КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
«Манас» эпосу – улуттук идеологиянын өзөгү» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция.
Жаңы жыл алдында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде дагы бир жакшы саамалык болуп өттү. 2015-жылдын 22-декабрда «Манас» эпосунун күнүнө карата Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы тарабынан даярдалган «Манас» эпосу – улуттук идеологиянын өзөгү» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. Конференцияны кафедра башчысы ага окутуучу Ашырова Н.С. ачып, куттуктоо үчүн сөз университеттин илим жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору, э.и.д., профессор К.А.Атышовго берилди. Андан соң университеттин профессору, т.и.д., К.А.Алымбеков сөз сүйлөдү. Белгилүү илимпоздор, манастаануучулар И.Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Манастаануу» институтунун жетекчиси, ф.и.к., доцент Топчубек Тургуналиев, жогоруда аты аталган университеттин «Манастаануу» институтунун доценти, ф.и.д., кафедра башчысы Жылдыз Орозобекова, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин доценти, ф.и.к., Талантаалы Бакчиевдер омоктуу ой, уңгулуу кеп-кеңештерге толгон илимий баяндамалары менен катышып, студенттер үчүн кызыктуу маалыматтарды айтып беришти.
Конференциянын максаты - «Манас» эпопеясын сактоо, өнүктүрүү жана жаш муундар арасында кеңири жайылтуу, студенттердин ой өрүшүн, кеп маданиятын өркүндөтүү, илимге жана илимпоздордун эмгектери менен таанышууга болгон кызыгуусун арттыруу. Конференция өз ишин үч секцияда алып барды. 1-секция «Кыргыздардын дүйнөтаанымы жана «Манас» эпосу» деген темада иш алып барып, жетекчиси доцент Т.Тургуналиев, катчысы Н.С. Ашырова болду. Ал эми 2-секция «Кыргыз турмушундагы манасчынын орду» деген темада болуп, секция жетекчиси доцент Т.Бакчиев болсо, катчысы кафедранын ага окутуучусу Б.К.Адылова, 3-секция «Манас» эпосу –улуттук идеологиянын өзөгү» деген аталышта болуп, жетекчиликте доцент Ж.Орозобекова, катчылык кызматта доцент Б.Каримова болушту.
Конференцияга КЭУнун студенттеринен (15 студент )тышкары башка ЖОЖдордон Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинен 10, Кыргыз улуттук агрардык университетинен 6, Республикалык Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинен 1 студент кызыктуу илимий баяндамалары менен катышып, кызуу талкуулашып, ой-пикирлерин ортого салышты. Студенттердин өз ара талаш-тартышы, таанышуусу, кызуу талкуусу конференциянын ийгиликтүү өткөнүн айгинелейт. Конференцияда мыкты ойлорду, пикирлерди, сунуштарды айткан студенттерге Ардак грамоталар, мактоо баракчалары тапшырылды.