КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
Квалификациялык сыноо
2016 жылдын 27-28 декабрында Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинин Экономика жана сервис колледжинин 260502 «Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» адистигинин студенттеринин сынагы өтмөкчү.
М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинин башкы корпусунун өндүрүштүк устаканасында, 260502 «Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» адистигинин СО-1-14, СО-2-14, СО-3-14, СО-4-14 тайпаларынын студенттери, V даражадагы ашпозчу кесибин ыйгаруу боюнча квалификациялык сыноо өткөрүүлүдө.
Ал сыноонун максаты – студенттердин теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн текшерүү. Студенттер эркин тандоо менен тамак аштарын жазап, кооздоп комиссиянын алдына демонстрация кылышты.
Квалификациялык сыноо өткөрүү үчүн төмөнкү курамдагы комиссия түзүлгөн: комиссиянын төрагасы - коомдук тамактануу ишканаларынын ашпоздорун даярдоо боюнча “КАСАН” окуу борборунун мүдүрү Даирбеков Кемел Асанович; комиссиянын төрагасынын орун басарлары - Той Сервис» ЖЧКнын «Империал» үлпөт ресторанынын башкы ашпозчусу - Алиев Анвар Бакирдинович, ЭжСКнын практика боюнча менеджери - Мусамамбетова Ырыскүл Зарылбековна; комиссиянын мүчөлөрү - насаатчы-кеңешчи, ЭжСКнын жогорку категориядагы окутуучусу Бримкулова Сажира Нургазиевна, ЭжСКнын жогорку категориядагы окутуучусу Абдыкадырова Нурайым Абдылдаевна; ЭжСКнын жогорку категориядагы окутуучусу Бектурова Астра Кыдыковна, ЭжСКнын окутуучусу Козлова Светлана Валерьевна; комиссиянын катчысы - ЭжСКнын окутуучусу Омурова Зинагуль Абдырасуловна.
СО-1-14, СО-2-14, СО-3-14, СО-4-14 тайпаларынын студенттеринин жеке өзүнүн практикалык ыкмаларын, көндүмдөрүн бул сынакка чейин төмөнкү ишканаларда көргөзүп келишкен: Ч.Айтматов атындагы маданий борборунда “Рух Ордо”, Jannat Resort, “Дамас”, “Плаза”, “Амбассадор” мейманканаларында, “Москва”, “Гималаи”, “Жасмин”, “Greenwich” “Софра” “Трактирь на Московском” “Анталья”,”Дольче-Вита”, “Фрунзе”, “Рим” кафе-ресторандарында, Navaat Чайханасында, “Лагуна Сити” эс алуу борборунда, “Кыргызское взморье” санаторий-курорттунда, “Тюбетейка” ресто-клубунда, “Наша Марка” кондитердик ишканасында.