КЫРГЫЗСКИЙ ЭКОНОМИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.РЫСКУЛБЕКОВА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПОРТАЛ
2017-жылдын 11-декабрында "Айтматов бар аалам толук көрүнчү..." аттуу салтанаттуу сахналаштырылган концерттик программа өткөрүлдү
2017-жылдын 11-декабрында М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун чоң залында улуу жазуучу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун 90-жылдык мааракесине карата "Айтматов бар аалам толук көрүнчү..." аттуу салтанаттуу сахналаштырылган концерттик программа өткөрүлдү.
Салтанатка Улуу жазуучу Ч. Т. Айтматовдун бир тууганы, физика-математика илимдеринин кандидаты, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер - Роза Төрөкуловна Айтматова, Ж. Баласагын атындагы КУУнин Мамлекеттик тил боюнча проректору, филология илимдеринин доктору, профессор - Тиллебаев Садык Алаханович, Төкмө акын, обончу, дастанчы, Кыргыз эл артисти- Элмирбек Иманалиев, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын пресс катчысы - Кутмырза Жакыбалиевичтер келип катышып сөз сүйлөшту.
Салтанат эң жогорку деңгээлде өтүп келген коноктор тарабынан мыкты баа берилди. Анда Чынгыз Айтматовдун калемине таандык чыгармаларынан үзүндүлөр студенттер тарабынан коюлуп, көрармандарга жакшы маанай тартууланды. Иш чараны Экономика жана сервис колледжинин "Тил үйрөтүү жана дене тарбия" ОУКнын окутуучулары даярдап, өткөрүштү.