КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
20-сентябрь күнү мамлекеттик тил майрамына карата КЭУда «Тил – улуттук мурас» аттуу маданий иш-чара болуп өттү
2017 жылдын 20-сентябрь күнү мамлекеттик тил майрамына карата М.Рыскулбеков атындагы КЭУда Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын уюштуруусу менен «Тил – улуттук мурас» аттуу маданий иш-чара болуп өттү.
Бул иш-чараны уюштуруу менен негизги максаты окуу жайдагы мамлекеттик тилдин өнүгүшүн жана ага салым кошкондорду белгилөө,улуттук мадиятты даӊазалоо аркылуу студент-жаштарды мамлекеттик тилде так сүйлөөгө үгүттөө,аны көздүн карегиндей сактоо болуп саналат.
Иш- чарага келген конокторго концерттик программалар тартууланып, мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы, көйгөйлөрү менен катар жетишкендиктери белгиленди. Ошондой эле ЭлТР каналынан журналистер келишип, иш-чарага катышып Илим жана Мамлекеттик тил боюнча проректору Көбөгөн Атышовичтен жана Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы Назира Жакыповнадан баяндама алышты.