КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
“Кут” тобу кут алып келет
2016-жылдын 8-декабрында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Жусуп Баласагындын 1000» жылдыгына карата “Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” чыгармасындагы улуттук жана адамзаттык маселелер” деген темадагы ЖОЖдор аралык “Билге” интеллектуалдык оюну өткөрүлүп, оюнга М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун студенттери да чакырылган. Тилекке каршы, чакыруу каты өтө кеч келгендиктен, 3 күн гана даярдык көрүлүп, университетибиздин 1-2-курстарынын студенттеринен түзүлгөн “Кут” тобу оюнга катышты. “Кут” тобунун урааны: “Миңди билген билик” деп аталып, 5 студент Акылбекова Акбермет (ФК-1-16), Анаркулова Жибек (БУ-2-16), Нарымбаева Эльнура (БУ-2-15), Касымбеков Айдарбек (БИ-1-15), Касымбек кызы Махабат (ФК-1-16) акыл чеберчилигин көрсөтүштү. Топтун башчысы болуп, төрт кыздын арасындагы төп жигит Касымбеков Айдарбек дайындалды. Оюн кыргыз тилинде өттү.
“Кут” тобу экономикалык багыттагы окуу жайдын студенттеринен түзүлгөнүнө карабастан, Ж.Баласагындын өмүрү, чыгармачылыгына арналган интеллектуалдык оюндун 1-турунда (14 команданын ичинен, 15 суроого 1 мүнөттө жооп берүү менен) республикабыздагы айрым “дөө-шаа” делген гуманитардык багыттагы окуу жайларды артка калтырып, финалга чыкты. Шарт боюнча, финалдык оюндун 1-турунда жазуу жүзүндө 1 мүнөттөн 10 суроого, 2-турунда оозеки түрүндө 5 секунддан 10 суроого жооп берүү керек болсо, “Кут” тобунун оюнчулары интеллектуалдык деңгээлинин жогорулугун, билимдеринин күчтүүлүгүн далилдей алышты. Анткени топтогон упайлардын саны 3-орундан кийинки орунду ээледи. Уюштуруу тобу тарабынан “Кут” тобунун катышуучуларына жана уюштуруучуларына ыраазычылык кат жана кызыктыруучу сыйлыктар, китептер ыйгарылды. Ошондой эле, топтун ичинен жигердүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн “Эң мыкты оюнчу” деген наамга Касымбек кызы Махабат ээ болуп, Ардак грамота жана белек тартууланды. Топ башы Касымбеков Айдарбек да китеп менен сыйланды.
Азаматсынар!!! Сыйлыгыңар кут болсун! АКШнын Гарвард университетин Гарвард кылган анын студенттери демекчи, силер дагы КЭУнун атагын алыска чыгара бергиле!!! Ийгиликтер жылоолой берсин!
Убакыттын тардыгына карабай, студенттерди интеллектуалдык оюнга даярдаган Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын кыргыз тилчи окутуучулары Н.С.Ашыровага, Б.К.Адыловага, Н.Ж.Жапаралиевага ыраазычылык билдиребиз!