КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
Кыргыз дүйнөсүн тааныткан аалымдар
2016-жылдын 28-ноябрында окуу жайыбыздын чок ордосунда «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манасчылар – кылымдарга салынган көпүрө» аттуу манасчылар менен жолугушуу кечеси өткөрүлдү. Жолугушууга заманыбыздын белгилүү манасчылары Замирбек Баялиевжана Дөөлөт Сыдыковдор келишти. Бул иш-чара «Супара» этно маданий комплексинде өткөрүлүп жаткан 7 күн, 7 түн «Манас» айтуу демилгеси менен оро-пара келип, убактыларынын өтө тыкыр болгонуна карабастан, биздин студенттерибиз менен баарлашып, ой бөлүшүп, ошону менен катар окуу жайыбызга кут чачып, нур, ырыс даарыткан манасчыларга миң рахмат айтмакчыбыз!
Алар балдарды кызыктырган ар кыл мүнөздөгү суроолоруна жооп беришти. Сыр чечишти. Улуу «Манастан» үзүндү айтып беришти.
Ал тургай, манасчы дартты сабап айыктырган эмчи-домчу демекчи, студенттерибиз учурдагы оору-сыркоодон арылгандай болушту окшойт. 2 сааттык убакыт кандай өткөнү билинбей, балдардагы, келген коноктордагы курсант болуп кайтышты.
Манасчынын колдоочусу эзелтен эл болуп келгени маалым. Эмесе манасчыларыбызга элдин батасы тийип, бар болсун! Теңиржалгап, Манас Ата колдосун! – демекчибиз.
Жолугушуу кечесибиздин университетте бир нече жылдан бери өткөрүлүп, салтка айланып калган. Кечени жыл сайын КЭУнун Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын жамааты уюштурупкелет. Учурданпайдаланып, кафедранын эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз!