КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
ТАРБИЯ, БИЛИМ – АДЕПТҮҮЛҮКТҮН БАШАТЫ
«Колдонмо математика жана маалымат технологиялар» институтунун директору А.Б.Таникуловдун демилгеси менен 2017-жылдын 1- февралында, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин чоң жыйындар залында «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата «Тарбия, билим-адептүүлүктун башаты» темасында студенттер менен жолугушуу ɵттү. Жолугушуунун коноктору: илим жана мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор Атышов К.А, «Мамлекеттик тил жана расмий тилдер» кафедрасынын доценти Каримова Б.А., «Ыйман» фондунун тѳрагасы Нуржигит Кадырбеков, “Адеп Башаты” фондунун төрагасы Нурлан Субанов, болушту. Жолугущуунун эн башкы максаты замамбап коомдо адеп ахлактуулуктун, тарбиянын орду жɵнүндɵ студенттер менен пикир алмашуу болду.
Жолугушууда студенттер «Маданиятуулук деген эмне?», «Адеп эмнеден башталат?», «Кандай адам билимдүү болот?», «Ыйман деген эмне?» деген жана башка суроолорго кызыктуу жооп алышты.
Каримова Б.А озүнүн баяндамасында биздин ѳлкѳдѳ болуп жаткан ар кандай кѳрүнүштѳрдѳ ата-эненин менен балдардын, окутуучулар менен студенттердин карым катнашында ыйман жана адептин мааниси жѳнүндѳ кызыктуу баяндама жасап, баяндамасын кѳрмѳ-тасмалар менен коштоду. Жолугушуу кызыктуу суроо-жооптор менен аяктады.