КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
«Экономикадагы математикалык усулдар» кафедрасы 2017жылдын бештин айынын жетисинде меймандык лекция уюштурду
«Экономикадагы математикалык усулдар» кафедрасы 2017жылдын бештин айынын жетисинде меймандык лекция уюштурду. Бул жолу студеттерге лекция окуу үчүн «Прогрессивдүү Демилгелер Фонддунун» директору, PnD доктору Жумадилов Амангелди Жумадилович чакырылган.
Лекциянын темасы «Кыргызстандагы акча кредит саясатынын трансмиссиондук механизми: манызы иштеши жана жакшыртуу жолдору».
Лекциянын жүрүшүндѳ Амангелди Жумадилович студеттерге ѳлкѳдѳ журуп жаткан каржылык процесстерди анализдѳѳдѳ эконометриканын колдонулушу боюнча кеңири маалымат берди. Ошону менен бирге окутуучу студеттерге изилдѳѳ иштеринде эконометрикалык программаларды колдонуу боюнча сунуштарды берди. Жаш окумуштуу катары Амангелди Жумадилович студенттерди билимдерин такай жогорулатуу боюнча ѳз алдынча иштѳѳгѳ кѳп кѳнүл буруусуна чакырды. Жолугушуу интерактивдүү түрдѳ ѳтүп, студенттер кѳптѳгѳн суроолоруна жооп алышты.