Шайтанда коркуп сезгенет»-деп ата-бабаларыбыздан келе жаткан накыл сѳз, биздин доордо да ѳз ордун жоготпой келе жатат. Сѳзгѳ маани берип, сѳздѳн мунара куруп келе жаткан Манас дебаттык клубу, Республикалык дебат борборунун алкагында «Жеңүүчүлѳр мууну-2017» дебат турнирин ѳткѳрдү. Бул саамалыкка Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынан 36 команда катышты. Турнир эки күн уланды. Биринчи күнү Кыргыз экономикалык университетинде ѳтүп, жаңы муун арасында кызуу оюн жүрдү. Экинчи күндүк оюн Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында уланды.
Бүйүр кызыткан оюндун жеңүүчүлѳрү:
3-орун - «Торнада» командасы (Шакир у Бекжан, Абдрашитов Белек)
2-орун – «Центурион» командасы (Жакшылык Бекназаров, Тоня Жантаева)
1-орун – «Дипломаттар» командасы (Илгиз Сейдракманов, Гулиза Рустам кызы)
«Мыкты спикер» наамы менен Рустам кызы Гулиза сыйланса, «Мыкты сот» наамына Айжан Мирбек кызы ээ болду. «Жеңүүчүлѳр мууну-2017» дебаттык турниринин жеңүүчүлѳрүнѳ, эки командага 80000 сомдук сертификаттан «CODER» программалоо академиясына ыйгарылды. Мындан тышкары, баалуу китептер жана «Кыргыз киносуна» чакыруу билеттерине ээ болушту. Турнирди уюштурууга салым кошкон уюштуруучулар «Зона ходячих мертвецов» квестине жолдомо алышты. Турнирге колдоо кѳрсѳткѳн бардык демѳѳрчүүлѳргѳ жана катышуучуларга терең ыраазылык билдиребиз!