КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
8-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулган Көркөм окуу сынагы
"Тарых жана маданият" жылынын алкагында 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулган Көркөм окуу сынагы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинин концерттик залында өттү.
Сынак Бишкек шаарынын Жогорку жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын арасында уюштурулган. Сынакта 28 катышуучу тандалып, өнөрлөрүн тартуулашты.
Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен Орто жана кесиптик-техникалык окуу жайлардын ичинен Экономика жана Сервис колледжинин СН 1-15 тайпасынын студенти Ажыбеков Омурзак 1-орунга ээ болду. Ажыбеков Омурзак сынактын жеӊүүчүсү катары Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын диплому жана атайын сыйлыктар менен сыйланды.