Электронный Учебно-Методический Комплекс



Тема 1

Лексикалык тема 1: Таанышуу. Өзүм, үй-бүлөм, ата-энем жөнүндө.

 

1.Грамматикалык тема: Кыргыз тили - эне тилибиз жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили.  Тилим менен улутмун. Кыргыз жазмасынын жана алфавитинин тарыхы. Фонетика. Yндүү, үнсүз тыбыштар. Yндөштүк мыйзамы. Кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрү.

 

  1. Лексикалык тема. Тексттерди окугула жана өзүңөр жөнүндө айтып бергиле.

 

- Саламатсыңарбы, менин атым Бурулкан Абдырахмановна. Мен университетте окутуучу болуп он жылдан бери иштейм. Кыргыз тилинен сабак берем. Борборубуз Бишкекте, Рухий Мурас жаңы конушунда жашайм. Эки кызым, бир уулум, эки неберем бар. Жолдошум – экономист.  Мен орус тилинде эркин сүйлөйм жана түрк тилин бир аз билем. Мага азыркы жаштардын көп тил билгендиги, ар түрдүү чет өлкөлөрдө Кыргызстандын намысын коргоп, элибизди таанытып, тажрыйба топтоп жүргөндөрү абдан жагат.

- Кутмандуу күнүңүздөр менен. Менин аты-жөнүм: Урмат Жекшенбаевич Жумаев. Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит кесибинде окуйм. Ата-энем Нарын облусунун Дөбөлү айлында жашайт. Экөө тен бааргерлер (пенсионерлер). Беш бир тууганмын. Эки эжем, эки агам бар, баары тең үй-бүлөлүү.

Мен  кичүү агамдын Горький менен Совет көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйүндө турам. Экобанкта иштейм.  Жумушум үйдүн жанында. Бош убактымды пайдалуу өткөрүүгө аракеттенем, телевизорду маал-эсеби жок көрбөйм, Интернетти убак-сааты менен керектүү учурларда гана колдоном. Футбол, хоккей ойногонду, спорт менен машыкканды жактырам. Келечекте кесибимдин мыкты адиси болуп, ата-энемдин эмгегин актагым келет.

 

2-көнүгүү. Текстти окугула,  “Тилим менен улутмун”, “Тил үйрөнүү үчүн кандай иш-аракеттерди кылуу керек” ж.б. темаларда  ой жүгүрткүлө.

 

 “Кыргыз тилин эмне үчүн үйрөнүш керек?” деген суроого өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларынын биринин студенти Маргарита Скочило мындай лирикалуу жооп кайтарат:

«Биздин жер жылуулукка, жарыкка, көк-жашылга, сүйүүгө каныктырылган. Баарында жеңилдик жана мээрим сезилет.

Ал эми кыргыз тили – желдин аймаганындай жумшак. Ушундай кереметтүү кооз жер үчүн атайылап жумшак жаралгандай. Ал биздин тоолорубузду, өзөн сууларыбызды, кайталангыс токойлорубузду сүрөттөө үчүн жаралган. Жерде жок сулуулук, Кыргызстандын жүрөгү – Ысык-Көл так ушул тилде сүрөттөлүшү керек.

Биздин Ысык-Көлгө бир да океан, бир да деңиз тең келбейт. Ысык-Көл – бул кичинекей, жылуу көл. Ошол эле учурда горизонтко, оролуп келген толкундарга көз жүгүртсө, анын жаны бар экенин, жандуу экенин жана өз толкундарынын шыбыры менен биз менен сүйлөшүп жатканын сезсе болот.

Кай бир жерде, сенден болгону эки жүз чакырым аралыкта, ушул көз ирмемде, так сенин өлкөңдө Ысык-Көл шарпылдап турганын билүүнүн өзү – бакыт.

Мен кыргыз жеринде – эң кооз жерде – жашаарымды, кыргызстандык катары ушул ыйык сууга кол тийгизе аларымды, тоо-токойдун, албууттанган дарыялардын, бутка оролгон чөптүн тилинде, көк карагай, кызгылт күн чыгыш менен көпкөк көлдүн тилинде – КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ – сүйлөөрүмдү сыймык менен айтам!»

 

2.      Грамматикалык тема. Улуттун негизги белгиси  - анын тили.  Кыргыз тили - кыргыз элинин эне тили жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили. Азыркы кыргыз адабий тили - нормага салынган, стилдери өнүккөн, өндүрүштүн бардык тармагын тейлей алган, ар тараптан изилденген, узак тарыхы бар, бай, уккулуктуу, көркөм тил.

Кыргыз тили кыргыз элинин ыйык байлыгы, кыргыз улутунун жүрөгү, анын аң-сезими. Кыргыз элинин адеп-ахлактары, каада-салттары, улуттук эс тутумдары, элибиздин башынан өткөргөн кайгы-муңдары, кыргыз улутун түзүп турган дөөлөттөрдүн баары кыргыз тилинде сакталган. Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттун өкүлдөрү уюткулуу улуттун тилин үйрөнүүсү жана билүүсү -  алардын жарандык парзы.

Тилдик мыкты билим башка бардык предметтерди терең өздөштүрүүгө негиз болот. Ошондуктан кыргыз тилинин теориялык негиздерин терең окуу, баарлашуу көндүмдөрүн калыптандыруу, турмуш-тиричиликтин жана коомдук турмуштун тирүү чөйрө-кырдаалдарында кыргызча сүйлөп пикир алышууга көнүгүү, кеп этикетине, сүйлөшүү маданиятына үйрөнүү, кыргыз тилинде адистик билим алууга бара-бара өтүүсү - бул предметти үйрөнүүчүлөрдүн негизги максаты.

Кыргыз тили түрк тилдеринин катарына кирет. Кыргыз жазмасы байыртадан эле болгондугун, Орхон-Енисей жазуулары - байыркы Рун алфавити кыргыздарга таандык экендигин дүйнөгө белгилүү окумуштуулар тастыкташат. Энесайдагы ташка чегилген жазмаларды изилдеп чыккан белгилүү түрколог С.Е.Малов минтип жазган: “...Вслед за крупными авторитетами – академиком В.В.Радловым и профессором В.Томсеном – я не имею никаких причин не считать эти енисейские памятники принадлежащим кыргызам. Таким образом, ... можно сделать вывод, язык енисейских памятников письменности V в. представляет собой древний кыргызский язык.”

Орхон-Енисей жазуулары ислам дининин таралышы (X-XI к.) менен акырындап колдонулбай, унутулуп калган. Түрк тайпалары араб алфавитин колдонууга өткөн.

1924-жылдан баштап кыргыз жазуусу реформаланган араб алфавитинде жүргүзүлгөн. Бирок ал кыргыз тилинин фонетикалык түзүлүшүнө ылайык келбегендиктен, 1926-1928-жылдар аралыгында латын алфавити, 1940-жылдары орус графикасына, кириллицага негизделген жазуу системасы кабыл алынган. Анда орус алфавити толук пайдаланылып, ө,ү,ң тамгалары кошумча киргизилген.

Кыргыз тилин изилдөөгө салым кошкон белгилүү  окумуштуулар: М.    Кашгари,    И.Арабаев,    К.Тыныстанов,    Б.М.Юнусалиев, К.К.Юдахин,    И.А.Батманов, К.Сартбаев, Х.Карасаев ж.б.

Тилдин тыбыштык түзүлүшүн үйрөтүүчү илим фонетика деп аталат. Кыргыз тилинде үндүүлөр созулуп же кыска айтылышына, эрин. тил жана жаактын катышуусуна карата  бөлүнөт.   Кыска үндүүлөр:  а, о, ө, э, у, ү, и, ы. Созулма үндүүлөр: аа, оо, өө, ээ, уу, үү кыска үндүүлөргө караганда белгилүү өлчөмдө созулуп айтылат жана сөздүн маанисин өзгөртүп жиберет. Мисалы: ук-уук, кон-коон, шар-шаар, бор-боор, жон-жоон, тар-таар, ток-тоок, сат-саат ж.б.

Жаакка карата:

1.      Кең үндүүлөр: а, э, о, ө.

2.      Кууш үндүүлөр: и. ы, у, ү.

Тилге карата:

1.      Жоон үндүүлөр: а, о, ы, у.

2.      Ичке үндүүлөр: э, ө. и, ү.

Эринге карата:

1.      Эринчил үндүүлөр: о, ө. у, ү.

2.      Эринсиз үндүүлөр: а, э, ы, и

 Биз сүйлөгөн учурда сөз ичиндеги үндүү тыбыштар бири-бирине таасир этип, бир кылка ыргакка ээ болуп айтылат. Уңгудагы үндүүгө карата мүчөдөгү үндүү да жоон, ичке, эринчил же эринсиз болуп өзгөрөт. Бул үндөштүк мыйзамы деп аталат.  Мисалы: окуучу, көрүүчү, чалгынчылар, өрмөкчүлөр, берекелерим, тоолордо, үйлөрдө, китептерде ж.б.

Yнсүз тыбыштар үндүн жана шыбыштын катышына, жасалуу ордуна жана жасалуу ыгына карай төмөнкүдөй бөлүнөт:

 

 

 

 

Yнсүз тыбыштардын

бөлүнүшү

Жасалуу ордуна карай

Уччулдар

Орточулдар

Түпчүлдөр

Кош эринчилдер

Эрин тишчилдер

Жасалуу ыгына карай

Жарылмалар

 

Д, Т

Г(гүл)

К(көл)

К(кол)

К(кыш)

Б, П

 

Жылчыкчылдар

 

З, С
Ц, Ч

Ш, Щ

Й, Ж

Г (карга),

Х

 

В, Ф

Мурунчулдар

Н

 

Ң

М

 

Капталчылдар

 

Л

 

 

 

 

Дирилдеме

 

Р

 

 

 

 

Yндүн жана шыбыштын катышына карай 3 кө бөлүнөт:

Жумшак үнсүздөр

б, в, г, д, ж, з

Каткалаң үнсүздөр

к, п, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ

Уяң үнсүздөр

й, л, м, н, ң,р

               

 

Кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрү:

1.      Кыргыз тилинде к, г, л үнсүздөрү сөздөгү жоон жана ичке үндүүлөргө карата жумшак же каткалаң айтылат. Мисалы: карга, килем, балдар, күз, коңгуроо, бүгүн ж.б.

2.      Ж тыбышынын айтылышы эне тилдеги сөздөр менен орус жана башка тилден кирген сөздөрдө айырмаланат. Мисалы: жол, жибек, жоолук, жеңе, жылдыз, жаз, жагдай, жагымдуу, жамгыр, жамаат, жалкоо, журнал, жалюзи....

3.      Сүйлөмдүн баяндоочу дайыма сүйлөмдүн аягында келет.

4.      Басым сөздүн акыркы муунуна түшөт.

5.      Род категориясы жок.

6.      Зат атооч сөздөр сын атоочторго жанаша келгенде орус тилиндегидей болуп род, жөндөмө, сан жагынан өзгөрбөстөн, жөн гана ыкташат. Мисалы: орус тилинде красное яблоко, красная книга, красный мяч. Кыргыз тилинде: кызыл алма, кызыл китеп, кызыл топ.


Текшерүү үчүн суроолор:

1)            Кыргыз тили кайсы тилдердин катарына кирет? Байыркы Рун алфавити кыргыздарга таандык экендиги жөнүндө кайсы окумуштуулар белгилешкен?

2)            Кыргыз жазуусу кайсы алфавиттерди пайдаланып жүргүзүлгөн?

3)            Кыргыз тилин изилдөөгө салым кошкон белгилүү  окумуштуулар кимдер?

4)            Фонетика илими эмнени үйрөтөт? Yндөштүк мыйзамы деген эмне?

5)            Кыргыз тилинин кандай өзгөчөлүктөрү бар?

 

Өз алдынча иштөө үчүн темалар:

1)       Өзүңөр, үй-бүлөңөр (ата-энеңер, бир туугандарыңар) тууралуу текст түзүп келгиле (аты-жөнүңөр ким, кайда окуйсуңар, эмнеге кызыгасыңар ж.б.)  жана  айтып бергиле.

2)       «Канча тил билсем, мен ошончо кишимин” деген накыл кептин маанисин түшүндүргүлө.

3)       Кыргыз тилин үйрөнүү (өнүктүрүү) үчүн кандай иштерди аткаруу керек экенин жазып баяндап бергиле.

4)       Кыргыз тилин изилдөөгө салым кошкон белгилүү  окумуштуулардын бири тууралуу маалымат топтоп келгиле, айтып бергиле.

 

Тема 2

1.      Лексикалык тема: Ата Мекеним-Кыргызстан. Кыргыз Республикасынын символдору.

2.       Грамматикалык тема: Сөздүн тике жана өтмө мааниси. Бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөр.

Мамлекеттик символдор

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгилери: Туу, Гимн жана Герб болуп саналат.

Гимн - мамлекетти, өлкөнү даңктаган салтанаттуу ыр. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Текстин Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев, музыкасын Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов жазган. Гимн кыргыз элинин келечекке болгон ой-тилегин, тарыхый басып өткөн жолундагы эрдигин жана өлкөбүздө жашаган элдердин достукка, бейпилчиликке, эмгекке болгон умтулуусун чагылдырып турат.

Азаттыктын жолунда кыргыз элинин бактылуу келечек турмушун даңазалайт.

Герб - мамлекеттин расмий белгиси, эмблемасы. КРнын мамлекеттик Герби 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Гербдин авторлору: Асейин Абдраев жана Садырбек Дубанаев. Гербди карасаң, анын көк түстүү тегерек алкагын айланта жүргүзүлгөн ак сызыкты көрөсүң. Ортодо канатын жайган Акшумкар учуп келе жаткансыйт. Анын артында Ысык-Көлдүн, Ала-Тоонун жана чыгып келе жаткан алтын нурдуу күндүн сүрөтү тартылган. Эки капталында пахта менен буудайдын сүрөтү бар. Үстү жагына «Кыргыз», төмөн жагына «Республика» деп жазылган.

Кыргыз элинде 7 саны ыйык сан. Гербдеги Акшумкардын канаты, тоолор, буудай, күн нурлары жетиден.

КРнын мамлекеттик Туусу - 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин YIII сессиясында кабыл алынган. Авторлору: илимпоз Сабыр Иптаров, сүрөтчүлөр Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, архитекторлор Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков. Туудагы негизги белгилер - боз үйдүн түндүгү жана күн. Айлана түрүндөгү түндүк чексиздикти, үзүлбөгөн өмүрдү билдирет. Кайчылашкан чамгарактары үч кылдуу комуздун элесин берип, дүйнөнүн төрт тарабын эриш-аркак туташтырып турат.

Туудагы экинчи белги - алтын нурун чачыраткан улуу күн. Оюунун элесин берген 40 нур күндөн тегиз чачырап турат. Бул нур бүгүнкү күндө республикабызда жашап турган ар түрдүү улуттарды билдирет.

                 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни

                    Ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар,

                 Элибиздин жаны менен барабар.

                 Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,

                 Сактап келди биздин ата-бабалар.

 

                                            Кайырма:

                 Алгалай бер, кыргыз эл,

                 Азаттыктын жолунда.

                 Өркүндөй бер, өсө бер,

                 Өз тагдырың колуңда.

 

                 Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,

                 Досторуна даяр дилин берүүгө.

                 Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,

                 Бейкуттукту берет кыргыз жерине.

                                            Кайырма:

 

                 Аткарылып элдин үмүт- тилеги,

                 Желбиреди эркиндиктин желеги.

                 Бизге жеткен ата-салтын, мурасын,

                 Ыйык сактап, урпактарга берели.

                                          Кайырма:

 

Грамматикалык тема:  Адамдын ойлоосунда заттардын жана көрүнүштөрдүн жалпы жана маанилүү касиеттерин, белгилерин, байланыш-катыштарын чагылдырган түшүнүктөр пайда болот. Бул түшүнүктөр тилде сөз аркылуу туюнтулат.

Демек, бир же бир нече тыбыштардан куралып, түшүнүктүн атын билдирүү үчүн колдонулган, белгилүү бир мааниге ээ болгон тилдин эң башкы, борбордук бирдиги сөз деп аталат. Белгилүү бир тилдеги сөздөрдүн бардыгы биригип келип, ошол тилдин сөздүк курамын же лексикасын түзөт.

Сөздөрдөн сөз тизмектери, сүйлөмдөр түзүлүп, адамдардын ортосунда пикир алмашууну камсыз кылат.

Сөздүн тыбыштык жагы менен чындыктагы белгилүү көрүнүштүн ортосундагы тарыхый байланыш сөздүн лексикалык мааниси деп аталат. Мисалы, «мектеп» деген сөз  «окуучулар билим, тарбия ала турган билим берүүчү мекеме» деген түшүнүктү туюндурат, «жүрөк» деген сөздүн лексикалык мааниси - анын дене мүчөсүнүн аты экендиги. Демек, лексикалык маани ошол сөздүн керт башына гана тиешелүү болот.

Сөздүн грамматикалык мааниси жеке сөздүн керт башына гана тиешелүү болбостон, грамматикалык жактан бир топко кирген сөздөргө тиешелүү болот. Мисал келтирилген «мектеп», «жүрөк» деген эки сөздүн грамматикалык маанилери - зат атооч, атооч жөндөмөсүндө, жекелик сан, жалпы ат, конкреттүү зат.

Түз жана өтмө маанилүү сөздөр.

Сөздөр түз мааниде жана өтмө мааниде да колдонулат. Объективдүү чындыктагы кубулуштарга, нерселерге, кыймыл-аракетке ж.б. тике багытталган жана аларды билдире турган сөздүн лексикалык мааниси түз маани деп аталат. Түз маани номинативдик да, туунду да болушу мүмкүн. Мисалы, алтын деген сөздүн түз мааниси «кымбат баалуу сары түстүү жаркырак металл, химиялык элемент». Ал эми сөздүн түз маанисинен башка нерсени, кубулушту, сапатты образдуу, эмоциялуу-экспрессивдүү туюнтуу үчүн колдонулган маанилери өтмө маани деп аталат. Мисалы, ушул эле алтын деген сөз «кымбат, баалуу, сонун, эң жакшы» деген өтмө маанилерде да колдонулат. Мисалы:

«Ала-Тоо жериң алтын, Биле элек элиң баркын» (А.Т.); «Алтын билим, өнөрдүн Сүтүн берген мугалим» (Ж.Б.); Алтын кол, алтын жүрөк, алтын бала ж.б.

 

Түз маанилүү сөздөр

Өтмө маанилүү сөздөр

Кызыл түлкү

Уулуу жылан

Жылдыздуу асман

Азуулуу арстан

Кургак отун

Катуу суук

Курч бычак

Эшиктин ачкычы ж.б.

Түлкү адам

Жылан аял

Жылдыздуу адам

Арстан Манас

Кургак сөз

Суук кабар

Көзү курч

Турмуштун ачкычы ж.б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өтмө маанилүү сөздөр образдуулукту, эмоциялуулукту, элестүүлүктү, тактыкты берүү үчүн көркөм адабиятта, поэзияда, фольклордо адабий троп катары, ошондой эле оозеки кепте да кеңири колдонулат.

Бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөр.

Тилдеги бир катар сөздөр бир гана мааниге ээ болсо, айрымдары көп маанини билдирет. Эгерде сөздөр белгилүү бир нерсенин, түшүнүктүн атын билдирип, бир мааниде гана колдонулса, бир маанилүү сөз же моносемия деп аталат. Бул термин - грек тилиндеги «mono» - «бир», «жалгыз», «sema» -«маани» деген сөздөрүнөн алынган.

Мисалы: аары, араа, анделек, балаты, балык, китеп, жамгыр, зыкым, сулуулук, достук, жоокер, жолоочу ж.б.

Бир эле сөздүн бир нече маанилерди билдириши сөздөрдүн көп маанилүүлүгү деп аталат. Аны жалпы тил илиминде полисемия деген термин менен айтабыз. Бул гректин «poly» - «көп», «sema» - «маани» деген сөздөрүнөн алынган.

Мисалы:

 

 

 

 

 

 

 

Көп маанилүү сөз

Лексикалык маанилери

Көз

1.    ийненин көзү,

2.    терезенин көзү,

3.    булактын көзү,

4.    жаранын көзү,

5.    куржундун көзү,

6.    күндүн көзү,

7.    шакектин көзү,

8.    кездеменин көзү ж.б.

 

Мындан тышкары полисемияга мисал катары баш, бет, мүчө, уюл, уңгу, жаа, бийлик, шам, саат, ай, күн, жибек, туяк, куш, мал ж.б. сөздөрдү келтирсек болот.

Сөздөрдүн көп маанилүүлүгү - тилдеги жагымдуу көрүнүш, тилдин узакка созулган тарыхый нугунун натыйжасы, лексиканын байышынын бир булагы.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

1)            Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгилери кайсылар?

2)            Гимн кандай ыр? Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни качан, кайда кабыл алынган, авторлору кимдер?

3)            Герб кандай белги? КРнын мамлекеттик Герби качан кабыл алынган жана анда эмнелер чагылдырылган? Авторлору кимдер?

4)            Гербдеги Акшумкардын канаты, тоолор, буудай, күн нурлары канчадан? Эмне үчүн?

5)            КРнын мамлекеттик Туусу качан, кайда кабыл алынган,  авторлору кимдер? Туудагы негизги белгилер кайсылар, эмнени билдирет?

6)            Сөз деген эмне? Анын белгилерин атагыла. Сөздүн лексикалык жана грамматикалык маанилеринин ортосундагы айырма кайсы?

7)            Сөздүн өтмө мааниси кандайча пайда болот?

8)            Конкреттүү жана абстрактуу маанилүү сөздөргө мисал келтиргиле.

 

Өз алдынча иштөө үчүн темалар:

1)       Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгилерин билүү, айтып берүү

2)       Сөз жана түшүнүк.

3)       Көп маанилүүлүктүн пайда болуу, өнүгүү жолдору.

Тема 3

1. Лексикалык тема: Менин кичи мекеним. Туулган жерим.

2. Грамматикалык тема: Сөз жасоо

1) Сөз жасоонун жолдору.

2) Жөнөкөй жана татаал сөздөр.

 

  1. Лексикалык тема: Менин кичи мекеним. Туулган жерим.

Тексттерди окугула. Өзүңөрдүн кичи мекениңер жөнүндө баяндап бергиле.

Менин кичи мекеним - Арстанбап айылы

            “Ааламга жол айылдан башталат” дегендей, менин кичи мекеним-Арстанбап кыштагы. Ал Бабаш-Ата тоосунун түштүк-чыгыш этегинде, Арстанбап өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1400-2000м бийиктикте жайгашкан. Кыштагыбызга жакын тоонун этек жагында тик аскадан агып түшкөн эки шаркыратма: Чоң жана Кичи Арстанбап бар. Чоң шаркыратманын бийиктиги 80м дей, үч баскычтан турат. Кооздугу жагынан айрыкча кичи шаркыратма көңүлдү бурат. Анын бийиктиги 20м дей. Чачыраган майда суу тамчылары күн нуруна чагылышып, көк желе пайда кылат. Аскалардын бети жашыл энилчектер менен капталган. Шаркыратмалар айланасындагы табигый кооздуктун - мөмө-жемиш, алча, бадам токойлорунун көркүнө көрк кошуп турат. Шаркыратмалар, айрыкча кичинеси динчилердин зыярат кылган ыйык жери жана туристтердин, эс алуучулардын сүйгөн жайы болуп саналат.

Ушундай ажайып кооз жаратылыштуу айлымдын эли да, албетте эмгекчил, меймандос, жайдары мүнөз адамдар. Айлыбыздан чыккан өмүрү өрнөк адамдар көп. Алардын арасында менин ата-энем, бир туугандарым да бар. Мен кичи мекеним болгон Арстанбап кыштагы менен жана айлыбыздын тургундары менен өтө сыймыктанам.

 

Менин кичи мекеним – Нарын шаары

Нарын шаарым - Нарын облусу менен Тянь-Шань районунун борбору, ички Теңиртоо аймагындагы жол тоому. 1927-жылдан бери шаар статусун алып жүрөт. Бишкек шаарынан 365 км. алыстыкта, Бишкек–Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2024 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 5040 га, калкы 40 миңден ашык.

Шаарыбызды түштүктөн Нарын жана Аламышык тоолору курчап турат. Кышы ызгаардуу, узак, январдын орточо температурасы –17,1°С, эң төмөнкү температура –38°С. Жайы негизинен мелүүн, кургак. Июлдун орточо температурасы 17,2°С, эң жогоркусу 37°С. Климаттык шарты катаал болгонуна карабастан, мен үчүн Нарыным – Мисир.

Тоо капталдарында сейрек карагай, алтыгана, табылгы, төөкуйрук, түркүн чөп өсүмдүктөрү өсөт. Калкы көп улуттуу, негизинен кыргыз андан тышкары орус, өзбек. уйгур, дуңган, украин  ж. б. улуттар жашайт.

Шаарымда ири өнөр жай ишканалары: Атбашы ГЭСи, «Даназык» мамлекеттик акционердик коому, «Солтонсары» алтын кени, эт комбинаты, «Башат» кийим тигүү фабрикасы, курулуш материал чыгаруучу ишканалар, «Улук-Нан», «Нарын сүт комбинаты», «Нарын эт комбинаты»,  тебетей, калпактарды ж. б. жасап сатуучу жеке менчик пункттар, цехтер иштейт. Өнөр жай ишканалары өндүргөн негизги продукциялары: электр энергиясы, курама темирбетон, тигилүү кийимдер, эт, колбаса, ун, нан жана нан азыктары, кондитер азыктары шаар менен Нарын облусунун ички базарында сатылып, жергиликтүү калктын керектөөлөрүн камсыз кылууга жумшалат.

            Мен жыл сайын жакшы жагына өзгөрүп, өнүгүп бараткан Нарыным менен сыймыктанам!

 

2. Грамматикалык тема: Сөз жасоо

3) Сөз жасоонун жолдору.

4) Жөнөкөй жана татаал сөздөр.

1. Сөз жасоо.  Жандуу көрүнүш болуп эсептелген тилдин сөздүк корунда өзгөрүүлөр болуп, өнүгүү процесси жүрүп турат. Себеби, турмуш бир ордунда, бир калыпта болбойт. Адамзат ар качан алдыга, жакшы жашоого, дүйнөнү дагы да терең таанып-билүүгө умтула берет. Ар бир жаңы ачылыштар, жаңыдан таанылып-билинген жаратылыш сырлары тилибиздеги жаңыча аталыштары менен коштолуп жүрүп олтурат. Башкача айтканда, лексика толукталат. Тилдин өзүнүн ички табиятына ылайык жаңы сөздөр жаралат. Куранды мүчөлөр ишке кирет, эки же андан көп сөздөр бир маани жаратуу үчүн биригишет. Ошеңтип, морфологиялык процесс жүрөт.

 Кыргыз тилинде сөз жасоонун эки жолу болот: сөз жасоонун морфологиялык жолу жана сөз жасоонун синтаксистик жолу.

Негизге куранды мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу сөздөрдүн жасалыш ыгы сөз жасоонун морфологиялык жолу деп аталат. Мисалы: саанчы, илимпоз, түймө, тоют, тончон, ырда, сана, байы, көбөй, көнүк, тамчыла, тарсылда, чыркыра ж. б. сөздөр тиешелүү куранды мүчөлөрдүн жардамы менен б.а. морфологиялык ык менен жасалды.

Сөз жасоонун морфологиялык жолу менен жасалган туунду сөздөр кыргыз тилинде абдан көп.

Сөз жасоонун синтаксистик жолу

Эки же андан көп сөздөрдүн биригиши аркылуу жаңы сөздөрдүн жасалыш ыгы сөз жасоонун синтаксистик жолу деп аталат. Мисалы: агайын, кайната, бүгүн, айбалта, кумшекер, ашказан, үй-жай, ата-бала, кыз-кыркын, курал-жарак, баш бак, кол кой, көз сал, Ак-Кыя, Чатыр-Көл ж.б. сөздөр эки (үч) сөздүн биригип бир маани бериши аркылуу, башкача айтканда, сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалган. Синтаксистик жол менен жасалган сөздөр - татаал сөздөр.

Татаал сөздөр

Татаал сөздөр жөнөкөй сөздөрдөн тутумдук түзүлүшү менен айырмаланат. Бирок, тутумунда эки же андан көп сөз болгонуна карабай лексикалык бир гана маанини билдирет, сүйлөмдө сүйлөмдүн бир эле мүчөсүнүн милдетин аткарат.

Түзүлүшү боюнча кыргыз тилиндеги татаал сөздөрдүн үч түрү бар Алар: кош сөздөр, кошмок сөздөр жана кыскартылган сөздөр.

Кош сөздөр

Маанилик жактан жупташып келип бир гана лексикалык мааниге ээ болгон татаал сөздөр кош сөздөр деп аталат. Мисалы: күч-кубат, бала-чака, алдым-жуттум, алай-дүлөй, чымын-чиркей ж.б.

Кош сөздөрдүн бардыгы дефис коюлуп жазылат.

Кошмок сөздөр

Тутумдашкан эки же андан көп сөздүн (негиздин) ортосундагы синтаксистик байланыш мааниси солгундап же жоголуп, алар биригип лексикалык бир гана мааниге ээ болуп калат. Мына ушундай татаал сөздөр кошмок сөздөр деп аталат. Мисалы: бал челек, кол жазма, иш билги, ак көңүл, ач күсөн, көк кытан, көз айнек, дем алыш,   орун басар ж.б.

Кыргыз тилинде кошмок сөздөрдүн жазылышы да бир беткей эмес. Бир тобу бириктирилип жазылса, башкалары бөлөк-бөлөк жазылат. Кулак сал, дит бак, кол кой, ала кел, таап ал деген өңдүү этиштерди, кара сур, кызыл ала, кара курөң, мала кызыл деген сыяктуу сын атоочторду, он беш, отуз сегиз, эки жуз элүү алты, эки жарым өңдүү сан атоочторду, кимдир бирөө, кайсы бир, эч качан, эч кандай сыяктуу ат атоочторду, ар дайым, ар убак, алда кайда, алда качан өңдүү тактоочторду, ойлоп табуучу, башкы командачы, пайдалуу кен, кенже лейтенант, маданий турмуш, Кыргыз экономикалык университети, Бириккен улуттар уюму деген сыяктуу зат атоочторду бириктирип жазууга болбойт.

Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясында кошмок сөздөрдүн көпчүлүгүн бириктирип жазуу сунуш кылынган. Мисалы: аткулак, аттиш, алакөөдөн, бакажалбырак, биртууган, бешилик, жетата, ишөргүү, көзайнек, колжазма, кызкуумай, күнкарама ж.б.

Кыскартылган сөздөр

Сөздөрдүн кыскартылып биригишинен жасалган татаал сөздөр кыскартылган сөздөр деп аталат. Мисалы: шаарком, профбирикме, КР, БУУ, КЭУ, КУУ, БГУ ж.б.

Сөздөр эки жол менен кыскартылып, бириктирилип, татаал сөздөр уюшулат.

1.      Сөздөрдүн тутумунан кыскартып бириктирүү аркылуу уюшулган кыскартылган сөздөр. Мисалы: облсот (облустук сот), райборбор (райондук борбор), филфак (филология факультети), педфак (педагогика факультети) ж.б.

2.      Баш тамгаларды бириктирүү аркылуу уюшулган кыскартылган сөздөр. Мисалы: БУУ (Бириккен улуттар уюму), КР (Кыргыз Республикасы), ИИМ (Ички иштер министрлиги) ж.б.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

1.     Тилдеги атайын каражаттар аркылуу жаңы сөздөрдү жаратуунун мааниси эмнеде?

2.     Сөз жасоонун кандай жолдору бар?

3.     Жөнөкөй сөздөр менен татаал сөздөр.

5.     Лекциянын      материалдары      боюнча      таблица,      схема, карточкаларды түзгүлө.

 

Студенттин өз алдынча иштөөсү үчүн темалар:

1.    Кичи мекенинер тууралуу баяндап бергиле.

2.    Сөз жасоонун мааниси.

3.    Сөз жасоонун тиби.

4.    Аббревиатуралар.

 

Тема 4

1.      Лексикалык тема: Кыргызстан – бийик тоолуу өлкө. Улуу тоолор жана альпинизм.

2.      Грамматикалык тема: Кыргыз тилиндеги синонимдер, омонимдер,  антонимдер, белгилери, жасалуу жолдору, түрлөрү.

 

       Кыргызстан – кереметтүү тоолуу өлкө. Республиканын 200 миң кв.км. аянтынын 90% дан ашыгын тоолор ээлейт. Чокулары деңиз деңгээлинен 700 метр бийиктикте аянты турат, өлкөнүн бир дагы жеринде деңиз деңгелинен 500 метрден төмөн жайгашкан чекит жок. Дүйнөдөгү эң бийик чокулар Кыргызстанда жайгашкан: Жеңиш чокусу ( 7439 м.), Ленин чокусу (7134 м.), Хан-Теңири чокусу (7110 м.). Улуу тоонун койнун мекендеген ата-бабаларыбыз байыркы улуулук, тазалык, бийиктик сыяктуу түшүнүктөрүн асман тиреген чокулар менен байланыштырган. 80 ден ашык ири тоо кыркалары Кыргызстандын территориясы аркылуу өтөт. Алар терең ойдуңдар менен айкалышып, өлкөнүн климатын кескин континенталдык кылышат. Жылуулуктун, суунун, жарыктын молдугу жылуулукту сүйүүчү жер-жемиштерди өстүрүүгө шарт түзөт; пахта, жүзүм, абрикос, шабдалы, дарбыз, коон ж.б.

Саякатчылар тоого чыкканда бардык климаттык алкактарга: чөлдүн ысык демине, ийне жалбырактуу салкын арча токойлоруна, ар түркүн чөптүү жашыл альпы шалбааларына, арктикалык суукка туш болушат.

Фергана тоо кыркаларынын эң бийик чокуларында,  Жалал – Абад облусуна караштуу Көкарт ашуусунун жанында биздин заманга чейинки эки миңинчи жана бир миңинчи жылдар аралыгында аскадагы таштарга чегилген сүрөттөр, чиймелер, жазуулар жайгашкан  Саймалуу таш чийме сүрөт галереясы бар. Саймалуу таш тогуз жолдун тоомунда эмес, көздөн далдоо, эки жакка эл каттаган жолдон обочодо жайгашкан. Ал байыркы Андрон маданиятынын эң баалуу эстеликтеринин бири. Теңдеши жок стилдик жана композициялык ар түрдүүлүктөгү жүз миңден ашык сүрөттөрдү, фигураларды бир жерге топтоштурган мындай “таш китеп” дүйнөнүн эч биринде жок. Болжолу 10 гектардай аянтта мында сызуу-чийүүлөр ачык асман алдында жатат. Таш бетинде жаа тартып аткан, ат минип бараткан жана ар кандай белгилерди түшүндүргөн адам сөлөкөттөрү, жаныбарлар: аттар, тоо аркар, эчки-теке, бугу, төө, илбирс, карышкыр, каман, ит, жылан жана башка нерселер түшүрүлгөн. Саймалуу таш – биздин байыркы ата-бабалардын жазуусу жок кездеги нечен кылымдарды камтыган чыгармачылыгын туу чокусу, байыркы исскуствонун уникалдуу эстелиги. Бул гиганттык зор “сүрөт галереясын” карап отургандар адам акылына, анын жаратуучулук ишмердигине чек жок экендигине ынанат. Миңдеген жылдар бою улам кийинки муундар келип, өзүнүн мурункулар мурасын улантып, жаратылышка болгон түшүнүктөрүн, мамилесин чагылдырып отурган.

Б.з.ч. 2 миң жылдыктын акырынан б.з.VII-VIII к. чейин пайда болгон Чуст маданиятынын эстеликтеринин бири болгон Сулайман тоосу Ош шаарындагы Акбуура суусунун сол жээгинде жайгашкан. Ал “Тахти Сулайман” (“Сулайман тактысы”) деп да аталат. Теңиртоолук тарыхчы (13-кылым) Жамал Карши: «Ошто Барака жана Банака деген эки тоо бар; Бараканын жанында Сулайман ибн Дауддун вазири Асаф ибн Бурхийанын бейити бар», -  деп көрсөтөт.

          16-кылымда бул тоого султан Бабур чакан ак үй (хужра) курдурган. Ал кийин 20-кылымдын 60-жылдары бузулуп, кайрадан 1989-жылы калыбына келтирилген.

      Сулайман-Тоо бүгүнкү күндө кыргыздардын  жана Оштун бардык меймандарынын таазим этүүчү ыйык жайына айланды.   Ал 5 аталышка ээ болгон чокудан турат: Буура-Таг, Шор-Тоо, Рушан-Тоо, Каттама-Тоо, Келинчек (чоку өзү да экиге бөлүнөт Ээр-Тоо жана Ээр-Таг). Бул чокуларды жалпы кыдырып чыгуу аянты 1,5 км ге чейин жетет.

Сулайман-Тоо азыркы учурда “Улуу жибек жолун” чагылдырып, кербендердин багытын берген бийик-бийик темир тосмолор менен курчалган. 2 музей ишке берилген: “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, “Сулайман-Тоо” үңкүр музейи. Мында  сейрек жана баалуу археологиялык казуулардагы экспонаттарды, архивдик документтерди сактоо менен бирге илимий-методикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, ар түрдүү көргөзмө, семинарлар өткөрүлүп жаштарга асыл мурастарды барктап, баалоого тарбиялап келүүдө. Сулайман-Тоо дүйнөлүк уюмдардын бири болгон ЮНЕСКОго кирип, заманбап техникалары менен жабдылып, музей жаңылануу нугуна түшүүдө.

2.                  Грамматикалык тема. Кыргыз лексикасы синонимдерге өтө бай. Бирдей же бири-бирине өтө жакын түшүнүктөрдү билдирип, бир сөз түркүмүнө кирген, бирок тыбыштык түзүлүшү, кошумча же стилдик маанилери боюнча айырмаланган сөздөр синонимдер деп аталат. Мисалы: тез-бат-дароо-ылдам-шак-шарт-чапчаң; жакшы-дурус-түзүк-мыкты-сонун-ырас; жамгыр-жаан; адам-киши; асман-көк; кант-шекер; эл-калк-журт-калайык; кубан-сүйүн; көйрөң-мактанчаак-жел өпкө; айт-де-сүйлө; эр-баатыр ж.б.

Синоним сөздөрдүн тобу синонимдик катарды түзөт. Синонимдик катар эки же андан ашык синонимдик түгөйлөрдөн турат.

Синоним сөздөргө төмөнкү белгилер мүнөздүү:

1) Жалпысынан бир гана түшүнүктү же бири-бирине өтө жакын түшүнүктөрдү билдирет;

2)Тыбыштык курамы жактан ар башка болот;

3)Сырткы формасына, тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө карабастан бир сөз түркүмүнө тиешелүү болот;

4)Сүйлөмдүн бир мүчөсүнүн милдетин аткарат.

Бирок синонимдер бири-биринен өзүнө тиешелүү кошумча маанилери, колдонулуш чөйрөсү, стилистикалык өзгөчөлүгү, башка сөздөр менен болгон айкашуу мүмкүнчүлүгү боюнча айырмаланышат. Мисалы: сулуу-өңдүү-түстүү-чырайлуу-кооз-көркөм-көрктүү деген синоним сын атоочтор маанилери жакын сөздөр. Булардын ичинен сулуу деген сөз сулуу кыз, сулуу келин, сулуу жигит, сулуу жылкы, сулуу жер болуп, адамга да, айбанга да, жер-сууга карата да айтыла берет, өңдүү, түстүү, чырайлуу деген сөздөр болсо негизинен адамга гана тиешелүү сапатты туюнтат. Ал эми кооз, көркөм, көрктүү деген сөздөр кооз чымчык, кооз сайма, көркөм адабият, көркөм дүйнө, көрктүү кийим болуп, адамдан башка жандуу, жансыз заттарды, абстрактуу түшүнүктөрдү туюнткан сөздөр менен гана айкашат.

Демек, бардык эле синоним сөздөрдү дайыма эле биринин ордуна экинчисин колдоно берүүгө болбойт. Ар кандай синоним болгон сөздүн өзүнө тиешелүү кошумча мааниси болот. Ошондуктан синоним сөздөрдү өз орду менен колдонуу керек.

Кыргыз тилиндеги синонимдер негизинен төмөндөгүдөй жолдор менен пайда болот:

а)             Кыргыздын айрым төл сөздөрү уңгу түрүндө туруп, бири-бирине синонимдеш болот. Мисалы, эп-ык, кек-өч, бут-аяк, тамак-аш, чал-абышка-карыя, алыс-узак-ыраак, калп-жалган ж. б.

б)            Сөз жасоочу мүчөлөр аркылуу синонимдер түзүлөт.
Мисалы: -лык жана -чылык: тынчтык-тынччылык, жаштык-жашчылык, мүмкүндүк-мүмкүнчүлук ж.б.

-сыз   жана   –бей:   күнөөсүз-бейкүнөө,   адепсиз-бейадеп,   капарсыз-

бейкапар ж. б.

-чы жана -кер: кызматчы-кызматкер, жумушчу-жумушкер, пахтачы-

пахтакер ж. б.

-чы: кароолчу-күзөтчү, аңчы-мергенчи, калпычы-жалганчы ж. б.

-чылык: айырмачылык-өзгөчөлүк ж.б.

-ыч: сүйөнүч-таяныч-жөлөнүч, кубаныч-сүйүнүч ж.б.

-лык: зордук-зомбулук, кооздук-сулуулук ж.б.

-ла: далдала-калкала ж.б.

-ыш: айкалыш-кучакташ, бурулуш-имерилиш ж.б.

в) Диалектилик сөздөр адабий тилдин жардамчы булагы катары синонимдерди түзүүгө катышат. Мисалы: чака-челек, жумуртка-тукум, уй-сыйыр, жоолук-оромол, темене-жувалдыз, бал-асел ж. б.

г)            Кабыл алынган сөздөрдөн да синонимдер пайда болот.Мисалы:   адам (ар.) - киши;   асман (ир.) - көк;    калк (ар.) -эл,журт; нан (ир.) - токоч; кожоюн (ор.) – ээси ж. б.

д) Фразеологизмдер да сөзгө синоним катары колдонулат. Мисалы: беш өрдөгүн учуруу - калп айтуу; эгиз козудай, союп каптап койгондой – окшош; колунан көөрү төгүлгөн - чебер, жумурткадан кыр чыгаруу, кылдан кыйкым табуу - кыйкымчыл; кой оозунан чөп албаган - момун; көз ачып - жумганча - тез,бат; бармагын тиштөө - өкүнүү; маңдайы жарылуу, кубанычы койнуна батпоо - сүйүнүү, кубануу ж.б.

е) Синонимдердин пайда болушуна эвфемизм жана табу сөздөрү да себепчи болгон.

Кыргыз тилиндеги омонимдер

Кыргыз тилиндеги тыбыштык жактан бирдей болуп, бирок ар башка маанини билдирген сөздөр омонимдер деп аталат.

Мисалы, сан деген сөздүн маанилерин карасак:

1)  математикалык түшүнүк;

2)  дене бөлүгү;

            Ат:

1)      Ат (зат атооч) Адамга коюлган ысым. Атың ким?

2)      Ат (зат атооч) Жаныбар. Атка минип, тону көздөй чаптырып жөнөдү.

3)      Ат (этиш). «Бутаны таамай карап, түз ат», - деди машыктыруучу

Демек, омонимдер айтылышы, жазылышы окшош, бирок бири-биринен мааниси аркылуу айырмаланат.

Омонимдерди көп маанилүү сөздөр (полисемия) менен чаташтырбоо керек. Көп маанилүү сөздөр бир эле сөздөн өнүгүп, бутактап чыккан маанилер. Ал маанилерде жалпылык бар. Ал эми омонимдер - ар башка сөздөр. Аларда маанилик жалпылык болбойт. Ошондой эле, көп маанилүү сөздөрдүн туюнткан маанилери бир сөз түркүмүнө   жатат,   ал   эми   омонимдер   көбүнчө   ар   түрдүү   сөз түркүмдөрүнө кирет.

Омонимдердин үч түрү бар. Алар:

1) Омоформалар

2) Омофондор

3)               Омографтар

Мааниси ар башка, бирок айтылышы менен жазылышы бирдей болгон грамматикалык формалар, же болбосо кээ бир грамматикалык формалардын башка бир сөздөргө тыбыштык түзүлүшү боюнча окшошуп айтылышы омоформалар деп аталат.

Мисалы: асыл (сын атооч) - асыл (этиштин туюк мамилеси); качыр (зат атооч) - качыр (этиштин аркылуу мамилеси); жаздык (зат атооч) - жаздык (сын атооч) - жаздык (өткөн чактагы этиш) ж. б.

Айтылышы бирдей, бирок жазылышында айырма болгон сөздөр омофондор деп аталат.

Мисалы: гүл-күл; тирүү-түрүү; жылуу-жулуу; уулоо-улоо; пуд-бут; кечээ-кече; сулу-сулуу; бүлө-бүлөө ж.б.

Жазылышы бирдей, бирок айтылыы жактан айырмаланган сөздөр омографтар деп аталат.

Мисалы: карта (жылкынын майлуу жоон ичегиси) - карта (жер бетинин кагазга түшүрүлгөн чиймеси); ток (курсак ачпоо) - ток (электр кубаты); бак (өсүмдк) - бак (суюктук куюлуучу темир идиш) ж.б.

Кыргыз тилиндеги антоним сөздөрү, түрлөрү.

 

Мааниси жактан өз ара бири-бирине карама-каршы турган, бирок бири-бири менен мамилелеш түшүнүктөрдү туюнткан сөздөр антонимдер деп аталат.

Мисалы: оң-сол, жакшы-жаман, чоң-кичине, жарык-караңгы, ысык-суук, суюк-коюу, оору-соо, дос-душман, мурун-кийин, кел-кет, бар-жок, ач-жап ж. б.

Антоним сөздөрдүн өз ара карама-каршылык даражасы бирдей эмес. Мисалы, ак-кара, ысык-суук, чоң-кичине, бүтүн-сынык ж.б. сөздөрдө маанилердин карама-каршылыгы күчтүү. Ал эми ага-ини, эже-сиңди, күн-түн, жай-кыш, быйыл-былтыр сыяктуу сөздөрдө карама-каршылык күчсүз, себеби бул сөздөр маанилеринин айрым белгилери боюнча гана карама-каршы. Ошого жараша антонимдер үч топко бөлүнөт.

1)       Карама-каршылыкты тике көрсөтүүчү антонимдер.

2)       Карама-каршылыкты  салыштыруу  түрүндө   көрсөтүүчү антонимдер.

3)       Карама-каршылыкты      кыйыр      түрүндө      көрсөтүүчү антонимдер.

Антонимдер түзүлүшүнө карай эки топко бөлүнөт:

1)         Ар башка уңгулуу антонимдер. Булар карама-каршы мааниде келген ар түрдүү уңгулуу сөздөр. Морфологиялык жактан тубаса жана туунду түрүндө болот.

Мисалы: чын-калп, март-сараң, мыкты-начар, кеменгер-акылсыз, кедейлик-байлык, кастык-достук, кадырла-кордо ж.б.

2)         Бир уңгулуу антонимдер. Бул типтеги антонимдер бирдей уңгуларга карама-каршы маанидеги сөз жасоочу морфемалардын жалганышы аркылуу уюшулат жана негизинен туунду сөздөрдөн турат.

Мисалы, кайраттуу-кайратсыз, кайрымдуу-кайрымсыз, балалуу-баласыз, туура-натуура, сүйлө-сүйлөбө, адептүү-бейадеп, утуш-утулуш, жеңиш-жеңилиш, фашист-антифашист ж.б.

Синонимдер сыяктуу эле антонимдер да нагыз антонимдер жана контексттик антонимдер болуп бөлүнөт.

Контексттен тышкары өз бетинче турганда эле бири-бирине карама-каршы мааниде колдонулган сөздөр нагыз антонимдер деп аталат. Мындай сөздөрдүн бирин айтуу менен экинчисин да эске түшүрө алабыз.

Мисалы: аз-көп, чоң-кичине, узун-кыска ж.б.

Өз бетинче турганда карама-каршы мааниде болбогон бирок белгилүү бир контекстке байланыштуу гана карама-каршы мааниге ээ болгон сөздөрдү контексттик антонимдер дейбиз.

Мисалы, «Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» деген макалдагы билек менен билим, бир менен миң деген сөздөр өз алдынча антоним болбосо да, ушул контексттин ичинде булар бири-бирине карама-каршы маанини көрсөтүп, антоним боло алышты. Ошондой эле, «Теректей бой бергенче, теменедей акыл берсин» деген макалада теректей - теменедей, ой-акыл деген сөздөр контексттик антонимдер болуп эсептелет.

Контексттик                антонимдер     макал-лакаптарда   гана

колдонулбастан, поэзиялык, прозалык чыгармаларда да кеңири колдонулат.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

1. Эмне үчүн Кыргызстан – кереметтүү тоолуу өлкө деп айтабыз?

2.  

3. Синонимдердин мүнөздүү белгилерин түшүндүргүлө.

4. Синонимдер кандай жолдор менен пайда болот?

5.      Омонимдер менен көп маанилүү сөздөрдүн окшоштуктары жана айырмачылыктарын атагыла.

6.      Омофон, омоформа, омографтарга өзүңөр мисал келтиргиле.

7.      Антонимдердин өзгөчөлүктөрүн түшүндүргүлө.

8.      Антонимдердин түзүлүшүнө жана маанисине карай кандай түрлөрү бар?

 

 

Өз алдынча иштөө үчүн темалар:

1. Нагыз жана контексттик синонимдер.

2.      Омонимдердин пайда болуу жолдору.

3.      Тубаса жана туунду омонимдер.

4.      Энантисемия.

5.      Антонимдердин стилистикалык жактан колдонулушу.

 

 

Тема 5

 

  1. Лексикалык тема: Кыргызстан – таза суунун мекени.
  2. Грамматикалык тема: Кыргыз тилинин төл лексикасы жана сырттан кирген сөздөр. Тарыхый сөздөр, архаизмдер, неологизмдер. Кесиптик сөздөр.

 

  1. Лексикалык тема: Кыргызстан – таза суунун мекени.

 

Жерибиздин эң зор, негизги байлыгы - агым жана булак суулары. Адамдын ден-соолугуна берген таасири боюнча эң биринчи орунда аба, анын тазалыгы, экинчи орунда – суу, анын сапаты бааланат. Кыргыз жериндеги бийик, ак карлуу  мөнгүлүү тоолорубуздагы түгөнгүс таза булак сууларына эч нерсе тең келе албайт.

Тоодогу мөңгүлөрдөн Кыргызстандын дарыялары жаралат. Ѳтө муздак, шаркыраган дарыялар сууну өрөөндөргө жана талааларга алып барат. Экологиялык жактан таза суулар пайдалуулугу боюнча термалдык жана минералдык булактар менен теңтайлашат, мындай булактар өлкөнүн бардык райондорунда бар жана  илгертеден бери дарылоо максатында колдонулуп, кийин ал жерлерге курорттор, санаторийлер курулган.

Ѳлкөбүз ар түрдүү ири жана майда көлдөргө бай. Ысык - Көл, Чатыр-Көл, Соң-Көл жана ондогон башка көлдөрүбүз жаратылыштын байлыгы, сулуулугу, керемети. Эң кооз көл болуп Ысык-Көл эсептелинет. Аны курчап турган Тянь-Шандын тоо кыркалары чыныдай болуп, туздуу жана тунук Ысык-Көлдүн сууларын кармап турат.

Кыргызстандын түштүгүнүн бермети деп  аталган Сары-Челек тузсуз тоо көлү деңиз деңгээлинен 1873 метр бийиктикте жайгашкан. Элдик уламыштарда бир кезде бул көлдүн ичинде жапайы аттар жашаган деп айтылат. Көлдүн айланасы жалама аскалар жана карагайлуу беттер. Аппак чокулардан нечендеген булактар агып түшүп бул ажайып сулуу көлгө куюлат. Бул жерде тоо, токой, көл, көк (асман) төртөөнүн  гармониясы орун алган. 1979-жылы ЮНЕСКО бул жерди эл аралык корук деп чечкен. Көл деңиз деңгээлинен  1873 метр бийикте. Көл аянты  4,92 километр квадрат. Узуну  7,5 километр, жалпы жазылыгы (туурасы)  650 метр (эң жазы жери 2280 метр). Тереңдиги орточо  98 метр, эң терең жери 234 метр. Суунун тунуктугу 16 метр. Көл жер титирегенден (зилзаладан) улам пайда болгон деген пикирлер бар. Сары челек- сары- кызгылт бүлдүркөн өскөн жер дегенди түшүндүрөт. «Чилек» - огузча бүлдүркөн, малина- кожогат маанисинде.

Соң-Көл да жаратылыштын Кыргызстанга берген тартуусу. Көлөмү боюнча Ысык-Көлдөн кийинки 2-орунда. Узуну  29 километр, туурасы  18 километрге жетет. Аянты 270 километр квадрат. Көлөмү  2,64 километр квадрат. Орточо терендиги  9,2 метр, эң терең жери  13,2 метр. Соңкөлгө бийик тоодон, мөңгүлөр менен булактардан агып түшкөн 18 суу куят. Суунун жайкы температурасы орточо 1112 градус ысык. Кыш башталарда тоңот да, май айында тоң кетет. Көл айланасы малга жайлуу. Балыгы абдан даамдуу. Малчылар кымыз жасашат. Жайында жайлоо чөбү укмуштай керемет жыт берип, салкындыкты, таза абаны ушунчалык жыргап сезесиң. Бул жерде тарыхый эстеликтер, байыркы жазуулар болгон. Аны түрк археологдору да изилдеп жүрүшөт. Соң-Көл (Соң- акыркы деген мааниде эмес, соно көл, соно-эркек өрдөк; өрдөктүү көл) дегенди билдирет.

                Жергебизде дарылык касиети бар, минералдык суулар өтө көп. Алардын бири - жер астынан чыгарылган Барбулак жылуу суусу Ысык-Көл облусунун
Тоң районунда, Балыкчы шаарынан 45 км чыгыш, Барбулак кыштагынан 2,5 км түндүк - чыгыш тарапта, Ысык-Көлдүн жээгинен 600 м аралыкта, деңиз деңгээлинен 1653 м бийиктикте жайгашкан. Суу 1979-жылы бургулоо көзөнөгүнөн 1100 м тереңдиктен чыгарылган. Суу чыккан жерде антропогендин борпоң кум-топурагы, палеоген-неогендин кумдук, чопо, алевролит, палеозойдун кумдук, алевролит тоо тектери жатат. Суу жытсыз, тунук, саал кычкыл даамы бар, темп-расы 44° С. Химиялык курамы боюнчча сульфат-хлорид-кальций-натрийлүү, газдардан азот басымдуу (88-90%), эринди түрүндө 4,2% көмүр кычкыл газы, 1,5% гелий кезигет. Микрокомпоненттерден жез, коргошун, цинк, фтор, мышьяк, мо­либден, никель, бром ж. б. элементтер бар. Барбулак минералдык суусун боор, өт жана ашка­зан ооруларында ичишет, ал эми нерв, муун, гинеко­логия, тери жана тиш ооруларында  киринүү менен дарыланышат.

 

Суунун сан түрүндө берилиши:

·         Республикада  3500 дөн ашык өзөн, Сыр-Дарыя, Амур дарыя, Чүй, Талас, Или, Тарим жана Ысык-Көл сууларынын суу агымдары,  1923 көл бар.  Өзөндөрдүн жалпы көп жылдык орточо агымы 50 куб. км.ге жакын. Көлдөрдөгү суу камылгалары 1745 куб. км. ди түзөт жана улуттук камылгалардын 71 % на барабар.

·         Өлкөнүн 4,1 % аймагын муз катмар аянты 8076,9 кв. км түзгөн 8 208 мөңгү ээлейт. Мөңгүлөрдүн жалпы көлөмү – 417,5 куб. км. түзөт. Жигердүү түрдө эрий баштагандыктан, мөңгүлөрдүн аянты  20 %га азайган.

·         Кыргызстандын чегинен ашып агып чыккан суу агымынын көлөмү жылына орточо эсеп менен 34 куб. км. ди түзөт. Кыргызстан келишимдер боюнча 24 % сууну пайдаланууга укугу бар, жалпы лимит 11,9 куб. км. ди түзөт.   

·         44 жер алдындагы суулардын  чыккан жери изилденди. Жер алдындагы тузсуз суулардын жалпы камылгасы суткасына 10545,2 тыс. куб. м. түзөт.

·         Өлкөдө жалпы көлөмү 21,1 млрд. куб. м. болгон 12 ири суу сактагыч иштейт.

·         Кыргыз Республикасы экологиялык жактан таза энергиянын ири запастарына ээ. Чоң жана чакан дарыялардын гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 млрд.кВт/саат деңгээлинде бааланат, ал азыр 8–9,5% деңгээлинде гана иштеп жатат.

·         2020-2025-жж. чейин  суу агымынын көбөйүшү күтүлөт, адан ары суу агымы 42-20 куб. км. ге чейин азаят, бул 2000-жылга карата агымдын  44 % дан 88 % га чейинки көлөмүн түзөт.

·         Суунун 90 % ы сугат үчүн пайдаланылат. Бул учурда 80-85 % суу вегетациялык мезгилде пайдаланылат.

·         Ташып жеткирүүдө суунун коромжуга учурашы 30 % түзөт.

Калыс баалоочулардын пикири боюнча Кыргыз Республикасында түзүлгөн кырдаал  кайтарылгыс климаттык өзгөрүүлөрдүн болушуна жакындап келди. Эсептөөлөр көргөзгөндөй, климаттын өзгөрүшүнүн республикага жыл сайын тийгизген экономикалык зыяны 1 350 млн. АКШ долларын түзүшү ыктымал. 

Жакында Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнүн таасиринен келип чыгуучу кесепеттери боюнча өткөрүлгөн изилдөөлөр жана моделдөөлөр 2100-жылга карата жер үстүндөгү суу агымдары 16% дан 38% га чейин кыскарышы мүмкүн экендигин эскертет, бул Кыргызстандын тамак-аш коопсуздугуна коркунуч туудурат жана аймактагы суу мамилелерин курчутат.  

Суу аз болгон жылдары сууга болгон таңсыктыктын күчөшү Кыргызстан үчүн олуттуу көйгөй болуп эсептелет жана көп учурда социалдык чыр-чатак, жаңжалдарга жана экономикалык рецессияга алып келет. Ушуну менен бирге суу ресурстарын натыйжасыз башкаруу көйгөйү бассейндерди башкаруу, сууну берүү, бөлүштүрүү жана пайдаланууну өз ичине алган бардык деңгээлдерде кездешет.

Суу кризиси

1.      1,1 млрд. ашык адамдар коопсуз сууга жете албайт.

2.      Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 40 өлкөсүндө 2 млрд. ашык адам суунун таңсыктыгын башынан өткөрүшүүдө.

3.      Адамзат күнүгө 2 млн. тоннадан ашык чыгарган таштандылар сууга ыргытылат. 

4.      Ар жыл сайын коопсуз суунун жана тазалыктын жоктугунан жаш курагы 5 ке чейинки балдардын 1, 6 млн. го жакыны дүйнө менен кош айтышышат.

5.      Өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн калкынын жарымынан көбү булганган суу булактарынан пайдаланышат, бул оорулардын санын көбөйтөт.

6.      Акыркы он жылдыктагы табигат кырсыктарынын 90 % ы суу менен байланышкан.

         Сууну чектелбестен камсыздай бере турган бекер ресурс катары эсептөөгө бөгөт коюу керек.  Улуттук деңгээлде суу ресурстарын башкарууну өркүндөтүү зарыл.

 

2.Грамматикалык тема: Кыргыз тилинин төл лексикасы жана сырттан кирген сөздөр. Тарыхый сөздөр, архаизмдер, неологизмдер. Кесиптик сөздөр.

Кыргыз тилинин лексикасын тарыхый жактан калыптанышына карай:

1) Төл сөздөрдүн лексикасы;

2) Өздөштүрүлгөн сөздөрдүн лексикасы деп эки чоң топко бөлүүгө болот.

Төл сөздөр деп жалпы элге кеңири тараган, күндөлүк жашоо-тиричилигинде көп колдонулган, нагыз кыргыз тилине мүнөздүү болгон жана тектеш тилдер үчүн орток лексиканы айтабыз. Бирок орток лексикалар тыбыштык жагынан, айтылышы боюнча бирдей боло бербейт. Мисалы: айран-хайран; боо-бо; мейиз-мэйиз; аба-хаба; күн-шүн; жоон-йогун; төрт-дөрт ж.б.

Кыргыз эли өзүнүн өсүп-өнүгүү доорунда көптөгөн элдер менен ар түрдүү алакада болуп келген. Ошонун натыйжасында кыргыз лексикасынын курамында башка элдердин тилдеринен көптөгөн сөздөр келип кирген.

Сырттан кирген сөздөр кайсы гана тилде болбосун эки түрдүү - оозеки жана жазма жол аркылуу келип кирген. Кыргыз тилинин лексикасында да жогорудагыдай жол менен келип кирген сөздөр көп. Оозеки байланыш аркылуу кирген сөздөр ошол тилдин тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташып фонетикалык өзгөрүүгө учурап колдонулган.  Мисалы: 

арабча- кыргызча

хайд-айт, мэктэб-мектеп, мулла-молдо

орусча-кыргызча

ряд-ирет, галош-көлөч; булка-бөлкө; купец-көпөс; кровать-керебет. црковь-чиркөө, самовар-самоор,хозяин-кожоюн;

тажикче-кыргызча

савда-соода; баhа-баа; hунар-өнөр; шаhар-шаар; ж.б.

Натыйжада оозеки келип кирген сөздөр төл сздөрдөн айырмаланбай калган. Ал эми жазма тил аркылуу келип кирген сөздөр тыбыштык жактан анчалык көп өзгөрүүгө учурабайт. Мисалы: спутник, космос, бизнес, офис, маркетинг, грипп, микроб, касса, масса, коллектив, факулътет, декан, группа ж.б.

Сырттан келип кирген сөздөрдү төмөндөгүдөй топторго бөлүп кароого болот:

1. Монгол тилинен кирген сөздөр.

Кыргыз тилинде монгол тилинен өздөштүрүлгөн айбанаттарга, алардын жашына байланышкан: кунан, дөнөн, кунажын, айгыр, бука, жорго, бээ, байтал, буура ж.б.; турмуш-тиричиликке мүнөздүү сөздөрдөн: босого, аяк, капкак, каалга, канжыга, таар, табак, топчу, темене, шибеге, унаа, тегирмен, олжо ж.б.; өсүмдүктөрдүн аттарынан: бүлдүркөн, чычырканак, шыраалжын, долоно, алтыгана ж.б.; коомдук-саясий түшүнүктөрдөн: аймак. арал, арашан, барымта, жарлык, жосун, кошун, черүү ж.б. сөздөрү бар.

Ошондой эле монгол тили менен байланышкан жер-суу аттарын да кездештирүүгө болот. Дөрбөлжүн, Жон-Булак, Ак-Булуң, Коңур-Өлөң, Ак-Өлөң, Арашан, Сарыбулак, Булакбашат, Нарын, Каракол, Акбайтал, Аламүдүн, Коңурташ, Босоготаш, Давансай, Акмойнок ж.б.

2. Иран тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр.

Кыргыз эли иран сөздөрүн Тяньшанга, Фергана өрөөнүнө, Памирге, Гисарга келгенден баштап кабыл алган. Бул жерде кыргыздар иран тилинде сүйлөгөн элдердин бири болгон тажиктер менен тикеден-тике карым-катнашта болушкан.

Иран тилинен кирген сөздөрдү колдонулуш чөйрөсүнө карай төмөндөгүдөй топторго бөлүштүрүп кароого болот:

1) Үй - тиричиликке байланыштуу нерселердин аттары: балта, бакан, канжар, дутар, парда, шейшеп, дасторкон, чынжыр, күкүрт, пиала, дандыр, казан, калбыр, маасы, манат, куржун, кыжым, килем ж.б.

2) Бакчылыкка байланыштуу сөздөр: анар, мөмө, мисте, мейиз, алча, анжир, бадам, нокот, алмурут, бадыраң, бак, тыт, шабдалы, данек, до лоно ж. б.

3) Бакчачылыкка байланыштуу сөздөр: дарбыз, коон, бадыраң, пияз, сабиз, шалгам, түрп, андалек ж. б.

4)   Убакытка, мезгилге байланыштуу сөздөр: дүйшөмбү, шаршемби, шейшемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби, чилде, бешим, куптан, намаз шам ж.б.

3.            Араб тилинен кирген сөздөр.

Араб лексикасы кыргыз тилине тажик, өзбек, уйгур, татар тилдери аркылуу келип кирген, анткени кыргыздар арабдар менен эч убакта жакындан тике байланышта болгон эмес. Арабдар Ортоазияны басып алып, анда үстөмдүк кылып турган мезгилде кыргыздар бул территорияда жок эле. Андан сырткары кыргыз тилиндеги ар бир араб сөзү, ортоазиялык ар бир элдин тилинде кездешет.

Араб тилинен кыргыз тилине кирген сөздөрдүн көпчүлүгү ислам динине байланыштуу сөздөр болуп эсептелинет. Мисалы: дин, молдо, битир, садага, имам, калпа, кудайы, айт, дооран, жаназа, бата, келме, дуба, шайтан, сыйкыр, алла, азан, акырет, ажал ж.б. Диндик түшүнүктөрдү билдирген сөздөрдөн тышкары турмушубузда кеңири колдонулган төмөндөгөй араб сөздөрүн кездештирүүгө болот.

1)  абстрактуу түшүнүктөрдү билдирген сөздөр: сабыр, убада, убайым, айла, амал, дүйнө, сүйүү, кайрат, кубат, маданият, тартип, тарбия, ыклас ж.б.

2)  илим-билимге мүнөздүү сөздөр: сабак, сабат, дарс, илим, кат, макала, арип, адабият, китеп, сүрөт, тарых, мугалим, барак, кагаз, санжыра ж. б.

3)  коомдук-саясий түшүнүктөрдү билдирүүчү сөздөр: аскери мыйзам, өкмөт, султан, укук, мамлекет ж.б.

                   4)   кесипти,        соүиалдык   абалды,    туугандык   катышты
билдирүүчү сөздөр
: аалым, зайып, өкүл, аким, касап, табып ж.б.

4.            Орус тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр.

Кыргыз лексикасынын байышына, өнүгүшүнө орус тилинин тийгизген таасири зор. Орус тили бизге көпүрөлүк кызмат кылуп келет, орус тилин билүү менен, дүйнөлүк илим-билимге, маданиятка жол ачылууда.

Орус лексикасынын кыргыз тилине кириши эки этапка бөлүп каралат:

1) Октябрь революциясына чейин кабыл алынган сөздөр

Бул сөздөрдүн саны анча көп эмес. Негизинен бул сөздөр кебибизге оозеки түрдө өткөндүктөн, тыбыштык өзгөрүүгө учурап, төл сөздөрдөн айырмаланбай калган: меш-печь; ряд-ирет; судья-сот; тюрма-түрмө; счет-чот; волость-болуш; хомут-каамыт ж. б.

2) Октябрь революциясынан кийин орус тилинен кабыл алынган сөздөр коомубуздагы пайда болуп жаткан жаңы түшүнүктөрдү туюндурууда, айрыкча илимий терминологияда кеңири колдонулууда. Мындай сөздөр негизинен жазма тил аркылуу өткөндүктөн, орус тилинде кандай айтылып, жазылса, кыргыз тилинде ошондой колдонулат

           Тилдеги сөздөр бир калыпта турбастан ар дайым жаңыруу, эскирүү процессинде болуп турат. Тил- бул закон ченемдүү нерсе; тил -коомдук көрүнүш, коомдогу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында тилдин лексикалык байлыгы да өзгөрүүгө учурайт. Адамдардын турмуш-тиричилигинде жаңы пайда болгон түшүнүктөрдү, нерселерди атоо үчүн тилдин лексикасы жаңы сөздөр менен тынымсыз толукталып отурат. Ал эми эскирген түшүнуктөргө, көрүнүштөргө, көз караштарга байланыштуу сөздөр тилдин сөздүк курамынан чыгып, ордун жаңы сөздөргө бошотуп берет. Ушуга байланыштуу кыргыз тилинде эскирген жана жаңы лексика бар.

Тарыхый сөздөр    деп    -    учурдагы    кыргыз    тилинин    активдүү лексикасынан    чыгып,    бирок    белгилүү    бир    тарыхый    доордун көрсөткүчү катары тилибизде али колдонулган сөздөрдү айтабыз. Аларды өткөн доорду чагылдырган көркөм адабий чыгармалардан жана  элдик   оозеки   чыгармалардан  кеңири жолуктурууга болот. Мисалы: Элебес-эзелден томаяк адам. (М.Э.) Арам кул, кимдин үйүндө жүрөсүң? (М.Э.) Падыша өкмөтү буларды ар кайсы болуштан милдеттүү кылып жыйнап алган.(М.Э.) Пишпек бекети аталган үтүрөйгөн гана эки жаман там турат. (К.Ж.) Бийлердин сөзү абалы жай, кол жаңдоо менен башталды.(К.Ж.) «Тарткан саадак огундай, Кай бирөөнү карасаң, Жасайыл мылтык тобундай», «Он эки жайсаң ээрчиткен, Ойрон Жолой көрүнөт», «Ак найза колдо койкоюп, Накери бутта чойкоюп» («Манас» эпосунан) ж.б.

Тарыхый   сөздөр   белгилүү  доорду   көрсөтүүчү,   мүнөздөөчү касиетке ээ, ошол себептүү ал сөздөрдү учурдагы башка сөздөр менен атап   берүүгө   мүмкүн   эмес,   алардын   баалуулугу   ошондо.

Архаизмдер.

       Тилдин активдүү сөздүк запасынан чыгып, элдин колдонуусуна ээ болбой калган, бирок анын ордун жаңы маанидеги сөз ээлеген лексикаларды архаизмдер дейбиз. «Архаизм» деген терминди грек тилинен которгондо «эски, байыркы» деген түшүнүктү туюндурат. Архаизм сөздөр аркылуу туюнтулган нерселер, түшүнүктөр мурдагы колдонуудан да, кийинки колдонуудан да жок болуп кетпейт, жашай берет. Бирок алар жаңы сөздөр менен аталып, эски аттары архаизмдерге айланат. Мисалы: Совет бийлигинин алгачкы жылдарында пайда болгон совет, өзгөрүш, төңкөрүш, кеңеш, утуш кагазы, катчы, кооператив, айыл кеңеш, уруят, зоот, от араба, заң, түп киндик, башкарма ж.б. элдин жашоо-тиричилигинде кеңири колдонулган сөздөрдүн көпчүлүгү жаңы мааниге өтүп колдонулууда: совет -кеңеш; домок-чыр-чатак, жаңжал; мунай- күйүүчү май (нефть); шакирт- окуучу; от араба-машина ж. б.

Неологизмдер.

Коомдук турмуштун ар кандай жаңы кубулуштары, жаңы нерселер, түшүнүктөр менен бирге пайда болгон сөздөр, сөз айкаштары же сөздүн жаңы маанилери неологизмдер деп аталат. Жаңы сөздөрдүн же жаңы маанилердин пайда болушу коомдук турмуштагы өсүү-өнүгүү менен тыгыз байланыштуу. Алар күндөлүк байланыш-катышта, басма сөздөрдө кеңири колдонулуп, мааниси эл массасына түшүнүктүү боло баштаганда гана активдүү сөз каражаттарына айланып, неологизм болуудан калат.

Неологизм сөздөр эки түрдүү жол менен пайда болот.

а) Төл сөздүн эсебинен: борбор, мунай, мүдүр, изилдөөчү, өнөр жай, темир жол, уюм, котормо ж.б

б) Башка тилдерден даяр сөздөрдү кабыл алуу жолу менен: спутник, космодром, телевизор, пансионат, лавсан, театр, офис, менеджмент, валюта, акция, рейтинг, коммерция, колледж, модернизация, рейтинг, референдум, спонсор ж.б.

Коомдук турмушубуздагы процесстер кыргыз тилинин лексикасынын өнүгүшүнө да таасир этти. Айрыкча Кыргыз Республикасынын өз алдынчалыкка ээ болушу жана жаңы коомдук түзүлүшкө багыт алышы кыргыз тилинин лексикасында жаңы сөздөрдүн пайда болушуна шарт түздү. Кыргыз тилинин лексиконуна: спонсор, далдал, бармен, бартер, коммерсант, бажыкана, брокер, демөөрчү, дивидент, менеджмент, маркетинг, офис, инвестиция, ишкер, ишкердик, лицензия, улуттук гвардия, купон, мүлк фонду, маркетолог ж.б. сөздөр келип кирди

Андан сырткары кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусуна ээ болушу, тилибиздин өнүгүшүнө, анын бардык жерде пайдаланышына мүмкүнчүлүк ачты. Мурунку орус тилинде аталып жүргөн сөздөрдү которуунун негизинде дагы жаңы сөздөр пайда болду: ыкма (метод), дарыкана (аптека), ашкана (столовая), пайыз (процент), атуул,жаран (гражданин), сапар (визит), ардагер (ветеран), жүгүртмө (расписание), азем (церемония), эмкана (поликлиника), эмдөө (привывка), буйрутма (заказ), мүдүр (директор), дарскана (аудитория) ж.б.

Элибиздин турмушундагы болуп жаткан экономикалык, чарбалык, илимий ж.б. өзгөрүүлөргө байланыштуу көптөгөн кесиптик сөздөр пайда болуп, кепте активдүү колдонула баштады. Мисалы, менеджмент, маркетинг, микро-макроэкономика, каржы, насыя, пайыз деген сыяктуу көптөгөн тармактык кесип сөздөрү кыргыз тилинин кесип лексикасынын курамын байытты.

Илимдин ар бир тармагына тиешелүү өздөрүнүн терминдери бар. Термин латынча terminus («чек») деген сөздөн алынган. Ал илим, техника же искусстводогу белгилүү бир түшүнүктүн атоосун билдирүүчү сөз же сөз айкашы дегенди билдирет.

Кеңири алганда, термин дегенибиз — илимдин, техниканын. искусствонун, айыл чарбасынын жана ар кандай кесипчиликтин атайын тармагындагы бир системага келтирилип, белгилүү бир түшүнүктүн атын так атоо үчүн кабыл алынган, негизинен, бир мааниде колдонулуучу сөз же сөз тизмектери.

Мисалы: Жарлык. буйрук, устав, тезис, агитация, документ ж.б. (коомдук-саясий терминдер), желекче, таажыча, нектар, акырек, муун, чел кабык ж.б. (биологиялык терминдер), фонетика, тыбыш, тамга, сөз, этиш, адабий тил, диалект, говор ж.б. (лингвистикалык терминдер), өндүргүч күч, өндүрүштүк мамиле, капитал, акча жүгүртүү, аудит, насыя, өндүрүш куралы, Бажы биримдиги, Макроэкономикалык туруктуулук, бюджеттин тартыштыгы ж.б. (экономикалык терминдер).

Термин сөздөр да — лексиканын башка түрлөрү сыяктуу эле тарыхый категория, дайыма өзгөрүү, өнүгүү, баюу процессине дуушар болуп турат.

Кээде коомдук өнүгүүнүн натыйжасында мурдатан колдонулуп жүргөн терминдер маанилик жактан жаңырат, такталып, толукталат, терминдер атап турган заттын, түшүнүктүн өркүндөтүлгөн жаңы түрү, формасы пайда болот. Мисалы, банк: улуттук банк — курулуш банкы — ассоциациялык коомдук банк — коммерциялык банк: баа: дүң баа — рыноктук баа — коммерциялык баа ж.б.

Ал эми жаңы коомдук түзүлүштүн, жаңы илимий тармактын пайда болушу менен бирге ага ылайык жаңы терминдик атоолор да пайда болуп, тилдин сөздүк составын тынымсыз байытып турат. Кийинки кездердеги коомдук-саясий ири өзгөрүүлөргө карата тилибиздин сөздүк курамы бир катар коомдук-саясий, экономикалык, чарбалык терминдер менен толукталды: президент, вице-президент, альтернатива, ж.б.

Ушул эле маалда, тескерисинче, коомдук түзүлүштүн өзгөрүшүнө байланыштуу бир катар коомдук-саясий терминдер колдонуудан чыгып, архаизмге айлана баштады: КПСС, СССР, съезд, пленум, комсомол, коммунисттик партия, пионер,  райком, колхоз ж.б.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

1.      Кыргыз тилинин лексикасынын тарыхый жактан куралышынын катмарлары кайсылар?

2.      Кыргыз тилинин төл лексикасы деп эмнени айтабыз?

3.      Өздөштүрүлгөн сөздөр кандай топторго бөлүнөт?

7.      Кыргыз тилиндеги эскирген жана жаңы лексика кандай топтордон турат?

8.      Тарыхый сөздөрдүн баалуулугу эмнеде?

9.      Архаизмдердин мүнөздүү өзгөчөлүктөрү кайсы?

4.  Эскирген сөздөр көркөм адабий чыгармаларда кандай максатта колдонулат?

10.  Неологизмдер деп эмнени айтабыз, пайда болуу булактары кайсылар?

11.  Эмне үчүн сөздөрдүн курамы бир калыпта турбастан ар дайым жаңыруу, эскирүү процессинде болуп турат?

12.  Элибиздин өткөндөгү тарыхый абалын, турмуш-тиричилигин, коомдук-саясий түзүлүшүн, социалдык-экономикалык мамилелерин туюндурган сөздөр эмне деп аталат?

 

Өз алдынча иштөө үчүн темалар:

1.      «Суу сыйлаган – зор болот, суу кордогон - кор болот», деген макалдын маанисин түшүндүрүп, илимий баяндама жазгыла.

2.      Жеңижоктун «Аккан суу», А.Осмоновдун Ысык-Көл жөнүндөгү ж.б. акындардын суу темасына байланышкан ырларын таап, кагазга чыгарып келгиле, андагы философиялык ойлорду чечмелегиле.

3.      Учурда кебибизге жаңыдан кирип, колдонулуп жаткан сөздөрдү катыштырып байланыштуу текст түзгүлө.

4.      Кесибиңерге байланыштуу терминдерден 10 сөз жазып, маанисин түшүндүргүлө. 

 

Тема 6

  1. Лексикалык тема: Кыргыз тарых барактары.  Кыргыздар-байыркы эл.

2.      Грамматикалык тема: Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер, мүнөздүү белгилери, негизги типтери. Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер.

 

Кыргыздар-байыркы эл.

Байыркы кыргыздар тууралуу эң биринчи маалымат кытай тарыхчысы Сыма Цяндын «Щи цзи (Тарыхый жазмалар)» деген эмгегинде берилген. Анда б.з.ч. 201-ж. хунндардын падышасы Модэ шанүй Кыргыз (Гегүнь) империясына жортуул жасагандыгы айтылат[1].

Ири тарыхчы, академик В.В.Бартольд: «Кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринин катарына кирет. Азыркы убакта Орто Азияда турган элдердин ичинен кыргыздар сыяктуу аты тарыхта эрте учураган бир да эл жок болсо керек», - деп жазган[2].

 Орто кылымдардын башындагы кыргыздар жана аларга жакын уруулар жөнүндөгү өтө кеңири тарыхый-этнографиялык материалдар X кылымдын 80 -жылдары жазылган Худуд ал-алам аттуу автору белгисиз географиялык эмгекте камтылган. «Китаб Худуд ал-алам мин ал Машрик ила-л-Магриб» («Чыгыштан батышка карай дүйнөнүн бөлүнүшү тууралуу китеп») - орто кылымдардагы Чыгыш географиялык адабиятынын эң баалуу эстелиги. В.В.Бартольд бул эмгекти кыргыз элинин тарыхы боюнча эң алгачкы кызыктуу булактардын бири деп эсептеген.

Китепте кыргыздар тууралуу бир катар түздөн-түз эскерүүлөр бар. Эмгектин бир бөлүгү «Кыргыз аймагы тууралуу сөз» деп аталып кыргыздардын өзүнө арналган, мындан тышкары коңшулаш аймактар жана элдердин баяндамасында кыргыздар кɵп жолу эскерилет. Мисалы: «…Деңиздердин жана булуңдардын табияты тууралуу айтсам, биринчи — мен жогоруда Чыгыш океан деген ат менен эскерген Жашыл деңиз. Анын узундугу, белгилүү болгондой, түштүктөгү калк жашаган кыйырдан экваторго, Ваквак аралына, Ваквак шаарларына, Чинистан өлкөсүнө жана тогузгуздар менен хырхыздардын шаарларына чейин; Онунчу көл — халлухтардын аймагындагы Туз-Көл. Анда туз бар жана ал жети халлух уруусу үчүн жетиштүү. Он биринчиси — чигилдер менен тогузгуздардын ортосундагы Ысык-Көл. Анын узундугу — 30 фарсанг, туурасы — 20 фарсанг, Барсхан шаары ушул көлдүн жээгинде...Тогузгуздардын чек арасынын башынан, Ысык-Көлгө жакын жерден дагы бир тоо башталат, анын бир тармагы хырхыз урууларынын биринин аймагына барып такалат. Бул тоону Тулас дешет. Бул тоодо киш, боз тыйын чычкан менен жыпардуу эликтер да көп. Түндүк аймакта, кимактардын чек арасы менен хырхыздар жашаган аймактын ортосунда дагы бир тоо жайгашкан. Түндүктөгү   кимактар бул тоону Кандаурбаги дешет. Анан дагы бир дарыя бар, аны Ила дешет. Ал Иргаж-арт тоосунан башталып, түндүккө карай агат да, Ысык-Көлгө келип куят»[3].

      Худуд ал-аламдагы хырхыздар жөнүндөгү маалыматтарга фарс саякатчысы Истахринин Китаб масалик ал-мамалик («Мамлекеттердин жолдорунун китеби») аттуу географиялык эмгегиндеги билдирүүлөр танапташ келет, мында да кыргыздар бир нече жолу эскерилген. Китепте Истахри мындай деп жазат: «Син падышалыгынын узундугу болжол менен үч-төрт айлык жол. Эгер булундун чыга беришинен баштап ислам аймагына — Мавераннахрга чейин жүрсөң, бул болжол менен үч айлык жол болот, а эгер чыгыш чек арадан туура Туббеттеги батыш чек араны көздөй жүрүп, кимактардын жеринин ары жагындагы тогузгуздар менен хырхыздардын жеринен өтүп, деңизге чейин барсаң, бул болжол менен төрт айлык жол болот.

Тогузгуздар, хырхыздар, кимактар, гузздар жана хазлаждар сыяктуу бардык түрктөрдүн тили бир жана бири-бирин түшүнөт. Түрктөрдүн өлкөлөрү бири-биринен айырмаланып турат.  Хырхыздар тогузгуздардын, кимактардын жерлери, океан жана хазлаждардын жери менен чектешкен аймакты мекендешет.  Мавераннахрда жыпар (мускус) бар, аны Мавераннахрдын жашоочуларына Туббеттен жана хырхыздардан алып келишет да андан башка өлкөлөргө алып кетишет. Фергана аймагынын негизги шаары — Шаш дарыясынын боюндагы Ахсикет, аны дубал курчап турат, анын сыртында рабад бар. Андан кийинки чоң шаар — Куба, бардык шаарлардын ичинен эң татынакайы. Анда цитадель, рабад, чоң мечит жана базарлар бар. Андан кийин Ош келет. Бул дубал менен курчалган жандуу шаар, мында цитадель жана эмирдин сарайы бар. Шаар тоого ыктап турат, анда түрктөрдү акмалап тура турган кароол жай бар. Узгенд - Фергананын шаарларынын акыркысы. Анын дубалы, рабады, цитадели, арыктары жана бактары бар. Некад жана Ахсикет аймактарында алтын жана күмүш кендери бар. Туркестандан Узгендге чейин нашатыр тузунун кендери кезигет»[4].

Тарыхта кыргыздар IX-X кылымдын ортосунда ири мамлекет болуп тургандыгы айтылат. Ушул учурда кыргыздардын маданияты гүлдɵп-ɵсүп, ɵздɵрүнүн жазуусу болгон, соода-сатыгы күчтүү ɵнүккɵн мамлекетке айланган. Академик В.В.Бартольд бул доорду «Кыргыздардын улуу мамлекеттик доору» деп атайт[5].

 

Грамматикалык тема:

1.      Кыргыз тилинин фразеологиясы.  Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери.

Фразеология - тил илиминин бир бөлүгү. Гректин «Phrasis» - «түрмөк айкалыш», «туюнтма»  жана «logos» - «сөз, илим» деген сөздөрүнөн алынган.

Тилдеги эки же андан көп компоненттен туруп, пикир алышууда даяр материал катары пайдаланылган, мааниси жагынан ширелишкен бир бүтүндүктү түзгөн, образдуулук касиетке ээ болуп, сүйлөмдө сүйлөм мүчөсүнүн жана сөз түркүмүнүн биринин гана кызматын аткарган туруктуу сөз айкашы фразеологизм деп аталат.

Фразеологизмдерге кыргыз тили абдан бай. Тээ илгертеден эле
ата-бабаларыбыз кептеринде фразеологизмдерди кеңири колдонушкан.
Фразеологизмдердин өзүнө тиешелүү белгилери тɵмɵнкүлɵр:

1)       кепте даяр материал катары колдонулат;

2)       компоненттүү;

3)       маани жактан ширелип, лексикалык бир бүтүндүктө болот;

4)  образдуу;

5)  туруктуу;

6)       сүйлөмдө синтаксистик жактан бир мүчөнүн, морфологиялык жактан бир сөз түркүмүнүн милдетин аткарат.

1) Тилде даяр материал катары колдонулушу - фразеологизмдерге мүнөздүү болгон эң негизги белги. Алар адам сүйлөп жаткан учурда эркин сөз айкаштары сыяктуу (тамак ичүү, кызыл алма, жардам берүү, биринчи китеп ж.б.),  кайрадан түзүлүп отурбастан илгертеден эле кепте тил бирдиги катары колдонулуп, тил казынасына сиңип калган. Мисалы: кол ийрисине тартат, мыйыгынан күлдү, сары майдай сактаган, ташка тамга баскандай, эрдин кесе тиштеди, эшек такалоо ж. б.

2)    Компоненттүүлүгү. Фразеологизмдер эки же андан көп компоненттерден турат. Мисалы: Колу жука, жайыл дасторкон, оозу ачык, ак таңдай, алдына түшүү (2 компонент); ала жипти аттабаган, жумурткадан кыр чыгаруу, куурай башын сындырбоо, жалпак тилге салуу, капталынан күн көрүнүү - 3 компонент; жүргөн жерине чөп чыкпаган, бешиктен бели чыга элек, кара жанды карч уруу, салкын көз менен кароо - 4 компонент;  бармак басты, көз кысты кылуу; мүйүз тилейм деп кулагынан ажыроо; мурдунан эшек курту түшө элек; таман акы, маңдай тери кайтуу; эки бакыр, бир тукур болуп – 5 компонент; ары карап ыйлап, бери карап күлүү; отуну менен кирип, күлү менен чыгуу; оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан; оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук; ооз ачып өпкөн, көз ачып көргөн ж.б. фрaзеологизмдер 6-8 компонент.

3)  Маани жактан  ширелишип  бар  бүтүндүктө  болушу.

Фразеологизмдердин компоненттери маани жактан өз ара ширелишип, фразеологиялык бир мааниге биригишет. Мисалы: жылдызы жарык - сүйкүмдүү; арасынан кыл өтпөгөн - ынтымак; төбөсү көккө жетүү -кубануу; ат тезегин кургатпай - тез-тез; тарс эсинен чыгуу - унутуу ж.б. Бирок бардык эле фразеологизмдерди бир синоним сөз менен алмаштырууга болбойт. Кээ бир учурда алардын маанисин бир нече сөздөр же сүйлөмдөр менен түшүндүрүүгө туура келет. Мисалы: карышкырга кой кайтартуу; кашыктап жыйып, чөмүчтөп чачуу; сакасы алчы конуу; тилинен бал тамуу; түндүктөн түшкөн ууру ж.б.

4)  Образдуулугу. Фразеологизмдер затты же анын белгилерин, кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалын элестүү, таасирдүү, кɵркɵм, образдуу туюндургандыгы менен жөнөкөй сөздөн айырмаланат. Мисалы:

 

Жөнөкөй сөздөр

Фразеологиялык сөздөр

Эч кимге кара санабаган, жамандык ишке барбаган, бирөөнүн бир нерсесине көз артпаган, жоош, момун адам

ала жипти аттабаган,

кой оозунан чөп албаган,

Адилет, бардыгына тең караган калыс адам

кара кылды как жарган,

камырдан кыл сууругандай;

Эпчил, кылдат адам

кара суудан каймак алган

Айлакер

биттин ичегисине кан куйган

Көрө албас, ичи тар, өзүмчүл,

ичине кара таруу айланбайт;

өз көмөчүнө күл тартат;

Кыйкымчыл

кылдан кыйкым табуу; кылдан кыя бастырбоо; жумурткадан кыр
чыгаруу;

Берекелүү күз

Ак төөнүн карды жарылган

Жакшылап издеп, сөзсүз таап кел

«Сары изине чөп салып, жерден чукуп болсо да тап.

 

5)Туруктуулугу. Фразеологизмдердин курамындагы компоненттери бири-биринен ажырабай туруктуу келишет. Компоненттердин бирөөнү эле алып салсак, же ордун которуштурсак, фразеологизмдин мааниси чыкпай калат. Бирок cөздөрдүн кошулуп же кемитилип айтылышы, орун тартиби сакталбаган учурлары да кездешет. Бул негизинен ыр түзүлүшүндө муун өлчөмүн, уйкаштыкты бузбоо үчүн жана көркөм чыгармаларда стилистикалык максатка ылайык колдонулат. Мисалы: 1.«Айтканда тилим албасаң, Бармагыңды бир жерде Кесе тиштеп калаарсың». («Жаныш-Байыш»). 2.«Канаттууга кактырбай, Калкын жоодон сактаптыр. Калың кыргыз коопсуз, Жергесин душман баспаптыр. Тумшуктууга чокутпай, Туурун жоодон cактаптыр».(«Карач-Көкүл» баяны). 3.Ушундай болот деп үч уктаса Танабайдын түшүнө кирди бекен. (Ч.А.)

6) Сүйлөмдө синтаксистик жактан бир гана мүчө, морфологиялык жактан бир сөз түркүмү болушу. Фразеологизмдин составындагы ар бир компонент өз алдынча сөз катары колдонулбай бир маанини билдиргендиктен, ар бир компонент өз алдынча сүйлөм мүчөсү, сөз түркүмү да боло албайт. Мисалы:             1. Кара жаак, жез таңдай, Баары келсин тоюма. («Манас»)- сүйлөм мүчөсү боюнча ээ; сөз түркүмү боюнча заттанган сын атооч;

2. Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен ичип өзөк жалгадык. (М.Э.) - баяндооч жана этиш. 3. Кара кылды как жарган, Кан Бакай сөзүн баштады. («Манас») - аныктооч жана сын атооч. 4. Ачык оозго сөз айтпа, Сырты коозго көз артпа. («Манас») - толуктооч жана заттанган сын атооч. 5.     Ташчайнар менен Акбара башы ооган тарапка бет алышып, кулак уккус, көз көргүс жакка жортуп баратышты. (Ч.А.) - бышыктооч жана тактооч, аныктооч жана сын атооч.

2. Фразеологизмдердин__________ негизги______ типтери.

Фразеологизмдердин үч тиби бар:

1)       фразеологиялык ширешме;

2)       фразеологиялык бирдик;

3)       фразеологиялык айкаш.

Фразеологиялык ширешме. Мында курамдык бөлүктөрү түзүмү жагынан да, мааниси жагынан да өз ара ширелишип, бир бүтүнгө биригип, ар бир түгөйүнүн баштапкы мааниси өз алдынчалыгын жоготот. Мисалы: ат үстүнөн деген фразеологиялык ширешме «үстүртөн», «жеңил-желпи», төбө чачы тик туруу -«коркуу», иттин кара капталынан - «арбын», «мол», ак төөнүн карды жарылган - «береке жайнаган», «бышыкчылык кененчилик», колтугуна суу бүркүү - «бирөөгө каршы шилтеп, тукуруп коюу», «көкүтүү», бөйрөктөн шыйрак чыгаруу - «жок нерселерди айтып таба берүү», «кыйкым таап айыптагысы келүү», итке минип калуу -«томаяк болуп калуу», «аябай жакырлануу».

Фразеологиялык бирдик. Фразеологизмдин жалпы мааниси аздыр-көптүр болсо да компонеттеринин маанилери менен байланышы бар сыякталып сезилген фразеологизмдер фразеологиялык бирдик деп аталат. Буга мисал катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот : эки тамчы суудай -«окшош», кулак мурун кескендей - «жымжырт», күлүн көккө сапыруу - «талкалоо», оозун араандай ачуу - «таңдануу», ыргыткан ташы өйдө кулоо - «иши оңолуу», күйбөгөн жери күл болуу -«ызалануу», күлгө оонаган күчүктөй – «карала-торала, ыпылас», күндүн мурду чыкканда - «эртең менен эрте», эки күндүн биринде, ат тезегин кургатпай- «бат-бат» ж. б.

Фразеологиялык бирдикте фразеологиялык ширешмеге караганда курамындагы сөздөрдүн ортосундагы байланыш бошоңураак. Ошол себептен булардын арасына анча-мынча сөз кошууга жана компонеттеринин бир-экисин башка сөздөр менен алмаштырууга мүмкүн.

Мисалы: куркулдайдын уясын тааптыр - үкүнүн уясын тааптыр; ыргыткан ташы өйдө кулоо - ыргыткан ташы өргө кулоо; төбөсү көккө жетүү - төбөсү асманга жетүү - төбөсү айга жетүү; таяк жеө - токмок жеө; үч уктаса түшкө кирбеген - үч уктаса түштө жок ж.б.

Фразеологиялык ширешме менен фразеологиялык бирдиктин ортосунда жалпылыктар да арбын. Ошол себептен фразеологиялык ширешме менен фразеологиялык бирдикти идиома деген термин менен да белгилешет.

Фразеологиялык айкаш. Жалпы мааниси курамындагы сөздөрдүн эркин жана фразеологиялык жактан көз каранды маанилеринен турган туруктуу сөз айкашы фразеологиялык айкаш деп аталат. Мисалы: кол көтөр, чара көр, тил ал, тилге кир, тилге кел, баш көтөр,  көз  сал,  көз чаптыр,  көз жазгыр,  көздөн кайым  бол,  көз байланганда, кымча бел, кумурска бел, сары майдай сактоо, көкөйүнө көк талкандай тийүү, атагы таш жаруу, үшкүрүгү таш жаруу, ийиктей имерилүү, сүттөн ак ж.б.

3.Фразеологиялык  синонимдер жана антонимдер.

Фразеологиялык синонимдер кыргыз тилиндеги синонимдердин пайда болушунун бир булагы катары эсептелет. Мисалы: бат-тез-дароо-ылдам-чапчаң-көз ачып-жумганча - бир заматта - алеки заматта - каш-кабактын ортосунда - айта-буйта дегиче; сүйүнүү - кубануу- маңдайы жарылуу- кубанычы койнуна батпоо - жүрөгү жарылуу - төбөсү көккө жетүү - чечекейи чеч болуу; өкүнүү - бармагын тиштөө - оозун кармануу; калп-жалган - беш өрдөгүн учуруу; кылдан кыйкым табуу -жумурткадан кыр чыгаруу; күлүн көккө сапыруу - ташын талкан кылуу - тополоңун тоз кылуу; эгиз козудай - союп каптап койгондой; ашкан чебер - колунан көөрү төгүлгөн ; таң кулан өөк атканда - таң супа садык чалганда - таң кылайганда ж. б.

Тилибизде карама-каршы мааниде колдонулган фразеологиялык антонимдер да бар. Мисалы: Бал тилдүү («жагымдуу сүйлөгөн, сөзмөр») - уу тилдүү - («жан кейитип жаман сүйлөгөн, ачуу тилдүү); Башы ачык («кудалашкан, сүйлөшкөн жери жок, сөйкө салынбаган») - башы байланган («кудалашкан, сүйлөшкөн жери бар, сөйкө салынган»); Башы бышкан - башы быша элек; Башын ачуу - башын байлоо; Кабагы ачык - кабагы бүркөө; Ак жүрөк - кара жүрөк ; Көккө көтөрүү - жерге уруу ж.б.

Кыргыз тилиндеги мындай көркөм, кооз, ажайып сөздөрдү үйрөнүп, маанисин чечмелеп, аларды кайра кийинки муунга үйрөтүп окутуу зор мааниге ээ. Фразеологизмдерди терең үйрөнүү менен кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты, адеп-ахлагы, диний ишенимдери жөнүндө маалыматтарга ээ болобуз.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

1. Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери кайсылар?

2. Фразеологизмдердин негизги типтерине мисалдарды келтиргиле.

3. Өз    кебиңерде    кандай    фразеологиялык    синонимдерди, антонимдерди колдоносуңар?

 

Өз алдынча иштөө үчүн темалар:

1.      Фразеологизмдерди катыштырып текст, дилбаян жазгыла.

2.      Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүктөрү, Х.Карасаевдин «Накыл сөздөрү» менен таанышып, тилибиздин кооздугуна көңүл бургула.

 

 

 



[1] Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Б., 2003.

[2] «Кыргыз тилин үйрɵнɵбүз», Б.,1997

[3] «Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары», жооптуу ред. В.А.Ромодин, www.bizdin.kg.

[4] «Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары», жооптуу ред. В.А.Ромодин, www.bizdin.kg.

[5] «Кыргыз тилин үйрɵнɵбүз», Б.,1997

 

 

Тема 7

  1. Лексикалык тема: Мамлекеттүүлүктүн башатындагы инсандар. Өрнөктүү өмүр. Ж.Абдырахманов, А.Сыдыков, И.Айдарбеков, И.Раззаков ж.б.
  2. Грамматикалык тема: Кыргыз тилиндеги маани берүүчү сөз түркүмдөрү. Зат атооч.

1). Сөз түркүмдөрү жөнүндө жалпы түшүнүк.

2). Зат атоочтун жасалышы, синтаксистик милдеттери.

3). Зат атоочтун грамматикалык (жөндөмө, жак, сан, таандык) категориялары.1-модуль боюнча жыйынтыктоо.

 

Лексикалык тема: Мамлекеттүүлүктүн башатындагы инсандар. Өрнөктүү өмүр. Ж.Абдырахманов, А.Сыдыков, И.Айдарбеков, И.Раззаков ж.б.

 

ИСХАК РАЗЗАКОВ                      

Исхак Раззаков (1910-1979) Борбордук Комитеттин биринчи катчысы катары Кыргызстанды жетектеп, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштен кийин өз эли менен бирге татаал жылдардын турмушун башынан өткөрдү. Республиканы согуштан кийинки кыйынчылыктардан чыгаруу, анын өнүктүрүү милдетин алганда, И.Раззаков 35 жашта болучу.

И.Раззаков 1910-жылы Баткен областында туулган. Томолой жетим болуп өcүп, балдар үйүндө тарбияланып, турмуштун кыйла оорчулуктарын башынан кечирген. Бала чагынан эле билимге, китепке умтулган. Улуту кыргыз болсо да, орус, тажик, өзбек тилдеринде жакшы сүйлөгөн. 1931 -жылы Ташкенттеги агартуу институтун аяктап, окутуучу болуп иштейт, андан Москвага, СССР Мамлекеттик планы институтуна окууга жиберилген.

Москвадан кийин И.Раззаков Өзбекстанга кайтып келип, Совнаркомдун төрагасынын орун басары, Өзбекстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы болуп иштеген. 1945-жылы Москванын тапшырмасы менен И.Раззаков Кыргызстанга республикалык партиялык уюмду жетектөөгө келет.

И.Раззаков республиканын илимий-билим берүүсүнүн өнүгүшүнө өзгөчө камкордук көргөн. Ошол жылдары Илимдер академиясы, Кыргыз мамлекеттик университети, Политехникалык институт, Кыргыз кыз-келиндер институту, Ош, Пржевальск пединституттары, Кыргыз дене тарбия институту, көптөгөн илимий жана агартуу мекемелери түзүлгөн. И.Раззаковдун жекече демилгеси жана активдүү катышуусу менен улуттук кадрлар даярдалган. Билимге чаңкаган таланттуу уландар менен кыздар Москванын, Ленинграддын, Новосибирскинин, Омскинин жогорку окуу жайларына жиберилген.

И.Раззаков жетектеп турган мезгилдерде Кыргызстанда маданият менен жалпыга маалымдоо, басма каражаттарын өнүктүрүүдө олуттуу натыйжаларга жетишилген. 50-жылдарда республикада адабият менен искусствонун бардык жанрларында чыгармалар жаралган. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи он күндүгү бүткүл Союзга Кыргызстандын элин, анын маданиятын даңктады. И.Раззаковдун бул Декадада артисттердин, акындардын ийгилигине, кыргыз элинин маданий мурасына чын жүрөгүнөн кубанганын замандаштары көп айтып жүрүшөт.

И.Раззаков кыргыз элинин байыркы тарыхын билүүгө зор салым кошкон, улуттук аң-сезиминин жогорулашына өбөлгө түзгөн. 1946-жылы ленинграддык белгилүү тарыхчы А.Бернштам менен жолугушкандан кийин И.Раззаковдун көрсөтмөсү боюнча Манастын 1000 жылдыгын майрамдоо боюнча демилге көтөрүлгөн. 40-50-жылдарда Москва менен Ленинграддын илимий-маданий борборлорунун көрүнүктүү окумуштууларынын жана коомдук ишмерлеринин катышуусу менен "Манас" эпосун, кыргыз элинин тарыхын изилдөө жана тактоо боюнча бир кыйла иштер аткарылган. 1952-жылы биринчи жолу "Манас" эпосу басылып чыккан, бүткүл союздук илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, "Манас" эпосунун чыныгы элдүүлүгү далилденген.

Исхак Раззаков жеке гана кыргыз элинин эмес, ошондой эле бүтүндөй Орто Азиянын көрүнүктүү инсаны, мамлекеттик жана саясий ишмери болгон.

http://www.sanjira.ru

Иманаалы Айдарбеков

 

http://www.kg.zpress.kg/userfiles/image/%D0%98%D0%BC%D0%B0%D0%BD%D0%B0%D0%BB%D1%8B%20%D0%90%D0%B9%D0%B4%D0%B0%D1%80%D0%B1%D0%B5%D0%BA%D0%BE%D0%B2.jpg Кыргыз мамлекети менен улуттук интеллигенциянын жаралыш жана калыптаныш тарыхында Иманаалы Айдарбековдун өзгөчө орду бар. И. Айдарбеков Кыргызстандын биринчи президенти (Революциялык комиттетин төрагасы) болуп саналат.

        Ал 1894-жылы, азыркы Сокулук районунун Жал айылында, колунда бар, элге таасирдүү, башка жерге сөзү өткөн манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Алгач айылдык молдодон кат тааныган. Ушундан улам жана атасынын акылы менен билим алууга эртелеп умтулган.

        1990-жылы  Пишпектеги айыл чарба окуу жайын бүткөн. Андан кийин Ташкендеги гидротехника мектебинен билим алган. Окууну бүтүрүп келген сон, Пишпек уездинин Архангельскиден жер которуп келгендерди отурукташтыруу башкармалыгынын тилмечи болуп иштеген.

          1912-1918-жылдары болуштукка катчы,1918-жылдан ВКП (б) нын мүчөсү болгон. Кыргыздардын тарыхындагы өтө кооптуу жана ачыктан–ачык козголоң мүнөзүндөгү Аксуу (Беловодское), Нарын козголондорун басууга катышкан. 1918-1921-жылдары Пишпек уездик Кеңешинин Аткаруу Комитетинин төрагасы, андан сон Токмок депутаттар Советинин мүчөсү, анын төрагасы болуп шайланган. Кийин Кыргыз облустук жер иштери бөлүмүнүн башчысы, Жетисуу облустук Аткаруу Комитетинин төрагасы кызматтарында эмгектенген.

          1924-жылдын 14-октябрында Советтердин Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 2-сессиясы РСФСРдин курамындагы Кара Кыргыз автономия облусун түзүү жөнүндө чечим чыгарат. Бул документ кыргыз эли үчүн тарыхый чечим болуп саналат. Анткени мамлекеттикке ээ болуунун, башка элдер менен тең укукта жашоонун алгачкы кадамы ушул документтин кабыл алынышынан башталган. Ушуга байланыштуу аталган жылдын 18-октябрында РКП (б) Борбордук Комитетинин Саясий Бюросу Кара Кыргыз облусунун убактылуу бюросун бекитет. Иманаалы Айдарбеков ушул партбюронун мүчөлөрүнүн бири болот. 1924-жылдын 21-октябрында Кара Кыргыз автономия облусунун Революциялык комитетинин 17 адамдан турган курамы бекитилген. Комитеттин алгачкы төрагасы болуп И. Айдарбеков дайындалган.

1925-жылдын февраль-март айларында Советтерге шайлоо жүргөн. Ал өтө курч жаатташууда, кызыл чеке чыр-чатактар менен өткөн. Бул айыгышкан жаатташуу негизинен эки топтун Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Юсуп Абдрахманов башында турган жаштар аталган санаалаштар менен Рахманкул Кудайкулов, Дүйшөнаалы Бабаханов жетектеген аксакалдар саналган топтордун ортосунда жүргөн. Ушундай кыл чайнаткан курч кырдаалдын айынан айрым болуштуктардагы шайлоолор үзгүлтүккө учураган, уруш чыккан, жаатташкан топтордун адамдары чабышкан фактылар катталган, аткаруу комитеттери күч менен, зордук-зомбулук менен таркатылган, ал жерлерде кайрадан  шайлоолор жүргүзүлгөн. Айыгыша атаандашкан курч кырдаалдан сон, 1925-жылдын 27-30-мартында Кара Кыргыз автономия облусунун биринчи уюштуруу съезди откон. Съезд Кара Кыргыз автономия облусунун Аткаруу Комитетин бекиткен. Аткаруу Комитетинин президиумунун төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган.
А. Орозбековдун шайланышынын бир канча себептери бар. Негизгиси кедей табынын өкүлү, эл менен, жаатташкандар менен жакшы сүйлөшө алган.
Төрагалыкка И. Айдарбековдун кандидатурасы да сунуш кылынган. А бирок, аны жаатташкандар манап тукуму, Москваны уйкудан улам ойготкон “отузчулардын” тобундагылардын адамы, эски бийликке кызмат кылган деген айыптоолор менен четке кагышкан. Абдыкерим Сыдыковдун ойлоп тапкычтыгы бул жолу да утуп кеткен.
           И. Айдарбеков андан кийин ар кандай кызматтарда иштеген. 1926-1929-жылдары Кыргыз АССРинин жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары, 1929-1934-жылдары Юстиция эл комиссары жана республиканын башкы соту болгон. Өтүшкөн катуу оорусунун айынан улам ал кызматынан өз эрки менен кеткен. А бирок, ал кезде кырдаал канжар мизиндей курч болуп калган эле. Арадан үч жыл өткөн сон, 1937-жылдын 4-сентябрында И. Айдарбеков “эл душманы”, “Совет бийлигине каршы турган, аны Кыргызстанда кулатуу иш-аракеттерин жүргүзгөндөрдүн бири, буржуазиячыл улутчул, контрреволюционер” катары камакка алынып, 1938-жылдын 5-ноябрында атууга кеткен. Сөөгү Чоң-Таштагы Ата-Бейитте. 1958-жылы акталган.

 

Грамматикалык тема: Кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрү. Зат атооч

Маселелер:

1.          Маани берүүчү, кызматчы жана өзгөчө сөз түркүмдөрү

2.          Зат атооч сөз түркүмү жөнүндө жалпы түшүнүк, жасалышы, синтаксистик милдеттери.

Маани берүүчү сөз түркүмдөрү: зат атооч; сын атооч; сан атооч; ат атооч; этиш; тактооч.  Булар өз алдынча лексикалык мааниге ээ болуп, зат, сын, сан, кыймыл - аракет жана башкалар жөнүндө толук түшүнүк берет; жеке, өз алдынча сүйлөм же сүйлөм мүчөсү боло алат.

Кызматчы сөздөр: байламталар; бөлүкчөлөр; жандоочтор; модалдык сөздөр.

Кызматчы сөздөр толук түшүнүктү билгизе албайт, сөздөрдү, сүйлөмдөрдү өз ара байланыштырып же аларга кошумча маани киргизип турат, жеке, өз алдынча сүйлөм мүчөсү болуп түшпөйт, аларга суроо да берилбейт. Ошондуктан бул сөз түркүмдөрү кызматчы сөз түркүмдөрү деп аталат. Мисалы: менен, жана, го, да ж.б.

Өзгөчө сөз түркүмдөрү: Сырдык сөздөр менен тууранды сөздөр адамдын ички сезимин билдирет, же ар кандай дабыштарды, көрүнүштөрдү туурап көрсөтөт. Бул топко кирген сөздөр лексикалык мааниге ээ болсо да, грамматикалык жактан өз алдынча турганда синтаксистик кызмат аткара алышпайт. Ошондуктан бул сөз түркүмдөрү өзгөчө сөз түркүмдөрү деп аталат.
 

Заттардын, кубулуштардын, окуялардын, түшүнүктөрдүн аттарын билгизип, жөндөмө, сан, таандык, бир кыйласы жак менен өзгөргөн, сүйлөмдүн ар кайсы мүчөсү боло алган, ким? эмне? деген суроолорго жооп берген сөз түркүмү зат атооч деп аталат.

Зат атоочтор морфологиялык түзүлүшүнө карай тубаса жана туунду, заттарды атоо касиети боюнча энчилүү жана жалпы, адамзаттык жана адамзаттык эмес, табияты боюнча конкреттүү жана абстрактуу, түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт.

Андан ары морфемаларга ажыратууга мүмкүн болбогон зат атооч сөздөр тубаса зат атоочтор деп аталат. Мисалы: ата, бала, кол, баш, тегирмен, Акыл, Сайкал, Нарын ж.б.

Туунду уңгу же бириккен уңгулардан турган зат атоочтор туунду зат атооч деп аталат. Булар курандылар аркылуу же уңгу бирикмелери менен жасалган сөздөр болуп эсептелет. Мисалы: окуучу, жылкычы, китепкана, кийим, таята, кайнага, Ат-Башы ж.б.

Жалпы аттар бир тектеги заттарды, жан-жаныбарларды ж.б. жалпы жонунан бириктире атайт. Мисалы: гүл, дарак, токой, адам, түн, күлкү, тартип, карышкыр ж.б.

Энчилүү аттар кандайдыр бир тектеги заттардын, жан-жаныбарлардын ж.б. ичинен бирөөн бөлүп көрсөтөт, б.а. ал ат ошол затка энчиленип коюлат. Мисалы: Жамийла, Ажар, Данияр, Акбара, Кумайык, Бишкек, Түркия, «Манас» эпосу «Даңк» ордени, Марс ж.б.

Энчилүү аттар жекелик санда гана айтылат, жалпы аттар болсо жекелик жана көптүк санда айтыла берет. Кыргыз тилиндеги энчилүү аттар жалпы аттардан айырмаланып, дайыма баш тамга менен жазылат.

Адамзаттык зат атоочтор дайыма адамды билдирет, же адамга тиешелүү болот да, ким? деген суроого жооп берет. Мисалы: бала, байке, эже, карындаш, жеңе, студент, инженер, комузчу, Алтын, Майрам, Карабагышова ж.б.

Адамзаттык эмес зат атоочтор адамдан башка бардык зат атоочтор болуп, эмне? деген суроого жооп берет. Мисалы: аюу, коён, бүркүт, кызгалдак, булут, суу, бакыт, ой, санаа, Тайтору, Ташчайнар, Буудайык ж.б.

Конкреттүү зат атоочтор көз менен көрүп, кол менен кармап, элестерин, образдарын көз алдыга келтирүүгө мүмкүн болгон заттарды билгизет. Мисалы: алма, жүзүм, таш, кум, чагылган, жалбырак, жип ж.б.

Абстракттуу зат атоочтор көз менен ачык-айкын көрүүгө, кол менен кармап билүүгө мүмкүн болбогон, бирок ой жүгүртүү аркылуу аныктала турган заттык түшүнүктөрдү атайт. Мисалы: акыл, билим, ой, турмуш, мамиле, таасир, адамгерчилик, жакшылык, жамандык, жаңылык ж.б.

Зат атоочтор морфологиялык жана синтаксистик жолдор менен жасалат.

Зат атоочтор синтаксистик жактан төмөнкү милдеттерди аткарат:

Ээлик: Адам бакытты бекер жатып таппайт, эмгек менен табат. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.

Баяндоочтук: Бирдин иши - чөл, миңдин иши-көл.

Толуктоочтук: Ачууну акыл жеңет.

Аныктоочтук: Адамдын акылы бардык нерсени жаратат.

Бышыктоочтук: Айылда эң сонун жаңылыктар болуп жатат.

Зат атоочтун грамматикалык (жөндөмө, жак, сан, таандык) категориялары.

Зат атоочтордун өзүнө гана тиешелүү болгон жөндөмө, таандык категориялары бар. Мындан тышкары сан жана жак категориялары менен да өзгөрөт.

Кыргыз тилинде алты жөндөмө бар. Алар:

 

Жөндөмө

Суроолору, мүчөсү

Мисалдар

Атооч

Ким? Эмне? мүчөсү жок

ата, шаар

Илик

Кимдин? Эмненин? -нын

атанын, шаардын

Барыш

Кимге? Эмнеге? Каякка? Кайда?- га

атага, шаарга

Табыш

Кимди? Эмнени? -ны

атаны, шаарды

Жатыш

Кимде? Эмнеде? Кайда? Каякта? - да

атада, шаарда

Чыгыш

Кимден? Эмнеден? Кайдан? Каяктан? - дан

атадан, шаардан.

 

Кыргыз тилиндеги жөндөмөлөр берген маанилерине карай грамматикалык жөндөмөлөр жана мейкиндик жөндөмөлөр деген эки топко бөлүнөт.

Грамматикалык жөндөмөлөр ар кандай грамматикалык маанилерди билдирет. Мисалы: атооч жөндөмөсү заттарды жөн гана атайт; илик жөндөмөсү заттардын таандык болуп айтылышын шарттайт;  табыш жөндөмөсү заттарды объект кылып көрсөтөт.

Мейкиндик жөндөмөлөрдө турган сөздөр сүйлөмдөрдү кыймыл-аракеттин багытын, турган ордун же башталган жерин билдирет. Мисалы:

 барыш жөндөмөсү кыймыл-аракеттин багытын, барып тиер жерин билдирет;

жатыш жөндөмөсү кыймыл-аракеттин аткарылыш ордун, мезгилин билдирет;

чыгыш жөндөмөсү кыймыл-аракеттин башталыш, пайда болуш ордун, мезгилин билдирет.

Сан категориясы

Зат атооч атооч сөздөр жекелик жана көптүк санда айтылат. Жекелик сан заттын жалгыз экендигин билгизет да, атайын мүчөлөр аркылуу жасалбайт. Ал бир, жалгыз деген сөздөрдүн зат атоочко айкашы аркылуу туюндурулат: бир китеп, жалгыз уй ж.б.

Кыргыз тилинде жекелик жана көптүк санды бири-биринен айырмалап турган грамматикалык каражат көптүктүн -лар мүчөсү болуп саналат. Бул мүчө уңгудагы үндүү, үнсүз тыбыштарга карата өзгөрүп 12 вариантта колдонулат: -лар, -лер, -лор,-лөр, -дар,-дер,-дор,-дөр, -тар,-тер,-тор, -төр. Мисалы: үй-үйлөр, бала-балдар, китеп-китептер, шаар-шаарлар, тоо-тоолор ж.б.

Көптүк маани төмөнкү жолдор менен да берилет:

v  Жалпылоо маанисиндеги сөздөр: эл, мал, калк ж.б.

v  Сан атоочтордун жардамы менен: жүз китеп, отуз киши, миң баш, жыйырма оюнчук ж.б.

v  Кош сөздөр аркылуу: короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы, чай-пай алуу ж.б.

Көп, далай, толгон, бир топ, бир нече деген сөздөр аркылуу: Көп киши келди. Далай жыл өттү. Бир топ иш бүттү. Бир нече убакыт керек.

Жак категориясы. Уланган сөзүнө баяндоочтук милдетти аткартып, ээнин кайсы жакта, кайсы санда турушуна ылайык баяндоочту ошол жакта, ошол санда өзгөрткөн мүчөлөр жак мүчө деп аталат. Сөздүн жак мүчөлөр менен өзгөрүшү жакталыш деп аталат.

Мисалы:
Мен студентмин                       Биз студентпиз

Сен студентсиң                         Силер студентсиңер

Сиз студентсиз                          Сиздер студентсиздер

Ал студент                                Алар студент (студенттер)

Таандык категориясы.

Заттардын кимдир бирөөгө же кандайдыр бир затка таандык болуп айтылыш маанилеринин жыйындысы таандык категориясы деп аталат.

Кыргыз тилиндеги таандык мүчөлөр уюштурган маанилерине карай эки топко бөлүнөт: жакчыл таандык мүчөлөр, жалпы таандык мүчөлөр.

 

Жакчыл таандык мүчөлөр

Зат атоочтордун жакчыл таандык мүчөлөр менен өзгөрүшү

Аягы үнсүз тыбыштар менен аяктаган зат атоочтордун жакталышы

Жактар

Жекелик сан

Көптүк сан

1-жак

-ым (-м)

кызым, колум

-ыбыз (-быз)

кызыбыз. колубуз

2-жак

-ың (-ң)

кызың, колуң

-ыңар (-ңар)

кызыңар, колуңар

2-жак

Сылык түрү

ыңыз(-ңыз)

кызыңыз, колуңуз

- ыңыздар (-ңыздар)

кызыңыздар, колуңуздар

3-жак

-ы(-сы)

кызы, колу

- лары -ы(-сы)-

кыздары, колдору

Аягы  үндүү тыбыштар  менен  аяктаган  зат атоочтордун жакталышы

Жактар

Жекелик сан

Көптүк сан

1-жак

энем, топчум

энебиз, топчубуз

2-жак

энең, топчуң

энеңер, топчуңар

2-жак Сылык түрү

энеңиз, топчуңуз

энеңиздер, топчуңуздар

3-жак

энеси, топчусу

энеси, топчусу, энелери, топчулары

 

Жалпы таандык мүчө бирөө эле: -ныкы. Ал уңгудагы тыбыштарга карай бир нече түрдө өзгөрүп келе берет: мектептики, шаардыкы, уйдуку, Жолондуку, Аалыныкы, Өмүрбектики ж.б.

Жалпы таандык мүчө жакчыл таандык мүчөдөн кийин да жалгана берет.

 

Жактар

Жекелик сан

Көптүк сан

1-жак

кызымдыкы

кызыбыздыкы

2-жак

кызыңдыкы

кызыңыздыкы

2-жак Сылык түрү

кызыңыздыкы

кызыңардыкы, кызыңыздардыкы

3-жак

кызыныкы

кызыныкы, кыздарыныкы

 

Текшерүү үчүн суроолор:

1.      Мамлекеттүүлүктүн башатында кайсы инсандар турган?

2.           И.Раззаков, Ж.Абдырахманов, А.Сыдыков, И.Айдарбеков ж.б. өмүрү өрнөк инсандар тууралуу дагы кандай маалыматтарды билесиң?

3.           Сөз түркүмдөрү деген эмне? Кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрүнүн классификацияларын атагыла.

4.           Сөз түркүмдөрү боюнча схема, таблица, кластер түзгүлө.

5.  Зат атоочтун башка сөз түркүмдөрдөн болгон  өзгөчөлүгү эмнеде?

6.           Зат атоочтун категориялары боюнча өзүңөр мисалдарды келтиргиле.

7.           Лекциянын материалдары боюнча таблица, схема, таяныч сигналдарды түзгүлө.

 

Өз алдынча иштөө үчүн темалар:

  1. Мамлекеттүүлүктүн башатында  турган инсандар тууралуу маалымат топтоп келүү.
  2. И.Раззаков, Ж.Абдырахманов, А.Сыдыков, И.Айдарбеков ж.б. өмүрү өрнөк инсандар тууралуу слайд, фотоальбом жасоо.

Тема 8

1.      Лексикалык тема: Билим-кылым мурасы. Ж.Баласагын. М.Кашгари.

2.      Грамматикалык тема: Сын атооч.  

 

Махмуд Кашгари

Махмуд Кашгари -Орто Азиялык филолог, энциклопедист, окумуштуу болгон. Ал 11-кылымда жашап өткөн. Өмүр баяны жөнүндө так маалымат жок. Махмуд Кашгаринин «Диван-Лугат-ат -түрк» эмгеги бар. Бул эмгек 7500 сөз камтыган түрк сөздөрүнүн жыйнагы болуп эсептелет. Изилдөөчүлөр Махмуд Кашгаринин «Диван-Лугат-ат-түрк» эмгегине жана Караханилерге тиешелүү маалыматтарга таянып, аны 1029-38-жылдардын аралыгында Кашкар шаарында туулган деп эсептешет. Ысык-Көлдүн боюндагы байыркы шаар Барсханда (азыркы Барскоон кыштагы) туулуп, кийин Кашкар шаарына ооп кеткен. Барсхан эмири Хусейин ибн Мухаммеддин уулу, караханийлер тукумунан деген божомолдуу пикир бар. Билимди мусулман калктарынын орто кылымдагы маданий очокторунан болгон Кашкар, Багдад, Бухара шаарларынан алган. Өз заманынын чыгаан филологу, тарыхчысы, этнографы, географы катары таанылган. Кеп жылдар бою түрк урууларынын арасында жүрүп, алардын турмушундагы, көркөм маданияттагы тарыхый, геогр афиялык, этнографиялык, филологиялык өзгөчөлүктөрдү ырастаган бай материал жыйнаган жана алардын негизинде «Диван-Лугат-ат түрк» деген эмгегин жазган. Анын атын илим дүйнөсүнө тааныткан ушул эмгек. Бул эмгегинде тилдик кубулуштар менен фактыларды талдоо үчүн түркология тарыхында салыштырма-тарыхый методду биринчи колдонуп, түрк тилдеринин диалектологиясына негиз салган. Ошондой эле дүйнөнүн өзү түзгөн картасын тиркеген. Анын түзүлүшү азыркы жарым шар формасына туура келет. Махмуд Кашгаринин «Жавохарун-и-навх фи лугати-түрк» (Түрк тилдер синтаксисинин негиздери») деген эмгек да жазганы белгилүү.

 

Жусуп Баласагын “Куттуу билим”

Акылман акын бабабыз Жусуп Баласагындын мындан тогуз кылым мурда жаралган "Куттуу билим"дастаны төрт өзөктөн турат:     

            1. Адилет - Күнтууду өкүм бийликти ак өтөөгө милдеттүү, ак жолду жаза баспас адил, өкүмдар аким ысмы.

            2. Айтолду-өкүмдар акимге ырыс, дөөлөт берээр башкы вазир ысмы.

            3. Акдилмиш - ак караны айра билген, дили ак таза адам.

            4. Өткүрмүш - байлыкка, мансапка кызыкпас, кумарга алданбас касиет ысмы.

Бирди билген - тирик, миңди билген - билик, -дечү экен байыркылар.   Көрсө, бирди билген - тирик -алдындагы ашка каниет кылып, айтканды өтөгөн жөн эле киши экен. Ал эми калк басып өткөн өмүрлөргө даана ой жүгүртүп, мазмуну терең окуяларга катышып, өз тажрыйбасын, үлгү даанышман сөзмөрлөрдүн айткандарын, көрөгөч көсөмдөрдүн билгилигин, өтөгөн жакшы иштерин, эр жүрөк эрен колбашчылардын жортуулда, айкашта эл-жерди коргоодогу эрдик ыкмаларын көрөгөчтүгүн, айкөлдүгүн, чебер устаттардын, зергерлердин, ажалга айла тапкан табыптардын эмин, деги адамдагы бардык билгиликти, дурус касиеттерди соңку муундарга таалим кылып, жаман терс иштерден сактануу менен алдыңкы басар жолго жарык берер кутту, илим-билимдин касиеттүү шам-чырагын өзүнө жол көрсөтөр жобо туткан адам - билик. Ал куттуу илим билимге ээ экен.

        Бардык жакшылык, илим-билим куттуулукта болот тура. Кут качканы бактысыздык экен го. Кут касиети кеп-сөздө, илим-билимде деген ишенимге биротоло ынанабыз.

            Биздин ата-бабалар дал ушундай куттуу, касиеттүү сөздөрдөн тарбияланып таалим алган, ал жагымдуу жана таасирдүү таалимдин жибек учугу урпактан урпакка уланып, биздин күнгө жеткен. Буга бүгүн өзүңөр окуп жаткан “Куттуу билим” дастаны айкын күбө!

             "Куттуу билим" дастанынан үзүндүнү окуп, жаттап алгыла.

 

                        Окуу менен билимдин пайдасы жана

                        өзгөчөлүктөрү баяндалат.

                        Айткым келди, о акылман, сөз жайын, -

                        Окуу, билим пайдасынан баштайын.

                        Окуу - түндө, алдыңдагы шам чырак,

                        Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.

                        Окуу, билим, көп нерсеге жеткирет,

                        Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.

                        Сокур дешет билимсизди - жөн дебе,

                        Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.

                        "Билим менен - деп айтыптыр акылман,

                        Күнөкөр да тозокто оттон кутулган".

                        Мыйзам жүрүп, эл байыды абыдан,

                        Жакшы ат алып, доорон сүрдү ал улам.

                        Ана бөөбөк жашы толуп жете элек,

                        Окуш үчүн кантип калам көтөрөт.

                        Болсо эгер, ал билимдү- кары чал,

                        Унут болоор алган билим, дени шал.

 

                        Кеңңкелести ким  элеске алуучу,

                        Өлүм болот андайлардын дарысы.

                        Акылы бар адамдар асыл дешет,

                        Билим күчү бектерге өтө керек.

                        Адамдар ар нерсеге жетиш үчүн,

                        Жумшаган колдун күчүн, илим күчүн.

                        Жеткирди миң-миңдеген ачылышка,

                        Сага даңк илим күчү - урмат сага!

 

2.Грамматикалык тема: Сын атооч.   

Маселелер:

 

1.            Сын атооч сөз түркүмү жөнүндө жалпы түшүнүк.

2.            Сапаттык жана катыштык сын атоочтор.

3.            Сын атоочтун даражалары, жасалышы, сүйлөмдө аткарган милдеттери.

 

Зат, буюм-тайым, нерсе, кубулуш, көрүнүш жана башкалардын сын-сыпатын, өңү -түсүн, даамын, тулкусун, кебетесин, көлөмүн, ченемин же башка белгилерин көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөрдү сын атоочтор дейбиз.

Мисалы: Кыргызстанда бийик тоолорго чыгуу туризми өнүккөн. Жакшы кыз -жакадагы кундуз, жакшы уул - көктөгү жылдыз. Жылуу сөз жыланды ийининен чыгарат. Жылуу сөз жылытат, суук сөз муздатат.

Сын атоочту башка сөз түркүмдөгү сөздөрдөн айырмалап турган мүнөздүү белгилери:

*                 Сын атооч сөздөр  даража категориясы боюнча өзгөрөт: кызыл, кызылыраак, кыпкызыл, кызгылтым, кызгылт, өтө кызыл, эң кызыл, аябай кызыл; ак, аппак, агыш, агылжын, аябай ак, өтө ак, чымкый ак ж.б.

*                 Сын атоочтун өзүнө гана тиешелүү куранды мүчөлөрү бар. Мисалы: -луу: билимдүү, сырдуу, айлуу; -сыз: адилетсиз, көлсүз, малсыз; -дай: тоодой, күндөй, оттой, суудай; -гыч: билгич, сезгич, тапкыч ж.б.

*                 Сын атооч зат атооч менен  атоочтуктардан  айырмаланып,  нагыз  сын  маанисинде турганда жөндөмө, таандык категориялары менен өзгөрбөйт.  Бул   өзгөчөлүктү төмөнкүдөй таблица менен көрсөтсөк болот:

*                  

 

Жөндөмөлөр

Сын атооч

Зат атооч

Атооч

кызыл

алма

Илик

кызыл

алманын

Барыш

кызыл

алмага

Табыш

кызыл

алманы

Жатыш

кызыл

алмада

Чыгыш

кызыл

алмадан

 

Көрүнүп тургандай, кызыл алма айкашынын «кызыл» түгөйү өзгөрүүсүз калып, «алма» түгөйү гана жөндөмө мүчөлөрү менен өзгөрдү.

*      Сын атоочтун жөндөлүшү затташкан учурда гана ишке ашат. Мисалы:

А. кызыл, акылдуу, сулуу, улуу, кичүү.

И. кызылдын, акылдуунун, сулуунун, улуунун, кичүүнүн.

Б. кызылга, акылдууга, сулууга, улууга, кичүүгө.

Т. кызылды, акылдууну, сулууну, улууну, кичүүнү.

Ж. кызылда, акылдууда, сулууда, улууда, кичүүдө.

Ч. кызылдан,акылдуудан, сулуудан, улуудан, кичүүдөн.

*               Сын атоочтор -лар мүчөсү менен өзгөрбөйт. Затташкан сын атоочтор гана кабыл алат. Мисалы: Кызылдар актар менен болгон согушта жеңишке      жетишти.

*                 Сын атоочтор зат атоочтор менен айкаша келип, сүйлөмдө аныктоочтук милдетти аткарат.

Сапаттык жана катыштык сын.

Сапаттык сын атоочтор төмөндөгүдөй маанилерди билгизет:

*                 Өң-түс   жагынан   өзгөчөлүктөрдү:   ак,   кара,   кызыл, кочкул, сары чийкил, мала кызыл, кара көк ж.б. Мисалы: Кара көк тарткан асман күн жаарынан кабар берди. Көлөм, өлчөм, салмак сыяктуу белгилерди: чоң, кичине, оор, жеңил, бийик, узун, кыска, кен, тар, кууш, жука, калың, терең, тайыз, бүкүр, жантык, ийри, кыйшык, кыңыр, чалыр, жалпак, тоголок ж.б. Мисалы: Дөөлөт тоголок болот, мээнет жалпак болот. Тоголок кызыл даны бар, Токчулук буудай жана бар. Бийик тоого чыксаң көз өңц ачылат, Жакшы менен сүйлөшс     көңүлүң ачылат. Бийик тоону жанынан көр, башына чыкпа.

*                 Даам-татым,   жыт  сыяктуу  белгилерди:   таттуу,   ачуу, кычкыл, кыйгыл, кермек, сасык, жыттуу ж.б. Мисалы: Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болор.

*                 Кулк-мүнөз, адеп-ахлакка тиешелүү белгилерди: коркок, өткүр, жоош, момун, чатак, тентек, шок ж.б. Мисалы: Билимдүүнүн сөзү өткүр, Мергенчинин көзү өткүр.

Жакшынын бир аты бар -жоош, бир аты -момун. Жамандын бир аты бар-залим, бир аты-зулум.

*     Ысык-суукка   байланыштуу   белгилерди:   ысык,   суук, мээлүүн, муздак, жылуу, ыкчам ж.б. Мисалы: Түн ортосу, аба салкын, ай жарык.

Катыштык сын бир затты башка бир заттын өзүнө, ордуна, мезгилине, мамилесине, мүнөзүнө, алака-катышына ылайык аныктайт, уңгуга ар кандай сөз жасоочу мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу ар башка түркүмдөгү сөздөрдөн жасалат.

Мисалы: Малдуу адам - малдын мол болуш өзгөчөлүгүнө карай аныкталды.

Жазгы жумуш - мезгилдик жактан аныкталды.

Тоолуу аймак - географиялык жактан аныкталды.

Катыштык сын атоочтун маанилери да ар башка:

*     Мезгилдик түшүнүктү белги катары көрсөтүүчү катыштык сын атоочтор. Алар мезгилди билгизүүчү сын атоочтон, тактоочтон жасалат: кышкы, түнкү, жайкы, жазгы (зат атоочтон жасалды); жазындагы, күзүндөгү, эртеңки, бүгүнкү (тактоочтон жасалды). Мисалы: Эртең мененки муздак сууга жуунуу пайдалуу. Бүгүнкү көргөн эртең жок.

*        Негиз аркылуу туюндурулган заттын бар же жок экендигин белги катары туюндуруучу катыштык сын атоочтор. Мисалы: Балалуу үй -базар, баласыз үй -мазар. Балалуу үй - бактылуу үй.

Кыргыз тилинде сын атоочтун төмөнкүдөй даражалары бар:

1.     Жай даража.

2.     Салыштырма даража.

3.     Күчөтмө даража.

4.     Басаңдатма даража.

Жай даража заттардын кадимки норма катары таанылган белгилерин билгизет,  уңгу же негиз түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу туюндурулат. Мисалы:

Таянарың болбосо, таамай сөздөн пайда жок.

Тар жерден аш жегиче, кең жерден муш же.

Тартылбаган тил таттуу турмушту бузат. ж.б.

Басаңдатма даража. Заттагы белги нормалдуу белгиге жете бербегендигин билдирет да, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:

-ыш: ак - агыш, көк - көгүш;

-гыл: кир -киргил, сары - саргыл;

-ылжын: көк - көгүлжүн;

-ылтыр: көк - көгүлтүр;

-гыч: сары - саргыч;

-гыл: сары - саргылт, сур - сургулт;

-гылтым: кызыл - кызгылтым ж.б.

Салыштырма даража. Заттагы белги нормалдуу белгиге караганда айырмалуу экендигин билгизет да, эки зат өз ара белгилери боюнча салыштырылат. Ал заттардын бири атооч жөндөмөсүнүн, экинчиси чыгыш жөндөмөсүнүн формасында берилет. Салыштырма даража -ыраак мүчөсү уланган түрдө же ансыз эле колдонулат.

Күчөтмө даража. Заттагы белги нормалдуу белгиден өтө эле айырмалуу экендигин көрсөтөт да, төмөнкүдөй жолдор менен жасалат:

1. Эн, абдан, өтө, аябай деген бөлүкчөлөрдүн кошулуп айтылышы менен жасалат. Мисалы:

Мугалимдик кесип - өтө татаал кесип.

Өтө жаш өлүм өкүнтөт.

Эң ачуу да тил, эң таттуу да тип.

Өтө кызыл тез оңот.

2.Сын атооч сөзгө анын башкы муунунан кыскартылып, п тыбышын кошуп жалгоо аркылуу: кызыл -кыпкызыл; сары - сапсары; кара - капкара; узун - упузун ж.б. Мисалы:

Кырман сапсары данга толду.

Күз келип, сапсары жалбырактар жерге түштү.

Бир кучак аппак сакалы,

Ак кар кийген чапаны.

Он эки айда бир келген,

Билесиңби атаны?

4. Сын атоочтун морфологиялык жол менен жасалышы.

Сын атооч бир катар куранды мүчөлөрдүн жардамы менен морфологиялык жол аркылуу да жасалат.

-луу мүчөсү: Тартиптүү бала - эстүү бала.

Акылдуу адам көптү билиш үчүн окуйт, майда адам   көпкө билиниш үчүн окуйт.

Аныздуу жерде aт өлбөйт.

Көздүү мончок жерде жатпайт.

-сыз мүчөсү:

Талапсыз өмүр - эч нерсеге татыксыз өмүр.

Иретсиз иште ийгилик жок.

Оймоксуз аял болбойт.

Эмгексиз киреше - бетке чиркөө.

Тоосуз жер болбойт, доосуз эл болбойт.

 -дай мүчөсү:  Мисалы: Кесепеттүү манаптан кенедей да пайда таппадык. Укмуштай кооз ажайып жерде жашаганыма сыймыктанам!

Сын атоочтун синтаксистик жол менен жасалышы

Экиден кем эмес түзүүчү менен жасалган сын атоочтор синтаксистик жол менен жасалган болот. Мындай сын атоочтор татаал сын атоочтор деп аталат.  Кош сын атоочтор жана кошмок сын атоочтор деп жалпысынан эки топко бөлүнөт.

Кош сын атоочтор: алдуу-кучтүү, бийик-жапыз, кызыл –тазыл, ак-кара, улуу-кичүү, жылуу-жумшак, эски-уску, майда – чүйдө, одур-будур ж.б.

Кошмок сын атоочтор: кара күрөң, ак саргыл, мала кызыл,  ак саргыл, кара ала, кара тору, кара ала; кара көз, кара каш, ак көңүл, ак пейил;

Сын атооч нагыз сын атоочтук мааниде турганда аныктоочтук милдетти аткарат. Мисалы:

Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет.

Жакшы сөз - жарым дөөлөт.

Жакшы сөз таш эритет, жаман сөз баш оорутат.

Жазгы жамгырга ишенбе, кышкы күнгө ишенбе.

Жакшы мугалим түзөйт, жаман мугалим көзөйт.

Сын   атооч   кээде   жыйынтыктоочу   ойду   билдирип, сүйлөмдүн аягында келсе, баяндоочтук милдетти аткарат:

Акылдуунун сөзү кыска, айта салса нуска.

Кыздын кырк чачы улуу.

Ар кимге өз жаны кымбат.

Сөздүн кыскасы жакшы,

Аркандын узуну жакшы.

Арык кой тырышчаак, ач киши урушчаак.

Сын атоочтор заттык маанини билдирип, сүйлөм ичинде ээлик милдетти да аткарат:

Арык семирет, ач тоюнат.

Жаш күчү менен, кары кеңеши менен барктуу.

Билими күчтүү минди жыгат,

Билеги күчтүү бирди жыгат.

Aт жакшысы жолдо сыналат,

Дос жакшысы айыгышкан жоодо сыналат.

               Затташкан сын атоочтор толуктоочтук милдетти аткарат. Жакшыга жанаш жамандан адаш. Жакшыга жут жок, жаманга кут жок. Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз.

Жакшыга айтсан билет, Жаманга айтсан күлөт. Жакшыга жакын болсоң, колун асманга жетер, Залим менен жакын болсоң, башың жерге кирер.

Сын атоочтор кээде этиштер менен айкашып, бышыктооч да болот. Мисалы: Таалайга дилгир элимдин тарыхын кенен жазбасам.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

1. Махмуд Кашгари ким болгон, кандай эмгектери бизге белгилүү?

2. Жусуп Баласагындын дастаны эмне үчүн "Куттуу билим" деп аталат? Бул китеп канча бөлүктөн турат экен?

3. Сын атоочтор башка сөз түркүмдөрүнөн кандай белгилери боюнча айырмаланат?

4. Сапаттык жана катыштык сын атоочтордун айырмасы эмнеде?

5. Сын атоочтун даража категориясы жөнүндө айтып бергиле.

6. Сын атоочтор морфологиялык жана синтаксистик жолдор менен кандай уюшулат?

7. Сын атооч сөздөрдүн сүйлөмдө аткарган милдеттери жана аларды мисалдар менен далилдегиле.

 

Өз алдынча иштөө үчүн темалар:

1.           Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын тууралуу маалымат топтоп келгиле

2.           Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын тууралуу слайд, буклет жасагыла.

3.           Сын атооч сөздөрдү катыштырып «Билим-кылым мурасы» деген темада эссе жазгыла.

4.           Сын атооч боюнча таблица, схемаларды түзгүлө.

5.           Сын атоочту жасоочу курандыларга мисалдарды келтирип карточкаларды түзгүлө.

 

 

 

 

Тема 9

1.      Лексикалык тема: Кыргызстандагы илим-билим. Жогорку окуу жайлары. КЭУ-менин тандоом.

2.      Грамматикалык тема: Сан атооч, маанилик топторго бөлүнүшү, жасалышы.

 

 

КЕСИПКЕ ДАЯРДОО

Жаштардын арасында эң маанилүү болуп кесипке даярдоо эсептелет. 2012-жылдын январь-ноябрь айларында кесипке окутууга 1378 адам жөнөтүлсө, анын ичинен 766сы жаштар. Эмгек рыногунда суроо-талапка жооп берген 50дөн ашык адистиктер бар. Алар – эсепчи, ашпозчу, тигүүчү, бычмачы-тигүүчү, айдоочу, чач тарач, курулуш адистиги жана башкалар. Азыркы учурда жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына жооп бериш үчүн көпчүлүгү бир нече адистик алууга умтулушууда. Жумушсуз жарандарды адистикке даярдоо профлицейлерде жана коммерциялык окуу жайларда жүргүзүлөт. Жумушсуздукка каршы көрүлүүчү мыкты чара болуп – учурда туура кесип тандоо. Өлкөдө эң биринчи көйгөй – бул жумушсуздук. Жумуш бар, жөн гана туура кесип тандоо керек. Статистикалык маалыматтарга караганда ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн 25 пайызы гана адистиги боюнча ишке орношот. Ошол эле учурда кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусу 72-78 пайызды түзөт. Жаштардын кесип тандоо маселесине кайрыла турган болсок, баары эле кадыр - барктуу делген кесиптин ээси болууну каалашат. Кесипти тандаарын тандап алышып, андан ары иштеп кете алабы? – деген суроо туулат. Эл арасында айтылып жүргөн “таш ыргытсаң, юрист менен экономисттин башына тиет” деген кеп да жөн жеринен пайда болгон эмес. Ошондуктан учурда мамлекетке керектүү болгон тигүүчү, электрик, шыбакчы, тракторист, үй куруучу жана башка ушул сыяктуу кесиптерге жаштар барып окуй турган болсо, мамлекетти кыйнап, өзү да кыйналып башка мамлекетке мигрант болуп кетпестен өз өлкөсүндө кызмат кылат.

 

 

Маселелер:

1.           Сан атооч сөз түркүмү боюнча жалпы маалымат.

2.           Сан атоочтун маанилик топторго бөлүнүшү.

3.           Сан атоочтордун жасалышы.

1. Сан атооч заттардын (кээде кыймыл - аракеттердин) сан жагынан белгисин - жакталган санын (миң кой, кырк киши, жүз өрдөк ж.б.) же сан жагынан чамаланышын (он миңдей китеп, беш миңче уй), болбосо эсептөөдөгү катар ордун, иретин (1-, 2-, 3-) билгизет. Бул учурда ал сын атооч сыяктуу эле жөндөмөлөр менен жөндөлбөйт, таандык категориясы менен өзгөрбөйт. Синтаксистик жагынан да мүнөздүү түрдө зат атооч менен айкашып - аныктоочтун, кээде этиш менен айкашып, бышыктоочтун милдетин аткарат. М: Жүз кишинин ортосуна от жаккан адам бир кишини оң жолго салган адамдын тырмагынан айлансын. Эки адам чатакташса, алардын акылдуусу айыптуу. Ал сени издеп төрт келди.

Сан атоочтор маанилериндеги жана грамматикалык жаратылышындагы айрым өзгөчөлүктөрүнө ылайык алты топко бөлүнөт: эсептик сан, иреттик сан, жамдама сан, чамалама сан, бөлчөк сан, топ сан.

1. Заттардын, кээде кыймыл - аракеттин санын, өлчөмүн, билгизип, сөз өзгөртүүчү системасы менен өзгөрө албаган, бирок эсептик түшүнүктүн аталышын туюндурса жөндөмөлөр менен жөндөлүп, таандык категориясы боюнча ырааттуу өзгөрбөгөн, көбүнчө аныктоочтун милдетин аткарган сан атоочтор эсептик сан атоочтор деп аталат.

М: Чарбада жүз миң кой, беш жүз уй бар. Ат баспайм деген жерин жүз басат. Биз дарыядан чыктык жол менен, Алты миң төрт жүз кол менен («Манас»).

2.   Иреттик сан атоочтор заттардын сан жагынан катар
иретин көрсөтүп, -ынчы мүчөсү аркылуу жасалат. Аягы үнсүз
менен бүткөн сөзгө жалганса, мүчөнүн башкы тыбышы
түшпөйт: биринчи, үчүнчү, кыркынчы, тогузунчу же экинчи,
алтынчы, элүүнчү ж.б.

Бул мүчө татаал эсептик сандын акыркы сөзүнө жалганат: он биринчи, жүз элүү төртүнчү, кырк бешинчи.

Иреттик сан атоочтор өтө сейрек болсо да этиштер менен айкашып, кыймыл-аракетттин неченчи экенин көрсөтөт. Мисалы: Ал күнкү чоң жарышта Тайбуурул биринчи болуп келди. Терең сырымды сага биринчи айттым.

Сүйлөм ичинде иретик сан атоочтор аныктоочтун, кээде бышыктоочтун милдетин аткарат да, форма жактан өзгөрүүгө учурабайт.

3.   Жамдама сан. Сан атоочтун бул тобу сегизге чейинки
эсептик сан атоочторго -оо, -өө мүчөлөрүнүн жалганышы
аркылуу жасалат. Аягы үндүү менен бүткөн сөздөргө бул
мүчөлөр уланганда сөздүн аяккы үндүү тыбышы түшүп калат: бирөө, үчөө, төртөө, бешөө же алтоо, жетөө.

Жамдама сан атоочтор өтө жалпыланган түрдө болсо да, заттык маанини билдиргендиктен, жөндөмөлөр менен жөндөлөт. Мисалы:

Атооч. Экөө, алтоо

Илик. Экөөнүн, алтоонун

Барыш. Экөөнө, алтооно

Табыш. Экөөнү, алтоону

Жатыш. Экөөндө, алтоондо

Чыгыш. Экөөдөн, алтоодон

4. Чамалама сан. Мындай сан атооч заттардын санын так, ачык-айкын билгизбестен, болжолдоп, чамалап билгизет, морфологиялык жол менен да, синтаксистик жол менен да жасалат.

Морфологиялык жол менен жасалышында төмөнкү мүчөлөр менен уюшулат.

-ча: кыркча, элүүчө, миңче ж.б.

-дай: кырктай, ондой, жүздөй ж.б.

-лаган: ондогон жүздөгөн, миңдеген ж.б.

-лар: бештерде, отуздарда ж.б.

Чамалама сандын синтаксистик жол менен жасалышында уңгу түрүндөгү эсептик санга чакты, чамалуу сөздөр айкалышат: он чакты бала, миң чамалуу китеп, жүз чамасында адам.Бир өгүз арабага да он чакты кап менен эгин салышып, аны да пристанга узатышты.(Ч.А.)

Чыгыш жөндөмөсүндөгү эсептик санга ашык, ашуун, көп, кем, аз деген сөздөр айкашат: миңден ашуун, он миңден көп ж.б.Биздин өлкөдө жүздөн ашуун улут жашайт.

Барыш жөндөмөсүндөгү эсептик санга жакын деген сөз айкашат: Жер жүзүндө 8500 гө жакын түрдүү куш бар ж.б.

Эсептик санды катар колдонуп, кош сөздөр тибине келтирүү аркылуу. Мындай учурда алардын алгачкысы кичине санды, кийинкиси чоң санды билгизүү керек: 10-15, 40-50 ж.б.

5.   Бөлчөк сан. Мындай сан атоочтор бир бүтүн нерсенин
канча бөлүктөргө бөлүнгөнүн, анан бөлүктөрдүн канчасы
жөнүндө сөз болуп жаткандыгын билгизүү зарылдыгынан келип
чыккан. Мисалы: төрттөн үч, экиден бир ж.б.

6.   Топ сан. Бир өңчөй заттардын канчадан бир топко
бириктирилгендигин      билгизет. Мисалы: экиден, үчтөн, ондон, он-он бештен ж.б. Топ сан атооч чыгыш жөндөмөсүнүн формасында тургандыктан, башка сөз өзгөртүү системалары менен өзгөрбөйт. Сүйлөмдө бышыктоочтук милдетти аткарат.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

1.  Сан атоочтордун башка сөз түркүмдөрүнөн айырмасы кандай?

2.            Сан атоочтун түрлөрү. Алардын ар бирине токтолгула. Мисалдарды келтиргиле.

4.           Синтаксистик жол менен жасалган сан атоочторго мисалдарды келтиргиле.

5.           Лекциянын материалдары боюнча таблица, схема, кроссворд, сканворддорду түзгүлө.

 

Өз алдынча иштөө үчүн темалар:

1.           Затташкан сан атоочтордун жөндөлүшү жана жакталышы.

2.           Сан атооч сөздөрдү катыштырып экономикалык темада эссе, түрдүү карточкаларды, ребустарды түзгүлө.

3.           Сан атоочтор катышкан табышмак, макал-лакап, жаңылмачтардан жазгыла.

Тема 10

«Китеп – билим булагы» Улуттук китепкана. Ат атооч, маанилик топторго бөлүнүшү. Ат атоочтун жөндөлүшү, жак жана таандык категориясы боюнча өзгөрүшү.

 

Маселелер:

1.           Ат атооч сөз түркүмү боюнча жалпы маалымат.

2.           Ат атоочтун маанилик топторго бөлүнүшү. 

 

Затты же анын белгилерин атабай туруп, аларды жалпы мааниде көрсөтүүчү сөздөр ат атоочтор деп аталат. Ат атоочтун негизги мүнөздүү өзгөчөлүгү-маанисинин абстракттуулугу жана жалпылыгы. Ат атооч сөз кайсы сөз түркүмүнүн ордуна колдонулса, ошол сөз түркүмүнүн суроосуна жооп берет жана ошол сөз түркүмүнүн грамматикалык категориялары менен өзгөрүүгө учурайт.

Ат атоочтордун морфологиялык өзгөчөлүгү катарында жөндөлгөндө, алардын кээ бирөөлөрүнүн уңгусунун өзгөрүп кетишин гана атоого болот. Мисалы: мен, менин, мага, мени, менде, менден; ал, анын, ага, аны, анда, андан ж.б.

Ат атоочтор мүчөнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалбайт. Татаал ат атоочтор гана сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалат. Мисалы: алда кандай, алда не, ар ким, кайсы бир, кимдир бирөө, эч кандай, эч ким, эч качан ж.б.

Ат атоочтор маанисине карай 6 топко бөлүнөт:

*      Жактама ат атоочтор: мен, биз (1-жак); сен,сиз, силер, сиздер(2-жак); ал,алар (3-жак). Кыргыз тилинде сөзгө тике жана кыйыр түрүндө катышуучу үч жак бар. 1- жана 2- жак (мен,сен) сөзгө тике катышат, 3-жак (ал) кеп процессине катышпайт.

*      Шилтеме ат атоочтор бир өңчөй заттардан же түшүнүктөрдүн ичинен бирөөнү бөлүп көрсөтөт. Кыргыз тилиндеги ат атоочтор толук жана кыскартылган формада кездешет: бу-бул, ушу-ушул, ошо-ошол, тиги-тигил. Кыскартылган формага -л тыбышынын жалганышы менен толук форма уюшулат.

*   Сурама ат атоочтор: ким? эмне? кандай? кайсы? канча? нече? кайда? кана? кайдан? качан? белгисиз затты же сандык жана сапаттык белгилерди аныктоо үчүн колдонулат.

Сурама ат атоочторду алар жоопту талап кылган маанилерге карата өзүнчө топторго бөлүүгө болот:

1.         Жооп катары зат атоочторду талап кылган сурама ат атоочтор: ким? эмне? жана булардын өзгөргөн бардык формалары.

2.         Жооп катары сын атоочторду талап кылган сурама ат атоочтор: кандай? кайсы?

3.         Жооп катары сан атоочторду талап кылган сурама ат атоочтор: канча? нече? канчанчы? неченчи? канчоо? нечөө?

4.         Жооп катары тактоочторду талап кылган сурама ат атоочтор:   кайда? кайдан? качан? кана?

5. Жооп катары этиштерди талап кылган сурама ат атоочтор: эмне кылып жатат? эмне болду? эмне болот? эмне кылат? ж.б.

*      Аныктама ат атоочтор бир өңчөй заттарды, түшүнүктөрдү жалпылап бир топко

бириктирип же топтон жалгыздатып бөлүп көрсөтөт. Алар берген маанилерине жараша жалпылагыч, жиктегич жана өздүк болуп үч топко бөлүнөт:

Жалпылагыч аныктама ат атоочтор заттарды, түшүнүктөрдү кандайдыр бир топко бириктирип же кошуп жалпылап көрсөтөт. Мисалы: бүтүн, бүткүл, бардык, баары, бардыгы, бүт, бүтүн ж.б. Булардын айрымдары гана таандык болуп өзгөрөт жана жөндөлөт.

Жиктегич аныктама ат атоочтор заттарды, түшүнүктөрдү тобунан ажыратып, бөлүп көрсөтөт, жекелигин аныктайт. Мисалы: ар бир, ар ким, ар кайсы, ар кандай ж.б. Булар таандык болуп да, жөндөмө мүчөлөрү менен да өзгөрө берет.

Өздүк аныктама ат атооч затты (көбүнчө сүйлөп жаткан тарапты) башкалардан бөлүп көрсөтөт. Мындай ат атооч бирөө гана: өз. Бул сөз таандык болуп да, жөндөмөлөр менен жөндөлүп, айрым жактар боюнча да өзгөрөт.

*        Ар кандай заттардын, түшүнүктөрдүн жана алардын мейкиндик-мезгилдеш же кайсы бир башка касиеттеринин белгисиз экенин билгизген ат атоочтор белгисиз ат атоочтор деп аталат. Мисалы: алда канча, алда кандай, алда ким, алда не, кимдир бирөө, кандайдыр бир, бир нерсе, бирдеме, бир нече ж. б.

Белгисиз ат атоочтор маанилери боюнча өзүнчө төмөндөгүдөй топтордон турат:

1. Заттык белгилердин белгисиздигин билдирген ат атоочтор: кимдир бирөө, бир нерсе, бирдеме, алда ким, алда не ж.б. Булар зат атоочтун грамматикалык категориялары менен өзгөрө берет: бир нерсем, бирдемең, бир нечебиз; кимдир бирөөнүн, кимдир бирөөгө, кимдир бирөөнү, кимдир бирөөдө, кимдир бирөөдөн, кимдир бирөөлөр ж.б.

2. Касиет, сын-сыпат белгилердин белгисиздигин же болжолдуулугун билдирген ат атоочтор: кандайдыр бир, кайсы бир, алда кандай ж.б. Булар жөндөмөлөрдө өзгөрбөйт, айрымдары таандык болуп айтылышка ээ: кандайдыр бири, кайсы бирибиз, кай бириңер ж.б.

3.Сан-өлчөм               белгилердин       белгисиздигин       же болжолдуулугун билдирген ат атоочтор: бир нече, бир канча, алда канча ж.б. Булар стилдик максатта гана жөндөмө мүчөлөрү менен өзгөрө бериши мүмкүн.

*      Таңгыч ат атоочтор

Айтыла турган заттын, мезгилдин, касиеттин, орундун жок экендигин же ойго тескери келген маанини билдирген ат атоочтор таңгыч ат атоочтор деп аталат. Мисалы: эч качан, эч ким, эч нерсе, эчтеке, эч бир, эч кандай ж.б.

Таңгыч ат атоочтордун маанилик топтору:

1.            Кандайдыр заттын же заттык түшүнүктөрдүн жок экендигин, сөзгө катышпагандыгын билгизген ат атоочтор: эчтеке, эч нерсе, эч ким. Булар зат атоочтун бардык категориялары менен өзгөрө берет: эчтемем, эчтемең, эчтемеңиз, эчтемеси, эчтемебиз, эчтемеңер, эчтемеңиздер; эчтеменин, эчтемеге, эчтемени, эчтемеде, эчтемеден; эч кимсиң ж.б.

2.            Кандайдыр сапаттык белгилерди, түшүнүктөрдү жок кылып, танып көрсөткөн ат атоочтор: эч кандай, эч кайсы. Булар жөндөмө категориясы боюнча өзгөрөт: эч кайсынын, эч кайсыга, эч кайсыны, эч кайсыда ж.б.

3.    Мейкиндик жана мезгилдик түшүнүктөрдү танып
көрсөткөн ат атоочтор: эч качан, эч кайда, эч кайдан. Булар
зат атоочтун грамматикалык категориялары менен өзгөрбөйт.

Ат атоочтун жөндөлүшү, жак жана таандык категориясы боюнча өзгөрүшү.

 

Жак жана таандык категориясы боюнча жактама ат атоочтордун баары тең эле өзгөрбөйт. Себеби, булар ошол таандык кылып турган тараптардын өздөрүн атайт. Жакчыл таандык мүчөлөр менен 3-жактын жактама ат атоочу гана өзгөрөт:

2)           аным, аныбыз;

3)           аның, аныңыз, аныңар, аныңыздар;

4)           анысы.

Жалпы таандык мүчө менен жактама ат атоочтордун бардыгы өзгөрөт: меники, биздики, сеники, сиздики, силердики, сиздердики, аныкы, алардыкы, аныңыздыкы, анысыныкы, аларыңыздыкы.

Жөндөмө категориясы боюнча да өзгөрөт:

Атооч

мен

сен

сиз

ал

Илик

менин

сенин

сиздин

анын

Барыш

мага

сага

сизге

ага

Табыш

мени

сени

сизди

аны

Жатыш

менде

сенде

сизде

анда

Чыгыш

менден

сенден

сизден

андан

 

Атооч

биз

силер

сиздер

алар

Илик

биздин

силердин

сиздердин

алардын

Барыш

бизге

силерге

сиздерге

аларга

Табыш

бизди

силерди

сиздерди

аларды

Жатыш

бизде

силерде

сиздерде

аларда

Чыгыш

бизден

силерден

сиздерден

алардан

 

Шилтеме ат атоочтор өзгөргөн учурда алардын аяккы
тыбышы (л) түшүп калат. Жак жана таандык категориясы боюнча:

Бул-мунум, мунуң, мунуңуз, мунусу; мунубуз, мунуңар, мунуңуздар, булары (мунусу).

Ушул- ушунум, ушунун, ушунуңуз, ушунусу; ушунубуз, ушунуңар, ушунуңуздар, ушулары (ушунусу).

Бардык шилтеме ат атоочтор жалпы таандык мүчө менен өзгөрөт: мунуку, мунусунуку, ушунуку, ошонуңдуку, тигиниңиздики, тээтигиники ж.б.

Жак мүчөлөр менен да өзгөрүү өхзгөчөлүктөрүнө ээ: ошолмун, ошолсуң, ошолсуз, ошол; ошолбуз, ошолсуңар, ошолсуздар, ошолор ж.б.

 

Жөндөмө категориясы боюнча да өзгөрөт:

 

Атооч

бул

ошол

тигил

ушунуку

Илик

мунун

ошонун

тигинин

ушунукунун

Барыш

буга

ошого

тигиге

ушунукуна

Табыш

муну

ошону

тигини

ушунукун

Жатыш

мында

ошондо

тигинде

ушунукунда

Чыгыш

мындан

ошондон

тигинден

ушунукунан

 

Сурама ат атоочтордун өзгөрүшү жооп болуп түшө турган сөздөрдүн өзгөрүү өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Контексттеги маанисине карай алар суроо маанисин да туюндурбай калышат: Ким иштебесе ал тиштебейт, ж.б.

Жалпылагыч аныктама ат атоочтордун айрымдары гана таандык болуп өзгөрөт жана жөндөлөт.

Жиктегич аныктама ат атоочтор: ар бир, ар ким, ар кайсы, ар кандай ж.б. таандык болуп да, жөндөмө мүчөлөрү менен да өзгөрө берет.

Өздүк аныктама ат атооч: өз таандык болуп да, жөндөмөлөр менен жөндөлүп, айрым жактар боюнча да өзгөрөт.

Заттык белгилердин белгисиздигин билдирген кимдир бирөө, бир нерсе, бирдеме, алда ким, алда не ж.б. ат атоочтор зат атоочтун грамматикалык категориялары менен өзгөрө берет: бир нерсем, бирдемең, бир нечебиз; кимдир бирөөнүн, кимдир бирөөгө, кимдир бирөөнү, кимдир бирөөдө, кимдир бирөөдөн, кимдир бирөөлөр ж.б.

Кандайдыр бир, кайсы бир, алда кандай ж.б. касиет, сын-сыпат белгилердин белгисиздигин же болжолдуулугун билдирген ат атоочтор жөндөмөлөрдө өзгөрбөйт, айрымдары таандык болуп айтылат: кандайдыр бири, кайсы бирибиз, кай бириңер ж.б.

       Сан-өлчөм           белгилердин       белгисиздигин       же болжолдуулугун билдирген ат атоочтор: бир нече, бир канча, алда канча ж.б. стилдик максатта гана жөндөмө мүчөлөрү менен өзгөрө бериши мүмкүн.

3.            Кандайдыр заттын же заттык түшүнүктөрдүн жок экендигин, сөзгө катышпагандыгын билгизген ат атоочтор: эчтеке, эч нерсе, эч ким зат атоочтун бардык категориялары менен өзгөрө берет: эчтемем, эчтемең, эчтемеңиз, эчтемеси, эчтемебиз, эчтемеңер, эчтемеңиздер; эчтеменин, эчтемеге, эчтемени, эчтемеде, эчтемеден; эч кимсиң ж.б.

4.            Кандайдыр сапаттык белгилерди, түшүнүктөрдү жок кылып, танып көрсөткөн ат атоочтор: эч кандай, эч кайсы жөндөмө категориясы боюнча өзгөрөт: эч кайсынын, эч кайсыга, эч кайсыны, эч кайсыда ж.б.

3.     Мейкиндик жана мезгилдик түшүнүктөрдү танып
көрсөткөн ат атоочтор: эч качан, эч кайда, эч кайдан зат атоочтун грамматикалык категориялары менен өзгөрбөйт.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

1.          Ат атооч сөз түркүмүнүн  өзгөчөлүктөрү кайсылар?

2.          Ат атоочтордун маанилик жактан топторго бөлүнүшүн айтып бергиле.

3.          Ат атоочтордун жөндөлүшүндөгү өзгөчөлүктөр кандай?

4.          Ат атоочтордун жакталышы жана таандык болуп өзгөрүшү кандайча жүрөт?

5.          Ат атоочтун ар бир түрүнөн бирден мисал алып сөз өзгөртүүчү системалар менен өзгөртүп көргүлө.

6.          Лекциянын материалдары боюнча таблица, схема, таяныч сигналдарды түзгүлө.

 

Студенттин өз алдынча иштөөсү үчүн темалар:

1.     Ат атооч сөздөрдү катыштырып «Менин фирмам», «Биздин окуу жай» ж.б. темаларда текст түзгүлө.

 

 

 

Тема 11

Адамдын мүнөзү, келбети, асыл сапаттары. Адеп жана ыйман. Ден-соолукка  кам көрүү. Этиш, грамматикалык (мамиле, ыңгай, чак) категориялары, түзүлүшү жана жасалышы.

 

Адам болуу

Адамды адам кылган - эмгек. Эгер эмгек болбосо, биз улуу адамзат аталып, жер ээси болбой эле, токойдогу айбандардын бири болуп калар элек. Эмгектин биринчи душманы - жалкоолук. А тарыхта болсо, бир да жалкоо адам узак өмр сүрбөптүр. Жалкоолук учталбаган калем сымал тез эле сени мокотуп коет. Ошондуктан, өзүңдү эмгк менен курчутуп турушуң зарыл. Мезгил сенден озбой, сен мезгилден озуп, андан ары дагы талбай чуркоого, жандалбас күрөшүүгө жана өзүңдү дайыма таптап турууң кажет.

Зор максатка умтулуу үчүн, улуу адамдардын өмүр жолун казып оку. Алардай улуу болгуча жаныңдан жан үрөп күрөш. Оңой-олтоң эле олжого ээ болуп, байлык, дүйнө менен жашап калуу - бул чыныгы адамдык парз эмес.

К. Сактанов.

 

Акын Аалы Туткучовдун «Ким эле кыргыз, ким болду?!» деген ырын окуп ой жүгүрткүлө.  Акын учурдун кандай маселелерин көтөргөн?

 

 «Кырк чачы улуу кыздын» деп,
Кымбат бул макал жакшы ырдан,
Кыз- деген назик, кызыл гүл,
Кырк үйдөн көрүп бактырган.
Саймалуу жоолук, такыя,
Салтанат менен бастырган.
Аккуудай келбет кылыгы,
Ак карлуу кышты жаз кылган.
Ал тургай сүрдүү хан Жантай,
Алсырап Мөөрдү жактырган.
Өткөн соң мезгил шамалдай,
Өзгөрдү кыздар таптаза.
Кумсарып өңү саргайган,
Куйгансып шорпо чачка да,
Бетиңе үйлөп түтүндү,
Беркиден жутуп аз гана,
Айбан да кылаар иш эмес,
Абийирин сатып акчага,
Кыргыздар үчүн бул адат,
Кылымда болбос, маскара.
Таяктын эки жагы бар,
Тартиптүү кыздар дагы бар,
Ыймандуу кыздар бар үчүн,
Ырыстуу элдин багы бар.
Бузулган жагын айтайын,
Бугум бар ичте жарылаар.
Качырат алар кутуну,
Капканга түртөт бутуну.
Ай өтпөй бойдон алдырат,
Азап го кыргыз тукуму.
Жазыксыз кайран наристе,
Жашоого болбойт укугу.
Топтошуп бийлик талашпай,
Токтотсок кантет ушуну?..

Эр жигит элдин четинде,
Эңишкен жоонун бетинде.
Аталар айткан бул макал,
Ар кимдин бардыр эсинде.
Далилдеп өткөн Чолпонбай,
Дзотту тоскон кезинде.
«Ордоңду душман басканча,
Ойгонбой үйдө жатканча,
Оронгон артык кепинге».
Ушундай баатыр сөздөрдү,
Улуулар куйган сезимге,
Тепсетпей баба арбагын,
А бүгүн үлбүрөп араң биликтер,
Yзүлгөн турат үмүттөр.
Алптардын жолун улантчу,
Азайып калды жигиттер.
Төрт туяк турчу такалуу,
Төгүлгөн этке күлүктөр.
Таш болуп булчуң тырышкан,
Тамтык жок кулак бырышкан.
Мандайы тердеп иш кылбай,
Манжасын аяп турушкан.
Жетөө тегиз аттанып,
Жоо чаап келчү баштанып,
Жортуулга түндөп чыгышкан.
Сугалак иттей сук артат,
Сумканын көрсө домпогун.
Тыгылып маршрут ичинде,
Тытмалап элдин чөнтөгүн.
Азыр, той берсе чоңдор бапырап,
Топ жылкы соёт тапырап.
Чертилген комуз күүсү жок,
Чет элден ырчы чакырат.
Чечинген жарым кийимчен,
Чет элче ырдап бакырат.
Тилдесе деле бүтүндөй,
Тилине көбү түшүнбөй.
«Бали» дейт колдор шатырап.
Ак эмгек менен таппаган,
Арам дүйнө чачылат.
«Бөдөнөнүн» сүтү деп,
Бөтөлкө далай ачылат.
Аялы душман көрүнүп,
Арстандай атылат.
Yркүтүп сабап балдарын,
Yйүнүн кутун качырат.
Биригип достор жүр дешип,
Бирин- бири кашылап
Кыздар бар сауналарда,
Кызматын кылган асырап.
Арам акча көп болсо,
Азгырык ишке ким барбайт.
Азгырган шайтан кылыгы,
Адамды тургай жинди алдайт.
Ал жакта болгон жорукту,
Айтууга кызыл тил барбайт.
Акылмандар калтырган,
Айтайын элдик макалды.
«Көңүлүң сүйгөн уулуңа,
Көрсөтпө деген базарды».
Чанжырап сүйлөй берет деп,
Чандыңбы кыргыз атанды?
Акча деп кунду батырып,
Акча деп тостук азанды.
Акчага сатып жибердик,
Ак калпак, комуз, чапанды.
Карылар айткан кайран сөз,
Карытпай калды сапарды.
«Пулуң болсо, кулуңмун»,
Деген сөзгө такалды.
Атасы он сом бербесе,
Мектепке барбайт баласы,
Аз акча берсен албайм деп,
Сабакка бүгүн барбайм деп.
Yйдө да базар карачы?
Ар- бир кызмат орундун,
Атайын койгон баасы бар.
Акылдын тийбейт пайдасы,
Акчаң бар болсо сатып ал.
Беш айда иштеп кайрадан,
Бергениң үйгө ташып ал.
Баш ийбесен кубалайт,
«Базарком» деген башы бар…
КМШнын базары,
Кыргызстан деп аталды.
Кыргызда ушул акыбал.
Байлыгың болбойт арачы,
Башбаккан ажал ойнуна.
Акчасын жыйнап өлгөндөр,
Ала жатпайт койнуна.
А көрө ыйман жыйнагын.
Акча, байлык ордуна,
Көрдө да бирге сен менен,
Көк тумар болуп мойнуңа.
Кулкундун кулу болбостон,
Кудайдын кулу болгула!
Алкымдын кулу болбостон,
Аллахтын кулу болгула!
Күлүктөрдөн жал кетти,
Жигиттерден ал кетти.
Чөптү, гүлдү куйкалап,
Чегинен ашып жай кетти.
Каада- салт улуу мурастар,
Кайрылбай баары түз кетти.
Берекеси азайып,
Пейили тарып күз кетти.
Күүлөнүп бакыт куш кетти,
Күйөөсүз төрөп кыз кетти.
Төбөлдөр бийлик талашып,
Төрүбүздөн кут кетти.
Катуулап суук жылдан жыл,
Калыбын бузуп кыш кетти.
Кесилип кыздан чач кетти,
Келинден ыйман наз кетти.
Келген конок сүйүлбөй,
Кемегеден аш кетти.
Мөндүрлөп көчкү сел менен,
Мээримин токпой жаз кетти.
Улуудан нуска кеп кетти,
Кичүүдөн акыл- эс кетти.
Алардын баарын сугунуп,
Ары жок арак жеп кетти.
Жемиштин баарын курт басты,
Жер бетинен ырк качты,
Батыштын сасык туманы,
Бардык элди чылк басты.
Жоболоңдуу иш жасап,
Жол бербесе да шарият,
Азайып бара жаткандай,
Адеп, намыс, ар, уят.
Татыксыз биздин пейилге,
Таарынып жатат табият.
Жок деген сайын адамдын,
Жоголуп пейли кичирет.
Пейлиң тар болсо – дүйнө тар,
Пенделер жакшы түшүнөт.
Эл жаткан сайын битиреп,
Жер жаткан жокпу титиреп?..
Тайландга барып бир кезде,
Тайраңдабады ким гана?
Эл жери кеткен бузулуп,
Мекендеп шайтан, жин гана.
Жык толуп турист дүйнөдөн,
Жылаңач кыздар бийлеген.
Айтканга барбайт тил да ага,
Алланын түшүп каары,
Ал жерде болду «зилзала».
Пендеден канча кырылып,
Мекемелер жыгылып,
Мечиттер калды бир гана.
Кудайдын ошол белгиси,
Курдашым аны танбагын.
Башыңа келсе бир өлүм,
Байлыгың бербейт жардамын.
Бар болсун ыйман пейлибиз,
Башынан ушул арманым.
Өтүрүк эмес чынды айттым,
Өзөктө күйгөн муңду айттым,
Өзүң бил журтум калганын!..

(Айтыш- 2005 Баш байге)

 

 

 

Масел ел ер:

1.            Этиш сөз түркүмү боюнча жалпы маалымат.

2.            Этиштин грамматикалык категориялары.

3.            Этиштин түзүлүшү жана жасалышы.

1. Этиш - кыймыл аракетти билдирет. Этишке мүнөздүү жана аны башка сөз түркүмдөрүнөн айырмалоочу грамматикалык категориялар- мамиле, ыңгай, чак.

Мамиле категориясы.

Мамиле категориясы этиштик кыймыл-аракетке карата сүйлөмдүн ээсинин объектилик-субъектилик карым-катышта экендигин билдирүү үчүн колдонулат. М: «Атам өтүк тиктирди» жана «Атам өтүкчүгө өтүк тиктирди» деген сүйлөмдө грамматикалык ээ-бул атам. 1-сүйлөмдө ишти чыныгы иштөөчүнүн субъектиси. 2-сүйлөмдө чыныгы иштеген субъект-толуктооч.

Кыргыз тилинде мамиле категориясынын түрү бар: негизги, өздүк, кош, аркылуу, туюк.

Негизги мамиле-кыймыл-аракеттин ээ тарабынан иштелгендигин көрсөтөт. Өзүнө тиешелүү мүчөсү жок. Кээде -ган мүчөсү жалганат. М: Айбийке модулдан 85 балл алып, «эң жакшы» деген баага татыктуу болду. Айтылган сөз жерде калбайт.

Кош мамиле: субъектилердин өз ара, же биргелешип иштешкен кыймыл-аракетин билдирет.Ал этиш сөздөргө -ыш мүчөсүнүн жалганышы аркылуу жасалат. М: Жүздөй жигит дүр этип аттанышып, карагайы көрктүү шаардай көрүнүп, балык жон тартып жаткан тоону бет ала бастырышты. (К.М)

Өздүк мамиле-кыймыл-аракеттин реалдуу субъектиге багытталганын, же анын айланасында топтолгонун көрсөтөт. -ын мүчөсү аркылуу жасалат. М: тоюн, ачын, аян, бошон, сактан, мактан ж.б.

Туюк мамиледе этиштер сырттан болгон кыймыл-аракеттин грамматикалык субъектиге багытталганын билдирет. -ыл мүчөсү аркылуу жасалат. М: кабагы ачылды, жарпы жазылды, ж.б.

Аркылуу мамиле: кыймыл-аракеттин башка бирөө тарабынан иштелгенин блдирет. Мүчөлөрү көп: -дыр, -кар/-кыр, -каз/-кыз, -ар/-ыр, -ыз/-из, -сөт, -т, -ыт ж.б.

М: өстүр, отургуз, чыгар, угуз, көрсөт, күчөт, коркут ж.б.

Ыңгай категориясы кыймыл-аракеттин чындыкта аткарылышына карата сүйлөөчүнүн мамилесин билдирет. Кыргыз тилинде беш ыңгай колдонулат: баяндагыч, буйрук, шарт, тилек, ниет.

Баяндагыч ыңгай өткөн чак, учур чак, келер чак, түрүндө кыймыл-аракеттин аткарылышын ачык көрсөтөт: окудум, окуйм, окуйт. Мүчөлөрү: -а, -ды, -ган, -ыптыр, -чы ж.б.

Буйрук ыңгай сүйлөөчүнүн тыңдоочуга же тыңдоочу аркылуу 3-жакка карата буйруу иретинде жасаган мамилени баяндайт. Буйрук ыңгайды этиштин негизги формасы уюштурат, -гын,-гыла, -ыңыз, -сын, -ыш+сын, гы+ла мүчөлөрү да жалганат.

Шарттуу ыңгай - аракет-кыймылдын иш жүзүнө ашырылышы үчүн шарт болуп түшкөн этиш. Мүчөсү -са. М: келсе, алса, ичсе, жатса, кайтса, айтса, ж.б.

Тилек ыңгай - сүйлөөчүнүн башкаларга каалаган каалоосу (оң же терс мааниде) ар башка, ар түркүн болгондугуна байланыштуу, аны уюштуруучу мүчөлөр да ар башка -айын/йы, -гай+эле. Мисалы: барайын, жөнөйүн, келгей эле, ж.б.

Ниет ыңгай - аракет-кыймылдын жүзөгө ашырылышына карата сүйлөөчүнүн ниетин билдирет. Негизги мүчөсү -мак, -макчы. Мисалы: көрмөк, сунуштамак, айтмакчы, сурамакчы ж.б.

Чак категориясы

Этиштин чак категориясы кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болуп жаткандыгын, же сүйлөп жаткан учурдан мурун болуп өткөндүгү, же болбосо иштин болорун көрсөтөт. Чак категориясы - этишке таандык категория, ал- этишти башка сөз түркүмдөрүнөн айырмалоочу негизги белгилеринин бири.

Чак категориясы, негизинен, этиштин баяндагыч ыңгайына мүнөздүү. Баяндагыч ыңгай үч чак менен айтылат: келер чак, учур чак, өткөн чак.

Учур чак

Учур чак кыймыл-аракеттин сүйлөнүп жаткан мезгилинде болуп жатканын билдирет.

У чур чак түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал   болуп экиге   бөлүнөт.

1. Учур чактын жөнөкөй түрү . Бул түрү уңгуга мүчөнүн жалганышы аркылуу жасалат.

1)       Учур чактын -ууда формасы (фонетикалык варианттары менен). Бул формасы сүйлөнгөн убакта кыймыл-аракеттин созулуп жаткандыгын билдирет. Морфологиялык жагынан кыймыл-атоочтун -оо//-өө, -уу//үү мүчөлөрү+жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсүнөн турат.

2)       Чакчылдардын -е//-й формасы аркылуу. Бул мүчөлөр чактык мааниге жак мүчөлөрүнүн жалганышы аркылуу гана жасалат.

Учур чактын татаал түрү -а-е-й, -ып формасындагы чакчылдарга жак мүчө жалгана турган жат, тур, отур, жүр деген жардамчы этиштердин кошулушу аркылуу аналитикалык жол менен жасалат. Учур чактык маани көбүнчө ушул жол менен берилет; Мен бар-а+жат-а-м. Эл кел-ип+жат-а-т.

Келер чак

Келер чак кыймыл-аракеттин сүйлөнгөн мезгилден кийин болорун билдирет. Келечекте болуучу кыймыл-аракеттин жүзөгө ашырылышы бирде күнөмсүз, ачык болсо, бирде күнөм туудурушу мүмкүн. Ушул маанисине карата келер чак айкын келер чак, арсар келер чак болуп өз ара экиге бөлүнөт.

1.  Айкын келер чак. Айкын келер чак кыймыл-аракеттин болор, болбосун ачык көрсөтөт. Формалык белгиси боюнча учур чактын -а-е--й формасынан айрылбайт. Экөөнүн жасалышы бирдей: чакчылдардын -а-е-й формасына жак мүчөлөрүнүн
жалганышы аркылуу уюшулат. Келер чактык же учур чактык мааниде колдонулушу сүйлөмдүн контекстиси боюнча аныкталат.

2.   Арсар келер чак. Келер чактын бул түрү кыймыл-аракеттин болор, болбосун арсар көрсөтөт. Арсар келер чактын морфологиялык көрсөткүчү болуп -ар-ер мүчөсү эсептелет.

Өткөн чак

Өткөн чак сүйлөнүп жаткан мезгилден мурун болгон кыймыл-аракетти билгизет, кыймыл-аракет ар түрдүү кырдаалда жана ар кандай мезгилде болгондугуна карата өткөн чак өз ара төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:

1. Айкын өткөн чак. Айкын өткөн чактын морфологиялык
белгиси -ды мүчөсү. Ал кыймыл-аракеттин аткарылгандыгы
сүйлөөчү үчүн айкын-ачык болгон учурда колдонулат.

2. Жалпы өткөн чак. Өткөн чактын бул түрү этишке –ган мүчөсүнүн жалганышы аркылуу жасалат. -ган мүчөлүү этиш, жак мүчөсү жалганып, баяндоочтук милдетти аткарып турганда, өткөн иштин фактысын сүйлөнгөн мезгил үчүн баяндайт.

3.     Капыскы өткөн чактын морфологиялык мүчөсү - ып, -ыптыр.

4.  Адат өткөн чак адат болуп калган сыяктуу дайыма болгон кыймыл-аракетти билдирет. Морфологиялык формасы болуп -чу, -оочу,-уучу, -ышчу мүчөсү эсептелет.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

1.           Этиштин сөз түркүмү катары белгилери кайсылар?

2.           Этиштин маанилик жана грамматикалык топтору кайсылар?

3.           Этиштин сан, жак, чак, мамиле,  ыңгай категориясы. Мисалдарды жазгыла.

4.           Этиш сөздөрдүн жасалышы. Мисал келтиргиле.

5.           Сабактын материалдары боюнча таблица, схема, карточкаларды түзгүлө.

 

Өз алдынча иштөө үчүн темалар:

1.           Этиштин категориялары боюнча кластер,  буклет түзгүлө.

Тема 12

1. Лексикалык тема: Адамдын атуулдук парзы. Элди, жерди сүйүү, жети атаны билүү, ата-энени сыйлоо, бата алуу.

    2. Грамматикалык тема: Этиштин грамматикалык туунду формалары: Атоочтуктар, чакчылдар, кыймыл атоочтор.

 

Белгилүү бир убакытка тушташ кыймыл-аракетти заттын белгиси катарында керсөтүүчү этиштин грамматикалык туунду формалары атоочтуктар деп аталат.

Атоочтуктар затты кыймылдык белгиси боюнча көрсөтүү, аныктоо зарылдыгынан келип чыккан: Мына майрам, мына кызык тамаша: ыр ырдаган ырчысы, комузун черткен комузчусу, бий бийлеген бийчиси, кыягын тарткан кыякчы, кыскасы бардыгы ушул жерде экен (А. У.). Тамактын камын кылып жаткан басмачылар чаң-тополоң түштү (К.Ж).

Атоочтуктар этиштик жана атоочтук касиеттерге ээ.

Этиштик касиети төмөнкүлөр: 1) кыймыл-аракетти билгизет: Куш аяган киши көк карайт, ат аяган киши жер карайт. Сөздү угар жерге айт, суу-ну сиңер жерге төк; 2) мамиле, чак категорияларына ээ. 3) этиштик касиетин сакташып, өздөрү менен бирге айтылган сөздөрдү жөндөмөнүн тигил же бул формасында болушун талап кылат, б. а. аларды башкарышат.

Атоочтук касиеттери төмөнкүлөр: сын атооч сыяктуу, заттын белгисин билдиришип, аныктоочтук милдет аткарышат. Мисалы: айдалган жер, окуган киши; кызыл чыт, көк китеп ж. б. Атоочтуктар менен сын атоочтор заттын жалпы эле белгисин билдирип, аныктоочтук милдет аткарганы менен экөө бири-биринен да айырмаланат. Атоочтуктарга сөз өзгөртүүчү мүчөлөр аныкталгычы түшпөсө да жалганат, алардын атооч маанисиндеги касиетке ээлигинин иегизги белгиси ушунда. Мындай учурда да алар жөндөмөлөрдү башкаруу жөндөмдүүлүгүн сакташат, заттанган түшүнүк катарында кыймыл-аракеттин атын же анын процессин билдиришет.

Чакчылдар

Жакты жана чакты көрсөтпөй туруп, негизги этиштин кошумча кыймыл-аракетин билгизүүчү туунду форма чакчылдар деп аталат. Чакчылдар негизги этиш менен бирге айтылган учурда аларды аныктоо, тактоо катарында кошумча кыймыл-аракетти билгизет, бышыктоочтук милдет аткарат. Мисалы: Ал каткырып күлдү. Акшырая карады. Бул сүйлөмдөрдө каткырып, акшырая деген чакчылдар өздөрүнөн кийинки негизги кыймыл-аракеттерди кандайча жана кантип болгонун тактап, кощумчалап, алардын белгиси катарында пайдаланылды. Негизги кыймыл-аракетти тактоо, бышыктоо-чакчылдардын башкы мааниси. Бул жагынан алар тактоочтор менен жакындашат.

Чакчыл мүчөлөрдүн кээ бирөөлөрү, асыресе -а
жана -ып мүчөлөрү (кээде -ганы формасы да) этиштик уңгулуу
татаал        этиштердин       компоненттерин      бириктирүүчу грамматикалык каражат катарында да пайдаланылат; мүчөлөр катыштырылбай, татаал этиш куралбайт, ала кел,  бара кел, тосуп ал, жатып, ал, карап тур, чаап кой, сатып бер, сатып ал, алып сал ж. б. Мындай учурда негизги кыймыл-аракетти чакчылдар фор-масындагы этиштер билгизет, жардамчы этиштик экинчи компоненти аркылуу ага грамматикалык кошумча маани киргизилет.

Чакчылдардын бирден бир өзгөчөлүгү нагыз чакчылдык мааниде (кошумча кыймыл-аракетти билгизүү үчүн) айтылган учурда, алар чакты жана жакты билгизбейт; чакты өзүнөн кийинки негизги этиш билгизет. Мисалы: күлө сүйлөдү, эчкирип ыйлады ж. б. Чакчылдардын -а//-е//-й жана -ып мүчөлөрү баяндоочтук орунда туруп, өзүнчө кыймыл-аракетти билгизген толук маанилүү этиш катарында колдонулса, буларга жак мүчөлөрү жалганат жана чакты да билдирет: мен бар-а-мын, сен бар-ып-сың ж. б.

Кыймыл атоочтор кыймыл-аракеттин атын, же кыймылдын процессин билдирет,  этишке -оо, -уу, -ып, -мак, -май жана -ыш мүчөлөрүнүн жалганышы аркылуу жасалат: баруу, келүү, кыйноо, жыйноо, олтуруш ж. б. Кыймыл атоочторго жөндөмө, таандык сөз өзгөртүүчү мүчөлөр жалганат, сүйлөмдө ээлик жана толуктоочтук милдет аткарышат.

 

Өз алдынча иштөө үчүн темалар:

1.      Этиштин формаларын катыштырып кластер, буклет, таблица, схема, карточкаларды түзгүлө.

Тема 13

1.      Лексикалык тема: Yй-бүлө тута билүү парзы. Эне-үйдүн куту. Ата – үй-бүлө тынчтыгы үчүн жоопкер.

2.      Грамматикалык тема: Тактооч, лексико-грамматикалык белгилерине карай топторго бөлүнүшү, жасалышы

 

     Мамлекетте туруктуулуктун жана өнүгүүнүн негизги шарттарынын бири үй-бүлө институту болуп саналат. Өлкөдөгү коомдук-саясий жагдай Кыргызстандын ар бир жаранынын, ар бир үй-бүлөнүн экономикалык абалына, турмуштук маанайына, балдарга тарбия берүүсүнө түздөн-түз байланыштуу. 

       Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө жетишүү, жарандарга татыктуу жашоо шартын түзүү ар бир үй-бүлөнүн бакубат турмушунан, ар бир көчөнүн, айылдын, шаардын жана райондун тургундарынын тынчтыгынан жана ынтымагынан башталары эске алынып, Президентибиз Алмазбек Атамбаев тарабынан 2012-жыл - «Yй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы» деп жарыяланган. Андан бери карай үй-бүлө институтун чыңдоо жана өнүктүрүү, өлкөдө элдин биримдигин, бейкуттугун жана ынтымагын камсыз кылуу жагында мамлекеттик саясат жүргүзүлүп жатат.

  Учурда тарбия, үй-бүлө маселеси өтө актуалдуу, анткени дүйнө жүзү боюнча үй-бүлө кризиси, көйгөлүү маселелер орун алган:

·          Никеге туруу, үй-бүлө күтүү, балалуу болуу – оор жана түйшүктүү жүк, андан көрө бой жүргөн жакшы деп эсептеген же балалуу болгусу келбеген жаштардын саны өсүп жатат.

·           Материалдык байлыкты, карьераны биринчи орунга коюу маданияты калыптанууда, натыйжада ажырашуулардын, боюнан бала алдыруунун, таштанды балдардын, социалдык жетимдердин  саны көбөйүүдө.

•  Көп муундан турган үй-бүлөлөр (чоң ата, чоң эне, атасы, апасы, неберелери) азаюуда, муундардын ортосундагы түшүнбөөчүлүк өсүп, жаштар ата-энеси менен бирге турбай, өзүнчө жашоого ыктоодо;

•   Балдары менен жан-дүйнө жакындыгы жоголууда, балдары менен баарлашып, сүйлөшүп, кеп-кеңешин айткандын ордуна ата-энелер кымбат баалуу белектерди, компьютер же башка техниканы сатып берип коюу менен балдарынын көңүлүн таптым деп ойлошот. Үй-бүлөлүк мамилелердеги жан-дүйнө жана психологиялык боштуктан улам өспүрүмдөр өз үйүнөн, ата-энелер менен баарлашуудан качып, жоро-жолдоштору менен убакыт өткөргөндү артык көрүшөт.

•   Адеп-ахлактык жактан начар өнүгүп, жакшы-жаманды айра таанып биле албаган өспүрүмдөр   алкоголизмге, баңгиликке, сойкулукка берилип, кылмыш жолуна түшүп кетүүдө, балдардын ден-соолугу, эмоционалдык өнүгүүсү жана жүрүм-туруму нормадан четтеген учурлар өсүүдө.

•   Никеге турбастан эле «өзү үчүн» бала төрөп алган аялзатынын саны өсүүдө. Зыяны: уул бала ата тарбиясын көрбөй өсүп, бардык нерсеге апасы жооптуу экенине көнүп калат. Кийин, өзү үй-бүлө күтүп, түндүк ээси болгондо жалпы үй-бүлөсү үчүн жоопкерчиликтүү болуу, чечим кабыл алуу кыйын болот.

•  Коомчулукта үй-бүлөлүк мамилелердин тазалыгы, аруулугу жөнүндөгү бурмаланган түшүнүктөр көп, жаштар улуулардын ой-пикирлери камтылган макалаларга,  телеберүүлөргө кызыкпайт, ата-эненин, мугалимдердин, улуулардын пикирин четке кагып, куру насаат катары кабыл алышат, мурунку муундун баалуулуктарын кармангысы келбейт.

• Америкалык мультфильмдер, өспүрүмдөр үчүн телеберүүлөр, массалык маалымат каражаттары,  сыналгыдагы жарнамалар, интернеттеги маалыматтар ден-соолугуна, жашоосуна терс таасирин тийгизүүчү аракеттерге,  үй-бүлө күтүп, балалуу болбой эле  «эркин сүйүүгө», ата-энелерди «родаки», «предки», «черепа», «шнурки в стакане» ж.б. сыяктуу эпитеттер менен атоого, сөзүн укпоого тарбиялап жатат. Массалык маалымат каражаттарынын мындай терс таасирине көп үй-бүлөлөр  каршы тура албай, балдарын коргоп кала албай келет.

•  Үй-бүлөлөрдүн экономикалык, социалдык жактан ар кандай абалда болушунан көп үй-бүлөлөрдө балдар эмгегин  колдонуу муктаждыгы пайда болду. Ата-энелердин, жаштардын китеп окуу маданияты, китеп окуу активдүүлүгү азайды. Ар түрдүү диний кыймылдардын, секталардын таасири күчөдү.

•  Балдарына тарбия берүүдө өз жоопкерчилигин мамлекеттин, мектептин энчисине оодара салган ата-энелер көбөйдү.

• Ата-энелердин өздөрүнүн тарбиялуулугу начарлоодо. Элибиздеги «кызга кырк үйдөн тыюу» деген тарбия жоголуп, азыр «менин баламды коюп, өзүнүкүн тарбиялап алсын, сага бирдеме деп айткыдай ал ким экен» деп балдарын «калкалап», болушуулар көп. Ата-энелер баласын балалыктын ар бир баскычында  кандай тарбиялоо керек экендигин билишпейт, баланын жан-дүйнөсүнүн, адеп-ахлактык калыптануусунун мыйзам ченемдүүлүктөрү  жөнүндө таптакыр түшүнүгү жок. 

•  Зордук-зомбулукту, өлүмдү пропагандалаган популярдуу маданияттын таасири менен жыл сайын АКШда 20 миңге жакын өспүрүм, Францияда 10 000 ден ашуун адам,  Россияда 2011-жылы 15тен 19 жашка чейинки курактагы 1 738 жаш адам  өз жандарын өздөрү кыйган. Буга чейин бардыгы жайында болгон Швеция жаштардын  суициди боюнча алдыда турат.

  Тарбия – коомдун өзөгү. Анын негизинде жаш муундар жашоодо өзүн-өзү алып жүрүүнү, адамдар менен болгон мамилени, жакшы менен жаманды, бир келген бул жашоодо таза, ыймандуу болуп өтүүнү үйрөнүшөт. Мурунтан келе жаткан, кылымдар бою түптөлүп, нечен турмуштук кырдаалдарда текшерилген тарбияны четке кагып, жаңы методдор менен тарбиялоого багыт алган изденүү жолундабыз. Бул жол татаал, карама-каршылыктарга жык толгон жол.

50-жылдарда Америкада окумуштуу, педагог Бенджамин Споктун китептеринде айтылгандай  «балдарды урушпай, жазалабай, эркин тарбиялоо»  методуна  өтүшкөн, окуу планына,  системалык окутууга  өзгөртүү киргизилген, билимин баалоо алынып салынган, бардык нерсеге уруксат берилген.   Ал эми 70-жылдардын аягында психологдор бул тарбияга  «тарыхта болуп көрбөгөндөй начар социалдык  эксперимент» катары баа беришти. Балдар өздөрүнүн керектөөлөрүн, жорук-жосундарын жөнгө сала албай калышкан, өздөрү башкаларга эч нерсе бербестен эле талап кылганга көнүп калышкан. Ал эми койгон бийик талаптары аткарылбаса, башкалар менен чыр-чатакка барышкан.  АКШнын мындай тарбияланган жаш жарандарында бүткүл дүйнө жүзүнө каршы мамиле калыптанган.

        Адамзат артка кайрылбай туруп, алыскы жана жакынкы муундардын бардык рухий баалуулуктарын кайрадан карап чыкмайынча,  бүгүнкү жана өткөн жетишкендиктерин үйрөнмөйүнчө алга карай жылуусу мүмкүн эмес.

    Биздин ата-абаларыбыз тээ илгертен бери эле «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын хан болорун ким билет», «Туулганына кубанбай, турарына кубан»,  «Баланы жашынан, келинди башынан»  деп баланы тарбиялоого ал төрөлө электе эле кам көргөн, улууну урматтоо, аялзатын сыйлоо, ынтымактуулук, кечиримдүүлүк, элдин кызыкчылыгын жогору коюу, эл көргөндү көрүп, эл менен бирге болуу салттарына  тарбиялап, жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактап келген. «Баланы 7 жашка чыкканга чейин кудайыңдай эркелетип бак, 7 жаштан 12 жашка чейин кулуңдай жумша, 12 жаштан кийин тең ата мамиле кыл» деген нусканы жетекчиликке алган.

    Элибиздеги балага болгон урмат-сыйды бул баяндан да көрөбүз: «Калкынын жашоо-тиричилигин өз көзү менен көрүп, элин кыдырып жүргөн хан күн кечтеп кеткендиктен жолундагы айылга конуп калмай болот. Нөкөрлөрүнө: «Мени ханы жок үйгө түшүргүлө», - деп кайрылат. Алар болсо ханынын талабына түшүнбөй, кандай үйгө алып барарын билбей, баштары катат, жанындагы карыялардан кеңеш сурашат. Көрсө, ханы бар үй деп балалуу үйдү айтышчу тура».

Бала төрөлгөндө кичинекейдин урматына жентек той берилген,   энелердин бешик ырлары бала менен бирге жашап, дүйнө таануусундагы эң алгачкы көркөм азык болгон, балдарда бийик адеп-ахлактык сапаттардын болуусуна өз салымын кошкон:

 

Алдей, алдей ак балам,

Элин багып, сыйлаган,

Эл менен бирге жыргаган,

Эмгекчи болгун ак балам!

Өнөрүң менен өргө чап,

Эмгегиң менен элге жак!

Алдей, алдей ак балам,

Бабаң айкөл Манастай,

Кабылан болгун, шер болгун!

Бабаң Бакай, Кошойдой,

Акылы терең көл болгун,

Ата журт сүйгөн эр болгун!

Алдей, алдей ак балам,

Семетей, Сейтек бабаңдай,

Кызыл жалын чок болгун,

Атылып турган ок болгун!

Кыз баланы терметкенде:

Алдей, алдей ак кызым,

Каныкейдей уз болгун,

Калкың сүйгөн кыз болгун!

Алдей, алдей ак кызым,

Акылы мол айлакер,

Алган жары кеменгер,

Айчүрөктөй кыз болгун!

Алдей, алдей ак кызым,

Алдей, алдей ак кызым,

Ак эмгек менен жашагын,

Алыска кетсин атагың!

 

Элибиз бешик ырларынан кийин жаңылмачтар, табышмактар, макал-лакаптар, жомоктор сыяктуу башка чыгармалар аркылуу баланын таанып билүүсүн жеңилден оорго, жөнөкөйдөн татаалга карай андан ары улантып, көркөм ой жүгүртүүсүн, адам, анын жашоо тиричилиги, жаратылыш, коом, эмгек, кулк-мүнөз жөнүндөгү түшүнүктөрүн өстүрүп, өнүктүрүп, байытып жүрүп олтурган.

Макал-лакаптар жакшы менен жамандын, терс менен оңдун чегин ажырата билүүгө, туура жашоого, мазмундуу өмүр сүрүүгө  тарбиялап келген. Мисалы:

 

Мекенин ыйык тутуу

«Туулган жердин топурагы алтын», «Ар кимдин туулган жери - өзүнө Мисир», «Ата-Журт – алтын уя».

ынтымактуулукка, биримдүүлүккө тарбиялоо

«Ырыс алды – ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңан таяр алтын так», «Көп түкүрсө көл болот», «Бөлүнгөндү бөрү жейт», «Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң - кийиксиң».

Акыл, илим-билимге, өнөр ээси болууга басым жасоо

«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат», «Өнөр алды – кызыл тил», «Билеги жоон бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат», «Акыл - баштан, асыл – таштан», «Акылы аздын азабы көп»,  «Акылы жетсе, атаны уул билет», «Жалындуу жаштык кезиңде, жазгы суудай ташкында».

сабырдуулукка,  нускалуу карылыкка тарбиялоо

«Сабырдын түбү сары алтын», «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң», «Жашыңда мылжың болсоң, карыганда кылжың болосуң», «Карыдан ыйман кетсе, жаштардан уят кетет».

улуу- кичүүлөрдүн бири-бирине кам көрүүсү

«Жаш келсе ишке, кары келсе ашка», «Улууга – урмат, кичүүгө – ызат», «Карынын сөзүн капка сал», «Кары адам - үйдүн куту», «Карысы бардын ырысы бар», «Абийир тапса баласы, атасына бак конот»

Эмгекке тарбиялоо

«Эр эмгегин жер жебейт», «Жазында эмне эксең, күзүндө ошону оросуң», «Байлыкты эмгектен изде», «Жакшы жигит - сыртта мырза, үйдө кул», «Кетмен чаппай нан кайда, чеке терсиз мал кайда?», «Жалгыз бээлүү жан сактайт, эки бээлүү эл сактайт», «Адалдын тамыры — миң», «Кыймылдаган кыр ашат».

жамаатык таалим-тарбия берүү

 «Аздын азанчысы болгончо, көптүн казанчысы бол», «Жакшы - эл камын ойлойт, жаман өз камын ойлойт», «Журт мазар, журттан чыккан азар», «Кандан ажырасаң да, калктан ажыраба», «Өз  камын  ойлогон  өспөйт,  эл  камын  ойлогон  көктөйт», «Атанын  уулу  болуш урмат,  элдин  уулу  болуш  кымбат».

жалпы милдеттерди чечүүдө муундардын эриш-аркактыгы

*      «Ата даңкы, эне баркы - балага дем», «Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт», «Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны», «Жакшы атанын кашыктап чогултканын, жаман уул чөмүчтөп чачат», «Жаш - күчү менен, кары - кеңеши менен».

Аялзатын урматтоого тарбиялоо:

«Кыздын кырк чачы улуу», «Биринчи байлык - ден соолук, экинчи байлык - ак жоолук», «Аял жакшысын - эри сүйөт, эр жакшысын эли сүйөт», «Аял жакшы - эр жакшы, увазир жакшы – хан жакшы».

ыймандуулукка тарбиялоо:

 «Айдай чырайыңды - иттей кыялың бузат», «Жакшы аял- жарым ырыс, жаман аял - күндө уруш», «Жаман аял белгиси, казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай», «Алганың долу болсо, замандын тынчтыгынан не пайда», «Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош», «Абийирди жашыңдан сакта»,

Элди туура башкарууга тарбиялоо:

«Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат», «Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит көргө сүйрөйт», «Жакшыдан башчы койсоң, элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң, элди жүдөтөөр», «Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт», «Бий болсоң, калыс бол, калыс болбосоң - бийликтен алыс бол», «Бийден калыстык кетсе, элден тынчтык кетет», «Көлдү бороон толкутат, элди эселек толкутат».

   Учурда психологдор бала күнүнө төрттөн кем эмес жолу ата-эненин мээрим төгүп, кучакташына өтө муктаж экенин эсептеп чыгышты. Элибиз болсо илгертен эле наристени ата-эне менен бирге чоң ата, чоң эне, таятя, таяненин  мээримине бөлөгөн, ар түрдүү муундун өкүлдөрү болгон үй-бүлөдө бала ар тараптуу тарбия алган. «Эне көргөн – тон бычат, ата көргөн – ок жонот»,  «Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны», - деп эмгектенгенде да, эл чогулган жыйындарда, нускалуу акындар, манасчылар келген учурларда, аш-тойлордо да жанында ала жүрүп балдарына өз өрнөгүн, өнөрүн, билимин, элдик акылман ойлорду тааныткан.

 Бала тарбиялоодогу элибиздин бай каада-салтын, нуска сөздөрүн бүгүнкү күндүн талабына ылайыктап, жаштар тез кабыл ала  турган Интернет айдыңы, телероликтер, көрнөк-жарнактар, CD диск, аудио-диск ж.б. сыяктуу   заманбап технологиялык форматта кеңири колдонуу менен жаштарыбызды үй-бүлөлүк баалуулуктарга тарбиялап, учурдагы тарбиялоо көйгөйлөрүнүн көбүн чечсе болот.  (Макала: Үй-бүлөдө балдарды тарбиялоодо элдик педагогикага таянуу. Каримова Б.А.М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети)

Yй-бүлө тууралуу жаштарыбыз кандай ойдо экенин билүү үчүн төмөнкү анкетаны сунуштайбыз:

 

 

Ой-пикирлер

Ооба

Жок

1

Үй-бүлө күтүү - жалгыздыктан кутулуу.

 

 

2

Үй-бүлө күтүү - балалуу болуу, аларды тарбиялоо.

 

 

3

Үй-бүлө, бул - жакшылык, анын жардамы менен адам алдыга койгон максатынын бардыгына жете алат.

 

 

4

Үй-бүлө, бул - жылуулук, өз ара жардамдашуу жана психологиялык колдоо.

 

 

5

Үй-бүлө, бул - өзүңдүн эркиндигиңди жана өз алдынчалыгыңды жоготуу.

 

 

6

Үй-бүлө, бул - кайра-кайра кайталанган жадатма үй жумуштары.

 

 

7

Үй-бүлө, бул - адамдын ийгиликке жетүүсүнө, кызматтан өйдөлөшүнө тоскоолдук.

 

 

8

Үй-бүлө, бул - турмуштагы көңүл калуулардын себепчиси.

 

 

9

Үй-бүлө күтүү 2-орунда, адегенде карьераны жөнгө салып, анан үй-бүлө күтүш керек.

 

 

10

Балдарды тарбиялоо - ата-эненин эмес, мамлекеттин, мектептин энчиси.

 

 

11

Азыркы үй-бүлө көп муундуу болушу керек (чоӊ ата, чоӊ эне, ата-энеси, неберелер)

 

 

12

Азыркы үй-бүлөдө ата-энеси, балдары болушу жетиштүү (чоӊ ата, чоӊ энеси өзүнчө жашашы керек).

 

 

13

Көп балалуу үй-бүлө түзгүм келет. 

 

 

14

Азыркы үй-бүлөдө эки балалуу болуу жетиштүү.

 

 

15

Көп балалуу үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо оӊой.

 

 

16

Аз балалуу үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо оӊой.

 

 

17

Апасы иштебей, балдарын тарбиялашы, атасы болсо үй-бүлөнү багышы керек.

 

 

18

Ата-эне экөө теӊ балдарын тарбиялашы жана иштеши керек.

 

 

19

Мен а­мерикалык, евро­палык, орус маданиятын баалайм, балдарымды ошол маданияттын таасиринде тарбиялагым келет.

 

 

20

Мен балдарымды ислам маданиятынын таасиринде тарбиялаган туура деп эсептейм.

 

 

21

Мен балдарымды улуттук дөөлөттөргө үйрөтүп, тарбиялагым келет.

 

 

 

 

                Yй-бүлөдө эненин, аялзатынын орду өзгөчө. Ошондуктан элибиз «Бейиш эненин таман астында» деп баалайт, кыз баланы тарбиялоого айрыкча көңүл бөлгөн. Ырларда даңазалаган:

 

Сайраган жайкы булбул —
Гүлдүн көркү.
Жаркырап жайнаган кыз —
Үйдүн көркү.
Жазында жайкалган чөп —
Дөңдүн көркү.
Сулуу кыз суктандырган —
Төрдүн көркү.
Далыда сындап өргөн
Кара чачы.
Маңдайга келишимдүү,
Калем кашы.

Жакшы кыз — жайкы таңдай,
Үйдүн куту.
Аңкыган гүлбурактай —
Кыздын жыты.
Берметтей жаркыраган
Катар тиши.
Келтирип сайма саят —
Онун иши.
Ыракмат айтып кетет
Көргөн киши.

Ак бетке жарашыктуу
Кошмок калы.
Көз артат көрүп калган
Жандын баары:
Болот деп тагдыр буйруп
Кимдин жары?
Оймоктой оозун кара
Майин күлгөн.
Чолпондой көзүн кара
Таңда күйгөн.
Бир күлсө, сүйүнчүгө
Берер элем
Кетсе да, өмүр бою
Тапкан дүйнөм.

Жакшы кыз — эне-атанын
Ырыскысы,
Турмуштун тунук, таза
Уюткусу!
Уккандар жалган дебес
Ырымды ушу. (Барпы)

 

«Манас» эпосунда Манас өзүнө ылайык кыз издөөгө атасы Жакыпты аттантып жатып,  кандай кыз жагарын эскертет: 

Эркелеткен эли бар,

 

Эдир-эмиш кеби бар,

Бийдин кызы болбосун.

Аалимдигин ашырып,

Ар иш кылса жашырып

Пирдин кызы болбосун.

Үкүлүү сексек, дөң маңдай,

Жардынын кызы болбосун.

Жамандык көрсө кектеген,

Ардуунун кызы болбосун

Чачылуу чачпак, чалма этек,

Караңгы үйдөн каймак жеп,

Атамдын көзү барында

Алар эрим мырза деп

Байдын кызы болбосун,

Туурук таман, тултук бет,

Кул кызынан болбосун.

Эркелетип өстүргөн

Эркеги жок, кызы бар

Жалгызынан болбосун,

Атасын билбей башка өсүп,

Нөкөр-жөкөр өзүндө,

Өз эркинче кашка өсүп

Кан кызынан болбосун.

Өкүмү бар өзүндө,

Аят-адис сөзүндө

Казы кызы болбосун.

Тарткан тасма белденген,

Тал чыбыктай теңселген,

Саамай чачы сеңселген,

Акылын терең ойлогон,

Ар бир түрлүү жумуштун

Аркасын аңдап болжогон,

Жазык маңдай, көөхар көз,

Инжи тиштүү, ширин сөз,

Ашкере кылган сабырын,

Адамга салбай жабырын,

Айтар сөзү акырын,

Эл алмакка жиберген

Нечен түрлүү акылын,

Боло турган жумушту

Болжоп билип алыстан,

Акылга дыйкан айлалуу,

Ааламга толук пайдалуу,

Көңүлү сылык, бейли кең,

Төрт тарабы болгон тең,

Жылдызы ысык, жылуу сөз,

Чырагы жарык, жоодур көз,

Алача моюн, түймө баш,

Көкүлү көркөм, колоң чач,

Акыл менен эр баккан,

Айла менен эл баккан,

Ойротто жок уз болсун,

Ою терең кыз болсун!

(СО, 2-китеп, 347-бет)

 

Манас баатыр алган жарым акыл-эстүү, уз, сарамжалдуу, назик, сулуу болсо деп кыялданат. Өзгөчө акылмандыкка чоң маани берет. 

Жакып көп жерлерди кыдырып, ар башка элдерди аралап жүрүп Манас каалагандай, төрт тарабы төп келген  кызды акыры Кыйбадан табат. Каныкейди биринчи көргөндө Жакып бардык жагынан жактырат:

 

Санирабига кыз экен,

Сап сулуунун өзү экен,

Жыла сүйлөп, шыңк этип,

Акыл толгон кези экен.

Он алты жарым жашы бар,

Олоңдой кара чачы бар,

Сары алтындан түймөдөй

Келишкен кара кашы бар,

Боростой кийим кийинип,

Ботодой бели ийилип,

Жазык мандай, кара көз,

Жатык тилдүү, ширин сөз,

Ай чырайлуу бото көз,

Кызыл жүзү нурданган,

Кымча бели буралган.

Жетишпедим дегенге

Жеңин кесип бергендей

Берендик жайы бар экен,

Жеткире акыл ойлогон

Тереңдик жайы бар экен.

Кылган иши баары амал,

Кызылдай бою сарамжал,

Жок дегендер табылган

Кастарлуу жайы бар экен

(СО, 2-китеп, Ф., 1980, 354-бет).

 

Манастын Каныкейге чейин эки аялы бар, бирок алар баатырга ылайык жар болбогондуктан, Саякбайдын вариантында Манас өзүнө тете аял алышы зарыл деп Бакай айтат. Ал «Акылай, Карабөрк үтүрөң тентек, орой, акылдары кыска, адепсиз, наркты билбейт, адамдын көңүлү калат деп ойлобойт. Ошон үчүн баатырдын иши оңолбой аксайт»,- деп ойлоп, санаа тартып жүргөн. Кум-Булактын белинен Манас кол башындай боз күчүк кумайык таап алганда, Бакай кумайыкты же кайып, же ургаачынын тазасы зайып багат дечү эле:

 

«Каныкей алсаң оңосуң

Калкка бааша болосуң.

Санааңды сансыз болтурат,

Сан казына мүлкүңдү

Келе замат толтурат.

Сайып жүрүп бак кылар,

Салып жүрүп там кылар,

Сандыргалуу башыңды

Жер жүзүнө кан кылар...

Ургаачынын төрөсү,

Алып калсаң Каныкей -

Кырк чоронун энеси,

Ургаачынын ыктуусу

Ак жоолуктун мыктысы.

Айтканыңа көнүүчү,

Ал кумайык күчүктү

Жакшылап багып берүүчү», - дейт.

 

Бакайдын оюн Чубак кубаттап, Каныкей баатыр да экендигин, өзү беттешип, тең келе албай качып келгенин айтып, Каныкейге үйлөн дейт.

 Көзкамандар окуясында Каныкейдин акылмандыгы, сактыгы, ар бир ишти алдын ала байкагычтыгы көрүнөт. Манастын колуна чыккынчы жиберип иритип бузуу жана аны амал таап өлтүрүү максатында Эсен кан куулук менен Манастын аталаш туугандары Үсөн - Көзкаманды балдары менен жиберет. Жаңыдан эл-журтка кошулган туугандарын Каныкей чын пейлинен кубанып, тосуп ба­рат, сыйлап кабыл алат. Бирок, бара-бара байкап көрүп «жаңыдан келген туугандарыңдын түрү бузук, акыры түбүндө өзүңө жамандык кылышы мүмкүн» деп Манаска эскертет. Акыры Каныкейдин айтканы туура келет, көзкамандардан Манас өлүм таап кала жаздайт, Каныкей да көп кордук тартат.

Көкөтөйдүн ашында, Чоң казатта Манас баатырдын өзүн баш кылып кырк чоросунун ар бирине ылайыктуу ички-сырткы кийим-кечек, соот, курал-жарак, минер атына чейин күн мурунтан камданып даярдап койгонунан Каныкейдин көрөгөчтүгүн, уздугун, сарамжалдуулугун даана көрөбүз.

Каныкей – өзгөчө мекенчил,  кыргыз элин,  баатырларын дайым жогору баалайт, элинен, жеринен азып-тозуп жүргөн кезинде:

Кең-Колум өңдүү жер кайда?

Аргынды  көрөр күн кайда?

Каралды кылар белим жок,

Төлгөгө чапсам Тайтору

Капа кылбай сүрөөчү,

Каралды кыргыз элим жок, -деп жалгыздыгына өкүнөт.

Каныкей эпосто өлбөй калган каармандардын бири. Бул   анын элге  сиңирген эмгегинин далили.

                «Жакшы аял – жаман эркекти жакшы кылат, жакшы эркекти мыкты кылат», - дейт элибиз. Ошол эле учурда эр жигиттин, атанын үй-бүлөдө, коомдо кебелбес орду бар экенин, үй-бүлө, коом, мамлекет үчүн жооптуу экендигин да эскертип келет. Буга төмөнкү макал-лакаптар далил: «Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде», «Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот», «Алган жары жарашса – кара катын ак болот», «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат», «Жакшы адам - эл камын ойлойт, жаман адам өз камын ойлойт», «Өз  камын  ойлогон  өспөйт,  эл  камын  ойлогон  көктөйт», «Журт мазар, журттан чыккан азар», «Атанын  уулу  болуш урмат,  элдин  уулу  болуш  кымбат». «Ата даңкы, эне баркы - балага дем», «Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт», «Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны», «Жакшы атанын кашыктап чогултканын, жаман уул чөмүчтөп чачат», «Жаш - күчү менен, кары - кеңеши менен». «Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош», «Абийриңди жашыңдан сакта», «Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит көргө сүйрөйт», «Жакшыдан башчы койсоң, элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң, элди жүдөтөөр», «Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт» ж.б.

Акындарыбыз:

«Эне-атасын барктаган,

Элин жоодон сактаган,

Жол күзөтүп күн-түнү

Эки ай бою жатпаган,

Эр азамат белгиси.

Көңүлгө толгон адамын

Эл-журттун келет көргүсү», -деп жигитке кандай сапаттар зарылдыгын белгилешкен,

«Эл ичинен көрсөң жүдөө зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты», -деп эр жигиттин жоопкерчилигин көтөргөн. Кыргыздын илгертен келаткан этикасында үй-бүлөнүн бактысы үчүн аялдын гана эмес, биринчи иретте, күйөөнүн жоопкерчилигине олуттуу басым коюлуп келген. Кызды узатып жаткандагы «ак учук бердим саптап ал, ак шумкар бердим таптап ал» деген салттык ырында аялзатынын бактысы үчүн күйөөгө чоң жоопкерчилик жүктөгөн терең маани бугуп жатат. Калыгул олуя үй-бүлө этикасы жөнүндө мындай дейт:
Эки кудай — аялга,
Бир кудайы — кудайы,
Бир кудайы — жубайы.

Аялдын жубайын кудайындай көрүшү күйөөнүн алган жарына болгон сүйүүсүнөн, айкөл мамилесинен жана камкордугунан жаралып чыга турган нерсе. Ал эми эркектин жубайына болгон урматы аялдын берилген махабатынан, жанагындай үзүлгөндү улаган, жыгылганды жөлөгөн ак кызматынын натыйжасы («Кадырман болгон зайыбың, картайса да кыз менен тең»). Кыскасы, Калыгулдун тереңдеги логикасын ээрчип айтсак, аял үчүн эри кудай болуп, күйөөсү үчүн алган жары кудай болуп, жубайлар бири-бири үчүн ыйык болуп, бири-бирин кудайындай сыйлашканда гана үй-бүлөнүн пайдубалы бекем, түбөлүктүү болмок. Үй-бүлөдө эки жактын тең жоопкерчилиги бийик болууга тийиш. Төмөнкү ыр саптары ушул жерге ылайык келип турат:
Эй жубайлар, үй-бүлөдө эри менен аялы,
Куштун эки канатындай, билсең чындык ушундай.
Жаман жүрүп, жаңылышып, бир канаты аксаса,
Үй-бүлөнүн кушу өксөп, жолдо калар учалбай!
(С.Б.)

 

 

2.Грамматикалык тема: Тактооч, лексико-грамматикалык белгилерине карай топторго бөлүнүшү, жасалышы

Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын (ордун, мезгилин, себебин, максатын, сан - өлчөмүн, сын - сыпатын) көрсөтүп, бышыктоочтук милдет аткарган сөздөр тактоочтор деп аталат. Ал сөз түркүмүнүн ичинен сын атоочко эң эле жакын турат, сын атооч сыяктуу бир катар тактоочтор белгини көрсөтүп, кандай? деген суроого жооп болуп түшө алат. Мисалы: Терең дарыя тынч агат. Эрте ысыган бат муздайт. Бөксө чайнек бат кайнайт.

Бирок тактооч дайыма этиштин ар түрдүү кырдаалын ачык көрсөтөт, сын атооч заттын ар түрдүү белгилерин көрсөтөт. Мисалы, терең - сын атооч, себеби заттын (дарыянын) белгисин ачып көрсөтөт, тынч - тактооч, себеби этиштин сын -сыпаттын (дарыянын кандай агарын) билгизет.

Тактоочтор башка сөз түркүмүнөн төмөнкү белгилери менен айырмаланат:

*      Кыймыл - аракеттин ар түрдүү кырдаалын (ордун, мезгилин, себебин, максатын, сан -өлчөмүн, сын-сыпатын) билгизип, маани жактан абстракттуу келет.

*      Морфологиялык жактан тактоочтун өзүнө гана тиешелүү куранды мүчөлөрү бар. Алар: - ча: бала + ча - балача; адам + ча = адамча; -лап: эрте + лап = эртелеп; күн + лап = күндөп; түн + лап = түндөп.

*      Синтаксистик жактан этиш сөздөр менен айкашып келип, сүйлөм тизмегинде бышыктоочтук милдет аткарат.

Мына ушул үч белги тактоочту өзүнчө сөз түркүмү кылып турат. Тактоочтор кыймыл-аракеттин боло турган мезгилин, өтө турган ордун, болуш себебин, же максатын көрсөтүп, өз ара бир нече топко бөлүнөт.

Мезгил тактоочтор.

Кыймыл-аракеттин боло турган учурун, мезгилин көрсөтүп, Качан? Качантан бери? Кайсы кезде? Качанга чейин? деген суроолорго жооп берет.

Мезгил тактоочторго: азыр, анан, ар дайым, ар качан, ар убак, бүгүн, кез-кезде, эртен, эртели-кеч, жайды - жайлай, кышты-кыштай, мурун, кийин ж.б. сөздөр кирет.

Мисалы: Мурунку чыккан кулактан, кийинки чыккан мүйүз өтүптүр.

Орун тактоочтор.

Кыймыл-аракеттин боло турган ордун, багытын көрсөтөт да, кайсы?, кайда?, кайсы жактан?, кайсы жакка? деген суроолорго жооп берет. Алга, артка, алды-артына, ары-бери, илгери, жогору, төмөн, анда-мында, ушунда ж.б.тактоочтор кирет. Мисалы:

Алда кайдан кербен тартып келаткан, Кербенчинин төөлөрүндөй чубашкан.

Себеп жана максат тактоочтор кыргыз тилинде сан жагынан өтө аз. Буларга: аргасыздан, атайын, эрксизден деген саналуу сөздөр кирет. Мисалы: Атайлап түшүнбөгөн киши болуп жер карады. Себеп жана максат бышыктагыч тактоочтор сын-сыпаттык маанилерге да ээ болушат. Мисалы: Аяктуу сөзгө аргасыз жооп кайтарат. Аргасыз деген  сын-сыпат тактооч,  кандай?  деген  суроо берилди. Бышыктоочтун милдетин аткарды.

Сын-сыпат тактоочтор кыймыл-аракеттин ар түрдүү сапаттык өзгөчөлүгүн, белгисин көрсөтүп кандай? кантип? кандайча? кимче? эмнече? деген суроолорго жооп берет: акырын, аста, адамча, айбанча, тымызын, тез, дароо, бат, ылдам, жай, бирге, бетме-бет, оозмо-ооз, каадасынча, мурункусунча, өзүнчө, көзүнчө, менчилеп, сенчилеп ж.б. сөздөр кирет. Мисалы: Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев өз элин коргоп баатырларча курман болду. (Баатырлар - зат атооч, -ча мүчөсү уланып тактооч болду да, кантип? деген суроого жооп берди. Сүйлөмдө бышыктоочтук милдет аткарды.)

Эпосто баатырлардын күлүктөрү  адамча сүйлөйт.

(Адам - зат атооч, -ча мүчөсү уланып, сын-сыпат тактооч болду да, кандайча? деген суроо берилди. Сүйлөмдө бышыктоочтук милдет аткарды.)

Сан-өлчөм тактоочтор кыймыл аракеттин сан-өлчөм жактан өзгөчөлүгүн билдирип, канча? нече? канчалык? канчалап? нечелеп? деген суроолорго жооп берет: барынча, болушунча, жетишинче, жапырт, аз - маз, ушунчалык, ошончолук, аз-аздан, саал-паал, бир-бирден, көп-көптөн ж.б. сөздөр кирет. Мисалы: Калыгул кары анча шашпайт.

(Анча деген сан-өлчөм тактооч кандай? деген суроого жооп берет, сүйлөмдө бышыктоочтун милдетин аткарат.)

Тактоочтордун                   морфологиялык      жол      менен жасалышы. Негизге сөз жасоочу мүчө жалгоо аркылуу жасалган тактоочтор морфологиялык жол менен жасалган тактоочторго жатат. Кайсы сөз туркүмүнөн жасалгандыгына карай өз ичинен бир нече топко бөлүнүшөт.

1. Зат атоочтон жасалган тактоочтор. Мындай тактоочторду жасоодо төмөнкү мүчөлөр колдонулат:

-ча: бул мүчө кыргыз тилинде гана эмес, башка түрк тилдеринде да тактоочту жасоочу өнүмдүү мүчө. Анын жардамы менен зат атоочтон жасалган тактоочтор кандайдыр бир нерсенин кыймыл-аракетин негиз аркылуу туюндурган нерсенин кыймыл-аракетине окшоштуруп билгизет: жолборсчо качырды, бүркүтчө шаңшыды.

-лап: бул мүчөнүн жалганышы менен жасалган тактоочтор сыртынан караганда -ла жана -ып мүчөсү уланган этиштерге окшоп кетет. Мисалы: Экөөлөп, кооздоп деген сөздөр -ып формасындагы чакчылдар. Ал эми айлап - жылдап деген сөздөр -лап мүчөсү аркылуу жасалган тактоочтор. -лап мүчөсү аркылуу мезгилдик маанидеги зат атоочтон жасалган тактоочтор кыймыл-аракеттин болуш, канчалык созулуш мезгилин билгизет: күндөп, түндөп, айлап, жылдап ж.б.

-чылап: мүчөсү зат атоочторго негиз аркылуу туюндурулган заттын кыймыл-аракетине окшоштуруларын салыштырып билгизет.

-лай мүчөсү аркылуу жасалган тактоочтор көбүнчө кыймыл-аракеттин канча мезгилге чейин созулушун билгизет: күздөй, жаздай, жайдай, күздү-күздөй, жайды-жайлай ж.б. Мисалы: Жайды-жайлай ырдады, ийнелик жаны тынбады.

(Жайды-жайлай деген тактооч болду да, бышыктоочтук милдет аткарды. Кантип? деген суроо берилди.)

-лата деген мүчө зат атоочко уланып да, сын атоочко уланып да тактооч жасайт: жаздaтa, к ө здөтө, кыштата. (Бул жерде жаз, күз, кыш зат атооч сөздөрг -лата мүчөсү уланып тактооч жасалды.) Мисалы: Кымыз куюлду. Улуулата сунулду.

(Улуу - з

Тема 14

1.      Лексикалык тема: Дос күтүү, дос кадырын урматтоо. Элдин ички биримдиги. Эл аралык мамиле. Меймандостук салты.

2.      Грамматикалык тема: Кызматчы сөз түркүмдөрү: Байламталар. Бөлүкчөлөр. Жандоочтор. Модалдык сөздөр.

 

 

1.      Лексикалык тема: Дос күтүү, дос кадырын урматтоо. Элдин ички биримдиги. Эл аралык мамиле. Меймандостук салты.

       Дос күтүү, дос кадырын урматтоо – элибиздин байыртадан келе жаткан салты. Дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосубузду мисалга алсак,  Айкөл Манас бабабыз - калыс, адилет, кечиримдүү, майда баратка көңүл бурбайт, кек сактабайт, ак пейил, баарына тең карап, бирдей мамиле жасайт. Кырк жерден келген чоролорун баш коштуруп, көптөгөн башка уруу, элдердин башын курап, бириктирип элге айлантат, нечен менменсиңген баатырларды ынтымакташтырып, өз айланасына топтойт, кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылып, жаманын жашырып, жакшылыгын арттырып айкөлдүк кылат.

Алмамбетке жолугуп достошордо, Манас түш көрөт, жакындарын чогултуп түшүмдү жоруп бергиле деп өтүнөт:

 

Анда Манас кеп айтат

Акылы терең арстандар,

Кыла турган ишиң бар,

Жоруй турган түшүм бар:

Кызымталдуу бир кылыч

Жолдон таап алганым.

Сырты калың, өткүр миз,

Учу кайкы, мойну түз.

Сынамакка кылычты

Ташка чаптым ошо кез,

Ташты кести эттен тез.

Салмактанды бир кезде,

Салаңдап жерге жетиптир,

Боосу узарып кетиптир.

Учу жерге тийгени,

Кылычым бөлөк сүрөткө

Нак ошо жерде киргени.

Кылычым болду бир жолборс,

Жолборс болду маа жолдош,

Дөбөнүн чыктым башына,

Жолборсум жолдош кашымда.

Күн батышка бир карап,

Күн чыгышка бир карап,

Жолборсум турду күркүрөп,

Төрт тараптан айбанат

Төгүлүп келди дүркүрөп.

Жан-жаныбар жыйылып,

Дөңдө жалгыз өзүмө

Таазим кылды сыйынып.

Уруксат берип тараттым,

Жай-жайына караттым.

Алиги турган жолборсум

Ак туйгун болуп калганы.

Кукулуктап унчукса,

Куштан бөлөк үнү бар,

Куйрук-башы жаркылдап,

Куудан аппак жүнү бар,

Айбат менен караса

Алп кара куш сүрү бар.

Саңоорлору сары алтын,

Таканак  жүнү баары алтын,

Талпынды канат жаркылдап,

Алп кара куш баш болуп,

Сыярат кылып сыйынды,

Ачып канат ирмеген

Астына келип жыгылды.

Бу дүнүйө жандарын

Койбодум деп ойлодум,

Кондурган бойдон колума

Ошо түштөн ойгондум.

 

Атасы Жакып эркек балалуу болот экенсиң! — деп айтмак болуп «Кайып кан кызы Карабөрк...»,— деп келатканда Манас ачуусу келип, атасын акырайып жаман көзү менен карайт. Уулунун түрүнөн корккон Жакып сөзүн бүтүрбөй, кеби оозунан түшүп олтуруп калат. Аны байкаган Ажыбай түштү башкача жоруйт: 

 

Баарысы батпай токтолду,

Көрүнгөн кебин айтууга

Ажыбай чечен октолду:

Оңолгон экен ишиңиз,

Оолуккан экен сени издеп

Ойдогу азиз кишиңиз!

Кытайга намыс бербеген,

Кылымдан ашык эр деген,

Аркы атасы Чылаба,

Намысын колдон бербеген,

Берки атасы Солобо,

Адам уулу жеңбеген.

Өз атасы Соорондук

Өкүмөттүн башында,

Өңкөй Бээжин аскери

Кызмат кылган кашында,

Соорондук уулу Алмамбет

Алмамбет келип сиз жакка,

Канаттуулар жыгылып,

Кашыңызга келгени

Сыймыктуу эрдин баарысы

Сыйынат экен өзүңө,

Кайыптын баары сыйынып,

Көрүнгөн экен көзүңө.

Бул дүйнөдө жолдошуң,

О дүйнөдө колдошуң,

Келет экен түштөгү

Алмамбет арстан жолборсуң!

 

«Алмамбет баатыр келип, өзүңө жолдош болот экен» деп оюндагысын туура тапкан Ажыбайга ыраазы болгон Манас сүйүнүп, ага чоң тартуу берет. Бул эпизоддон Манас достукту баладан да жогору баалаганын көрөбүз. Бул көрүнүш эпосто мындайча сүрөттөлөт:

 

Кан Жакыптын баласы,

Кабылан сындуу Манасы

Көңүлү өстү жетилип,

Көшүлүп бою чечилип.

Эт жүрөгү созулуп,

Алмамбет келип эми эле

Калгандай болуп кошулуп,

Карк алтындан дейилде

Ажыга жаба салганы:

Бий болдуңуз ажым деп,

Тоң кийгизди өзүнө,

Кубанып айткан сөзүнө.

 

Ошентип Айкөл Манас Алмамбет менен достошууга, анын көңүлүн табууга дитин коёт:

 

Арстан эрлер сүйүнчү!

Алмамбет келет мен көрдүм,

Ар мүнөзүн, айбатын

Арстанга тең көрдүм!

Чогоолдук кылса көтөрүп,

Өжөрлүк кылса өткөрүп,

Кейишке салса кечирип,

Күтөрдүн камын кылыңар!

Бүлүндүрсө бүлк этпей

Түтөрдүң камын кылыңар!

Алмамбетти кетирбей

Тутардын камын кылыңар!- дейт.

 

Бирок ошол эле учурда Алмамбеттин эркине коёт:

 

Калабалуу кырк баатыр

Кан тартуусуз түшчү эмес

Камданар ылдам тартуусун

Кандык жолун кылган соң

Кааласа турар элиме

Каалабаса калкымды

Өзү билер кайтуусун

Күлүктөн тартуу камдаңар

Баш тулпардан байлаңар

Аялуу мүлкүм Аккелте

Асалык анын жолуна

Албарстын учтуу Сырнайза

Аны берип колуна

Кийгизиңер Аккүбө

Кийүүчү кийит жонуна

Алтын саптуу Ачалбарс

Аны байла белине

Алып кетсин баруучу

Каканчын Бээжин жерине

Калың кытай элине

(СО, II, 1980,315-316-бет)

 

Алмамбет келгенде кучак жайып тосуп алып мындай дейт:

 

Найзага белги желектир,

Аккула атым минип кет,

Азамат эрге белектир

Аккелтени атып кет

Аманат жанга керектир

Аккула менен Сарала ат

Баары буудан он сегиз,

Баарын бирдей айдап кет.

Аккүбө тонум кийип кет,

Найзага тактым ак желек

Азамат эрге бир белек.

Кааласаң тур, каала кет,

Капаланып калбагын

Калыс болор биздин нээт

(СО,322-бет)

 

Алмамбетти Манас жогору балаганы бекеринен эмес. Алмамбет да өз кезегинде Манастын мамилесине баа берет, достук сыйын көтөрө билет, кыянат кылбай, акыл калчап ой жүгүртөт:

 

Аккула Манас аты экен

Кара жанын өлчөгөн

Ак тулпарын мингизген

Ашкере чыккан март экен

Ак күбө Манас тону экен,

Азыркысы сүйүнүп

Мага кылган жолу экен

Аккелте Манас мүлкү экен

Байкап турсам Сарала

Мага ылайык жылкы экен

Айбалта менен кылычын

Ала келди найзасын

Ат-тонунан мен айрып

Кетирбейин айласын

Өспөгөн жаман жан кылар

Өз жанынын пайдасын (СО, 321-б).

 

Серектин акылы боюнча ат чабыш болуп, чыгып келген күлүк Алмамбетке тартууланат:

 

Алмамбеттин Сарала ат

Суулуу жерге басылып

Эки колдоп тизгинге

Чапкан бала асылып

Астына келип калыптыр

Кырк чоронун баарысы

Алмамбет деп чуу тартып

Айгайды бийик салыптыр

Алмамбеттин көңүлүн

билдирбей туруп кырк баатыр

Бир көтөрүп алыптыр (СО, 327-б)

 

Манаска, кырк чоронун мамилесине ыраазы болгон Алмамбет кыргыз элинде калууну чечет, бирок бир шарт коёт:

 

Батарыма жан таппай

Баркымды билер эр таппай

Тууган болсоң кырк баатыр,

Тутууга келдим мен акыр,

Жибектен алган өөнүм бар,

Жигиттен калган көөнүм бар,

Ырас мени тур десең

Ынтымак сурайм көбүңдөн,

Кудай берсе ынтымак,

Куусаң кетпейт, ырыс бак.

Мени коё салыңар,

Ынтымактуу жүрмөккө

Бата кылгын баарыңар!

(СО, 331-332-б)

 

Анда:

 

Азыр турган кырк баатыр

Акылыңа бали деп,

Кошомат кылып калганы,

Кол көтөрүп дубага

Бата кылып алганы.

Алмамбет кетпес болгону,

Арстан Манас баатыры

Көңүлү көлдөй толгону

(СО, 2-китеп, 331-бет).

 

Достуктун кадырын билүүгө, ынтымакта жашоого Бакай акылман да дайыма үндөйт. Чалгынга мени албай, Сыргакты алып кетти деп чатак чыгарган Чубакка айткан сөздөрүнөн  бул насыят таасын көрүнөт:

 

Канаты менен учуучу.
Куйругу менен конуучу,
Манастын Манас болмогу
Экөөбүздөн болуучу.
Бузулуш бизден чыккан соң,
Бутунан тартып жыккан соң,
Пил да болсок жыгылдык,
Миң да болсок кырылдык.
Кыйырыңдан карыш жылган жок,
Кыйыктанба, Чубагым,
Кытайга кызмат кылган жок!
Калкыңдан карыш жылган жок,
Каарданба, кан Чубак,
Карайлап келген Алмамбет
Капырга кызмат кылган жок!
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,
Бөлүнүп калды кыргыз деп
Бөлөк элге кеп кетет.
Жарылсаң ууру алуучу,
Жай уксаң акыл нак ушу.
Кыйырынан азган бу бир эр,
Алмамбетти көргөндө
Ким да болсо кытай дээр.
Жол билген киши кол билет,
Кыйнады жанын биз үчүн,
Кылган кызмат сиз үчүн,
Кыргызга кызмат кылганга
Кыйкырып чабыш кай күчүң?
Кызмат кылды эл үчүн,
Кырааның Манас эр үчүн.
Аскерди баштап артынан
Аламан чабыш кай күчүң?!
 

 

Эпосто баатырлардын кечиримдүүлүк сапатына өзгөчө маани берилет. Алмамбет чалгынга албай кеткенине таарынган Чубак Алмамбетке ачуу сөздөрдү айтат, кайра жүйөлүү сөзгө жыгылып, өз күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурайт. Алмамбет да кек сактабай кечирет:

 

Акбалтанын Чубагы

Уят болуп турду эми.

Оенум, Алмам кечип кой,

Көгала түгүл, Алаке,

Кара башым тартуу деп

Көгаланы жетелеп,

Күнөөмдү кеч деп тиленип,

Алмамбетке келди эми.

Ичинде калбай эч бир кек,

Ыраазы болуп Алмамбет,

Аттан түшүп түйүлүп,

Сараланы жетелеп,

Чубакты көздөй жүгүрүп

Камчысын салып мойнуна,

Күнөөмдү кеч деп Чубакка,

Алмамбет турат жүгүнүп.

 

 

 

Демек, жалпы адамзат баалаган достук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк  сапаттары “Манас” эпосунда эң мыкты  адам сапаттары  катары жогору коюлат.  

Манас баатырдын достукту бийик тутканын,  чоролоруна болгон аяр мамилесин бул саптардан да көрөбүз. Көкөтөйдүн ашында:

 

Ай Алаке, көкжалым,

Сен сайышка чыкпагын.

Соорондуктун жалгызын,

Аябастан өлүмгө,

Кармап берди дебейби?

Калмак шылдың кылбайбы,

Кыргызды кудай урбайбы?

Колундагы сыр найза,

Таяп калды дебейби?

Коңурбайдан Манасты,

Жалпы журту чогулуп,

Аяп калды дебейби»,- деп сайышка өзү чыгат.

 

Чоң казатта чоролорун бошотуп келүү үчүн өлүмгө да баш байлай

 

Көк жалдардан айрылып,

Кутулганым курусун.

Калмакты карай жөнөйүн,

Алмамбет менен Чубакты

Ажыратып келейин,

Ажалым жетсе өлөйүн.

Көл-Кечүүдө калмакка

Көк жалың Манас кириптир.

Көз көргөндүн баарысын

Көбүн кырып ийиптир.

 

Ошентип, урушам деген Коңурбай мыш болот, кытайлар жеңилип, Манас Чет-Бээжинге кан шай­ланат. Кытайлар тартуу тартып, эки эл жарашат. Бирок, көп убакыт өтпөй, кектенген Коңурбай амал менен жашырынып келип Манасты жарадар кылат. Кичи казат башталып, катуу согушта Манас чоролорунан айрылат. Манас бул кайгысын минтип билдирет:

 

Тебелеп келген калмактан,

Намысым  кайрып мен алдым, аяш!

Эл намысы деп жүрүп, аяш,  

Мен   эгиздерди  жеп алдым,  аяш! 

Мен канатым өрткө алдырдым    аяш!   

Кабыландын    баарысын   

Мен    каканчыга чалдырдым, аяш!

Ач арстан, ары шер,

Жардыгында өлбөдүм, аяш!  

Алмамбет,    Чубак,   Сыргагым,  

Бардыгында   өлбөдүм, аяш!"

 

Ички биримдик ынтымакка элибиз чоң маани берген. “Ырыс алды-ынтымак”, “Ынтымак түбү-ийгилик”, “Күч-бирдикте”, “Бирдик болгон жерде – тирдик,Бөлүнгөндү бөрү жейт, жарылганды жоо алат”, “Байлык - байлык эмес, бирдик –байлык”,  “Ынтымагың бар болсо - тең болорсуң, ынтымагың жок болсо - жем болорсуң”,  “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп кетти кыргыз деп бөтөн элге кеп кетет” деп эскертип келген. Элдин ынтымагы болбосо, мамлекет жоюлат, эл таруудай чачырап, бөлөк калкка сиңип, улуттук өзгөчөлүгүн: тилин, дилин, үрп-адатын, наркын акырындап жогото берет, “миң да болсо кырылат, пил да болсо жыгылат”. Биримдик, ынтымак жоктугунан, камырабастыктан кыргыз эли жеңилип, чабылып-чачылган, кордук көргөн. “Манас” эпосунун философиялык ойлорунун күчтүүлүгү ушунда. Улутта биримдик болсо экономикасы, маданияты гүлдөйт, өсөт, элдин маанайы жарык болуп, илим-билимге умтулат, рухий дүйнөсү көкөлөйт. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” ынтымактуу болсок, кыйынчылыктан, ар кандай тоскоолдуктардан, жердештик-трайбализм оорудан, бөлүнүүдөн, көзкамандар менен манкурттардан алыс болобуз.

Меймандостук - элибиздин  байыркы салты. Элибиз конок, мейман дегенде ичип жаткан ашын жерге койгон. Боз үйү тигилүү, көлдөлөңү салынуу, дасторкону жайылуу, ыкласы түз, пейили ачык болгон. Эшикке кулпу салынган эмес. Акыркы малын сойгон, алдына ырыскысын жайнатып койгон. Төрүн бошотуп төмөнгө жылган, конокко болгон сый-урматын кылган, атына жем берген, өзүнө дем берген. Тубаса меймандос болгон. Коноктун келгени -Теңирдин бергени деп түшүнгөн. Адамдын ортосундагы сыйды айрыкча кадырлаган.

Алтайдан көчүүгө кеңеш кылган элди жаш Манас кадырлап тосот:

 

Байталдан семиз табыңар,

Он эки байтал алыңар,

Камбарбоздун үйрүнөн

Ээгинен бирин чалыңар,

Дартман эмес сагынан,

Карасы эмес агынан,

Андан бирди алыңар.

Алты азамат чаптырды,

Алты жүз меште кымызды

Аял кылбай таптырды.

Айылда киши калба деп

Адамдын баарын чакырды.

Жер очокту каздырып,

Жез капкактуу казандан

Жетимишин астырып,

Сары казы, кыйма жал

Адамдарга тарттырып,

Ар кандай опкоксуганын

Аппак майга тойдурду,

Эки жүз чанач кымызды

Эңсегени жутсун деп

Элдин ортосуна койдурду

(СО,2-китеп, 18-21-б.).

 

Көкөтөйдүн ашында элдин меймандостугу мындайча берилет:

 

Тогуз жүз тосуп үй күтүп,
Тогуз жүз толук бий  күтүп,
Токсон жерде бээ союп,
Жолго даяр эл коюп,
Уюп жаткан Бокмурун
Ушу күнү бүлүндү.
Урматтуу кыргыз тукуму
Улуктугу билинди.
 

 

Коногуң эси болсо сыйды түшүнөт, эси жок болсо коркконуңдан кылып жаткандай баалайт, мейман экенин унутуп калат. Доомат коюп, чыр салат.

Мисалга алсак, Көкөтөйдүн ашында Коңурбай, Жолой, Нескаралар чыр чыгарат:

Мааникерди бербесең
Балакетти көрөсүң!
Киши-миши дебеймин,
Тарткан этиң жебеймин!
Ашыңа азап саламын,
Айлыңды талап аламын!, - дейт.
Той чыр-чатаксыз, тынч өтсүн деген мааниде Кошой карыя Мааникерди берели деп кеңеш кылат:

 

Кытай да болсо кылым журт,
Капыр да болсо кандуу журт,
Мааникерди берсек деп,
Эр Кошой айтып турганы.
Бул сөздү укканда Манастын ачуусу келет, сыйды түшүнбөгөн меймандардын сазайын берет:

 

Ошо сөзүн укканда
Оң көзүнөн от чыгып,
Сол көзүнөн чок чыгып,
Аккула атты каргытып,
Ак сакалдуу Кошойдун
Алдына барды ошонун:
Аттигине абаке,
Акылыңыз  канаке?

Мааникер берем дегенче
Манасты өлдү десеңчи!
Муну айтканча өлсөңчү!

Бүгүнкү күндө бу капыр,
Сырыңды тартып албайбы,
Тырп эттирбей салбайбы,
Эртеңки күндө Кула атты
Каалап кармап калбайбы,
Бүрсүгүнкү күнүндө
Эр Төштүктүн Чалкуйрук
Эбин  таап албайбы!
Ат бүткөндөн айрылса
Азамат шору катпайбы!
Арбак анык урбаса
Атымды кантип берейин,
Арбыган экен бу доңуз,
Алпурушуп көрөйүн:
Арга  недир тагдырга,
Ажалым жетсе өлөйүн!
Күлпөнүм күндөй турганда
Күлүгүм кантип берейин,
Күчөгөн экен бу чочко,
Күрпөңдөшүп көрөйүн!
Ал сөздү айтып эр Манас
Алтын доол кагылды,
Аккелте мылтык чаңырды,
Араң турган кырк баатыр
Аламан коюп жабылды.
Сандыргалуу көй баатыр
Сайып  өтүп баратыр,
Заман акыр башына
Салып  өтүп баратыр.
Кош-Дөбөнүн тушунда.
Коңурбай баатыр ушунда.
Кыргынды көрүп кысылып,
Булуттай өңү бузулуп,
Каарданса Манас нетер деп,
Кан Коңурбай энтелеп,
Камданганча  бу канкор
Кыргын кылып кетер деп,
Ат албасам жок деди,
Ар  качандан бир качан
Ушул Манас шок деди.
Ат минбесем коёмбу,
Арстан Манас оёнду
Кызматка сөздү айтыңар,
Кылкара  тартуу тартыңар,
Агасы анын Алгара,
Аземи артык  Кылкара.
Кылкара  тартуу бериңер,
Кырдырып ийбей кытайды
Кызмат кылып көрүңөр.
Бу сөздү  айтып Коң төрө,
Бузукту сүйгөн чоң төрө,
Кылкара  атты кындыйтып
Астынан  тартып калыптыр.
Алооке баштык карысы,
Алтымыш жаң-жуң баарысы
Астына тартуу барышты,
Ат алам деп ат берип
Абийри кетип калышты,
Абыдан кетти намысы.
 

 

Бирок да Манас баатыр элибиздин «Касташсаң да, кастын намысын кордобо» деген осуятын карманат,  эч убакта озунуп биринчи кол салбайт, “Согуштан артык сойбоңор, бүгүн душман, эртең эл бүлүндүрүп койбоңор!” деп зордукчулукка, талап-тоноочулукка жол бербейт. Текес кандын ордуна калмактардын өзүнөн кан шайлап бергени мунун бир далили:

 

Өткүр Манас айкырып:

Албаңар жырык ийнесин,

Не кыласың калмактын

Эзелден жыйган дүйнөсүн.

Кош-кошко союш алыңар,

Корооңдо калды малыңар.

Байынан союш алсаң да

Коңшусун коюп салыңар.

Кары, жашың, чалыңар,

Дүнүйөдөн куруп калгандай

Кантесиңер баарыңар!

Аны айтып акырып,

Аскердин четин жапырып,

Арстан Манас токтотту.

Ата уулунун баарысын

Айдап кел деп жоктотту.

Эми Манас кеп айтат,

Карап турган калмакка:

Ээ, калайык деп айтат,

Текес өлдү дуу-дууңар,

Текши баарың турдуңар.

Баашабыз өлдү дедиңер,

Башы жок калса денеңер

Тирилигиң болобу,

Тим койсо Манас оңобу.

Тууганың бар, уругуң,

Өзү өлдү Текес улугуң,

Каныңарды каала деп

Калкыңа айтып турумун,

Жакыныңдан кан шайла,

Жалганы жок мунумдун.

Көтөрүп тууңду байла деп,

Көпчүлүк каның шайла деп

Көк жалың Манас айтты кеп.

Көпчүлүк баары дүрбөшүп,

Бирин бири жүр дешип,

Капилет өлдү каныбыз,

Калдык аман жаныбыз,

Акылмандар бирөөнү

Атап канга салыңыз.

Көпчүлүк муну айтышты,

Көсөрлөр үйгө кайтышты,

Көсөмдөр токтоп калышты,

Канга ылайык ким дешип,

Кары-жашың бил дешип

Ортосуна салышты.

(СО, 2-к, 44-45)

 

Азыркы  учурдагы эл аралык мамиле, сырткы дипломатия деген термин  ушул «Меймандос» деген маанилүү кыргыз сөзүнө толугу менен сыйдырылган. Чындыгында, мейманды дос кылып алганга не жетсин! Конок тосуудан адамдын пейили, адамкерчилиги, элдин тарбия-таалими, маданияты даана ачылат. Конок күтүү - оболу өз пейилиңди текшерүү. «Сый көрбөгөн сыйлай албайт», - дейт элибизде. Дүйнө элдери бирин бири билүүгө, алака кылууга өтүп жаткандыктан, конок күтүүнүн мааниси өтө терең. Туризм жана меймандостук да улуттук намыскөйлүктү, салтты сактоону, маданиятка маани берүүнү, сактыкты, кыраакылыкты талап кылат. Мейман күтүүдө бардык маселе: тактык, тазалык, камкордук, сыйкорлук, сымбатың, акылың, айткан сөзүң маанилүү. Сый көрсөтүү аркылуу алыш-бериш жүрөт,  кыраакылык калыптанат. Келген конок сүрдөп келип, сүйүп кетсин. Жылуу мамиле, жакшы таасир калсын, эл-жериң жөнүндө жылуу пикирин айта барсын. Элдин руханий күчүн сезсин, ак нээт келип, ак нээт кетсин.  

Манастын кырк чоросу кырк жерден келген түрдүү элдин, уруулардын өкүлдөрү болгон, бул элибиздин эл аралык достукка, ынтымакка канчалык даражада көңүл буруп, маани бергенин көрсөтөт. Кыргыз баатырлары, казактардын Көкчөсү, кыпчактардын Үрбүсү, тажиктердин Музбурчак, өзбектердин Санжыбек, оогандык Акун хан, башкырдын Жамгырчы, каракалпактардын Бердике сыяктуу ар түрдүү эл өкүлдөрү, уруулар бир атанын балдарындай коопсуздук үчүн тикеден – тик турушат,  “Өлүп калсак кырылып, бир чуңкурга тололук, тирүү болсок жыйылып, бир дөбөдө бололук!” - деген ант – шерт берип, ынтымакташат.

Манас Алмамбетти эң жакын баалайт, Алмамбет да: “Ала-Тоо артык жер үчүн, ак калпак кыргыз эл үчүн, жанымды курман чалайын”, - деп кыргыз элине ыраазылыгын билдирет.

Демек, башка уруулар элдер менен ынтымакташуу, достукта жашап, кызматташ болуу, бири-бирине зарыл учурда, керек болгондо жардам берүү мурдатан келе жаткан, элибиз урматтаган жана өз турмушунда дайым пайдаланган салттык мыкты жөрөлгө. Бүгүнкү күндө бул осуяттын мааниси зор. “Элге эл кошулган дөөлөт, элден эл бөлүнгөн – мээнет”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат”, “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз” дегендей Искра, Маевка айылдарында, Ош жергебизде болуп өткөн кайгылуу окуялар кайталанбашы үчүн, өлкөбүздө тынчтык, бейпилдик өкүм сүрүшү үчүн улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтыкты,  коңшулаш жана алыскы өлкөлөр менен байланышты чыңдоого ар бир улуттун өкүлү салымын кошушу зарыл.

 

2.      Грамматикалык тема: Кызматчы сөз түркүмдөрү: Байламталар. Бөлүкчөлөр. Жандоочтор. Модалдык сөздөр.

Сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштыруу, ийкемдүү тутумдаштыруу милдетин аткарып, кошумча ар түрдүү грамматикалык маанилерди алып келген сөздөрдү кызматчы сөз түркүмдөрү дейбиз. Булар «маани бербөөчү сөз түркүмдөрү» деп да аталат.Кыргыз тилинде алар төмөнкүлөр:

1.        Байламталар

2.        Бөлүкчөлөр

3.        Жандоочтор

4.        Модалдык (кыял - мамиле) сөздөр.

Сүйлөмдөгү сөздөрдү, сөз айкаштарын жана кошмок сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү бири-бири менен байлашытырып турган кызматчы сөздөр байламталар деп аталат.

Байламталар түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал байламталар болуп экиге бөлүнөт.

Бир эле сөздөн турган байламталарды жөнөкөй байламталар дейбиз. Алар: а, андыктан, анткени, ары, бирок, болбосо, да, дагы, деле, жана, менен, нары, не, ошондуктан, себеби, эгер, эгерде ж.б.

Эки же андан көп сөздөн турган байламталарды татаал байламталар дейбиз. Алар: ал эми, андай болсо, анткен менен, жана да, же болбосо, кандай ... ошондой, канчалык ... ошончолук, неге десең, ошол себептүү, ошондой болгону менен, ошондой болсо да, ошон үчүн, эгерде ... ошондо ж.б.

Байламталардын маанисине карай бөлүнүшү

а) Себеп байламталар тутумдашкан сүйлөмдөрдүн бири-бири менен кандайдыр бир ойдун айтылыш же чечилиш себеби аркылуу байланышын камсыз кылат. Буларга андыктан, анткени, неге десең, ошол себептүү, ошонун натыйжасында, ошон үчүн, себеби, эмне үчүн десең сыяктуу байламталар кирет.

б)Шарттуу байламталар тутумдашкан сүйлөмдөрдүн бири-бири менен кандайдыр бир ойдун макулдашуу, убадалашуу маанилеринде байланышын камсыз кылат. Алар: эгер, эгерде.

в) Салыштырма байламталар тутумдашкан сүйлөмдөрдөгү ойдун бири - бири менен салыштырылып, өлчөнүп, ченелип айтылышын түшүндүрөт. Кандай ... ошондой, канча ... ошончо, канчалык ... ошончолук деген сыяктуу татаал байламталар кирет.

г)    Байланыштыргыч байламталар сөз менен сөздү, же
сүйлөм менен сүйлөмдү маанисине карай жай гана
байланыштырат. Ары, да, дагы, дале, жана, жана да, жана
дагы, менен, нары деген байламталар кирет.

д)    Каршылагыч байламталар кошмок сүйлөмдөрдүн
тутумундагы карама-каршы маанидеги жөнөкөй сүйлөмдөрдү
бири-бири менен тутумдаштырат. А, ал эми, андай болсо да, анткени, анткен менен, этсе да, бирок, бирок да, деген менен, ошентсе да, ошондо да, ошондой болгону менен, ошондой болсо да деген сыяктуу байламталар кирет.

е)Божомолдогуч байламталар бири-бири менен тутумдашкан сөздөрдүн, же сүйлөмдөрдүн кайсы биринин гана ишке ашар-ашпасын, ырастыгын, тууралыгын, бар же жок экендигин билдирет. Булар: болбосо, же, же болбосо, не деген сыяктуу байламталар.

Сүйлөмдө атооч сөздөрдү жандап, алардын өз ара карым-катышын эпке келтирип, аларга ар кыл грамматикалык маани ыйгарып турган кызматчы сөздөр жандоочтор деп аталат. Аркылуу, ары, башка, баштап, бери, бетер, бойдон, бойлой, бойлоп, бою, боюнча, гана, да, дейре, деле, жараша, жете, жөнүндө, жуук, илгери, караганда, карай, карата, катар, кийин, көздөй, көрө, көрөкчө, менен, мурун, өңдүү, сайын, сөрөй, соң, сымак, сымал, сыңар, сыяктуу, тарта, тууралуу, чакты, чалыш, чамалуу,   чамасында,   чейин   (дейин),   шекилде,   шекилдүү жана башка сөздөр кирет.

Сүйлөмгө, болбосо сүйлөмдөгү кайсы бир сөзгө кошумча грамматикалык маани же маанилик бир касиет алып келүүчү кызматчы сөздөр бөлүкчөлөр деп аталат.

Берген маанилерине жараша бир нече топторго бөлүнөт:

Чектегич бөлүкчөлөр кандайдыр бир затты, белгини, касиетти же кыймыл-аракетти башка заттардан, белгилерден, касиеттерден же кыймыл-аракеттен ажыратып, бөлүп, чектеп көрсөтүү маанилерин кошумчалайт. Буга гана, эле деген бөлүкчөлөр кирет.

Күчөткүч бөлүкчөлөр айкашып келген сөздөргө же өздөрү катышып турган сүйлөмгө күчөтүү, апыртуу, ашыра көрсөтүү маанилерин кошумчалайт. Алар: абдан, аябай, өтө, эң.

дегеле, дым, жалаң, ным, өңкөй, өңчөй, такыр, түк, чылгый, чылк, чымкый ж.б.

Аныктагыч-тактагыч бөлүкчөлөр айкашып келген сөздөрдүн же өздөрү катышып турган сүйлөмдүн маанилерине кандайдыр аныктык, тактык белгилер кошумчалайт. да, дагы, дал, дале, кудум, нак деген сыяктуу бөлүкчөлөр кирет.

Тангыч бөлүкчөлөр  айкашып келген сөздөргө же өздөрү катышып турган сүйлөмдөргө айтыла тургун ойду, фактыны тануу, жокко чыгаруу маанилерин кошумчалайт. Буга эч, тургай, турмак, турсун, түгүл өндүү бөлүкчөлөр кирет. 

Сурама бөлүкчөлөр айкашып келген сөздөргө же өздөрү катышып турган сүйлөмдөргө суроо маанисин кошумчалайт. Сурама бөлүкчөлөргө ыя, я, ээ деген сөздөр кирет. Ырастагыч бөлүкчөлөр айкашып келген сөздөрдө же өздөрү катышып турган сүйлөмдөрдө айтылган ойдун, маанинин, фактынын туура же туура эместигин, сүйлөөчүнүн ага макул же макул эмес экендигин билдирет. Буга да, ооба деген бөлүкчө кирет. Мисалы: Ооба, сенин айткандарың туура экен.

Божомолдогуч бөлүкчөлөр  айкашып келген сөздөрдүн же өздөрү катышып турган сүйлөмдөрдүн маанисинде кандайдыр шек, божомол, күмөн бар экендигин билдирет. Булар: бейм, белем, го.

Сүйлөмдөгү айтылуучу ойдун чындыкка, акыйкатка карата болгон ар түрдүү катышы жөнүндө сүйлөөчүнүн көз карашын туюндурган сөздөр модалдык сөздөр деп аталат.

Мисалы: айтор, албетте, арийне, балким, болжолу, дейм, жарыктык, керек, көрүнөт, кыязы, мүмкүн, окшойт, өңдөнөт, сөзсүз, сыягы, тийиш, чагымда, чамасы, чыгар, чындыгында, шекилдүү, шекилде, шексиз, ыктымал, ыраматылык, ырас ж.б.

Булардын модалдык сөздөр деп аталышынын себеби латын тилинин «модус» (кыргызча жол, ык, амал маанилерин билдирет) деген сөзүнөн келип чыккан. Кыял-мамиле сөздөрдүн бардыгы модалдык маанилерди, сүйлөөчүнүн кыялындагы айтылар-айтылбас мамилелерди туюндурат.

Маанилик белгилери боюнча модалдык сөздөр төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт:

1.              Ойдун чындыкка дал келүүсүн ырастап, кубаттап билдирүүчү модалдык сөздөр: акыйкатта, албетте, арийне, дурус, сөзсүз, чындыгында, чынында, шексиз, ырас ж.б.

2.              Ойдун чындыкка дал келүүсүнө божомол, шектүүлүк, ыктымалдуулук маани берүүчү модалдык сөздөр: балким, болжолу, керек, кыязы, мүмкүн, өңдөнөт, сыягы, сыяктуу, чагымда, шекилдүү ж.б.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

1.          Негизги жана кызматчы сөздөрдүн айырмачылыктары эмнеде?

2.          Кызматчы   сөздөрдүн   түрлөрүн   ажыраткыла   жана   аларга кластер түзгүлө.

3.          Жандоочтор      менен      байламталар      боюнча      Венддин диаграммасын түзгүлө.

Өз алдынча иштөө үчүн темалар:

1.     Кыргызстандын учурдагы эл аралык байланыштары тууралуу маалымат топтоп келүү.

2.     Кызматчы сөздөрдү катыштырып «Менин досум» деген темада эссе жазып келүү.

3.     Достук, эл аралык мамиле, ынтымак тууралуу макалдарды жазып келүү, маанисин чечмелеп айтып берүү.

Тема 15

 

1.      Лексикалык тема: Жаратылыш алдындагы адамзаттын парзы. Кыргызстандын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү.

2.      Грамматикалык тема: Кыргыз тилиндеги сырдык жана тууранды сөздөр,

түрлөрү, түзүлүшү, колдонулушу жана жазылышы.

 

1.      Лексикалык тема: Жаратылыш алдындагы адамзаттын парзы. Кыргызстандын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү.

 

            Айланаңа көз чаптырып көрчү. Ооба, сен күндү, асманды, булутту, жерди, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, ажайып кооз табиятты көрөсүң.  

Жаратылыш менен жаны бирге кыргыздар байыртадан табият койнунда шайкештикти бузбай, жан-жаныбарларга залакасын тийгизбей, табиятты ыйык тутуп эриш-аркак, аздектеп жашаган. Элдик оозеки чыгармаларда Улуу Табиятты жана анын койнундагы айбанаттарды, канаттууларды курт-кумурскаларына чейин аман сактоо, бардык жан-жаныбарларды коргоо, аларга этият мамиле жасоо ойлору кеңири чагылдырылган.

Жер үстүндөгү кыбыр эткен жандын, булуттун жүрүшүнө карап, айдын жаңырганын, тоголгонун байкап, жылдыздардын жайгашуусунан улам, күндүн, айдын, жылдын аба ырайын, мезгилди, жердеги өзгөрүүлөрдү алдын ала боолголошкон.

Аба-ырайынын кескин өзгөрүшүн, эл-жерге жут алып келүүчү бороон-чапкынды, мезгилсиз жаан чачынды же кургакчылыкты, табият кырсыгына байланышкан ар кандай апааттарды алдын-ала айта алган. Буга кылымдардан кылымга топтолгон элдик тажрыйба, акыл-эс менен улуу туюм мүмкүндүк берген. Кыргыздар Теңиртоо менен Памирдин топографиясын, гидрографиясын, климаттык шарттарын, өсүмдүктөр жанажаныбарлар дүйнөсүн жакшы билишкен, өлкөнүн табигый ресурстарын чарбачылыкта, турмуш тиричиликте кеңири пайдаланышкан. Элдик даанышмандыкты өздөштүргөн эсепчи, кыбачы, уламачылар эмпириялык табигый-тарыхый билимге, космогониялык ж. б. абстракция-философиялык түшүнүктөргө да эгедер болушкан.

Кыргыздын дүйнөтаанымы XXI кылымдын шартында дагы өз ордун жоготпой, кээ бир эл аралык күчтөрдүн жаратылышты ырайымсыз өздөштүрүүгө үндөгөн, дүйнөлүк саясатты туңгуюкка дуушар кылчу философиясынан баалуу жана келечектүү. Соңку кылымдардагы «бардыгы адам үчүн, адамдын жыргаалчылыгы үчүн» деген дүйнөдөгү “жетектөөч” деп аталган, адамды жаратылыштан жогору койгон идеялардан айырмаланып, кыргыз философиясы адамзатты жаратылыш менен эриш-аркак жашоого үндөгөн. Асанкайгыдай даанышмандар «чымчып алар жүнү жок, суукта жылаан байкуш кантти экен» деп кайгырса, энелер балдарына «чөптүн башын үзбө, боюң өспөй калат» дешип, балдарына жаштайынан экологиялык тарбия беришкен. «Булактын башын баспа», «малды башка чаппа» деп, айлана-чөйрөсүн адамга тең караган. Ушунун баары кыргыз дүйнөтаанымынын башаты болгон Манас түшүнүгүнөн келип чыгат, анда Манас «Асман менен Жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй» жаралган,  акыл-эстин белгиси  делет, демек адам менен жаратылыштын тең каралышы мына ушундан башталат. Экологиялык баалуулуктар эске алынбай, аткарылган иштер кийин ченебеген зыяндарга алып келери, Ак-Түз, Майлы–Сай, Кажы-Сай, Миң-Куш уран таштандыларынын азабынан билинди. Кыргызстандагы аталган уран кендеринин дөбөлөрү элүү жылга жетпей сууга желип, коомго нечен зыян келтирген. Ал эми Алтайдагы байыркы кыргыздардын кенчилеринин дөбөлөрү элге зыянсыз миң жылдан ашык сакталып келген. Бул— бабаларыбыздын экологиялык ырааттуу жашоону эбак эле мыкты өздөштүрүп алгандыгынын тарыхий далилдениши. Биздин экологиялык акыл-эсибизде соңку кылымдарга иштеп берчү мыкты каражаттарыбыз (инструменттерибиз) бар.

Кыргыз эли байыртадан табигатты урматтаган, кооздугуна суктанып ыракат алган, ал кооздукту баалай билген, дайым бузулбай сакталышына кам көргөн, өзүлөрүн ошол табигаттын кулуну катары сезген. Ч.Айтматов белгилегендей, экологиялык проблема деп дүйнө жүзүндө азыр көтөрүлүп жаткан көйгөйдү элибиз эзелтен эле түшүнүп, табиятка зыян келтирбей, таттуу мамиледе жашаган. Мисалы, жер айдап, үрөн сепкенде элибиз баарын эске алган:

 

Мына, септим уучтап,                

Жылуу жерден конуш тап.         

Бу - жетим-жесирге,                    

Мунусу - карып-мискинге.        

Бу - ач-арыкка,

Мунусу - алсыз-карыпка,           

Булары - курт-кумурскага.         

Мунусу - сурамчыга,                  

А бул - тилемчиге,

булары-саламчыга                       

Калгандары: сизге, бизге, мага.

 

“Кожожаш” эпосунда башкы каарман Кожожаш мерген табиятка катаал мамиле кылгандыктан аскада калат. “Карагул ботом” дастанында мергенчи өз баласы  Карагулду эликтин чаарчыгы экен деп атып алат. Бул мисалдар менен элибиз табигатка зыян кылсаң, кесепети тийбей койбойт деп эскертип келген. Табиятты ыйык санап: “Калп айтсам төшү түктүү жер урсун, төбөсү ачык көк урсун”, - деп сыйынышкан. 1841-жылы орус окумуштуусу Потанин “кыргыздар жеринин байлыгы менен акы төлөп да пайдаланганга уруксат беришпейт», - деп белгилеген, бул  ата-бабаларыбыздын Мекен байлыгын бапестеп багып, аяр мамиле кылганынан кабар берет.

Эпосто Каныкей Семетейге эли-жерин сүрөттөп бергенде жерибиздин топурагы май, ташы алтын, тоосу-төрү кымбат деп өзгөчө баалайт:

 

Талас деген жериңдин,

Бетегеси бураган,

Тоосунан булак кулаган,

Тереги көктү тиреген,

Текеси чөбүн жиреген.

Алмаларын алып жейт,

Бычак менен жарып жейт,

Күрүчүн күздүк айдатат,

Күлүгүн жемге байлатат.

Күнчүлүк жерге шайлатат,

Арпасын күздүк айдатат,

Аттарын жемге байлатат,

Айчылык жерге шайлатат.

Жармасынан чайы көп,

Жардысынан байы көп,

Кара малдан төө көп,

Карды салык бээ көп.

Калайынан күмүш көп,

Кара эгинден күрүч көп.

Өрдөгүнөн казы көп,

Өлөңүнөн сазы көп.

Барганыңда көрөөрсүң,

Кулун, тайы кунандай,

Учуп чыккан чымчыгы,

Тоодон учкан улардай.

Аркары адам тааныгыс.

Таласта азаптуу пенде наалыгыс.

Ала-Тоо мекен жери бар.

Ак калпак кыргыз эли бар.

Өрүшү малга толгон жер.

Кең Таластай жер кайда?.

 

Семетей Таласка жаңы келгенде ата-бабасы мекендеген жердин кооздугун, кымбаттыгын, өзгөчө сулуулугун мындайча берет:

 

Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас,

Жер соорусу турбайбы,

Жердеген адам тунбайбы!

Адыр-адыр бел экен,

Бөлүнгөн эчен төр экен,

Бөлөкчө бейиш жер экен!

 

Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат: балыктын 75, жерде-сууда жашоочулардын 4, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 28, сүт эмүүчүлөрдүн 86 түрү бар. Акыркы маалыматтар боюнча республикада курт-кумурска менен кенелердин гана 4 миңдей түрү кезигет.

Канаттуулардын Кыргызстанда 368 түрү бар. Бул КМШ өлкөлөрүндөгү канаттуулардын бардык түрлөрүнүн дээрлик жарымын түзөт. Өтө сейрек учуроочу ка­наттуулардын бири - каракур. Ал Ысык-Көл, Кемин өрөөндөрүндөгү карагайлуу токой-лордо гана жашайт. Тоодак, безбелдек, булдурук, карабоор, токой чили жарым чөл жаначөл аймактарын мекендейт. Булардын саны барган сайын азаюуда. Ысыккөл, Соңкөл, Чатыркөлдө жылдын бардык мезгилинде өрдөк, кайырма-соно, чүрөк, кыл куйрук боз каз ж. б. жашайт. Ысыккөлдө уникалдуу куштар - мала жанатармал бир казандар (пеликандар), тармал кышылдак куу, куркулдак куу, боз каз өңдүү сейрек учуроо­чу канаттуулар кыштайт.

Алгыр куштардан бүркүт, карчыга, шумкар, ителги, кыргый ж.б. бар. Кыргыздар эзелтен аларды таптап, көп айбанаттар менен канаттууларга (түлкү, коён, кыргоол, өрдөк, кекилик ж.б.) салып келишкен. Бирок азыр бүркүт, шумкар ж.б. алгыр куштардын саны бир кыйла азайып кетти. Алардын санын сактап калуу жанакөбөйтүү максатында 1979-ж. Орто Азияда биринчи жолу Ысык-Көлдө алгыр куштардын питомниги уюшулган. Өрөөндөрдү өздөштүрүү, айыл-кыштак, шаарлардын көбөйүшү, өнөр жайдын ке­ңири кулач жайышы көп айбанаттардын азайып кетишине алып келди. Мисалы, жейрен (кыргыз жейрени, каракуйрук) мурда республиканын көп аймактарында жашаса, кийин алар Ысык-Көлдүн батышында, Чүй, Кочкор өрөөндөрүндө гана калган. Бирок, азыр алардын калган бир азы Казакстандын аймагына ооп кетти. Карышкыр, түлкү, кашкулак, арыс - кеңири таралган жырткыч айбанаттар. Алар респ-нын бардык өрөөндөрү менен тоолорунда кез­дешет. Качандыр бир убакта балык жашаган суулардын баарында кездешкен кундуз азыркы күндө дээрлик жоголуп кеткен. Аң терисин даярдоодо негизги орунду суур, түлкү, сары чычкан, ондатра (жылан куйрук), суусар ээлейт. Териси баалуу илбирс менен сүлөөсүн да жолугат. Булардын баары Кызыл китепке катталган. Аң уулоочу айба-наттардын ичинен тоо эчки, доңуз, элик сан жагынан бир кыйла көп. Кыргызстанда сейрек учуроочу жаныбарларга марал, аркар, сүлөөсүн, илбирс жана күрөң аюу кирет. Алар Теңир-Тоонун карагай­луу токойлорун жана бийик тоолуу Арпа, Аксай, Суусамыр өрөөндөрүн мекендейт. Ыксыз аңчылык кылуунун негизинде бул жаныбарлар көп аймактарда жоголуп кеткен, ошон­дуктан алар Кызыл китепке катталган.

Кыргызстандын өсүмдүктөрүнүн таралышында бийиктик алкактуулук закон че-немдүүлүгү даана байкалат. Чөл өсүмдүктөрүнүн флорасында 70-80ге жакын өсүмдүктөрдүн түрү бар. Мында бир жылдык жанакөп жыл-дык чөп өсүмдүктөрү менен кошо бадалдар жанабадалчалар кездешет. Таштак топурактуу жайларда петрофиттер жанасуккуленттер таралган. Чүй, Талас өрөөндөрүндө Кыргыз, Талас Алатоолорунун, Чаткал, Фергана, Алай кырка тоолорунун этектеринде негизинен шыбактуу чөлдөр о. эле баялыштуу, андан кийин чекенделүү чөлдөр кеңири таралган. Жаз мезгилинде бул чөлдөрдөгү өсүмдүктөрдүн топурак кыртышын текши капташы, о. эле жакшы гүлдөп, кооздугу менен өзгөчөлөнөт. Өзгөчө жыш гүлдөгөн кызгалдактар, жоогазындар чөлгө көрк берет. Жарым чөлдөн жогору талаа өсүмдүктөрү таралган. Флорасынын составында 400гө жакын өсүмдүк түрү кездешет. Талаа өсүмдүктөрү бийиктеген сайын шалбаа өсүмдүктөрүнө өтөт. Тоо капталдарындагы бийик чөптүү шалбаалар негизинен 1600-2400 м бийиктикте таралып, токой тилкесиндеги бадалдуу жайыктарды ээлейт. Флорасы түргө бай. Басымдуулук кылган өсүмдүктөрү: аксокто, кылкансыз түбүбош, ашаткыч кымыздык, токой брахиподиуму, марал кулак, шалбаа түлкү куйругу, шалбаа казтаманы, жука жалбырактуу жербуурчак, бөлүктүү балдыркан, тоо элик балдырканы, кадимки көкчайчөп, ири жалбырактуу кой жалбырагы, томсон кой жалбырагы ж.б.

Тоо капталдарында бийик чөптүү шалбаалар менен кошо ийне жана жазы жалбырактуу токой тилкеси жатат. Ал токойлордун кыртышты, нымды сактоодо, тоо капталдарындагы ар кандай гравитациялык процесстерге туруштук берүүдө жана рекреацияларда мааниси өтө зор.

Ийне жалбырактуу токойлордон карагай, көккарагай, мырза, өрүк жана кара арчалар үстөмдүк кылат. Ал эми жазы жана майда жалбырактуу токойлордо акчечек, кадим­ки жаңгак, алма, кызыл жалбырактуу алма, коржиндик жана регель алмуруттары, түркстан долоносу, алтай ийри жана алай кайыңдары, лавр жалбырактуу терек, учтуу жана жунгар талдары үстөмдүк кылат. Жогоруда аталган дарак тукумдарынын ичинен эң зор аянтты арчалуу токойлор, андан кийин карагайлуу токойлор, өзгөчө орунду уникалдуу жаңгак-мөмө-жемиш токойлору ээлейт.

Дүйнө боюнча эң ири жаңгак токойлору биздин Кыргызстанда: Арсланбап, Көгарт, Аксы жана Өзгөн аймагында кезигет. Алардын жалпы аянты  276 миң гектарга жетет.

Жаңгак  абдан көп жыл жашаган дарак. Жер жүзүндө анын бири-биринен мөмөсү менен айырмаланган 900 түрү бар. Жаңгактын жалбырактары жазы, жыттуу келип, кеч ачылат. Жаңгак дарагы 78 жылдан кийин түшүм бере баштайт. Ал нымды жана жылуулукту сүйөт. Ным жетиштүү жерде бийик, көркөмдүү болуп өсөт. Данегинин 4570 пайызы май, 821 пайызы белоктон турат.

Жаңгак-жемиш токоюнун кызыл түстүү жарлар менен айкалышкан көркү, жагымдуу климаты эс алууга, туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт.

Кыргызстан табигый жаратылыш ресурстарына бай. Табияттын кооздугу, суусунун тазалыгы жана дарылыгы, сонун пляжы, туризм жана альпинизмге ылайыктуу факторлордун көптүгү республикада рекрециянын кеңири кулач жайып өнүгүшүнө шарт түзөт. Ыңгайлуу рельефи, көлү жана суу сактагычтар, транспорттук магистралдын ыңгайлуулугу курорт, санаторий, эс алуу жайларынын курулушун шарттайт. Бизде көптөгөн эс алуу жайлары бар. Алардын бири - Арсланбап эс алуу жайы Кыргызстандын түштүгүндө, Жалал-Абад шаарынан 60км. аралыкта, деңиз деңгээлинен 1700м. бийикте, республикадагы кооз жер Арсланбап өрөөнүндө, жаңгак токоюнун арасында жайгашкан. Жаңгак токою тоонун бардык капталдарында өсөт. Мында жаңгак аралаш арча, алмурут, карагат, айвасари, изирик ж.б. мөмө-жемиш дарактары, ошондой эле шилби, ит мурун, аса-муса, карагат, ыргай асыш өсөт. Эс алуу жайы 1980- жылы негизделген. Пансионат 500 орундуу. Үй-бүлө менен эс алууга бардык шарттар түзүлгөн, балдардын эс алуу жайы,  ден-соолукту чыңдоочу спорт жайлары бар.

Жаратылыш – таланттын жан шериги. Абасы таза, жаратылышы кооз жерлерден таланттар көп чыгат дешет. Шаркырап аккан тунук суу, суу түбүндөгү ар кандай балыктар, ар бир дабышты улап жаңырган аска жана ал асканын күчүнө моюн бербей тең ортосун жарып чыккан арча, карагайлар адамдын жан дүйнөсүн кызытып талантына талант кошот. Айта берсе сөз түгөнгүс болгон жаратылыш кооздугун жүрөгү назик адам сезе билет, суктана билет. Айлана-чөйрөсүн аярлап карап, ар бир нерсенин ийне-жибине чейин кылдат баамдаган адам гана жаратылыштын ушул кереметин, сулуулугун жан дүйнөсү менен жүрөгүнө жакын кабыл алат, жаратылыштын өзүнөн эле зор күч алат. Мындай чөлкөмдө жашаган элден таланттар көп чыгат.

Ала-Тоонун көз тайгылткан жаратылышын сактап, табиятты аздектеген  асыл салтты улантып, өлкөбүздүн өзгөчө кооз жана жашоого ыңгайлуу аймагынын көркүн бузбай, кемитпей, касиетин жоготпой, түшүмдүүлүгүн төмөндөтпөй сакташыбыз зарыл. Цивилизация өркүндөп өскөн сайын экология маселеси өтө курч бойдон калып жатат. Буга Чернобыль, Фукусима аварияларын, ташкындарды, цунамилерди, өрттөнгөн токой массивдерин мисал келтирсек болот. Андыктан, табигатты коргоо бир эле мамлекеттин иши деп түшүнбөстөн, ар бирибиз колдон келишинче аракеттерди көрүүбүз керек.

 

Грамматикалык тема: Кыргыз тилиндеги сырдык жана тууранды сөздөр,

түрлөрү, түзүлүшү, колдонулушу жана жазылышы.

1.   Сүйлөм тизмегинде туруп айтылуучу ойдогу ички сезимдерди жана адамдын айбанаттарга карата болгон түрдүү мамилесин билдирүү үчүн колдонулган сөздөр сырдык сөздөр деп аталат. Мисалы: Пай-пай-пай, эмне деген казына, эмне деген байлык! (Т.С.) Ах, айлана кандай сонун көрүнөт! Өш! Талаада калгыр, өш! (Т.С.)

Сырдык сөздөр берген маанисине карай экиге бөлүнөт.

1)         Сезимди билдирүүчү сырдык сөздөр

Сезимди билдирүүчү сырдык сөздөр адамдын ар түрдүү ички сезимин, айлана-чөйрөгө карата болгон мамилесин билдирет:

а)  Кубануу, ыраазы болуу, кубаттоо, мактоо. Мисалы: Бах! Сонун ырдашат экен ээ! Бали! Эбегейсиз зор демилге көтөргөн экенсиңер. (Н.Б.) Ботом, сен кайда кеттиң?

б)  Өкүнүү, кайгыруу, капалануу, коркуу, кейүү , чочуу.
Мисалы: Ой, чиркин ай! Өчпөс ойго күндөн-күнгө чөктүң го. (К.Ж.) Кап, унутуп калганымды карачы! Апей, жылан! Ой,кокуй оой! Баятан эле айтпайсыңбы.

2)         Айбанга карата мамилени билдирүүчү сырдык сөздөр  айбанаттарды чакыруу же токтотуу, айдоо иретинде колдонулат. Мисалы: Өш! Чү-чү! Ноо! Кош! Түбө-
түбө! Пыш-пыш! Күчү-күчү! Мо,мо! Кыруу,кыруу! Чиге, чиге! Чөк,чөк!

Сырдык сөздөр сүйлөм мүчөлөрү менен байланышпайт жана мүчөлүк милдетти да аткарбайт. Өзүнчө бөлүнүп айтылат. Бирок айрым учурда бир сөз, же бүтүн бир сүйлөм катарында колдонулушу да мүмкүн. Мисалы: Атчандар келип калды! Айда! Чү-чү! Ноо!

Сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдүн өздөрүнө гана таандык болгон бөтөнчөлүктөрү бар. Маанилүү сөздөр менен салыштыра караганда сырдык сөздөр маани жактан кишинин ар түрдүү эмоциялык сезимдерин билдирген менен, морфологиялык жактан өзгөрбөйт, синтаксистик жактан сүйлөм мүчөсүнүн кызматын аткарбайт.

3. Сырдык сөздөрдүн жазылышы. Сырдык сөздөр айрым жазылат да, сүйлөмдүн башына, ортосуна, аягына келе берет.

Сырдык сөздөр сүйлөмдүн башында өтө күчтүү сезим менен айтылса, өзүнөн кийин илеп белгиси келип, андан кийинки сөз чоң тамга менен башталып жазылат. Мисалы: Бали! Ырчы болсо сендей болсун.

Эгерде сүйлөмдүн башында күчтүү сезим менен айтылса, сырдык сөздөн кийин үтүр коюлат: Ай, ай, Зарыл эжеке. (Т.С.)

Сырдык сөздөр сүйлөмдүн ортосуна келсе, эки жагына үтүр коюлат: Бейше, баракелде, келтирип иштепсиң!

Сырдык сөздөр сүйлөмдүн аягына келсе, өзүнөн мурун үтүр, өзүнөн кийин илеп белгиси келет. Мисалы: Бир аз мурда келгенде болмок экен, бах!

Сырдык сөздөр кайталанып айтылса, арасына дефис коюлат. Мисалы: Пай-пай-пай, салган экен үйдү. Өш-өш, түбө-түбө.

Тууранды сөздөр. Тууранды сөздөр адабий тилибизде кеңири колдонулуп, сөздөрүбүзгө кооздук, тактык маанини берет. Айрыкча кыргыздын төл сөздөрүндө тууранды сөздөр көп кездешет. Жандуу, жансыз заттардан чыккан үндү, табышты, кыймылды, элести, көрүнүштү туурап, окшоштуруп көрсөткөн сөздөрдү тууранды сөздөр дейбиз. Мисалы: Маа-маа деген койдун үнү угулду. Мылтык тарс этти. Жалт-жалт, шыңгыр, калдаң-калдаң, жарк ж. б.

Тууранды сөздөр табыш жана элес тууранды болуп экиге бөлүнөт.

Табыш тууранды сөздөр. Жандуу, жансыз заттардан чыккан үндү, табышты туурап көрсөтөт. Мисалы: Койдун маараганы (маа), уйдун мөөрөгөнү (мөө), мылтыктын тарс-тарс эткени, суунун шылдыраганы, чымчыктын чыйпылдаганы (чыйп-чыйп), күндүн күркүрөгөнү, чөптүн шуудураганы ж. б.

Элес тууранды сөздөр. Заттардын сырткы кебетесин, кейпин, же заттардын кыймыл-аракетиндеги, сырткы көрүнүшүндөгү айрым бир элести билдирет. Мисалы: Дардаң-дардаң, кыдың-кыдың, кыйтың-кыйтың, багжаң-багжаң, далдаң-далдаң, солдоюп, сөлдөйүп, каркайып. Бул сөздөр заттын кыймылындагы сырткы көрүнүшүн элестетип көрсөтөт. (Солдоюп кебетесин карасаң ж. б.) Шарт, шып, жылт, жарк, мөлт, чап. Бул сөздөр заттардын кыймылындагы болгон тездикти элестеп көрсөтөт (Көздүн жашы мөлт эле дей түштү).

Тууранды сөздөр жөнөкөй, татаал болуп экиге бөлүнөт.

Жөнөкөй тууранды сөздөр бир гана сөздөн турат да, дайыма өт, де деген жардамчы этиш сөздөр аркылуу айтылат. Мисалы: Алыстан от жылт этти. Мылтыктын үнү тарс дегенде, анын жүрөгү болк дей түштү.

Татаал тууранды сөздөр. Эки же андан көп сөздөрдөн түзүлөт. Мисалы: Алыста мелт-мелт эткен -Ысык-Көл. Кыдың-кыдың торпогум. Асманда чагылган жарк-жарк этти.

Тууранды сөздөрдүн түзүлүшү, колдонулушу жана жазылышы.

Зат атооч сөздөр менен бирге айтылган тууранды сөздөр ал заттын сын-сыпатын, белгисин билдирет да, сүйлөмдө айкындоочтук милдетти аткарат. Мисалы: Далдактаган тетиги жоруну карачы. Тоодон калдыр-кулдур дабыш угулду. Төмөн жактан бак-бак үн чыкты. Күш-күш деп паровоз келип калды (калдыр-күлдүр, бак-бак, күш-күш деген тууранды сөздөр, биринчиден, айкындоочтук милдетти аткарса, экинчиден, өзү жандап турган заттардын сын-сыпатын, белгисин көрсөттү).

Тууранды сөздөрдөн кийин эт, де деген жардамчы этиштер бирге айтылып, баяндоочтук милдетти аткарат. Мисалы: Мылтыктын үнү тарс-тарс этти. Алыстан от жылт деди. Темир шыңгыр этти (тарс-тарс этти жылт деди, шыңгыр этти - баяндооч).

Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн тууранды сөздөргө -ылда мүчөсү уланганда, эки үндүүнүн, ортосунда к, п тыбышы өзгөрбөйт. Бул тууранды сөздөрдөгү айрыкча бир өзгөчөлүк болуп  эсептелет.   Мисалы:   бак+ылда  -бакылда,   как+ылда  –

какылда,    тап+ылда    -    тапылда,    шып+ылда   -    шыпылда, чып+ылда - чыпылда.

Татаал тууранды сөздөрдүн араларына дефис коюлуп жазылат. Мисалы: Шыңгыр-шыңгыр, тарс-турс, карс-курс, күп-күп, дүңгүр-дүңгүр.

 

Текшерүү үчүн суроолор:

1.     Өзгөчө сөз түркүмдөрү деген эмне?

2.     Сырдык сөздөрдүн сөз түркүмү катары белгилери кайсылар?

3.     Тууранды сөздөрдүн сөз түркүмү катары белгилери кайсылар?

4.Лекциянын материалдары боюнча таблица, схема, таяныч сигналдарды түзгүлө.

 

Өз алдынча иштөө үчүн темалар:

1.     Сырдык жана тууранды сөздөрдү катыштырып кесибиңер боюнча текст түзгүлө.

2.     «Жаратылышты сактоо – ар бирибиздин милдетибиз» деген темада же өзүңөр тандап алган тема боюнча эссе жазып келгиле

 

Название: Электронный учебно-методический комплекс по дисциплине "Кыргызский язык" для студентов 1 курса (1-семестр) для направлений "Экономика" и "Менеджмент"
Автор(ы): Преподаватель, доцент кафедры - Каримова Бурулкан Абдырахмановна

Курс боюнча глоссарий

 

1.      Адабий тил -белгил өу бир элдин жергиликтүү диалектилеринен жана оозеки сүйле тилинен айырмаланып, жазуу эрежелери менен нормага келтирилип, жазууда жана оозеки сйлөөдө «туура тил» катары калыптанган тил.

2.      Активдүү лексика -белгилүү бир тилде сүйлөөчү адамдардын речинде кеңири колдонулуучу сөздөрдүн жыйындысы.

3.      Антитеза- эки сөздүн бири-бирине карама-каршы маанисин көрсөтүү үчүн эки түрдүү сөз тизмегин же сүйлөмдү катар айтуу.

4.      Антонимбир сөз түркүмүндөгү карама-каршы мааниде колдонулуучу сөздөр.

5.      Антропонимика -тил илиминин энчилүү аттарды изилдөөчү бөлүмү (адам аттарын)

6.      Архаизм -эскирип колдонуудан чыгып, бирок ордун жаңы мааниге берген сөздөр.

7.      Баш тамга -сүйлөмдөрдү баштаганда, энчилүү аттарды жазууда колдонулат.

8.      Билингвизм -эки тилдин бир өлкөдө бирдей кызмат аткарышы. Кош тилдүүлүк.

9.      Грамматикалык маани-айрым сөздөрдүн жеке керт баштарына гана тиешелүү болбостон, алардын бир нечесине же бүтүндөй бир тобуна тиешелуу болгон, алардын грамматикалык жаратылышын аныктоого мүмкүндүк берүүчү маани: жактык, сандык, жөндөмөлук, ж.б.

10.  Гидронимсуу аттарын туюндурган энчилүү аттар

11.  Говор -1).Жалпы элдик оозеки тилдин составына кирүүчү белгилүү аймакка таралган диалектинин составындагы өз ич ара дагы айрым өзгөчөлүктөргө ээ болгон тармагы. 2).Коомдун белгилүү бир соүиалдык катмарына тиешелүү тил өзгөчөлүгү.

12.  Дисемия -эки маниини билдирген сөздөр.

13.  Диалект -жалпы элдик тилдин жергиликтүү өзгөчөлүгүнө ылайык өзүнун кээ бир грамматикалык, фонетикалык жана лексикалык өзгөчөлүктөрү менен айырмалануучу эң чоң тармак.

14.  Диалектизмжалпы элдик тилге кеңири тарабаган, чыгармаларда же речте учуроочу белгилүү диалектиге тиешелүү сөздөр же сөз тизмектери.

15.  Диалектология -тил илиминин диалектилерди изилдөөчү тармагы.

16.  Жаргон -(франүуз тилинен кирген сөз, кыргызча мааниси «бузулган тил») белгилүү бир соүиалдык топтун кебиндеги адабий

тилдин нормасындагы сөздүн ордуна колдонулган өтмө маанилүү сөздөр.

17.  Жалпы элдик тил -бир тилде сүйлөгөн элдин бардыгына тегиз түшүнүкт –у жана мүнөздүү тил.

18.  Идиома (грек тилинен кирген сөз, кыргызча мааниси «өзгөчө туюнтма») тилдеги фразеологиялык бирдик менен фразеологиялык ширешменин жалпы аталышы.

19.  Илимий тил -илим тармактарынын ар биринин өзгөчөлүктөрүнө ылайык атайын терминдер менен байытылган жазуу стили.

20.  Интернаүионалдык лексикаөз ара тектеш эмес бир канча тилдерде бирдей мааниде колдонулуучу сөздөр.

21.  Калька-бир тилдеги сөздү, сөз тизмегин ошол үлгүдөгүдөй экинчи тилге сөз тизмектеринин жардамы менен которуу.

22.  Лексика -тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы.

23.  Лексикология -тил илиминин, тилдин сөздук составынын азыркы абалын жана тарыхый өсүш өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү лингвистика илиминин бир бөлумү.

24.  Лексикалык маани -сөздүн обүективдүү чындыктагы бир текке, бир класска кирген нерселерди (көрүнүштөрдү) жалпылап, аларды башкалардан айырмалап көрсөткөн мааниси.

25.  Лексикограф -сөздүк түзүүчү адис.

26.  Лексикография -тилдеги сөздөрд ү жыйноо жана системага келтирүү; тил илиминин сөздүктөрд түзүү ишинин теориясын иштеп чыгуучу бөлүм.

27.  Лингвистика -тил илими.

28.  Метафора -заттарды, нерселерди айрым белгилеринин окшоштугуна карай башка бир сөз менен атоо.

29.  Метонимия -бир нерсенин атын мейкиндик (орун), мезгил жактан катышына карай экинчи түшүнүктүн ордуна колдонуу.

30.  Моносемия -бир маанини билдирген сөздөр.

31.  Неологизм -бир тилдеги жаңыдан пайда болгон сөздөр.

32.  Омоним -тыбыштык түзүлүшү бирдей, бирок мааниси ар башка сөздөр.

33.  Оозеки тил -күндөлүк тиричиликке байланыштуу коом мүчөлөрүнүн пикир алышуу муктаждыктарын канааттандыруучу тил.

34.  Омоформа -бир же ар башка сөз түркүмдөрүнө тиешелүү болуп, айрым формалар боюнча өзгөргөндө гана окшош айтылуучу сөздөр.

35.  Омофон -угулушшу боюнча гана бирдей болгон, бирок жазылышы боюнча айырмаланган сөздөр.

36.  Омограф -жазууда гана бирдей тамгалар менен жазуулусуна ылайык окшоштурулган сөз жана формалар.

37.  Ономастика -бир тилдеги энчилүү аттарды үйрөтүүчү илим.

38.  Өтмө маани -сөздөрдүн обьективдүү чындыктагы кубулуштарга тике багытталбаган нерселердин ж.б.арасындагы түр, түс, мезгил, мейкиндик ж.б.белгилерине карай колдонулган мааниси.

39.  Өздөштүрүлгөн сөздөр -кыргыз тилине башка тилден кирген сөздөр.

40.  Пассивдүү лексика -бир тилдеги сейрек учуроочу, эскирип колдонуудан чыгып калган, ар кандай кесиптик жана жаңы пайда болгон сөздөр.

41.  Полисемия -к. Көп маанилүүлүк.

42.  Синоним -тыбыштык составы ар башка, бирок маанилери бирдей же бири-бирине жакын болгон сөздөр.

43.  Семантика -сөздөрдүн мааниси.

44.  Синекдоха -бир нерсе жөнүндө тунгун ү к берүү ү ч ү н аны ошол заттын бир белгиси, бөлүгү менен же бөлктү бүтүндн аты менен атоо.

45.  Семасиология - сөздөрдүн семантикалык маанилик өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү лексикологиянын тармагы.

46.  Сөз -тыбытык жана грамматикалык жагынан калыптанган речтин бирдиги.

47.  Сөз айкашы -эки же андан ашык толук маанилүү сөздөрдүн грамматикалык жана маанилик жактан байланышы.

48.  Сөздүк -1).түшүндүрүү же которуу максатында алынган сөздөр алфавиттик тартип менен жайгаштырылган эмгек; 2).ошондой тартипке келтирилип, башка тилге которуу же чечмелөө үчун алфавиттик тартипке келтирилген реестр сөздөрдүн, сөз тизмегинин жыйындысы.

49.  Табу -сөздүн тергөө салтына байланыштуу пайда болгон мааниси.

50.  Тарыхый сөздөр, же историзмдер- элдин өткөндөгү турмушуна байланыштуу түшүнүктөрдүн жоюлушу менен бирге активдүү сөздук запастан чыгып, бирок белгилүү тарыхый доордун көрсөткүчү катары али азыркы тилде колдонулган сөздөр.

51.  Терминбелгилүү түшүнүктүн атын атоо үчүн алынып, көбүнчө бир мааниде колдонулуучу сөз же сөз тизмеги.

52.  Терминология -илимдин ар кайсы тармактары боюнча бир тилде колдонулган терминдер.

53.  Топоним -географиялык атоолор.

54.  Топонимика -географиялык атоолорду жыйнап, аларды изилдөөчү илим.

55.  Түндүк диалект -кыргыз тилинин Талас, Чүй, Ысыккөл, Нарын областарында жашаган кыргыздардын тилине мүнөздүү болгон фонетикалык, грамматикалык, лексикалык жергиликтүү тилдик өзгөчөлүктөрдү камтыган диалект.

56.  Түштүк диалект -кыргыз тилинин Ош областынын Токтогул районунан башка бүткүл райондорун жана Өзбекстан менен Тажикстанда жашоочу кыргыздардын тилине мүнөздүү фонетикалык, лексикалык, морфологиялык ж.б. тилдик өзгөчөлуктөрдү камтыган диалект.

57.  Түшүндүрмө сөздүк -белгилүү бир тилдеги сөздөргө ошол эле тилде лексико-грамматикалык мүнөздөмө же түшүндүрмө берүүчү сөздүк.

58.  Улуттук тил -тарыхый өсүшүндө улут тепкичине көтөрүлгөн элдин тили.

59.  Учкул сөздөрөтө курч, таамай айтылгандыктан ылакап болуп калган сөз же сөз айкашы.

60.  Фразеология - тил илиминдеги сөздөрдүн туруктуу айкаштарын изилдөөчү лексикологиянын бир бөл ү мү.

61.  Фразеологизм -составы жана түзүлунгу жагынан туруктуу, жана өтмө маанидеги сөздөрдөн турган бир гана мааниге ээ болгон сөз тизмеги.

62.  Эвфемизм -кандайдыр бир ишенимдин натыйжасында айрым түшүнүктөрдү өз аты менен атабай, анын ордуна башка атоону таап колдонулган сөздөр.

63.  Эпитет -заттын сын-сыпатын билдирип, ага айкашуучу кошумча атоо.

64.  Эркин сөз айкашы -бири-биринен ажыратып жиберүүгө же сөз арасына кыпчып киргизүүгө, же болбосо бир компонентин башка сөз менен алмаштырууга мүмкүн болгон сөз айкашы.

 

 

Курстун окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздалышы:

 

а) Негизги адабияттар:

1.              Абдувалиев И. Азыркы кыргыз тили: (Лексикография). -Бишкек, 1999.-32 б.

2.      Ахматов Т.К., Мукамбаев Ж. Азыркы кыргыз тили: (Фонетика, лексика). -Фрунзе: Мектеп, 1978.-176 б.

3.      Ахматов Т.К., Өмүралиева С. Кыргыз тили: (Фонетика, лексика). -Фрунзе: Мектеп, 1990.-234 б.

4.      Дыйканов К. Кыргыз тилинин терс жана кери алфавиттүү сөздүгү. -Бишкек: Кыргыз Республикасынын УИАсынын басмасы, 1989.-455 б.

5.      ДыйкановК. «Манас» эпосунун жиги сөздүгү. -1-бөлүк. -Бишкек: КМУ, 1988.-142 б.

6.      Жалилов А. Азыркы кыргыз тили. -Бишкек: Кыргызстан, 1996.-232 б.

7.      Жалилов А. Кыргыз тилиндеги жаңы сөздөрдүн сөздүгү. -1-китеп. -Ош, 1998. -70 б.

8.      Жапаров Ш. Азыркы кыргыз тилиндеги синонимдер. -Фрунзе: Мектеп,1971. -64 б.

9.      Жапаров Ш. Кыргызская антропонимика. -Бишкек: Илим,1992. -191 б.

10.  Жапаров Ш., Сейдакматов К. Кыргыз тилиндеги синонимдер сөздүгү.-Фрунзе: Илим, 1984. -468 б.

11.  Жапаров Ш.Кыргыз адам аттары,-Ф.:Илим,1989. 115б.

12.  Жапаров Ш. Кыргыз адам аттарынын сөздүгү. -Фрунзе: Мектеп, 1979. -464 б.

13.  Жапаров    Ш.     Кыргыз    ономастикасы.     -1-чыгарылышы. Кыргызская ономастика.-Вып. 1.-Фрунзе: Илим, 1990.-181б.

14.  Жапаров Ш.(ж.б.) Кыргыз тилинин омонимдер сөздүгү. -Фрунзе: Илим, 1986. -324 б.

15.  Жапаров Ш. Кыргыз тилинин антонимдер сөздүгү. -Фрунзе: Илим, 1988. -239 б.

16.  Карасаев Х. Орфографиялык сөздүк. -Фрунзе: КСЭ, 1983. -576 б.

17.  Карасаев Х. Өздөштүрүлгөн сөздөр: (Сөздүк). -Фрунзе: КСЭ, 1986. -243 б.

18.  Карасаев Х. Камус наме: (Карасай сөздүк). - Араб, иран, кытай, монгол, орус тилдеринен оошуп келген жана көөнөргөн сөздөр. -Бишкек: Шам, 1996.

19.  Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. /Жамаат түзгөн. -Фрунзе: Мектеп, 1984. -624 б.

20.  Кыргыз тилинин фразеологиясы сөздүгү. /Жамаат түзгөн. -Фрунзе: Илим, 1980.-324 б.

21.  Мамытов Ж., Кулумбаева З. Азыркы кыргыз тили: (Лексикология). -Фрунзе, 1971. -112 б.

22.  Мамытов Ж. Азыркы кыргыз тили: (Фонетика жана лексикология).-ЖОЖдун филология факультетинин студенттери үчүн.-Бишкек: Жэка,1999. -256 б.

23.  Мукамбаев Ж. Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. -Фрунзе: Илим, 1972, 1976.

24.  Орузбаева Б.О. Кыргыз терминологиясы.-Фрунзе:Мектеп,1983.-168 б.

25.  Орузбаева Б.О. Сөз: (Сөздун түзүлүшү) -Слово:(структура слова). -Бишкек: Илим, 1994. -260 б.

26.  Орузбаева Б.О., Закирова В. Грамматикалык терминдердин кыргызча-орусча сөздүгү. -Фрунзе: Мектеп, 1981.-103 б.

27.  Сапарбаев А. Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы: (ЖОЖдун филология факультеттеринин студенттери үчүн окуу китеби). -Бишкек: Кыргызстан-Сорос фонду, 1997. –328 б.

28.  Сартбаев К.К., Үсөналиев С. Кыргыз тилинин синонимдепр сөздүгү. -Фрунзе: Мектеп, 1973. -44 б.

29.  Сейдакматов К. Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгү. -Фрунзе: Илим, 1988. -335 б.

30.  Усубалиев Б. Антонимдер, аларды окутуу. -Фрунзе: Мектеп, 1987.-144 б.

31.  Юдахин К.К. Кыргызча-орусча сөздүк. -Москва: Советская энүиклопедия, 1965. -974 б.

32.  Юнусалиев Б.М. Киргизская лексикология: (Развитие корневых слов).-Часть 1. -Ф.: Киргоcиздат, 1959. -24 б.

19.  Юнусалиев Б.М. Тандалган эмгектер. -Фрунзе: Илим,1985. -510 б.

 

б) Кошумча адабияттар:

1.      Азыркы кыргыз адабий тили.- Бишкек, 2009.

2.      Дыйканов К. Кыргыз тили таблица түрүндө.- Алматы,1958.

3.      Жапаров А. - Азыркы кыргыз тилинин синтаксиси. Фрунзе, 1979.

4.      Ибрагимов С. Тил илиминин негиздери.-Бишкек,2000

5.      Иманов А. - Азыркы кыргыз тили. Фрунзе, 1990.

6.      Орусбаева Б.О. Лингвистикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү. -Фрунзе, 1972.

7.      Раимбекова М., Карамендеева Ч. Кыргыз тилинин синтаксиси боюнча дидактикалык материалдар.- Бишкек, 2007.

 

в) Укуктук-нормативдик документтер:

1. “Кыргыз Республикасынын мамлекетик тили жөнүндө” мыйзам 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине айрым өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү жөнүндө» 1995-жылдын 7-мартындагы № 65 токтому

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз тилинин орфографиясы тууралуу» 2008-жылдын 31-декабрындагы № 709- буйругу

      

                                     

г) Интернет-ресурстар:

*      А. Луговскийден кыргыз тили курсу - http://kyrgyz.lugovsa.net

*      Кыргыз тилин үйрөнүү online - http://tili.kg/

*      Дюйшеева Г. С «Кылым карыткан тил» окуу китеби http://members.vb.kg/2011/10/12/slovo/1_print.html

*      Кыргыз тилиндеги адабияттардын  Интернет-китепканасы http://Bizdin.kg

*      Кыргыз тилиндеги адабияттар, макалалар, улуттук оюндар, салт-санаа, ашканасы жөнүндө маалыматтардыкамтыган ресурс  - http://KMB3.kloop.kg

*      Кыргыз тилиндеги Википедия  - http://ky.wikipedia.org

*      Кыргыз ысымдарынын маанисинин сөздүгү - http://kutbilim.narod.ru/isim.htm

*      Кыргызстандагы, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү жаңылыктар, кабарлар кыргыз тилинде - http://www.barakelde.org

*      Маалыматтык-көңүл ачуу порталы - http://www.super.kg/

*      Жаңылыктар  порталы - http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/, http://akipress.kg, http://kabar.kg, http://azattyk.kg, http://chalkan.kg,                  

*      http://24.kg, http://www.paruskg.info, 

*      Кыргыз тилиндеги гезиттердин архиви - http://www.presskg.com/   

*      Кыргызстандын азыркы адабияты.  Кыргыз жана орус тилдеринде тексттер - http://literatura.kg

 

Вопросы теста ещё не готовы