КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
А.Орузбаев атындагы Илимий Китепкананын окуу залында “Китеп биздин жашообузда” аттуу иш-чара болуп өттү
2018 жылдын 23-апрель күнү А.Орузбаев атындагы Илимий Китепкананын окуу залында “Буткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук” күнүнө карата китепкана окурмандары менен биргеликте “Китеп биздин жашообузда” аттуу иш-чара болуп өттү.
Китеп күнү улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы менен байланышта болгондуктан иш-чарада Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча викториналар уюштурулуп, ага окутуучулар, студенттер активдүү катышышты.
Иш-чаранын максаты: Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу окурмандарды гумандуулукка, абийирге, акыйкаттыкка чакыруу. Иш-чара китеп көргөзмөсү менен коштолду.