КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА

МУСА РЫСКУЛБЕКОВ атындагы
КЫРГЫЗ ЭКОНОМИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ
БИЛИМ АЛУУ ПОРТАЛЫ




М.Рыскулбеков атындагы КЭУ – бул Фрунзе советтик сода техникумунан Университетке чейин эволюциялык жол менен жеткен бирден-бир окуу жай (ФССТ – 1953-1991. БКК – 1991-1997, БЖКК – 1997-1999, БМЭКИ – 1999-2003, БМЭИУ – 2003-2007, КЭУ – 2007- азыркы мезгилге чейин)

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин түзүлгөнүнө 60 жылдан ашуун убакыт өттү. Бул убакыт ичинде университет бүгүнкү күндө өзүнүн жакшы салты жана тарыхы менен сыймыктана ала турган чоӊ кадыр - барктуу билим берүү борборуна айланды.

Ошол эле учурда биздин университет окуу комплекси болбостон, ошондой эле илимий мекеме болуп саналат. Университет өзгөчө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөргө көӊүл бурат, практикада илимий жетишкендиктерди киргизүүдө башка өлкөлөрдөй эле биздин мамлекеттердеги илимий-изилдөөчүлүк түзүмдөрдү жетектөө менен тыгыз байланышта болуу.

КЭУ – бүгүн жалпы билим берүүчү мекемеден докторантурага чейин экономикалык адистерди үзгүлтүксүз даярдоочу заманбап көпбаскычтуу жогорку окуу жай болуп саналат. 

МУСА РЫСКУЛБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ ЭКОНОМИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ БИЛИМ АЛУУ ПОРТАЛЫ