КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
Учкай сөз
Төлөбек Камчыбеков
Төлөбек менден бир жаш улуу болгону менен университетти менден көп жыл мурун бүттү. Ошол студент болуп жүргөн жылдары аны көп көрчу элек, энергиянын баарын эле ошол Төлөбекке берип койгонсуп, айланайын жүргөнү ылдам, толгон ишти бүтүрүп жүрөт. Ал кезде Төлөбек КМУнун экономика факультетинин комсомол уюмунун төрагасы, андан соң студенттик шаарчанын директору, чарба иштери боюнча проректор болуп иштеп жүрдү. Кай жерде иштебесин ишинин жыйынтыгы бадырая көрүнүп турчу. Ал иши жөнүндө биз көп адамдан укчубуз,өзүбүз күбө болчубуз. Көп учурда анын жөндөмүнө, тыңдыгына, курчтугуна суктанып турчубуз.
Төлөбек экономика илимдеринин кандидат наамын жактагандан кийин Академияда, Өкмөттө иштеп жүрүп, 1995-жылы коммерциялык коллеждин директору болду. Мына ошол окуу жайды «багып» жүрүп, институт кылды, дагы да аракетин тынбай көрүп, ал институт Кыргыз экономикалык университети болуп тынды. Төлөбек 2001-жылы экономика илимдеринин доктору диссертациясын жактады, жыл өтүп профессор наамын алды. Бир докторду, 11 кандидатты даярдады.
Жогоруда айтпадыкпы, Төлөбек тынымы жок эмгектенет, жөн эле күржүндөп иштей бербей, ошол эмгегинин жакшы жыйынтыгын чыгарат. Анткени анын адамдыгы, эмгекчилдиги, түшүнүгү алган билими жуурулушуп келип мыкты адамды, кесипкөйдү жаратып жатпайбы. Азыр Төлөбек башкарган университет Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын алдынкы сабында. Окутуунун сапаты мыкты, материалдык базасы бай, окутуучулардын курамы барааңдуу: мыкты докторлор, кандидаттар ишине жан менен берилген окутуучулар эмгектенет.
Ректорлордун баары эле Төлөбек Камчыбековдой болсо, анда жогорку билим берүү тармагы мыкты сынында болмок деп айтмакпыз. Кыргыздын билимдүү, мыкты жетекчи уулдарынын бири да ушул Төлөбек Камчыбеков.