КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
23-сентябрда Кыргыз тил майрамына карата Экономика жана сервис колледжинде салтанат уюштурулду
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 27 жылдыгына карата Экономика жана сервис колледжинде “Улут болсом – тилим менен улутмун” деген аталыштагы чоң программадагы салтанат уюштурулду. Салтанат Кыргыз тилинин Гимнин жандуу үн менен жалпы катышуучулардын аткарылышында башталып, кыргыз элинин улуулугун даңазалаган көркөм ыр саптары менен коштолду. Ошондой эле кыргыздын улуттук бийи бийленип, кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, салтанат кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комуздун коштоосунда дастан жана жана ооз комуз аркылуу мыкты күүлөр аткарылды студенттердин жүрөгүнөн түнөк тапкан кыргыз тилинин кадыр-баркын даңазалаган керемет ырлар менен коштолду.
Экономика жана сервис колледжинин мүдүрү Узбекова Гульнара Ашырбековна куттуктоо сөзүн айтып өттү. Андан сырткары “Улут болсом – тилим менен улутмун ” аттуу “дубал гезиттер ” жана дилбаяндар конкурсу уюштурулуп биринчи, экинчи, үчүнчү оорундарга сыйлыктар ыйгарылды.