КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
«Рухий дөөлөттү сактоочулар» аттуу манасчылар менен меймандосчулук дарсы өткөрүлдү
2017-жылдын 28-сентябрында М.Рыскулбеков атындагы КЭУда Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын уюштуруусу менен «Рухий дөөлөттү сактоочулар» аттуу манасчылар менен меймандосчулук дарсы өткөрүлдү. Заманыбыздын белгилүү манасчылары Дөөлөт Сыдыков, Замир Баялиев, Асылкеримов Самат, Жаныбек уулу Төлөбектер келишти.
«Саякбай ата манасчы» Эл аралык коомдук фондунун манасчысы, сүрөтчү, дизайнер Асылкеримов Самат түрлүү сүрөттөрдү, эпоско байланыштуу өзөктүү, окуяларды экран аркылуу комикс түрүндө көрсөтүп, студенттердин ой-таанымын өстүрүүгө жардам берди.
Бул иш-чарада студенттерибиз менен баарлашып, ой-бөлүшүп, өздөрүнүн асыл кебин айтып, кеп-кеӊешин беришти. Алар жаштарды кызыктырган ар-кандай суроолоруна жооп беришип, улуу «Манастан» үзүндү айтып беришти.
Мухиттей чалкып жаткан «Манас» эпосун заманбап технология менен кантип жеткирүүнүн жолун түшүндүрүштү.
Мындай дарстар манасчылык өнөрдү кийинки муундарга жеткирүүгө жакшы өбөлгө түзөт.