). Чык эшикке, айбан. Күнүң
бүттү сенин (Ч.А.).

Адамдын ар түрдуү эмоционалдык ички сезимин билдирүүчү сүйлөм илептүү сүйлөм деп аталат. Жазууда илептүү сүйлөмдөрдүн аягына дайыма илеп белгиси коюлат. Мисалы: - Бали! Мына азамат! Жок дегенде алыстан болсо да, бир көрбөй кетет деген эмне шумдук! (Ч.А.). Бүгүн дүйнө жүзү кандай аппак, кандай таза! (Т.С). Баланын кыялы кандай кызык! (А.Т.) Кандай укмуш ээ! Бийиктиги канчалык! (Ч.А.). Бетме-бет жолугушуу ушунчалык кыйын белем! Ушунчалык таш боор болобу?! - О-о, жасаган! Эмне деген кубаныч! Бул эмне деген шумдук! (Ч.А.). Чиркин, жан деген кыйын да! (К.Б.). Баракелде! Булардын эрте келгенин карачы! (Т.С) - Олда кокуй ай, жаман болду ээ! (Т.С). Пай-пай! Шаар эмес бекен! (К.Б.). Ошону билбей калганым, ай! (Т.С).

 

Баш мүчөлөрдүн сүйлөмдө толук же толук эмес катышкандыгына байланыштуу жөнөкөй сүйлөмдөр экиге бөлүнөт:

  1. Эки тутумдуу сүйлөмдөр.
  2. Бир тутумдуу сүйлөмдөр.

Тутумунда эки баш мүчөсү тең (ээ, баяндоочу) бар сүйлөм эки тутумдуу сүйлөм деп аталат. Мисалы: Той бүттү. Журт тарады (К.Б.). Асия уктай албай жатты (Ч.А.). Түн ортосу ооп кетти (Ч.А.).

Бир гана баш мүчөнүн негизинде уюшулуп, бүткөн бир ойду туюндурган, экинчи баш мүчөнүн болушун талап кылбаган сүйлөм бир тутумдуу сүйлөм деп аталат. Мисалы: 1. Нооруз майрамы. 2.Японияга түнүчүндө жеттик. (1-сүйлөмдө заттын аты жөнүндө кабар берилди. 2-де баш мүчөлөрдөн баяндооч гана катышты).

Бир тутумдуу сүйлөмдөр:

  1. Белгилүү жактуу сүйлөм,
  2. Белгисиз жактуу сүйлөм,
  3. Жаксыз сүйлөм,
  4. Атама сүйлөм,
  5. Кемтик сүйлөм болуп бөлүнөт.

Белгилүү жактуу сүйлөмдө грамматикалык ээси катышпаганы менен ээнин кайсы сөз экендиги сүйлөмдүн баяндоочунун аягындагы жак мүчө аркылуу белгилүү болуп турат. Мисалы: Малдын башын урдум! Дүйнөнү сууга салдым, журт! (Т.С). Эки сүйлөмдө тең баяндоочунун аягындагы биринчи жактын мүчөсү аркылуу сүйлөмдүн ээси «мен» деген жактама ат атооч экендиги белгилүү болуп турат.

Белгисиз жактуу сүйлөмдɵ грамматикалык ээси катышпайт жана кыймыл-аракетти   аткаруучу   жак   белгисиз   бирөө экендиги оюбузда бүдөмүк элестетилип турат. Мисалы: Жаңы тигилген көчөттү сындырып кетиптир. Биздин группада аны алдыңкы студент катары билишет. («Жаңы тигилген көчөттү сындырып кетиптир» деген сүйлөмдүн грамматикалык ээси Ал деген ат атоочпу, же болбосо балдар, мал, Алтынбек ж.б. деген өңдүү зат атоочтордун бири болобу - ал биз үчүн белгисиз көрүнүш. «Биздин группада аны алдыңкы студент катары билишет. деген сүйлөмдө да ээнин милдетин «окутуучулар» же «студенттер», же болбосо, «окуу жайдын жетекчилери» деген сөздөрдүн бири аткарат деп ачык айтууга болбойт).

Грамматикалык ээси жок жана анын болушу да талап кылынбаган сүйлөмдөр жаксыз сүйлөмдөр деп аталат. Бул сүйлөмдө да ээ катышпайт, баяндооч гана бар.

Мисалы: Күндүз ызаатта, түндө кызматта. (Таб.) Уулду төрөйт, уятын кошо төрбөйт. (Мак.) Үйдө баатыр, жоодо жок. (Мак.) Кайда болсо да бир өлүм. (Мак.) Сага оңой болгону менен, мага кыйын. Суудай суюк, уудай ачуу. (Таб.) Кары адамга
катуу айтууга мүмкүн эмес. Бир жылда эмес, он жылда да бүтпөөгө тийиш. Жаактуудан кепшебес, аркалуудан оонабас. (Таб.) Арыса да, ачса да, бермейинче суу ичпес, жем жебес. (Таб.) Аларды  ээрчитип  барууга болбойт. Эми ушинтип жашоого туура келет экен да. (К.Ж.)

Кубулуштарды, окуяны, мезгилди, орун-мейкиндиктин аттарын атоо иретинде айтылган бир тутумдуу сүйлөмдөр атама сүйлөм деп аталат.

Мындай сүйлөм атооч жөндөмөсүндөгү сөздөн жана сөз айкашынан жасалат. Мисалы: Түптүз талаа. Канча караган менен уч-кыйрына көз жетпейт. Түн. Ай жарык. Бак жактан музыканын үнү угулат.

Атама сүйлөм көркөм адабияттарда кеңири колдонулат.

Кемтик сүйлөм оозеки кепте жана көркөм адабий чыгармаларда көп кездешет, ойду кыскача, эркин жана көркөм баяндоого мүмкүнчүлүк берет. Кемтик сүйлөмдү контекст менен, өзүнүн мурунку толук сүйлөм менен байланыштырбай, алардан бөлүп алып карасак, ойду жеткиликтүү түшүндүрө албайт, таптакыр түшүнүксүз болуп калышы да мүмкүн. Мисалы: «Андан бери айдалбаптыр» деген сүйлөмдү өзүнчө бөлүп алсак, толук түшүнүктү туюндура албайт. Эми бул сүйлөмдү өзү тутумунда айтылган контекст менен бирдикте алып көрөлү: Илгери бир кездерде Ак-Сайда кошчулар эгин эккен экен. Андан бери айдалбаптыр (Ч.А.). (бул учурда Ак-Сайдын көптөн бери айдалбай жаткандыгы тууралуу ачык маалымат берип турат).

Ушинтип, кемтик сүйлөмдөр дайыма контекстте, өзүнөн мурунку толук сүйлөмдөр менен байланышта айтылат. Мындай учурда, өзгөчө оозеки кепте алдыдагы толук сүйлөмдүн тутумундагы кээ бир сөздөрдү кийинки кемтик сүйлөмдө да кайталап айтып отуруунун зарылчылыгы болбой калат.

Мисалы:

1)     -  Бүгүн жыйналыш болобу?

        -   Болот (Н.Б.)

2)     -  Айгүл кайда кетти?

         -  Деканатка.

3)     -  Ысмыңыз ким болот?

        -   Айпери.

4)      - КЭУда канча факультет бар?

            - Төрт.

  1. - Муну жыйналышка чейин неге бүтүргөн эмессиңер?

      - Жетише   албай   калдык   (Н.Б.).  

 

Жалаң жана жайылма сүйлөм.

Жөнөкөй сүйлөмдөр тутумунда айкындооч мүчөлөрдүн бар экендигине же жок экендигине карай жалаң сүйлөм жана жайылма сүйлөм болуп бөлунөт.

Баш мүчөлөрдөн гана, башкача айтканда, ээ менен баяндоочтон гана түзүлгөн сүйлөмдөр жалаң сүйлөм деп аталат. Мисалы: Кыш да түшүп келе жатат (К.Б.). Биз даярданып калдык (К.Б.). Эч ким жок (Ч.А.). Ажар чочуп кетти. Жүрөгү туйлай баштады (К.Б.)..

Баш мүчөлөр менен айкындооч мүчөлөрдүн байланышынан түзүлгөн сүйлөмдөр жайылма сүйлөм деп аталат. Мисалы: Амангелди былтыр ирилештирилген кийим тигүүчү ишкана түзгөн. Мыкты билим алуу үчүн студенттер сабактарга үзбөй катышуусу керек.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Кыргыз элинин кол ɵнɵрчүлүгү тууралуу баяндама жасагыла.
  2. Узчулук ɵнɵр деген эмне?
  3. Жыгач усталар эмнелерди жасашкан?
  4. Зергерлер деген кимдер?
  5. Сүйлөм,  негизги белгилери.
  6. Сүйлөмдүн түрлөрү.
  7. Бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөрдүн табияты, түрлөрү.
  8. Эки тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр жана алардын түрлөрү.
  9. Жалаң жана жайылма сүйлөм деген эмне?

 

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар:

1. Кыргыз элинин устачылыгы, узчулугу, тикмечилиги ж.б. кол ɵнɵрү тууралуу маалымат топтоп келгиле.

2. Сүйлөмдүн түрлөрүн катыштырып  «Кыргыз элинин кол ɵнɵрчүлүгү» деген темада текст жазгыла.

3. Жөнөкөй сүйлөмдүн түрлөрү боюнча кластер түзгүлө.

 

 

Тема 3

  1. Лексикалык тема: Кыргыз даамы. Улуттук суусундуктар жана тамак-аштар.
  2. Грамматикалык тема: Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү. Бир өңчөй баш мүчөлөр. Бир өңчөй айкындооч мүчөлөр. Жалпылагыч сөз жана анын тыныш белгиси.

 

Кымыз

Кыргыздын илгертен келаткан суусундуктарынын бири -кымыз. Ал бээнин, төөнүн, уйдун жана кой-эчкинин сүтүнөн жасалат. Кымызды сабага, чаначка, арча челекке жана карапага ачытууга болот. Бээнин сүтү - кыргыз кымызынын негизи. Бээ «Чыңыртып кулун байлаган чын курандан кеч күзгө чейин саалат. Кечигип тууган бээлер кышкысын да саадырат.

Кымыз ичкендин көңүлү көтөрүлүп, организми чыңдалат. Кыргыздар кымызды оокат, суусундук катары пайдалануу менен, анын дарылык касиетине да маани беришкен. Кымыз сезгенме жана ички органдардын ооруларына дары болот. Тажрыйбасы арткан эл азыркы кезде кымыздын бир нече түрлөрүн жасайт. Алар жасалыш ыкмасына жана мезгилине карата ууз кымыз, саамал кымыз, бал кымыз, тунма кымыз жана башка деп аталат.

Кыргыз кымызы жамаатташ казак калкынын, тектеш башкыр, тува, алтай монгол жана башка элдердин кымызынан дээрлик айырмаланат.

 

  1. Грамматикалык тема: Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү. Бир өңчөй баш мүчөлөр. Бир өңчөй айкындооч мүчөлөр. Жалпылагыч сөз жана анын тыныш белгиси.

Сүйлөм мүчөсүнүн милдетин толук мааниге ээ болгон сөздөр, же ажырагыс сөз тизмектери аткарышат.

Сүйлөм мүчөлөрү сүйлөм ичинде аткарган милдеттерине карай баш мүчөлөр (ээ, баяндооч) жана айкындооч мүчөлөр (аныктооч, толуктооч, бышыктооч) болуп эки топко бөлүнөт.

Сүйлөмдө сөз болуп жаткан жак, зат, окуя, кубулушту   билдирүүчү   жана   баяндоо   аркылуу   туюндурулган бардык белгилерди ишке ашыруучу баш мүчө ээ деп аталат.

Ээге төмөнкүдөй белгилер мүнөздүү:

  • Сүйлөмдө сөз болуп жаткан нерсенин атын билдирет;
  • Атооч жөндөмөдө туруп, ким?, эмне?, кимдер?, эмнелер?, кимиси?, эмнеси? деген суроолорго жооп берет.
  • Сүйлөмдүн башка мүчөлөрүнүн бирөөнө да баш ийбейт, тескерисинче, аларды өзүнө багындырат.

      Мисалы: Жакшылык бардык карама-каршылыкты жеңип, турмушту көркүнө чыгарат. Сары-Жаз, Ак-Шыйрак, Ак-Сай, Арпа жана Суусамыр - кыргыз жергесиндеги атактуу жайлоолор.

Сүйлөм тутумунда грамматикалык жактан ээге багынып, анын ким, эмне экендигин, кыймыл-аракетин, мүнөзүн, абалын, сынын, сыпатын, сан-иретин билдирген баш мүчө баяндооч деп аталат. Мисалы: Жетиөгүз корук участогу 1958-жылы уюштурулган. Анын максаты асыл тукум жылкыларды көбөйтүү. Адам өлөт, искусство эч качан өлбөйт.

Баяндоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат:

Зат атооч: Атамдын бир тууганы - Табылды.

Сан атооч: Кыздын жашы он жетиде.

Сын атооч: Тянь-Шань кышта жылуу, жайда салкын. (М. А.)

Ат атооч: Кыздардын жоодураган көздөрү - ошол мен, наристенин ыңаалап ыйлаганы - ошол мен.

Этиш: Өзүңдү өзүң мактаба.

Тактооч: Биздин кашар дагы жогору.

Баяндоочтун милдетин кайсы сөз түркүмү аткаргандыгына байланыштуу этиштик жана атоочтук баяндооч болуп бөлүнөт.

Сүйлөмдө баяндооч этиш сөздөрдөн болсо этиштик баяндооч деп аталат. Мисалы: Таяктан жаңылган турат, тилден жаңылган турбайт. (Макал)

Сүйлөмдө баяндооч, атооч сөздөрдөн (зат атооч, сын атооч, ат атооч ж.б.) болсо, атоочтук баяндооч деп аталат. Мисалы: Кыргызстан - тоолуу өлкө. Өнөр алды - кызыл тил.

Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү баш мүчөлөрдүн маанисин айкындайт жана толуктайт. Алар өзүлөрүнүн маанилери боюнча аныктооч, толуктооч, бышыктооч болуп бөлүнөт.

Аныктооч сүйлөмдө зат менен байланышып, анын ар кандай белгисин (сын-сыпатын, сан-иретин, мүнөзүн ж.б.) билдирет. Кандай? кайсы? канча? нече? канчанчы? кимдин? эмненин? деген суроолорго жооп берет.

Мисалы: Анын кара чачы жел менен кошо желбиреп турду.

Аныктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат:

Зат атооч: Тилдин кулпусу - тиш.

Сын атооч: Ал шайыр адам эле.

Сан атооч: Эки катар таш койдум, кызыл өгүздү бош койдум.

Ат атооч: Булардын эмгеги ак - алгандары аш болсун.

Атоочтук: Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.

Толуктооч кыймыл-аракеттин эмнеге багытталгандыгын көрсөткөн заттын атын билдирет. Толуктооч - барыш, табыш, жатыш жана чыгыш жөндөмөлөрдүн биринде турат да, өзүнө багындыруучу түгөйү менен башкаруу жолу аркылуу байланышат.

Толуктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат:

Зат атооч: Карыларда касиет бар.

Ат атооч: Бизде биримдик, ынтымак бар.

Сын атооч: Сулууга мерездиктин кереги жок.

Сан атооч: Экөөнү куттукташты.

Атоочтук: Алтайдан келгендерге урмат-сый көрсөтүштү.

Кыймыл атооч: Барууга шарт жок.

Бышыктооч кыймыл-аракеттин түрдүү белгисин (сыпатын, сан-өлчөмүн, ордун, мезгилин, максатын) билдирет. Кандай? кайда? кайдан? качан? эмне үчүн? эмнеликтен? канча? деген суроолорго жооп берет.Мисалы: Биз ошол жылы (качан?) абдан жакшы (кандай?) түшүм алдык. Ыраактан (кайдан?) шаркыратманын үнү угулат. Ажар корккондуктан (эмне үчүн?) кадамын тез-тез шилтейт.

Бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат:

Зат атооч: Мени Москвага окууга жиберишти.

Сын атооч: Күн жылуу болуп турат.

Сан атооч: Орток айдаган эгинди өнөгүңдөн ашык алба.

Тактооч: Быйыл түшүм начар.

Чакчыл: Алысты ойлуу тиктеп, Сейит көпкө кыймылсыз отурду.

Берген маанилери боюнча бышыктоочтун төмөнкүдөй түрлөрү бар:

  • Сыпат бышыктооч. Кантип? кандайча? кандай? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Күчүк аянычтуу кыңшылады.
  • Орун бышыктооч. Кайда? кайдан? каякта? каяктан? каерде? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Кыргызстанда кооз жерлер өтө көп.
  • Мезгил бышыктооч. Качан? качанга чейин? качантан бери? кайсы убакта? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Кечээтен бери күндүн көзү ачылбады.
  • Себеп бышыктооч. Эмне үчүн? эмне себептен? эмнеликтен? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Корккондуктан оозуна сөз келбеди.
  • Максат бышыктооч. Эмне үчүн? эмне максатта? эмнеге? кандай максатта? эмне кылууга? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Жаңы ачылыштарды табуу үчүн зор эмгек жасаган.
  • Сан-өлчөм бышыктооч. Канча? нече? канчанчы? неченчи? нече жолу? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Жылдын бешинчи айы майрамдарга бай.

 

Сүйлөм тутумунда грамматикалык жактан бирдей түзүлүштө туруп, бирдей суроого жооп берип, бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарган бир нече окшош мүчөлөр сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү деп аталат.

Бир өңчөй мүчөлөргө төмөнкүдөй белгилер мүнөздүү:

а) бирдей суроого жооп беришет;

б) бирдей сүйлөм  мүчөлөрү болушат;

в) бирдей сөз түркүмүнөн жасалышат;

г) бирдей формада келишет (уңгу же мүчө түрүндө).

Кыргыз тилинде баш мүчөлөр да, айкындооч мүчөлөр  да бир өңчөй болушат.

Өз ара тең байланышта туруп, сүйлөмдүн баяндоочу менен бирдей катышта, грамматикалык бирдей байланышта болгон ээлер бир өңчөй ээ деп аталат. Мисалы: Үйдүн шаңы, үйдүн көркү, куту Асыл менен Акылай тура. Куш да, мал да жем жеген жерине келет. (Накыл сөз) Анын жүрүш-турушу, мамилеси, мүнөзү мага жат боло баштады. Алардын ичинде Көбөгөн, Батма, Козубектер бар эле.

Сүйлөм тизмегинде бир гана ээге же тизмектекен бир өңчөй ээлердин тобуна тиешелүү болуу менен байламта жана интонациялар аркылуу тутумдашкан мүчө бир өңчөй баяндооч болуп саналат.

Мисалы: Керексиз отун алынбайт да, жагылбайт. (этиштик баяндоочтор).  Бөлмөнүн  ичи таза,   ары жарык,   ары кең. Каныбек бардыгын жек көрөт, айрыкча жек көргөндөрү - Айымбача менен Кылыч. (К.Ж.)

2. Бир өңчөй аныктоочтор бир эле заттын ар түрдүү белгисин санап көрсөтөт. Мисалы: Азыр жайлоодо көк, сары, кызыл, ак гүлдөр жайнап турган учур экен. Сабитахун Ажардын сулуу, сүйкүмдүү, ак жуумал өңүн көрдү (К.Б.). Арабыздан күн сайын жүздөгөн, миңдеген кишилерди бөлүп айдап кетишчү (Ж.Мав.). Биринчи жана экинчи курстар практикада. Ал ары билимдүү, ары өткүр, ары уюштургуч жигит эле. Дүкөнгө барып, же кызыл, же көк материалдан 10 метр алып кел. Өткөн жыл анын турмушундагы түйшүктүү, татаал, бирок кубанычтуу жыл болду.

Бир өңчөй толуктоочтор да өз ара тең байланышта туруп, сүйлөмдүн бир мүчөсү менен бирдей грамматикалык формада байланышат, бирдей суроого жооп берет. Мисалы: Ал кызмат өтөгөн полк Донбассты, Херсонду, Одессаны, Варшаваны бошотууга катышты («СК»). Мен көргөнүмдү, укканымды айтам (К.К.). Арыгына-торугуна, чыгымына, жогуна жооптуу мен беремин (Т.С.). Кишилерге да, унаага да, сокого да, шайманга да сен жооп бересиң (Ч.А.). Ошол түнү алар Ажар менен Каныбекти качырышты(К.Ж.). Алардын демилгеси мактоого жана колдооготатыктуу болду. Ажарга өлүүдөн, же болбосо бир жакка тентип кетүүдөн башка эч бир айла калбай калды (К.Б.).

Бир өңчөй бышыктоочтор  бири-бири менен интонация жана байламталардын жардамы менен байланышат: Метрейдин Караколдо, Түптө бирден үйлөрү болчу (М.Э.). Шарше дөгүрсүнүп, менменсинип кербезденет (Т.С) Компас менен токойдун ичинде да, деңиздин үстүндө да адашпайсың.

                Бир    өңчөй    орун    бышыктоочтор:     Областтын    бардык кыштактарында, шаарларында, дыйкан чарбаларында өкмөттүн чечимдери аткарылып  жатат. Жакында, алыста, кайда, кайсы жерде жүрсөк да, Мекенибизди эстейбиз (К.Б.).

Бир өңчөй мезгил бышыктоочтор: Айрым жаштар күндүз да, кечкисин да иштешет. Бул китептериң окуганда да, иштегенде да керек болот.

Бир өңчөй сыпат бышыктоочтор: Ошол замат буттарын тыбырчылатып, бакырып ыйлачу (Т.С). Мына эми жөтөлүп, тердеп, онтоп, керсары тартып төшөктө жатат.

Бир өңчөй максат бышыктооч: 7-апрелде жапжаш жигиттер, бейкүнөө адамдар биз үчүн, биздин таалайыбыз үчүн курман болушту.

Бир өңчөй себеп, сан-өлчөм бышыктоочтор тилибизде сейрек учурайт: Керим жокчулуктан, ачкачылыктан байларга малай да болду.

Бир өӊчөй мүчөлөрдүн маанисин жалпылап жана аларды бириктирип, чечмелеген сөздөрдү жалпылагыч сөздөр дейбиз. Сүйлөмдө бир өңчөй мүчөлөр кандай синтаксистик милдет аткарса, ага тиешелүү болуп келген жалпылагыч сөз да ошондой эле милдет аткарат. Жалпылагыч сөз бир өңчөй мүчөлөрдөн мурда да, кийин да келет. Мисалы: Абдыбек менен Узак - экөө Жапардыкынан кайтканда, саат он бирден өткөн. Кечээ, бүгүн, эртеңдер - бардыгы бири-биринен айырмалуу. Баарын:   азапты,   кыйноону, теңсиздикти, кордукту, жокчулукту баыбыздан кечирсек да, пенде бойдон кала берет экенбиз го! Кийимибиз жука болгондуктан, Беккул, Сапарбек жана мен - үчөөбүз калчылдай баштадык. (М.Э.)

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Улуттук суусундуктардын кандай касиеттери бар?
  2. Улуттук тамак-аштардын кандай  түрлɵрүн билесиңер?
  3. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү жана алардын аткарган кызматы.
  4. Аныктооч жана анын табияты.
  5. Толуктооч жана анын түрлөрү.
  6. Бышыктооч жана анын маанилик типтери.
  7. Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү кепте эмне үчүн колдонулат?
  8. Жалпылагыч сөз деген эмне?

 

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар:

  1. Кыргыз даамы. Улуттук суусундуктар жана тамак-аштар тууралуу видеофильм таап келгиле, слайд, буклет жасагыла.
  2. Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн,  бир өңчөй мүчөлөрүн катыштырып турмуштук  темада текст түзгүлө

 

Тема 4

Улуттук кийимдер. Татаал сүйлөмдөр,  түзүлүшү,  уюшулуу жолдору. Тең жана багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөр. Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн түрлөрү.

 

Адамдын башка бирөөгө билдире турган ою түзүмү жагынан жөнөкөй түрдө же татаал түрдө болушу мүмкүн. Татаал сүйлөмдөр эки же андан көп жөнөкөй сүйлөмдүн айкашынан уюшулуп, бирдиктүү бир татаал ойду билдирет. Жөнөкөй сүйлөмдүн курулуш материалы сөз жана сөз айкаштары болсо, татаал сүйлөмдөрдүн курулуш материалы жөнөкөй сүйлөмдөр болуп эсептелет.

Маани жагынан өз ара байланыштуу келген эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдүн айкалышынан уюшулуп, түзүлүшү, мааниси жана интонациялык жактан бир бүтүн бирдикти түзүп турган сүйлөмдөр татаал сүйлөм деп аталат.

Мисалы: Дүйшөнкул алга карай жүгүрдү, анын артынан агылып башка жоокерлер да чуркашты (К.Б.). Бир кездерде ошол дөбөнүн үстүндө мектеп болгон имиш, биз анын ордун да көрбөй калдык, бирок кош теректүү дөбөнүн аталышы эл оозунда мурунку бойдон келе жатат (Ч.А.).Мен түгөнбөйм, мен тарыбаймын, мен кенчмин, мен баарыңарга тегиз жетем (Ч.А.).

Татаал сүйлөмдүн уюшулуу жолдору.

  1. Татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр бири-бири менен интонация жана  ар түрдүү маанидеги байламталар менен байланышат.

Мисалы: Жаркыраган ай ааламга нурун төктү жана электр шамы да балбылдап жанды (К.Ж.). Төрттө келейин, бирок сиз убакытты так сактаңыз (Ш.Б.). Азыр ашуу бек, же алар машина аркылуу тиги жол менен барабы? (Н.Б.). Каныбек абдан такып сурады, себеби анын көзүнө Эркин сүйгүнчүктүү учурады (К.Ж.).

2)  Татаал сүйлөмдүн тутумундагы багыныңкы сүйлөм өзүнөн кийинки баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдүн этиштик баяндоочуна чакчыл -ып, -а(-й),-бай,-ганча(-гыча), -ганы(-галы ) ,-майынча(-майын ) мүчөлөрүнүн уланып айтылышы аркылуу: Кандайдыр укмуштуу ой кылт этип, Нурбек селдее калды (Ч.А.).Күндүн нуру жайыла, комбайнчылар эгин чабууга киришишти. Биз Тогуз-Булакка келгени, бир айдан ашуун убакыт өттү (М.Э.).

3)       Багыныңкы сүйлөмдүн атоочтук этиштен турган баяндоочуна жатыш жөндөмөнүн -да мүчөсүнүн уланышы менен: Таятам жомок айтып отурганда, мен ушунун баарын ойлоп отурам (Ч.А.).

  1. Атоочтук этиштин кийин, соң, сайын, менен, үчүн, чейин, дейре, бери, тартып деген өңдүү жандоочтор менен айкашышы аркылуу: Карымшак аттанары менен, Бозгунчу дагы сөзгө аралашты (Т.С). Бала там-туң басканга дейре, келин үйдө болду (Н.Б.). Кой сарайлар жылуу болгон үчүн, козулар чыгашага учураган жок.
  2. Атоочтуктун жатыш жөндөмөдөгү убакта, мезгилде, кезде, учурда, чакта, ченде деген сыяктуу мезгилдик маанидеги сөздөрдүн айкашып келиши менен: Гүлсары алдына ат салбай чыгып турган чагында, атагы жер жарып турат (Ч.А.). Биз жарым аралга жакындай берген учурда, душман бизди замбирек менен ата баштады (К.Б.).

6)   Негизги сөзгө эле, экен, эмес деген жардамчы сөздөрдүн айкашы менен: Ай нуру өзөн ичине чачырай элек, эрте жаздын коңур нуру бир аз нымдуу (Т.С). Жемге тойгон арабанын аттары дыңылдап карылуу экен, бат эле алда кайда узап кеттик (С.Ө.). Жамийла жалгыз эмес, ал Айша деген кыз менен бирге келген (К.Б.)

7)  -ган формасындагы атоочтукка -дык-тан мүчөсү жалганышы аркылуу: Малчылар Чүйгө көчүп кеткендиктен, жайлоонун чөбү кайрадан кулпура баштады.

8)  Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочунун милдетин шарттуу ыңгайдын аткарышы аркылуу баш сүйлөм менен байланышат: Акча чөнтөгүмдө болсо, губернаторлорду да бийлетүүгө чамам жетет (К.Бек.). Командири шер болсо, жоокерлери эр болот (К.Ж.).

Татаал сүйлөмдөр тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара байланышуу өзгөчөлүктөрүнө жана ал сүйлөмдөрдүн ортосундагы маанилик катыштын мүнөзүнө карай тең байланыштагы татаал сүйлөм жана багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм деп эки чоң топко бөлүнөт.

Тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири экинчисине грамматикалык жактан багынбай, өз ара тең даражада байланышып, синтаксистик түзүлүшү, мааниси жана интонациялык жактан бир бүтүн бирдикти түзүп турган сүйлөмдөр тең байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат.

Мисалы: Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт. Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет. (макал) Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт. Жакшыны сөз өлтүрөт, жаманды таяк өлтүрөт. Адамдын бийлигин жоготуп койгону аянычтуу эмес, абийрин жоготуп койгону аянычтуу. Ар дайым акыл издеген адамды акылдуу десе болот, ал эми акылдуусунганды - акмак десе болот. Ак ниет адамдарга асылгандар көп болот, бирок абийрин эч ким ача албайт. Дүйшөн бул сүрөттү көптөн бери алып жүргөн болуу керек, себеби кагазы эскирип калган болчу. (Ч.А.)

Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм жана байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм болуп экиге бөлүнөт.

Тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара интонация аркылуу байланышса, байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм дейбиз. Мисалы: Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет. Мен уктайм, сен сабагыңа даярдан. Тилден уу да тамат, бал да тамат. Ооору кетет -адат кетпейт. Чагылган жарк этти - Айша жерде сулап жатты.

Бектурган бүгүн бактылуу: эки уулу бала-чакасы менен кашында; алар ойноп-күлүп конокто отурушат. Студенттердин парламенти түзүлдү - анын башчысы 3-курстун старостасы болду. Биз абдан чарчадык: жумуш абдан көп экен.

Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм деп -татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр байламталар аркылуу байланышып, бирок өз ара тең укук абалда болуп түзүлөөрүн айтабыз.

Байламталуу багынычсыз татаал сүйлөмдү төмөнкүдөй байламталар байланыштырат:

Байланыштыргыч байламталар: жана, жана да, да, дагы, жана дагы ж. б. Бул байламталар аркылуу байланышкан жөнөкөй сүйлөмдөр окуянын бир мезгилде болгондугун билдирет. Мисалы: Ошондо бала кийимин чечип ыргытты да (кадим жайкысындай, ичиркене бүрүшүп) жээктеги талдын бутагын кармай сууга кирди. Жаңы жылды жыл сайын чогуу тособуз жана майрамды көңүлдүү өткөрүүгө аракеттенебиз.

Каршылагыч байламталар: а, ал эми, бирок, антсе да, ошентсе да, ошондо да, ошондой болсо да, анткени менен ж.б. Мындай байламталар менен байланышкан жөнөкөй сүйлөмдөр карама-каршы мааниде айтылган ойду билдирет. Мисалы: Анатай экөө а күнү жарашкан жок, бирок катар жүрүп иштей беришти. (Ч.А.) Окуу деген эң сонун, а сиз эмне окубайсыз?

Ажыраткыч байламталар: же, же болбосо. Мисалы: Элдин көзүнчө жыгылып каламбы, же кусуп жиберемби деп коркуп баратты. Бул байламталардын ичинен да байламтасы ар дайым өзүнөн мурунку сүйлөмгө таандык болот да, ошондуктан үтүр байламтадан кийин коюлат. Мисалы: Жээктен алыс болсок да, алачыкты алып кетеби деген коркунуч эрксизден туулат.

 

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Улуттук кийимдердин кандай түрлɵрүн билесиңер?
  2. Татаал сүйлөмдөрдүн түзүлүшү, уюшулушу.

 

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар:

  1. Улуттук кийимдер тууралуу маалымат топтоп, слайд, буклет жасагыла.
  2. Улуттук кийимдер тууралуу видеоматериал таап келгиле.

3. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр боюнча Венддин диаграммасын түзгүлө.

4. Көркөм чыгармалардан жөнөкөй сүйлөмдөрдү татаал сүйлөмдөргө, татаал сүйлөмдөрдү жөнөкөй сүйлөмдөргө айлантып кайрадан түзүп чыккыла.

 

Тема 5

  1. Лексикалык тема: Улуттук оюндар.  
  2. Грамматикалык тема: Баш   сүйлөм   менен   багыныңкы   сүйлөмдүн   байланышуу жолдору Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн түрлөрү.

 

Тогуз коргоол – кылым карыткан кыргыз оюну

 

Чараларын оюшуп,
Бир жагына бир тогуз,
Бир жагына бир тогуз,
Үй чыгарып коюшуп,
Ою менен олтуруп,
Ташын салып толтуруп,
Тогуз коргоол ойгону,
Ордо, тогуз коргоол деп,
Жаш Манас кылып койгону…
Тогуздан коргоол салганы,
Бу Манастан калганы…
(Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча)

 

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн биз көздүн карегиндей сактап, муундан-муунга өткөрүп берүүчү белгилеринин бири – улуттук оюндар. Булар жаштардын акыл-эсин, дене түзүлүшүн, ден соолугун чыңдоо үчүн бирден-бир курал катары колдонулуп келген. Ошолордун бири – тогуз коргоол 2009-жылы Кыргызпатент уюмунан кыргыз элинин салттуу билими катары ырастама алган.

Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, эл аралык даражадагы спорт чебери, өлкөнүн кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурия Султанмуратованын айтымында, оюн гундар доорунан бери ойнолуп келе жатат. Бирден тогузга чейинки турмушта колдонулган сандардын баарын катыштырып, негизги математикалык амалдарды үйрөтүү максатында ойлоп чыгарылган логикалык, спорттук оюн. Илимдердин падышасы делген математика жагынан алып караганда – сандарды кошуп, кемитип, бөлүп, көбөйтүп, жуп сан менен так сандын айырмасын түшүндүрүү, жаратылыш жагынан – аралыкты, багытты айырмалоо, дене-тарбия тарабынан – түз олтуруу, көп коргоолдорду колго батыруу, ыкчамдуулук, шамдагайлык, психология жагын карасак – атаандашка болгон мамиле, жол тапкычтык, эске тутуу жөндөмүн өрчүтөт. Жеңишке жетишүүгө умтулуу, токтоолук, сабырдуулук, логикалык ой жүгүртүү сыяктуу көп тармактуу касиеттерди өзүнө камтыйт. Кыргыздар жаш муундарга жашоо-турмушта эң керектүү болгон сапаттарды ушул оюн аркылуу негиздегенге, тарбия-таалим берүүгө аракет кылган.

Тогуз саны ата-бабабызда ыйык сан экени  бизге белгилүү, мисалы, тогуз токоч таратып, тогуздап мал айдап, тогуздап торко кийип сыяктуу.

Оюнду эки оюнчу ойноп, ар тарапта тогуздан үйлөр жайгашып, ар бир үйдө тогуздан коргоол салынат.

           Тогуз коргоол – оюн тактасынан жана 162 таштан турат. Тактанын эки жагында тогуздан үй (коргоол салынган чуңкур) жана ортодо эки казан бар. Оюнчунун казаны атаандашына жакын болот. Казан оюнда колдонулбайт, бир гана коргоолдорду чогултуу үчүн керек. Оюн башында ар бир үйдө тогуздан таш бар, казандар бош.

Оюндун максаты – атаандашыңан өз казаныңа 82 же андан көп таш утуп алуу. 81 коргоол уткан болсо, оюн тең чыгуу менен аяктайт. Оюнду баштоо укугу тараптардын келишими же чучу кулак кармоосу менен аныкталат. Жүрүш жасаган оюнчу өз тарабындагы каалаган үйдөн таштарды алып, ошол эле үйдөн баштап оң жакка карай бирден салып жүрүп олтурат. Үйлөрдү секирип же болбосо бир үйгө экиден таш салуу мүмкүн эмес. Жүрүш тогузунчу үйдөн кийин атаандаштын үйлөрүнө кетет. Эгер акыркы таш атаандаштын үйүнө түшүп, ал үйдөгү таштардын саны жуп болсо жүрүш натыйжалуу болуп эсептелет да, оюнчу ошол үйдөгү таштардын баарын өз казанына алат. Эгерде жүрүш жалгыз ташы бар үйдөн жасалса, таш кийинки үйгө конот да, жүрүш башталган үй бош калат.

Оюнчуларга оюндун эрежеси боюнча бир жарым саат убакыт берилет. Берилген убакыттын ичинде отуз жүрүш жүрүлгөн болсо, кошумча катары жарым саат берилет.

Туз алуу. Атаандаштын үйүнө түшкөн акыркы коргоолдун саны үч болсо, ал үй «туз» деп аталып сизге тиешелүү болуп калат, башкача айтканда, ал үйгө түшкөн коргоолдордун баары сиздин казаныңызга түшөт. Туз алуунун эки шарты бар:

1. Бир оюнда бир гана туз алынат.

2. Эгер атаандашыңыз туз алган болсо, ал алган номурлуу үйдөн туз ала албайсыз. Мисалы, ал сиздин 5-номердеги үйүңүздөн туз алган болсо, сиз анын 5-номердеги үйүнөн туз ала албайсыз.

Тогуз коргоол – тез эсептөө, алдын ала көрө билүү жана логиканы өстүрүүдө пайдасы чоң. Өзгөчө башталгыч класстагы балдардын кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүү сыяктуу математикалык эсептерди тез өздөштүрүүсүнө жардамчы боло алат. Кичине кезинде тогуз коргоол ойногон балдар так илимдерден мыкты болушат.

«Кыргыз Туусу», 27.05-03.06.2014-ж.

 

Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири экинчисине маани жана грамматикалык жактан баш ийип, анын ар түрдүү кырдаалын билгизип түзүлгөн сүйлөмдөрдү багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм дейбиз.

Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн курамындагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири ойдун тыянагын билдирүүгө мүмкүнчүлүгү болбой, экинчисине көз каранды, багыныңкы абалда болот, экөө бириккенде гана белгилүү тыянакка келет. Мисалы: Жүз сом күткөнчө, бир жолдош күт. (Макал) Асмандан жамгыр төгүлсө, жердин көркү ачылат.  Алды жакта капчыгайдын чыга бериши агарып, өрөөндөн келген жел бетке сокту.

Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр баш жана багыныңкы сүйлөм болуп бөлүнөт.

Татаал сүйлөмдун тутумунда туруп, ойдун натыйжасын билдирген сүйлөм баш сүйлөм деп аталат. Баш сүйлөмдөгү ойдун ар түрдүү кырдаалын билдирген сүйлөм багыныңкы сүйлөм деп аталат.

Мисалы: Ал күнү биз адаттагыдай станциядан чыгып, айылга кайтып бара жаткан элек. Асманда жылдыздар төгүлуп, түн кирип калган кез. Мында: Айылга кайтып бара жаткан элек – баш сүйлөм. Кантип? - Ал күнү биз адаттагыдай станциядан чыгып - багыныңкы сүйлөм, ал баш сүйлөмдө айтылган ойдун сыпатын көрсөттү.

Баш   сүйлөм   менен   багыныңкы   сүйлөмдүн   байланышуу жолдору.

Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы багыныңкы сүйлөм менен баш сүйлөм төмөндөгүдөй жолдор аркылуу байланышат.

Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна чакчылдын -а, -бай, -ганы, -ганча, -гыча, -майынча, -майын мүчөлөрүнүн улануусу аркылуу. Мисалы: Күн басылганча, теректин түбүнө далдааландык.

Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна этиштин -са мүчөсү жалгануу аркылуу байланышат. Мисалы: Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот.

Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу атоочтуктардан болуп, ага жөндөмө мүчөлөр, жандоочтор кошулуп айтылуу менен байланышат. Мисалы: Динар ырдын ар бир сабын айткан сайын, үнү чыйрала берди.

Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы баш сүйлөмдүн ар түрдүү кырдаалын, ар түрдүү мүнөздөгү катыштарын билгизгенине карай төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:

  • Мезгил багыныңкы сүйлөм.
  • Себеп багыныңкы сүйлөм.
  • Максат багыныңкы сүйлөм.
  • Шарттуу багыныңкы сүйлөм.
  • Салыштырма багыныңкы сүйлөм.
  • Карама-каршы багыныңкы сүйлөм.
  • Сыпат багыныңкы сүйлөм.
  • Сан-өлчөм багыныңкы сүйлөм.

 

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Тогуз коргол оюну кандай сапаттарга тарбиялайт?
  2. Оюндун эрежеси кандай?
  3. Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөр деп эмнени айтабыз?
  4. Баш сүйлөм эмнени билдирет?
  5. Багыныңкы сүйлөм эмнени билдирет?

 

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар:

  1. Элдик оюндар тууралуу маалымат топтоп келгиле.
  2. Элдик оюндарды чагылдырып слайд, буклет жасагыла
  3. Элдик оюндар катышкан видео материалдарды таап келгиле.

 

Тема 6

  1. Лексикалык тема: Элдик оозеки чыгармачылык. Табышмактар, макал-лакап, жаңылмачтар. 
  2. Грамматикалык тема: Мезгил багыныңкы сүйлөм.

 

Табышмак — кыргыз элинин оозеки чыгармаларынын ичинен эң байыркы жана өтө кеңири тараган турлөрүнүн бири. Жанр катары байыркы замандарда жаралган болсо да, бүгүнкү күнгө чейин өз касиетин жоготпой жашап келет. Табышмактар адегенде тергөө сөздөрү катары пайда болуп, каймана маанидеги, жашыруун сөздөрдү өздөштүрүүгө, аны ар кандай шартта колдоно билүүгө үйрөткөн, акылмандуулукту же акыл-эс жагынан тиешелүү деңгээлге өсүп жетилгендикти сыноо милдетин аткарган. Бийликке келүү же үйлөнүү үчүн да табышмактарды табууга туура келген. Ал «жашырын тил» катары элчилик, согуштук иштерде да колдонулган. Кийинчерээк эстетикалык дүйнө таанытуучу мааниге ээ болуп, тапкычтыкты, зиректикти, акылмандыкты сынай турган көцө л ачуу оюн-зоок каражатына айланып, элдик оозеки чыгармачылыктагы өзүнч поэтикалык жанр катары калыптанган.

Табышмак — жаратылыш кубулуштарын, ар кандай заттар менен түшүнүктөрдү каймана мааниде сыпаттап, жандырмак талап кылган, кыска поэтикалык чыгарма. Элдик оозеки чыгармачылыктын бул түрү табышмактан (тексттен) жана жандырмактан турат. Табышмак айтпаган эл жок. Кыргыздар табышмакты элдик оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрү сыяктуу эле атайын максатта колдонушуп, рухий талабын канаттандырууга багыттаган. Табышмак адатта кышкы узак түндөрдө, оюн-зоок кечелеринде айтылган. Табышмакты ар ким айта алат. Ага катышкандардын бири табышмак айтып, калгандары жандырмагын издейт, болбосо, отургандар эки тарапка бөлүнүп алып, улам бир тарабы айтып, экинчи тарабы табат. Кээде табышмакты таба албай калганда «жандуубу?», «жансызбы?» деп сурашкан, анда да таба албаса «кайда болот?», «катуубу, жумшакпы?» Деген сыяктуу кошумча суроолорду берип, табууга аракет кылышкан. Эки тараптын мындай бетме-бет чыгып, бири-биринин акылын, ойлоп табуу жөндөмдүүлүгүн сынап айтышканына сыртынан көз жүгүртсөк, табышмак айтыштын түрн эске салат. Табышмактардын объектиси — адамдар сезип- туйган, көздөрү менен көрүп, тажрыйба жүзүндө баамдап билген ар кыл чөйрөдөгү нерселер, ар кандай кубулуштар. Табышмактардан толуп жаткан нерселерди билүүгө, көп нерсени үйрөн өугө болот, анткени анда адамдардын айлана-чөйрөгө карата көз карашы, ал жнүндөгү түшүнүктөрү, коомго жана турмушка, ал гана түгүл жаратылыш кубулуштарына жүргүзгөн байкоолору чагылдырылган12. Табышмактар элдин үрп- адаты, ар кыл каада-салт, жөрөлгөлөрү, урунган буюм-терими, тиричилик шарттары менен да тааныштырат. Ошондуктан аны «сөз искусствосу түрүндөгү элибиз- дин этнографиялык музейи»13 десек да болот.

Кыргыз эл табышмактарынын тематикасы өтө кеңири. Ал элдин этнографиялык, экономикалык жана тарыхый турмушу, жашоо-шарты, тиричилиги, сырткы дүйнөнү таанып билүү деңгээли менен шартталып турат. Реалдуу сырткы дүйнөдөгү адам баласына тааныш бардык нерселер бул жанрдын мазмунун түзүп, жаратылыш кубулуштары андагы ар түрдүү өзгөрүштөр, асман, Ай, Күн, жылдыздар, жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү, адамдын жашоо тиричилиги үчүн керек болгон тамак-аш, кийим-кече, үй-жай, ар кандай курал-жарактар табышмактын предмети боло алат. Табышмактар адамдын өзү, анын дене мүчөлөрү жөнүндө да айтылат.

Кыргыздар аалам, жаратылыш кубулуштары, табиятта болуп туруучу ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө ойлонуп, аларды өз көздөрү менен көрүп, байкоо жүргүзүп, анан ага карата асмандагы жылдыздар, Ай менен Күн, Жер, суу, шамал, булут, жаан, чагылган, жыл мезгилдери жөнүндө толуп жаткан табышмактарды чыгарышкан. Кыргыз эл табышмактарынын ичинен өзгөчө төрт түлүк малга карата айтылгандары өтө арбын. Анткени, кыргыздар көчмөн эл болуп, көбүнчө мал чарбачылыгы менен тиричилик өткөрүп келген. Кыргыз эли жалаң эле мал чарбачылыгы эмес мергенчилик, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк сыяктуу кесиптерди да өздөшт үү рүшкөн. Буга байланыштуу ар түрдүү айбанаттар, мергенчиликке керект    курал жарактар, эмгек куралдары жɵнүндө табышмактар бар.

Ар бир элдин этнографиялык турмуш-тиричилигине, жашоо шартына жараша табышмактай турган нерселеринин ортосунда да айырма болот. Маселен, боз үй жөнүндө толуп жаткан табышмактар, алардын ар кыл варианттары жолугат. Кыргыз элине мүнөздүү болгон ат жабдыктары жөнүндө дале ушунун өзүн айтууга болот. Бул табышмактар көлөмү жагы- нан башка бөлүмдөрдөн кем калбайт. Кыргыз эли өзүнө жакын, көбүрөөк өздөштүргөн өсүмдүктөр, айбанаттар же курт кумурскалар жөнүндө да табышмак айткан.

Табышмак байыртадан келаткан тарбия берүүчү, үйрөтүүчү милдетин
аткарып, көбүнчө балдардын, мектеп окуучуларынын, алардын
тарбиячыларынын арасында жашап келет. Табышмактар балдардын акыл-оюн, сөз байлыгын, аң-сезимин өстүрүп, байкагычтыгын, тапкычтыгын
күчɵтүүдɵ зор   мааниге   ээ.   Айлана-чөйрɵдгү   ар   кандай   заттарды,   буюм-

теримдерди, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү, кубулуштарды бири-бирине салыштырып, аларга мүнөздүү белгилерди үйрөнүп, окшоштуктарды таап, айырмачылыктарын ачып, нерседеги сулуулукту сезип, көркөм фантазиясын өстүрүүдө да табышмактар тарбиялык- таанытуучулук милдет аткарат. Табышмактардын мына ушундай коомдук милдети аны унутулуп кетүүдөн сактап, улам жаңы табышмактардын пайда болуп, жашарып, өнүгүп турушуна шарт түзөт.

Мурда табышмактар оозеки жаралып, оозеки тарап келсе, азыр окуу китептери, атайын жыйнактар, газета-журналдар, радио жана теле көрсөтүү аркылуу кеңири тарайт.

Азыркы табышмактар тематикалык жактан да айырмалуу. Мурда табышмактар көб ү нчө космогония, табият кубулуштары, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөс, эң жөнөкөй эмгек куралдары, үй буюмдары жөнүндө болсо, азыркы табышмактар машина, трактор, радио, телевизор, паровоз, авторучка, самолет өңдүү жаңы түшүнүктөргө, жаңы предметтерге арналып, көбүнчө уйкашкан ыр формасында жолугат.

Биздин күндөрдө кеңири тараган кроссворддор, баш катырмалар, чайнворддор, табышмактуу сүрөттөр, табышмактуу арифметикалар, шахматтык табышмактар, Ребус, анограммалар табышмактардын өзүнчө бир түрү.

Кээде кандайдыр бир музыкалык чыгарма ойнолуп же кайсы бир көркөм чыгармадан үзүндү окулуп, аны табуу да сунуш кылынат. Булар элдик табышмактарга жатпаганы менен балдардын акыл-эсинин, ой жүгүртүүсүнүн активдүү өнүгүшүнө чоң жардам берет.

 

Шар-шар этет Сайдан ылдый кетет.(Суу)

Күнү-түнү тынбаган, Бөлө чапса сынбаган.(Суу)

Өзү тегерек, Жарыгы э ө керек К ү ндүз көрм, Тндөсү көрбөйм.(Күн )

Кырда кылыч көрдүм, Кылычымды түндө көрдүм.(Ай)

Жеңил бирок, көзгө көрүнбөйт, Жара чапсаң бөлүнбөйт,

Сууга окшоп төгүлбөйт (Аба)

Элексиз элеп, даяр ун берет, Жебейбиз аны, бирок турмушта керек. Ар жылда келет, бул эмне делет. (Кар)

Карагайсыз, тактайсыз Көпүрө салдым балтасыз. (Муз)

Минсе ң канат Чапса шамал, Аны сыйлабаган, Кишилер жаман. (Ат)

Өз үйүмдүн кулагы, Бир жаныбар бу дагы. (Ит)

Жер жүзүндө жандуунун, Э   керектүү заты бар. ң ч тамгадан куралган Анын Кандай аты бар. (Кан)

Кыш куйбай, ылай чылабай, Ичи-тышын шыбабай, Үй куруп алат кайсы уста, Балта, керки кармабай.(Чабалекей)

Дүйнөдө бир макулук бар, Беш ай туруц үйүнө өзү кайтар, Күндө-күндө жаңылбастан бир сөз айтар, Ал сөздөн башка сөздү таба албаган, Кандай Ж^Н өз баласын өзү бага албаган.

(Күкүк)

Бышырсаң аш болор, Бышырбасаң куш болор (Жумуртка)

 

Баш сүйлөмдөгү ойдун мезгилин билгизген сүйлөм мезгил багыныңкы сйлөм деп аталат.

Мезгил багыныңкы сүйлөмгө качан? качантан бери? качанга чейин? кайсы убакта? деген суроолор берилет.

Мезгил багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу баш сүйлөм менен төмөндөгүдөй жолдор аркылуу байланышат:

1) Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна чакчылдын -а, -ганы, - ганча, -майын, -майынча, -гыча, -бай мүчөлөрүнүн жалганышы менен байланышат. Мисалы: Эшикте кар жаап жатканда, үйдө тынч отура албайсың. Тоо боорунда өсүп турган долононун жанына басып барганда, анын мөмөсү жерге ийилип берет.

2)   Мезгил багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна шарттуу ыңгайдын -са мүчөсү улануу менен. Мисалы: Жаңы жылдык майрамдар аяктаса, студенттердин кышкы сессиясы башталат.

3)  Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу атоочтуктардан болуп, ага жөндөмө мүчөлөр же чейин, соң, дейре, убакта, учурда сыяктуу жандоочтордун катышы менен байланышат. Мисалы: Байтемир жол кыдырып бүткөн соң, биз дасторконго отурдук.

Мезгил багыныңкы сүйлөмдүн тутумундагы баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдүн ортосуна үтүр белгиси коюлат.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

 

  1. Макал-лакаптар кандай сапаттарга тарбиялайт?
  2. Табышмактар эмнеге үйрөтөт?
  3. Жаңылмачтар деп эмнени айтабыз?
  4. Мезгил багыныңкы сүйлөм эмнени билдирет?
  5. Мезгил багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу баш сүйлөм менен кандай жолдор аркылуу байланышат?

 

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар:

  1. Табышмактардан топтоп келгиле.
  2. Ар түрдүү 3 тематика боюнча  5 тен  макал жаттап келгиле, бирөөнүн маанисин чечмелеп бергиле.
  3. Жаңылмачтардан 3өөнү жаттап, бат айтууга машыккыла.

 

 

Тема 7

Элдик ырлар. Шарттуу багыныңкы сүйлөм.

 

Элдик ырларынын тɵмɵнкүдɵй түрлɵрү бар:

 

  • Ырым-жырым ырлары
  • Дарым ырлары
  • Ант ырлары
  • Бата ырлары
  • Салт ырлары
  • Эмгек ырлары
  • Балдар ырлары
  • Акыйнек
  • Маскаралоо (кордоо) ырлары
  • Сүйүү ырлары
  • Терме ырлары
  • Санат-насыят ырлары
  • Кошоктор
  • Арман ырлары
  • Айтыштар
  • Өлөңдөр

 

 

Ырым-жырым ырларынан мисал келтирсек, ар нерсенин ɵзүнүн колдоочусу, пири бар деп ишенишкен:

 

Пирим, пириң колдосун

Куш атасы Буудайык,

Ит атасы Кумайык.

Курт атасы Кара-Чаян,

Чегирткенин атасы Черте-Баян,

Кумурсканын атасы Кумпа-Баян.

Суурдун атасы Солтон-Мерген,

Кийиктин атасы Кайып-Берген.

Жылкынын атасы Камбар-Ата,

Эчкинин атасы Чычаң-Ата,

Койдун атасы Чолпон-Ата,

Киши пири Адам-Ата.

Уйдун пири Ай-Мүйүз,

Жердин пири Жер-Эне,

Оттун пири Очок-Эне,

Тоонун пири Тастар-Ата,

Көктүн пири Көкө-Теңир.

Суунун пири Сулайман,

Жолдун пири Жоламан,

Желдин пири Жел-Кайып,

Калктын пири Калкаман,

Элдин пири Элеман.

Малдын пири Малабай,

Эгин пири Баба дыйкан,

Жигит пири Шаймерден,

Оюн пири Ордо кыз.

Аңдын пири Куланчы,

Темир пири Дөөтү баатыр,

Аял пири Умай эне,

Табып пири Улукман.

 

 

Же болбосо кургакчылыкта айтылуучу “Жаан тилɵɵ” ырын алалы:

 

Күн жаа, күн жаа

Күндөн күнгө кɵп жаа,

Карагай башын кайра жаа,

Арча шагын айра жаа,

Чекенде башын черте жаа,

Чийдин башын ийип жаа,

Төө куйрукка уюп жаа,

Жер жаанга сыйып жаа.

Төгүп-төгүп куюп жаа,

Ашкана толгон ак болсун,

Малга жыргал бак болсун!

Береке нуру чачылсын,

Бейли элдин ачылсын!

Малдын, жандын ырысы,

Жаан жаап турушу.

Көксөп жүргөн элдердин,

Жамгыр болот ырысы!

 

САЛТ ЫРЛАРЫ:

Бекбекей

 

Бекбекей качты, бел ашты,

Белине белбоо жарашты.

Укурук учун майтардым,

Бүгүн короо кайтардым.

Ийнемдин учун майтардым,

Издебей короо кайтардым.

Бекбекей качты, бел ашты

Саксагай кууп адашты.

Ийнемдин учун майтардым,

Бүгүн короо кайтардым.

Ийнемдин учун түзөттүм,

Бүгүн короо күзөттүм.

Укуругум долоно,

Ууру-бөрү жолобо!

Камчымдын сабы долоно,

Каапыр ууру жолобо!

Ууру келсе уштайбыз,

Бетин айра муштайбыз.

Төбөгө чаап айдайбыз,

Төөгө чиркеп байлайбыз.

Бүгүн бир айдын он беши

Сары баш улак тол башы.

Аркада жылдыз алтымыш,

Кайтарган коюм алты жүз.

Короомдун чети таман жол,

Кайтарган коюм аман бол.

Короомдун жолу тосмо жол,

Кайтарган коюм эсен бол.

Короомдун чети кыр болгой,

Кайтарган короом жык толгой.

Кара чакан бай дубал,

Кайтарбасак малга убал.

Кызыл чакан бай дубал,

Кыйкырбасак малга убал.

Түндү түндөй чуркаган,

Түлкүнүн буту сөгүлсүн,

Түн уйкуну үч бөлгөн,

Көк чунак каны төгүлсүн.

Эчки деген жаныбар,

Ээгинде жалы бар.

Койдун сүтү коргошун,

Кой уурдаган оңбосун.

Эчкинин сүтү эрменде,

Эчки уурдаган шерменде.

Жылкынын жүнү жылтырак,

Жылкы уурдаган куу туяк.

Төөнүн жүнү улама,

Төө уурдаган сулама.

Төгөрөк түндүк төөнүкү,

Төрт бүлүң сабаа бээники.

Белиңдеги чочморуң,

Ыргай эмей эмине?

Ыргалып короо кайтарган,

Жыргал эмей эмине?

Кайтарган короом сак болгой,

Эртең бетим ак болгой.

Бекбекей ашты бел ашты,

Белине белбоо жарашты.

Саксакай ашты  сак ашты,

Санына саймалуу саадак жарашты.

Минген атым ак кашка,

Канжыгам кайыш ак тасма.

Карап турган карышкырдын,

Тумшугу тийсин ак ташка.

Минген атым кок кашка,

Канжыгам кайыш көк тасма.

Көрүп турган уурунун,

Мурду тийсин көк ташка.

Ууру келсе урабыз,

Улуу сууга салабыз.

Ууру келсе учтайбыз,

Мурдун айра муштайбыз.

Бекбекейди мен айттым,

Берсе экен кудай деп айттым.

Ушинтип короо кайтарсак, эй,

Ушул байлар билбедиң, эй.

Койду бөрү жебесин деп,

Уруп бир сабап тилдедиң эй.

Какшап бир короо кайтарсак, эй,

Калган бир байлар билбедиң эй.

Койду бир бөрү жебесин деп,

Камчылап бизди сабадың эй.

Уялбай келип мал жеген, эй,

Уятсыз айбан сен белең, эй.

Каргаша чыкса короодон, эй,

Каргап бир шилейт байбиче, эй.

Бекбекейим бек айтам,

Пейли жакшы койго айтам.

Бекбекейим бел ашты,

Белине саадак жарашты.

Эл көчөрдүн белгиси,

Карача каймал буркурайт.

Таң атаардын белгиси —

Тараза жылдыз жаркырайт.

Бүгүн айдын он беши,

Сарыбашыл ак кой төл башы.

Короомдун чети каман жол,

Кайтарган короом аман бол.

Кыз-келин короо кайтарган,

Илгертен калган салт ошол.

Короодо коюм алты жүз,

Алты айланып келгиче

Алты аркар жылдыз батпайбы,

Агарып таң да атпайбы.

Шырылдаң

Ала даакы шырылдаң,

Кула даакы шырылдаң.

Салтанаттуу шырылдаң,

Султан аттуу шырылдаң,

Шырылдаң биздин шыйкыбыз,

Бүгүн калды уйкубуз.

Эсен болсо жылкыбыз,

Эртең канар уйкубуз.

Адыр-адыр жерлерден,

Айгыр минип биз келдик.

Айгыр оозун тарталбай

Ушул үйгө туш келдик.

Будур-будур жерлерден,

Бука минип биз келдик.

Бука оозун тарталбай,

Ушул үйгө туш келдик.

Быякка тур деп атамды,

Апам берет чапанды.

Байкем берет соолукту,

Байбиче берет жоолукту.

Шып шырылдаң шыр экен,

Жылкычынын ыры экен.

Карылардын наркы экен,

Жигиттердин айты экен.

Жылкычынын мурунтан

Айтып жүргөн салты экен.

Ала даакы шырылдаң

Кула даакы шырылдаң,

Салтанаттуу шырылдаң

Байбичелер, энелер,

Шалдыр-шулдур шакек чык,

Саймалаган жоолук чык.

Шакекти колго салалык,

Жоолукту белге чалалык.

Жылкыбызга баралык,

Кунан тайды минелик,

Кубалашып ойнойлук.

Айгыр атты минелик,

Оодарышып ойнойлук.

Ала даакы шырылдаң,

Кула даакы шырылдаң,

Султан аттуу шырылдаң.

Конок тоого бүткөндө,

Кошо чыккан шырылдаң,

Таруу ташка бүткөндө,

Талапта чыккан шырылдаң.

Жылкычы менен коюндаш,

Жанаша чыккан шырылдаң.

Шырылдаң биздин шыйкыбыз,

Түндө келет уйкубуз.

Аман болсо жылкыбыз,

Эртең канар уйкубуз.

Шырылдаң айтып жүргөндө,

Конок менен тарууну,

Жеп кетпесин жылкыбыз.

Шып шырылдаң шыр экен,

Жылкычынын ыры экен.

Карылардын наркы экен,

Жигиттердин айты экен.

Бай-бай терек, бай терек,

Башын кесмек не керек.

Эт желиндүү боз койго,

Тели козу не керек.

Ана Султан шырылдаң,

Мына Султан шырылдаң.

Шып шырылдаң шыр экен

Жылкычынын ыры экен.

* * *

Жарамазан

Адыр-адыр тоолордон,

Айгыр минип мен келдим.

Айгыр оозун тарта албай,

Ушул үйгө туш келдим.

Будур-будур тоолордон,

Бука минип мен келдим,

Бука мурдун тарталбай,

Ушул үйгө туш келдим.

Ушул үйдүн үзүгү,

Ак кочкордун чуудасы,

Ушул үйдө жеңейим,

Азыраак уктап, тыңдачы!

Ушул үйдүн үзүгү,

Көк кочкордун чуудасы,

Ушул үйдө жеңейим,

Коп уктабай, тыңдачы.

Ушул үйдүн үзүгү,

Үзүлүңкү көрүнөт.

Ушул үйдө жеңейим,

Сүзүлүңкү көрүнөт.

Төбөдөгү төрт ЖЫЛДЫЗ,

Батайын деп баратат.

Мингеним жаман тай эле,

Жатайын деп баратат.

Шалдыр-шулдур шакек чык,

Саймалама жоолук чык!

Жоолукту белге чалабыз,

Шакекти колго салабыз.

Чымыр-чымыр-чымыр чык,

Буудай майлап, кууруп чык!

Бычак учу жалтырайт,

Май томуруп жатат бейм?

Майың болсо, алып чык,

Сакал-мурут майлайлы.

Казан-аяк калдырайт,

Курут алып жатат бейм?

Курут болсо, алып чык,

Катыр-кутур чайнайлы.

Курут берип кубантпа,

Куру сөзгө жубатпа!

Таруу берип тамшантпа,

Таң атканча какшатпа!

Улак берсең албаймын,

Караңгыда бакыртып,

Убалына калбаймын.

Эртең-бүгүн деп коёт.

Катыным жаман киши эле,

Карышкыр-бөрү жеп коёт.

Бука берсең шайлап бер,

Мурунтугун байлап бер.

Мурунтугун үзбөсүн,

Какылдаган ырчыңдын,

Кардын жара сүзбөсүн.

Үйүң-үйүң, үй экен эй,

Чыгдан көркү чий экен эй.

Ак сарайдай көрүнгөн эй,

Кайсы байдын үйү экен эй.

Белес жерден буккамын эй,

Байдын уулу бекзатым эй,

Берешен деп уккамын эй.

Кабак жерден буккамын эй,

Байдын уулу бекзатым эй,

Кабарын жакшы уккамын эй.

Сай сагызган кеңешет жар башында,

Бай байбиче кеңешет төр башында.

Байым айтат короодон кой берем деп,

Байбиче айтат бокчодон тон берем деп.

Байдын берген коюн өңөрөлүк,

Байбиченин берген тонун бөктөрөлүк.

Таруу берип тамшантпа эй,

Таң атканча какшатпа эй.

Курут берип кубантпа эй,

Куру сөзгө жубантпа эй.

Жарамазан айтып келдим эшигиңе,

Ак кочкордой уул берсин бешигиңе.

Жарамазан айткандан ким тойгон бар,

Байыркынын нускасын ким койгон бар

Байыркынын нускасын коюп кетсе,

А дүйнөгө барганда ким оңгон бар.

Аппак үйүң, ак үйүң ордо болсун,

Кудай берген бул балаң молдо болсун.

Аппак үйүң, ак үйүң чатыр болсун,

Кудай сүйгөн бул балаң баатыр болсун.

Баатырлыктын белгиси кайда болсун.

 

Эмгек ырлары:

 

Оп майда

(темин басууда )

Майда-майда, мапмайда,

Майдалансын, атты айда.

Кызыл толгон кырманды,

Сузалы биз кап кайда.

Бекер жүрсөң жан багып

Таба албайсың эч пайда.

Майда-майда, оп майда,

Орой-орой, оп майда,

Ороо толсун, оп майда

Кырча-кырча басканың

Кырман толсун, оп майда

Майда-майда, мапмайда

Майдалансын, атты айда

Майда бассаң жаныбызга пайда:

Талкандары бизге пайда,

Топондору сизге пайда.

Орой-орой, оп майда,

Орто толсун, оп майда.

Шалкылдата баспасак

Оп майда бизге дан кайда.

Кар алдына калбасын

Эртелеп баарын майдала,

Майда-майда-майда,

Оп, оп майда, оп майда,

Тилек кылдык кудайга.

Мөндүр алды арпаны

Оп, оп майда, оп майда,

Береке бер буудайга.

Далым күйдү бул жайда,

Баба дыйкан бар болсо,

Бир карашар ал жайга.

Майда-майда, оп майда,

Орто жери топ майда.

Айланасы көп майда,

Аралары бек майда.

Жаныбарым, оп майда

Жаныбызга бек пайда.

Майда-майда, оп майда,

Майдаланса ма пайда,

Самандары саа пайда,

Талкандары маа пайда.

Орой-орой басканым,

Ороо толсун, оп майда.

Орокчунун балдары,

Нанга тойсун, оп майда.

Кырча-кырча басканың,

Кырман толсун, оп майда.

Кырманчынын балдары,

Нанга тойсун, оп майда.

 

 

Баш сүйлөмдөгү айтылган окуянын, кыймыл-аракеттин, ойдун ишке ашуу же ашпоо шартын билгизип турган сүйлөмдү шарттуу багыныңкы сүйлөм дейбиз.

Шарттуу багыныңкы сүйлөмгө кантсе? эмне болсо? деген суроолор берилет. Мисалы: 1. Эгер алдыңкы технологияларды баарыбыз мыкты өздөштүрсөк, өлкөбүз гүлдөп өсөр эле. 2. Улугуң ит болсо, (эмне болсо?) сени мышык кылат.

Шарттуу багыныңкы сүйлөмдөр кыргыз тилинде кеңири колдонулат.

Шарттуу багыныңкы сүйлөмдүн ичиндеги баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдөр төмөндөгүдөй жолдор аркылуу байланышат:

1) Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна шарттуу ыңгайдын –са мүчөсүнүн уланышы менен байланышат. Мисалы: Жазында жамгыр көп жааса, эгиндин түшүмү мол болот. Сөксөөлдөй атаңыздын алдында алсыз экениңизди билсем, сокур сезимге алданбайт элем.
(Э.Т.)

  1. Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна чакчылдын -бай мүчөсү улануу менен түзүлөт. Мисалы: Шагылы болбой зоо болбойт, шайыры болбой эл болбойт. (Мак.) Көп уйкуга кызыкпай, сергек болгон жакшы экен. (Б.А.)
  2. Шарттуу багыныңкы сүйлөмдөрдүн баяндоочуна -да мүчөсүнүн кошулушу менен уюшулат. Мисалы: Алдаркөсө байды чекеге бир черткенде, анын чекесине бармагы батып кетмек. (Кырг.эл жомогу)

Шарттуу багыныңкы сүйлөмдөгү баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдөрдүн ортосу  үтү р белгиси менен ажыратылат.

Эгерде шарттуу багыныкы сүйлөмдүн составын бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр түзүп, алар өз ара тең салмак катышында болсо, анда алардын ортосуна сызыкча белгиси коюлат. Мисалы: Таш койсоң - таш аласың, кыш койсоң - кыш аласың. Бакса -бала, бакпаса - балээ.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Элдик ырлар кандай түрлɵргɵ бɵлүнɵт?
  2. Эмгек ырлары кайсылар?
  3. Санат-насыят, терме ырлары кандай сапаттарга тарбиялайт?
  4. Салт ырларынын маани-маңызы эмнеде?
  5. Шарттуу багыныңкы сүйлөм эмнени билдирет?
  6. Шарттуу багыныңкы сүйлөмдүн ичиндеги баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдөр кандай жолдор аркылуу байланышат?

 

Өз алдынча иштɵɵ үчүн тапшырмалар:

  1. Санат, насыят, сүйүү ырлары боюнча маалымат топтоп келгиле.
  2. Ар түрдүү тематика боюнча  элдик ырлардан жаттап келгиле, бирɵɵнүн маанисин чечмелеп бергиле.

 

 

Тема 8(1)

«Манас» – кыргыз элинин туу чокусу.

 

Эпостун башкы оң каарманы Манас - жалтанбас, чечкиндүү жана өзгөчө күч-кубаттуу баатыр. Энеден туулганда эле эки колуна толтура кан чеңгелдеп түшөт, салмагы моло таштан оор, жерден алып оромок болгон аялдарга бой бербей отуздагы кишидей колу-бутун тартып кетет. Бар-бар ыйлаган үнүнүн айбатынан өз үйүндө олтурган Акбалта чалдын “жүрөгү опколжуп оозуна тыгылат”.

Сегиз жашында кармаймын деп кол салган калмак Таргынды атынан жулуп алат.

      Он үчүндө эки жүз балбан жин колдоочусу бар Нескара дөө  байлап алам деп келип, бирок беттеше албай качып бара жатып минтип арман кылат:

 

Кабылан жолго жатарбы ай,

Катыларга катылбай

Кадемим мындай катарбы ай!

Жолборс жолго жатарбы ай,

Жолугарга жолукпай

Жолум мындай катарбы ай!

 

Ал эми алы-күчү толуп, жетилген баатырдык кезинде каарданып ачуусу келсе «оң көзүнөн от чыгып, сол көзүнөн чок чыгып, илебинен ок чыгып, көзүнөн жалын шыркырап, оозунан түтүн буркурап, баткалашта мараган, кабыландай караган, чагарак куйрук, чаар тон сур жолборстой» шаңы чыгат. Беттешкен душманына өзгөчө сүрдүү, үстү жагынан алпкаракуш арбайып, алды жагында ажыдаар сойлоп, сол жагында чолок куйрук арстан, оң жагында кара чаар кабылан жандап, эки жагында кырктан сексен баатыр кошо найза сунуп качырып келе жаткандай болуп көрүнөт. Ошон үчүн кытайлардын башкы каны Эсенкан да, башка душмандары да Манасты:

 

Балтыр эти толо элек,

Балбан чагы боло элек,

Умтулуп уруш сала элек,

Уруштун ыгын ала элек,

Чаң көзүнө толо элек,

Чабышка камбыл боло элек,

Уюган чаңга кире элек,

Уруштун ыгын биле элек жаш кезинде кармап жоготууга аракет кылышат. 

 

        Манас - жалаң эле кара күчтүн ээси эмес, элдин ээси, калк башында туруп, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, азап-тозогуна көкүрөгүн тосуп арачалаган, татаал шартта жол таап, кыйынчылыктан куткарган, таламын талашып, намысын коргогон, башын кошуп, ынтымагын арттырып, тескерисин оңдоп, атак-даңкын чыгарган баатыр. Манас талоонго түшүп, чабылып чачылган кыргыз элинин башын коштурат. Кыргыз жерине көчүүнү да биринчи козгоп, элди ата-бабасы  өскөн жерге алып келет. Өз кызыкчылыгынан көпчүлүктүн кызыкчылыгын жогору коюп, элге кызмат кылат. Ошондуктан эл ага ишеним артып, артынан ээрчийт.

        Алдына койгон максатына жетүү үчүн Манас баатыр башкаларды күч менен мажбурлабайт, өз керт башынын мисалы аркылуу таасир этет. Мисалы, Чоң казатка аттануу учурунда Манас чогулган колго кайрылып: «Алыс жолго, коркунучтуу жоого каршы аттанабыз. Барууну каалабагандар үй-үйлөрүнө тарап кете беришсин»,— деп жар чакыртат. Кол тарап кетмек болот. Ошондо Манас жоо-жарагын кийип, кырк жигитин ээрчитип, эл аралайт. Анын баатырдык сүрүн, шаңын көргөн адамдар кетүүдөн айнып, чогулгандар бүт артынан ээрчип барууга макул болушат.

       Манас баарыдан мурда адамдагы иш билгиликти, компетенттүүлүктү баалайт. Ошон үчүн Чоң Казатка жөнөгөндө колун чоочун элдин сырын, жердин уусун жакшы билген Алмамбетке башкартып, өзү салгылашка катардагы жоокер катары катышат. Чалгынга да кытай-калмак жерин коен-жатагына чейин билген Алмамбетти жиберет.

      Тирүү адам катары Манас да адамга тиешелүү ички сезимдерге ээ,  кемчиликтерден да куру эмес. Алмамбет окко учканда оор кайгыга батат, Аккулага ок тийгенде жаны кейийт. Дайынсыз жоголуп кеткен  Чубак аман-эсен келгенде сүйүнгөнүнөн окуп аткан намазын бузуп, алдын утурлай тура чуркайт, баладай барбалаңдап кубанат. Октон жалтанбас, өлүмдөн бет бурбас баатыр Карабөрктү жактырып  алмак болгондо сулуу кыз алдында эмне кыларын билбей, айтарга сөз таба албай алдастап, сүрдөп калат. Кыз Сайкал менен сайышка чыкканда анын сулуулугуна, сымбатына кызыгып «өзүм алчу кыз экен, бөөдө өлүп кетпесин»,— деп аяп найза саям деп аз жерден мерт боло жаздайт. Ага энөөлүгү, ишенчээктиги көбүрөөк зыянын тийгизет. Анча-мынча иштерre көңүл бурбаган  алабармандыктан Каныкей эскерткенине болбой, кайра ага туугандарымды жамандайсың-деп ачууланып, колу тийип, акыры Көкчөкөз, Көзкамандардын балдарынан кордук көрүп, өлүп кала жаздайт.

     Ала көөдөн мүчүлүштүгүн Кошой алп калк алдында жарыя айтып, жемеге алып:

 

Манас, Манас дегенде

Барбая калат экенсиң,

Чала үйлөнгөн чаначтай

Дардая калат экенсиң" - деп тилдейт.

Манас баатырдын арзыбас кемчиликтерин анын көптөгөн мыкты сапаттары жаап кетет. Чынында Манас- төрт түлүгү шай, бардык жактан куп келишкен, эл арасындагы артык сапаттардын көбүнө ээ баатыр.

 

Оң каармандын бири Акбалта – кара жаак чечен, элди артынан ээрчите алган акылдуу көсөм, жоодон тайманбаган баатыр адам. Кыргыздарды чилче тараткан Алоокеге каршы элди көтөрөт, Алтайга айдалып барганда элине кайрат берип, акыл кошот, эл Акбалтанын тилин алып эмгеги менен байыйт.

 

Жакыптын түшүн жоруган Акбалта элди азаптан куткарар арстан бала төрөлөт деп кубанат:

 

Кырк үйлүү кыргыз жакыр журт,

Сары адырмак шыбыргак

Белди табат экенбиз.

О, кудай, киндик кесип, кир жууган

Жерди табат экенбиз!

Маана берип, жараткан

Элди табат экенбиз.

Ушул түшүң чын болсо

Кара калмак — манжудан

Ажыратып алуучу

Бизге бир арстан бала табылат!

Үзүлгөнүң уланат,

Чачылганың жыйылат,

Өчкөн отун тамылат,

Өлгөн жаның тирилет!

Кырк үйлүү кыргыз журт элең,

Кыргыз кайда, эл кайда?

Элге жетээр күн кайда?!

Кара барчын куш салсаң,

Жакып бай, балалуу болот экенсиң.

Кыр жагында кытайды,

Кырып берээр уул экен.

Кара калмак — манжуга

Калайман салчу уул экен.

Балалуу болсоң кулунум,

Атын Манас коёсуң.

Кара көкжал эр болот,

Ааламды буй кылган

Аябаган шер болот.

Жан жолдошу сексен төрт,

Серп алган жагы кызыл өрт,

Бет алып бенде келе албайт.

Душман жүзүн көрө албас,

Берендүү болот экенсиң,

Аман жүрүп туулса,

Таманы менен тик түшөт

Кагышкан душман бүк түшөт.

Уулдуу болсоң Жакыбым,

Ааламга тиет пайдасы.

Коргон болоор шер туулат,

Козголбос берен эр туулат.

Акбалта баштап ошондо

Бата берди чуркурап.

 

  Акбалта менен Чыйырды эл керегине жарар бала төрөлөрүн көрө билет, бала Манастын тентектигин туура нукка салат, намыскөй  болууга, эл үчүн кызмат кылууга тарбиялайт.

  Алмамбет - Манастын эң жакын жардамчысынын бири. Улуту кытай, эл-жеринен качууга аргасыз болуп, Манаска келип кошулат, Манастын эмчектеш бир тууганы болот. Алмамбет- чынчыл, ак пейил, кыргыздарга жан-дили менен берилген, элге кызмат кылууну баарынан жогору койгон адам. Акылмандык, билгичтик, кыраакылык жактан Алмамбет Каныкей менен бир катарда турат, ал эми өнөр, билим жактан кыргыз баатырларынын ичинде ага теңдеш адам жок. Анын образы аркылуу кара күчкө караганда өнөр, билим алда канча жогору турат деген элдик түшүнүк берилет.

 

      Алмамбет—терең трагедиялуу адам. Эли-жеринен бөлүнүүгө туура келгендиктен,  дайым анын айтканы — арман, ою — өкүнүч. Кыргыз элин канчалык жогору баалап сүйсө да, Манас баатырга канчалык берилип кызмат кылса да дайым  өзүн азгын, жалгыз деп эсептейт.

       Чалгынга албай кетесиң деп таарынган Чубак жалпы эл алдында Алмамбетти элсиз, жерсиз каңгып жүргөн азгын кул, калмак деген сөздөр менен тилдеп кемсинткенде Алмамбет:

 

Элдүүнүн баары эр экен,

Не деген кеби эм экен,

Элинен азган мен кургур

Эгем таала кудурет

Не түрдүү пендем деди экен?!

Калктуунун баары эр экен,

Канча айтса кеби эм экен, - деп өксөйт.

 

  Элинен азган, туулуп-өскөн жеринен кеткен адамдар канчалык мыкты болсо да, аянычтуу оор абалда болору  Алмамбеттин тагдыры аркылуу айрыкча элестүү сүрөттөлүп, адам элсиз жашоого мүмкүн эмес деген түшүнүк берилген.

        Алмамбетти баатыр, чыныгы жолдош катары Манас өзгөчө жогору баалайт. Анын айтканын эки кылбай аткарат, дайым кеп кеңешин, акылын угат. Алмамбет таарынып Көкчөдөн кетип Манаска келердин алдында Манас түш көрөт, түшүндө өзгөчө курч кылыч таап алыптыр. Жакындарын чогултуп түшүмдү жоруп бергиле деп өтүнгөндө Жакып эркек балалуу болот экенсиң! — деп айтмак болуп «Кайып кан кызы Карабөрк...»,— деп келатканда Манас ачуусу келип, атасын акырайып жаман көзү менен карайт. Уулунун түрүнөн корккон Жакып сөзүн бүтүрбөй, кеби оозунан түшүп олтуруп калат. Аны байкаган Ажыбай: «Алмамбет баатыр келип, өзүңө жолдош болот экен» деп түштү жоруйт. Оюндагысын туура тапкан Ажыбайга ыраазы болгон баатыр сүйүнүп, ага чоң тартуу берет. Бул эпизоддон Манас баатыр  өзүнө тете жолдош болуучу баатырды баладан да жогору баалаганын көрөбүз.

Алмамбеттин курч акылы, билерман көсөмдүгү,  согуш өнөрүн мыкты билиши айрыкча Чоң казат учурунда көрүнөт. Жол бийлигин да, кол бийлигин да өзү жеке колуна алган Алмамбет орчун колду ирээтке келтирип, катуу тартип орнотуп, узак жолдо баруучу жерине аман-эсен жеткирет. Жалаң Ал­мамбеттин акылы, билгичтиги, өнөрү менен баатырлар кытайлардын чебинин ичине кирип жылкы тийип, уй түгүндөй көп кытайдын эсепсиз көп колуна туруштук берип беттешип, акыры кыргыздар жеңишке жетишет.

  Бакай - Манастын аталаш тууганы, Жакыптын бир тууган  агасы Байдын уулу. Манаска жолуккан күндөн тартып үзүлгөнүн улап, чачылганын жыйнап, жамандыгын жашырып, жакшылыгын ашырып, капилетте сөз тапкан, караңгыда көз тапкан даанышман. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болот. Эң жакын, эң ишеничтүү адамы катары кызматын кылат, акыл айтып, кеңешин берет. Манастын ачуусун басып, оолукса токтотуп, терс иштен сактап турат. Бакайды Манас акыл­ман, жөн билги, калыс адам катары эң жогору баалайт, өзүн сыйлайт, сөзүн угат.

Бакай элди биримдикке, ынтымакка, калыстыкка үндөп, мындай дейт:

 

"Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,

Бөлүнүп калды кыргыз деп,

Бөлөк элге кеп кетет.

Жарылсаң ууру алуучу,

Жай уксаң акыл нак ушу".

 

Чубак көкүткөн бузуку сөз менен чыр чыгарып, нойгуттардын колун аттантып, чалгынга кеткен Алмамбеттин артынан жөнөгөндө Бакай алдынан тосуп:

 

"Ай, ай, балам, токто,

Акылым угуп, жокто,

Канаты менен учуучу,

Куйругу менен конуучу,

Манастын Манас болмогу

Экөөбүздөн болуучу.

Бузулуш бизден чыккан соң,

Бутунан тартып жыккан соң,

Миң да болсок кырылдык!

Алмамбет кыйрыңдан карыш жылган жок,

Кытайга кызмат кылган жок,

Ал кылган кызмат өзүңкү,

Кылган кызмат сиз үчүн,

Кыргызга кызмат кылганга,

Кыйкырып чабыш, кай күчүң!?—деп калыстык сөзүн айтып, чекилик кылган Чубакты жемеге алат.

        Калыс, чынчыл адам катары Бакайды досу-касы дебей, бүт эл сыйлашат. Чоң казатка аттанып жатканда отуз жүз миң колго Бакай кан болсун деген сунушту баары колдойт:

 

Колдун баары кубанып

Макул айтты төрөбүз,

Касиеттүү Бакайды

Канга ылайык көрөбүз!

 

         Бакай бардыгын сыртынан багып, көзөмөл болуп, байкап жүрөт, чечүүчү мааниге ээ ишти биринчи көрөт жана ага ылайык чечим кабыл алат.  Чоң казат учурунда   кытайлар улам каптап, ээ-жаа бербей шаштыны кетиргенде Алмамбет Сыргакты колго кабар бер деп жөнөтөт. Башы-көзү кан болуп, катуу кыргынды, жоонун көптүгүн көрүп аптыгып калган Сыргак жол тосуп жүргөн Бакайды көрүнөө жерге чыгып турса да көрбөй өтүп кетет. Кыйкырса укпайт. Артынан чаап чакырса кылчайбайт. Ачуусу келген Бакай качырып келип найзанын түбү менен Сыр­гакты капталга катуу коюп калат. Байкоосуз келе жаткан неме аттан учуп кете жаздап, кайдан чыга калган жоо болду деп кылчайып артын караса, абасы Бакай турат. Шашкан Сыргак оозуна айтар сөз келбей, «аба, аба!» деп үч-төрт жолу айтып жиберет. «Үч баатыр кызылдай өрттүн ичинде калды!» - дейт. Анда Бакай: «Аны укса алты кан, кайра тарап кетпейби, андан көрө кытайлардын жылкысын алдык, куугун келген жок, баатыр силерди келип, олжосун бөлүп алсын деди деп баргын»,- деп үйрөтүп, башы-көзүндөгү канын жуудуруп, үстү-башын тазалатып, экөө шашпаган киши болуп жай бастырып, оорукта жаткан көп колго барышат. Сыргак элге Бакай үйрөткөн сөздөрдү айтат. Аны укканда көп кошуун бирине - бири карабай шашыла аттанып жөнөп калышат.

Манас - кыргыз элинин намысы болсо, Бакай - акыл-эси, абийири. Бакай Семетей, Сейтектердин учурунда да негизги акылман, кеңешчинин милдетин аткарат, эл каалоосу боюнча түбөлүк өлбөй калган адамдардын бири.

      Катагандардын каны Кошой - алган орду жактан Бакайдан кем турбайт, айрым сапаттары боюнча андан жогору да коюлуп, Манастын өзүнө теңдеш бааланат. Ко­шой aлп калмактар кыргыздарды басып алып, элди туш-тушка чачып бөлгөндө душмандарга бой бербей кармашып, багынбай койгон жана Ала-Тоонун аймагында өз уруусу менен калк уюткусу болуп калып калган. Кошойдун ай кулагы калкандай, алагар көзү чолпондой, 90 койдун териси ага араң томугунан тон чыгат. Ошого жараша Кошой - терең акыл-эстин да ээси. Акылман, жөн билги Кошой бүт кыргызга «калк атасы» деп аталып, сый-урматка ээ болуп турат. Төгөрөктүн төрт бурчунан капыр менен мусулман бүт чогулган Көкөтөй кандын ашында аш ээси Бокмурун ашты берүүнүн жөнүн кандай кылам? - деп Манаска кайрылса, ал бийликти Кошойго ыйгарат, мындай орчун топту Кошой башкарса аш жөндүү, каалагандай деңгээлде өтөт деп түшүнөт. Ашты Кошой бийлеп, Манас башкарат. Ошондой чоң жыйындын бийлиги Кошойго тийгенине чогулгандардын арасынан нааразы болгон адам чыкпайт. Кошойго улуу-кичүү дебей бүт эл «аба» деп урмат көрсөтүп, сыйлап кайрылышат. Кошойду Манас башкалардан бөлүп өзгөчө урматтайт. Көкөтөйдүн ашында жүз адамдын кунуна барабар алтын жамбыны эч ким түшүрө албай койгондо Манас атып алып: «Абаке, муну алгын, ак сакалдуу карымсың, калк көтөргөн канымсың, касиеттүү жанымсың, батанды берип салгын!» - деп Кошойго тартуу тартат. Кошой - «батасы журтту байыткан, байланып калган базардын жолун ачкан, бекип калган бейиштин эшигин ачкан» касиеттүү адам. «Абам батасын берсе балалуу болор бекемин!» - деп үмүттөнгөн Каныкей Кошойго арнап атайын кандагай шым камдайт. Кошой Каныкейге:

 

«Тилекти берсе бир алда,

Туулса мындан бир бала,

Ургаачы болбой эр болсун,

Аюу болбой, шер болсун!

Катылышкан душманын

Өгөөлөсүн темирдей,

Акыры тууса эркеги

Аты болсун Семетей.

Арууке келин баласы

Акылдашы ар качан,

Ага болсун чын жоро,

Аты болсун Күлчоро,

Кыдыра кырчын тал болсун,

Кырга чыга бергенде

Семетейге кылуучу кудай жар болсун.

Ак болотун майласын

Ачуусуна тийгенде

Абыке, Көбөш, кан Жакып

Ошолорду жайласын!

Көк болоту майласын,

Кыйыгына тийгенде,

Кырк чорону жайласын!

Кара болот кайрасын,

Каарына келгенде

Кан Коңурду жайласын! - деп бата берет

 

, кийин бул айткандары бүт туура келет.

 

        Кошой - эл кызматына башын тиккен намыскөй баатыр. Көкөтөйдүн ашында 85 жашта экендигине карабай, эч ким даап чыга албаган Жолой дөөгө каршы күрөшкө чыгат, аны жыгып мөрөй алып, элдин намысын коргоп калат. Кошой Манастын  кыргыз эли үчүн ким экендигин туура түшүнүп, анын биринчилик ордун моюнга алат, түрдүү шарттарда, жакшылык-жамандыкта дайым Манасты колдойт, көп учурларда иш-аракетине жардам берип, пайдасын тийгизет. Манасты Ала-Тоого көчүп кел деп кеңеш берет, Манас минген атынан, кырк чоро жолдошторунан бүт ажырап, душман колуна түшүү коркунучунда калганда жардам берип, куткарып алат, кыргыздарга Манасты кан көтөрүү сунушун биринчи болуп айтат. Көкөтөйдүн ашында Манаска нааразы болгон кандар жыйылып чыр чыгармак болушканда «душманга колтук ачпайлы, чатакты койгула», - деп жүйө айтып токтотот, «аш тараган соң бир жылдан кийин келип Манасты  өзүңөргө  басып  берем» деп тыйып коёт, айткан  убагы бүткөндө Манасты чаап берем дебедиңиз беле дешип чогулуп келген кандарды шылдың кылып келекелеп:

 

Бекер жер Талас эмес,

Мен кылган Манас эмес,

Койгула балдар, Кошой

Силерге тамаша эмес!-деп тоготпой жатып алат. Эпосто Манаска эл алдында ачык каршы сөз айта алган, туура эмес ишин сындап, жемелеп, тилдеп коё алган да - Кошой. 

Чубак баатыр эпосто: «Алышса адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн, көк ырапыс тон кийген, Көгала сындуу ат минген, кан Балтанын Чубагы — арстандын бири бу дагы», - деп сүрөттөлөт. Нойгуттардын каны Акбалтанын жалгыз уулу (Саякбайдын варианты боюнча Акбалта талаадан таап алган бала) Манаска 13 жашында келип кошулуп, ошондон тартып баатыр менен дайым бирге жүрүп, ак кызмат кылат. Чубак - аны-мунуну көп байкабаган энөө, ишенчээк, ачуусу чукул, кыялы чорт, чогоол баатыр. Бирок ак көңүл, ичине кир сактабаган адам. Чалгынга Сыргакты алып, мени албайсың деп Алмамбет менен чабыша кетет, Алмамбет: «Элге кызмат кылдың деп, эрегишиң кай күчүң?»— деп жемелегенде Чубак күнөөсүн мойнуна алып, жыгылыштуу болот. Чубактын негизги сапаты—жалтанбас эрдик, түгөнгүс күч. Жанда жок чоң дөө Mакелди көрүп, шашып калган Алмамбет Чубакка келип: «Манаска кабap салалы, мейли Манас алабы, же балакеттүү Макел дөө аны байлап кетип калабы» өзүлөрү беттешсин дегенде:

 

Катыгүн Алмам не дейсиң?

Качуунун камын не жейсиң?

Атасынын көрү капырды,

Токтолуп уруш салалы,

Тобокел кылып алалы!

Качпай өлгөн эрлер деп,

Жакшы аттысы саа болсун,

Жолдошу Чубак экен деп,

Сооп чети маа болсун,-деп кайрат айтып, намыстантат, жоону жеңишет.

 

       Чоң казатка чыккан баатырлар курман болгон катуу кармашта Чубактын бооруна ок тийип, жарадар болуп, дайынсыз жоголот. Кийин Семетейдин учурунда Чубак Кашкарда жүргөнүн көргөн киши бар экен деген имиш менен Семетей: «Чубактын дайынын таап бергиле, же кун төлөгүлө», - деп Кашкарды камайт. Чубак Букарда жүргөн имиш деген кеп менен Букарды, анан Коконду чаап алат. Ошондон улам кыргыздарда «Чубактын кунундай чубалжып бүтпөгөн иш»,— де­ген ылакап кеп калган.

Сыргак - баатырлардын эң кичүүсү, баарынын сүймөнчүгү. Карандай күч өзгөчө мааниге ээ болгон ошол доордо, көпкөк темир кийинген, жоо дегенде сүйүнгөн баатырлардын арасында адамгерчилиги, ички дүйнөсүнүн тазалыгы, сезиминин тереңдиги, сыпайы жүрүш-турушу менен бөтөнчөлөнүп, башкалардан бөлүнүп турат. Сагымбай боюнча Сыргак — Манастын аталаш тууганы, Жакыптын агасы Ороздунун он уулунун биринин баласы. Саякбайда Сыргак - Улак кандын уулу, азан чакырып койгон аты — Бердибек, сымбатына жана баатырдык сапаттарына карата бүркүттүн «сыргак» деген кыраан түрүнө окшоштуруп атап коюшкан. Сыргак баатыр эпосто:

 

Атка жеңил, тайга чак,

Уйкусу жок жолго сак,

Чыканактап калбаган,

Чырм этип уйку салбаган,

Кара болот кыргагы

Кан Манастын Сыргагы.

Акыр заман журтуна

Аты калган Сыргак деп,

Сыны сыргак, өзү эр,

Сынын билген айткан эл

Сырттандардын бири дээр, -деп сүрөттөлөт.

 

      Чалгынга жөнөмөк болгон Алмамбет миң-сан элден Сыргакты тандайт. «Сырттан тууган Сыргактын, жеке башын өзүнүн, миңге тете көрөмүн, — деген Алмамбеттин баасы Сыргактын адамдык сапаттары ме­нен эрдигинин күбөсү. «Жети түмөн кол келсе, желбегей кирип кол салган» баатыр Сыргакты досу да, касы да жогору баалап, урмат менен мамиле кылат. Чоң казат учурунда Сыргактын көрсөткөн эрдик иштери жүрөгүнө тийип, жанына баткан Коңурбай Кожожаш мергенге:

 

Ушу Сыргак баладан

Ээримен арт кетти,

Жүрөгүмө дарт кетти,

Боконо сөөгүм болк этти,

Таш сайынган кытайдын

Тазасы ыйлап солк этти.

 

Башкасын коюп ушунусун жайлап бер! -деп жалынат.

 

Каныкейдин өз аты - Санирабига. Канга нике кыйылганы үчүн Каныкей атыгат. Сагымбайдын варианты боюнча Кыйбанын каны Атемирдин кызы, Саякбайда Букардын каны Каракандын кызы. Манастын Каныкейге чейин эки аялы бар, бирок алар баатырга татыктуу жар эмес. Саякбайдын вариантында Манас өзүнө тете аял алышы зарыл деп Бакай айтат. Ал «Акылай, Карабөрк үтүрөң тентек, орой, акылдары кыска, адепсиз, наркты билбейт, адамдын көңүлү калат деп ойлобойт. Ошон үчүн баатырдын иши оңолбой аксайт»,- деп ойлоп, санаа тартып жүргөн. Кум-Булактын белинен Манас кумайык таап алганда, Бакай кол башындай боз күчүк кумайыкты же кайып, же ургаачынын тазасы зайып багат дечү эле:

 

«Каныкей алсаң оңосуң

Калкка бааша болосуң.

Каныкей келсе Таласка

Кадыр түн келет жолуңа,

Качканың келет колуңа.

Санааңды сансыз болтурат,

Сан казына мүлкүңдү

Келе замат толтурат.

Сайып жүрүп бак кылар,

Салып жүрүп там кылар,

Сандыргалуу башыңды

Жер жүзүнө кан кылар...

Ургаачынын төрөсү,

Алып калсаң Каныкей -

Кырк чоронун энеси,

Ургаачынын ыктуусу

Ак жоолуктун мыктысы.

Айтканыңа көнүүчү,

Ал кумайык күчүктү

Жакшылап багып берүүчү», - дейт.

 

      Бакайдын оюн Чубак да кубаттайт, Каныкей баатыр да экендигин, өзү беттешип, тең келе албай качып келгенин айтат, Каныкейге үйлөн деп Манаска кеңеш берет.

Сагымбайдын варианты боюнча Карабөрк менен Акылайдын акылсыз, кишичилиги жок экенин,  баатырга ылайыктуу жар эместигин көргөн Алмамбет Манаска өзүңө тете, жакын жардамчы болор аял ал деген ойду айтат.

Манас өзүнө ылайык кыз издөөгө атасы Жакыпты аттантып жатып, ага кандай кыз жагарын эскертет: 

 

Эркелеткен эли бар,

Эдир-эмиш кеби бар,

Бийдин кызы болбосун.

Аалимдигин ашырып,

Ар иш кылса жашырып

Пирдин кызы болбосун.

Үкүлүү сексек, дөң маңдай,

Жардынын кызы болбосун.

Жамандык көрсө кектеген,

Ардуунун кызы болбосун

Чачылуу чачпак, чалма этек,

Караңгы үйдөн каймак жеп,

Атамдын көзү барында

Алар эрим мырза деп

Байдын кызы болбосун,

Туурук таман, тултук бет,

Кул кызынан болбосун.

Атам өзүң билерсиң

Анча-мынча ургаачы

Купулума толбосун.

Эркелетип өстүргөн

Эркеги жок, кызы бар

Жалгызынан болбосун,

Атасын билбей башка өсүп,

Нөкөр-жөкөр өзүндө,

Өз эркинче кашка өсүп

Кан кызынан болбосун.

Өкүмү бар өзүндө,

Аят-адис сөзүндө

Казы кызы болбосун.

Тарткан тасма белденген,

Тал чыбыктай теңселген,

Саамай чачы сеңселген,

Акылын терең ойлогон,

Ар бир түрлүү жумуштун

Аркасын аңдап болжогон,

Жазык маңдай, көөхар көз,

Инжи тиштүү, ширин сөз,

Ашкере кылган сабырын,

Адамга салбай жабырын,

Айтар сөзү акырын,

Эл алмакка жиберген

Нечен түрлүү акылын,

Боло турган жумушту

Болжоп билип алыстан,

Акылга дыйкан айлалуу,

Ааламга толук пайдалуу,

Көңүлү сылык, бейли кең,

Төрт тарабы болгон тең,

Жылдызы ысык, жылуу сөз,

Чырагы жарык, жоодур көз,

Алача моюн, түймө баш,

Акылга терең, боору таш,

Көкүлү көркөм, колоң чач,

Ошондой кызды көрмөккө

Аянбай ата көзүңдү ач.

Акыл менен эр баккан,

Айла менен эл баккан,

Ойротто жок уз болсун,

Ою терең кыз болсун!

Болсо болсун болгондой,

Көзү түшкөн бенденин

Көңүлүнө толгондой!

Аз болгондо кайып иш

Алты жылдык жумушту

Азыр билип койгондой,

Берекесин көргөндө

Бейли бузук адамдар

Ичпей-жебей тойгондой,

Санаганы баары амал,

Турган менен жүргөнү

Туташ баары сарамжал,

Сөзү болсун шекер бал,

Ошондойдон ойлогун,

Оңой-олтоң кыз издеп

Окус кылып койбогун!

 

Манас баатыр алган жарым акыл-эстүү, уз, сарамжалдуу, назик, сулуу болсо деп кыялданат. Өзгөчө акылмандыкка чоң маани берет. 

Манас каалагандай төрт тарабы төп келген, ичи-сырты бирдей, ары сулуу, ары акылдуу кызды табуу үчүн Жакып көп жерлерди кыдырып, ар башка элдерди аралап жүрүп баласы айткандай кызды акыры Кыйбадан табат.

Жакып биринчи көргөндө Каныкейдин сырткы көрүнүшү мындай сүрөттөлөт:

 

Санирабига кыз экен,

Сап сулуунун өзү экен,

Жыла сүйлөп, шыңк этип,

Акыл толгон кези экен.

Он алты жарым жашы бар,

Олоңдой кара чачы бар,

Сары алтындан түймөдөй

Келишкен кара кашы бар,

Боростой кийим кийинип,

Ботодой бели ийилип,

Жазык мандай, кара көз,

Жатык тилдүү, ширин сөз,
Аркасы кайкы, аркар төш,

Ай чырайлуу бото көз,

Кызыл жүзү нурданган,

Кымча бели буралган.

 

Болжолу жок боорукер,

Эзилтип адам көңүлүн

Эт боорунан жаралган,

Үзүлгөнүн улаган,

Көзү чалган пенденин

Үзүрү болсо сураган,

Жетишпедим дегенге

Жеңин кесип бергендей

Берендик жайы бар экен,

Жеткире акыл ойлогон

Тереңдик жайы бар экен.

 Кылган иши баары амал,

Кызылдай бою сарамжал,

Жок дегендер табылган

Кастарлуу жайы бар экен,

Кыз мүнөзү кылтайбай

Тастарлуу жайы бар экен.

Арбын болсо дүнүйөсү

Адамдан төмөн мүнөзү

Көп болсо көтөрүлбөгөн, - деп бардык жагынан жактырат.

 

Бул саптардан Каныкейдин сулуулугу, акылдуулугy, жөнөкөйлүгү байкалат. Жанындагы нөкөр кыздары «чылк жибекке чырмалып, жыгылчудай ыргалып, алтындаган жыгасы оң чекеде кырданып» кооз кийим кийинип жүрүшсө, Санирабига гана «боростой кийим кийинип» жүрөт. Жакып Санирабиганы андан ары сынап: «арылбаган шорум көп, арты болбой калар, тууса бирди тубар, тумшугу жок жаныма тукумдан кудай урар!» -деп арман кылат. Кийин Жакыптын сынаганы бүт туура чыгат: Каныкей акылман, жөн билги, адамгерчиликтүү, жанда жок уз, сарамжалдуу аял болот, көпкө төрөбөй жүрүп, жалгыз бала көрөт.

 

Көзкамандар окуясында, Чоң казатта, Манаска күмбөз салдырууда  Каныкейдин акылмандыгы, сактыгы, ар бир ишти алдын ала байкагычтыгы кеңири сүрөттөлгөн.

Манастын колуна тыңчы, чыккынчы жиберип иритип бузуу жана аны амал таап өлтүрүү максатында Эсен кан куулук менен Манастын аталаш туугандары Үсөн - Көзкаманды балдары менен жиберет. Жаңыдан эл-журтка кошулган туугандарына Каныкей чын пейли менен кубанып, тосуп ба­рат, сыйлап кабыл алат. Бирок, бара-бара байкап көрүп «жаңыдан келген туугандарыңдын түрү бузук, акыры түбүндө өзүңө жамандык кылышы мүмкүн» деп Манаска эскертет. Акыры Каныкейдин айтканы туура келип, көзкамандардан Манас өлүм таап кала жаздайт, Каныкей да көп кордук тартат.

Көкөтөйдүн ашында Каныкейдин акылмандыгына, чебер уздугуна алп Кошой акылман кары таң калат. Териден асыл чыгарган келини Каныкейге «эркек балалуу бол, уулуң баатыр болсун! — деп батасын берет.

 

Манас баатырдын өзүн баш кылып кырк чоросунун ар бирине ылайыктуу ички-сырткы кийим-кечек, соот, курал-жарак, минер атына чейин күн мурунтан камданып даярдап койгонунан Каныкейдин көрөгөчтүгү, уздугу, сарамжалдуулугу даана байкалат.

 

        Каныкей – өзгөчө мекенчил,  кыргыз элин,  баатырларын дайым жогору баалайт, элинен, жеринен азып-тозуп жүргөн кезинде:

 

Кең-Колум өңдүү жер кайда?

Аргынды  көрөр күн кайда?

Каралды кылар белим жок,

Төлгөгө чапсам Тайтору

Капа кылбай сүрөөчү,

Каралды кыргыз элим жок, -деп жалгыздыгына өкүнөт.

     Каныкей эпосто өлбөй калган каармандардын биринен. Бул   анын элге  сиңирген эмгегинин далили.

        Арууке - Алмамбеттин аялы, эпостогу оң типтеги аял каармандын бири. Уруусу кайып, өзү кайберендердин канынын кызы. Ал тагдыры жактан да Алмамбетке жакын. Алмамбет өз эрки, каалоосу менен кыргыздарга кошулса, Арууке өз каалоосу менен адам баласынын арасына кошулуп алган. Алмамбет жайчылык касиети бар, баатырдыгы менен өнөр-билими шайкеш келген адам болсо, Арууке да кубулуп түсүн өзгөртүп, башка кебетеге өтүүчү касиети бар, көп окуган, билимге ээ адам. Алмамбет Манастын эң жакын жардамчысы болсо, Арууке чебер уз, акылман, жөн билги аял катары Каныкейдин эң жакын жардамчысы, Алмамбетти туура түшүнгөн, ага берилген жар. Алмамбет Чоң казатка аттанып жатканда «боюмда күмөн бала бар» деп эскертип, баатырды жубатат. Арууке -сырткы сулуулугуна  ички касиети  жарашып турган, назик, терең акылдуу аялзат.

Кыз Сайкал Сагымбайдын варианты боюнча Тейиш кандын тоюнда  сайышка чыгат.  Манас анын келишкен көркүн көргөндө «өзүм алчу кыз экен» деп ичинен ойлоп, аяп салгылашып, аз жерден жеңилип кала жаздайт. Манасты аттан эңип кете турган болгондо, Чубак ортого түшүп куткарып кетет. Саякбайдын вариантында Манас Сайкалга өзү барып тийишет, бирок кармашып алы келбей коёт. Ыза болгон Манасты Каныкей бир жыл бою таптап багып, Сайкалга кайра жиберет. Манас бул жолу чындап ачууланып Сайкалды жеңип алат, «азабы өттү долунун, нике кыйдырып, аялдыкка алам» деп оолугат. Бирок Сайкал: «Каныкей ургаачынын сырттаны, касиеттүү киши экен, анын үстүнө күнү болуп барбаймын, сага тиги дүйнөдө тиейин»,- деп болбой коёт, «өлөрүңдө зыйнатыңа турам»,- деп убада берет, ошол убадасы боюнча Манас Бээжинден оор жарадар болуп кайтып, катуу ооруп жатканда келип, өлөрүндө зыйнатында турат. Баатырдын көзү өткөн соң үйүнө кайткан Сайкал кайып болот.

         Жакып - татаал образ. Саякбайдын вариантында чапкынга, талоонго учураган кыргыздар Каракандын балдарынын ичиндеги тыңы катары Жакыптын тегерегине баш кошуп, Алооке менен Молтого каршы турушат. Сагымбай боюнча да алгачкы окуяларда Жакып каада билген, колунда байлыгы бар, элге кадырлуу адам. Бул сапаттарынан улам аны кан көтөрүүгө сунуш кылышат. Бирок Жакыптагы негизги сапат — сараңдык жана ач көздүк. Өзү айткандай элүү жашка келгенче «күндөп-түндөп тепеңдеп» жүрүп дүнүйө жыят. Баласы жок экенине кайгырып, Кудайдан зарлап бала сураганда эң алды менен жыйган дүйнөм кимге калат?—деп сарсанаа болуп, ошол мал-мүлкүнө ээ болор баланы тилейт.

Акбалта: «балаң баатыр боло турган»,- десе,

 

Нар өлтүрүп коёр да,

Пулкор кылып салар да.

Эр өлтүрүп соёр да,

Күнкор кылып салар да.

Кызыл-тазыл көрүнсө

Кыздардан ала качар да,

Малымды суудай чачар да! — деп кейийт.

 

Акбалта Жакып­тын ач көз, сараңдыгына ачуусу келет:

 

Балам жок дейсиң майышып,

Ботом жок дейсиң кайышып,

Балага жаңы жетесиң,

Бай Жакып байым нетесиң?!

Баладан малды жуук көргөн

Бакыл киши экенсиң!

 

Жакып мал союуга, же бирөөгө берүүгө туура келип калган учурда малынын картаңдарын гана сарп кылат. Түш жорутуу үчүн жакшы тилек менен той берип жатып: «Тогуз кары бээ болсун, токсон кары кой болсун», - дейт. Жаш Манастын колунан эки эр өлүп, алтайлык калмактар бүт жылкысын тийип кетеринде манжулуктар ага болушуп, тоодой балекеттен кутулганда да жылкычысын чакырып, мындай буйрук берет:

 

Кары-куру бээден,

Как баш болгон аттардан

Төрт жүзүн айдап кел  деди,

Атасы өлгөн балага,

Арада өлгөн калмакка

Аларга бөлүп бер деди.

 

        Жакып - жеке керт башынын гана камын көрүп, дүнүйө менен малдын артынан түшкөн адам. Элдин түшүнүгүндө мындай адам терс каармандын катарына кирет.

3-суроо. Сырттан басып кирип, эл талап, журт чапкан душман элдин башкаруучулары, баатырлары, жалпы эле эл мүдөөсүнө каршы туруп, тескери, зыяндуу иш жасагандар - терс каармандар.

Коңурбай — кытайлардын белгилүү каны Алоокенин алтымыш уулунун эң кенжеси, бүткүл кытай элинин эң мыкты деген баатыры. Ал күч, кайрат жак­тан Манастан эч жери кем эмес болуп мүнөздөлөт:

 

Кыр мурундуу, кызыл көз,

Жоон билек, жолборс төш,

Кабагы бийик, каар сөз,

Капталы жазы, бою эңгер,

Кан Коңурбай деген эр,

Атышкан жоосун колоткон,

Найзасынын темири

Кулач карыш болоттон.

 

Тема 8(2)

Бирок Коңурбай моралдык сапат жактан оң каармандардын кимисинен болбосун алда канча төмөн турат. Ал баатырдык салтты сактай билбейт, эрдик намысы жок, душманын  боюндагы баатырдык кубаты, эрдик-кайраты менен эмес, кара ниеттик, алдоо, амал-айла менен жеӊет. Камсыз, курал-жараксыз турган Манасты капыстан аңдып келип, жарадар кылат.

     Калмактардын каны Жолойго кара күч жагынан Кошойдон башка баатыр чак келбейт. Көкөтөйдүн ашында белгилүү балбан, баатырлap: «балбанга чыккан Жолойбу, Жолойго пенде жолойбу, Жологон пенде оңорбу?!» дешип Жолойго каршы күрөшкө чыга албайт. Манас өзү да «ат үстүндө тың элем, жөө күрөшкө жок элем» деп тайсалдайт.

Жолойдун ички-сырткы сапаттары мындай:

 

Каарлуу Жолой баатырдын

Балбандыгы башкача

Кан жыттанган Жолойдун

Баатырлыгы бир канча

Өлчөөң кеткен бул Жолой

Өлтүрүп канга тойбогон

Жан кыйгычтын бирөө ошол

Төбө чачы сүксөйүп

Жеп ийчүдөй үксөйүп

Мурунунун таноосу

Сеңирлүү тоонун баткалдай

Бир бетине чочконун

Он эки шибе, кырк манжуу

Ордо атышып жаткандай

Кашы өрттөнгөн токойдой

Калбайыңкы эрини

Жылкычы кийген чокойдой.

 

Жолойдун карандай күчү, билегинин жоондугу шылдыңга, мыскылга айланат, ички дүйнөсүнүн жардылыгынан, көңдөйлүгүнөн кабар берет.  Элдик  түшүнүк боюнча өтө чоң көлөм, чектен тышкары өзгөчө күч, адам жийиркенерлик суук  кебете-кешпир - акылдын төмөндүгүнүн белгиси.

         Жеке эле сырттан келген баскынчы, зордукчулар эмес, ичтен чыккан бузуктар да терс каармандар болуп эсептелет. Ачык, көрүнөө душмандарга караганда булар алда канча коркунучтуу, зыяндуу. Ошон үчүн Бакай:

 

Өпкө бооруң куйкалайт,

Өзөктөн күйгөн өрт жаман.

Өз ичиңден талкалайт,

Өздөн чыккан жат жаман»,-дейт.

 

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. «Манас» эпосу эмне үчүн уникалдуу?
  2. Эпостун өзөк окуялары кайсылар?
  3. Эпостун негизги идеясы эмнеде?
  4. Эмне үчүн «Манас» эпосун «Кыргыз рухунун туу чокусу» дейбиз?
  5. Эпостон алар сабактарыбыз кайсылар?

 

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар:

  1. «Манас», «Семетей». «Сейтек» тууралуу маалымат топтоп келгиле.
  2. Эпостогу элдик философияны, улуттук дөөлөттөрдү чагылдырып слайд, буклет жасагыла
  3. Манасчылардын  «Манас» айтуусунан видео материалдарды таап келгиле.

 

       Манастын жакшылыгына жамандык кылып, баатырды мерт таптырып коё жаздаган Көкчөкөз, Көзкамандар, ач көз Жакып, бузуку Кыргыл чал, мурда кимдиги ачык билинбеген өзүмчүл, мансапкор Абыке, Көбөш, Семетейге чыккынчылык кылган Канчоро так ушундай өздөн чыккан жаттар.

Канчоро өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жакын адамдарын сатып душман менен биригишүүдөн эч тартынбайт. Атасы Чубактын баатырдыгы, балбандыгы өңдүү жакшы жактары менен бирге эле мүнөзүндөгү кара мүртөздүк, оюн кишиге бербеген өзүмчүлдүк сыяктуу кемчиликтерди да мурастап калган Канчоронун мүнөзүнүн ушул терс жагы жаңы шарт, кырдаалга ылайыкташып тереңдеп, акыры өз жакындарына ачык чыккынчылыкка чейин алып барат.
 

 

Тема 9

Искусство – адамдын жан дүйнөсү.  Кыргыз сүрөт өнөрү. Гапар Айтиев. Сүймөнкул Чокморов. Себеп багыныңкы сүйлөм.

 

Искусство - кеңири маанидеги түшүнүк. Анын ар кыл түрлөрү, ар биринин өзүнчө туюнтуу “тили” бар. Музыканын тили - жети гаммадан турган дабыштар, сүрөттүкү - боёк, кинонуку - фотосүрөттөр, адабияттыкы - сөз. Мына ушул өңүттөн Гапар Айтиевдин «Ысык-Көлдүн көрүнүшү” деген сүрөтүн элестетип көрөлү. Андагы көл элесинин ажайып көркү, суйкайган сулуулугу көз алдыңдан таптакыр кетпей, анын шарпылдаган добушу угулуп тургансыйт. Ушул эле көрүнүштү акын-жазуучу сөз менен сүрөттөйт. А. Осмоновдун Ысык-Көл жөнүндөгү ырлары буга ачык мисал боло алат. Бирок кээде сүрөтчү менен жазуучу да жеткилең бере албаган турмуштук окуялар менен табият кубулуштары кездешет. Аны дал өзүндөй кылып берүүгө музыканын гана кудурети жетет. Боёк менен тартылган сүрөттөр, архитектуралык жасалгалар өзүнүн көз тайгылткан көркү менен адамды эстетикалык ыракатка бөлөйт, затты, көрүнүштү, адам турмушун даана, так өзүндөй көрсөтүү менен бирге,  абстрактуу турмуш көрүнүштөрүн, адамдардын ички рухий дүйнөсүн, кайгы-капасын, кубаныч-күйүтүн, тилек-максатын да түшүндүрүп бере алат. Ошондуктан, “Искусство – адамдын жан дүйнөсү” десек керек.

Кыргыздын тунгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Айтиев Гапар 1912-жылы Ош областында төрөлүп, 1984-жылы каза болгон. 1971-жылы СССРдин Эл сүрөтчүсү наамын алган, коомдук ишмер. 1932-жылы Фрунзедеги агартуу институтунун (кийинки борбордук педтехникум) тарых-коомчулук бөлүмүн бүтүргөн.  Сүрөтчүлүк искусство боюнча атайын билимди Москвадагы  сүрөт окуу жайында Н.П, Крымов менен П. Петровичевден алган. Ал 1934 –жылы Фрунзеде ачылган 1- республикалык сүрөт көргөзмөсүнө «Атанын портрети», «Колхоз катчысы Имангазы», «Түштүк кызы» деген портреттери менен үйрөнчүк катары катышкан. 30- жылдардын экинчи жарымында жараткан «Колхозчулардын дем алышы», «Физкультурниктер», «Байдагы батрак» сыяктуу жанрдык полотнолорунда сүрөттүү турмуштун маанилүү жактарын чагылдырууга умтулат. Жаш сүрөтчү сүрөтчүлүк жөндөмүн портрет жанрында да сынап, С. Акылбековдун, акын А. Осмоновдун  портреттерин тартты. Ал эми «Көлдөгү кайык» , «Боз үйлөр»  чыгармалары анын келечекте кыргыз пейзажынын чоң чебери болорун көрсөткөн. «Фронттон кат» ,«Пахта терүү» ,«Колхоз короосу» аттуу сүрөттөрү Айтиевдин олуттуу ийгилиги болуп, изденүүсүндөгү негизги багытын аныктады. Ал бардык жанрлар боюнча  ийгиликтүү иштеп келатса да, анын негизги жанры пейзаж болгон. «Кайыктар» ,«Жумгал өрөөнүндө, «Сазда», «Жалтылдаган көл» аттуу сүрөттөрү– чыгармадан чыгармага өскөндүгүнүн күбөсү. Чыгармаларындагы образдар жөнөкөй көрүнүштөрдүн сүрөтү катары тартылган менен алардын негизинде терең ой, өзгөчө бир ички байланыш, логикалык биримдик, күчтүү көркөмдүк жатат. Мисалы, «Жайлоодогу чак түш» , «Кыштак четинде» деген чыгармалары, атактуу «Ысык-Көлдөгү чак түш» картинасы бирин- бири толуктап турат. 60-жылдары Айтиев өзгөчө бир ийгиликтерге жетишти. Бул мезгилде ал «Чабандар»  аттуу картинасын, «Ысык-Көл – кыргыз деңизи», «Тоодогу чөп чабуу» деген пейзаждарын жаратты. 60-жылдардын 2-жарымында жараткан «Кыргыз жергеси» аттуу пейзаждар сериясы Айтиевдин кистинен жаралган. 1964-1965-жылдардагы «Тоо мейкини»,  «Чүй өрөөнүндөгү күз»  «Анжияндын айланасы», «Түштүктөгү кеч» , «Калканар зоо», «Талаадагы тандыр» «Көнүл», «Тоодогу күүгүм» , «Ойлонуу», «Кечки тынчтык» аттуу чыгармалары сүрөт искусствосунун жогорку үлгүлөрүнөн болуп калды. Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени жана «Ардак Белгиси» ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.

 

Г.Айтиев атындагы сүрөт музейи

Г.Айтиев атындагы сүрөт музейи кыргыз элини чыныгы материалдык жана рухий байлыгы болуп саналат. Музей уюштуруу 1934-жылы  түзүлгөн. Музейде сүрөтчү С.Чуйковдун эмгеги зор. 1934-жылы С.Чуйков тарабынан мамлекеттик Третьяков галереясынын жана РСФСР музей фондунун XYIII-XX кылымдын аягындагы орус классиктеринин жана  сүрөтчүлөрүнүн 72 түп нускалык чыгармалары алынган. Мамлекеттик сүрөт галереясы расмий түрдө 1935-жылы ачылган. Музейдин фондунда дүйнөлүк классиканын шедеврлер жыйнагы жана XX кылымдын башындагы француз сүрөтчүлөрүнүн  түп нускалык чыгармаларынан кайра жаратылган сейрек факсимильдик репродукциялар коллекциясы бар.

Музейдин көргөзмөлүк иш аракеттери көп түрдүү жана активдүү. Кыргыз сүрөт искусство экспозициясы өтө эле кыймылдуу. Мезгил мезгили менен жаңы табылгаларга алмаштырылып, толукталып турат. Кыргыз  сүрөт искусствосунун баштоочусу С.Чуйковдун  живопистик чыгармалары өзүнчө бир залды ээлейт. Музейде В.Образцовдун чыгармачылык мурасы «Токтогул эл арасында» (1939-1945)  «Кеч» (1948), «Күзгү жайлоо» (1949), Г.Айтиевдин белгилүү эмгектери «Чүй өрөөнүндөгү күз» жана башка чыгармалары орун алган.

Музейдин көп сандаган бөлүмдөрү живопись, графика, скульпторлук, жасалма колдонмо көркөм искусствосунун чыгармаларын консервациялоо, аларды илимий пропагандалоо боюнча иш жүргүзүлөт. Музей кыргыз архитекторлору Д.Ырыскулов, В.Назаров, Ш.Жекшенбаевдин жекече конкурстук долбоору боюнча курулган жана бул долбоор үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болушкан.

 

Таланттуу инсан.

Кыргыз элинин көрүнүктүү инсандарынын бири Сүймөнкул Чокморов Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чон-Таш айлында 1939-жылы төрөлгөн. Ал белгилүү сүрөтчү жана киноактёр болгон. 1958-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1964-жылы Ленинграддагы И.Е. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтун бүтүргөн.

Андан кийин Фрунзедеги көркөм  сүрөт окуу жайында 1964-1968-жылдарында окутуучу, 1966-1967-жылдары окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1988-1922-жылдары Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп дайындалган. Сүрөтчүлүгүндө живопись жана портрет жанрында изденүүлөрү менен таанылган. 1968-жылдан тартып кино искусствосунун босогосун аттаган.

Япон режиссёру А.Куросава менен чыгармачылык байланышта болуп анын портретин жазган.  1989-жылы Кыргызстан Эл сүрөтчүсү жана 1991-жылы Чынгыз Айтматов атындагы Эл аралык адабий клубунун лауреаты болуп көптөгөн сыйлыктарды алган.

1992-жылы Бишкек шаарында көз жумган.

 

Баш сүйлөмдөгү ойдун себебин билдирген сүйлөм себеп багыныңкы сүйлөм деп аталат.

Себеп багыныңкы сүйлөмгө эмне себептен? эмне үчүн? эмне себептүү? эмнеликтен? деген суроолор берилет.

Баш сүйлөм менен себеп багыныңкы сүйлөм төмөнкүдөй жолдор аркылуу байланышат:

  1. Себеп багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна -гандыктан уландысынын жалганышы менен байланышат. Мисалы: Кыргызстанда ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашагандыктан, жыйындар көбүнчө орус тилинде өткөрүлүүдө.
  2. Себеп багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна атоочтуктун -ган мүчөсү уланып, ага соң, үчүн, себептүү, кийин деген жандооч сөздөрдүн жалганышы менен тутумдашат. Мисалы: Поезддер өтүп кеткен соң, бир топко чейин станцияда эч жан жоктой ээн тынчтык өкүм сүрөт.

3)    Себеп багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна кыймыл атоочтордун -уу, -ыш уландылары уланып, ага үчүн деген жандооч сөздүн   кошулушу   менен   байланышат.   Мисалы:   Транспорттордун тынымсыз каттап турушу үчүн, шаарыбыздын жолдору мыкты болуш керек.

  1. Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу чыгыш жөндөмөсүндөгү жана -ган уландысындагы атоочтуктан болуп, андан соң кийин деген жандоочтун кошулушу менен жасалат. Мисалы: Студенттер кышкы каникулдан келгенден кийин, алар практикага барууга даярданышат.
  2. Себеп багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу на чакчылдын -ып, -бай мүчөлөрүнүн жалганышы менен байланышат. Мисалы: Аба ырайы бир калыпта болбой, кан басымы көтөрүлгөндөрдүн саны көбөйдү.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Гапар Айтиев ким болгон?
  2. Кандай эмгектерди жараткан?
  3. Анын чыгармалары эмнеси менен айырмаланат?
  4. Сүймөнкул Чокморов кандай кесиптерди аркалаган?
  5. Сүрөтчүлүгүндө кайсы жанрында изденген?
  6. Кыргыз сүрөт өнөрү жөнүндө кандай маалымат билесиңер?

 

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар:

1. Кыргыз сүрөтчүлөрү тууралуу маалымат топтоп келгиле.

2. Азыркы кыргыз сүрөт өнөрү жөнүндө маалымат даярдагыла.

3. Кыргыз сүрөт өнөрүн чагылдырып слайд, буклет жасап келгиле.

 

 

 

Тема 10

Кыргыз адабиятынын алпы - Ч.Айтматов. Максат багыныңкы сүйлөм.

 

Көркөм адабият - адамдын ыйман-жанын тазартып, дайым жамандыкка каршы күрөшүп, жакшылыкты даңазалаган өзүнчө бир кең дүйнө. Адабият - бардык искусствонун ичинен адам көңүлүнө эң бир узак уялаган сөз өнөрү. Адам баласы жаралгандан баштап, бүгүнкү күнгө чейин легенда-мифтердин, макал-ылакаптар, санат-насыяттардын атадан балага, муундан-муунга айтылып келе жатышынын негизги себеби да ал чыгармалардын ар кандай доордогу алдыңкы адамдардын мүдөө-тилегин чагылдыргандыгынан улам болуп отурат. Көркөм чыгарма ар кандай курактагы, ар башка кесиптеги, ар кыл мүнөздөгү адамдардын баарына бирдей түшүнүктүү. Мына ушул карапайым адамдарга жугумдуулугу, элестүүлүгү менен ал искусствонун башка түрлөрүнөн айырмаланат.

“Мен кыргызмын!” дегендердин ар биринин аруу сыймыгы болгон, доорубуздун алп ойчулу, адам рухунун керемет кудуретин ар кимдин өзүнө ачып андаткан, жан дуйно инженери, тендешсиз чебер сүрөткер, улуу жердешибиз Чыңгыз Айтматов -  доорубуздун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер. Алп жазуучунун калеминен жаралган прозалык, публицистикалык жана драмалык чыгармалар кыргыз адабиятынын бийиктиктерин белгилейт.

Анын адабиятка болгон ышкысы 50-жылдарда Бишкектеги айыл чарба институтунда окуп жүргөндө ойгонот, мазмуну жана формасы жагынан  айырмаланган бир канчалаган аңгемелерди жазат.

          Чынгыз Айтматовго дүйнөлүк кадыр-барк алып келген, анын новаторлук калеминен жаралган 60—70 – жылдарда жазылган «Бетме-Бет», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» аттуу повесттери болду. Роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, «Кылым карыткан бир күн» (1980), «Кыямат» (1986) жана «Кассандра тамгасы» (1995) аттуу чыгармаларды жарыялады. Ал чыгармаларында коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык проблемаларын курч койгон, интеллектуалдуулук, жалпы адамзаттык маселелерди философиялык өңүттө чечкен, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психологиялык талдоолордон өткөргөн.

Өлбөс-өчпөс классикалык чыгармалары менен дүйнөгө дүрбөлөң салып, кыргыздын атагын алыска тааныткан Чынгыз атабыздын драматургдук өнөрү анын « Фудзиямадагы кадыр түн» (К. Мухаммеджанов менен бирдикте) драмасында жана өздүк повесттерин кино тасма үчүн  сценарийлерин жазуудан көрүнгөн. Ал очерктердин, публицистикалык жана адабий сын макалалардын чебери да болуп эсептелет. Чынгыз Айтматов Кыргыз Эл Жазуучусу (1968), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Лениндик сыйлыктын лауреаты (1963), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968; 1979; 1983), Республикалык Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1976), Кыргыз Республикасынын Баатыры (1997), Германиянын искусство Академиясынын мүчөкорреспонденти (1978), Париждеги Европа. илимдер, искусство жана адабият Академиясынын академиги (1983), Стокгольмдогу Бүткүл дүйнөлүк илимдер, искусство Академиясынын академиги (1987) болуп шайланган.

Доорубуздун алп сүрөткери 10-июнда 2008-жылы  Германиянын Нюрнберг шаарында дарыланып жатып каза болгон.

Баш сүйлөмдөгү ойдун аткарылыш максатын билгизген сүйлөмдү максат багыныңкы сүйлөм дейбиз.

Максат багыныңкы сүйлөм эмнеге? эмне үчүн? эмне максат менен? деген суроолорго жооп берет.

Кыргыз тилинде максат багыныңкы сүйлөмдүн колдонулушу анчалык көп өнүккөн эмес, ошого байланыштуу баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдүн өз ара байланышуу жолдору да саналуу гана:

  1. Максат багыныңкы сүйлөмдөгү баш жана багыныңкы сүйлөмдүн байланышынын эң активдүү жолу болуп багыныңкы сүйлөмдн баяндоочу буйрук ыңгайдын -сын, атоочтуктун -ар, этиштин -айын мүчөсүнөн болуп, ага деп деген жардамчы этиш кошулуп айтылышы болуп саналат. Мисалы: Учуп кетпесин деп, анын эки канатын тең кесип салдык. (К.Ж.) Бүгүн экзамен эрте башталар деп, студенттер институтка толук келишти. Зинага кол кабыш кылайын деп, Сатар анын артынан жүгурүп чыкты.
  2. Багыныңкы сүйлөмдүн –оо, -өө, -уу, -үү, -ыш, -бас мүчөлөрү менен аяктаган баяндоочуна үчүн деген жандооч кошулуп айтылуу аркылуу байланышат. Мисалы: Окуучулардын сүймөнчүлүктүү мугалими болуу үчүн, азыртан методикалык адабияттарды көп окуу керек.
  3. Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу деген менен, деген көрүнөт сыяктуу сөз тизмектери кошулуп айтылуу аркылуу түзүлөт. Мисалы: Апамдын тынчсызданганы басылсын деген ой менен, оюма келген байланышсыз нерселерди сүйлөй бердим.(Ө.Д.)

4) Максат багыныңкы сүйлөмдүн этиштик баяндоочуна болуп деген жардамчы милдет аткарган сөз кошулуп, ал эми негизги баяндоочуна кыймыл атоочтун -макчы мүчөсүнүн улануусу менен байланышат. Мисалы: Конкурстук комиссиянын чечимин укмакчы болуп, университеттин алдына жетип бардым. (Ө.Д.)

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Ч.Айтматовдун кандай чыгармаларын окугансың?
  2. Кайсы чыгармасы сенин сүйүктүү чыгармаң болуп саналат, эмне үчүн?
  3. Максат багыныңкы сүйлөм деп эмнени айтабыз?

 

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар:

  1. Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, коомдук ишмердүүлүгү тууралуу топтоп келгиле.
  2. Силерге жаккан чыгармасынан үзүндү жаттап келгиле, ал үзүндүнүн маанисин чечмелеп бергиле.

 

 

Тема 11

  1. Лексикалык тема: Кыргыз поэзиясынын таң чолпону-А.Осмонов.
  2. Грамматикалык тема: Орун багыныңкы сүйлөм.

 

«Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир жолу да калп айта албаган» акын мөлү Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган.  Улуу адамдар кайталангыс таланты менен өздөрүн өлбөс кылып жаратышат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет.

 

 Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,

 Узак, узак, узак болсун бул сапар.

 Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,

 Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

 Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,

 Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.

 Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,

 Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт.

 

 Бул саптарды окуганыңда Алыкул Осмонов сенин жаныңда баягыдай эле тирүү бойдон тургансыйт, чыныгы поэзияга тизе бүгүп, таазим кылууга аргасыз кылат.

 Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт.

 Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.

 1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты.

 Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

       Ар бир адамга Ата Журт кымбат. А. Осмоновдун ырларын окуганыңда, Ата Журт менен акын бири-бирине ээрчишип жүргөн ата-баладай көз алдыңа тартыла калат:

Жылуу кийин, жолуң кыйын, үшүүрсүң,

Кыш да катуу, борон улуп, кар уруп.

Суугуңду өз мойнума алайын,

Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман, кырсык салып кетпесин,

Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп.

Азабыңды өз мойнума алайын,

Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жаз да башка, жел тийбесин, абайла,

Көпкө турбас, мобул турган сур булут.

Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруюн, Ата журт!

А. Осмоновдун ырларын окуганда, ал ырлар сенин жүрөк сезимиңден жаралгандай болот. Акын адамдардын купуя жүрөк сезимин айттырбай туюп, билип тургандай. Анын ырларынын керемет сыры дал ушунда.

 

2.Грамматикалык тема: Орун багыныңкы сүйлөм.

Баш сүйлөмдөгү ойдун ордун билгизген сүйлөм орун багыныңкы сүйлөм деп аталат.

Орун багыныңкы сүйлөмгө кайда? кайдан? кайсы жерден? кайсы жерде? каерде? деген суроолор берилет. Орун багыныңкы сүйлөм баш сүйлөм менен төмөндөгүдөй жолдор менен байланышат:

  1. Багыныңкы сүйлөмдүн тутумундагы кайда? кайдан? кайсы жерде? каерде? деген сөздөр болуп, баяндоочко -са мүчөсү уланып байланышат. Мисалы: Саанчы кайда болсо, сабаа ошол жерде. Оору кайда болсо, жан ошол жерде.
  2. Кээ бир учурларда орун багыныңкы сүйлөмдүн тутумунда кайда, кайдан деген сөздөр колдонулса, баш сүйлөмдө ошондо, ошол жерде, ошол жакта ж. б. орундук, мейкиндик мааниси бар сөздөр колдонулбай деле айтыла берет. Мисалы: Кыз кайда басса, жигит артынан басат.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. А.Осмоновдун ырлары кандай сапаттарга тарбиялайт?
  2. Акындын Ысык-Көл тууралуу кайсы ырларын, чыгармаларын билесиң?
  3. Орун багыныңкы сүйлөм эмнени билдирет?
  4. Орун багыныңкы сүйлөм баш сүйлөм менен кандай жолдор аркылуу байланышат?

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар:

  1. А.Осмоновдун ырларынан  жаттап келгиле, маанисин чечмелеп бергиле.

 

Тема 12

Театр өнөрү. Сыпат багыныңкы сүйлөм.

Театр ɵнɵрү. Театрга берилгендик.

 

Театрым үчүн боорум садага! Бул сөз Сабира эжедей бүт өмүрүн театрга байлап, театрды жаны менен сүйгөн адамдын илебинен гана чыгышы мүмкүн. Мен Сабира эже жөнүн дө ойлогонумда, ал кишини театрсыз көз алдыма элестете албайм. Асман менен жерди биринен бирин ажыратуу мүмкүн болбогон сыяктуу, Сабира эже менен театрды да бири биринен ажыратуу мүмкүн эмес. Түйшүктүү адал эмгек адамдын акыбетин жебейт эмеспи. Ошонун натыйжасында, кечеги күнкү үркөрдөй болгон Төкөлдөш айлынан башкага белгисиз карапайым кыргыз кызы бүгүнкү күндө өзүнүн журтчулугуна даңкы чыккан, кадырбарктуу, сүйүктүү актриса болгонго чейин өсүп чыкты.

Күмүшалиева Сабира Күмүшалиевна 1917-жылы 19-мартта Кыргыз ССРинин Фрунзе (Пишпек) шаарына улаш жайгашкан Төкөлдөш айылында туулган.

 

Фрунзе педагогикалык техникумун бүтүрүп, 1932-1934- жылдары башталгыч мектепте мугалим болуп иштеген.

 

1934-жылы Кыргыз драма театрынын актрисасы болуп ишке кирип, өмүрүнүн аягына чейин ошол жерде эмгектенген. Кыргызстандын профессионалдык театралдык искусствосун калыптандыруучулардын бири. Театрда 100дөн ашуун ролдорду аткарган. 1955-жылдан тартып 18 көркөм тасмада (кинолордо) образдарды жараткан.

 

“Салтанат” (1955), “ Биздин балалыктын асманы”(1966), “Жамиля” (1969), “Бөрү зындан” (1983), “Эрте келген тураналар” (1979), ”Караш-караш окуясы” (1969), “Кызыл алма” (1975), “Отко табынуу” (1971), “Ак кеме” (1975), "Кербез” (1989), “Фудзиямадагы кадыр түн”(1988) жана башка бир топ кинолорго тартылган.

Кыргызстандын маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Муратбек Рыскулов, Төлөгөн Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты, ”Алтын көпүрө” сыйлыгын ээси.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын баатыры, Кызыл туу, ”Ардак белгиси”, “Ак шумкар “, “Элдердин достугу” ордендеринин кавалери.

Кыргыз искусствосунда атагы чыккан Кыргыз эл артисти Муратбек Рыскуловдун жубайы болгон.

2007-жылы 15-сентябрда 91 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

 

Муратбек Рыскулов

СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов 1909-жылы 23-ноябрда Жумгал районундагы Кайырма кыштагында туулган.

Актердун чыгармачылыгынын алгачкы мезгилдеринде эле анын театр искусствосуна болгон жөндөмдүүлүгү даана көрүнө баштайт. Бара-бара ал кайсы гана ролдо болбосун табигый таланты менен бирге сахналык маданиятты өөрчүтүп, чеберчилигин арттырууга жетишкен.

Ал бир катар монументтүү драмалык (У.Шекспирдин «Отеллосунан» Отеллонун, «Король Лиринен» король Лирдин, М.Горькийдин «Егор Булычев» Егор Булычевдин, Б.Жакиевдин «Атанын тагдырынан» Акылбектин ж.б.) образдарын түзгөн. Лондондо өткөрүлгөн У.Шекспирдин 400 жылдык юбилейинде М. Рыскулов Король Лирдин монологу менен чет мамлекеттик көрүүчүлөрдү таң калтырган. Таланттуу актер тарабынан түзүлгөн Лирдин образы психологиялык чындыгы жагынан татыктуу орунду ээлеген.

1967-жылы Муратбек Рыскуловго «Король Лир» спектаклинде Лирдин жана «Атанын тагдыры» спектаклинде Акылбектин ролдорун аткарууда жогорку чеберчиликке жетишкендиги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты деген наам берилген.

Муратбек Рыскуловду дүйнө жүзүнө тааныткан жеке гана драматургия эмес кино экраны да болду. Республикада көркөм фильмдердин студиясы пайда боло электен алда канча мурда эле ал кыргыз актерлорунан биринчи болуп киного катышып, 1950-жылы «Адилет тоо таянды» кинофильминде Ашыктын образын ачык гротекс планда атайын апыртып берсе, «Алыскы тоолордогу» мыкаачы зулум Сарыгул байды омоктуу көргөзөп, «Тянь-Шань кызындагы» Ашырбай абышка үчүн илбериңки психологиялык белгилерди таба алган. Кыргыз мунөзүнүн эң сонун касиеттери «Бакайдын жайыты» фильминдеги Бакайдын турпатынан көрүнөт.

Таланттуу актердун чыгармачыл эмгегин жогору баалап, өкмөт М.Рыскуловду Ленин ордени, башка эки орден жана медалдар менен сыйлаган. Ал тууралуу «Муке» аттуу фильм тартылган.

М.Рыскулов 1974-жылы 1-февралда дүйнөдөн кайткан.

Ысмы Бишкек шаарындагы көчөгө жана Нарын областтык музыкалуу драма театрына берилген.

 

 

Бакен Кыдыкеева

Өз кесибин бекем сүйгөн, чыгармачылык иштин үстүндө тынымсыз эмгектенип, турмуштук мүнөздөрдү билгичтик менен тапкан Кыргыз искусствосунун чебери Бакен Кыдыкеева өзүнүн актрисалык биринчи жолун Испан драматургу Лопе де Веганын «Скебанын уулу» деген пьесасында Скебанын уулу Клиффтин ролун ойноо менен баштаган.

1958 -жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасында «Курманбектен» Айганыштын, «Тар капчыгайдан» Майсалбүбүнүн, «Добулда» Катеринанын ролдорун аткарып, өзүнүн сахнадагы чеберчилиги менен москвалык көрүүчүлөрдүн алкышына ээ болгон.

Бакендин фантазиялуулугу, чыгармачылык артыкчылыгы, адамдарга болгон тартиптүүлүгү, каармандардын ички дүйнөсүн ачуудагы акыл-оюнун ээрчишип өркүндөткөн, мээримдүү жана кайраттуу эненин образын жаратты.

Бакендин аткаруусунда анын басып өткөн жолу, балага болгон терең махабаты, сырга таштай бекемдик, маданияттуулук айкын сезилип турат.

    Александрды падышачыл бийликтер өлүм жазасына тарта турган трагедиялуу оор күндүн алдындагы эненин өз уулу менен жолугушкан сценасы канчалык эмоциялуу жана аянычтуу. Эне заматта эле карый түшкөнсүп, чачтарынын агы арбыгансып, өңү кубарып көрүнөт. Кайгысы ичинде, кайраты сыртында.

Б.Кыдыкеева «Саманчынын жолу» кинофильминде Толгонайдын образын сейрек кездешүүчү бөтөнчө бир табигый мүнөздө түзүп чыккан. Кичинекей кыргыз элинин Ата Мекендин башына түшкөн оор күндөрдөгү чоң салымы, чоң жеңишин, ар бир эненин башына түшкөн оор турмуштун, чындыкты айрып биздин жаркыраган келечегибиз үчүн канын-жанын аябаган ата-энелердин, аталардын эмгегин жаштарга баяндоо Толгонай эненин эскерүүсү аркылуу берилет. Б.Кыдыкееванын Толгонайы өз айылынын асмандагы чыныгы толуп турган ай өңдүү элестүү сыйга ээ. Андан кыргыз аялынын мүнөздүү жактары жана эмгекчил аялдын мыкты сапаттары таамай көрүнөт.

Таланттуу актрисанын көкүрөгүндөгү жаркыраган Ленин ордени менен медалдар, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жана СССРдин эл артисткасы деген атактуу наам Бакен Кыдыкееванын сахнадагы эмгегинин жогору баалангандыгын айгинелейт»

Б. Кыдыкеева 1994-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

 

 

 

Грамматикалык тема: Сыпат багыныңкы сүйлөм

 

Баш сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин кандайча, кантип аткарылыш мүнөзүн билдирген багыныңкы сүйлөмдөрдү сыпат багыныңкы сүйлөм дейбиз.

Сыпат багыныңкы сүйлөмгө кантип? кандайча? кандай? деген суроолор берилет.

Сыпат багыныңкы сүйлөмдүн тутумундагы баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдүн байланышуу жолдору төмөндөгүчө:

  1. Сыпат багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна чакчылдын -ып, -а мүчөлөрү жалгануу менен байланышат. Мисалы: Инкамал апай кыйык сала бир карап коюп, сабагын уланта берди. (Ч. А.)
  2. Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна -бай мүчөсү уланат да. Мисалы: Зоолору күмүш кымкап кийгендей, Алай тоолору асман мелжийт. (К.Ж.)
  3. Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна -гансып мүчөсү уланып, сыпат багыныңкы сүйлөм жасалат. Мисалы: Ортобузда эч нерсе болбогонсуп, Данияр мурдагыдай эле бир сырдуу, токтоо. (Ч.А.)

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Театр ɵнɵрү кɵрүүчүлɵрдү эмнеге арбап алат?
  2. Атактуу театр таланттарынан дагы кимдерди билесиң?
  3. Сыпат багыныңкы сүйлөм эмнени билдирет?
  4. Сыпат багыныңкы сүйлөм баш сүйлөм менен кандай жолдор аркылуу байланышат?

 

Өз алдынча иштɵɵ үчүн тапшырмалар:

  1. Театр жылдыздары тууралуу маалымат даярдап келгиле.
  2. Театр жылдыздары тууралуу слайд, фотоальбом түзүп келгиле.

 

 

Тема 13

Кыргыз киносу. Карама-каршы багыныңкы сүйлөм.

 

Кыргыз киносунда ардактуу, чоң орунду ээлеген залкар актерлордун бири Болот Бейшеналиев. Ал 1937-жылы 25-июнда Кемин районунда жарык дүйнөгө келген. Болот байке кинону жанындай көрчү. Кинону сүйчү. Кино үчүн жаралган адам эле. Актерлукту самаган жаш улан Ташкенттеги театралдык институтту аяктайт. Борбордогу Кыргыз драма театрына иштейм деген тилеги орундалбай, көпкө чайналат. 1964-жылдын күз айларында «Мосфильм» киностудиясынан келген режиссер А.Михалков-Кончаловский жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестин экрандаштыра баштайт. Киносыноодон өтүп, А.Михалков-Кончаловскийдин киносунда жаш актер Болот мугалим Дүйшөндүн образын жаратат. Мына ошентип агартуучу-мугалимдин образы Болот Бейшеналиевдин кино жолундагы таалайын ачат. Бул фильмден кийин өмүрүнүн баш-аягына чейин жүздөгөн тасмаларга тартылган. Актердук айдыңындагы эң акыркы эмгеги «Король Лир» спектаклиндеги королдун образы болду.

Кыргыз элинин көрүнүктүү инсандарынын бири,  белгилүү сүрөтчү жана киноактёр Сүймөнкул Чокморов Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чон-Таш айлында 1939-жылы төрөлгөн. 1958-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1964-жылы Ленинграддагы И.Е. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтун бүтүргөн.

1968-жылдан тартып кино искусствосунун босогосун аттаган.

Алгачкы жолу «Караш-караш окуясында» Бактыгулдун ролун ойногон. Ошондой эле көп кинолордо негизги каармандардын ролун жараткан:  Данияр «Жамийла» (1969-ж), Хожаев «Атайын комиссар» (1970-ж), Карабалта «Касиетүү Ысык-Көл» (1971-ж), Максумов «Жетинчи ок», Үтүр «Уркуя» (1972-ж), Ахангул «Көк серек», Байтемир «Мен-Тянь-Шань» (1973-ж), Чжао Бао «Дерсу Узала», Темир «Кызыл алма» (1975-ж), ата «Мекен баяны» (1976-ж), Азат «Улан» (1977-ж), Жолой «Каныбек» (1978-ж), Бекбай «Эрте келген турналар» (1979-ж) жана башкалар.

Сүймөнкул Чокморов жараткан образдар кайталангыс өзгөчөлүгү менен эсте калат. Каармандарынын шамдагай, жигердүү, өткүр жактарын,  турмуштук тунгуюктардан кутулуп чыккан күрөшчүлдүгү сыяктуу сапаттарын ачып берүү аркылуу кыргыз мүнөзүнө таандык типтүү образ жаратуу бийиктигине көтөрүлгөн. Кинодогу ролдору  менен кыргыз жүзүн дүйнөгө тааныткан. Япон режиссёру А.Куросава менен чыгармачылык байланышта болуп анын портретин жазган.  Сүймөнкул Чокморовго эркектин ролун мыкты жараткандыгы үчүн 5 жолу 1-сыйлык ыйгарылган. 1972-жылы Бүкүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын, 1978-жылы Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 1975-жылы Кыргыз ССР Эл артисти, 1981-жылы СССР Эл артисти, 1989-жылы Кыргызстан Эл сүрөтчүсү жана 1991-жылы Чынгыз Айтматов атындагы Эл аралык адабий клубунун лауреаты болуп көптөгөн сыйлыктарды алган.

1992-жылы Бишкек шаарында көз жумган.

 

Баш сүйлөмдөгү ойго карама-каршы мааниде айтылган багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдүн түрүн карама-каршы багыныңкы татаал сүйлөм дейбиз.

Карама-каршы багыныңкы сүйлөм эмне болсо да? эмне болгону менен? эмне болгону болбосо? кантсе да? деген суроолорго жооп берет.

Кыргыз тилинде карама-каршы багыныңкы сүйлөмдөр мезгил, орун, шарттуу, себеп ж.б. багыныңкы сүйлөмдөр сыяктуу эле көбүрөөк өнүккөн жана анын баяндоочунун баш сүйлөм менен байланышуу жолдору да ар түрдүү:

1)  Карама-каршы багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу шарттуу ыңгайдын -са мүчөсү менен аяктап, андан кийин да (дагы, деле, дале) байламтасы кошулуп айтылат. Мисалы: Аял канчалык акылдуу болсо да, эркектен бийик боло албайт.

2)   Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна -бы мүчөсүнүн жалганышы менен карама-каршы багыныңкы сүйлөм жасалат. Мисалы: Даниярдын таарынчысы, ызасы жазылдыбы, биз аны биле алган жокпуз. (Ч.А.)

  1. Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна этиштин -са мүчөсүнүн тутумдашуусунан карама-каршы багыныңкы сүйлөм түзүлөтМисалы: Жамийла кээде анчейин тамаша үчүн тигиге үстөмдүк менен күлө сүйлөсө, кээде анын бары-жогун такыр эле унутуп коет.(Ч.А.)
  2. Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочу атоочтуктун -ган мүчөсүнүн уланышы менен жасалып, ага менен деген жардамчы сөздүн кошулушунан түзүлүп, уюшулат. Мисалы: Садык сыртынан байкатпаган менен, ичинен абдан эле намыстанып жүрдү. (Ч.А.)

5) Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна -дейм деген жардамчы этиш кошулуп айтылып, карама-каршы багыныңкы сүйлөм түзүлөт. Мисалы: Каргайын дейм, жалгызсың, каргабайын дейм, жан койбогон байкушсуң. («Кожожаш»)

 

Текшерүү үчүн суроолор:

 

  1. Кыргыз киносунда ардактуу, чоң орунду ээлеген залкар актерлордун бири Болот Бейшеналиевдин биринчи ролу кайсы болгон?

2. Кино искусствосунун босогосун аттаганда С.Чокморов канча жашта эле?

3. С. Чокморов кайсы кинолордо негизги каармандардын ролун жараткан?

4. Ал жараткан каармандар кандай мүнөздөрү менен айырмаланат?

5. Эмгеги кандай бааланган?

6. Сүймөнкул Чокморов, Б.Бейшеналиев жөнүндө текстте айтылгандардан сырткары дагы кандай кошумча маалымат билесиң?

7. Азыркы кыргыз киносу, актерлор жөнүндө жаз.

8. Зыяндуу кино деген түшүнүктү кандай түшүнөсүң?

9. Эгерде сен кинорежиссер болсоң, эмне жөнүндө фильм тартар элең?

10. А эгер актер болсоң, кандай ролдорду ойномоксуң?

11. Сенин сүйүктүү актеруң ким? Ал сага кайсы мүнөздөрү менен жагат?

12. «Кыргыз өӊү Чокморовдун өӊүндөй» дегенди кандай түшүнөсүӊ? Ой жүгүртүү тектин жаз.

  1. Карама-каршы багыныңкы сүйлөм кандай маанинин билдирет. кайсы суроолорго жооп берет?

 

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар:

1. Азыркы кыргыз киносу, актерлор жөнүндө маалымат топтоп келгиле.

 

 

Тема 14

Кыргызстанда скульптуранын, архитектуранын өнүгүшү. Салыштырма багыныңкы сүйлөм.

 

Монумент өнөрү- архитектуралык курулуштарды идеялык-көркөмдүк жагынан толуктап турган пластикалык өнөрдүн түрү. Кыргызстанда 60-жылдарда Т.Садыков (З.Кайназарованын бюсту, гранит, архитектор В.Курбатов), З.А.Хабибулин (М.В.Фрунзенин мемориал музейинин рельефи, А.Ф.Воронин, А.Н.Каменский, С.Бакашев менен бирге), А.Мухитдинов (Д.Шопоковдун бюсту, З.А.Хабибулин менен бирге) сыяктуу жөндөмдүү скульптор-монументчилер монумент өнөрү боюнча эмгектенишкен.

Монумент өнөрүнө эстетикалык, монументтер жана имараттардын живопистик, мозаикалык, ошондой эле скульптуралык жактан көркөмдөлүшү кирет. Көтөрүңкү пафостуу идеяларды туюнтуу монумент өнөрүнө мүнөздүү болгондуктан анын сүрөттөмө каражаттарындагы ашкере масштабдуулук да дал ушул өзгөчөлүк менен шартталган. Мисалы, Ватикан сарайындагы Рафаэлдин фрескалары же Микеланжелонун Сикстин капелласынын чамгарагындагы сүрөттөрү. Социалдык коомдо монумент өнөрү өзүнө чейинки бардык алдыңкы саамалыктарды чыгырмачылык менен өздөштүрүп, ошол эле соңку гумандуулуктун идеяларын өз каражаттары аркылуу көркөм чагылдырууга багытталган. 1918-жылы монументке чоң мани берилип, скульпторлор: Н.А.Андреев, В.И.Мухина, И.Д.Шадр, М.Г.Манизер; живописчилер: Е.Е.Лансере, В.А.Фаворский, А.А.Дейнека жана башкалар жемиштүү эмгектенишкен.

Кыргыз айкелчиси, Кыргыз эл Баатыры, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1978), СССР эл сүрөтчүсү (1986), Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1972) Тургунбай Садыков 1935-жылы Баткен облусу, Баткен району, Говсурар кыштагында туулган. 1964-жылы Москвадагы Жогорку сүрөт окуу жайына (мурунку Строгонов) караштуу жогорку курсту бүткөн. 1968-жылдан Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын төрагасы жана СССР сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын катчысы. Тургунбай Садыков портрет, чакан скульптуралык композиция, монумент-жасалга жанрларында чыгармалар жараткан. Негизгилери: «Кичинекей койчу», «Дем алуу» (1961), «Дирижер» (1961), «Айтиевдин портрети» (1968), «Д. Күйүкованын портрети» (1968), «Акын Омор Султановдун портрети» (1969), «Кылым таштары» сериясы (1970), М. Рыскулов Лирдин ролунда» (1974) жана башкалар.  Тургунбай Садыковдун чыгармалары СССР сүрөтчүлөр союзу менен СССР маданият министерлигинин көргөзмөлөр дирекциясында, Революция музейинде, Третьяков галереясында сакталууда. Тургунбай Садыков - «Манас» – баатырдык эпос скульптуралык ансаблинин (1978–1981) автору. Анын «Эркиндик монументи» жана «Эл куту» монументалдык эстеликтери өзгөчөлүктөрү менен айрымаланып турат. 1979-жылы «Достук» жана «Революциянын каармандары» монументтери үчүн СССР сүрөтчүлөр академиясынын алтын медалы менен сыйланган. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1967). Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1971–80) депутаты. «Ардак белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Кыргыз искусствосуна чоң салым кошкон Кыргыз эл батыры Тургунбай Садыков өзү тууралуу буларды эскерет:

«Тоолордун колтугунда жайгашкан Баткендеги Говсувар айылында 1935-жылы туулгам. Ата-энем да өнөр адамдары эле. Атам Садык жыгач уста, апам Ырыс саймачы, бычмачы болчу. Анын колунан чыккан чапандарын бүт айыл кийчү. Азыр да эстелик катары кайчысын, тиккен чапандарын катып жүрөм. Ал эми атам жыгачтан чокойлорго калып жасап, ага териден ултарып, чокой тикчү. Өкүндүргөнү, атамдын эмгектеринен сакталганы жок, калыптары согуш учурунда отко жагылып кетти. Согушка атам менен Турдубай аттуу агам аттанышып, атам кайтпай калды. Агам келип, атамдын мойнундагы бүт жүгүн өзү көтөрүүгө аргасыз болду.

Тегиз жерге түшкөн чаңга отура калып сүрөт тартып, ылайдан, чоподон бир нерселерди жасап, боз ала чаң болуп эле мал кайтарып жүрөр элем. Ал кезде сүрөтчү же айкелчи деген кесип бар экенин айылда эч ким деле билбесе керек.Ушундай күндөрдүн биринде чаңга аттын, тоонун сүрөтүн жаңы эле түшүргөнүмдө үч атчан киши жаныбызга келип калышыптыр. “Муну ким тартты?” деп каардуу сурашканынан балдар мени көрсөтүп эле качып жөнөштү. Ал атчандардын бири эңкейип мени көтөрүп алдына отургузуп алды да, мага сүрөтчү деген кесип болорун айтып, “сен сүрөтчү болосуң” дешти. Ошол атчандар ким болду экен деп азыркыга чейин ойлоном. Кийин мектепте окуп калдым. Анда Ачыл аттуу менин биринчи мугалимим сүрөт тартууга калем-кагаз берип, көп жардам кылды. Кайсы гана сабак болбосун, сүрөт эле тарта берчүмүн. 1947-жылы өпкөсүнө катуу суук тийип, апам оорудан көз жумду. Карындашым Айнагүл агамдын колунда калып, мени Оштогу жатак-мектепке тапшырышты. Согуштан кийинки жылдары биз көрбөгөн кордук калган жок. Кийинчерээк агамдын Жапалактагы Тай Хасанов аттуу досунун үйүндө жүрдүм. Сүрөт тартууга кагаз жок болгондуктан, анын үйүнүн дубалдарына тартып, бак-дарактарына чейин сүрөткө жыш толтуруп койгон элем.

1954-жылы мектепти бүтүп, “мен окушум керек” деп бир баштык кийимимди чогултуп алып Фрунзени көздөй бет алдым. Тилекке каршы, бизде айкелчилик багытта билим алуу мүмкүн эмес болгондуктан, Медициналык институттун дарылоо факультетине тапшырып, өтүп кеттим. Окуп жүргөн күндөрдүн биринде кокусунан Ольга Мануйлованын көргөзмөсүнө кирип калдым. Ошол күндөн тартып жан дүйнөм өз кыялдарына жол тапкандай күн сайын сабактан кийин көргөзмөгө барчу болдум. Эмне жеп, кантип курсак тойгузганым эсимде жок, бирок түнкүсүн автобекетте түнөчүмүн. Акыры ошол кездин атактуу скульптору В.Пузыревскийдин өзү менен да таанышып, жарым жылдан кийин окуум да калды. Баш-отум менен бул жаатка оодум. Анын жардамчысы катары алгач ылай жасап, полун жууп, акырындык менен ишке аралаша баштадым.      

Жер төлөдө жайгашкан ишканада жалаң суу менен нымдалган ылайда иштеп жатып 1957-жылы полиартрит оорусуна кабылып, манжаларым таптакыр иштебей калды. Врачтардын “бул ишиңди ташташың керек” дегенине карабастан, айкелдердин үстүндө иштөөмдү уланттым. Ошол эле жылы биринчи жолу өз колумдан чыккан алгачкы чыгармам менен Кыргызстандагы Жаштар фестивалында айкелчилик боюнча лауреат болдум. Ал эми 1961-жылы чыгармаларым Бүткүл Союздук көркөм сүрөт көргөзмөсүнө коюлуп, андан легендарлуу скульптор С.Коненковдун көзүнө илинип, ошондон баштап итим чөп жей баштаган. Анын жардамы менен Москва жогорку көркөм-өнөр жай училищесинин скульптура факультетин бүтүрдүм. Бул тууралуу айта берсе, сөз узун. Жыйынтыгында минтип Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл Баатыры сыяктуу бир нече наамдардын ээси болуп отурам.

Yй-бүлө жаатында бир аз кеп козгосом, Бермет аттуу жубайым бар. Кесиби боюнча курулуш инженери. Бир жылча сүйлөшүп жүрүп, анан 24 жашымда баш кошком. Ата-энем болбогондон кийин эч кандай калың деле төлөгөн эмесмин. Эч кимге жар салбай, тымызын гана үйлөнүп алганбыз. Улан деген уулум бар, 45 жашта. Ата жолун улап Москвадагы Суринов атындагы Көркөм сүрөт академиялык институтун бүтүргөн. Айкелчи, профессор. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Бермет экөөбүздү неберелерибиз тез-тезден келип сүйүнтүп турушат. Жашоодо чоң өксүгүм бар. Ал – менин Чынара аттуу кызымдын 25 жашында оорудан улам дүйнө салганы».

 

Салыштырма багыныңкы сүйлөм.

Баш сүйлөмдөгү ойдун багыныңкы сүйлөмдөгү окшоштугу же, айырмачылыгы салыштыруу иретинде айтылган сүйлөмдөрдү салыштырма багыныңкы сүйлөм дейбиз.

Салыштырма багыныңкы сүйлөм кандай? эмне болгон сыяктуу? эмне болгондон бетер? эмне болгончо? деген суроолорго жооп берет.

Салыштырма багыныңкы сүйлөмдөгү баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөм төмөндөгүдөй жолдор аркылуу байланышат:

  1. Багыныңкы сүйлөм менен баш сүйлөмдүн байланышынын эң активдүү жолу болгон чакчылдын -ып мүчөсү менен жасалат. Мисалы: Кайдагы бир итирейген улутчулдун керооздугуна татыктуу жооп берип, чокуга чокмор менен чапкандай кылган тергөөчүгө шатырата кол чабышты.
  2. Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна шарттуу ынгайдын -са мүчөсү уланып, ага кандай, ал эми баш сүйлөмгө ошондой деген сөздөр кошулуп уюшулат. Мисалы: Энеден кандай тарбия көрсө, бала да ошондой болот.
  1. Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна чакчылдын -ганча, -гыча мүчөлөрү улануу менен түзүлөт. Мисалы: Тил албасты жумшаганча, тына-тына өзүң бар.
  2. Багыныңкы сүйлөмдүн атоочтуктан болгон баяндоочуна -дай мүчөсү жалганып жасалат. Мисалы:      Жакшы аялдын белгиси -Аста сүйлөп күлүшү. Жыла баскан жоргодой, Маин болот жүрүшү.(Б.А.)

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Т. Садыков өнөрүнүн өтөсүнө чыгууда кандай тоскоолдуктарга кезиккен?
  2. Тургунбай Садыков кайсы жанрларда чыгармаларды жараткан?
  3. Эмгеги кандай бааланган?
  4. Салыштырма багыныңкы сүйлөм деген эмне?
  5. Салыштырма багыныңкы сүйлөмдөгү баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөм кандай жолдор аркылуу байланышат?

 

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар:

1. Кыргызстанда скульптуранын, архитектуранын өнүгүшү боюнча маалымат топтоп келгиле.

 

 

Тема 15

Музыка биздин турмушубузда. Кыргыз музыкасы. Улуттук аспаптар. Сан-ɵлчɵм багыныңкы сүйлɵм.

 

Музыка биздин турмушубузда

 

Музыкалык тарбия берүү -бул музыкантты тарбиялоо эмес,баарынан мурда, адамды тарбиялоо. В. А. Сухомлинский.

            Музыка биздин жашоо турмушубузга бала кезден эле кирет. Балалык аң-сезимибиз музыканын эң жɵнɵкɵй түрү - ыр, марш, бий менен гана чектелгени анык. Бул музыкага тез эле кɵнүп жана кадимкидей сүйɵ баштайбыз да, ансыз кантип жашарыбызды элестете албайбыз... "Ырды, маршты же бийди кантип сүйүш керек, кандайча түшүнүүгɵ үйрɵнүш керек"- деп эч ким, эч качан сураган эмес. Качан гана музыканы сүйүү жана аны түшүнүү сезими пайда болгондо - биз ɵзүбүз байкабай калабыз. А татаалыраак музыканы кандайча түшүнүп, кантип түшүнүүгɵ үйрɵнүш керек экенин, кɵп сурашат. Кээде минтип айтышат: "Мен ырды абдан жакшы кɵрɵм, а бирок радиодон олуттуу музыканы укканда зеригип кетем. Мындай музыканы угууну кантип үйрɵнүү керек?

            "Олуттуу" музыка деп кɵбүнчɵ ар кандай аспаптар, айрыкча симфониялык оркестр үчүн жазылган ырсыз музыканы айтат. Эң жакшы кɵргɵн музыкалык пьесалардын арасынан биринчи орунда, менимче, Чайковскийдин, симфониялык оркестр үчүн жазылган, "Кичинекей ак куулардын бийи" жана "Неаполитан ыры", Моцарттын фортапиано үчүн жазылган "Түрк маршы" турат. Бул пьесалар, башка кɵп пьесалар сыяктуу эле, кадимки олуттуу музыкага тийиштүү. Алар оңой угулат жана популярдуулук менен пайдаланылат. Себеби бул пьесалар татаал эмес, түзүлүшү, б. а. музыкалык формасы менен түшүнүктүү. Булардын негизинде биз бала кезден угуп кɵнгɵн марш, ыр, бий жаткандыгында эле эмес. Алар ɵзүнчɵ эле бир кызык, чоң жана татаал музыка дүйнɵсүнɵ оңой ɵтүүчү "кɵпүрɵ" болушат.

            Эгерде силерге симфония, соната, квартет сыяктуу чыгармалар азырынча түшүнүксүз жана кызыксыз болсо таңданбаңыз да, убайым тартпаңыз. Мисалы Толстойдун "Согуш жана тынчтыгы" бала кезден эмес, эр жеткен кезде түшүнүктүү болду да. Бетховендин жана Чайковскийдин симфонияларынын, Шопен менен Прокофьевдин сонаталарынын ɵтɵ күчтүү таасирин, тереңдигин, таң каларлык сулуулугун баалаган мезгилиңер да келет! А азырынча ɵтɵ чоң эмес, татаал эмес музыкалык чыгармаларды кунт коюп уккула. Алардын ичинен жакканын кɵбүрɵɵк уккула.

            Эстегилечи, окуганга, китепти түшүнүп сүйгɵнгɵ канча жыл кетти? А музыканы угуп үйрɵнүү, сүйүп жана түшүнүү үчүн дагы жылдар керек. "Мен олуттуу китепсиз ɵзүмдү элестете албагандай эле, олуттуу музыкасыз турмушумду элестете албайм!"- деп айтчу күн да байкалбай жакындап калат.

Кыргыз профессионал музыкасына негиз салуучулардын бири А.Малдыбаев 1906-жылы Кемин районунда төрөлүп, 1978-жылы  Фрунзе шаарында көз жумган. Ал композитор, ырчы (тенор) жана артист. 1937-жылы Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери наамын алган. Москва консерваториясында Кыргыз улуттук студиясында композиция классы боюнча 1940-1941-ж. Г.Литинскийден, 1947-1950-ж. В.Фереден таалим алган. 1930-ж. Фрунзе музыкалык техникумда директор, 1933-жылдан Кыргыз муз. студиясында (кийин опера жана балет театры) артист, 1939-1967-жылдары Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы, 1953-54 –жылдары М.Күреңкеев атындагы музыкалык хореография окуу жайынын директору болгон.

А. Малдыбаевдин чыгармачылык иши 1922-жылдан башталган. Алгачкы ырлары (“Акинай”, “Кызыл жоолукчан”, “Өмүр”) эл арасына кеңири тарап, анын ысымы обончу катары таанылган. А.Малдыбаев 300 дөй чыгарма жараткан (анын 200дөйү ыр). Композитор элдик фольклорду кылдат пайдалана билгендиктен, ырлары элдик обонго жакын, угулушу көркөм, интонациялык жактан күчтүү, таасирдүү. Анын айрыкча гимндери (“Кызыл атчандар”, “Студенттер маршы”) жана балдар ырлары (“Мына минтип”, “Кулунум” ж.б.) кыргыз ыр жанры катары кирген. 30-жылдардын аягында, 40-жылдардын башында А.Малдыбаевдин чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру. Бул мезгилде ал көптөгөн эл ырларын иштеп чыккан жана “Кимге айтам”, “Гүл турмуш”, “Ук жер жүзү”, “Кечирип кой”, ж.б. балдар үчүн “Биз агайдай болобуз”, “Жылдызым” ырларын, “Эмгек маршы”, ж.б. хорлорду композитор В.А.Власов, В.Г.Фере менен бирге “Ажал ордуна” музыкалык драмасын, “Айчүрөк”, “Патриоттор” ж.б. А.Веприк, М.Абдраев менен бирге “Токтогул” операсын, М.Абдраев, А.Аманбаев менен биргелешип “Ким кантти” аттуу тунгуч музыкалык комедияны жазган.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары

Кыргыз элинин эзелтен пайдаланып келген музыкалык аспаптары анын турмуш-тиричилиги, салт-санаасы менен тыгыз байланышта болгон.

Элибиздин байыркы музыкалык аспаптарынын бири — чоор. Бул аспаптын атактуу аткаруучулары, негиз салуучулары — Шыгай, Бокеш, Муратаалы, Өскөнбай өңдүү эл шайырлары. Ар бир чоорчунун аткаруучулук жөндөмү, устаттыгы, тарткан күүлөрү жөнүндө калк арасында ар кандай уламыштар айтылат.

Сыбызгы — чоордун бир түрү. Сыбызгынын үнү бийик, катуу чыгып, бир аз ышкырыкка окшоп турат. Аспапты жасоочу чеберлер аны көбүнчө өрүктөн же тыттан жасашкан.

Керней, сурнай илгертен эле аш-тойлордо, ат чабыштарда, эр сайыштарда, жортуулдарда тартылган. Элдик музыкабыздын тарыхында атактуу сурнайчылар Кара Турап, Тойкожо, Жунусаалынын ысымдары сыймыктануу менен айтылат. Булар сурнай күүлөрүн жаратуучу, калк арасына таратуучу болуп калышкан.

Кыл кыяк да өзүнүн чыгышы боюнча байыркылардан. Кыл кыяк күүлөрүн өнүктүрүүдө, калкка жайылтууда Байган, Му­ратаалы, Жолой, Саид, Датка өңдүү залкар шайырлар баалуу салым кошушкан.

Ооз комуз: жыгач ооз комуз жана темир комуз болуп экиге бөлүнөт. Ооз комуздардын ичинен эл арасында кеңири колдонулганы — темир комуз. Элибиз эзелтен бери темир комуз кагуунун чеберлерин жогору баалашкан. Алардын ысымдары бүгүн да сыймык менен айтылат. Күңгөйдөн Бурулча, Суусамырдан Сейилкан, Таластан Толгонай, Аксыдан Азимкан. Алардын күүлөрү: «Бурулчанын селкинчек», «Толгонайдын тосмосу», «Сейилкандын селкин­чек», «Азимкандын кыз кыялы» эл ичинде айтылып жашап калган. Кыргыз элинин музыкалык аспаптарынын күүлөрүндө адамдын кубаныч-кайгысы, өкүнүчү, сүйүүсү, көп жактуу турмушу, жаратылыш кооздугу мукам баяндалат.

Сан-ɵлчɵм багыныңкы сүйлɵм. Баш сүйлɵмдɵгү ойдун сан-ɵлчɵмүн билдирген сүйлɵм сан-ɵлчɵм багыныңкы сүйлɵм деп аталат. Ал канча? нече? канчалык? деген суроолорго жооп берет. Мисалы : Канчалык кɵп окусаң, ошончолук кɵп билесиң. Жумушту канчалык тез аткарсак. үйгɵ ошончолук эрте кайтабыз. Өлкɵнүн экономикасы кɵтɵрүлгɵн сайын, элдин жашоосу жакшыра баштайт.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Композитор Д. Кабалевский адамдын турмушундагы музыканын ордун кандайча аныктап жатат? Аны менен силер макулсуңарбы?
  2. Симфония, соната квартет деген сɵздɵрдү маанисин түшүндүргүлɵ.
  3. Эмне үчүн "кɵпүрɵ" деген сɵз тырмакчада берилген, ал эмнени билдирет?
  4. Олуттуу музыкага кайсылар кирет?
  5. Эмне үчүн Чайковскийдин "Кичинекей ак куулардын бийи" укканга оңой?
  6. Кандай чыгармаларды бир нече жолу угуш керек?
  7. Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптарына эмнелер кирет?
  8. Шыгай, Бокеш, Муратаалы, Өскөнбай өңдүү эл шайырлары кайсы аспапта ойношкон?
  9. Сыбызгы кандай музыкалык аспап? Үнү кандай чыгат? Чебер усталар сыбызгыны эмнеден жасашкан?
  10. Керней, сурнай кандай учурларда тартылган?
  11. Атактуу сурнайчылар ким болгон?
  12. Кыргыздын кыл кыяк күүлөрүн өнүктүрүүдө, калкка жайылтууда кайсы залкар шайырлар баалуу салым кошушкан?
  13. Ооз комуздун кандай түрлөрү бар?
  14. Эл арасында ооз комуздардын ичинен кайсынысы кеңири колдонулат?
  15. Темир комуз кагуунун чеберлеринин кайсы күүлөрү эл ичинде айтылып жашап калган?
  16. Кыргыз элинин музыкалык аспаптарынын күүлөрүндө эмнелер мукам баяндалат?
  17. Сага кыргыз элинин кайсы улуттук музыкалык аспабы  жагат, эмне үчүн?

 

Өз алдынча иштɵɵ үчүн тапшырмалар:

  1. Музыка менин жан-дүйнɵм деген темада эссе жазып келүү
  2. Заманбап кыргыз музыкасы тууралуу маалымат топтоп келүү.

 

Название: Электронный учебно-методический комплекс по дисциплине "Кыргызский язык" для студентов 2 курса (3-семестр) для направлений "Экономика" и "Менеджмент"
Автор(ы): Преподаватель, доцент кафедры - Каримова Бурулкан Абдырахмановна

                  Иш кагаздар боюнча терминдердин глоссарийи

 

                                             А

 

Алуучу – адресат

Айланма кат – циркулярное письмо

Айлык акы – заработная плата

Аймак, чөлкөм – регион, зона

Айып – штраф

Акчалай жардам – денежное пособие

Акчалай сыйлык – денежное вознаграждение

Алкыш – благодарность

Алуу – сатуу келишими – договор купли – продажи

Алып таштоо, чыгаруу – изьятие

Алыш – бериш   эсеби – расчетный счет

Аманат китепчеси – сберкнижка

Аралык – интервал

Артыкчылык, молчулук – избыток

Архив – архив

Архивдик маалымдама – справка архивная

Арыз – заявление

Атаандаштык – конкуренция

Аткаруу – исполнение

Аткаруу барагы исполнительный лист

Аткаруучу – исполнитель

Аты, атасынын аты – инициалы

Аты – жөнү – фамилия, имя, отчество

 

                                               Б

Бланк – бланк

Баалуу кагаздар – ценные бумаги

Баалуу кагаздардын эмиссиясы – эмиссия ценных бумаг

Баалык – ценник

Бажы – таможня

Бажы аламы таможенная пошлина

Байланыш – коммуникация, связь

Бап – глава

Баскыч – инстанция

Басылма, басып чыгаруу – издание

Башкаруу – управление

Башкы илимий кызматкер – главный научный сотрудник

Башчы – начальник

Баяндама – доклад

Баяндама кат, баян кат – докладная записка

Баяндоо – изложение

Бекитем – утверждаю

Бет эсеп – лицевой счет

Билдирме – рапорт

Билдирүү – сообщение

Билдирүү, кабарлоо – извещение

Бир жолу берилүүчү акчалай жардам – единовременное пособие

Бирдиктүү – единый

Бирдиктүү нуска – стандарт

Бош орун – вакансия

Буйрук – приказ

Буйрук кат – письмо распоряжение

Буйрутма иш кагаздары – распорядительные документы

Бурмалоо – искажение

Бугалтердик эсеп – бухгалтерский учет

 

                                                           Г

Гербдүү кагаз – гербовая бумага

Грамота – грамота

Гриф, мөөр белги – гриф

 

                                             Д

Дарек – адрес

Дайындоо – назначение

Дарскана – аудитория

Даттануу – апелляция, жалоба

Даттануу китеби – жалобная книга

Дем алыш күн – день выходной

Демилгечи – инициатор

Депозиттик тастыктоо – депозитный сертификат

Добуш берүү – голосование

Доо – иск

Доо арызы – исковое заявление

Доо кат – письмо претензионное

Доогер, доочу – истец

Доонун эскириши – исковая давность

Долбоор – проект

Дүмүрчөк – квитанция

                                                         Ж

Жиберүүчү – адресант

Жабык добуш берүү – голосование закрытое

Жаза – взыскание

Жалган иш кагазы – ложный документ

Жалданма келишим – подрядный договор

Жамаат – коллектив

Жаран, атуул – гражданин

Жарандык – гражданство

Жарлык – указ

Жарнама – реклама

Жасалма кол тамга – подделка подписей

Жеке башкаруу – единоначалие

Жеке жана юридикалык жак – физические и юридические лица

Жекече даттануу – частная жалоба

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – местное самоуправление

Жетекчилик – руководство

Жеткиликтүү – допустимый

Жеткирип берүү келишими – договор поставки

Жобо – положение

Жогорку орган – вышестоящий орган

Жолдомо – путевка

Жолдомо кат – направление

Жооп кат – письмо – ответ

Жөнөкөй ишеним кат – доверенность простая

Жөнөтмө иш кагаздар (документтер) – исходящие бумаги

Жөнөтүлгөн иш кагаздар журналы – исходящий журнал

Жөнөтүү номуру – исходящий номер

Жумуш күн – день рабочий

Жыйынтык – итог

Жыл, күн, ай – дата

Жылдык отчет – годовой отчет

 

                                                    И

Ижара, аренда – аренда

Ижара келишими – договор аренды

Илинчек – вывеска

ИМБС ( иш жүргүзүүнүн мамлекеттик бирдиктүү системи)

Индекс – индекс

Инфраструктура – инфраструктура

Иш кагаз, документ – документ

Иш кагаздар материалынын курамы – состав документальных материалов

Иш кагаздарын бурмалоо – фальсификация документов

Иш кагаздарын   жүргүзүү – (айландыруу) – документооборот

Иш кагаздарын каттоо – регистрация документов

Иш кагаздарынын категориясы – категория документов

Иш кагаздарынын түп нускасы – подлинник документов

Иш кагазынын (документтин) аталышы – заголовок документа

Иш кагазынын аталышы – наименование документа

Иш кагазынын белгиси – реквизит

Иш кат – деловое письмо

Иш сапар – командировка

Иш сапар күбөлүгү – командировочное удостоверение

Ишендирүү, ынандыруу колу – заверительная подпись

Ишеним берүүчү – доверитель

Ишеним кат – письмо доверительное

Ишенич милдеттемеси – доверительная обязанность

Ишкер адам – деловой человек

Ишмердүүлүк – деятельность

Иштеп чыгуу – разработка

 

                                                 К

Кабылдоо жана өткөрүү актысы – акт приема и передачи

Кабар кат – информационное письмо

Кабарлоо – уведомление

Кабыл алуучу күн – день приемный

Кагаздын өлчөмү – формат

Калем акы – гонорар

Калктуу конуш – населенный пункт

Камсыздандыруу – страхование

Каржы, финансы – финансы

Кат жазышуу – переписка

Каттоо – прописка

Каттоо – регистрация

Каттоо журналы – журнал регистрационный

Каттоо индекси – регистрационный индекс

Каттоо карточкасы – регистрационная карточка

Каттоо штампы – регистрационный штамп

Каттоо, тизме – опись

Катчы – секретарь

Кезмет – дежурный

Келишим – договор

Келишим кат – договорное письмо

Кем чыгуу – недостача

Кеңсе – канцелярия

Кеңсе башчысы – начальник канцелярии

Кепил – гарант

Кепилденген келишим – гарантийный договор

Киреше – доход

Кириш иш кагазы – входящий документ

Кириш журналы – журнал входящий

Кириш кагаздар – бумага входящая

Кириш номур – входящий номер

Кол белги – виза

Кол – подпись

Колунун үлгүсү – образец подписи

Коомдук керектөө - общественное потребление

Которуу – перевод

Коштомо кагаз – накладная

Кошумча өргүү – дополнительный отпуск

Көзөмөл баракча – контрольный лист

Көктөм – дело

Көрсөтмө - указание

Көчүрмө - выписка

Күбөлөндүрүү мөөнөтүү – срок свидетельствования

Күбөлүк – удостоверение

Күбөлүк – свидетельство

Кулактандыруу – обьявление

Күрөө - залог

Кыдырма барак – обходной лист

Кызмат – должность

Кызмат каттары – служебные письмо

Кызмат адамы – должностное лицо

Кызмат убактысы – время служебное

Кызматтык жазуу – служебная записка

Кызматтык мүнөздөмө - характеристика служебная

Кылмыш жаза – процесс кодекси – уголовно – процессульный кодекс

Кыскача мазмун – аннотация

Кыянаттык – злоупотребление

 

                                              М

Маалымат бюросу – справочное бюро

Маалымат, кабар – информация

Маалымдама – справочник

Макала – статья

Мактоо грамотасы – грамота похвальная

Макулдук белги, чечим – резолюция

Маселе – вопрос

Материалдык баалуулук – материальные ценности

Материалдык жоопкерчилик келишими – договор материальной ответственности

Менчик инвестициялар – частные инвестиции

Министрлик – министерство

Мөөр – печать

Мүлк – имущество

Мүлк каттоо – инвентаризация

Мүлктү каттоо китеби – инвентаризационная книга

Мүнөздөмө - характеристика

Мүнөздөмө - жолдомо – характеристика – рекомендация

Мүчөлүк акы – взнос

Мыйзам – закон

Мыйзам жол берген, ачык – легитимный

Мыйзамдуу акт – подзаконный акт

 

                                                                    Н

Накта пайда – чистая прибыль

Наам – звание

Нотариалдык ишеним кат – доверенность нотариальная

Нускоочу – инструктор

Нуска, көчүрмө - копия, экземпляр

 

 

О

Он күндүк – декада

Орундуу сунуш – дельное предложение

Орунбасар – заместитель

Оңдоо – исправление

Ө

Өздүк барак – личный листок

Өздүк иш – личное дело

Өздүк иш кагазы – документ личный

Өздүк ишеним кат – личная доверенность

Өздүк карточка – личная карточка

Өздүк курам боюнча буйрук – приказ по личному составу

Өлчөм – норма

Өлчөө - измерение

Өмүрбаян – биография

Өндүрүштүк мүнөздөмө - характеристика производственная

Өргүү – отпуск

Өткөрмө - пропуск

Өтүнүч арызы – заявление – просьба

Өтүнүч кат – ходатайство

 

П

 

Пайыз – процент

Пикир – отзыв

Почта белгиси – знак почтовый

Протоколдон көчүрмө - выписка из протокола

Протокол – протокол

 

Р

 

Расмий ишеним кат – доверенность официальная

 

С

 

Сапат белгиси – знак качества

Салттуу – традиционный

Салык – налог

Саякат – экскурсия

Сот ишин жүргүзүү – судопроизводство

Сөгүш – выговор

Статистикалык отчет – статстический отчет

Стенографиялык отчет – стенографический отчет

Сунуш – предложение

Сунуш – талап – наказ

Сурам – запрос

Суроо кат – письмо – запрос

Суроо – талап жана сунуш – спрос и предложение

Сыноо – испытание

 

Т

 

Талап кылуу – требование

Таңсык – дефицит

Тастык кат – письмо – подтверждение

Текст – текст

Тескөөчү – инспектор

Тизме – перечень

Тизме – реестр, список

Тилкат – расписка

Тил табышуу – консенсус

Типтүү иш кагазы – типовой документ

Тиркеме кат – письмо – приложение

Титулдук кат – писмо – приложение

Титулдук барак – титульный лист

Токтом – постановление

Токтом долбоору – проект постановления

Топ, тайпа – группа

Топтук арыз – групповое заявление

Төш белгиси – значок

Түзөтүү абагы, түрмөсү – исправительная колония

Түзөтүү, оңдоо – корректировка

Түзүлүш – структура

Түп нуска – оригинал

Түп нуска иш кагазы – документ подлинный

Түп нусканын көчүрмөсү – дубликат

Турак жай маселеси – вопрос жилищный

Туура, ырас – верно

Түшүнүк кат – обьяснительная записка

Тыйуу салуу – воспрещение

Тыянак (бүтүм) – заключение

 

У

 

Улуттук статистикалык комитет, улутстатком – национальный статистический комитет (НСК, нацстатком)

Укук  кеңешчи, юрисконсульт – юрисконсульт

Устав – устав

Усул, ыкма – метод

Усулдук – методика

 

Ү

Үгүтчү – агитатор

Үзүр, натыйжа – эффект

Үлгү – модель, образец

 

Ф

 

Факс – факс

Фирмалык бланк – фирменный бланк

Формула – үлгү – формуляр – образец

 

Ч

 

Чакыруу каты – письмо – приглашение

Чакыртма, күн тартиби – повестка

Чакыруу – приглошение

Чакыруу кагазы – вызов

Чарбалык эсеп – хозрасчет

Чек – чек

Чечим – решение

Чөйрө - сфера

Чыгаша ордери – расходный ордер

Чыгаша, чыгым – расход

Чыгыш журналы – журнал исходящий

Чыгыш кагаздар – бумага исходящая

 

Ш

Штамп – штамп

Штаттык бирдик – единица штатнач

Штаттык тизим – штатное расписание

 

Э

Эксперт – эксперт

Экспорт – экспорт

Эмгек келишим – трудовой договор

Эмгек келишими – трудовое соглашение

Эмгек китепче – трудовая книжка

Эмгек китепчеден  көчүрмө - выписка из трудовой книжки

Эмгек өргүүсү – трудовой отпуск

Эн тамга, эн белги – эмблема

Эсеп кысап арызы – счет заявление

Эсеп маалымат – сводка

Эсеп -  кысап, алыш – бериш – расчет

Эсептен чыгаруу – вычет, списание

Эскертүү – замечание

Эстеткич – памятка

 

Ю

 

Юридикалык кеңеш – консультация юридическая

Юридикалык тарап – юридическое лицо

 

 

Русско – кыргызский словарь терминов по делопроизводству

 

                                                         А

Агитатор – үгүтчү

Автобиография - өмүр баян

Адрес – дарек

Адресант – жиберүүчү

Адресат – алуучу

Акт приема и передачи – кабыл алуу жана өткөрүү актысы

Аннотация – кыскача мазмун

Аппеляция – даттануу

Аргумент – далил

Аренда – ижара, аренда

Архив – архив

Аудитория – дарскана

Абсорбция (лат. absorpion – сиңирүү) – эки коммерциялык фирманын бир бирдиктүү уюмду(мекемени) түзүү максатында чоңурагы кичинесин өзүнө кошуп алып, бир фирмага биригиши.

Аваль – аваль – айрыкча кепилдик жазуу түрүндө тужурумдалган (оформить этилген) чекке төлөнүүчү жазуу жүзүндөгү финансылык кепилдик, банктык кредит берүүнүн формасы.

Аванс – аванс- алдыдагы төлөөнүн (төлөмдүн) эсебинен берилүүчү акча каражаты же башка мүлктүк баалуулук.

Автократия – автократия – бийликти бир адамдын жеке өз колуна топтоп, экономиканы, ишкананы башкаруу жолу.

Ажио – базардык курстун нугунда баалуу кагаздардын өз наркынан жогорулап көтөрүлүшү.

Акселератор – экономикалык өнүгүүнү тездетүүнүн натыйжалуулугун өлчөө үчүн пайдалануучу көрсөткүч.

Артикул – чыгарган буюмдун, товардын тиби, анын цифралык же эн белгилери.

Арендная плата – ижара акысы. Ижарага алып (мүлк, жер, ишкана, үй ж.б.) пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү акы.

Арендодатель – ижарага берүүчү. Мүлктүн жана өндүрүш каражаттарынын менчик ээси, ишканалардагы мамлекеттик менчиктин өкүлү, жогорку органы.

 

                                                        Б

 

Бланк – бланк

Благодарьность – алкыш

Бумага входящая – чыгыш кагаздар

Биография - өмүрбаян

Бухгалтерский учет – бугалтердик эсеп

Баланс основных фондов – негизги фондулардын балансы – жыл ичинде колдогу негизги фондуларды жана алардын кыймылын аныктоочу көрсөткүчтөрдүн системасы.

Баланс расчетный – эсептешүү балансы. Белгилүү бир өлкөнүн бардык акча талаптарынын жана милдеттеринин катышы.

Банки – банктар- кредиттик – эсептик, кассалык ж. б. операцияларды ишке ашыруучу адистештирилген финансылык мекемелер.

Банкир – банкир – банк кызматкери, банк ээси же банктын ири акционери.

Бартер – товарды акчасыз алмашуу, башма – баш алмашуу.

Бизнес – пайда таба турган экономикалык ишкердик.

Бойент – базардын жагымсыз шарттарынын таасиринен улам баалардын оңой – олтоң жогорулап кетүү абалы.

Брутто – таңгакталган товар массасы; таңгагын кошо алгандагы товар; чыгымдарды чыгарып салганга чейинки дүң киреше, мисалы улуттук дүң продукт, дүң айланым.

“Быки” – “букачар” – баанын көтөрүлүшүн күтүп товарларды же баалуу кагаздарды сатып алуучу же мурда сатып алангандарды сактоочу алып сатар. Термин баанын өсүшүн күткөн алып сатарларга жана хеджерчилерге да колдонулат.

 

                                                         В

Вакансия – бош орун

Введение делопроизводства – иш кагаздарын жүргүзүү

Верно – туура, ырас

Взнос – мүчөлүк акы

Взыскание – жаза

Виза – кол белги

Вопрос жилищный – турак жай маселеси

Вопрос – маселе

Воспрещение – тыюу салуу

Время отпускное - өргүү мезгили

Время служебное – кызмат убактысы

Входящий документ – кириш иш кагазы

Входящий журнал – кириш журналы

Входящий номер – кириш номур

Выговор – сөгүш

Выписка из протокола – протоколдон көчүрмө

Выписка из трудовой книжки – эмгек китепчеден көчүрмө

Выписка – көчүрмө

Вычет – эсептен чыгаруу

Вышестоящий орган – жогорку орган                  

Вальвация – чет өлкөлүк валютанын наркын улуттук акча бирдигине аныктоо; баалуу кагаздардын (акциялардын, облигациялардын ж. б.) наркын баалоо.

Валюта – кандайдыр бир өлкөнүн мыйзамы менен бекитилген кча бирдиги; эл аралык экономикалык алмашууда, байланыштын башка түрлөрүнө (чет өлкөлүк валюта)пайдаланылуучу чет мамлекеттердин акча белгилери, кредиттик жана төлөм документтери.

Ваучер – жазуу жүзүндөгү кепилдик (күбөлүк, кепил, сунуш); товарлардын төлөмдөрүн же тейлөө төлөмүн, кредит берүүнү, акча алууну күбөлөндүрүп, ырастоочу документ.

Вексель – баалуу кагаздын бир түрү. Формасы мыйзам тарабынан өтө так белгиленген акча милдетттенмеси.

Венчур - өндүрүштө жаңы технологияны колдонууга, продукциялардын жаңы түрлөрүн киргизүүгө, өздөштүрүүгө жана түзүүгө адистештирилген анчалык чоң эмес коммерциялык илимий – техникалык уюм.

Вклады (салымдар) – сактоо үчүн калктын, ишканалардын, уюмдардын кредиттик мекемелерге белгилүү бир пайыз менен салынган баалуу кагаздары жана акча каражаттары.

Выработка (өндүрүп чыгаруу) – орто эсеп менен алганда бир кызматкерге же жумушчуга эсептелген белгилүү убакыт ичинде иштелип чыгарылган продукциянын саны менен аныкталуучу эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү.

Вычет (эсептеп чыгаруу) – бериле турган акчанын эсебинен чыгарылган же кармалган сумма.

 

Г

Гарант –кепил

Гарантийный договор – кепилденген келишим

Гербовая бумага – гербдүү кагаз

Глава – бап

Главный научный сотрудник – башкы илимий кызматкер

Годовой отчет – жылдык отчет

Голосование закрытое – жабык добуш берүү

Голосование – добуш берүү

Гонорар – калем акы

Гражданин – жаран, атуул

Гражданство – жаранчылык, атуулдук

Грамота похвальная – мактоо грамотасы

Грамота – грамота

График – кезек

Гриф – гриф, мөөр белги

Группа – топ, тайпа

Групповое заявление – топ арызы

Гарант – бир нерсеге кепил болуучу, кепилдикке алуучу инсан, мамлекет жана анын органдары, мекеме, ишкана, фирмалар.

Грант – укук берүү жөнүндөгү документ.

Гудвилл – компаниянын бүтүндөй сатууда (сатып алууда) эсепке алынуучу материал.

Гарантия – мыйзам же келишим менен алдын ала каралган милдеттенме; ошол милдеттенме боюнча юридикалык же жеке тарап кредиторлордун алдында кепил катары толук же жарым – жартылай жооп берет.

Главный клиринговый центр ( башкы клиринг борбору) – төлөм жүгүртүүлөрү жөнүндөгү маалыматтарды топтоожана иштеп чыгууну ишке ашырган жана эсептешүүлөрдүн клирингдик системасынын катышуучуларынын таза позициясын аныктаган клирингдик палатанын функционалдык бөлүмү.

Государственное регулирование рынка (базарды мамлекеттик жөнгө салып туруу) – субъектилердин базарда чарбакерчилик иштеринин жүрүшүн мамлекеттин жөнгө салып туруусу.

 

Д

 

Дата – жыл, күн, ай

Декада – он күндүк

Деловое письмо – иш кат

Деловой человек – ишкер адам

Дело  - көктөм

Делопроиводство – иш кагаздарын жүргүзүү

Дельное предложение – орундуу сунуш

Денежное вознаграждение – акчалай сылык

Денежное пособие – акчалай жардам

День выходной – дем алыш күн

День приемный – кабыл алуучу күн

День рабочий – жумуш күн

Депозитный сертификат – депозиттик тастыктоо

Дефицит – таңсык

Деятельность – ишмердүүлүк

Доверенность нотариальная нотариалдык ишеним кат

Доверенность официальная – расмий ишеним кат

Доверенность простая – жөнөкөй ишеним кат

Доверенность – ишеним кат

Доверитель – ишеним берүүчү

Доверительная обязанность – ишенич милдеттемеси

Договор аренды – ижара келишими

Договор купли – продажи – алуу – сатуу келишими

Договор материальной ответственности – материалдык жоопкерчилик келишими

Договор поставки – жеткирип берүү келишими

Договор трудовой – эмгек келишими

Договор – келишим

Договорная письмо – келишим кат

Дожностное лицо – кызмат адамы

Доклад – баяндама

Докладная записка – баяндама кат, баян кат

Документ личный - өздүк иш кагазы

Документ – иш кагаз, документ

Документооборот – иш кагаздарын айландыруу (жүгүртүү)

Должность – кызмат

Дополнительный отпуск – кошумча өргүү

Доппустимый – жеткиликтүү

Доход – киреше

Дубликат – түп нусканын көчүрмөсү

Дамнификация – чыгашага учурап зыян тартып калуу

Движимость (кыймылдуу мүлк) – мүлктүк баалуулуктардын бир түрү.

Дебентура – бажы салыгын кайтарып алуу үчүн бажы күбөлүгү.

Дебет – бухгалтердик эсептердин сол бөлүгү. Алардын ар бири эки бөлүктөн – дебет (сол жагы) жана кредиттен (оң жагы) турат.

Дебитор – белгилүү бир ишканага (уюмга, мекемеге, же жаранга) бересеси бар жеке же юридикалык жак (уюм)

Девизы (девиздер) – төлөм каражаттары (көп учурда чет өлкө валютасында); алардын жардамы менен эл аралык эсептешүүлөр жүргүзүлөт.

Декорт – мөөнөтүнөн мурда төлөгөндүгү же болбосо бүтүм шарттары боюнча сапаты бир кыйла төмөндүгү үчүн товардын баасынан кемитилиши.

Депонент – кредит мекемелеринин депозитине баалуу мүлктү (акча, баалуу кагаздар ж. б. салган жеке же юридикалык жак.

Депрессия – 1) экономикадагы сенектик абал түшүнүгү. 2) бошоңдоо, солгун тартуу, басынуу.

Дилер – товарларды, баалуу кагаздарды, валюталарды сатып алуу жана сатуу бүтүмдөрүн жасаганда ортомчулук иштерди жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жак.

Дисциплина (тартип)- экономикалык иш – аракеттердин эрежелерин жана милдеттемелерин, өз убагында жана тийиштүү деңгээлде так аткаруу, кабыл алынган мыйзамдарды жана нормативдик акттарды тута билүү, жетекчиликке алуу.

Дотация. Ишканаларда жана мекемелерде чыгашаларды жабуу же башка максаттар үчүн бюджеттен кошумча төлөнө турган мамлекеттин акча каражаттары.

 

                                                 Е

ЕГСД (единая государственная система делопроизводства) – ИМБС (Иш жүргүзүүнүн мамлекеттик бирдиктүү тутуму)

Единовременное пособие – бир жолу берилүүчү акчалай жардам

Единоначалие – жеке башкаруу

Единый – бирдиктүү

Единица штатная – штаттык бирдик

Евровалюты – бул коммерциялык банктардын акча которуу аркылуу ошол валюталарды чыгарган мамлекеттерден тышкаркы жерлерде депозиттик – ссудалык операцияларды ишке ашырууну жүргүзгөн чет өлкө валюталары.

Еврорынок (евробазар) – операциялар евровалютаны керектөөнүн негизинде жүргүзүлүүчү эл аралык кредиттик базар.

Еврочек – чектин жана чектин кепилдик карточкасынын стандарттык эл аралык формасы

 

                                                     Ж

Жалоба – даттануу

Жалобная книга – даттануу китеби

Журнал входящий – кириш журналы

Журнал исходящий – чыгыш журналы

Жестикуляции брокера на биржа (биржада брокердин жандоолору) – колдору жана манжалары менен белги берип, бүтүм түзүү ыкмасы.

Жизненный цикл продукции (продукциянын узактык цикли) - өндүрүп чыгарууга мүмкүн экендигинен тартып, керектелишинин соңуна чейинки белгилүү бир продукцияны изилдөө, өндүрүп чыгаруу жана керектөө процесстеринин жыйындысы.

Жирант – суммага айландыруу дегенди билдирет.

Жират – вексель которулуучу тарап.

Жиро – чек менен которуп жазып берүү, эсептешүү чектери аркылуу нактасыз эсептешүүлөрдүн түрү.

Журнал регистрационный – каттоо журналы

 

                                                  З

Заверение – ишендирүү, ынандыруу

Заверительная подпись – ишендирүү, ынандыруу колу

Заголовок документа – иш кагазынын аталышы

Заключение – тыянак

Закон – мыйзам

Залог – күрөө

Заместитель – орунбасар

Замечание – эскертүү

Записка объяснительная – түшүндүрмө кат

Запрос – сурам

Заработная оплата – айлык акы

Заявление – арыз

Заявление – просьба - өтүнүч арызы

Звание – наам

Злоупотребление – кыянаттык

Знак качества – сапат белгиси

Знак почтовый – почта белгиси

Значок – төш белгиси

Зона – аймак, чөлкөм

Задаток – келишимдин бир тарабынан экинчи тарабына төлөмдөрдүн эсебинен жана бардык милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн алдын ала берилүүчү акча суммасы же баалуу мүлк.

Заказы (заказдар). Ишканалар менен фирмалардын ишкердигин жүзөгө ашыруунун жана жөнгө салып туруунун экономикалык жана укуктук формасы.

Залог(күрөө) – тиешелүү милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуунун ыкмасы.

Запасы производственные (өндүрүштүк кор.) Ишканалардын өндүрүш чөйрөсүндөгү айланма каражаттарынын бир бөлүгү.

Запрос (сурам) – сатып алуучулар жөндөмдүлүгү менен бекемделген керектөөлөр; кандайдыр бир иш боюнча расмий түшүнүк талап кылуу (мисалы, депутаттын суроо – талабы).

Затраты (сарптоолор – материалдык, табигат ж. б. ресурстарынын чыгымдалышы.                                                 

                                            

И

Избыток – артыкчылык, молчулук

Извещение – билдирүү, кабарлоо

Издание – басылма, басып чыгаруу

Изложение – баяндоо

Измерение - өлчөм

Изнашивание – эскирүү

Изьятие – алып таштоо, чыгаруу

Имущество – мүлк

Инвентаризация – мүлк каттоо

Инвентарная книга – мүлктү каттоо китеби

Инициалы – аты, атасынын аты

Инициатор – демилгечи

Инспектор – тескөөчү

Инстанция – баскыч

Инструктор – нускоочу

Интервал – аралык

Информационное письмо – кабар кат

Информация – маалымат, кабар

Инфраструктура – инфраструктура

Искажение – бурмалоо

Иск – доо

Исковая давность – доонун эскириши

Исковое заявление – доо арызы

Исполнение – аткаруу

Исполнитель – аткаруучу

Исполнительный лист – аткаруу барагы

Исправительная колония – түзөтүү абагы

Исправление – оңдоо

Испытание – сыноо

Истец – доогер, доочу

Исходящие бумаги – жөнөтмө иш кагаздар журналы

Исходящий журнал – жөнөтүлгөн иш кагаздар журналы

Исходящий номер – жөнөтүү номуру

Итог – корутунду

Идентификация – пайдалануучунун ким экендиги көрсөтүлгөн адамдын атына жана анын ыйгарым укуктарына ылайык келүүсүн текшерүү процедурасы.

Изделие готовое (даяр буюм) – андан ары карай иштетүүгө, кайра сатууга чегерилбестен акырына чейин пайдалануу максатында сатылып алынган түрдүү нерселер, буюмдар.

Издержки хранения (сактоо чыгымдары) – сатып алуучуларга жеткиргенге чейин кампаларда, базарларда ж. б. жайларда сакталган товарга жумшалуучу чыгымдар.

Имидж – товарды даярдоонун же сатуучунун кызматы, товары тууралуу жакшы пикирди такай сактоого жана күчөтүүгө жасаган аракети.

Импорт - өлкөнүн ички базарында сатуу (пайдалануу) үчүн товарларды, тейлөөлөрдү, баалуу кагаздарды ж. б. материалдык баалулуктарды чет өлкөлөрдөн ташып келүү; ошол өлкөнүн товарларды жана тейлөөлөрдү алуу боюнча башка өлкөлөрдө жүргүзүлгөн жеке жана юридикалык жактардын чыгымдары.

Инвентаризация (мүлк каттоо) – бугалтердик эсепте берилген чарбалык каражаттардын иш жүзүндө колдо болгондорунун тууралыгын мезгилдик текшерүүнүн ыкмасы.

Индексация – инфляциянын деңгээлине байланыштуу акча кирешелерин түзөтүү.

Индоссат – чек кармоочудан (индоссанттан) берүү жазуусу ( индоссамент) аркылуу чек бериле турган жак.

Инсайдер – фирманын (ишкана, мекеме ж. б.) иш аракеттери жөнүндө жарыялоого жатпай турган маалыматка ээ болуучу инсандар.

Инкассатор – банкка өткөрүү үчүн уюмдардан акчаларды кабыл алууну жүргүзүүчү кызматчы.

Ипотека – акчалай ссуда алуу максатында кыймылсыз мүлктү (жерди, ишкананы, курулушту, имаратты, жер менен түздөн түз байланыштуу башка объектилерди) күрөөгө коюу.

 

                                                      К

 

Канцелярия – кеңсе

Категория документов – иш кагаздарынын категориясы

Квитанция – дүмүрчөк

Книга жалоб – даттануу китеби

Коллектив – жамаат

Командировка – иш сапар

Командировочное удостоверение – иш сапар күбөлүгү

Коммуникация – байланыш

Конкуренция – атаандаштык

Консенсус – тил табышуу

Консультация юридическая – юридикалык кеңеш

Контрольный лист – көзөмөл баракча

Копия – нуска, көчүрмө

Корректировка – түзөтүү, оңдоо

Криминал – кылмыш, кылмыш иши

Кадры предприятия (ишкана кадрлары) – ишкананын ар кандай өндүрүш – чарбалык, башкаруу ж. б. иш милдетин аткаруучу кызматкерлери.

Казначейские билеты (казына билеттери) – адатта бюджет тартыштыгын жабуу үчүн казына (мамлекет) тарабынан чыгарылуучу кагаз акчалар.

Казначейство (казыначылык) – адатта өлкөнүн финансы министрлигине караштуу же анын курамындагы атайын мамлекеттик финансылык орган.

Камбист – векселдик операциялар менен иштөөчү жана чет өлкөлүк монеталар менен соода кылуучу адам.

Капитал – товарларды өндүрүп чыгаруу жана тейлөөгө пайдпланылуучу калктын жыйган ресурстары; калктын бакубаттуулугу үчүн топтолгон материалдык мүлк.

Карт – бланш – бир адам кл коюп, башка бирөөгө аны жазып толтурууга укук берилүүчү таза бланк.

Картель – экономикасы өнүккөн өлкөлөрдөгү монополия формаларынын бири.

Клеймс – келип түшкөн товардардын абалынын канаттандырарлык эместигине жана сапатынын тиешелүү талаптан төмөндүгүнө байланыштуу сатып алуучунун сатуучуга койгон доо – талабы.

Клиент (кардар) – дайыма сатып алуучу же заказ берүүчү; кредиттик мекеменин, адвокаттын тейлөө иштерин пайдалануучу инсан.

Коммерция – соода, соода операциялары; пайда табууга багытталган иш – аракеттер.

Компания – соода, өнөр жай, транспорт, камсыздандыруу, юридикалык же жеке жактардын (ишкерлер) бирикмеси.

Конверсия – алмаштыруу, айландыруу, кайра эсептөө.

Конъюнктура - өз ара катыштагы шарттардын жыйындысы, түзүлгөн кырдаал, коомдук турмуш – тиричиликтин кандайдыр бир тармактарындагы зат нерселердин абалы, белгилүү бир мезгилде экономиканын күндөлүк абалын мүнөздөй турган белгилердин жыйындысы.

Купюра – кагаз акчаларда, бакноттордо, облигацияларда ж. б. баалуу кагаздарда кунун билгизүүчү белги, бетине жазылуучу өздүк наркы, ошондой эле ушундай наркка ээ болгон акча белгиси.

 

 

 

 

 

                                                    Л

 

Легитимый – мыйзам жол берген, ачык

Лицевой счет – бет эсеп

Личная доверенность - өздүк ишеним кат

Личная карточка -өздүк карточка

Личное дело - өздүк иш

Личный листок - өздүк барак

Ложный документ – жалган иш кагазы Лаг – эки кубулуштун же себеп – натыйжа байланыш процессинин ортосундагы убакыт жагынан (убак лагы) үзүлүш.

Лидерство (жол башчы) – башкаруу максаттарына жетишүү үчүн айрым инсандарга же топторго таасир этүү жөндөмдүлүгү, жетекчилик кылуу.

Лесси – лизинг боюнча мүлктү пайдаланууга кабыл алуучу, ишкер адам.

Лессор – лизинг учурунда пайдаланууга мүлкүн, буюмун берген адам, мекеме.

Лизинг – юридикалык же жеке жактын түрдүү эмгек каражаттарын өзүнүн менчигине алып пайдалануусу; узак уба

Курстун окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздалышы:

 

а) Негизги адабияттар:

  1. Абдувалиев И. Азыркы кыргыз тили: (Лексикография). -Бишкек, 1999.-32 б.
  2. Ахматов Т.К., Мукамбаев Ж. Азыркы кыргыз тили: (Фонетика, лексика). -Фрунзе: Мектеп, 1978.-176 б.
  3. Ахматов Т.К., Өмүралиева С. Кыргыз тили: (Фонетика, лексика). -Фрунзе: Мектеп, 1990.-234 б.
  4. Дыйканов К. Кыргыз тилинин терс жана кери алфавиттүү сөздүгү. -Бишкек: Кыргыз Республикасынын УИАсынын басмасы, 1989.-455 б.
  5. ДыйкановК. «Манас» эпосунун жиги сөздүгү. -1-бөлүк. -Бишкек: КМУ, 1988.-142 б.
  6. Жалилов А. Азыркы кыргыз тили. -Бишкек: Кыргызстан, 1996.-232 б.
  7. Жалилов А. Кыргыз тилиндеги жаңы сөздөрдүн сөздүгү. -1-китеп. -Ош, 1998. -70 б.
  8. Жапаров Ш. Азыркы кыргыз тилиндеги синонимдер. -Фрунзе: Мектеп,1971. -64 б.
  9. Жапаров Ш. Кыргызская антропонимика. -Бишкек: Илим,1992. -191 б.
  10. Жапаров Ш., Сейдакматов К. Кыргыз тилиндеги синонимдер сөздүгү.-Фрунзе: Илим, 1984. -468 б.
  11. Жапаров Ш.Кыргыз адам аттары,-Ф.:Илим,1989. 115б.
  12. Жапаров Ш. Кыргыз адам аттарынын сөздүгү. -Фрунзе: Мектеп, 1979. -464 б.
  13. Жапаров    Ш.     Кыргыз    ономастикасы.     -1-чыгарылышы. Кыргызская ономастика.-Вып. 1.-Фрунзе: Илим, 1990.-181б.
  14. Жапаров Ш.(ж.б.) Кыргыз тилинин омонимдер сөздүгү. -Фрунзе: Илим, 1986. -324 б.
  15. Жапаров Ш. Кыргыз тилинин антонимдер сөздүгү. -Фрунзе: Илим, 1988. -239 б.
  16. Карасаев Х. Орфографиялык сөздүк. -Фрунзе: КСЭ, 1983. -576 б.
  17. Карасаев Х. Өздөштүрүлгөн сөздөр: (Сөздүк). -Фрунзе: КСЭ, 1986. -243 б.
  18. Карасаев Х. Камус наме: (Карасай сөздүк). - Араб, иран, кытай, монгол, орус тилдеринен оошуп келген жана көөнөргөн сөздөр. -Бишкек: Шам, 1996.
  1. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. /Жамаат түзгөн. -Фрунзе: Мектеп, 1984. -624 б.
  2. Кыргыз тилинин фразеологиясы сөздүгү. /Жамаат түзгөн. -Фрунзе: Илим, 1980.-324 б.
  3. Мамытов Ж., Кулумбаева З. Азыркы кыргыз тили: (Лексикология). -Фрунзе, 1971. -112 б.
  4. Мамытов Ж. Азыркы кыргыз тили: (Фонетика жана лексикология).-ЖОЖдун филология факультетинин студенттери үчүн.-Бишкек: Жэка,1999. -256 б.
  5. Мукамбаев Ж. Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. -Фрунзе: Илим, 1972, 1976.
  6. Орузбаева Б.О. Кыргыз терминологиясы.-Фрунзе:Мектеп,1983.-168 б.
  7. Орузбаева Б.О. Сөз: (Сөздун түзүлүшү) -Слово:(структура слова). -Бишкек: Илим, 1994. -260 б.
  8. Орузбаева Б.О., Закирова В. Грамматикалык терминдердин кыргызча-орусча сөздүгү. -Фрунзе: Мектеп, 1981.-103 б.
  9. Сапарбаев А. Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы: (ЖОЖдун филология факультеттеринин студенттери үчүн окуу китеби). -Бишкек: Кыргызстан-Сорос фонду, 1997. –328 б.
  10. Сартбаев К.К., Үсөналиев С. Кыргыз тилинин синонимдепр сөздүгү. -Фрунзе: Мектеп, 1973. -44 б.
  11. Сейдакматов К. Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгү. -Фрунзе: Илим, 1988. -335 б.
  12. Усубалиев Б. Антонимдер, аларды окутуу. -Фрунзе: Мектеп, 1987.-144 б.
  13. Юдахин К.К. Кыргызча-орусча сөздүк. -Москва: Советская энүиклопедия, 1965. -974 б.
  14. Юнусалиев Б.М. Киргизская лексикология: (Развитие корневых слов).-Часть 1. -Ф.: Киргоcиздат, 1959. -24 б.
  1. Юнусалиев Б.М. Тандалган эмгектер. -Фрунзе: Илим,1985. -510 б.

 

б) Кошумча адабияттар:

  1. Азыркы кыргыз адабий тили.- Бишкек, 2009.
  2. Дыйканов К. Кыргыз тили таблица түрүндө.- Алматы,1958.
  3. Жапаров А. - Азыркы кыргыз тилинин синтаксиси. Фрунзе, 1979.
  4. Ибрагимов С. Тил илиминин негиздери.-Бишкек,2000
  5. Иманов А. - Азыркы кыргыз тили. Фрунзе, 1990.
  6. Орусбаева Б.О. Лингвистикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү. -Фрунзе, 1972.
  7. Раимбекова М., Карамендеева Ч. Кыргыз тилинин синтаксиси боюнча дидактикалык материалдар.- Бишкек, 2007.

 

в) Укуктук-нормативдик документтер:

1. “Кыргыз Республикасынын мамлекетик тили жөнүндө” мыйзам 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине айрым өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү жөнүндө» 1995-жылдын 7-мартындагы № 65 токтому

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз тилинин орфографиясы тууралуу» 2008-жылдын 31-декабрындагы № 709- буйругу

      

                                        

г) Интернет-ресурстар:

  • А. Луговскийден кыргыз тили курсу - http://kyrgyz.lugovsa.net
  • Кыргыз тилин үйрөнүү online - http://tili.kg/
  • Дюйшеева Г. С «Кылым карыткан тил» окуу китеби http://members.vb.kg/2011/10/12/slovo/1_print.html
  • Кыргыз тилиндеги адабияттардын  Интернет-китепканасы http://Bizdin.kg
  • Кыргыз тилиндеги адабияттар, макалалар, улуттук оюндар, салт-санаа, ашканасы жөнүндө маалыматтардыкамтыган ресурс  - http://KMB3.kloop.kg
  • Кыргыз тилиндеги Википедия  - http://ky.wikipedia.org
  • Кыргыз ысымдарынын маанисинин сөздүгү - http://kutbilim.narod.ru/isim.htm
  • Кыргызстандагы, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү жаңылыктар, кабарлар кыргыз тилинде - http://www.barakelde.org
  • Маалыматтык-көңүл ачуу порталы - http://www.super.kg/
  • Жаңылыктар  порталы - http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/, http://akipress.kg, http://kabar.kg, http://azattyk.kg, http://chalkan.kg,                  
  • http://24.kg, http://www.paruskg.info, 
  • Кыргыз тилиндеги гезиттердин архиви - http://www.presskg.com/   
  • Кыргызстандын азыркы адабияты.  Кыргыз жана орус тилдеринде тексттер - http://literatura.kg

 

 

Вопросы теста ещё не готовы