КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
Жаштар паркына айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча КЭУнун профессордук-окутуучулар жамааты ишембиликке чыгышты
2018-жылдын 19-майында Бишкек мэриясынын 3 айлык ишембилик өткөрүү боюнча жарыяланган буйругуна ылайык, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты, Прикладдык информатика кафедрасынын жамааты менен биргеликте Жаштар паркына айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча ишембиликке чыгышты. Ишембиликтин алкагында парктын ичиндеги таштандылар чогултулуп, шыпырылып, тазаланды.