КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
«Айтматовдун ааламы» аттуу Республикалык студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү
2017-жылдын 23-ноябрында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы тарабынан «Айтматовдун ааламы» аттуу Республикалык студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференция заманыбыздын залкар сүрөткери Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналды.
Конференциянын максаты: студенттерди алп жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу адеп-ахлактыкка тарбиялоо, ааламдашуу шартындагы илимий маалыматтуулугун жогорулатуу, жазуучунун чыгармаларын талдай билүү жөндөмүн арттыруу, өз оюн эркин билдирүү көндүмүн калыптандыруу, жөндөмдөрүн кеңейтүү.
Конференциянын ишине М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Илимий жана мамлекеттик тил боюнча проректору Көбөгөн Атышевич Атышев, Техника илимдеринин доктору, КРнын УИАнын академиги, корреспондент мүчөсү, профессор Ильгиз Төрөкулович Айтматов, Ч.Айтматов атындагы Китеп борборунун директору Темиралиев Смальтбек Кубатбекович, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын профессору Наралиев Аскаралы Мадалиевич катышып, студенттерге залкар жазуучуну эскерүү менен анын өмүрү, чыгармачылыгынын урунттуу учурларынан кызыктуу окуяларын, жылуу пикирлерин билдиришти. Конференцияга Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, М..Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Кыргызстан эл аралык университети, Кыргыз мамлекеттик Юридикалык академиясы, Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясы, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери катышты.
Конференцияда жалпы 27 баяндамага орун берилип, конференциянын тематикасына байланыштуу орчундуу маселелер талкууланды. Анда Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармаларына анализ жүргүзүлүп, студенттер бири-бири менен пикир алышып, ой бөлүшүштү.
Конференциянын соңунда резолюция кабыл алынды жана мыкты баяндамаларга сыйлыктар тапшырылды.